Кожогелди Култегиндин Анкарада жазылган соңку ырлары

КӨРҮНГӨНҮҢ СЕНИН – БИР БИЛЕМ...
Көрүнгөнүң сенин – бир билем!
Көкөлөгөм артык жиндиден!
Көңүлүмдөн көчкү “күү-ү!” түшүп,
көмүп салдым, кокуй, кимди мен...

Тиктешкеним капыс – бир билем!
Титиреген кезде кирди дем!
Келбесинчи эл-журт ортого,
кетишерин күйүп – билдирем.

Сүйлөшкөнүм анан – бир билем!
Сүрдөгөндө барып кирди дем!
Сүйүү-Тоосу жакка бурулдум
сүдүрөп да, сүйрөп тилди мен.

Таанышканым тактап – бир билем!
Так үстүдөн башым ийдим эң –
алма саткан аркы немече
алдыга үйүп-тизип ырды мен...

ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ        
Анын сөзү ар дайыма башталуу!
Асылкечин тоскон жигит – басканы!
Катар жүрүп – алып учуп, арбалып,
канчалардын айыгыптыр аксагы...

Салака айтса – эзилип бүт эбедей,
сараңдар март – салат чачып ченебей!
Ийкеми артык интернетиң ал турсун –
Ишемкулов сабак берген немедей!

Сүйлөсө агай: көлдө турсаң – чөлдөсүң,
сүйлөсө агай: чөлдө турсаң – көлдөсүң.
Учурашып, токтой калсаң баратып –
университет бүтүргөндөн өйдөсүң!

Кабелтең, зор канча кызмат жарашып,
каткырыгы – калаа болчу баары ашык!
Неченге азыр тажрыйба бөлүшөт
небереге сүт алганы баратып.

Бирөө ачкыча чоң портфелин ычкынып,
бир дарс окуп келген болот ышкырып.
Канча өзүнөн жашы кичүү айымдар
кайни кылып алсам дешет шыпшынып...

Ууга чогуу барган элек, эл билет,
угуп аны мемиреппиз элжиреп!
Чогуу олтурбуз мергенчилер, кийиктер,
чочуп кеттик – менби кийик, сенби деп...

Башчысындай сезет өзүн башчынын!
Бактысындай сезет өзүн жакшынын!
Канча мерте Ысык-Көлдө бир сүзүп –
Гагариндин алып калган жаштыгын!
Анкара. 2019-жыл.

СЕН БАЛПАГАЙ, МЕН БАЛПАГАЙ     
Сен балпагай, мен балпагай,
сейилдесек – тең чаңкап-ай.
Бирге олтурдук жыйындарда
бир башкача мээр жайпап-ай!
Күлүшөт не – койгон өңдүү
күнөөбүздү эл байкап-ай?

Сен жалтагай, мен жалтагай,
шек-шыбатты тең байкамай.
Сен-черкести коруп дайым
седеп, сепкил, мең – калкан-ай.
Чечпей кийип – мен-кыргызды
келет сактап кең калпак-ай.

Сен картаң-ай, мен картаң-ай,
сезимдерди кем байкамай.
Маектештик далай сааттар
мамыктарда бел чарчабай.
Каканактап коштоштук, эх-х,
калган сымал чер таркабай...

...Сен балпагай канттиң экен
селт эстесем мен балпагай?

ТААЖЫВИРУС ТАШПИШИ
1.

Таажывирус! Каптап сен каяктандыр...
таппай арга – бүт-бардык тарап калбыр...
Аңгек жасап мезгилди бойлото сен,
адамдарды чыгарбай камап салдың!

Ээн, бош – мечит, театр, вокзал, мектеп,
эшсиз, доошсуз, ооматсыз жашап эптеп...
Бир-биринен адамдар окчун туруп,
бири-бирин былчыйта жатат тепсеп...

Таажывирус! Далайдын сырын ачтың,
тамтырагын чыгардың тыңыраактын.
Кымындан да кичине болуп туруп,
Кытайды илип бутуңа – тыпыраттың...

Сандар – деңиз... жээгинен арбын ашып,
шаңдууларды барасың шалдыратып.
Азыр мына асылып сөөмөйүңдө
Америка тур көзүн жалдыратып...

Италия чачты акча... күрөп жолго...
ичтен сыздайм: жок, мындай күрөз болбо –
музей, чиркөө, театр кезектери
түгөл оошуп келгендей гробдорго...

Таажывирус! Адал да, арам башка –
таанытуучу күчсүңбү атаандашка?
Бети жоктук иштерди жасадың деп
беткапты бүт кийгиздиң адамзатка!

Адамзаттан бурдуңбу – бараар жолун?
Адамзаттан бурдуңбу – табаар жообун?
Сен койо тур, мен берем саламды деп –
сенейте чаап таштадың адам колун.

Алысташты дос, тууган, куда мына,
жакындашты а бирок Кудайына!
Тургун ары, мына мен кучактайм деп –
куурал бүрктүң пенденин кучагына.
2.

Сыртта деле журт менен бир экенбиз!
сыздап ийсек кыргыз деп – пир экенбиз!
Уялганда Кыргызстан – эки эринден
учун сыртка чыгарган тили экенбиз...

Кыргызстан деп утур тыбырчылап,
кысылганда ансайын дилим – чырак.
Тартып жаткан азабы – алыстан да
так көрүнөт тырмактын кири сымак.

Таажывирус! Ак чачам бакшы сымал:
та-арт өлкөмдөн, кайткының, кайтчы, “жылан”?!
Колун элдин жууп жатам бата менен
кол жууп калбас үчүн бүт бактысынан!

Бел кыламын демин мен, эш кыламын,
беш көзүм бар жана да беш кулагым –
өлжүрөгөн бирөөсү чүчкүрсө да
өлкөм жакты караба деп турамын!

Таажывирус! Таң калам тизмегиңе,
тап жообун де, изде де,  издегиле –
канча завод, ишкана токтогондо
кайрымдуулук заводу иштеди не...

Беттен кабын дарыгер алса экен дейм,
пешенеси таң болуп жанса экен дейм!
Куйругу иттин шайдоот-шат булгаланса –
кубанычы кыргызга барса экен дейм!

Таажывирус! Каптап сен каяктандыр...
таппай арга – бүт-бардык тарап калбыр...
Аңгек жасап мезгилди бойлото сен,
адамдарды чыгарбай камап салдың...

Асман-айды кезчү эле ойдолоп бир!
Адам мындай болору ойдо жоктур –
бир кемеге жер жүзү шыкалгансып
бир алкынды-самынга корголоп тур...

Бир кемеге жер жүзү шыкалгансып
кир самынга адамзат корголоп тур...
Апрель 2020-жыл. Анкара 

БАЛАЛЫКТЫН БАЛ-КЫЯЛ         
Окуу эле биздин дүйнөбүз,
олжо эле бизге үйрөнүш.
Бирөө бар... коңшу турсакчы
“Ф” тамга сымал үйдө биз.

Балалык деген алтын чак
бал кыял менен талпынтат –
“Т”нын дейм эки жагында
турникке катар тартылсак.

Болбосо... көңүл желептеп,
боор ооруп качан келет деп –
кыйналам тиктеп кыз жакты
“Г” болуп колду  серептеп.

“Р” тамга – колдо желек да,
ырдасак – бүтпөш керек да!
“К” (ка) болуп ага баратсам,
“Я” болуп мага келатса!

Арнашып белек – “Н” (эн) болсок,
кармашып колду – “М” (эм) болсок.
Батынбай тике карашка,
бактыга бирок тең болсок!

Кыял-ой күчөйт булактап:
кыналып түтүн булатсак –
“Ө” деген кызык тамганын
өйдөкү каатын турактап...

БАШКЫ АЙЫЛДАН БАЛЛАДА
1.

Башкы айылбыз – эң төрдөгү!
Бар-Береке, Кел-Кел көөнү!
Кельн, Париж, Тайланд, Римдей
келет мында жер көргөнү!

Өстөн жоктур көз артпагыр,
көпкөн жоктур көп арттагыл.
Баасын билбес Бангкоктун да
бара электер Көгартка бир?!

Байыркыдан айкын белек!
Башка айылдар, айтуум керек –
чана менен барып кышта,
чаң салып бир кайтуум керек!

Кытай чектеш кызыр дүйнөм,
кыйла тергем кызыл гүлдөн!
Башкы айылдык башканы эмес,
башкы айылдын кызын сүйгөн!

Бажырайган көзү күлөт!
Бааландырган сөзү мүрөк!
Бара алдыбы, бере алдыбы –
башкы айылдык өзү билет...
2.

Ышкым артып бактагыдай,
ырдап ийе жаткамын жай –
атасы экөө келатыптыр,
айланайын, сакта, Кудай?!

Тамталаңдап басам алга,
табылсачы качаар арга?!
Чымчык болуп учсам эмне
чычырканак-кашааларга?!

Башы-көзүм ката сындуу,
балжырадым бака сындуу.
Кыйыгымдан тиктейм кимди –
кызынбы же атасынбы?

Түрсөм бекен жеңдеримди,
сүрсөм бекен терлеримди?
Бет келгенде салам айтсам,
беремби кол, бербейимби?

Деним мага уңгу болбой,
демим ичте турду толбой.
Эки көзүм жерди челип,
эзип барат булдузордой!

Атасы анын – бийик кыргыз!
Андан дагы ыйыктыр кыз!
Эмне жолдо шектүүлөрдөй
эки жээкке чыгып турбуз?

Ырас, ушул эсеп жакты,
ыйбаалуу кыз десек жакшы –
карап койбойт мен тарапка,
карап топоз, эшек жакты.

Айттым салам!!!
Ая, кылым –
аңдап оорун абалымын?
Ушунчалык узундугу-ай
улуу кыргыз саламынын!
3.

Өзгөчө бир сезим менен
өтө берер кезимде мен –
туура мага бурулду Ата,
тура аламбы эсим менен?!

Колун сунса жайым сурай,
корктум кармап алычудай.
-Атаң үйдө барбы? – деди
арызданып барычудай.

-Жок! – дедим мен “дөңк” эткенсип,
жошо болуп өң кеткенсип...
-Карыз элем, берип койчу? –
Ачтым оозду нөл кептентип.

Эсептен, не, эринбейби,
эсептөөдө “Лениндерди”.
“Кайтарбаңыз?! Сизде калсын?!” –
Кандай гана дегим келди!..

Башы-көзүм ката сындуу,
балжырадым бака сындуу.
Кыйыгымдан тиктейм кимди –
кызынбы же атасынбы?

Көккө, жерге кайкып, сулап,
көзүм кызды чарпып турат –
сөөнө турган эчтеке жок,
сөйрөйүңкү тартып турат.

Азаптамын – терим кетип,
алчу ким бар жеңилдетип?
Башкы айылдан кетсемби азыр
башка айылга чейин безип?!

Кытай чектеш кызыр дүйнөм,
кыйла тергем кызыл гүлдөн!
Башкы айылдык башканы эмес,
башкы айылдын кызын сүйгөн!

Бажырайган көзү күлөт!
Бааландырган сөзү мүрөк!
Бара алдыбы, бере алдыбы –
башкы айылдык өзү билет...

ЖИБЕК ЭКӨӨБҮЗ
Күлкү менен, гүл менен саймаландык,
күлгүн чакты күрдөөлдүү пайдаландык –
менеджерлик, мээрбандык даарыгандай
мен жана сен өзүңдү тандап алдык.

Жалбырттаган чакта да чаңда калдык,
жаш куракты жарытпай пайдаландык –
сезимдерди кагазда семиртчүдөй
сен жана мен өзүмдү тандап алдык.

Турмуш сүрүп – достору, тосттору көп,
турмуш сүрүп – карызы, тоскону көп...
Мен буйланган кездерде тоо суусундай
сен жээгимде сеңселдиң токтоо гүлдөп.

Балдар менен таткызып бакыт даамын,
бапыраттың – суюлтпай катыштарым.
Кагаз, калем, китептен башым чыкпайт
калган сымал күнөөгө батып дайым.

Жашап азыр чет жерде – кеме... деңиз...
жаш бүлөдөй жабызбыз дегеле биз!
Делбектеп да, далбактап кеткен жыргал
телефондон чыкканда неберебиз...

АЛАКАНЫҢ АЛАКАНЫМДА
Алаканың алаканымда –
алоо каның алоо канымда!
Сунуп турсам сурнай-ырды мен,
сундуң мөлтүр  ага кайырма.

Билектериң билектеримде –
тилектериң тилектеримде!
Тике карай албай мен дагы,
титирегем дир-р эткениңде!

Салааларың салааларымда –
санааларың санааларымда!
Сап-сап ырдай сага өтүп тур
зарары жок кара жаным да!

Жалынычың жалынычымда –
жагылышың жагылышымда!
Жалын-оту сактап сөздөрдүн
жалаңкатчан калдык кышында!

Эриндериң эриндеримде –
эриир жериң эриир жеримде!
Эзилишип... эпчип... бүлбүлдөп...
эки миң жыл бердик кеминде...

“АРДАГЕР”
Көргөнүм барктуу – көрө элек менен,
бөлгөнүм нарктуу – бөлө элек менен.
Таанышып калды Ноокатка барсам
тариздүү жигит Төрөбек деген.

Инимдей көрсөм – мен теңдүү чыгып,
иш билги, шайдоот, белсемдүү, сылык.
-Чырымың жапжаш – мекендеп дайым
чымкый гүл,  жайкын жерлерди ыйык!

- Опуруп түштүң үстүдөн эми,
он жылдай арак мүлжүгөн мени.
Болбосо мындан жаш болмок жүзүм,
боор тартпай калган күзгүдөн бери...

Таң дагы, Күн да кичине сымак
талпынып шише ичинен чыгат...
Ачам да көздү, тентиймин ар күн
аракты ойлоп – тишинен сылап.

Кызмат, сый, тууган, достор да чанып,
кырк грамм өмүр коштоорго зарык.
“Тыл” болуп – сактап аялым жүрдү
тынчтыктын “согуш” тозгондо жарып!

-Айтканың пештүү армандан бетер!
Ал жылдар – алыс калган каар экен.
Досум, сен эски ардагердейсиң
доңуз ок тийип – карманган эсен.

-Толкудуң тирүү кырды ашканыма!
Тообо дейм а мен бир башка мына:
кыздарым арбын – кылгырат көзжаш
кысынбай менден жыргашканына!

Тыйбасам – өтмөк күрөөдө күнүм...
Тыңсынат кыздар бүлөдө бүгүн!
Аябай барксыз, ылдыйбаш болмок
алдында баары күйөөлөрүнүн...

УЛПАК СЕПТИ ЧАЧЫМА
Убакыт бейм – тегирмен,
уруп-жанчып теминген.
Чачыранды-улпагы
чачка, кашка себилген...

Күлкүм тартып каткалаң,
гүл-жүздөргө жакпаган...
Устуканга илинип
урмат-сый тур сактаган.

Өгөй сезип күзгүлөр,
өкүрөңдөп сүздү, көр.
Өзүмдү-өзүм таап таңда,
өөрчүтөм деп үзгүлөйм...

Жаштык беле убарам?
Жай-баракат уланам.
Уйпаланган чөптөрдөн
ушу азыр да уялам...

ТИЛИМ БУУЛУУ... КАНТИП АЙТАМ КАЙЫР ДЕП...
Тирегимдей көрүүчү элем, Зайырбек,
тилим буулуу... кантип айтам кайыр деп?
Калдыңбы өлүп – түбү түшкүр дүйнөдө
калыстык жок экендигин далилдеп?!

Улутумдун ак жарыгы, ак жарык!
Уулуу кабар жүрөктөрдү как жарып –
узунуңдан ар жүрөктө жатасың
үстөлүңдө калган калем баштанып.

Падыша-элдин толугу да, кеми элең,
байкай бербес – толук-кемдин чеги элең.
Жаакка чапса зөөкүр келип момунду,
чак эттире чабылган жаак – сен элең.

Эркеси элең ээлендирген ышкыңды,
элге берген падыша сөз, мыкты ырды!
Үшү кетип турган кезде кыргыздын
үшкүрүгү болуп атып чыктыңбы...

Жарты кайык – жан дүйнөңдүн дарт-сырын,
жаштык-көлдө чөктүң кантип – айткының?!
Өйүзгө өтүп ырың жазып келгендей
өлүп туруп ырың жаз да, кайткының?!

Кайран акын кайгыда элин кыйраткан...
Карлыгачтын кашында жүр ыйлап таң...
Утуру эрип... түгөндүңбү элим деп
учунда элең калемиңдин ыр жазган...

Тирүүлөрдүн айттыңбы, эмне, багытын?
Тиздиңби, эмне, баштатчудай жарышын?
Үнүн элдин жазган диктофонуңдай
үндебестен ортодо тур табытың.

Шаркырап бир агып жаткан дайраны
шак катытып сыйкыр менен кайдагы –
кантип, кантип алып жөнөйт бейитке,
кантип, кантип көмүп таштайт жайга аны?

Тирегимдей көрүүчү элем, Зайырбек,
тилим буулуу... кантип айтам кайыр деп?
Калдыңбы өлүп – түбү түшкүр дүйнөдө
калыстык жок экендигин далилдеп?!   
Апрель 2020-жыл. Анкара  

ШӨЛБҮР КЫЗ
1.

Жутканда кымыз, айран да – самап,
жүгүргөн бойдон кан-жанга тарап...
Торолмок тургай, жетилдим канча
тоолорду тосо калганга жарап!

Тайтайсам – тар го “баласы” жолдун?
Тайлактай ээрчийт даанасы ойдун!
Уйга же атка боюмду катып,
уурданып сени карачу болдум...

Шаанини а сен жуутпаган “пенде”,
шашкеге дейре уктаган “пенде”.
Тезекти кээде чогултуп койгон
тээп өтөөр элең чуркаган тейде!

Үстүңө кийип самтырактарды,
үркүтүп жүрсүң чаркырап малды.
Катуураак сени сүйүнтүш үчүн
качсамбы мен да камчылап жанды...

Жылбастан боону көнгөндөй согуп,
жыргап мен окуйм – өнгөндөй толук!
Китептен калың – коркосуң а сен
килейген деңиз көргөндөй болуп.

- Китепке тартып – кол сунуу жагын
ким жасайт деген ой туру дайым...
- Баарынан мага Толстой жагат,
баарлашсак – узак олтуруу зарыл...

Толстой чалдын сакалы тийип –
таасири күчпүз, катары бийик!
“Сабакка” бирок келесиң дайым
апаңдын эски чапанын кийип.

Шөлбүрөп жаанда кашайган... шойкон...
шөлбүрөп жатып тазарган чолпон!
Кур шылтоо менен “бөбөгүм сымал”
кучактай жаздап – чапандан корком...

Шөлбүрөк, Шөлбүр, Шөлбүрүм менин!
Шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

“- Насилдеш болуп... шерденип... арбап...
Наташа кызды Пьер келип жандап...”
“- Ой, жырга-ал!” – дедиң ордуңдан ыргый!
Олжоңу турдуң термелип кармап. 

Колуңда эки кичине курут...
кош данек сымал... ичимен муюп...
Чочуттуң – тапкан куруттун бирин
чоң эле мендей кишиге сунуп...

Чапандан тапкан куруттун бирин
чалкыттың – жаңы кишиге сунуп...
2.
Жайлообуз биздин Жалгызгыр эле,
жанашып сезим жангыздың эле –
учкаша калсаң мен минген атка, 
уланткым келчү жай-кыштыр деле.

Булкунган айгыр – экөөбүз минген,
булкунган дүйнө – экөөбүз билген.
Чакчыгай учуп жалт берип бирок
жармаша калсаң – жалбырттап ийгем!

Туйлаган айгыр – экөөбүз минген,
туйлаган дүйнө – экөөбүз билген.
Пар-р этип торгой үркүтсө бирок
аркамдан алоо шар-р этип тийген!

Ат үстү жыргал, ат үстү өргүү!
Ашыгып дайым күтөмүн өрдү –
өзүңө тартсаң кучактап, Шөлбүр,
өөп ийгим келчү өйдөлүштөрдү...

Карабай – көктө кыргый-куш барбы,
каалаймын эңкүү... сен жылмышканды –
өзүңдөн-өзүң жабышсаң, Шөлбүр,               
өөп ийгим келчү ылдыйлыштарды...

Шөлбүрөк, Шөлбүр, Шөлбүрүм менин!
Шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

Көп сөздөр чыкпай – киңкилдеп-көөшүп...
көңүлдөр турчу силкилдеп өсүп –
азынап ийген айгырдан бизге
алаамат сезим диртилдеп өтүп!!!

Жайлообуз биздин Жалгызгыр эле,
жанашып сезим жангыздың эле –
учкаша калсаң мен минген атка,
уланткым келчү жай-кыштыр деле.

О-о, анда ышкын кезибиз, ырас –
10-класс, 7-класс...
“Жигитиң барбы?” – деп сурап сенден,
жиниңе тийгим келди эле бир аз...

“Жигитиң барбы?” – азыр да сурап,
жиниңе тийгим келип жүр бир аз...
3.
Буй-сезим – өлчөп-тактагыс белем!
Буй-сезим – нускап-чактагыс белем!
Келатам сага ат менен эмес,
келатам сага автобус менен.

Бүктөлөм – сен деп бүлүнсө санаа!
Түздөлөм – булут сүрүлсө гана!
Жолугаар жерим – Жалгызгыр эмес,
жолугаар жерим – Фрунзе калаа.

Ажатым толо арманым бугуп,
автобус анын салмагын туюп –
омогум таппай ойрондоп келем
окуудан кулап калганың угуп.

Оңунан жолуң келтирээр нечен!
Ойлонуп сени энтигем-нетем –
окууга өтсөң, так ошол замат
өзүмө өтүп келчүдөн бетер!

Жактырбай жанды – уялып чындап,
жатат ко дегем суналып, чырдап.
“Кутулду-ум!” – дедиң делбирип тосуп,
“Кутулду-ум!” – дедиң кубанып-жыргап!

“Кандай бир шамал айдаган, – дедиң, –
кайтамын тоого кайрадан!– дедиң. – 
Өтө албай калган окууга – кеппи,
өтөмүн ат чаап дайрадан!” – дедиң.

Тоолордон топтоп чураткан сымак,
торколуу күлкүң булактай чыгат –
сынактан өзүң кулабай эле
сынакты өзүң кулатканчылап!

Өрт көзүң, жаным – өргүүнүн чордон!
Өзөнүң толгон, өндүрүң толгон!
Кылтылдап, жайнап жетилсең дагы
кымбатсың менде Шөлбүрүм бойдон...

Шөлбүрөк, шөлбүр, шөлбүрүм менин!
Шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

Үзүлүп бийлеп – катырып кирдиң,
Үчүнчү курсту качырып кирдиң...
Парпырак салып көйнөктүн этек,
саратан-жайды сапырып кирдиң!

Сүзгүчтө калган буладай сезим
сүдүрөп чыгып буурадай чечим:
“Ойлонуп бүттүм, экинчи жолу
окуудан минтип кулабайм...” – дедиң.

Насили сөздүн – жупташкан канат!
Намысың турдум устатча баалап!
Жакшылап, демек, даярдык көргүн –
жаттым мен жалгыз бүт-жактан жаалап!

Бүт-жактан кебим кошууда акыл,
кут чачкан кептин боосу да асыл!
 “Тагыраак айтсам, кулабаш үчүн
тапшырбайм, – дедиң, – окууга такыр...

Таң жиреп... ат чаап... гүл кечиш үчүн
тапшырбайм, – дедиң, – окууга такыр...”

4.

Суроо тур! Суроо! Сунгандай таасын!
Суроону койгон – бул кандай катың?
Сурданат конверт, ачпастан турам
суулуктан кармап тургандай атың!

Чапталган тушка тайраңдай конуп,
чакыят суроо – ал кандай жорук?
Деле бир болбойт – атына киши
тескери минип алгандай болуп...

Сунуш сөз жазсам – аткарбай утур,
сурообуз арбын каттардай ушул.
Конверттен сыртка чыгыптыр бири
ат үркүп – ала качкандай кудум.

Чыкпасын окуу санааңдан десем,
чымыркан, тапшыр, даярдан десем –
ойкелди сүйлөп жазгансың жоопту,
ошонум сага зарардан бетер:

“Чыныгы базар башталаар чууну айт!
Чындыктан тайса – таш деле куурайт...
Таанышсыз киши, акчасыз киши
тапшыраар күндөн башта эле кулайт...”

“Чыркырайт жакын-ыраактан баары,
чындык бар мени ынаткан жаңы:
мейли эле калсам окуудан кулап,
мен кулайм сиздин сынактан дагы...”

“Шаардагы жашоо – битирөөм керек,
шар таппай жоопту... титирөөм керек.
Мээси кем жан да боолголоп турат –
мен эмес, сизге диплом керек...”

“Акыйкат эмес борборум андай,
арданткан дайым ойлорум бардай:
таанышты салып, акчаны берип –
тагдырлаш сизге болгонум кандай?????”

Беш суроо белгиң – беш салаа сымал,
бешөөнө, балким, беш калаа сыяар?
Ал эми жаңы каттын бул суроо
абыдан сырдуу беткарашынан!

Оңунан быйыл келтирээр бекен,
ойлонуп сени энтигем-нетем –
окууга өтсөң, так ошол замат
өзүмө өтүп келчүдөн бетер!

Ачтым да катты – аярлай калдым...
алапай... айла таба албай калдым...
Асты-үстүн болуп дүнүйө мага...
ачылган оозум жаба албай калдым...

Тайраңдайт тамга... айкара болуп...
тамтаңдап турам кайтара толук –
“Качырып кетти... “ деген сөз дароо
 каңтара коюп... аңтара коюп...

Сел алып... ташка уруп тур ушу...
сезимдеримдин сыныптыр буту...
“Отуруп калдым...” – сөзүңдөн момун
оромолуңдун чыгып тур учу...

Ким?.. Ким?.. Ким?.. Кимге?... Таппай мен селден...
Ким?.. Ким?.. Ким... Ким ал – “чак келген”... “жеңген”?
Маңдайга тике карап сен катта:
“Маширап, – дедиң, – аскерден келген...”

Кесилди чактым... кесилди тактым...
кетилди күлкүм... кетилди бактым...
Шөлбүрөп... мурдум тарта албай атып,
шөлбүрөп турган кезиңди таптым.

Шөлбүрөк, Шөлбүр, Шөлбүрүм менин!
Шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

Айыптайм кимди – качыргандыбы?
Айылдан баарын жашыргандыбы?
Кат жазса дагы – дарегиң-атың
курсташ кыз жазып... жашынгандыбы?

Тарса-турс жүрөк... качырап бекем...
так эми кайда шашылат десең?
Конвертте атын тескери минген
каракчы суроо – Маширап экен...

Баамдадым эми, сыртында каттын
балчайган суроо – Маширап экен...

5.
Далай кез өтүп... айылдап барып,
дайрада жүрмүн кайырмак салып.
Өрт чыкты дароо өзөгүм жактан
өйүздөн сени азыр шак таанып!

Өрттү ошо келип азайткым, баскым,
өзүңдүн тушка наз арттым, шаштым.
Кайырмак колдон ыргыды өрттө –
катуулап булкуп баратып, аттиң...

Желпектеп алгам жеңимдей болуп,             
жеңилген элем жеңилбей коюп...
Кайталайт улам ташкындап дайра:
“Каршылаш турган жээгиңден жолук...”

Сузганда сууңдан нур жанат сага!
Суй жыкпай, Шөлбүр, мурдараак кара?
Жөнөттүң анан саламың ысык
чөмүчүң бийик булгалап мага!

Кыйкырык жандап өкүнчүм учту-ай,
кыйналдык – сен да, өзүм да укпай...
Жарылып барып жалынып ийсем –
чалп этти сууга ок жеген куштай.

Өрт көзүң, жаным – өргүүнүн чордон!
Өзөнүң толгон, өндүрүң толгон!
Сүлкүлдөп, жайнап, жетилсең дагы
сүрдүүсүң менде Шөлбүрүм бойдон...

Шөлбүрөк, шөлбүр, шөлбүрүм менин!
Шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

Камсыздачудай угаарың жакшы –
калкалайт чөмүч кулагың жакты.
Кагылып ага кетчүдөй болуп
каадалуу кармап турамын башты!

Башкача тейде сүйүндүң бүгүн!
Башка жан терген сүйүүңдүн гүлүн.
Түймөңдөн кээде жарк эте калат
түпкүргө түшкөн түйүндүү Күнүң...

Желпектеп ийем жеңимдей болуп,              
жеңилген элем жеңилбей коюп...
Калк сымал айтат ташкындап дайра:
“Каршылаш турган жээгиңден жолук...”

Сүйүнүч түйнүн чече албай – зармын!
Сүйүүмдү беттеп... жете албай – зармын!
Өтмүштөй аккан дайрадан мобул
өтө алмак турсун, кече албай – зармын!

...Өрттү, ооба, келген азайткым, баскым,
өзүңдөн кийин... каранкүн... чачкын...
Кайырмак колдон ыргыган өрттө –
катуулап булкуп баратып, аттиң.

Бүлүнгөн ишти бүт көргөн сымал,
бирок мен турам түш көргөн сымал.
Ак балык жок ко – ташталган серппей
“амнисти/яга” туш келген сымал...

Ырахмат айтып кетиптир балык
ырайым-шартка туш келген сымал...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз