Капар Токтошев: Адам-ата, Обо-эне

  • 16.12.2020
  • 3486

Сөз тарыхы – улут тарыхы

Бир тамгасы тургай бир үтүрүн өзгөртүүгө катуу тыюу (табу) салынып, Алла-тааланын ыйык китеби саналган «Эски санат» турган тулку, айтылыш урку боюнча кудум эле кыргыз санжырасындай. Анда Адам менен Евадан Авель жана Каин туулуп, андан оң-сол адамзаты тарады дейт. “Куранда” деле так ошондой баяндалат. Ал эми кыргыз санжырасында Көкө-Теңир Адам-ата менен Обо-энени жаратат. Андан Ак уул жана Куу уул. Бул эки эгиздин аттары байыркы япондордо О-усу жана Во-усу, байыркы инуиттерде (эскимос) Аакулугьюси-Уульмаанииртук, байыркы арабдарда Кабиль-Хабиль аталат экен. Кыскасы, ушу эки уулдан оң-сол ыпта адамзаты тарайт. Кыргыз санжырасында адам тукуму кандай сүрүлсө «Эски санатта» да ошондой айтылат. Же тескерисинче, «Эски санатта» эмнелер айтылса, кыргыз санжырасы дал ошондой сүрүлүп келет. Болгон айырмасы, «Эски санат» мезгилдин кайсы бир мерчемине келип сенейип катып калса, кыргыз санжырасында андай үзүк жок. Ушу бүгүнкү күнгө жете уланып келет.

Кызык жери: эгерим эле «Эски санат» Алланын айтуусу менен жазылган ыйык сөз болсо, анын тападан-так көчүрмөсү саналган кыргыз санжырасын эмне деш керек?.. Кыраан Кыкең кудай сөзүн өз тилине өзгөртүп которуп алган чыгар балким?.. Кыргызга кудай сөзүн улантыш укугун ким берди?.. Эмне үчүн «Эски санат» биздин ата-бабаныкы деп энчилеп алган еврейлер санжыра айтпай, эчен элдер ичинен жалгыз кыргыз санжыра сүрүп келет?..

Балким, тескерисинче, «Эски санаттан» мурда санжыра жаралып жүрбөсүн? «Эски санаттын» тээ эзелки заманда уйкаш ыр, жорго сөз түрүндө айтылышы ушундай күдүк ойду жаратат. Анткени аны менен «замандаш» санжыра-эпос-поэмалардын бардыгы: байыркы вавилондуктардын «Энима элиши», байыркы шумерлердин «Билгемашы», байыркы хеттердин «Телепенусу», байыркы гректердин «Илиада» менен «Одиссейи», байыркы кельттердин «Мабиногиону», байыркы исланддардын «Вёлуспе» жана «Эддеси», «Кулуах жана Олуэни», «Ольстер» жана «Финни», «Тристан жана Изольдасы», байыркы инктердин «Виракочеси», байыркы индустардын «Махабхарата» жана «Рамаянасы», байыркы кытайлардын «Шицзини», байыркы япондордун «Яматосу», байыркы африкалыктардын «Олоруну» ж.б.у.с. толгон-токой көөнө адабияттар жорго сөз, төкмө ыр түрүндө ооздон-оозго айтылып келген эмеспи.

Кыскасы, эпос-дастаны жок бир да эл кезикпейт дүйнөдө. Болгону алар түрдүү жагдай-шартка байланыштуу дастан айтууну токтотуп салышкан. Кыргыз гана улуу көч менен цивилизация мыйзам-заңын моюндабай, а замандан бу заман «Манасы» менен кыйыр кезди. Санжырасын улантты. Мунусу аз келгенсип, кезегинде бүт элдер көчмөн турмуш кечирип, кези келгенде отурукка оосо, көөнө Кыкең көчтөн танган жок. Айтор, өзү да өзгөрбөдү, көчү да өзгөрбөдү. Эмне үчүн?.. Табышмак.

Ошентип «Эски санат» менен кыргыз санжырасында Көкө-Теңир Адам-ата менен Обо-энени жаратат. Бизге алардын качан, кайсы жерде, эмнеден жасалганы маанилүү эмес. Эмне үчүн түп атага «Адам», ал эми түп энеге «Обо» деген ыйык ысым ыйгарылды? Ушунусу кызык. Аларга ал ысымды ким берген? Алла-тааланын өзүбү?

Чынында Адам-ата заманында Алла-тааланын энчилүү аты болбогон сыягы. Ошондуктан аны бири «От» десе бири «Гот» деп, бири «Бог» десе бири «Сварог» деп, бири «Теңир» десе бири «Сеңгир» деп, бири «Аллах» десе бири «Эллох» деп, даостор «Нгаук Хоанг» десе корейлер «Чхонван» деп, кытайлар «Юйди» (Тянь) десе бушмендер «Цагн» деп, кхмерлер «Якка» десе индустар «Брахма» деп, скандинавтар «Один» десе бактулар «Ньяма» деп, шумерлер «Уту» десе аккаддар «Шамаш» деп, хеттер «Иштар» десе хаттар «Телепенус» деп, айтор, ар кандай атай беришип кулпенде тургай кудайдын өзүнүн башы чаташчудай. Демек, өз аты болбогон кудай-таала Адам-атага ат энчилеши күмөн. Андай болсо, ал атты ким берди? Кайсы эл койду озунуп? Ал эмнени туюнтат? Кандай мааниге ээ?

Кыязы, «Адам» деген ысымдын уңгусу «ата» деген сөздөн уланат өңдөнөт. Ага таандык мүчө уланып «Адам» («ата» + «м») деген энчилүү ат жаралышы толук ыктымал. Жүрө-жүрө ал ысымга «ата» деген сый ат уланып, «Адам-ата» калыбына ээ болгондур. Арийне, дүйнө элдеринин арбыны ата маанисин берген сөздү «ата» деген уңгудан улайт тура… Маселен, орустар атаны «отец» дейт. Уңгусу «оте» (ата). Немис-норман калктарынын «vater», англо-скандинавтардын «father», италиялыктардын  padre, испандыктардын  “fondatore”, украиндердин батько, жапондордун «этоо», эскимостордун «атаатаак», инктердин «гайаватасында»  дагы «ата» аттуу уңгу бар.  Түмөн түрк калкы «атаны» ар кыл формада: түрктөр, крым татарлары “баба” (baba), азербайжан, татар, кыргыз, башкыр, кумык, каракалпак, карачай-балкар, ногойлор “ата”,  казактар “аке” (әке), өзбектер “ота”, гагауздар “боба”, түркмөндөр “кака”, уйгурлар “дада”, алтай-тувалар “ада”, хакастар “аба”, якуттар “ава” (аҕа), чуваштар “атте” деп айтышат эмеспи. «Адам» деген аттын уңгусу «атадан» уланарын далилдечү дагы бир ыңгай – кыргыз тилинде «атам заман» деген сөз бар. Мааниси – «тээ илгери», т.а. «Адам-ата жашап өткөн заман».

«Обо» деген аттын жөнү деле ушундай: ал ар элдин тилине ыңгайлашып «ава», «аве», «ома», «она», «ма», «мама», «мамак», «мать», «фаме», «аме», «ана», «анэ» (жапон тилинде), «ена», «эне», «епа», «ина», «хавва» (семит тилинде), «мадам» (француз тилинде), «нана» (чечен-ингуш тилинде) д.у.с. болуп айтыла берет. Андан тышкары «Обо», «апа», «ава» деп энени билдирген сөздөр бир эле учурда «үй» (коломто, очок, мекен, жер) жана «аксакал», «ыйык» дегендей мааниге да ээ. Алсак, байыркы славяндар аны «үй», «уруу», «жер» катары колдонушкан. «Игорь кошуну тууралуу сөз» дастанында «Аепа» (Ай үйү, уруусу), «Арслан оба» (Арслан үйү, уруусу), «Алтун опа» (Алтун үйү, уруусу) тууралуу кеп жүрөт. Байыркы түрк тилинде энени, ошол эле учурда «үй», «жер» маанисин билдирчү «еб», «об», «аб» деген ал сөздөр огуз-кыпчак тилинде «аб» (иб), «оба» (опа), «обо» (обу) түрүндө сакталып, кыргыз-казак, башкыр-татар тилинде «уя», «үй» формасына өзгөргөн. Байыркы семиттер да үйдү «ав» дешчү экен.  

Эми бизге «ата» жана «обо» деген сөздөрдүн эзелки сөз экенин гана далилдеш озуйпасы калат. «Ата», «обо», «эне» деген сөздөрдү биз адеп байыркы шумер, этрус, майя жазууларынан, андан соң байыркы түрк рун эстеликтеринен кезиктиребиз. Азыркы түрк (кыргыз) тилинде эң эзелки саналган 200дөй, байыркы деп бааланган 2000дей сөз бар экен. Ошон үчүн байыркы түрк жазуулары окулуп, мааниси күнү бүгүн түшүнүктүү. Ал эми ошондой эле рун тамгалары менен жазылган байыркы скандинав жазуулары алиге чечмеленбей, чечмеленсе мааниси түшүнүксүз болуп келатат. Бүгүнкү орустар, маселен, мындан 5 кылым илгерки славян сөздөрүн сөздүк менен эле окубаса, түшүнүшү кыйын. Байыркы шумер тарыхын изилдеген окумуштуулар теңир дини б.з.ч. 4 миңинчи жылдары пайда болгонун ырасташат. Шумер жазуулары болсо б.з.ч. 3-2 миңинчи жалдарга таандык. Ошо жазуулар ичинде «йер» деген сөз бар. Ал сөз байыркы түрк тилинде ошо калыбында кездешсе, байыркы семит тилинде «ерсат», байыркы немис тилинде «дие йерда» деп жазылат. Азыркы тапта ал сөз кыргыз тилинде «жер», англис тилинде «earth», немис тилинде “erde”, француз тилинде «terre”, италян тилинде «terra”, испан тилинде «tierra” түрүндө кездешет. Шумердин “ут” (от) деген сөзү кыргыз тилинде “от” жана “кут”, орус тилинде “год”, немис тилинде “гот”, англис тилинде “гуд”, иран тилинде “куд(а)” түрүндө жашап келет. Байыркы сактар улук кудайы – асман эгесин Папай (Бабай), ал эми анын зайыбы – жер-суу кудай айымын Апи (Апия) атачу дейт. (www. «Скифы”)

Атактуу казак акыны, чыгаан филолог О.Сулейменовдун аныктоосунда кыпчак-кыргыз тилинде миңден ашык шумер сөздөрү бар делет. Өзүнүн “Аз и Я” жана “1001 сөз” аттуу китебинде ал башка бардык тилдер жандооч-коштооч (артикль-суффикс) улана берип тез өзгөрүп кетерин, ал эми түрк (кыргыз) тилинде андай тартип жоктугун, уңгу эч убакта бузулбай, ага уланды жана куранды мүчөлөр гана жалгашарын, ошондуктан уңгу сөз миңдеген жылдар өзгөрүүсүз жашап келатканын илимий ырастады. Демек, “ата” жана “обо” деген сөз баарынан байыркы, баарынан улуу деп бүтүм чыгарса болот.

Дагы бир кызык жагдай: бу жалганда эчендеген этностор бар, бирок кыргыздан башкасы өздөрүн “адам” атабайт. Анткен себеби аларда “адам” деген ыйык ысым, диний термин, кудай даражасына ээ түп атанын аты. Алсак, “Библияда” Адам менен Ева “Эдем багында” кудайлар менен чогуу жашаганы айтылат. Байыркы түрк рун жазуусунда: “Теңир адегеде жогорку дүйнөнү – асман менен көктү жаратты, анын ээси – Күн. Анан ортоңку дүйнөнү – жер менен сууну жаратты, анын ээси – Адам. Аягында аркы дүйнөнү – караңгыны жаратты, анын ээси – Буюрук (Буйрук)” деген кеп бар. Көрүнүп тургандай Адам-ата Теңир менен Буйрукка тең, бир дүйнөнүн ээси (эгеси), ыйыктардын ыйыгы. Андыктан анын аты да карапайым пендеге ыйгарылбас ыйык ысым катары каралат.

А курган кыргыз өзүн “адам” атап, “адамсыңбы?” деп сурайт бири-бирин, “адам бол!” деп нускайт уул-кызын, “адам болбой кал!” деп каргайт жаман көргөн кишисин. Андан да кызыгы: бүт дүйнө эли түп ата менен түп энени бешигин терметкенсип “Адам”, “Ева” деп атынан айтса, кыргыз журту “Адам-ата”, “Обо-эне” деп сыйлап келет. Эмне үчүн мындай?.. Жооп жок.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз