Шатман Садыбакасов: Ырдын жаралышы

  • 22.12.2020
  • 3194

Легенда

Хан эртеден аң уулап, шапар тээп жүрүп, чарчаганда үйүнө кайтты. Нөкөрлөрү андан обочороокто акмалап бастырышат, сүйлөшүшпөйт. Алкынган күлүктөрдүн да ооздуктарын шылдыратышпайт. Дүпкүрөгөн токой тыптынч. Жада калса сайраган чымчык, чырылдаган чегиртке да житип кеткендей. Хан минген тулпарын камчылануудан эринет. Алтын таажысын көзүнө баса кийип, ыксырап ойлонуп баратты: «Ох, баары мага ушинтип баш ийсе... Жалгыз мен гана акылдуу болсом... Менсиз жел үлп этпесе, чөптүн башы кыбырабаса. Менсиз күн чыкпаса... Колду жазгап койсом эле суу акпай калса...»

Ким билет, хан дагы эмне ойломокчу. Бадалда уктап жаткан элик шыбырттан ойгонуп, койкоңдоп карай калды да, ары секирди. Хандын буулуккан тулпары жалт берип үркүп, хан оңкосунан сайылды. Мына, балаа!.. Хан ордосуна жетип, буурадай буркулдап каарын төктү. Хандын амирине шек келтирип, аны жакшы кайтарышпагандыгы үчүн, бүгүнкү ээрчиген нөкөрлөрдүн башын кестирди. Анан эмне? Ошолордун аңкоолугунан хан-хан башы менен жапайы макулуктан ыза тартты.

Эртесинде эликтүү токойду жаа тарткычтарга тегеректетип, туштушунан өрт койдурду:

– Тукумун куруткула! Тирүү жандык чыкпасын! Ким жанынан өткөрүп жиберсе башы алынат!

Токой чатырап күйүп, көк түтүн асманды чүмкөдү. Буркурап арча жыттанып, безенип булбул сайраган токой ыш жыттанды. Асманда учкан канаттууларга от жармашып, жандыктар чыркырап куйкаланып чуручуу түштү. Жер чыдай албай таштар эриди. Күзгүдөй асманга, кулпурган шиберге көө сапырылды. Хандын өчү канып, бөйрөгүн таянып, учкаяк тулпарында ары-бери бастырып карап турду.

– Тукум курут кылгыла!

Аңгыча алоолонгон жалындын арасынан кыпкызыл элик жебедей атылып чыкты да, түптүз эле ханды көздөй бет алды. Анын маңдайына таамайлаган хандын жебеси асманга кайыды. Көз ачымдай болгон жок, кызыл элик так түйүлүп, хандын чокусун уюта алтын таажысын тээп өттү. Хан дөгүрсүп аябагандай намысчыл эле. Тулпардын санын айра чаап, тигинин артынан сая түштү. Шамалдын күүсүнөн этеги үзүлүп, тоо-таштар чимирилди. Хан тулпарын өпкөгө тепкилеп, эликке жакындагандан жакындады, кынсыз кылычынан жалын шыркырап бөлө чабууга беленденди. Бирок тулпары чунаңдап, хандын үзөңгүсүн тиштегилеп тескери ала качты. Жинденген хан атын башка чаап, кылычы менен эликти чаап жиберди. Жалаңдаган кылычтын мизи эликтин куйругун кесип кетти. (Куйругунун чолок болгонунун себеби ушул экен). Жаралуу элик дармандан ажырап колго түшөрдө, калың айылга бура тартып, четки кара алачыкка кире качты.

Ал жердеги эл ыйлоо, кайгы дегенди билген эмес. Ээн-элкин жашаган. Хандын бийлигин укпаган, бири-бирине чоңдук кылбаган, жандыктар алардын үйүнө уктап, балдарын ээрчитип, тирсийген эмчегинен сүт агызган...

Эл жаралуу эликти жашырышып ханды кубалап жиберишет. Көп убакыт өтпөй бул элдин башына каран түн түштү. Кылычын кайрап хандын кутурган нөкөрлөрү аттанды. «Хан Кудайдын уулу. Жер үстүндөгү кыбырагандын баары ага баш ийиш керек!»

Хандын нөкөрлөрү айылдын четинен алааматты баштады: жаш балдарды найзанын учуна сайып ыргытышты. Чоңдорду бир жерге топтоп балтыркандай туурашты. Кара кочкул кан суудай шаркырады. Хандын өзү апаппак эгиз баланы кабаттай сайып, алардын көсөөдөй капкара энесине кылычын шилтеди. Капкара эне өлбөдү! Кылыч тийгенде анын денеси жарк дей түшүп, эки бөлүндү да жылдыз болуп күйүп асманга учту...

Хандын кулагы дүңгүрөп, кылычы колунан түштү. Болуп көрбөгөн шумдукка делдейишкен нөкөрлөрүнө буюрду:

– Бул жөнүндө бизден башка билбесин, эч ким укпасын...

Кызыл кан менен жуулган журтта, өлүктөрдүн арасында, кыбыланы карап жылаңбаштанып олтурган адам койчу эле. Ал кара жанынын камын жеп, байдын малын кайтарып, казанын аскан койчу эмес. Эркинче жашап, элик менен кошо суу ичкен, эркин кайберендерди кайтарган койчу эле, эркин кайберендердин досу эле. Хан айылды кырып жатканда, ал өзүнүн досторун аралап, жашыл өзөндө жүргөн болучу. Айылына келип алааматты учуратты: эгиз балдарынын бооруна кабаттай найза сайылган, жаш колуктусунун дайны жок; аялдардын эмчеги, балдардын колу-буту чачылып жатат. Көк шибер чирип, айлана саңырсыган.

Тири укмуштуу курт-кумурскалардын уюгу болгон. Жака-белде баягы ээрчишкен жандыктардын бирөө да көрүнбөйт. Жадегенде асмандагы канаттуу да бул жерден тескери айланып учуп өтөт. Койчу ыйлаганды билчү эмес... Азыр ал ийнин куушуруп, көзү балбылдай түштү. Анан жүрөгү бүткүл денесин солк эттирип, кыпкызыл тили оозунан бери бир карыштай соймолоңдоп, катуу бакырып жиберди. Коркконунан тили оозунан ыргып кетмек экен, ал кекиртегин кармай калыптыр. Жанагы эркектердин кокосунун чыгып калганы ушул себептен дейт. Мына ушундан баштап койчу ыйлайт, көзүнөн мончоктоп жаш куюлат, жүрөгү күйүткө чырмалат; хандын мыкаачылыгынан ага ый жаралат. Күндүр-түндүр уңулдаган ый! Ал ыйлаган сайын дармандан ажырай берет. Кара булут улам самсаалап коюуланып, дүйнө тунжурап койчуну туурагансып улуп-уңшуйт.

Мына, адегенде ый пайда болуптур...

Койчу ыйлап олтуруп ачууланып жыгач менен жыгачты чаап сындырат. Ал ыйын токтотуп алаксый калат: «Бу эки жыгач бири-бирин сындырат, адамдар да тиги жыгачтай сынат. Мен да ханды чапсам өлөт. Хандарды жоготуу керек! Кантип? Жо-ок, мен да адаммын. Досторду издеп чыгамын, тулпар минем».

Койчу кубанганынан каткырып, созолонуп кыйкырып анан ырдап жиберет. Ал ырында кордук тартып кырылган айылын, көркүнөн ажыраган жерин, эгиз баласынын өлүмүн, жаш колуктусунун жоголгонун ырдайт. Зулум хандын бийлигин тебелеп, ордосун өрттөөнү самайт. Асман, Жерден жардам сурайт.

Койчунун ыры чыгар менен кара туман сүрүлүп, жадырап күн чыгат, гүл жайнайт. Канаттуулар учуп-конуп сайрап, токой жашыл жалбырак жамынып арасына татынакай жандыктар келет. Тынчып калган суулар бууракандап ага баштайт.

Асманга жылдыз болуп кубулган колуктусу түшүп келип:

– Мен эми сенин ырыңда гана жашай алам! Менин өмүрүм сенин ырыңда... Сенин ар бир ырың жылдыз боло берет дейт.

Койчунун обону айлананы жаңыртып улам кубулуп, бийиктеп, тоолорду тешип, мелмилдеген деңизге чейин кулачтайт. Анын ырына баары кулак түрүп, баары ханга кыжырдана баштайт. Койчуну өзүнүн ыры колтуктап тургузуп, колунан жетелейт. Жер силкинип, жылдыздар көбөйүп, жумуштан чарчагандар көңүлдүү жүрүшөт. Алтын ордосунда тынч жаткан хан бир күнү талаага чыгат. Айланасынын баары өзгөргөн: токойлор, дүйүм чөптөр, түркүн жандыктар. Ал эми тиги зооканын башында шаңкылдаган койчунун үнү: оозунан жылдыздар учат, ханды маскаралап ырдайт. Хан калтырап, нөкөрлөрү менен койчуну тегеректеп өлтүрмөк болот. Койчу баягы жылдыз болуп учуп кеткен аялдан да капкара экен. Өлтүрүүдөн эси чыгып, капка салдырып буудуруп, ордосуна алпартып караңгы зынданга салат. Койчунун басканын тыйганы менен ырын тыя албады. Ыр темир дарбазаларды тепкилеп, алтын үйлөрдү аралап, ордодон сыртка чыгып кайра сайрандады. Дыйкандардын үйүнө кирип, кара жармасын ичип, койчулардын көөрчөгүн татып, эркиндикти кабардайт.

Хандын кызматчылары зындандагы койчуну адегенде этибарга алышпады. Бара-бара тигинин укмуштуу үнүн угушкандан кийин, көңүлдөрү муюп, жүрөктөрү толкуду. Анын ыры чарчагандарга ал-күч кошуп, шаттандырып жиберди, жакшы жашоого үмүттөндүрдү. Ырдаганды алардын өздөрү да үйрөнө баштады. Хан кызматчыларынын кылык-жоругу өзгөргөнүн байкап, койчуну жоготуунун амалын ойлойт. Ээн талаага чоң чуңкур каздырып, ага койчуну олтургузат да, үстүнө куу отунду тоодой кылып жыйдырат. Анан мурутун чыйратып, колун шилтеп мыкаачы нөкөрлөрүнө буйрат:

– Өрттөгүлө!

Алоолонгон жалындын учу асманга жетет. Алда кайдан учкан канаттуулар ысыкка куйкаланып жерге топ-топ куланат. Таштар болкулдап кайнап, ак мөңгүлөр эрип, кокту-колоттордон суулар аңкилдиктейт. Койчунун үнүнө окшоп жердин алды дүңгүр-дүңгүр этип, зоокалар жаңырат. Асмандан жылдыздар учуп, чартылдаган чагылгандар пайда болуп, капкара булутту жара-жара тээп тыткылайт.

– Койчу өлдү! Ырын жер соруп жатат!

Айлана тынчып, кыпкызыл чок гана кайнап турду. Эми анын дүңгүрөгөн ыры жер үстүнө жашабайт. Хандын гана жалаңдаган өкүмү жарыкчылыкты бөөдөй кууруп, ыйга тунжуратып жашай берет. Хан ырды жерге көөмп, өрттөп, учкаяк тулпарына жаңы мингенде укмуш окуя болду: көлкүлдөп кайнаган чоктун арасы серпилип, койчу суурулуп чыкты. Эки колуна шырылдаган жалынды уучтап, оозунан чок бүрктү:

– Ырга өлүм жок! – деп койчу тишин жаркыратып күлүп, ырдап жиберди. Хандын көңүлү караңгылап, жүрөгү оозуна тыгылып аттан ооп баратып кыйкырды:

– Чапкыла!..

Ошондо килейген кылыч койчуну бел көчүгүнөн бөлө чапты. Анын чачыраган каны кызыл гүлгө айланды. Бутунан ажыраган көкүрөк жагы отко көмөлөнө түшүп бери ыргып, жерге шалак жыгылды. Кайра ошо замат эки колдоп, жер таянып соксоюп тура калды. Мына, ыр менен жашаган адамдын көкүрөгү!

Бул күнү хандын жүрөгү жарылып өлдү. Анын сулуу кызы койчунун ырына ашык болуп, чынардын бутагына чыгып ырдап олтурган экен.

Ыр адамдар үчүн гана жаралбаптыр.

Суулардын күркүрөп акканы, зоокалардын жаңырыгы, булбулдардын сайраганы, кыздардын күлкүсү... Баары койчунун ыры, койчунун обону. Эгерде кайгы басса да тиги асмандагы жылдыздай күлүп турса, ал анык адам! Жылдыздай жаркырап түбөлүккө тура бермек. Ый менен ыр адамдын жүрөгүнөн төрөлгөн бир туугандар. Бирок ый адамды мүңкүрөтүп жибергендиктен, өзүнүн ордун ырга бошотот.

Ыр улук болуп калат.

Ушинтип ыр эл менен бирге нечен замандарды басып келаткан экен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз