О`Шакирден балдар үчүн аңгеме

  • 05.12.2020
  • 3157

1. АМАЛ

Чоң кабат үйдүн алдында чүкө ойноп аткан Эш менен Шерге жаңыле келген бозуландар үстөмдүк көрсөтүп баштады. Алар адегенде өздөрүнөн кичинекей Шер менен Эштин чүкөлөрүн тартып алышты.

– Бер менин чүкөмдү, – деген Шерди тигилердин бири көкүрөккө түртүп жиберди:

– Бербейм, бар ары.

– Чүкө силердики эмес, биздики, – деп Шерге кошулган Эшти бозуландардын экинчиси кекетип баштады:

– Азыр экөөңөрдү тең төбөгө чаап, чүкөңөрдү тартып алсак, эмне кыла аласыңар?

– Тартып алалбайсыңар! – деди Шер да, Эш да.

– Эмнеге алалбайбыз? – деп бозуландардын үчүнчүсү корсулдады.

– Алалбайсыңар! – деп жарыша сүйлөгөн Эш менен Шер каршылык көрсөтмөй болду эле, адилетсиз бозуландар кичинекейлерди тоотушкан жок.

Бул учурда балдарды жакын жерде көрүп турган үч адам да арачылаганга жарабады. Алар кайдыгер гана карап отурушту.

Бозуландар эми чындап үстөмдүк көрсөтмөй болдуле, Эштин башына амалдуу ой келип, короо жаңырта кыйкырды:

– Ата-а… Ата-ааа…

Кабат үйдүн балкондорунан аталардын баары сырттагыларга башбакты эле, бозуландар дырылдап качып жоголду. Бирок балкондо карап тургандардын эч кимиси Эштин да, Шердин да атасы эмес эле. Алар Эш менен Шерге болушалы деп эмес, «балам мени чакырып атабы» деп ойлошкон.  

2. ҮЧ КУЛАК

Эш менен Шердин агайы окуучуларды үч түргө бөлүп тамашалайт. Албетте, Эш менен Шер зээндүү окуучулардан болгондуктан, куйма кулактарга кирет. Ал эми сабакты орточо окуган балдарды «акма кулактарым» десе, эң начар окуучуларын «таш кулактарым» деп тамашалайт. Эмнеге? Алар дайымале мугалимдин айтканын толук аткарышпайт. Мисалга, үйгө берилген тапшырманы сурай келгенде «унутуп калыпмын», «кечөө түшүнбөй калыпмын» деген шылтоо айткандарды «силер акма кулаксыңар» дейт. Жана да диктант жазууга келгенде агай канча кайталаса болбой, «2», «3» деген баа алган окуучулар бар. Мугалим класс ичи толук уккудай бийик добуш менен окуса да, алар баарыбир «4», «5» деген баага диктант жазган күндөрү болелек. Ошонүчүн аргасы кеткен агайыбыз начар окуучуларды «таш кулактарым» же болбосо «акма кулактарым» дейт. А куйма кулак окуучулары аз эле.  

3. ДОСТУК

Мектептин спорттук аянтында футбол ойноп аткан балдар топ тебээрде шымы айрылып калган Эшти шылдыңдап каткырып атышканда эмне болду дебейсиңерби… Эшти шылдың болгон абалдан куткарууну ойлогон Шер өзүнүн шымын чечип берип, досуна кийгизмек болду. Бирок Эш балдардын шылдыңдаганынан канчалык уялып турса да, Шердин шымын кийбей койду. Балдар ансайын каткырып, эми Эш менен Шерди кошо шылдыңдай баштаганда Шер өзүнүн шымынын аласын айрып ийип, кийип алды. Шымы айрык экөөнүн түрүн көргөн балдардын баары кыраан каткырыкты салды…

– Ха-ха-ха… Ха-ха-ха-ха-аа…

Алардын күлкүлөрү бирок тез эле токтоду. Бирин-бири шылдыңдан куткарууну ойлогон тиги экөөнүн достугун сезген үчүн күлкүлөр тып басылды. Баятан Шер менен Эшти шылдыңдаган балдар эми достук жөнүндө ойлонуп калышты.  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз