О`Шакир: Соргок

  • 01.09.2020
  • 3542

АҢГЕМЕ

Курсагы курулдаган Эрасыл жей тургандай эчтеңке таппады. Чарадагы сүттүн жаңыдан каткан каймагына кол салайын дейт, бирок каймак үчүн кечээ эле апасынан төпөш жегенин эстеди. «Үйдөгү ырыскыны сенден башкалары да жесин». Апасы муну күнүгө какшап, жалгыз уйдун каймагын кайтарып чогултуп жүргөн. Үйдө бал толтура, Эрасыл аны каалашынча нанга малып жей берип, тили жарылып-жарылып кеткен. Ширинден жарылган тили каймакка малынган нандын бетиндеги балдан гана ачышпайт. А каймагы жок жесе ачышат. Азыр да балды нанга малып жейт эле, тили ачышканы жаман да. Ачышпас үчүн каймак гана жетпей турду... Каймактан бир чоң илип жеп алсам деп шилекейин күрмөгөн соргок чыгдандын айланасын шимшиледи. Баятан үйдөгү кытырап-шытыраган дабышты тыңшап жатканбы же өзү эле ойгондубу, кенедей Калымөөрдүн үнү чыкты:

– Эй, апам каймакты жебе дебеди беле... Айтам сени!

– Жеп аткан жокмун, жата берчи сен.

Калымөөрдүн үнү өз убагында чыккан үчүн гана каймактын бетин бузганга үлгүрбөй калды, болбосо колу созулуп келаткан. Каймакты илип жегенге камдап алган колундагы бир сындырым нанды аркасына ката койгон Эрасылдын жанына келген карындашынын да курсагы ачыптыр. Экөө тең эмне жешти билбей сыртка чыгышты. Баштарына тордолгон шляпа кийип, аары жашиктердин арасында жүргөн атасы менен апасы дагы деле иштен бошой электигин көргөн Эрасыл эптеп карындашынын да, өзүнүн да курсагын тойгузмак болду, антпесе курсактын курулдагы басылар эмес.

Баятан жаагын баспай какылдаган чаар тооктун үнү азгырык болуп туруп алды, жумуртка эмес эле килтейген планетаны тууп салгансып.

– Жүрү, Калы, жумуртка алабыз.

– Жүйү. Тээ чөптүн айасында жумуйтка көп.

– Үйрөтпөчү. Аны мен сенден жакшы билем.

Эрасыл үйүлгөн кургак чөптүн оюгундагы тооктун уясына кол сунса, колуна жумуртка урунбады. Мадыра баш уянын төрүнө канчалык үңүлүп караса да ичи караңгылап, көрүнбөдү.

– Үйдөн ширеңке апкелчи, Калы. Жумуртка таппай атам.

– Жумуйтканы мен билем, мен таап бейейинби?

– Эй, кыйын болбочу, сени ширеңке апкел дедедим.

Колуна ширеңке тийери менен эмне болорун ойлобогон бейбаш тооктун караңгы уясынын ичине күкүрттү жандырар замат чөптөн «дүрт» эткен жалын бүрктү. Карбаластап Калымөөрдү суу алып келгенге шаштырды. Чыканактай карындашы чөмүштөп ташыган суу эмне болуп калыптыр, суу ташыганга өзү да кошулуп, экөө тызылдап чуркап, алоолонуп өрттөнгөн чөпкө биринин артынан бири чөмүчтөп суу ташыганычы.

Сууну чакалап куялы дешсе, экөөнүн тең чака көтөргөнгө күчтөрү жетер эмес, чөмүчтөп ташыгандан башка арга табышкан жок. От болсо бир заматта алоолоп берди. Асманга түтүн булап, бейжай жаткан жайлоо төрүндөгү балчылар ызы-чуу түшүп, өрт чыккан жакка жабыла жөнөштү.

«Өрт эмнеден чыкты?» – Топурагандардын таппаган жообу ушу болду.

Өрт өчтү. 

– Кимиң өрттөдүң?! – деген атасынын да, апасынын да суроосуна экөөнүн тең жообу сүйлөшүп алгандай бирдей болду:

– Биз өрттөгөн жокпуз, чын...

– Анан өрт кайдан чыкты?!

– Билбейбиз, биз үйдө болчубуз.

Беки өрт өчүрүүгө жардамдашкан элди карайт. Шектүү жан жок, баары азыр эле жүгүрүп келишкенин айтып коомайланып турушту.

– Бул иш балдардын эле колунан келди. Башка ким болмок эле... – дешти чогулгандар.

– Мен да ошентип ойлоп атам, – деген Беки уул-кызын кайрадан суракка алганга өттү. – Кимиң өрттөдүң?

– Биз эмес, – жер караган наристелер өздөрүнүн кылмышы бир заматта жабылып калчудай жооп беришти.

– Биздин каныбызда калп айткандар жок эле, бул экөө... – Муну айткан Беки өрттөн үрөйү учуп турган колуктусун кекетти: – Бул экөө жанын жеп калп айтканды кайдан үйрөнгөн?

– Эмне, мен үйрөтмөк белем. Экөө тең калп айтчу эмес эле, билбейм... – деди эне кургурдун жүрөгү балдарынын калпына ишенбеген түр менен.

Тургандын баары бири-бирин карайт.

– Калп айтканды силер үйрөтпөгөн менен турмуш өзү үйрөтөт. Жан үчүн калп айтканды баарыбыз турмуштан үйрөнөбүз, – деди чогулгандардын арасындагы аксакал киши.

Үйлөрүнө тарап бараткандарды тиктеген Беки солдойгон бойдон кимден шектенерин билбей ордунда көпкө катып турду...

24-июль, 2013-ж. Алатай жайлоосу.  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз