Өрүк-эне образын жараткан өрүкзарлуу өрөөндүн кызы

  • 27.12.2020
  • 3947

Адабият – адам жөнүндө илим.  Бул идеяны Максим Горький айткан.  Бул сөзгө толугу менен кошулам.  Анткени,  акын-жазуучулар – адамды изилдөөчүлөр.  

Алар өзүн жазабы,  каармандарын жазабы же нерселерди сүрөттөйбү – айырмасы жок. Алтургай эч кандай каарман тууралуу сөз кылбай эле, нерсени,  затты,  айлана-чөйрөнү,  ааламды сүрөттөгөн күндө да калемгерге таандык субъективдүү көз-караш айтылат.  Мисалы үчүн психология адамды объект катары канчалык терең изилдебесин, ал кол алдындагы предметти гана изилдейт. Ал эми акын-жазуучу атмайга Эгем ушунчалык зор касиетти ыроолойт: алар жан-дүйнөсүн төгүп, ак баракка төшөп образ жаратат, пейзаж тартат, ай-ааламга сүңгүп, алтургай  трансформация абалына жетет – жандыктарга жана табиятка айлана алат.

Фундаменталдуу илимдер (философия,  психология,  тарых,  социология,  теология ж. б.) жана искусствонун башка өңүттөрү (сүрөт,  музыка,  кино-театр,  скульптура ж. б.) адамды иликтеп-изилдейт,  сүрөттөйт,  таанып-билүүгө үйрөтөтөт.  Бирок ошол илимдердин жана искусствонун башка дагы бир түрү адабият сыяктуу адамдын жан-дүйнөсүнө сүңгүп кире албайт. Акыл-эс,  аң-сезим,  туюм ээсинин түйүлдүктөн баштап,  өсүп-өнүгүүсүн,  өлгөнүн жана аркы дүйнөдөгү абалын,  керек болсо паралеллель дүйнөлөрдө жашаганын жана аларды ийне-жибине чейин сүрөттөп,  кайсы илим иликтей алмак? Адамдын чексиз фантазиясын ишке ашырууга адабияттан башка илимдин шаасы жетпейт.  Анакей,  фантазияң менен тилиң жетсе ай-ааламды,  адамды ж. б.  айланып сүрөттөп жаза бер.  

Адабияттын ушундай эбегейсиз мүмкүнчүлүгү бар.  Калемгер атмай ириде  өзү жакшы билген нерсе жөнүндө жазат жана тереңдеп отуруп,  адамдын же элинин улуттук өзгөчөлүгүн,  жашоосун,  турмушун,  тагдырын,  тарыхын дүңүнөн баштап,  молекулярдык (атом,  протон, нейрон ж. б. ) деңгээлиндеги көзгө көрүнбөгөн майда бөлүкчөлөрүнө чейинки абалын сууруп чыгып образ жаратып,  чыгарма жазат.  Ушул маалда биринчи орунга эмоционалдык-психологиялык абал чыгат. Болгондо да калемгер сыйкыр абалында аны курчап турган дүйнөнү: жашоосун, тагдырын, турмушун,  тиргилин,  айлана-чөйрөсүндөгү кубулуштарды,  жаратылышты,  башка каармандар менен катышын бир бүтүн чыгармага айлантып үлгүрөт.  Жаралган чыгарманын глобалдуулугу,  масштабы,  идеялык-тематылык өңүтү анын алдына койгон максатына жараша болот.  Ал эми көркөм туунду катары чыгарманын деңгээли  жаратмандык кудуретине түздөн-түз байланыштуу.

Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына ушул Фейсбуктагы “Калемгер” адабий клубу жарыялаган сынакта “Чыныгүл” аттуу аңгемеси аркылуу тааныгам.  Белгисиз авторлордун атынан чыккан чыгармалардын ичинен мага өзгөчө жаккан ушу “Чыныгүл” болгон.  Талаш-тартышта бул аңгеме үчүн катуу күйөрман болгонум эсимде.  Авторун кийин билдим ким экенин, а Чыныгүл болсо эсимен чыкпай калган сүйүктүү чыгармаларымдын бири.  Азыр да “Чыныгүлдөн” баштайм.

Чыныгүл ким? Чыныгүл-нукура кыргыз аялзатынын үлгүсү.  Жуучу түшкөндөрдүн көңүлүн кыялбай бир,  кыргыз аялзатынын канына сиңген мээрбандыгынан бир,  көнүмүш адатка баш ийген не бир  алпейимдигенен бир,  эңилип,  ийилип отуруп,  өмүрүн өзгөлөргө арнаган аялзаты.  Болгондо да башка бир дагы элде жок аялзатынын мээрбандыгынын үлгүсү! Калемгердин улуттук адабиятка кылган кызматынын бири ушу – өз элинин башка элде кездешпей турган асыл касиеттерин ачып берүү,  таанытуу.  

Болбосо улуттук адабияттын эмне кереги бар? Башка элдин асыл сапаттарын окуп,  үйрөнүп, таануу менен катар, өз элинин улуттук мүнөзүндөгү алгы жактарын даңктап келген бул,  тээ тил чыгып, сөз пайда болгон замандан берки көрүнүш. Мына ушул өңүттөн алганда,  кыргыздын кылымдар бою келаткан көнүмүш  Чыныгүлдөрү - феномен. Кайсы элде зайыптары “каруусу тайыган чалды карап бериңиз” десе макул болуп,  барып карай берген мисал бар? Жок.  Андай  мисал жок.  Чыныгүлдөй энелердин акыркыларын көрүп калган муун биз болуп калдык.  Азыр мындай асыл зайыптар жокко эсе.  Согончогу канабаган же уул-келинине,  төркүнүнө түрткүнчүк болгонду каалабаган,  күч-кубаты тая элек Чыныгүлдөй канча асылдар өттү экен…

Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева

Уулунун келинчеги же төркүнүндө төрайымга айланган келиндер бир куюм чайын кагып-силкип берген сайын “кылк” этип тамчы уу ичкенден көрө деп... Ушундай айласыз себептен өткөн доорлордо Чыныгүлдөрдүн чалдарды бекер багып берчү катмары келип чыккан.  Бөтөн болсо да,  утурумдук болсо да,  көрүнгөн чалдын коломтосунда бир куюм чайын кысынып-кымтынбай ичкени үчүн…

Дагы бир нерсе, жазуучу кайнене менен келиндин мамилесин көмүскөдө калтырып,   “ушудан көрө неберелериңи бакпайт белең...” – деген бир ооз суук сөзү менен келиндин мүнөзүн,  кайненеси эмне үчүн жалгыз баласынын үйүнө батпаганын ачып берип койгон.  Анткени үйүнө кайтып келген оорукчан кайненесин ушундай суүк сөз менен тосуп алган келиндин колунан жакшылык келиши күмөн.  Эгерде жалгыз бой жашаса да Чыныгүлдөргө  сөздүн уусу тиет болчу,  “жамандыгынан эч кимге батпай калган да” деген.  Айласыздан анан төркүндөрүнүн же уул-келиндерин жүзүн жер караткысы келбеген зайыптар чал баккан оор жумушту аркалап,  колдон-колго өткөнү кашкайган чындык.  Карыялар демдүү жүрүп, кийин дарманы кайткандан баштап төшөк тартып жатып, анан а дүйнөгө узагыча караган бечара Чыныгүлдөр... Канча жыл болсо дагы,  канча чал болсо дагы оорулууну баккандарына эмне дейсиң? Бул эмне деген мээрбандык жана эмгек?! “Ооруну баккан оорулуу” дейт кыргыз,  төшөк тартып жатып калган карыны багып көр; айтайы менен кир-когун жууп,  коңурсук жытына чыдап...  Ушундай тагдырына баш ийип,  анысы үчүн болгону утурумдук башпаанек тапкан кайран канча Чыныгүл көзү ачык  кетти экен?

Уул-келинине чыйрак кемпир кантип эле батпасын деген суроого кайра эле жазуучунун “Ыйлаак кыз” деген аңгемеси жооп берип койгондой.  Ыйлаак небересин жонуна көтөрүп баккан кемпирдин келинине түрткүнчүк болгону,  ызасына чыдабай өксүп ыйлаганы кимдин болбосун жүрөгүн тилип өтөт...

Коомубузда дал ушундай мээрбан энелердин катмары бар экенин эске алып жазган жазуучу эжеге бали.  Илгеркини мындай коюп,  кечээги Союз маалында биз жактагы Чыныгүлдөрдүн багуусунда канча карыя кастарлап багылып,  келиндин кагуусунда калбай же карыялар үйүнө түшпөй, өз үй өлөң төшөгүндө узады дейсиң. Бардыгыбыз өз энелерибизди мактап-даңктайбыз,  а байкуш Чыныгүлдөр көз жаздымда калган (Ушундай энелерди көрүп калган үчүн бул тема мага өтө жакын жана буюрса айтып өтөм деп жүрөм). Кыргыз аялзатына гана тиешелүү асыл  сапат менен окурмандарды автор тааныштырып өткөнү алгы иш.  Болбосо бул тема айрым чыгармаларда эпизод катары берилип, маани деле берилбей калчу.  А бул алакандай макалада өткөнкүбүздө көндүм көрүнүшкө айланган жалгыз бой, же кароосуз калган,  же күйөөсүнөн эрте ажыраган аялдардын айласыз абалынан пайдаланып,  күнкордукка дуушар болгону көз жаздымда калып кеткен көйгөй көтөрүлүп чыккан.  

Колдон-колго, үйдөн-үйгө өткөн Чыныгүлдөрдүн каалоосу,  көңүлү менен да көбүнчө эсептешкен эмес.  Анткени ансыз деле төркүнү жана уул-келиндерин сөзгө калтыргысы келбеген зайыптар,  өзүнүн көңүлүн,  тагдырын,  ден-соолугун курмандыкка чалганды кадыресе бешенесине жазылган жазмыш катары көрүп калган болчу. Эми кеч болсо да коомубузда орун алган ушундай көйгөй болгонун мойнубузга алып, балким арасында Чыныгүлдөй асыл энелер жөнүндө айта жүргөнүбүз абзел...

Айтор,  эженин мазмун, идея, форма,  тили бири-бирине бап келген анык чыгармаларынын бири ушул “Чыныгүл”.

Жазуучунун аңгемелеринин артыкчылыгы,  өзгөчөлүгү эмнеде? Өзгөчөлүгү – түштүк кыргыздарынын, болгондо да чөлдүк кыргыздардын – баткендиктердин жашоо-тиричилигинен баштап, кулк-мүнөзү,  тили менен дилин чебер сүрөттөп ачып бергенинде.  Адатта,  элеттик кыргыз дегенде тоодогу айыл-апаны анан жайлоону элестетебиз. А Топчугүл эже өзүнө таандык жөнөкөй стилди таап алган дагы, алакандай аңгемелерге Баткен кыргыздарынын ааламын сүрөттөп,  кынаптап койгон.  

Аңгемелердин кыскалыгы атайын тактикага го дейм,  учурдагы окурмандардын кызыкчылыгына эсептелгендей.  Сөз менен узанып калган киши катары,  паралелль сюжет же татаал схемаларды камтыган композицияларды учурдун талабына ылайык көрбөй,   жөнөкөйлөштүргөнгө өткөнү билинип турат.  Чыгармалардын формасы жөнөкөй  бир линияда кетет, аңгемечинин баяндоосу менен.  Автор окуялардын баштан-аяк эмне менен бүтөрүн,  структурасын так билет,  окуянын жүрүшүн контролдойт.

А чыгарманын өзөгү өзүнөн-өзү өөрчүп отуруп, каармандар авторго баш ийбей,  форма дагы,  мазмун дагы башка линияларга өткөн абал башка.  Топчугүл эже ушунча тажрыйбасы менен кенен-чонон узун аңгемелерге же повесть жазганга өтсө деп күтүп жүргөн окурман катары ушул жагын айттым. Анткени айрымдарын окуп бүткөндө уландысы жок экенине ичим чындап ачышты.  Мисалы үчүн “Кара жаздык”,  “Абысындар”,  “Тракторчу келиндердин”  дагы уландысы болгондо деп калдым.  А калгандары толук кандуу бүткөн,  ашык-кеми жок.  

Деги эле жазуучунун: “Долу”,  “Бешимдин көлөкөсү”,  “Парз”, “Алтын”,  “Атлес көйнөк”, “Орунча”,  “Бак”,  “Өрүк-эне”,  “Молдо”,  “Ыйлаак кыз”, “Абысындар”, “Колхоз”,  “Контор катын”ж. б.  аңгемелери өзгөчө.  Мына мен,  түштүктүн кызы болуп туруп,  ушул ж. б.  аңгемелерди окуп,  өзүмө жаңы дүйнөнү ачкан элем.  Себеби чөл кыргыздарынын оокаты башка,  тоонун оокаты башка.

Мынакей,  “Атлес көйнөктү” алсак,  биринчи класска бара турган кыз ак фартуктун астынан атлес көйнөк кийгиси келет.  Ал үчүн чакан мүшөккө өзү өрүк көтөрүп,  атасы чоң мүшөгүн көтөрүп,  экөө базарга сатышат.  Бирок акчасын атасы кисабирларга уурдатып жиберет.  Мындайча айтканда,  бала-бакырага бир нерсе керек болсо ата-энеси: “бар,  өрүктөн алып сатып ал” дейт экен.  Мен үчүн бул жаңылык болду,  ушул нерсе эле көптү каңкуулап турат.  Жергиликтүү элдин тиргилиги бүтүндөй өрүк менен байланыштуу экенине мындан өткөн далил болбойт.

“Орунча” болсо баласы жок жалгыз бой Бүсара жөнүндө,  ал аялы өлгөн беш балалуу кишиге күйөөгө тийип,  эне ордуна энеге айланат.  Ушул “Орунча” деген сөз дагы жаңылык болду,  өгөй энеге карата кандай сонун синоним-табылга деп тан бердим,  тергеп айтканын кара деп.  

Баса,  Бүсара да кыргыз  аялзатынын дагы бир өзгөчөлүгүн ачып көрсөткөн типтүү образ. Согончогу канабаган же бирди төрөп, төрөбөй калган жүздөгөн Бүсаралар башка бүлөгө барып,  бала-бакырасына эне болуп өмүрү өткөн.  Дегеле жашоодо бала-бакыралуу жесилге кудум Бүсарадай энелик касиети өзгөчө аялзатын издеген бизде илгертен калган. Кыргыз өзгөчө баласаак келебиз. Ошон үчүн энесинен ажыраган балдарга эне болуп бере турган, эсил менен жесилдин очогундагы отун өчүрбөй алып кетер касиети бар өзгөчө аялзатын издеген бул бизде демейдеги эле көрүнүш.  

Мына ушул жерден кыргыздын эркек атмайынын өзгөчө касиетин да белгилеп кетүү керек.  Бул дале эркектерибиздин баласаактыгынан келип чыккан го дейм.  Себеби кыргыздын жесил эркеги биринчи орунга баланы коёт,  “балдарыма жакшы эне болуп берсе эле болду,  калганы маанилүү эмес” дейт кимиси болбосун. Бул – энесиз калган балдарынын башын кошуп,  маңдайында чоңойтуп,  канатына калкалап калгысы келген, өз кызыкчылыгын чийип,  ичине ээр токум баткан эр көкүрөк аталардын касиети… Ушундай асыл касиетти аркалаган беш баланын атасы, балдары үчүн кайненеси издеп таап берген Бүсара-Орунчага үйлөнүп,  өзү да оорудан баш көтөрө албай,  томолой калган балдарын ага дайындап кете бергени... Кирген албуут дарыянын агымы жеп кетпесин деп,  күрүч айдаган шалыпаянын четине таш-чым төшөп жүргөн Бүсаранын “Орунча апа-а!” деген өгөй кызынын үнүнө далбастап жүгүрүп келгени… Мына ушул жерде салыштыруу дегендин үлгүсү жатат: ээ-жаа бербей аккан киргил дарыя – беш баланы алгач энесинен,  анан атасынан ажыраткан куу турмуш сыяктуу; шалыпая – бар тиргилиги ушу күрүчкө байланган карапайым бүлөнүн оокаты; аны албуут дарыянын агымына жедирбей сактап калайын деп,  таш менен чым төшөгөн Орунча…

Орунча ушу жерден тапкан орун-очогун  тагдырдын ташкынына каршы жан үрөп коргогону,  өгөй беш баласы менен өзү тагдырдын сыноосунда бетме-бет калганы – реалдуу тагдырдын табият менен параллель сүрөттөгөнү өзгөчө табылга.  Орунча менен буркан-шаркан кирген дарыя – аңгеменин өзөгүн түзүп, табышмак жашоонун бир үзүм жандырмагындай сезилет. Өзөктүү идея ушу алакандай аңгемеге сыйып кеткенине,  анын жандырмагы Орунча менен дарыя аркылуу эле ачылып калганына тан бересиң.

“Бак”  аттуу аңгемеде Темир деген жигит алыстагы Каирде оорукчан энеси өлсө көмгөнгө жер таппай каларын,  көрүстөндүн баасы жашаган үйүнөн кымбат экенин айтып,  заманасы куурулган таксист жигит жана Темир деген жигит жөнүндө.  Өрүкзар айылда күн кечирген Темир, каирлик таксист жигиттин зарлаганын угуп,   айыл боюнча ар бир үй бүлө бирден түп өрүгүнүн түшүмүн берсе,  сегиз жүз түп болорун,  андан түшкөн акчаны салам деп кат жазганы ичиңди элжиретет.  Окуп атып аргасыз “кыргызым,  ай кыргызым,  пейилиңен айланайын” деп ийесиң.  Дили таза элеттик жигиттин нукура кыргызчылыгына-адамгерчилигине баа бересиң.

Акын-жазуучу атмайдын ириде озуйпасы агартуучулук экенин эске алсак,  дал ушул Темир сыяктуу нукура кыргызчылыгын (пейили ток, күйүмдүү) сактап калган замандаштардын бейнесин бир образга сиңирип,  өчпөс боёк менен сүртүп өткөн калемгерге ыраазы болосуң.

Ал эми “Өрүк-энеде” үшүк албасын деп,  жалгыз бой аял “дүт” коюп,  кызыл чок салынган ысык табак колун күйгүзсө да кайыл болуп көтөрүп жүргөнү; сары кар үлбүрөгөн ак гүлдөрдө жармашып эрибей атса эси оогону;  картаң өрүктү Өрүк-энем деп сыйынып өпкөнү жөнүндө экен.

Өрүкзарлуу ажайып аймагыбызда жашаган элибиздин оокат-тиргилиги бүт өрүк менен байланыштуу болгон үчүн,  элде Өрүк-Эненин купуя сыйкыр күчүнө ишенген  ыйык образ жаралганын жазуучу айтып өтүптүр.  Адатта ыйык нерсе туюк болот.  Кыргыз атмай көөнө замандан бери көкүрөгүндө жаралган ыйык ишенимге өтө аяр мамиле жасаган. Адатта ыйыктын атын айтып күбүрөгөнү менен,  ага ичинен сыйынып,  дилинде катылуу тилегин көөдөнүнө жашырып жүрүү кыргызга мүнөздүү көрүнүш. Кыргыз эч качан сыйынуусун көрүнөөгө алып чыгып,  ашыкча “сахналаштырган” эмес.  

Анан дагы,  кыргыз алмустан бери табият менен эриш-аркак жашаган эл.  Дилинде жаралган ишенимдин кандай түрү болбосун: тотемизм,  фетишизм,  шаманизм,  теңирчилик ж. б. - табият койнунда алмусдактан бери жашаган кыргыздын дилине өз мөөрүн басып койгону көрүнүп турат. Демек,  кийин-соңгу жүз жылдыктарда өрүкзарлуу өрөөндөгү элдин оокатын өткөргөн мөмөдөн ыйык Өрүк-Эне образы жаралганы буга далил.  

Кыргыздын Умай Эне,  Батма-Зуура, Марал-Эне жана Бүбү Энелерине Өрүк-Эненин ыйык образы кошулганы жакшы көрүнүш.  Ооба,  бул образ али массалык көрүнүшкө же ачык ишенимге айлана элек.  Бирок  социолог окумуштуу,  жазуучу жазып жаткандан кийин,  демек,  түйүлдүк же ымыркай түрүндө болсо да бул образ жаралган жана жашайт.  Айтылуу Марал-Эненин (Бугу-Эне) образын Айтматов алып чыкпаса,  ыйык эне бугу уруусунун келип чыккан жөн-жайын баяндаган уламыш катары,  бугу уруусунун этно-фольклордук баалуулугу катары калып кетмек.

Топчүгүл эже Өрүк-Эненин баалуулугун өзү аңдабай жаратып койгон.  Балким дал ушундай жаратмандык үчүн да жазуучулар элге керек. Балким акырындап Өрүк-Эне өрүкзарлуу Баткендин символуна айланаар? Аны эми келечек көрсөтөт.

Мен Топчугүл Шайдуллаеванын алакандай аңгемелирен мекенибиздин өрүкзарлуу аймагындагы дили таза,  момун,  нукура кыргыз дүйнөсүн көрдүм.  Албетте, түштүктүк аттуу-баштуу жазуучулардын чыгармаларын окуп жүргөнүбүз менен,  так ушу  Баткендин колоритин дал өзүндөй ачып берген Топчугүл эжени бааладым.  Аңгемелердеги: “орунча”,  “дүт”,  “серасыл алма”,  “тамарка”,  ж. б. диалект жана говор сөздөрдү автор абдан жөндүү жана билгичтик менен пайдаланыптыр,  окуп атып эле түшүнүп алдым.  Күрүч эгилген шалы тууралуу “Орунчада”,  пахта,  тамеки жөнүндө “Коммунизм отторунда” абдан жакшы баяндалыптыр.  

Кара сөз менен узанам дегендер үчүн жазуучунун алакандай аңгемелери даяр усулдук көрсөтмө.

Баса,  Топчугүл эженин дагы бир артыкчылыгы - сөз кылган объектисин беш колдой билет.  Сүрөттөгөн предметтери мейли ал чоңбу,  кичинеби,  бардыгы электен өткөндөй ишенимдүү жана ынанымдуу сүрөттөлөт. Калемгер сөз кыла турган объектисин жана предметти мыкты билгени – аңгемелердин ийгилигинин бир сыры.  

 Акырында эжеге бир гана каалоом: чыгармачылык жолунда ийгилик каалайм жана Өрүк-Эне образын жараткан жазуучудан келечекте көлөмдүү чыгармаларды күтөбүз.

Рахат АМАНОВА

27. 12. 2020

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз