Токутоми Рока: Эки жүз иен

  • 30.12.2020
  • 3406

Жапон жазуучусу Токутоми Рока (1868-1927), чыныгы аты – Кэндзиро. Хёго провинциясында туулган (азыркы Кюсюга жакын Кумамото аймагы). Досися университетинде окуп жүрүп көп кырдуу билим алган. Атасынын таасири астында байыркы кытай жазмаларын окууну өздөштүрүп Конфуций жана Будда осуяттарын үйрөнгөн. Кийин Токиого барып, агасы Токутоми Сохо чыгарган "Кокумин-но томо" ("Элдердин достугу") журналына ишке орношуп, ал жерден тез эле мыкты журналист жана публицист болуп чыккан.

Кийин "Жашабай койгон жакшы" (1899) аттуу тунгуч романы менен адабий атагы чыккан.

Которгон Амирбек АЗАМ уулу

АҢГЕМЕ

Эмендин жаңгагы жерге “дүк” этип түштү. Анын жаңырыгы басылбай жатып, үйдүн айбанында бир киши көрүндү; ал жашы отузга жете элек эркек экен. Тыпыйган мурдунда эски жаранын изи агарып турат. Бутундагы жука тамандуу гэтасына жана жол-жол кездемеден тигилген желегине караганда соодагерге окшоп кетет.

Көзүнүн сурмасы кечки асмандай түнөрөт.

- Мени уккула! Бул мага сөзсүз керек... - ичкери кирип, босогону аттап-аттабай жатып, оор дем ала кеп баштады. - Мен бактысызмын, баарына катыным күнөөлүү... Силерге айтып берсем түшүнөсүңөр...

Ал адегенде аптыгып, сөздөрүн жеп алып атты. Бирок акырындап оюн даана-даана айтып, жүрөгүн жеңилдетип, кызуу дем менен сүйлөп кирди.

Көрсө, ал Сайтама префектурасында жашайт экен. Өгөй ата-энесинин колунда тарбияланыптыр. Алгач жибек курт менен соода кылып жүрүп күйүп кетип, ата-энесин сары чакасыз калтырат. Ирденем деп кайда гана иштебептир: Кореяда жашайт, ал жактан Маньчжуриянын Аньдун шаарына ооп барат. Ал жерде токойчулук кылат, бир зайыпка үйлөнөт. Түгөйлөр бир аз убак Аньдунда жашайт, бирок жагдай алар күткөндөй болбой, Далянга көчүп барышат. Бул орус-жапон согушунан кийинки жылы күздө болот.

Алар көчөрүн көчөт, лекин өздөрүнө ылайыктуу жумуш табышпайт. Маньчжурлар гана жашачу жеркепелерде эптеп жан багып жүрүшкөндө жалгыз наристелери көз жумат.

- Ажайып бала болчу, - деп улантты ал сөзүн. - Беш жашка жаңы гана толгон. Кызым мага аябай ынак эле. Ата журтубузда жашаган кезде үйгө келсем, аялымдын кабагы кардай түнөрүп тосуп алса, кызым “Ата! Ата!” деп сүйүнүп турчу. Калпагымды ордуна алып барчу, дайыма ушинтет эле.

Ал өпкөсүнө суук тийгизип алды. Мен доктурга жүгүрүп жетип, кызымды көрүп бер деп өтүндүм. Ал “Келем” деген бойдон келбеди. Бул тушта кызым чарчап калды. Ал көз жумгандан кийин бар үмүтүм жалп өчтү.

Доктур, элдин айтымында, христиан экен, а мен жакыр элем, ал ошон үчүн бизге христианчылыкка сыйбагандай мамиле кылгандыр. Береги доктур кийин өкүнүп, мага жасаган мамилеси үчүн жазаландым деп кайра-кайра кейип жүргөн имиш.

Ал жерди карап, бир топко чейин үн чыгарбай турду.

- Анан эмне болду?

- Анан кийин... Өмүр бою жумушсуз жүрө бербейсиң да, бир фирма бар эле... ал Даляндагы эң чоң фирма эмес, бирок эң белгилүү деп айтса болот, силер аны билесиңер... Мен шол фирманын кожоюнунун үйүнө кызматка орноштум.

Бул фирма бекеринен Даляндагы эң ири фирмалардын бири деп айтылбаса керек: кожоюндун үй-бүлөсү жыргап жашачу. Үйдө аялым экөөбүздөн башка дагы беш-алты киши иштечү. Кожоюндун зайыбы мыкты аял эле, бизден жакшылыгын аячу эмес. Ал бир мертебе кайсы бир иш боюнча Жапонияга кетти. Ал кеткенден эки жума өткөндөн кийин катынымдын пейли такыр өзгөрдү. Бул менин катынымбы? Же бөтөн бир суйкайган сулуубу? Мындай өзгөрүүдөн кыпындай да жакшылык болбоду, - деди ал сөзгө чакагандай кыйналып.

- Менин зайыбымдын жүрүм-туруму табышмакка айланды. Муну байкап, аңдый баштадым. Мен көп нерселерди түшүнбөдүм, акылым да жетпеди. Кожоюн арабада үйгө келет. Экинчи кабатта коңгуроонун үнү эшитилет - катыным ак белдемчесин тагынат дагы табакка коюп алып, кожоюнга сыра алып жөнөйт.

Мен болсо тепкичтин астында турам. Катыным мени көзүнүн кыры менен бир карап коюп, экинчи кабатка жүгүрөт. Анан бир саат, атүгүл эки саат ылдый дегеле түшпөйт десең. Эмне болуп атат деп, менин кулагым жогор жакта... жылаң аяк бутум менен дабыш чыгарбай кожоюндун кабинетине жетип эшикти тыңшайм, ачкыч салчу тешиктен ичкери жакты шыкаалайм... Эмнени көрөсүң, эшиң капкалың болсо... Ичкериде - тыптынч, алар эмне кылып жатышканын түшүнбөйсүң. Чынын айтсам...

Анын үнү каргылданып кетти. Ортосу туташкан чакычтай кара каштары токтобой өйдө-ылдый секирет. Эриндери да титирей баштады.

- Катынымдын көзүнөн эмне болгонун билейин деп канча аракет кылбайын, кожоюндун жүзүнө канчалык тигилип карабайын, күмөндүү ойдон башка эч кандай далил таба алганым жок. Мен көп жолу ойлодум: мындай үйдө мындан ары кызмат кылбаймын деп. Бул жөнүндө катыныма да бир эмес, бир нече жолу айттым. Бирок катыным ар жолу мага ачууланат: “Кожойке бизге ушунчалык жакшы мамиле кылды, ал жокто үйүн кантип таштап кетебиз? Кааласаң - башың оогон жакка өзүң кете бер, каалаган жайыңдан жумуш таап ал,”- деп жаагын жанат.

Мен андан артык чыдай албадым.

Бир жолу катынымды зорлоп атып, шаардын сыртындагы өзөндүн жанындагы эл аягы баспаган жерге жетелеп бардым. Аны менен кожоюн ортосунда эмне болгонун такып сурай баштадым, бирок ал такыр чындыкты айткысы келбей кекейип туруп алды. Мен койнумдагы бычакты сууруп чыктым да, аны коркуттум: - эгер мойнуңа алсаң - кечиремин! Калп айтсаң - жаныңдан айрыласың, муну билип кой!

Катынымдын жүзү бузулду. Ооба, кожоюн аны мажбурлаптыр жана чындыгында эле алар бир жолу ала жипти атташыптыр, катыным ушундай деди.

- Көп калп айтпа! - мен жаным чыгып кыйкырдым. - Силер бул ишти бир же эки жолудан көп жасагансыңар, - мен аны демиктирип кирдим эле, акыр аягында баарын мойнуна алды.

Анын көкүрөгүнөн  оор үшкүрүк угулду.

- Шондон кийин кожоюнга жанагыдай кылыгы үчүн жектеп кат жаздым. Ал кийинки күнү мени кабинетине чакырды. "Ырас эле биз адепке сыйбаган иштерди кылдык, - деди ал. - Бирок билесиңби, мен сенин кожоюнуңмун, сенин алдыңда кечирим сураймын, сенден суранам: жакшылык менен макулдашалы. Мен андай кылганым менен, сенин болочогуң тууралуу кам көрөм, сага өз жолуңду таап алганга жардамдашам. Ме, муну алып тур, Жапонияга жетип алыш үчүн”, - деди ал жана мага ассигнация менен эки жүз иен берди; менден биротоло кутулуу үчүн жанагы эки жүз иенди берди.

- Демек, сиз акчаны алган турбайсызбы?...Сиз эмнеге алдагы адамга бычагыңызды матырып-матырып албадыңыз?

Ал жер карап телмирди.

- Айтпайсызбы, анан кийин эмне болду?

- Мен бир мертебе Жапонияга бардым да Далянга кайтып келдим. Кожоюн бизди көргүсү да келбеди, атүгүл сыртка да чыкпады.

- Азыр эмне болууда?

- Азыр Токионун четинде кичинекей зер буюмдарды сатчу дүкөнүм бар.

- Аялыңчы?

- Аялым мени менен.

Баарлашуу бир топко токтоп калды.

- Ал мени менен, бирок мунун баары мага өтө оор, өтө оор... Жүрөгүмдө ачуу ыза турат, ага чыдаганга күч жок... Шону мен бүгүн...

Жана күтүүсүздөн жел айдап келгендей пайда болгон береги киши дайынсыз жок болду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз