(сатиралык аңгеме)
1. Кезүүгө кошулганда
Зың-зың-зың! Коңгуроо кагылып жатты. Ар бир зың-зыңы башка кадалып, мээге сайылууда. Тээ окуучулук кездеги темир коңгуроону чиркөөдөгү коңгуроодой кылып чоңойтуп, айыл этегиндеги чоң терекке илип коюшуптур.
Мектептеги коңгуроо экенин таанытканы ичиндеги жипке байланган тил-буроосу болчу. – “Коңгуроо, коңгуроо”, - деп жүрүп эптеп – “ичинде бар чоң буроо”, - деген бир сапты кошуп, андан ары улай албай койгон элем.
Аны жакшы да, жаман да көрчүмүн. Сабак башталды деп кагылса жаман көрчүмүн да, сабак бүттү деп кагылса жакшы көрүп кетчүмүн. Азыр сабак баштап аткандай жек көрүп турдум. Жек көрмөк тургай ар бир зың-зыңынан башты ала качып, кулагымды жаап алапайымды таба албай жаттым. Ушу азыр башым алынчу болсо, үн жетпес туңгуюк таап салып жибермекмин.
Зың-зың-зың!.. Коңгуроо кагылып жатты.
Эч ким какпаса деле, ичиндеги тил буроосу өзүнөн өзү эле мас кишидей тамтаңдап, калдастап эки жакка урунуп-беринип кагылып жатты. Ушинте берсе, темир болсо да айнектей быркыранып кетет ко, өзүн өзү сындыра кагып жүрбөсүн, ал сынса менин башым кошо быркыранат деп коём санаамда.
Өөх... Бул түшүм экен. Зың-зың эткен баш оорум экен. Ал алапайын таппай жумуру башымдан бурч издеп урунуп-беринип жатыптыр.
Бир күрүшкө муздак суу тартып жиберип, жеңиштин урматына түнү бою ичкенибизди эстегеним менен кантип келип кулаганымды эстей албадым. Айыл боюнча арак калбаганы эске түшкөндө ооруган баш ого бетер зыңкылдап кетти. Сыртка жарык кирип, кулактан короз үнү үзүлбөй, ага кошул-ташып бадага барчу уйлар мөөрөп, кадимки айыл таңы атып калган экен. Баш сынып атканы менен бул таң мен үчүн, биздин айылдын эли үчүн өзгөчө таң болчу.
Ошол айыл этегиндеги бадага мал кошчу чоң теректин түбүнө бүт айыл эли чогулуп, бир чоң окуянын күбөсү болмокпуз.
Аны эстээрим менен зыңкыйган ден менен зыңкылдаган башты көтөрүп ошол жакты карай жөнөдүм. Барсам бүт айылдын эли, жаш-карысы, кезүүгө уй кошчусу, кошпочусу дебей чоң терек түбүнө чогулуп калышыптыр. Жетип эле саламдан кийин бийигирээк арык кырына чыга калып “оратор” жаным чогулушту баштап жибердим.
- Жолдоштор! Мына бүгүн дүйнөлүк картада чекиттин жарымынчалык да жер ээлебеген айылыбызда адамзаттык деңгээлдеги тарыхый чоң окуя болгону турат. Бий-болуш тукуму, башкарманын баласы, экс-айыл өкмөтүбүз Жекембайды тактан кулаткан жеңишибиздин акыбети кайта баштады. Өмүр бою куурай башын сындырбаган, үстөл кучактап отурган, бирок жөн отурбай эл мүлкүн жеп атып ханча жашаган “экс-айыл өкмөт” башчыбыз бүгүн уйдун кезүүсүн кайтарып кеткени турат! Тарыхтан уктуңар беле, гезиттен окудуңар беле мындайды? Жок! Бул дагы биздеги демократиянын шарапаты, тайманбай арыз жазган биздин, ага коркпой кол койгон элдин мээнетинин кайткан акыбети.
Жетишет! Чоңдор деле билишсин, кара жумуш эмне экенин, биз да өзүлөрүндөй эле кишилер экенибизди. Эми мен, ой... биз өкмөт болобуз! Аккан арыктан суу ага берип аң болду, анын нугун эми биз өзүбүзгө бурушубуз керек! - деп сөзүмдү бүтүрдүм эле кол чабуулар шатырап, ураалаган үндөр коштоп кетти.
“Катырдым, Ленин Смольныйда да мындай выступать этпесе керек”, - деп ойлоп ой жыйып алгыча кол чабуулар, ураалаган үндөр жакынкы жарга жетип, бери карай жаңырыктагыча, айыл ортосундагы заңгыраган үйдүн чеп короосунун оор дарбазасы жеңил ачылып, өзүнө окшош эки зоот уюн чандайта айдап, Жекембай көрүндү. Эл көргөн көзүнө ишенбегендей дымырай түшүп, аздан соң гүүлдөп жиберди.
- Оо, бадачы чыкты!
- Тарыхта жок бадачы!
- А өкмөтүм, кезүү келди дечи?!
- “Кайсы арыңа жыргайсың, бүгүн уйдун кезүүсү” дечү беле!
- Ха-ха-ха. Элестет, качкан уйду кубалаган Жекеңди!
- Уйлар сага эл эмес. Чоң экениңди, өкмөт экениңди түшүнгөндөй!
- Ат минбейби, жөө уйдун баарын бедеге жарат ко?
- Жарып көрсүн!
Ушул сыяктуу сөздөр бүткүчө Жекембай да жакындап келип калды. Ал канчалык жакындаган сайын сөздөр ошончо бастап, акыры шыбыраша да албай калдык. Ырабочий менен көргүбүз келген Жекең кадимкисиндей кийиниптир: кара костюм шым, ак көйнөк, кара гастук, шляпа, ак туфли.
Мына сага, тарыхта жок бадачы! Бирок чоңдун, интеллигент кийимдин сүрү сүр экен да - эл дымырап туруп берди. Жекемдин өнө боюндагы бир-эки өзгөрүү: жонуна бутун соройтуп бүктөмө үстөл артып, колуна папка ордуна канистрге суу куюп көтөрүп алыптыр. Мен ушуну суу эле деп ойлогом, бирок элдин шыбырынан арак же спирт экенин билдим. Анткени арабызда аракты даамынан, жытынан эле эмес, өңүнөн, ал тургай бөтөлкө чайпалышынан тааныгандар бар болчу.
Бадачы Жекембай менен өкмөт Жекембайды айырмалаган ак канистрдеги арагы бүт баарыбызды арбап алды. Өңгөнү билбейм, менин мээмде баягы коңгуроо кагылып, оозум кургап, бүт ой-сезимди “кантип гана баш жазам?” деген ой-санаа ээлеп алган эле. Аңгыча эл дүрбөп, уйларды бошотуп, Жекембайдын алдына салып беришти.
Жекембай бир да уйга “өш” деп койбой кезүүнү ээрчиди, алгач, арак болсо болду деген беш-алты аракечибиз, андан соң, мурдуна бок сүйкөсө да, колунан нанын жулуп алса да унчукпаган жоош-момундар, кайдыгерлер тобу (аракка келгенде кайдыгер кала алышпай), андан кийин “кеч болуп калды, мурда эмне кылып жүрдүңөр эле, эми жедирер эч нерсебиз калбаганда тактан алабыз дейсиңер”,- деп арызга араң кол коюп бергендер, акырында биз - арыздын авторлору арак азгырыгына чыдай албай “айдашып коёлу” деген шылтоону аялдарга айтып, бада артынан жөнөдүк.
Бир маалда тырп-турп, шырп-шурп эткен шарпа чыкканынан кылчайсак, жоон топ аял көлөчтөрүн сүйрөп артыбызда келатышыптыр. “Калгыла!” деп жаман сөз, жаман көз агыттык эле, сүйрөлүп-сүйрөлүп келип, кыйыла кала беришти. Өзү биртке эле арак болсо, ага да “хвостко” илингилери бар ой. Аңгыча эки жак жол четинен беде аянттар башталды эле, топурап чуркап, качкан уйларды тосмолой, баданы сүрүп жөнөдүк. Жекембай болсо бир короо уйга, бир короо эркекке айгыр салынгандай болуп чайпала басып, бир шашып койбой артта келатат. Беде аянттар аяктап, боз шыбактуу талаа башталганда токтоп, Жекембайга, анын ак канистрине карадык.
Баш оору чегине жеткен эле! Ал бир шашып койбой жонундагы бүктөмө үстөлүн жерге түшүрүп, жазып, бир дөңчөгө коюп олтурду да, төш чөнтөгүнөн гурзовой ыстакан алып чыкты. “Арак береби деги?” деген баш ооруга баш оору кошкон санаа дароо унутулуп, ичибизден “өөх!” дедик. Бүктөмө үстөлүнө канторундагы креслосунан кем чалкалабай, өзүн тегеректей уй мүйүз тарткан бизди үстүртөн бир чолуй карап алып, жакын отурган Жакешке ыстакан менен аракты “Ме, куй!”- деп кармата салды.
Толо-толо куюлган гурзовой элдин аягына жеткенде эле ак канистрдеги арак түбүнө түшүп кетти. Кан менен жеттиби, не менен жетти ким билсин, бул да болсо арактын касиети белем, уюган, шалдыраган дене майланган тетиктей жыпылдап, ийкемдүү боло түштү. Зыңкылдаган оорудан орун бошой түштү белем мээ да иштей баштап, ар кандай ой-суроолор келе баштады. “Ой эмне үчүн ичип жатабыз? Өзү унчукпайт же биз сүйлөгөнгө жарабайбыз, дале өкмөт деп тартынып турабыз да, андан түшпөдү беле”, – деп ойлонгонумча болбой менден озунган да бирөө бар экен сурап калды:
- Жеке, бул аракты неге берип атасың? Чест чево? Же уй кайтарышып коёлубу?
Бул колдураган Жукачан деген кишибиз болчу (Жекичан эмес кокуй). Анын өзү далдагай, оозу-мурду барбагай болгону менен аракка байымы жок эле. Ошондуктан эл: “Ой мунун чандырына эле сыйпап койсоң мас болуп калат, өзү калың болгону менен жука чандыр”, – деп жүрүшүп, анан кыскартып Жукачан атка конгузуп ийишкен. Анан арак таасири ага жетпегенде кимге эрте жетмек эле да, мындай суроону ал бербегенде ким бермек эле?
- Аа, - деди Жекең, көөдөнү көтөрүлө түшүп. – Бул арак томояк болгонумдун урматына! Анан бул менин силерге кошулуп катардагы болгонум үчүн берип аткан присягам.
- Ооба, десең!
- Эң туура!
- Ак сөз, - дешип эл гүүлдөй түштү.
Ой, мен дайыма эле кооз сүйлөйм деп атып, өз тилиме өзүм чалынып, көп жыгылам. Бул жолу да колго тийген аракты жөн эле ичип ийбей тост көтөрүп ийип жүрбөймүнбү:
- Эми, Жекембай, биринчиден, кош келипсиң биздин катарга. Экинчиден, бир айылдан болгон соң өткөн-кеткенди унутушалы. “Кызмат деген колдун кири” деген ушул экен. Сени түшүнүп атабыз... Чыгыш кыйын болсо да, түшүш андан бетер кыйын. Түшүп алып көнүш тозок. Эми... – деп келатканымда Жекең тилден чап кармабаспы:
- Ой, сен мага көңүл айтып атасыңбы? Өз арагым менен өзүмөбү? Көңүл айтсаң өз арагыңды апкелип айтпайсыңбы!
Анын сөзү чала кызуу көпчүлүккө тимеле жага бербей калгандыктан дуулдап сүрөп, тооруп жиберишти. Тилиме чалынып жыгылып баратып, бир шылтоону кармандым:
- Жеке, Жеке, азырынча акча жок эле. Анын үстүнө айыл боюнча да арак калган эмес.
- Жазыласыңбы көк дептерге, кийин берип коёсуң?
- А, карызгабы? Жазылайын, жазылайын.
- Канчага?
- Бирге.
- Экиге жазыл! Качан бересиң?
- Балдардын акчасын берет деп атпайбы, ошондо.
- Эки арак бүрксө да жетпейт ушунчабызга! – деген сыяктуу үндөр угулду.
- Дагы кимдер жазылат, кана? – деп Жекең уручкесин чочойтуп, кагазын мээледи. Жекең бекер арак берип аткансып Жукачан баштап жазылып киришти.
- Мынча болду, баарыңар бирден жазылгыла, - Жекең бош канистрди дептердин алдына коюп, тизме түзүп жиберди да, туш-тушуна “төлөп берем” дедиртип кол койдуруп алды.
- Бүттү, - деди Жекең ордунан туруп атып. - Колго түштүңөр! Үй-бүлөлүк бюджеттен жеп-ичкениңер үчүн жооп бересиңер, болгондо да балдардын пособиясынан. Көрдүңөрбү, мени бекер эле эл жегич дейсиңер. А өзүңөр колуңар жетпегенинен араң жүрөсүңөр. Үй-бүлөнүн отуз сомун жеген менен колхоздун отуз миң долларын жеген бирдей эле жооп берет Кудайга. Так что, силер менден ак, таза эмессиңер. Азыр мен үйгө барып, машинени айдап, районго аракка барып келем. Ага чейин бириңер да кетпей, бир да уйду качырбай кайтарасыңар, бирөөңөр эле кетчү болсоңор бүттү, баарыңарга арак жок! Көк дептерге кол коюп бердиңер. Арак ичсеңер дагы, ичпесеңер дагы акчаны почтодон карматып алам.
- Жеке, Жеке, ырайонго барып келгениңче кеч кирбейби! - чыйпылдап жибердик баарыбыз.
- Ага чейин алдыга курсагыңардагыны сиңирип тургула. Аракты сиңирип ичсе макирөө болбойт. Айтмакчы, сиңирүү тууралуу айта кетейинби? Уйлар ээ, көк бедеге жарыларын билишпей көп жеп жарылышат. Силер, аракка киресиңер, мас болорду билип туруп мас болосуңар, демек жарыласыңар. Уйлар менен айырмаңар эле жарыларды билип билбегениңерде.
Эми өзүмө келсем: бүт колхозду жалгыз жедим, анан дыйкан чарбаларды жедим, жарылган жокмун. Анткени мен жегенимди сиңирип аттым. Акыры уттум. Так что, сиңирип тургула. Сиңиргенди үйрөнүп тургула, - деп балпая басып, шашпай кете берди. “Чала өлүк” болуп биз калдык бада четинде, түшүнүп-түшүнбөй, мээлерге “беде, уй, арак, биз, ал, сиңирүү” деген сөздөр аш болбой.
- Ээ, урдум арагын! Баш деги жазылды, эми ичпей эле койдук! – деп бир маалда эки-үчөөбүз жөнөп калдык. Жукачан баш болгон беш-алты аракечибиз:
- Силер үчүн биз арактан куру калалыбы? – деп алдыбызды тороп тура калышты.
Отуруп калдык.
Түш болбой күн ысып, бир бада уйга сайгак тийип, бир короо киши араң токтоттук. Ич курулдап, ичкен арак тарап баратты.
Башта коңгуроо кагыла баштады. Зың-зың-зың...
- Өөх-иий! Өш ээй!
2. Мас санак
Түш оой уйлар тегиз жуушады. Мындайыраак биз да жуушадык. Тээ айылдан аркы түшө бериш кыяны баарыбыз теше тиктеп турган окшойбуз, бир кезде ак машине “жарк” этип көрүнгөндө бир ооздон:
- Тигине!
- Чыкты!
- Келатат! – деп, чыкпай аткан күнүбүз чыга калгансып кыйкырып ийдик. Ошол бойдон уйлар каралбай, аңдыганыбыз айылдын чыга бериши болуп калды.
Ак “Волга” бир далайда чыкты, ал алгач жай келаткан. Орто жолдон капыстан эле ордунан атырылып жөнөдү. Кайран Жекебиз шаңдуу келатат деп биз да шаңданып машиненин “пап-пап-пап” деген үнүнө “паа-пап-пап, па-па-па” деген, сыйлаганда ойнолчу музыканын оозубуз менен ойноп, буту-колубуз менен кошула бийлеп тосуп алдык. Бирок Жекебиз машине токтоп-токтой электе эле, каарын төгүп, катуу кыйкырып, сөгүнүп кирбеспи:
- Топтошкон гана томояктар, бекерпоздор, уйларды жардыңар! Эмнени карап атасыңар? Төлөтөм, төлөтөм! –деп. Чочуп кеткен биз кубаныч-санаа аралаш түшүнүп-түшүнө бербей уйларды айлана чуркадык.
- Эй, эмне көрбөй атасыңарбы тетигини?! – деп Жекем кол жаңсаганда гана карасам, мындан ат чабым алыста, кашардын жанындагы көк бедеде, кайран гана кара кунаажыным ак куйругун булгала-ап, булгала-ап жайбаракат оттоп жүрөт! Оо Куда-ай, жанында Жекемдин эки зоот ую! Менин жүрөгүм болк этип, өзүм ордуман атып жөнөдүм.
- Сенин кунажының баштап кетти, төлөтөм сага, төлөтөм! - деген Жекемдин үнү арттан кууп жетти.
Көрсө биз айыл этегин акыя карап отурганда баштаактыгы малда жок ак куйрук кунажыным эки зоотту ээрчите жылт койгон экен. Ошентип, күйүнүп-күйүгүп чуркап баратам, жөн жүгүрбөй сүйлөөк жаным сүйлөнүп баратам:
- Оо өлөт алгыр! Баштаактыгыбыздын айынан экөөбүз тең арам өлөбүз го, кишинин баштаактыгы жакшыраак, малдын баштаактыгы жаман, өлөт алган өлөт! – дей берип, “өлөтүм” тескерисинен “төлө” болуп, болгондо дагы Жекемдин “төлө” деген үнү болуп угулуп, андан денем дүр этип, коңгуроону кармап алып чуркагандагыдай башым баш аламан зыңылдап, күшүлдөй чуркап баратканымда, жаныман кишилерди тыгып алган Жекемдин машинеси зуу коюп өтүп кетти. Күшүлдөй чуркап, кашардын короосуна кирсем, Жекемдин ичтери дандая көпкөн эки уюна эки-үчтөн бөлүнүшө, шише-шише арактарды берип атышат. Аларды шаштырып Жекем жүрөт. Биякта баш сынып атса... Кайран гана бөтөштөр!
- Эй эмне кылып атасыңар?! – деп кыйкырып ийипмин.
- Эмне кылганды эмне кыласың, акмак?! Эмнени сен кунаажының экөөң кылбадыңарбы! – Итирейбей жардам бер, - деди Жекем туурадан сөзү менен, акшырайган көзү менен качырып. Жарылбай жамыран калсын, ичпей имирен калсын, окшуп, ичпей атышып, жети-сегиз арактын теңин төгүп салышты.
Кайра-ан гана бөтөштөр!
А менин кунаажыным курсагы дандайып, көзү аңтарылып, оор онтоп короо бурчунда турат. Мал деген кыйын эмеспи, боор этим болкулдап, жетип барсам, бери жактан Жекем:
- Ээй, ме! Жанагы жазылган эки арагыңды жуткуруп жибер өлө элегинде, - деди.
Акыя кечке күткөн кайран гана арактарым аай... Буйрулбаса ушул экен да, чиркин. А, кайран ак куйругум, алып калар дарысын билдиби же аракка идиректүүбү, оозуна култ-култ эте куюлган арактын бир тамчысын да калтырбай жутуп салды. Мунусу Жекеме жага бербей калды:
- Тикини, тикини! Мал ээсин тартпаса арам өлөт, - деди ал бир ачылыш жасап жибергенсип. Мен акыркы арактын теңин баш жазганга алып калмак болдум эле. Жекем жекирип ийди:
- Бер эй, бер, өз карабашыл малыңан да шабашка тапкың барбы?
Бирок ичерин ичкен ак куйрук баягысындай эле кейипте тура берди.
- Өлөт алгыр, жөн өлбөй эки бөтөштү кошо ала жатканы калдың! – деп түтөп кеттим мен.
Ошентип турганда баданы бадырата сүрүп, тигилер да жетип келишти. Тоголонгон бөтөштөрдү бизди ичти дешсе керек жаман ойлорунда, опурулуп бир тийип катуу демитишти:
- Аракты калтырбапсыңар го, алкаштар!
Бул түрлөрүнө караганда Жекем болбосо бизди тебелеп кетишмек окшойт.
– Өөй, аракты жарылбачу алкаштар ичкен жок, жарылчу алкаштар ичти! – деди ал үнүн көтөрө уйларды кол жаңсай көргөзүп.
Жекемдин көтөрүңкү үнү үстүлөрүн түшүп басып калгансып, алар бизди бир, уйларды бир карап туруп беришти.
Жекем баягы бүктөмө үстөлүн жазып чалкалай отурду да:
- Ар бир эки кишиге бирден арак алып кел, - деп машиненин ачкычын мага ыргытты.
Машиненин артын ачсам толтура арак, ак канистир толтура спирт.
- Оо! - деп көңүлүбүз жайланды, ошого удаа ар экөөбүзгө бир арак, бир гурзовой тийгенде кык үстүнө кыңая бүт өмүр майрамга айланды. Ар кай жерде жуп-жуп боло, бирөө колго стакан, бирөө бөтөш ала жекеге чыккандай “карс” кагыштыра күжүлдөп атышат. Атышат дегеним, Жекембай мени өзүнө жуп кылып кошуп алган. Жуп келишкенибиз менен, бири-бирибиз менен арак кагыштыра жекеме-жеке ичише келгенде куп келише албадык. Бир куюмдан алганда эле ал:
- Болду жетет! Экөөбүз бүгүн көп жумуш кылышыбыз керек. Мен жаңы иш ачмай болдум. Сен мага бизнес-план түзгөнгө жардам бересиң, – деп көк дептери менен ручкесин мага карматты. Мен ага түшүнбөй карадым эле, дагы минтип кошумчалады: - Сен булар менен далай ичишкенсиң, билесиң. Азыркы милдетиң; кимдин канча убакта, канча аракка, кандай мас болорун кагазга түшүрөсүң, бул кийинки бизнесиме кереги тиет.
Мен дале түшүнө бербедим, бирок Жекемден кайталап сурай алган жокмун.
Күжүлдөгөн көпчүлүк мелдешкендей бат эле бөтөлкөлөрдү тоголотушту да, Жекем менен эсептешкенге батынышты:
- Жеке бирден жазылдык эле...
- Ээй, жана эртең менен кетип атканда бир эле уйду качырасыңар арак жок дебедим беле, бирок ал сөзүмдү бузуп тең аракты бердимби, бердим. Он чактысын уйлар ичти, калганы штрафка кетти. Анда тигилер:
- Жеке, - дешти жалооруп. – Чала өлүк таштаба...
- Жолдоштор, - деп олуттуу баштады сөзүн анда Жекем. – Мени болсо ишсиз калтырдыңар. Эми жан баккыдай жумуш иштеш керек. Ошондуктан, айлыбызга арак точка болоюн деп атам бүгүндөн баштап. Ишим жүрүшүп кетсин, жакшы клиент болуп бергиле эми. Менин силерге каралашканым, каалаган убагыңарда барып көк дептерге каалашыңарча жазыла бергиле. Кийин пенсия, пособиядан кармап алам же буудай-суудай, мал-сал менен кутулсаңар болот. Азыр бизнесиме бата тилеп, дагы беш бөтөштү бекер берем!
Эл дуу дей түштү:
- Жаша, Жеке жаша!
- Ишиңе ак жол!
- Ыракмат Жеке!
Мен беш бөтөштү ортого коюп бөлүштүргөнүмчө уйдун “мөө-мөө” деп өкүргөнү көңүлүбүздү бурду. Карасам, кайран гана ак куйругумдун өлөр кейпи көрүнбөйт; ак куйругун чамгарактата шыйпаңдаса көчүгүндөгү шатырагы туш тарапка чачылып жүрөт, көзү кызарып чыккан, мурду дердейген, оозунан ак көбүгү куюлуп, жер чапчыгылап, кез келген уй менен сүзүшүп жүрөт. Кунажынымдын, жок, арактын күчүн көр, ак куйрук бардык уйларды качырды да, Жекемдин зоот уйларына такалды. Бирөөсү баягы эле кейпинде курсагы дардайган бойдон арактын таасири билинбей, өлөөрүнө көздөнгөнсүп кыймылсыз. Экинчиси жанданып өзүнө келип калыптыр. Ошонусун кайраным түтүндөй эле түз качырганда “карс” этип мүйүздөр кагылыша, экөө бири-бирине ары-бери сүргүлөштү. Тигил чоңдугуна салып баратканда кайбарым зооттун ороктой мүйүзүнөн кылт эте чыга качты да, капталга ургулап келип чаткаягын кийе калды. Зоот чыдабай кетип оор онтоп, катуу мөөрөп жиберди.
Ошондо Жекем арданып кетип:
- Жарабайт! Уй урушта чатка кирген болбойт! - кыйкырып жиберди. Кошоматчылар ай! Кошоматчылардын бирөөсү судьяча “чурр” эттире ышкырып, эки-үчөөсү чуркап жетип, кунажынымды тепкилеп ийишти. Бирок ак куйрук тайбастан, кайра күчөндү, зооттун чатынан суурула калып, тигилерге тап берди эле, дыркырап биздин арабызга кире качышты.
Көзүң жамандыкты көрбөсүн, ак куйрук кутуруп кеткенсиди: астыңкы эки буту менен жер чапчылап, өңгүрөй өкүрүп башын чулгуса, эки кулагы шалпылдабай эле кош мүйүзү бири-бирине кайралып, курчуп аткансыды. “Тфу, өлөт алгыр, ичкенде мен деле чыр чыгарчу эмес элем, бул кимди тарткан, даана арам өлгөнү калыптыр”, – деп түңүлдүм. Ак куйрук ошентип жакындап келатты, биз эмне кыларды билбей калтырап туруп бердик. Бир кезде баарылап мени түрткүлөп:
- Карма уюңду, карма! – деп талап кылышпаспы башка арга таппай калышкансып. Жүрөгүм болк этип “өлдүм!” дедим ичимден. Бирок... Өөх иий... Кайран гана Жукачан!
Жок, кайран гана арак Жукачанды эбак баатыр кылып жибериптир! Ал бизден он чакты кадам алга бөлүнүп чыгып үстүндөгү көйнөгүн чечип, эки колдоп жая тосту да:
- Кана, кана качыр, – деп өктөм үн чыгарды. Ушуну эле күтүп тургансып ак куйрук тик качырды.
- Өлдү, - деп кыйкырып оозду жыйып алганыбызча ак куйруктун башы Жукачандын оң жагынан көйнөктү өйдө серпип ие түшүп көрүндү. Ак куйрук күүсү менен келип, бизге жетип-жетпей артка бурулду. Экөө бири-бирин тооруша карап калышты. Ошондо биз теледен көргөн испандардын оюну мында келе калганын аңдадык да, ушундай бир кумар менен күрү-гүү түшүп коштоп жибердик:
- Жукачан, жайла!
- Жука, сок!
- Маңканы өлтүр! – деп.
Мен да эл катары ушинтип кыйкырып аттым эле, бир кезде боорум болк дей түшүп:
– Ак куйрук алданба! Ак куйрук сүз! - кандайча кыйкырып жибергенимди билбейм.
Ушуну эле күтүп тургансып ак куйрук мурункусунан да катуу качырды. Көйнөгүн алдына кармап түз турган Жукачан ак куйрук сүзө бергенде көйнөктү ошол бойдон калтыра, өзү бир кадам мындай боло берди. Абаны сүзгөн ак куйрук ошо күүсү менен уйларды аралап кирип кетти. Бул кошоматчыларга жага бербей калды:
- Ураа, ураа!
- Маладес Жука,- деп кыйкырышты.
- Оо, Жукачан, кептин баары сенде жаткан турбайбы, кеп эмес сенде чоң талант көмүлүп жатыптыр. Эй, сени бар эмеспи, Испанияга алпарам. Сен спортсменим, мен тренериң болом. Машыкканга арак кара жерге кирсин... Анан экөөбүз миллионер болобуз, - деп Жекембай Жукачанга кучак жайып баратат. Бирок экөөнү бири-бирине жеткирбей, ак куйруктун мөөрөгөнү кайра угулду. Бул жолу ал мурункусундай көп чамынбай жайыраак чыкты, Жукачанды тоорула карады. Мен: “Өлөт алгыр, жинкиниң соолуп, арагың тараган экен, эми арам өлдүң”, - деп шылкыйдым.
Бирок бул жолу ак куйруктун башы Жукачандын үч кошконунан көрүнүп, бүткүл моюн-омуртка, арка-кабырга, сөөгү чыккан соорусу менен алаасын аралап чыга калды. Жукачан бир сорок эте өйдө көтөрүлүп, кайра зор денеси талп эте опурулган кыкка узунунан түштү.
- Өлтүрдү! - деп баарыбыз бир ооздон кыйкырып обдула бердик, бирок эч кимибиз Жукачанга бара албадык. Анткени ак куйрук алдыбызды тороп, – “Кана дагы кимиң чыгасың?” - дегенсип баш чулгуп, баягы сүрдүү кебетесин кие калган эле.
- Өш эй, өөш! - деп баарыбыз калтырадык. Мөөрөйү үстөм болгон тиги кутургандай качырып кирип келди.
Биз дыркырап качтык. Бирок кайран гана беш бөтөш кайдан качсын, бири сороюп, бири тоголонуп ак куйруктун жолунда кала бериптир, ал алардын арак экенин кайдан билсин, курч туяктары менен талкалачудай болуп калды. Ошондо баарыбыз бир кишидей болуп качырып барып ак куйрукту басып калып, төрт бутунан сүйрөп барып зым карагайга байлап салдык. Аңгыча талтаңдай жулунуп:
- Өлтүрөм!- деп Жукачан келди. Ал өлтүрсө Жекембайдан башка эч ким токтото алмак эмес, ушуну сезген ал:
- Ээй токто! Жеңилүүнү эркек катары моюнга ал. Айбан малга теңелбе!..
Жолдоштор, - деди анан Жукачан жоошуй түшкөндө баарыбызга кайрыла. – Мындан кийин менин кезүүм келген күн биздин айыл үчүн календар кызыл. Бул майрамда уй уруш жана Жукачан менен ак куйруктун кармашы болот. Арак байгеси менден. Башкалар да өзү же уюн катыштыргысы келсе жол ачык. Эми бүгүнкү кармашта ак куйрук жеңди. Байгеси 2 бөтөш, ал ак куйруктун ээсине берилет.
Капыс сыйлык менен сыймыктан көөдөнүм көтөрүлүп эле калды көкөлөп. Ошентип көп бөтөш жерде тоголонуп жатканы менен арагы ичибизде ойноп, кийинки арактарды чакырды. Көк дептерге бекерден бетер жазылып киришип, барак-баракты чакырды. Эл дуулдап, жыргап-куунап жатты. Көк дептер менен бүт аракты кармап отурсам да мага кыйын болду.
- Ичпейсиң, - деп тыйып койду Жекем. Ошентип мас болгон элге байкоо салып Жекемдин бизнес проектисин жазып атабыз. Оо, кокуй күн, жазуунун бул жанры арыз жазуу жанрынан алда канча оор, татаал, эки эсе көп чыгармачылыкты талап кылат экен, ал тургай далай кагаздарды жеген Жекемдин да башы катты. Тизмеге баягы эле Жукачан биринчи түштү. Эсептесек 200 грамм таза арак, 200 грамм самапалга эле кете бериптир бир жарым саатта.
Оо, чиркин адамды сынасаң бийлик берип сына деп ата-бабалар жаңылып калышыптыр, жок жаңылышпаптыр, эгер алардын убагында арак болсо “адамды сынагың келсе арак берип сына” деп ташка чегип кетишмек экен.
Мына, Жукачанга куйрук улаш кечке кезерип отуруп жеткен арагынын убайын, жыргалын көрбөй, баш ооруга, баш жазуу санаасына карай Жакеш отурган ордунда эле кете берди, эсил.
Ал көк дептерге 200 грамм таза арак, 300 грамм самапал, 1 саат 45 мүнөт болуп түштү. Ушинтип тизме уланып баратты. Оо, кудай, мастын деги канча түрү бар? Канча адам болсо ошончо түрү болот окшойт. Бул проектини жазып атып башым бүгүн биринчи жолу арак эмес өз табигый оорусу менен зыңылдап, коңгуроосун кагып алды. Мына, Лактыке жүрөт кадимки чапчаңдыгында буту-колу соо, башы гана мастай, көзү жарым аңтарылып тили булдуруктап калган.
А Чороштун буттары тамтаңдап, колдору салактап кеткени менен, көзү жайнап, тили сайрап мас болбогон сыяктуу.
Оой, тиги дайыма кабагына кар жаап жүрчү Таку ырдап атат да! Шайыр Тойматка эмне болгон, шолоктоп ыйлап атат, кокуй! Билгенден биле элегиң көп деген чын, айылдаштарымдын кимисинин кандай мас болорун алар менен далай ичишип жүрүп билбептирмин, көрсө, алардан мурун, же чогуу мас болуп калчу турбаймынбы. Карап туруп, өмүрүмдө окумуштуу болом деп ойлобогон жаным “мастардын түрлөрү” деген диссертация жазгым келип кетти. Акыры чыканактан кичине Чыкеш менен тизме аяктады. Өөх, - деп жан жай алгыча, баш зыңылдап кетти. Жекемдин машине жакка кеткенинен пайдаланып бирди бастырып алдым, алсам эле “кете берди” деп тизмеге жазылган Чыкешиме жан кирбеспи:
– Ээй, кызматыңан кыянатчылык менен пайданалба, - деп. - Ой нең, мастын ушундайы да болобу? Тигинде далдайган Жукачан соолукканы калды, бу жерде чыканактай неме мас болбой атат, - деп катуу таң калдым.
- Чыке, айта көрбө, - жүз грамм бере калдым эле, ал тырп этме ичкендей кете берди.
- Өөх, - деп мен маңдай терди сүртө бергенимче болбой, уйлар дүрбөп калышыптыр. Баягы өлөйүн деп турган Жекемдин соот уюна арак эми жеткен окшойт, бүт бадага бука болуп алып, короо ичинде ары-бери сүрүп жүрөт. Жадагалса, эмеле мага арак утуп берген ак куйругум дагы үзгөн жибин сүйрөп дыркырап качып барат.
- Мына сага! Жекемдин бул уюн кайсыл мастардын түрүнө киргизсем? - деп сүйлөнгөнүмчө болбой, ал короонун ансыз да кулайын деп турган дубалына катуу секиргенде чоң курсагы менен бир тийип, дубал “дүп” этип кулап түштү. Артынан ачыгып турган бүт бада тыгылышып-сыгылышып чыгып, тигинде эле жайкалып өсүп турган көк бедеге, жок, тишин арсайтып турган көк бөрүгө жапырт чабуул коюп киришти.
- Өлдүк, - дедик тең жарыша, Жекем экөөбүз. Эмне кылар айлабызды билбей кайсалактап калдык.
- Оо, эл-журт тургула уйлар жарылганы калды, - деп кыйкырып коём акыркы үмүт менен. Анда жаңы эле кете берген Чыкеш:
- Эмне уйларга бомба коюп кетишиптирби? - дебеспи булдуруктап. Жекем экөөбүз өзүбүздөн башкадан жардам күтпөй, уйларды карай жүгүрдүк. Бирок уйлар бизге тостурушпады, биягын тоссок тиягы, эки четин тоссок ортосу кирди. Ошондо Жекем машинеси менен жардам алып келгени айылга чапты.
Мен болсо ал кетери менен бир колго ыстакан, бир колго Жекеден согуп калган бөтөштү гранатадай кармап, согуш кинодогу танкка каршы чыккан жоокердей уйларга карай чуркадым. Балээнин тостурушканыбы, балээнин тоготушканыбы, мен да аларга өчөшүп улам арактан сого бердим. Уйлар көк бедени бурдай беришти, бурдай беришти, ичтери уламдан-улам чоңоюп баратты, же Жекемден дайын жок, же уйлардын чыгайын деген ойлору жок. – Өлдүм, - дедим акырында, – мындан көрө өлүп калбай, жок дегенде мас болуп калбай, – деп Кудайга да жалынып ийдим. Кайсыл каалоом орундалганын билбейм, бир кезде денем кандайдыр бир жеңилдикке, жыргалга курчалып, каяккадыр учуп, кайдадыр жоголуп бараткансыдым.
Эстеби же түштөбү билбейм, кап-караңгы талаада туруптурмун. Маңдайымда көө көчүктүү кара казан көмкөрүлүп жатыптыр.
- Ии, тозокко түшкөн экенмин, бул көмкөрүлгөн тозоктун кадимки казаны тура, мен мас болуп алып, жазалоочу периштелер эс алып атканда келип калган турбаймынбы, - деп казанга жакындасам, ал казанга окшошпой, дөмпөйө үйүлгөн топуракка окшошту. Эки жагымды карасам, андай үймөктөрдөн көбү турат айланамда. - Ии, көрүстөндө жүргөн экенмин, - деп аралай бассам, бирөөсү жүрөгүмө эмнегедир жакын сезилди.
Ошондо арбак болуп, өз мүрзөмө келип турганымды билип, кучактай жыгылып эчкирген ый арасында сыйпаласам, мүрзөм түктүүдөй.
- Оо төшү түктүү кара жер, мени кечир соомдо келе албадым, - деп дагы катуурак кучактап, шолоктосом, колума бир нерсе урунду, алып карасам уйдун ак куйругу. Муну каяктан көргөнүмдү эстей албадым, дагы бир тааныш зың-зың эткен үнгө аралаш аялымдын:
– Ушундан көрө өлсөңчү! - деген кошогу, жок, кыйкырыгы угулду.
- Оо, мен тирүү турбаймынбы, оо улуу тирүүлүк! - деп кубанганымча болбой зың-зың-зың этип коңгуроо үстөкө-босток кагылып кетти. Сабак башталган эле...
3. Шамшаракат күндөр
Биздин айылдын турмушу уйлар жарылбай өлбөй эле бомба жарылгандай башаламан болду да калды. Өңгүрөгөн музоо үндүү таңдар атып, ойгонуулар бадага кошчу уйлар жогунан үч саатка кечеңдеди. Эртең менен аялдардын көр жемеси карандай чайдын үшкүрүгүнө кошул-ташыл үстөм угулса, кечтерде уй этин ысылык кылып арак ичкен эркектердин үнү жай чилдеде согум союп койгонсуп, көтөрүңкү угулуп атты. Жайкы ысык уй эттерин жыттантып, курттатып, колдон талашып киргенде эт-нанды, шорпо-чайды дасторкондон сүрө баштады. Айт майрамындагыдай этти кыдырышып эле жеп калдык. Мындайда араксыз болчубу, устукан эмес, ыстыкандар эсептелип, баркталды.
Ушуга ылайык Жекемдин арак бизнеси катуу жүрүп кетти. А бизди айтпай эле кой! Балдар менен чалдардын акчаларын Жекенин көк дептерине которуп берип, эми айла кеткенде колго илинер буюм-тайым, буудай-суудай, тоок-үндүктөрдү алмашып кирдик. Антпесек араксыз эттин көркү чыкпай калбайбы! Эт аяктап калган кезде “акча таратылат экен” деген сөз айлыбызга келип жетти. Ушул сөз чындык чыгып Жекембай таң атпай почтого чакыртып ийиптир. Кийинчерек Жеке десе аракты элестетип калган жаным үмүт эте дикилдей жетип бардым. Жекем жоон топ эркектин арасында бакылдап көк дептерин окуп атыптыр. Окуп бүтүп:
- Кыңкылдабай туруп, катындарыңды ээрчитип келип кол койдуруп бергиле, – деп катуу эскертти да, ичкери кирип, кассирдин жанынан орун алды.
Мына сага! Эки оттун ортосунда калат деген ушул экен деп айлабыз алты кетти. Акыры “акча алсын деп атат”- дедиртип, бала-чакалардан айыл аралата чуркаттык. Бирок акча берилет экен десе эки күн мурун кезекке турчу аялдардан дайын жок, айылыбыздын аңгыраган бош көчөсүнөн бири да көрүнбөдү. Көп күткөндү сүйбөгөн Жекем бир кезде опурулуп чыга калды:
- Эй, кана катындарыңар, не турасыңар, не турасыңар солдоюп, апкелбейсиңерби?! Он беш мүнөт күтөм, келишпесе баары үчүн өзүм кол коюп алып коём акчаны керек болсо, ур-рганым да жок, - деп демиткенде биз эч жооп бере албай, не кыларды билбей, эки жакка кайсаладык. Бирок буга жооп башка жактан, айылдын тетиги башынан, аялдын айкырыгы менен берилгенсиди. Бул үн кулагыбызга шак эткенде, шарт эле ким экенин түшүнүп бир ооздон:
– Апамана, Апамана!.. - деп элейе калдык.
Апамана дегенибиз ажаандыгы боюнча айылдагы бир да аялды алдына салбаган, керек болсо эркектердин да катыгын берип койчу дамбырдай болгон катын эле. Ошонусунан улам айыл атаманы аталып, кийин кайсы бир тапан “Атаман деген аялга анча жарашпайт экен” - деп женский род кылып, - Апамана деп которгондо, элге жага бербей калган.
Ал эки айдан бери шаарда болчу мына бүгүн кандайча пайда болгонун, бери жактагы биз эмес, азыр эле аялынын үнүн укканда арабыздан “фыр” койгон карачечекей күйөөсү Чыкеш да түшүнбөй калды. Эмне болсо да айкырыкты салып, көчө жаңыртып, түз эле бизди карай келатат. Ал айкырган сайын, алкынган сайын үй-үйлөрдөн аялдар, чал-кемпир, балдар чыгып кошулуп, бат эле көчө элге толуп кетти.
-Мына сага Апамана!
Мына сага эл-сел!
Жоон топ эркек кетенчиктей түшүп, почтого көчүк такап, калтырап туруп калдык. Апамана көптөн бери буулугуп жүрсө керек, кирген буурадай булкунуп, агытылган аңгидей алкынып, элди баштап келатат.
- Өлүк-тиригиңди көрөйүн. Карылардын карчарбасынан айланган алкаштар, балдардын ырыскысын ичкен ичкичтер, намысы жок эркек сөрөйлөр, тебетейчен катындар, бекерпоздор, жан бактылар! Мен силергеби, көргөзөм, мен силердиби, ычкырыңарга муунтам, жиниңерди кагып, жипкиниңерди соолтом, желиңерди чыгарам! - деген сыяктуу сөздөр менен кошо оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып келатат. Артында андан кем калбай дүүлүккөн эл, апаманадан аша айкырган аялдар, чуру-чуу түшүп, көчө чаңын буртулдата кечип чуркаган балдар, эң артта куйруктай сүйрөлгөн кемпир-чалдар. Алардын сүрүнө чыдай албай почтого кире качтык эле аяктан Жекемдин каарына кабылдык.
- Эй, катындарыңарды тыйбайсыңарбы? Эркексиңерби? Кайра мага корголойсуңар да, эй! Ичкенде кыйынсыңар, бере келгенде байкушсуңар. Мен силерден бары бир өндүрүп алам, баччагарлар! – деп айлабыз кетип турган бизге кол шилтеп, почтонун каалгасын шарт ачып, эшик менен бир болуп тура калды. Сырттагы күрү-гүү бастай түшүп барып, кайра күчөп, анын арасынан Апамананын үнү айырмаланды:
- Оо, өлүк-тиригиңди көрөйүн чандайган гана эл жегич! Сенин айыңан эркектер алкаш болду, сенин кесепетиңен уйларыбыз жарылды, акчабыздан айрылдык. Акчабыздан айлан, бербейбиз! – деп айкырды эле, бала-чака жаш-карыдан бери:
– Бербейбиз, бербейбиз! - деп жаңырык сыяктуу кайталап, коштоп-сүрөп кетишти.
Бул күрү-гүү бастай түшкөндө:
- Ээ-өөй, - деди Жекем кадимки үнү менен. – Мени билесиңер да! Баары бир өндүрүп алаарымды. Төлөп берем деп баары буга кол коюп беришкен. Так что, соттошсом да өндүрүп алам!
Эл аргасы түгөнгөндөй бир азга дымырай калды эле, кайран Апамананын үнү кайра чаңкылдап:
- Биз да закүн билебиз! Карчарба кемпир-чалдардыкы. Пособия – балдардыкы. Эркектерден өндүрүп ала бер акчаңды, биздикине тийишпей, - деди. Бул жүйөлүү сөз эле, эл дуу дей түштү.
- Эркектерден ала бер!
- Биз бербейбиз!
- Ак сөз!
- Туура, - дешип акырында: - Ура-а, ураа!.. - деп дүңгүрөтүп ийишти. Жекембай ак да, көк да дебей кекирейе басып элди жарып өтүп, үйүн карай жөнөдү. Бул жеңилүүнү моюнга алуу эле. Кудуңдаган эл акчага кезекке туруп калганда, кассир акча салынган сейфтин ачкычын таппай калды. Көрсө, аны Жекем кымтый кеткен экен. Мына сага! Жээликкен демдер сууп, почто жанында турсак, Жекем ак “Волгасын” папылдаткан бойдон жаныбыздан өтүп, районго кетчү жолго түшүп, чымын-куюн боло көздөн кайым болду. Ошол бойдон Жекембай эки-үч күндө араң келди. Келери менен сейфтин ачкычын кайтарып берди. Эл жыргап акчасын алды.
Жекемдин бул кылыгы жыландын башын кылтыйтып турганын баарыбыз билдик, бирок ал кандай балээ экенин боолголой да албадык. Күткөндөй эле кызыктар эртеси башталды.
Райондон эки-үч кишини баштап аким келип, чогулуш жасап, айыл өкмөт башчысын дайындоо боюнча шашылыш шайлоо болорун жарыялады. Ошол чогулушта эле айыл өкмөттүгүнө үч киши талапкерлигин койду.
Биринчиси далай жерде өкмөт болуп иштеген, аким ала келген Өтөмкул деген экен. Ал:
- Жыргатам, куунатам, болбогонду болтурам, жетпегенге жеткирем, - деген шайлоонун дүжүр сөздөрү менен узакка кооз сүйлөдү эле, элдин ой-кыялында андай жыргалдар жоктон бетер ормоё тиктеп, кайдыгер кабыл алышты. Экинчи талапкерди аялдар сунуштады. Ал Жекембайды жеңгенинен бери ишенимге кире түшкөн, айыл саясатын семичкедей чаккан Апамана болчу. Апамана кадимки эле таңатпай кулак-мээни жеген аялдарыбыздын «ичпесең боло, иштесең боло, тигил жок, бул жок, уйду өлтүрдүң, балакет ичсеңчи», - деген наалып-напчуусу менен баштап:
- Эгер мени өкмөт кылып шайлачу болсоңор арак деген болбойт, аракеч, бекерпоз эркекти көрө албайсыңар! - деп убадасын бере келип, артын ураан менен бүтүрдү! Жоголсун арак, жоголсун аракеч эркек, арак саткандарга банкроттук, бүткүл бийлик аялдарга! - деп биздин айылда арактан башка маселе калбагансып сүйлөдү эле, аялдар күрү-гүү түшө коштоп-сүрөп кетишти. Үчүнчү талапкерликке Жекембай өзүн-өзү көргөзүптүр.
Бул күтүүсүз болгондуктан, эл арасын күңкүл нааразылык менен күлкү каптап өттү:
- Ха-ха-ха! Ушул эл жегичти ким шайласын!
- Өзүнүн ордуна кайра өзү шайланабы?
- Муну арыз жазып атып эптеп түшүрбөдүк беле!
Буга аким так кесе жооп берди:
- Демократиялык шайлоодо ким талапкерлигин койсо, кабыл алынат!
Жекембай кыска сүйлөдү:
- Мени шайласаңар, - деди ал, тоголоктой кармаган көк дептерин өйдө көтөрө: - Биздин айылда баш оору деген болбойт. Көк дептердеги көп кептер чийилет, - деди эле көңүл-көйгөйүбүздү тапкан Жекемди бүт эркектер шатырата кол чаап, дуулдата коштоп кеттик.
Буга түшүнбөгөн аким баш болгон биздин айылдык эместер Жекемди бир, элди бир карап: «Не деген жакшы убада берип ийди?» - деген ойдо ийин куушуруп тим болушту. Ошону менен биздин айылга той түштү да калды. Өтөмкул арагын агызды, аялдардын көңүлүнөн чай-чамегин аябады. Биз чанда бир келчү шайлоо деген мүмкүнчүлүгүбүздөн болушунча пайдаланып аттык. Апамана аялдарыбыз аркылуу соолуккандан мас болгонго чейин, үйдөн эшикке чыккычакты үгүт иштерин катуу жүргүзүп, «шайлайбыз» - деген убадаларды алганга чейин да жетише алды. Бир гана Жекемден дайын-дарек жок. Ал ошентип дайынсыз болгон сайын унутулуп, өкмөт болуп шайланып калуу мүмкүнчүлүгүнөн чындап эле айрылып баратты. Ошентип, эртең шайлоо болот деген күндүн кечинде бүт эркектер бир үйгө чогулуп, Өтөмкулдун арагын кырып атканбыз, кырып атканбыз, шайлайбыз деген убадабызды берип атканбыз тосттордо, бекер арак берилчү, чоңдорду биздейлерге күнүн түшүргөн, чанда бир келчү «шайлоо-майлоонун» рахатында каалгып бараткам, анан акырындап өзүмдү жоготуп жибергем.
4. Дубаланган суу
Зың-зың-зың... Коңгуроо кагылып жатты. Жок, жакшылап байкасам качандыр бир чиркөөдөн көргөн чоң коңгуроонун ичине мени бутуман ылдый каратып илип коюшуптур да, канчалык бошоноюн деп жулкунсам, ошончолук ары-бери чайпалып башым менен коңгуроого кагылып жатыпмын. Зың- зың-зың... Минтип урунуп-берине берсем башым быркыранып кетет ко деп санаа тартып, мындай абалга не болуп кабылганымды, андан кантип чыгышты зыңылдаган баш менен ойлонгонумча болбой ойгонуп кеттим. Жумуру башты толгой албасам да шишимик көздөн карек тоголото карасам, тар бөлмөмдө ары тоголонуп, бери тоголонуп чабалактап жатыпмын. Жанагы жаман түштөн кутулуп өөх деп өйдө боло бергеним менен зыңылдаган баш оорума аралаш кантип баш жазам деген санаа кошо келип, көңүлүм дагы айнып кетти. Ушундай кыйын абалда кечөөкүнү эстеп-эстей албай отурсам эшик чыйк этип ачылып бирөө баш бакты. Шарпасынан эле аялым экенин билген мен башымды көтөргөн да жокмун. Кебетемди көрүп баш чайкап бир аз турду окшойт анан үн катты:
- Өтөмкул аракка сугарган го, силерди?!
- Ии, арык толо арак агызып келип... – дедим башым сынып турса да тигинин какшыгына какшык менен.
- Анан...
- Анан эмне көрбөй турасыңбы?
- Көрүп турам, чочкодой ичипсиңер.
- Көрүп турсаң ансыз да сынып аткан башты эмне оорутасың?
- Бүгүн шайлоо.
- Эмне экен шайлоо болсо, шайлоонун арты – майлоо, - дедим оюма келе калган “майлоо” деген сөзгө ичимен жым дей.
- Апамана майлабайт, - деди ал чорт кесе.
- Апамана эмнесин майлашы керек? - дедим мен калп эле түшүнмөксөн боло.
- Өкмөттүгүн.
- Хм, ал Өкмөт болот бекен?
- Болтурабыз деп бүт айыл убада бербедик беле!?
- Аның жаман зыкым неме экен. Өкмөт болот элем дейт да анан бир дагы шайтан мойнун сындырып койгон жок.
- Силерге, эркектерге арак эле болсо болду, келечекти ойлобойсуңар. Мына Өтөмкул менен Жекембайың өкмөт болду дейли, баягы эле жеп-ичмейине киришет да! Апамана болсо иштейт, жебейт, ичпейт. Жок дегенде пенсия менен пособияны убагында бердирмек... – деп аялдык ажылдагына салып баратканында мен:
-Жетишет! – деп полду бир муштап обдула бердим эле, чочуп кеткен ал сөзүнө чакап чалкасынан кетип кала жаздады.
- Баш сынып атса мээни жейт! – деп зыңкыйган ден менен зыңкылдаган башты көтөрүп шалдырай басып сыртка чыгып баратсам:
– Кукен, баш жазат белең, - деди мени аяган тейде. Бул күтүүсүздүктөн аскерде “артка” деген буйрукту уккандай бүт тулкум менен шарт бурулуп:
- Эмне? – дедим таңгала да, үмүттүү да.
- Баш жазат белең дейм.
Демейде баш жазмак тургай өлөйүн деп турсаң да “ичпе” дегенинен жазбаган аялыман ишене бербей сурадым:
- Эмне, арагың барбы?
-Бар.
- Ал каяктан?
- Апамана берген.
- Апамана!? Ошол да арак берет бекен?
- Берет экен. Бүт айылга тараткан.
- Мына сага! Бүгүн күн каяктан чыкты экен? – деп ашканага кирип кеткен аялымды күтүп калдым. Айтканымдай эле ал бир колуна ак жоолукчан самаш, экинчи колуна чоң чыны алып кайра кирип:
- Кукен, ушуну ичкенден кийин экинчи арак ичпейм деп айтчы, - деди жанагысынан да сырдуу.
- Тфууй, берсең арагыңды жөн берчи маалкатпай же эмне Апаманаң убадасын алып туруп бер деди беле?
- Ооба, экинчи ичпейм деп эле койчу эми, - деп жалдырай карады ал.
- Болуптур, ичпейм.
Аялым самаштын оозун чечип анын теңин чыныга куюп сунганда мен:
- Катындар кыйын элесиңер ээ, - дедим ички кубанычымды жашыра албай. - Мына эми карабайсыңбы, Өтөмкул менен Жекембай канча күндөн бери арактарын көтөрүп алып аркабыздан чуркап жүрүшөт. А Апамана болсо шайлоо болор күнү бир гана самаш менен, суусап турганда «пах» эттире башка берип калды. Азамат эй! Катындын баары ушундай сыр билги болсо! – деп бул сөздөрдү тост катары айттым да, “фуу” деп туруп терең демимди чыгарып, чыны толо самашты тартып жиберип, бир демге түшүнбөй туруп калдым да кыйкырып ийдим:
- Бул эмнээ?
- Арак, арак… - деди аялым коркконунан эки жакты кайсалай карап.
- Алак, Алак деп койот. Суу экен мунуң!- деп чыны менен тап бердим эле, ал эки аттап ашканага кире качып ичинен бекитип алды.
Мен жиним менен эмне кыларымды билбей далисте сөгүнүп турганымда, өзүн эми коопсуз сезе калган аялым ичкериден үн салды:
- Кукен, бул жөн суу эмес.
- Эмнээ? Эй, эмне деп атасың?
- Бул жөн суу эмес дейм. Дубаланган суу.
- Дубаланган суу? Эй катын, эмне мени өлтүрөйүн дедиңби? – жиним менен эшикти тээп калдым.
- Өлбөйсүң Кукен, өлбөйсүң, - деп жандана түштү. – Кайра жакшы болуп каласың, аракты таштайсың, ичкиң келбей калат. Муну Апамана шаарга атайы барып дубалатып келген.
- Ур-рдум Апаманаңды? Эми өкмөт болом деп ойлобой эле койсун!
- Кукен, антпе! Андан көрө бул калган сууну да ичип ал, аракты ичпей калгың бардыр. Жеңилдеп каласың, жашообуз да оңолот. Антпесең… - деп келатканда жарылып кеттим:
– Антпесем алкаш болуп кетет экенмин да ээ! Алкашты эми Апамана экөөңөргө көрсөтөм. Мени дарылатат экенсиңер да, дубалатат экенсиңер да ээ! Эми аракты таштайт экен деп ойлобой эле койгула, - деп эшикти бир тээп сыртка чыга жөнөдүм.
Аялым менен минтип акыйлашканым баш оорумду ого бетер күчөтүп, көңүлүмдү айнытып жиберди. Мээмди сайгылаган зың-зыңды сезип, угуп, ал эмес көрүп, кош колдой мыкчып, отурганымда каяктандыр дагы бир зың-зың эткен үн угулду. Кантип гана баш жазам деп айлам куруп турган байкуш мен баш көтөрө калдым да, алыстан угулган ушул үндү кубалап жөнөдүм. Мээмдеги оорум менен тияктан угулган зың-зың добуш үн алышып мени азгырып атты, чакырып баратты. Ошого жетсем эле жанды жеген баш оорудан арылчудай болуп көздү чылк жума көчөнүн буртулдаган чаңын кечип шайым жок шалдырап турсам да, адымдап жөнөдүм. Кыйла көтөрүлө түшкөн күн так маңдайга тийип баш оорумду ого бетер күчөттү, көңүлүмдү жипкиртти, көзүмдөн жашымды куюлтуп, эч нерсе көрө албай калсам да зың-зың добушту кубалап бара бердим.
Ал добуш жапжакын жерден угулуп калганда чакыя тийген күн нурун бир нерсе тосуп сынып турган башыма көлөкө түшкөндөй болду. Мен тык токтоп, көзүмдү ачып көргөнүмө ишенбедим. Так маңдайымда кооз этикеткалуу «Русская водка» деген чоң жазуусу бар, оозу заводдогудай бекитилген, Совет кезиндеги биз дайыма ичип жүргөн, азыр самопал чыккандан бери көздөн кайым жоголгон экстра таза арак күндү тосуп турган эле. Оо деп кубанычтан оозум ачылып жабылгыча таң калуудан көзүм чакчайды, коркконумдан жүрөгүм опколжуду. Кубанганым – баш жазар арак табылганы, таңгалганым – анын адамдын боюнан бийиктиги, кучагынан жоондугу, коркконум болсо көзүмө көрүмчү көрүнүп, аракты көп ичкеним үчүн Кудайым сыр берип жатабы, же жанагы Апамананын дубаланган суусунун таасири тийдиби деген ойлордон улам эле. Ушундан улам өзүмдү жоготуп, эки колдоп жакамды муунта кармап, эки тизем эрксизден бүгүлүп чөгөлөй калдым да: «Оо кудай!» деп күбүрөндүм. Ушул ирмемдер баштагы зыңылдаган оорум дагы, тыштагы зың-зың кагылган үн да басылып, саамга тымтырс боло түшүп, жан жагымдан жапайы күлкү угулду, заң эткен дабыш чыкты:
- Хаа ха-ха-ха, хо-хо, хи-хи, хөө, хө-хө, өөхү хү-хү-хү, ой боорум оой… Алкаштын арака сыйынганын биринчи көрүшүм өх-өх-өх. Тим эле мечиттеги молдо менен чиркөөдөгү поп биякта калсын хи-хи-хи-хи…
Бул бүгүн өкмөттүккө талапкерлигин коюп аткан экс-башкарма, экс-айыл өкмөтүбүз азыркы айыл боюнча жалгыз коммерсантыбыз Жекембай эле. Ал адатынча кычырай кийинип бир колтугуна папка кыстарып, экинчи колуна балка алып бакка илинген трактирдин сокосунун тишин зыңылдата ургулап турган экен. Өзүмө келе калган мен эки жакка элеңдей карап, эмне болгонун аздап барып түшүндүм. Көрсө кайран Жекем айыл боюнча жападан-жалгыз дүкөнүнүн үстүнө түнү бою шаардан алып келген жанагы зор шишесин орнотуп, жасалгалап, эң негизгиси ичине арак толтуруп, анын астына «Шайламак сенден, майламак менден!» деген ураанды бакыйта жазып илип коюптур.
- Жеке, - дедим тигинин шылдыңына намысым ойгоно түшүп: - Муну Кудай кылган сизби же менби? Дегеле атаңыздын эстелигинен бетер бийикке коюп алыптырсыз го, - дедим.
- Өх, өх, оой боорум ой, - өзүңдү сырттан көрсөң менден жаман каткырмаксың... хи-хи, ха-ха-хө-хө, - деп кайра күлкүсүнө ээ боло албай калды.
- Жеке, көп күлгөн киши ыйлачу эле. Бүгүн шайлоо, - деп жыландын башын кылтыйттым да, калп эле кетип калчудай болуп артка бурулдум.
- Өөй болду, тамашалап койсо тим эле, андан көрө кел, башыңды иремонттоп берейин.
Мен ичимден «кым» дей түшкөнүм менен сыртымдан сыр алдырбай:
- Эх, Жеке. Баш го оорурун ооруп турат, бирок арагыңды экинчи иче албай калдым го, - дедим өлүмүш боло.
- Хе, ушу сен арак иче албай калсаң анда...
- Чын иче албай калышым мүмкүн. Эмне үчүн дебейсизби?
- Эмне үчүн?
- Анткени Апамана аялдарга дубаланган суу таратыптыр.
- Дубаланган суу! – чочуп кетти Жекем.
- Апамананын блатформасында өкмөт болсом да, болбосом да аракка согуш ачам, айыл боюнча бир да ичкен эркек калбайт деген балээ убадасы бар экенин билесиз да ээ?
- Ии, анан, анан?
- Анан ушу! Ошол дубаланган сууну ичкен адам аракты көргүсү да келбей калат экен.
- Ой нең! Анан сен аны ичтиңби?
- Ооба, жана мага катыным алдап ичирди. Менин жопжоош катыным ушинтип аткандан кийин башкалар күйөөлөрүнүн оозуна куюшту болуш керек. Так што мобул алп шишедеги арагыңыз да, ичтеги бөтөштөрүңүз да бүгүн ичилбей калышы мүмкүн.
- Ыя чын элеби? – деп Жекемдин ындыны өчө түшүп – Эмне кылабыз эми? - деди.
- Атасынын көрү алып келиңиз арагыңызды. Горбачёв жеңе албаган ак молдону айылдык бир катын жеңмек беле, - дедим, Жекем бул кебетеси менен канча арак сурасам дагы берерине көзүм жетип, ичимден кымылдай. Арак толо желим стаканды калчылдаган кол менен карыштыра кармап адатымча хуу! - деп терең демимди чыгарып, суудан бетер аңтара тартып жибердим да, оозумду баскан боюнча отура калдым. Ашказанга арак отурукташканча ордумдан кыймылдабай бир топко отуруп обдула бергенимде Жекем кубанычтуу бакылдады:
- Апамананын дуба суусун менин жинди суум жеңди го дейм ыя?! Кана бала, как коңгурооңду анда, - деп мага колундагы балкасын карматты. Зыңылдаган бул үн эми өз колумдан чыкканы менен, бүт айылды жаңыртканы менен менин мээм менен үн алыша албады. Көп өтпөй эле улам чууруп келе берип Жекемдин дүкөнүнүн айланасы элге толуп кетти. Өмүрү мындай зор бөтөштү көрбөгөн айылдаштарым таң калгандарынан ооздорун ачып, арак ичпегендер, Апамана сыяктуу аракты жек көрүп ага согуш ачкандар жинденип, обочороок турушса, кууп ичпесе да кайдыгер эместер, биз сыяктуу алкаш чалыштар ички кубанычтарды жашыра албай таңдайларды такылдата тамшанып, таңданып зор бөтөш куюлган дүкөн алдында күжүлдөп аттык.
- Мына сага арак деп ушуну айт!
- Чистопал окшойт!
- Аны кой, ичиндегиси суу эмеспи?
- Суу болуш керек, - десе кээ бири:
- Суу болсо мындай тунук болмок эмес.
- Күнгө жаркырашынан билбейсизби, - дешти аракты жыты, даамы тургай өңүнөн тааныган алкаштарыбыз.
- Деги Жеке баш жазат бекен?
- Бүгүн шайлоо – жазбай көрсүн!
- Ушундай чоң арак менен баш жазсак, оо анда!..
- Оох, бүгүн бир тойлойт окшойбуз, - деген сөздөр айтылганча Жекем дагы дүкөнүнүн үстүнө чыга калып зор бөтөшүнүн бөйрөгүн таяна берип сөзүн баштап жиберди:
– Урматтуу шайлоочуларым, - деп баштады сөзүн ал тим эле бизди менчиктеп алгандан бетер. –Бүгүн мына өзүңөр көрүп тургандай, мен биздин айылга жакшынакай белекти сюрприз катары берип атам. Бул да болсо биздин айыл үчүн, анын көркү, архитектурасы үчүн көргөн камкордугум. Мындай зор бөтөлкө Бишкекте да жок. Муну менен Гиннеске да кирсе болот. Бул да эчтемке эмес, жолдоштор, эчтемке эмес! Мына менин колумда тизме турат, - деп колундагы көк дептерин өйдө көтөрө, - Мында бүткүл айылдын мага болгон карызы жазылган. Баарыңар эле билесиңер: арак, шекер, ун, кийим-кечеге карыз болгонсуңар. Эгер мени өкмөт кылып шайласаңар, өкмөт-коммерсант катары мындагынын баарын кечем, - деди эле эл дуу дей түштү.
- Жаша, Жеке!
- Өлбө, Жеке!
- Шайлайбыз сизди!
- Маладес, Жеке! – деген үндөр тигинде обочорооктогу Жекени жек көргөн аялдардын арасынан да чыкты. Бул Жекеме жага бербей калды да, көөдөнү көтөрүлө түшүп, ыраазы боло жылмайып:
- Анан дагы,- деп зор бөтөшүн акырын муштай берип: - Анан дагы өкмөт болуп шайланып калсам мобул аракты бузуп майлап берем, - деди эле биз бакырып жибердик.
- Ураа, ураа!
Биздин бул кыйкырыгыбыз жаңырыктап барып тарагыча ачуу айкырык аялдар жактан угулду.
- Оо өлүгүңдү көрөйүн чандайган эл жегич, - бул Апамана эле. - Элди дагы алдап кирдиңби?! Көрөсүң мунуңан эч нерсе чыкпайт. Анткени мен өкмөт болсом да, болбосом да баары бир айылдагы аракечтер менен жалкоолордун тамырын кыркам. Ошондо көрөм алдагы чоң бөтөлкө рекламаңа ким алданып арак ичер экен да, алдагы көк дептериңе ким карыз болуп жазылар экен. Азыр болсо мени шайла деген сөзүңдү токтот, мыйзам боюнча шайлоо күнү үгүт жүргүзүлбөйт. Кана, сени ким шайлайт экен! Ким? – деп бөйрөгүн таяна алдыга чыга калды эле Жекемдин зор бөтөлкөсүнө жардап турган эркектер дыр берип артка кетенчиктей бердик. Ошондо мөөрөйү үстөм боло түшкөн Апамана кутурган буканын көз карашына сала карады: - Кана, кимдин арак ичкиси келет! Кимдин! – деди эле бир да эркек каяша айта албай мостойдук.
- Өө-эй чоң катын, - деди Жекем сүрдүү үнү менен жогору жактан. – Сен мени жеңишиң мүмкүн. Бирок мобул ак молдону сен эмес Горбачёв жеңе алган эмес, - деп аялын кучактагандай алп бөтөшүн кучактай калды.
- Аны дагы көрөбүз! Алдагыныңа арак эмес айран куюлбаса мага кел! – деп жардаган элди жарып өтүп: - Кеттик шайлоого! Ким Жекембай менен калса ал биздин айылдын душманы, - деп кыйкырып артын карабай жөнөп калды. Эл топурап, аны ээрчип жөнөдү, бирок мен сыяктуу алп аракка арбалган, башы ооруган он чактыбыз кыйпычыктай басып, кылчая карап ээрчип барып, анан кала бердик.
- Азаматтар! - деди дүкөн үстүнөн түшүп келген Жекем. – Катын дегенди чыныгы эркек эч качан укпашы керек.
- Угуш керек, бирок тескерисинче жасаш керек, - дедим мен.
- Оо, туура айтасың. Мобул чоң катын биздин айылга матриархат орноткон атат. Элестеткиле, жалаң катындар башкарып араксыз, жалаң жумуш менен жашоо өтүп атканын. Ошондуктан жигиттер, биз бул катынды өкмөттүккө өткөрбөшүбүз керек. Анда эмесе азыр баш жазалы дагы шайлоого барып келип жеңишибизди шашпай майлайлы, - деп жеңээрине ишене айтты да, мындайырак турган уулуна баш жаңсап, ал жүгүрүп дүкөнгө кирип, аракка стакандарды кошуп алып чыга калды.
- Анда эмесе жеңиш үчүн! – деди Жекем стаканын көкөлөтө көтөрө берип.
- Жеңиш үчүн!
- Жеңиш үчүн, - деп баарыбыз бир ооздон тост айтып арагыбызды жутуп-жута элегибизде арабыздан: - Өөө, - деген жарыша чыккан үндөр угулду. Ашказандары аңтарылып кеткенсиген үч жигит окшуп-окшуп оозу мурдунан арак, көздөрүнөн жаш куюла обочорок барып отура калышты.
Бул дубаланган суунун таасири экенин түшүнгөн баарыбыз «дагы кимибиз окшуп баштаар экенбиз» деген ойдо бири-бирибизди үрөй уча карадык. Колундагы арагын оозуна тийгизип кайра алган Жекем тиги үчөөнүн минткенине таңгала да, жиндене да:
- Ойнең, Апамана силерди эмне кылган? - деп эки аттап жетип окшуп-окшуп алып отуруп калган жигитке стаканын сунду эле, ал арак жытынан улам “өө!” деп кусуп жибере жаздады.
- Карагылачы, жигиттер карагылачы! - деди Жекем күйүп-быша: – Кечээ эле арабызда жүргөн, арактын арты менен ха-ха тээп күлгөн жолдошторубуз арабыздан чыгып калды. Бир катындын айынан булар эми эч качан бизге кошулуп арак берер жашоонун жыргалын көрө алышпайт. Бул кайталанбашы үчүн, башкаңар дагы булардын кейпин кийбешиңер үчүн мен Апаманага каршы турушум керек, а силер мени өкмөт кылып шайлашыңар керек. Анда эмесе шайлансын Жекеңер, жайлансын Апамана! Кеттик шайлоого! - деп кыйкыра ураан айткан бойдон жөнөдү эле, баарыбыз артынан топурадык.
5. Шайлоодо
Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Өкмөт кеңсесине карай бурулган бурулушта жолдун эки жак бетинен жардай бүт айылдын эли: балдар, чалдар, катын-калач, Өтөмкулдун ишенимдүү кишилери жана башка бир топтор бизди күтүп турушуптур. Үн-сөзсүз тиктеп турган көпчүлүктүн шүйкүмсүз түрү, сурданган кебетеси алыстан эле жүрөгүбүздү түшүрүп, артка да качырбай, алга да шыдыр бастырбай, олку-солку кыла кыбыратты, эптеп туура-туштарына жете бергенибизде Апамананын чаңк эткен ачуу үнү чыкты.
- Убада кана, ургандар!?
Бул жекирүү бүткүл сезимдерибизди үркүтүп, тулку боюбузду бойлоп өткөнчө ушул сыяктуу кыйкырыктар ашмалтай ызы-чууга айланды:
- Окшошкон гана алкаштар!
- Аракка сатылган чыккынчылар!
- Сөзүнө турбаган эркек сөрөйлөр!
- Ичкичтер!
- Акмактар!
Мен буга чыдай албай кулагымды жапырып, жаба калайын дегенимче, кулак эмес, баштын айласын издешке мажбурлап, эмелеки үндөр эми ырайымсыз жагына ооду:
- Чыккынчыларды ташка!
- Ташбараңга!
- Уу-р!
- Ча-ап! Мен башымды кучактай жаап, белимди бүгүп, башымды алаама корголотконумча болбой, катуу добул уруп, мөндүр жаагандай, үстүмөн дабыраган миң-сан сокку сабап өттү. Коркконумдан эч нерсени сезбей, өзүмдү жоготуп, денем ташка айланып калдыбы, же таштар жумшарып кеткенби, не болсо да жыгылып кетпей, же кача албай, негедир мурдума кан даамы эмес, кык жыты келип, ордумда каттым да калдым. Ташбараң кандай бат башталса, ошондой тып басылып, бир азга тыным боло түшүп, эми элдин каткырыгы бүт жан-денемди каптап өттү. Не болуп кетти деп, көздү ачып баш көтөрө эки жакты карасам, жолдун так ортосунда коркунучтан башын каткан тоодактай кайран уйлардын катыган куйма тезектерине көмүлгөн жол ортосунда жапжалгыз турупмун. Бул шылдыңдан катуу ыза болуп, намысым ойгонуп, анан жиним кайнады. Бир ай үзбөй ичкен ичкиликтин айынан адам кейпинен кетип баратканымды, андан мурун өзүмдүн жетекчилигим менен Жекембайды тактан алганыбызды эстедим. Ошол жеңишибизди сактап калууга азыр да кеч эмес экенин сезип, кара жаакты какшатып, бир кулач тилди сабап-сабап алдым.
- Оо, эл журт! Биздин айыл үчүн, өзүбүздүн келечек тагдырыбыз үчүн маанилүү шайлоонун алдында турабыз. Эки куюм арак менен бир тоголок чайдан алысыракты карап, татыктуу өкмөт шайлап албайлыбы? Азыр карап көрсөк, татыктуу талапкер бул шайлануучулардын ичинде көрүнбөйт. Булар бизди кооз убадалар менен аракка, чай-тамекиге сатып алгылары бар. Келгиле, ойлонолу, ойгонолу дагы, келечек тагдырыбызды өз колубузга алып, эч кимисине добуш бербейли. Эмкиде өзүбүздүн карапайым адамдарыбыздын ичинен татыктуусун тандап туруп өкмөт кылып алалы!
Бирин-экини эмелеки шылдыңынан жазбаганы, маани бербегени болбосо, бул сөзүмдү эл олуттуу кабыл алып, тамаша бүтүп, тагдыр чечер учурга кептелгенибизди сезе калышты.
Мунубузду байкаган шайлануучулар биринин артынан бири кыйкырышты:
-Акка кара санабагыла, - деп Өтөмкул чыга калганда, бизге баягүнтөн берки берген арактарын колкоо кылып атканын билдик.
– Катын-баланы ойлогула! - деп Апамана чаңк эткенде, эркектер үйдөгү аялдарыбыздын көр жеме урушун айтып атканын түшүндүк.
Анда Жекем кадимки калбаат-сүрдүү үнүндө:
- Ээй, кабинага каршы чыкпагыла! - деп зоңкулдады эле “Бул эмне деген каймана сөзү?” деп ойлогон биз түшүнбөй калдык. Ошентип шайлоону карай топурап жөнөдүк. Мен эмелеки кайнаган жиним, ызам менен бир да талапкерди бюллетенден калтырбай шартылдата чийип-чийип салайын деп чечип, башкаларды дагы ошого үндөп баратам. Кабинага кирип барып эле үстөл үстүнө бюллетенди коюп, сызайын десем, калем эмес балээ да жок. Мына сага!
Эки жакка кайсалай түшүп, артка кайрылып:
– Эй, уручкаңар кана? - деп кыйкырайын дегенимче болбой, таман алдым тарс дей түштү. Карасам, полдон кичинекей эшик ачылып, андан чыккан кол арак толо гурзовой ыстаканды коюп, нары кирип кетти.
Мына кызык тамаша! Каным катып, башым зыңылдап, эки жакка элтеңдей карап алып гурзовойду колго алсам, боорунда: «Жоголсун баш оору! Өкмөтүң Жекембай» - деп жазылып жүрөт.
Жекембайдын атын окуганда:
– Кайда барсаң Жекембай, айга да барсам Жекембай. Сенден кутулбас болдук ко, - деп жиним кайнап, ачуум келип: - Сен бизди кабинадан да башкаргың келеби? Жок, андай кыла албайсың! Мен сенин арагыңды ичем да, өзүңдү экинчи өкмөт болгус кылып чийип салам! Ден соолукта бололу, Жеке, - деп тост айттым да, гурзовойду коңторуп жибердим. - Өөх, - деп алып эми сызайын десем кара баскан калем дале жок, дагы кайсаладым. Аңгыча шыптан «шырп» эткен дабыш угулуп, андан ачылган кичинекей эшикчеден упузун уручке сунулуп келатат.
Мен аны ала калайын дедим эле «кабинага каршы чыкпа» - деген Жекембайдын үнү кулагыма угулдубу же сезимимде жаңырдыбы, тартына түшүп, шалдырап туруп калдым. Шыптан сунулган, капталында «өкмөттүн уручке уч укуругу узун”, - деген жазуусу бар калем сап үстөл үстүндө жаткан бюллетенден Өтөмкул менен Апамананын аты-жөндөрүн шарт-шарт эттире чийип салды да, өйдөнү карай тартылып кетти.
Мен сыртка баягы жиним кагылып, мээдеги баш оорудан арылып, көкүрөк толо боштук менен чыктым. Ошентип опурап-топурап келген айылдаштарым шайлоого бир кишидей катышып, бат эле бүтүрүштү. Эми чоңдор добуш санаганы өкмөт кеңсесине бекинишип, түш оогончо көздөн учушту, бара-бара сүйлөшкөндөрү бака-шака түшүп, шаңдуу угулуп баратты.
Биз эми өзүбүздү унутулган керексиз нерседей сезип «Ким шайланды, ким өкмөт болду?» деген санааларга мээ чагып, чала жазылган башыбыз кайра зыңкылдап, кеңсе алдында турдук. Бир кезде жалжая күлгөн Жекең, өзүн көтөрүп кетчүдөй болгон, жүздөрүндө кубанычтын жылмаюулары ойногон жоро-жолдоштору менен чыгып машиналарга отурушту да, папылдаткан бойдон айыл ортосундагы Жекеңдин үйүн карай зуу коюшту.
Баары түшүнүктүү болду. Алсыздыктын, жеңилүүнүн ызасы алкым өрдөп, көкүрөктү мыжыды. Араны аялдардын күңк-мыңк наалуулары, көр жемелөөлөрү аралады. А менин мээмде баягы зыңылдаган коңгуроо кагылып, эч нерсени уккум, эч нерсени ойлогум келбей, жалгыз гана баш жазуудан башка күйүтүм калбай турду элем, Жекемдин үйү жагынан зың-зың эткен үн-чакырык сымал угулганда, топураган эркектердин шары менен кандай жөнөп калганымы билбей калдым…
6. Тост айтыш
Артта калсак арактан кур калчудай болуп топ алкаш марш тээп жеткенибизде Жекем туугандарынын, досторунун арасында багжаңдай сүйүнүп, барбалаңдап аткан экен, баарыбыз колунан кысып куттуктап калдык.
- Жеке, куттуктайм!
- Жеке, өкмөт болушуңуз менен!
- Ордуңуз кут болсун!
- Кайтып келишиңиз менен!
- Жеңишиңиз менен, Жеке!
- Рахмат кыраандарым, рахмат! Келгиле бул менин эмес, баарыбыздын, бүт айылыбыздын жеңиши. Андыктан бүгүнкү күн биздин айыл үчүн календарда кыпкызыл күн. Бүгүн, ичебиз, жейбиз, ырдайбыз, бийлейбиз! Эй, кана, жайнаткыла! – деп кыйкырды эле дүкөн алдына заматта столдор коюлуп, дасторкон жайылып, үстү түркүн тамакка толуп чыкты. Чапчаң жигиттер заматта дүкөн үстүнө чыгышып, зор бөтөштүн түбүндөгү чорчоюп чыгып турган чоргосуна түтүк сайышып, үстөл үстүндөгү стакандарды аракка толтура салышты. Куркулдап суусап араң турган бизге арак тийгенде алып ийели деп шаштык эле, мунубузду байкай калган Жекем:
- Эөөй, алдыга келгенди жөн эле сого бербей каалоо-тилек, тост-пост деген болчу беле, айта кетпейсиңерби, арак ичиштин маданияты болчу эле, - деп бизге сүрдүү кайрылды да анан кошумчалады: – Кана, ким бүгүн жакшы тост айтса, жакшы призим бар. Анда эмесе тост айтышты ким баштайт? - деп бизге карады. Бир арактан башканы ойлобой турган бизге бул күтүүсүз болуп сөз таппай аптыга түшкөнүбүздө Жукачан алкашыбыз сөз тизгинин ала калды. Ал күрөктөй колунун алакан отуна чий бут стаканды койкойто кондуруп, аны мына уча каччу бакыт кушун карагандай кумарлуу да, этият да карап колдурай сүйлөдү.
- Эми Жеке, өкмөттүгүңүз кут болсун! Ушинтип эле өкмөттөн түшсөңүз аким болуп, акимден түшсөңүз губернатор болуп, губернатордон түшсөңүз министр болуп, министрден түшсөңүз призидент болуңуз, - деп келип токтой калды эле, каткырык аралаш кубаттоолор коштоп кетти:
– Ап бали!
- Колдураса да кооз айтты!
- Мында жаткан тура!
- Соктур кайран, Жука!
Кайран Жука болсо сөзү бүтө элегин билгизе сол колунун сөөмөйүн чычайтып:
- А биз болсо бозо ичсек винону закүске кылып, вино ичсек самаш менен бастырып, самашты чыстый менен, чыстый ичсек коньякты закуска кылып ушинтип эл ичинде аман эле жүрө береличи, - деп коштогон сөздөргө, чыккан күлкүгө көңүл бурбастан алаканындагы арак толо стакандын оозуна оозун оо дей түшүп эриндери менен эп келтире кармап, ээгин артты карай экчеди эле, коркойгон кокосу бир жыйрылып, курк эткен добуш угулду да, шылк эңкейгенинде стакан тып этип кайра алаканына келип конду.
Кубаттаган үндөр менен каткырыктар бастап барып токтогондо, арабыздан кесиби боюнча тарыхчы, чоорчу Чорош тартиптүү түрдө бир кадам алдыга чыгып, жасакер үнүн жасап-түзөй стаканын үлүл сүзүштүрчү баладай мээлеп, Жекеге жагалдана тостун баштады:
- Жеке, ылайым башыңдан багың кетпесин, алдыңдан тагың кетпесин. Жука колдураса да кооз айтты, бирок адис катары, тарыхчы катары мен башкача айтаар элем. Жеке, мына өткөн доор социализмде башкарма, парторг болуп жүрдүңүз. Анан артка кетип бизге капитализм каптап кирди эле, капиталды кармап коммерсант, бийлигин бийлеп өкмөт болдуңуз. Кут болсун! Эми дагы артка кетип феодализм келсе феодал, кул ээлөөчүлүк келсе, кул ээлөөчү болуп кала бериңиз, анан андан ары кулап Апамана айылыбызга матриархат орнотсо аял эмессиз, айла жок түшөсүз да бийликтен… Ии анда Апамананы алып алыңыз бары бир үстүндө болосуз. Кыскасы, кандай учур болбосун, кандай заман келбесин мышыктай бутуңуз менен түшүп, төңкөрүштүн төбөсүндө, ыңкылаптын ылымтасында боло бериңиз, - деп сөзүн бүтүргөндө Жеке баарыбыздан озунуп барк этти:
- Кайран Чорош катырдың, тарт анда чооруңду, - деди эле Чорош мелт-калт стаканын оозуна такап-такабай түбүн шак өйдө көтөргөнүнө бир да тамчы төкпөстөн чоор тартып аткансып далайга кылкылдатты. Минтип Чорош чоорун тартып бүткөнүндө:
- Кана куйчу, - деди арабыздагы жамакчы чалыш, ошол өнөрүнө жараша ар кандай отуруштун көркү болуп отуруп, тарарга келгенде үйүнө кетпей, төрт бүктөлүп томпоюп уктап калмай адаты бар, андыктан Тоймат аты өчүп Томпоймат атанып кеткен, арак дегенди атасынын өчү бардай ичкен аракечибиз: - Кана куйгулачы ушундай күндө, ушундай алп арактын түбүндө туруп, ушундай төө көзүндөй чөйчөктөн ичкенибиз уят да, мунуңар тиштин кычык-кучугунда эле калып калат го, - деп стаканын коюп дасторкондон чай чыныны алып: - Кана куй толтура, топмойто үймө-жыйма, - деп сунду эле, аны мелт-калт арака толтура калышты.
- Жеке, - деди баштады сөзүн Томпоймат, колу калтырап турса дагы мелтирете куюлган арактан бир тамчы дагы төкпөй-чачпай өйдө көтөрө берип. – Призиңизди бере бериңиз анткени Томпойматың тост дегенде откириткенин кебин айтып онтоп жүрбөйт. Анда эмесе тарыхта эч ким айтпаган жаңылмач тосту кабыл алгыла.
Жеке тоюң тойго улансын,
Тоодой бактың тоодой калсын.
Толо байлык колуңда айлансын,
Жолтоолугуң болбой калсын,
Жоо-душманың оңбой калсын.
Мен Тойматың - Томпойматың,
Тост-каалоомду токтолбой айттым.
Бол Тойматым – Томпойматым,
Толо тосту томпойт бачым.
Жобураган Жоп тбой майтым, - деп жай айтты дагы биз түшүнүп түшүнбөй делдейе түшкөнүбүздө ал кадимки жаңылмач айткандай быдырата кайталап жиберди.
- Кана ким кайталайт? - деп эки жагын өзүнө ыраазы болгон тейде кыдырата карап алып, эч ким унчукпаганда чыны толо арагын алгач эки уурту томпойгуча, эки көзү тостойгуча шимирди да, анан кылкылдата бир далайга жутту.
- Тажатышты, - деп Томпоймат арагын ачып бүткүчө чыдамы кеткен Лактыке жарылып кетти. Чыпалактай болгонуна жараша чыпылдап шашма болчу ал. – Колдун уусу өткүчө мыжыга кармап аракты адамдын чыдамы кеткиче мылжыңдай сүйлөп кептин мазасын чыгарышып, бир аракты эки жолу ичип. Ээй арак болсо да убалы бар да. Күттүрүп аны, арак деле ырыскы да. Тажатышты эй, - деп көтөргөн стаканына жараша үнүн кошо көтөрүп. – Давай Жеке, анда бололу ээ! - деп тостун кыска туюк бүтүрүп оо дей түшкөн оозуна стаканын кагып калды эле арагы тили менен тишине, кокосу менен кекиртегине тийбей өтүп барып ашказанынын так түбүнөн орун ала калгансыды.
Баятадан куураган куу кекиртектин айынан Жекенин тууган-уруктарынын алдында ыржалактап маймыл болуп аткан, кошомотка кой союп аткан бөтөлкөлөштөрүмү карап туруп ардандым, бизге ырас болот деп ачуум келип арагын төгүп салып басып кетким келди. Бирок кармандым. Аракка, ачууга алдырбаган Жекемдин чөйрөсүнө баа бердим, суктандым. Ошондон улам мээме бир ой келе калып, аны тост катары айтышка даярданып турган элем кезегим келгенде айта салдым.
- Бир күнү тамак-аш Кудайы Нан-чай адамдарга мындай деп нааразы болот: «Бул адам дегениң качан курсагы ачканда гана мени эстеп, тойгонунда унутуп коёт экен, булардын эс-көөдөнүнөн чыккыс, мээсинен кеткис болбосомбу! – деп ачууга алдырып, бир жолу «суф» деп туруп дасторконго уудай ачуу, суудай тунук, курсакка кирип, мээни алган, ичтен түшсө да, баштан түшпөгөн арак деген ичкиликти жаратат. Бул арак дегенди ичкенде адамдар анын ачуулугуна чыдабай колуна тийген тамагын бурдап тиштеп, көрүнгөн суусундукту аптыга жутуп иерин көргөн Нанчай ачууга алдырып чоң ката кетиргенин түшүнөт. Бирок түшүнгөнү менен кеч болуп, баардык өз кудурети менен жараткан тамак аттуулары арактын закүскөсүнө айланып кеткен болот. Ошентип тамак-аш кудайы Нан-чайдын бир ачуусуна алдырганынан улам арак менен закүскө пайда болгон экен. Эмесе ачууга алдырбаган сабырдуулук үчүн ичели, - деп сөзүмдү бүтүрүп шак эттире тартып ичкен арагым ашказаныма, айткан тостум уккандардын мээсине жеткиче жан жактан кимдир бирөөнүн кекээрлүү какшыгы угулду.
– Арагыңар ачуу болсун! Баарыбыз бурула берип беш-алты катындын ортосунда турган Апамананы көрдүк.
- Ачуу кылмак сенден болсун! – деди Жекембай биз селт чочуп селейе түшкөнүбүздө тигинин какшыгына какшык менен.
- Ачуулансам оңбой каласыңар!
- Ачууңду таштап келдиңби анда.
- Ооба. Уурдап алган арам жеңишиң менен куттуктап коёлу дедик.
- Оо мунуң башка сөз, - деди Жекем чындап кубана. – Кана жигиттер, апаңарга куйгулачы. Өзү айткан арам жеңишибизди адалдап жакшы ой-тилегин айтып кетсин.
Жигиттер заматта арак толо стаканды Апаманага кармата калышты эле, ал ошол замат аны шарт эткизе төгүп салды да:
– Мага суу эмес, арак бергиле, - деди.
- Суу эмес. Арак! Арак эле, - дешип Жеке баштаган арак куйгуч жигиттер чыйпылыктап жиберишти.
- Арак деген чоргодон куюлбайт, бөтөлкөдөн куюлат, - деди Апамана кебелбей.
- Эй, арак бергиле, - деп Жекем дүкөн жакка кыйкырды эле аяктан заматта бир бөтөш келтирилди.
- Жок, мен дагы мобул зор бөтөлкөдөн ичким келет, ушуну бузуп мага оозунан куюп бергиле, - деди Апамана мыскылдуу.
Бул мүмкүн эмес эле, андыктан Жеке күйүп-быша Апамананы алдаганга киришти:
– Апаш эми сен жөнөкөй чоёке катындардан эмессиң да. Сени деген мырзайым дейт. Майда-чүйдөгө аралашпай айта берчи тостуңду.
- Мырзайым суранып атса бир бөтөлкө арак буза албаган сени ким эркек дейт. Бизден аяган бөтөшүң быркыранып, арагыңа киринип кал, - деп шарт бурулуп артындагы аялдарды ээрчитип жөнөп калды эле, жинденген Жекем артынан кыйкырды:
- Эй, чоң катын, каргышың карааныма жетпейт, колуңан кокон тыйын келбейт!
Бирок Жекем айтып оозун жыйгыча кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз бети-башына кара байпак кийген, колуна рогатка алган киши пайда боло калып, биз ээй деп эсибизди жыйгыча алп бөтөштү бир атып, кандай пайда болсо ошондой көздөн кайым болду. Мына сага! Үстү жактан дыңк эткен дүлөй үн чыгып, кайрылып карай бергенибизче болбой алп бөтөштөн кеткен жөргөмүштүн желесиндей болгон жараканын чок ортосунан үстүбүзгө арак сийип жиберди. Мунун баары заматта болуп өткөндүктөн баарыбыз тең эмне кыларды билбей апкаарып туруп калдык эле, кайран Жукачаныбыз кыйкырган бойдон барып алп тулкусу менен дүкөндүн шыйпырын кармап тиреле калды. Жукачандын бул кылганын илгиртпей түшүнгөн Томпоймат анын ийнине асылып томпоюп тура калса, Томпойматтын белинен чоорчу Чорош жетип кучактады. Алар анткиче артка он чакты кадам кетенчиктей берип, эки шалп этмесин эки жакка эки буту менен лактырган Лактыке каныккан спортсмендерден бетер эки-үч жолу чоң-чоң аттап тигилерге жетти да жамгырлап турган арактын асты менен, бири-бирине чиркелишип турган бөтөлкөлөштөрүнүн үстү менен дүкөн үстүнө чуркап чыгып, арак сийип турган алп бөтөштүн тешигине сөөмөйүн тыга салды. Мына сага! Бул арак үчүн эрдикке тете чеберчиликке эч ойлонбой туруп жетишкен төрт алкашыбызга цирктегиден бетер кол чаап, коштоп-сүрөп жибердик:
- Маладес!
- Азаматтар!
- Жарайсыңар кыраандар!
Алп бөтөштүн тешигине тыгын тыгылып салтанаттуу тоюбуз алып-жүрүп кетти. Тостон-тост айтылды, арактан арак ичилди, ыр-күлкү угулуп, арак жыттанган айланага караңгы кирген сайын тоюбуз күчөп баратты. Бир кезде үн күчөткүчтөн чет элдик музыка жаңырып, баарыбыз бийге түшүп, улам бир музыка бүтүп башталгыча арактан согуп аттык. Ырдаган ыры түшүнүксүз болгону менен даңка-дуңка –даңка-дүңк, каңка-куңка-каңка-куңк музыкасы бизди башка көзгө, буту-колго жагымдуу ургулап, шалка-шулка-шалка-шулк эттире бийди тыттырып аткан, менин жарпа-журпа-жарпа-журп этип жарпым жазылып бараткан болчу…
7. Каскакка кабылганда
Анан эле бир кезде ушул жагымдуу музыканын артынан зың деген бир үн мээме тийип оорутуп жиберди да анан үзгүлтүксүз зың-зың эте башка ургулап кирди. Ал-абалымды жакшылап байкасам коңгуроонун ичиндеги жипте иттен качкан мышыктай асылып турупмун. Тырмышкан жибимдин төмөн салаңдап турган учунан кармаган Апамана мени ары-бери чайпап, күүлөнтүп башым менен коңгуроого кагып жатыптыр. Зың-зың-зың. Түшө качайын деп Апаманадан коркуп, түшпөйүн деп зың-зыңга чыдабайм. Ошентип чайпалып турганымда кудай жалгап бул түшүм экен, ойгонуп кеттим.
Качан келип жыгылганым белгисиз, тар бөлмөмдө зыңылдаган баш оорума чыдабай, ары-бери чабалактап жатыпмын. Бул жолку баш оорум талуу жеримди тапкандан бетер так эле чыкыйымды чагып атты. Зың-зың-зың.
- Өөх, - деп обдула бергенимче болбой өпкө-жүрөгүмдөн бирөө өйдө тарткандан бетер – Өөө! - деген бойдон окшуп үйүмдүн каалгаларын катары менен сүзүп ачып, сыртка атып чыктым. Ошентип канча окшусам да куса албай башымды кучактап отуруп калганымда мээмдеги зыңылдагым кайдандыр чыккан тааныш зың-зыңга үн алышып кетти. Салбырай салмактанган башым шалдырай шилтенген буттарыман аша, бөкчөйүңкү шалпактай баса ошол үн чыккан жакты карай жөнөдүм. Ал үн мени Жекемдики жакка чакырып, буга кудуңдап бараткам, бирок бурулуштан бурула бергенимде жолумду тоскон жоон топ аялды көрдүм. Артка жол жок эле, анткени Жекемдикине жетмейин башым жазылмак эмес. Андыктан кандай болбосун өтө качмакчы болуп тобокелге сала бара бердим. Бирок, жеткенде эле колго түшкөнүмдү түшүндүм. Уй мүйүз тарта жол тоскон жоон топ катын менен айыл участковоюнун ортосунда, кызыл тукаба жабылган столдо өкүм угузчу соттой сурданган Апамана отуруптур. Алардын бет маңдайында баш оору менен корккондорунан калчылдаган биздин баягы төрт аракечибиз туруптур. Мен жете бергенимде баятадан бери соко тишин зыңылдата ургулап турган келин:
– Бешинчи алкаш, - деп салтанаттуу жарыялап “зың” дедире балка менен берип калды.
- Ии, кыраандар чогулдуңарбы? – деди ордунан обдула берген Апамана. – Азыр силерди жок кылабыз же бар кылабыз, бар болсоңор сопу болуп жер үстүндө каласыңар, жок болсоңор аракеч бойдон барып тозокко түшөсүңөр, - деп жанындагы участковойго баштай бер дегендей баш ийкеп койду эле ал бир-эки кадам бизге жакындай берип:
- Кана, кечээ күнү өкмөт Жекембайдыкынан чыккандан кийин ким кайда болду эле? - деди колундагы беш-алты кол кишенди азыр эле биздин колдорубузга сала калчудан бетер шалдыратып. Кечээки тургай азыркы алапайыбызды таба албай турган биз аргабыз түгөнө эч нерсени эстей албай шалдырап туруп бердик эле участковой төш чөнтөгүнөн бир барак кагаз алып чыгып:
- Билбейсиңер да! Өлөрчө мас болсоңор кайдан билмек элеңер! Эмне кылганыңарды бүт айыл билет өзүңөр билбейсиңер хе-хе, - деп кекээрлүү күлүп анан: - Окуйм анда! – деп салтанаттуу түрдө жарыялады да, көркөм чыгарма окугандан бетер колундагы барагын окуп кирди:
Арыз
Айыл участковою Адылов Акматка айыл тургуну Асанов Капардан. Менин арыз жазуумдун себеби 9-июль күнү үйүмдүн алдында турсам биздин айылдын жашоочулары, Жукачан, Томпоймат, Лактыке, чоорчу Чорош, Кукен мас абалдарында келип, жөндөн-жөн эле тургуз кылып сабап кетишти. Арыз ээси Асанов.
- Күбөлөр болсо ба-ар. Оорукананын справкеси мына! Бүттү түрмөдө чирийсиңер!
Муну укканда менин башым шылк дей түшүп, эми өлдүк дедим ичимден.
-Кана, - деди Апамана суроолуу түрдө эки жагына карай берип, - Камалышсынбы?
- Камалышсын! – дешти баары бир ооздон сүйлөшүп алышкандан бетер.
- Түрмөдө чиришсинби?
- Чиришсин!
- Анда эмесе Акмат алып кет буларды! – деди Апамана кабак-башынан каары көрүнө. Акмат төрт кишенин белине кыстарып, бирөөсүн белендей кармап, четте турган мага жакындаганда бир аялдын үнү ырайымдуураак чыкты:
- Коё тургулачы буларды кестирип жибергенде эмне чыгат? Жанагы кылмышка деле арактын кесепетинен барып атышат да. Эгер булар аракты таштабайбыз деп убадаларын беришсе, аны аткарышса күнөөлөрүн кечирбейлиби. Кандай дейсиңер?
- Ташташсын анда!
- Убада беришсин!
- Буларга ишенбеш керек! – деген сыяктуу сөздөрдүн соңунан эле Апамана бизден демите сурады:
- Кана таштайсыңарбы аракты?
- Таштайбыз, таштайбыз, - дешти менин бөтөлкөлөштөрүм бүжүрөшө. Баятадан бери милийса менен калп эле коркутуп жаткандары бизди аракты таштатыштын эле амалы экени зыңылдаган мээме тык дей түшкөн менин унчукпаганымды байкаган Апамана такыды.
- Кукен, сен эмне унчукпайсың?
- Эми согумга деген малды деле сугарып туруп союшат экен. Азыр башым сынып турат. Ташташ таштабашты баш жазып алсак анан ойлонот элем, - дедим мен өлүмүш болуп куулана.
- Омээй, мобуну карасаң, арак ичпе деп какшап атсак бизди кайра тооруйт турбайбы! Сени түрмөдө чиритпесем элеби! - деп милийса Акмат демитип кирди эле, кежирлигим так кежигемден кармаган мен артка кетенчиктеп:
- Башыбызды жазгыла же көрүбүздү казгыла! - дедим чорт кесе.
- Башыңды жазсак аракты таштайсыңбы? – деди Апамана.
- Таштайм деп айта албайм. Анткени бир күндө эле таштай калгыдай арак оңой жоо эмес, - дедим мен жоошуй түшүп.
- Кана бул суук тумшуктардын башын жазалыбы? - деп Апамана катындарга кайрылды.
– Мейли, мейли, - деген үндөр угулду. Бир аздан кийин үстөл үстүндө койкоюп бир кара, бир ак бөтөлкө коюлуп, бешөөбүзгө бирден чай чыны карматылды.
- Кана Акмат куйчу буларга, өмүр бою ичип келатышса да милийсанын колунан ичип көрүшпөсө керек. Акыркы арагымды милийсанын колунан ичкем деп айта жүргөндөрүнө жакшы.
- Оо, Апаш, - деди Акмат ак бөтөлкөнү колуна алып. – Менин колумдан куюлган арак арак эмес – дары. Кылмыштын, зөөкүрлүктүн, акмакчылыктын, жалкоолуктун, жоопкерсиздиктин, анан аракечтиктин дарысы, - деп бөтөлкөнүн оозун чымчыктын башын канкорлук менен жулгандай алып ыргытты да, итке жугунду куйгандан бетер шарактата бешөөбүзгө бөлүп-бөлүп куя салды.
Эңсегенибиз колго тийгенде бир тамшанып алып тартып иерибизде Апамана буюра айтты.
- Кана анда, арак менен коштошуу тостун айткылачы!
- Кош бол арак, - деп жөн салды эле колдурады ичкиче шашкан Жукачан.
- Эсил кайран арак ай эми кайдан ичейин, -деди чоорчу Чорош кайгылуу сөздү кубана айтып.
- Жакшы кал жакшы тамак, - деди Лактыке какшык аралаш.
- Кош бол сайран күндөр, кандайсың сопу жашоо, - деди Томпоймат кайдыгер гана.
- Ден-соолук үчүн, - дедим мен баш оорунун дарысы табылганына ичимден кымылдай. Колубуздагыны коңторуп жиберип ал ашказаныбызга коошуп, каныбызга тарагыча кыймылдабай “өөх” деген боюнча мемиреп туруп калган бизге бөйрөгүн таяна басып келген Апамана мыскылдуу сурады:
- Ии кандай арак экен?
- Арактай эле арак экен.
- Кытайдын кыргыз кырылсын деген бизге жиберген сасык спиртинен жасалган самопал, - деди Апамана мурдун чүйрүй.
- Берерин берип алып бергенден ашыгын чыгарбаңызчы Апаш, мен бул шылдыңга чыдай албай, - дедим.
- Жок, эми адам болгондон кийин ичкен тамагыңардын эмнеден жасалганын кызыгат болушуңар керек дейм да. Мейли анда уккуңар келбесе өз көзүңөр көрөрсүңөр, - деп жумшара түшүп, сөзүнүн аягын табышмактата бүтүрдү да, – Акмат тарт арагыңды, - деп буюра айтты. Участковой кара бөтөлкөнү алып негедир чайкап-чайкап алды да капкагын жанагыдай эле жулуп ыргытып, эмелекидей эле чыныларга бөлүштүрө куйганында биз көргөн көзүбүзгө ишенбей туруп калдык. Анткени арак менен кошо чыныга курт-кумурска, таракан, коңуз, жүргөмүштөр арбая-тарбая куюлган эле. Биз муну серпип төгүп жиберүү оюбузга келбей сенейип туруп калганыбызда:
- Силер ичип жүргөн самопалды кытайлар мына ушул жаныбарлардан жасашат! – деди Апамана мыскылдуу.
- Болбогон сөз!
- Бул калп! - деп каяша айткычакты болбой кайран Жукачан, жүз грамга эле сайран Жукачан колундагысына бир да мурун бырыштырып жийиркенип койбой:
- Бул да болсо каскак! - деп туруп тартып ийбеспи. Анын бул кылыгы араң турган чоорчу Чорош, Томпоймат, Лактыке үчөөнү өөө дедирте окшуткан бойдон жүстөмөнүнө кетирди. Биртке ичкендери оозу-мурдуларынан куюлуп, көздөрүнөн жаш агып, отурган бойдон басып барып окчун жакта окшуган тиги үчөөнө менин колумдагы курт-кумурска калкыган аракты ала калып жетип барган Акмат:
- Ме, ичесиңби, арак, жейсиңби курт, - деп жийиркенгендеринен өпкө-жүрөгү оозунан чыга каччудай болгон, же баш жазгандан жок, же арак ичкенден жок калган байкуштарды үйүн карай шалпактап качып жөнөгөнгө мажбурлады. Мен ошондо жарылып кеттим:
- Эй адамды да ушинтип кордойсуңарбы? Ушу кылганыңар адамгерчиликке жатабы?! Кайсыл мыйзамда, арак ичпесин деген сөз бар экен? Мунуңар үчүн жооп бересиңер!
- Эмнэ-э! - деп кыйкырды Акмат, мен тим эле аны мазактаган жаман сөз айткандан бетер аттап-буттап жетип келип. – Эмне, адамгерчилик дейсиңби, закон дейсиңби, жооп бересиңер дейсиңби?! А буга ким жооп берет? – деди ал баягы арызды чөнтөгүнөн сууруп чыгып мурдума такай ызырына. - Танда азыр, азыр танда түрмөгө түшөсүңбү же аракты таштайсыңбы?
- Аракты таштайм, - дедим мен аргам түгөнө.
- Кантип таштайсың? - деди Апамана такый.
- Жөн эле Калкагар тоонун башына бир бөтөлкө арак алып-алып чыгып барам дагы ылдый карай таштап жиберем, - дедим мен кежирлигим кайра кармай. Ошондо катындар туш-тараптан ажылдап ийишти:
- Ишенбегиле буга, мындайлар Калкагардын үстүнөн бөтөлкөнү кулатса дагы кайра артынан бой таштап арак жерге тийип быркырангыча жетип кармап калышат, - десе бир катын, бирөөсү андан аша какшыктады:
- Иий куураган алкаш, жөн эле Кайкагайдын башына айак көтөйүп чыгам деп коёт. Аракты колуңа карматса бул көчөдөн чыккыча эле кулкунуңа куюп жиберерсиң.
- Мындайларды мажбурлап таштатыш керек!
- Дубалатыш керек!
- Ушундайларга убара болбой эле койбойлубу, арагын ичип атып өлүп кетишсин, - деди бирөөсү баарынан ашып түшө.
Ойлоп тапкан арызы менен мени коркута албай калганын сезген милийса Акмат эми чындап жинденип ачык эле коркута ызырынып келатканында Апамана ага бирдемелерди күңкүлдөп айтты эле, баш ийкей угуп, мени атып ийчүдөй акшырая карап алып, качкан бойдон кеткен үч алкаштын артынан кетти. Калыбы тигилерди бир жаңсыл кылганы калды окшойт.
- Анда эмесе кыздар кеңешип албайлыбы? - деди Апамана.
- Мейли кеңешсе кеңешели, - дешип бул “кыз” сөрөйлөр уй мүйүз тарта тура калышып күбүң-шыбың боло түшүштү. Дарылатмай болуштубу, дубалатмай болуштубу же жөн жайыбызга эле койолу дештиби, айтор бат эле бизге кайрылышканда Апамана отурган үстөлүнүн алдынан бир арак алып чыгып бизге болгон жек көрүүсү сөзүнөн да, көзүнөн да билине:
- Эй, шүмшүйгөн эркек сөрөйлөр, мына бул ууну ичкиле да көзүбүзгө көрүнбөй жоголгула! Чындап киришсек арагыңарды таштатып деле коймокпуз, бирок бир айылга бир-эки алкаш керек экен. Эмне үчүн дебейсиңерби? Балдарга арак ичсеңер ушундай жаман адам болуп каласыңар деп көрсөтүш үчүн. Анда эмесе алкаш деген көрсөтмө курал болушуңар менен куттуктайм. Жана ушул ууну биздин айылдын аялдарынын атынан ичип койгула, - деп аракты кол сырты менен бизди карай түртүп койду. Алардын бул чукул чечимине ичимден таң калып, аракты уу дегенине шектенген Жукачан экөөбүз бири-бирибизди караша берип жарыша сурадык:
- Уу дейсиңерби?
- Арактын уу экенин эмгиче билбейсиңерби?
- Арак деген аздап барып өлтүрүүчү уу!
- Арак адамды тирүүнүн өлүгү кылат.
Булар дагы эмненин ичинен чыга калат деп кексе тарта түшкөн жаным ай, ушулар жөндөн-жөн эле арак бере калмак эмес,- деп бөтөштү айландыра карасам, кадимки эле бизге тааныш Жекемдин “заводунан” чыккан самаш экен, эч шек таба албадым.
- Рахмат, - дедим мен сурданып турган аялдарды жалтана карап. - Эгер ушул ууну бизге бергениңиздер чын болсо, Жука экөөбүз далдаарак барып ичели. Жакшы ит деле өлүгүн көрсөтпөйт турбайбы, - дегенимче Жука да колдурай сүрөдү:
- Антпесек бул жерден кекиртектен өткүдөй эмес.
- Көрсөтмө куралдыгыңарды куттуктап атсак көрүнбөй барып ичебиз дегениңер кандай? Тарткыла ушул эле жерден, - деди Апамана сырдуу гана. Мен чындап эле бөтөлкөнү ачып атып “Эгер аялдар бизди уу берип жайлайлы дешкен болсо, бул жерден эле ичкиле деп айтпайт болчу, а эмне үчүн булардын көзүнчө ичишибиз керек, балким бизди мас кылып туруп бирди көрсөтөлү деп жатышпасын? Ээ эмнеси болсо дагы берген арагын иче береличи, - деп ой жүгүрттүм.
- Кымбаттуу Жука,- дедим ажыкыстыгым кармай, баятадан башым жазылып, өзүмдү жеңил сезе түшкөн жаным: - Ардактуу акыркы бөтөлкөлөшүм! Эгер сен ушул арак деген уудан аман кала турган болсоң, мага бөтөлкөдөн эстелик коюп, алдыма “Кукен арактан өлгөн” деп жазып кой. Өлсөм дагы тирүүмдөгүдөй болуп адамдарга көрсөтмө курал бойдон калып, кызмат көрсөткүм келет, - деп туруп чай чынынын кап ортосунан аракты бир дем менен тартып жиберип туруп калдым. Маңыроо чалыш Жукачан болсо менин тост сөрөйүмө түшүнүп-түшүнө бербей, баятадан бери көп айтылган “арак – уу” деген сөздөн улам аракты адатынча шак тартып ийгенден коркуп, жардаган аялдардан тартынып буйдала түштү да, менин артыман колундагысын коңторуп ийди.
Ичкеним кадимки Жекемдин самашы экенин сезип, эми аялдар эмне балээнин башын чыгышар экен деп күттүм, бирок алар кечиккенде мээме бир ой кылт эте келе калып, ичимден кым дей түштүм да мени ормоё карап турган Жукачанга көз кысып алып:
– Ааа, - деп ачуу кыйкырып, көкүрөгүмдү мыкчып, тизелеп отура калып: - Жайладыңар! - деп айкырып жүстөмөнүмөн кетип, чалкаман түшүп чабалактай баштадым. Минтип ууланып өлүп бараткан адамды артистен ашык түшө туурап атсам, дагы эки кулагым тигилерде болду. Менин күтүүсүз ачуу кыйкырыгыма алгач аялча ар кайсынын башын айтып чочуп кетишкен катындар эмне кылар айлаларын таппай алактап, чуру-чуу түшүп эле калышты.
- Апей кокуй эмне болуп кетти?
- Жайладыңар дейби?
- Чын эле ууландыбы?
- Каяктагы балээге кабылдык эле!
- Кустуруш керек!
- Сүт бериш керек!
- Өлүп кетсе жооп беребиз! – ушул сыяктуу тигилердин шашкалактаган үндөрүнөн улам мен ролумду жакшы аткарып атканымды билдим, бирок Жукачандын унчукпай турганынан улам арамзалыгым билинип калабы деп кооптонуп, ого бетер чабалактап айкыра бердим. Маңырайып мени корко карап, эки колун бооруна ала үрөйү учуп турган Жукага бир маалда жетти окшойт.
- Ө-өө! - деп өгүздөй өкүрүп, артынан окшуганы угулду эле, аялдар тобу менен мени унутушуп, анын үстүнө үйрүлө калышты.
- Кус, кусуп жибер!
- Сөөмөйүңдү оозуңа тык!
- Кесип кетсин сүт бериш керек!
Минтип Жукачандын чындап окшуганынан улам анын менин жанагы көз кысканыма ишенип алып кусуп жатканын биле калдым да, айкырып чабалактаганымы токтотуп тигилерди карап өлүмүш болуп жатып калдым. Бир кезде Жукачан сорок эте өйдө тура калып:
- Өлгүм келбейт! Сактап калгылачы, суранам! Экинчи арак ичпейм! - деп аялдарга жалооруй карады. Айла таба албай турган аялдар эки жакка кайсалай карашып:
- Тез жардам чакырыш керек!
- Азыр сүт келсин,- деп күңкүлдөшкөндөрүндө ал колун кайдыгер шилтеп алып:
- Сүт, мага сүт бергиле деп кыйкырган бойдон айылдын эң жакынкы үйүн карай чуркап жөнөдү. Жуканын маңыроолугуна бир эсе күлкүм келип, бир эсе жиним келип, аялдарды алдаганыма ичимден кымылдап жатып тигилердин көңүлү кайрадан мага бурулганда демимди ичиме катып ого бетер өлгөндөн бетер сулайдым. Топурай басып мени тегеректешип бир саамга унчукпай турушуп, чочугандары үндөрүнөн билине жарыша үн катышты.
- Апей кокуй, кете бериптир.
- Дем албайт го.
- Эми канттик?
- Каяктан да арак бере калдык эле!?
- Уу экенин кайдан билдик.
- Жооп беребиз эми…
Ансыз да дем албай жаткан мени ого бетер күлкү кыстап келгенде чыдай албай «баа» - деп жарылып кеттим. Аялдардын коркогурактары өлгөн адам тирилгендегидей жүрөгүн мыкчып чалкасынан кетип, Апамана сыяктуу кайраттуулары «апей» деп чочуп, шакабама түшүнө калып ызырынып кыйкырышты. Күлкүмө ээ боло албаган мен эч нерсе укпай, сезбей ха-ха-ха, хо-хо-хо, хү-хү-хү – деп өзүмдү жогото чабалактай көмкөрөмөн, чалкаман кете каткырып аттым, каткырып аттым. Көптөн бери минтип күлбөгөн жаным топурак-чаң жолдо мамыкта жаткандан бетер жыргап күлүп атканымда Апамананын:
- Токтот күлкүңдү чочко! – деген ачуу үнүнө аралаш үстүмө муздак суу куюлганда ичиркене чочуп өйдө болуп отура калдым. Бет маңдайымда жанагы Жука экөөбүз жарымдаган бөтөштүн оозунан арактын акыркы тамчыларын сарыктырып Апамана туруптур. – Эй алкаш, кайсы арыңа күлөсүң, эмнеге мазактайсың аялдарды? – деп демиткенде күлкүмдү дале болсо толук тыя албаган мен кекечтенип атып араң кечирим сурадым:
- Ке ке, кечирип ко койгула тамашалап атам! Экинчи минтпейм, - дедим.
- Экинчи минтпейм деп койот эй. Аялдардын боюнан түшүп калса кантип төлөп бересиң?!
- Төлөп берем, төлөп бере албасам төрөп берем, - дедим мен Апаманадан сестенип турсам дагы капыс келе калган калжың сөздүн атасын өлтүргүм келбей.
- Эй, алкаш эмне деп атасың ыя?! – деп күйүп кетти Апамана. – Төрөп берем деп койот эй. Эй эмнең менен төрөйсүң? Төрөгөндөн айланган чочко! – деп ал менин жакамдан алып бир силкип өйдө тургузду. Баятадан жолдун чаңына оонап, үстүмөн ылдый арак куйдурган мен топурак-ылай боло, арак сасып жоон топ катындын ортосунда шөлбүрөп турдум.
- Кыздар, - деп Апамана мени тегеректеп турган кыз сөрөйлөрүнө кайрылды. – Мобул чочкону эмне кылалы? - деди сөөмөйү менен атып ийчүдөй болуп мени мээлей көргөзүп:
- Муну төрөтүш керек.
- Ичкенин кустуруш керек!
- Арагын таштатыш керек!
Булардын сурданган көздөрүнөн, аёо сезилбеген үндөрүнөн чындап сестенген мен жалооруй карап жагалдана сүйлөдүм.
- Кыздар, калжыңдап тамашалап атып Жукачанды аракты таштатышка жардамым тийди го.
- Эми өзүңдүн аракты ташташыңа жардам бер.
- Кыздар ушу мендей кежирге теңелбей эле койгулачы. Силер ичпе деген сайын менин өчөшкөндөй ичким келип атат. Өз жайыма койсоңор эки-үч күндө эле ичпей калат элем.
- Ишенбейбиз!
- Таштасаң бүгүн ташта!
- Эркектик сөзүңдү бер! – дешти аялдар бир ооздон.
- Мейли, - дедим буларга убада бермейин кутула албасымды түшүнө.
- Анда эмесе арак менен коштошконго даярсыңбы?
- Даярмын, - дедим оозум бош гана, бирок чындап эле жакшы жашоого чыгынгандан бетер кийимимди күбүнүп-кагынып, топурак болгон бетимди эки жеңим менен сүртүнө берип. Аялдар столдун алдынан бир бөтөлкө арак алып чыгышып мага карматышты. Булар дагы эмне кылганы турушат деп ойлонгонумча Апамана мага көтөрмөлөй да, буюра да үн катты:
- Кана Кукен баатыр, сенин колуңда оңою менен жеңиле койбос адамзаттын айыгышкан душманы турат. Мындай душманды жеңиш үчүн эрки күчтүү чыныгы эркектер керек. Сен ошондой эркектерденсиң! Анда эмесе мындай ит ичкис ичкиликти экинчи ичпейм, жашоомду артка тарткан жаман нерсени такыр оозума албайм, азаптарга азгырган шайтандын тамагын ууртамак тургай татыбайм, аялыма жек көрүнтүп, балдарыма желмогуз кылган бул немени жыттап да койбойм, эл журттан чыгарып адамдык абийирден кетирген ашаткы жыттуу ачкылды көзүм эмес көк желкемдин чуңкуру да көрбөсүн, муну экинчи иччү болсом өлүп кетейин, бок жалаган ит болоюн, эркек болбой калайын, күлгө оонаган эшек болоюн, чылада жаткан чочко болоюн, - деп туруп тетиги турган ташка чаап басып кетчи.
Мен ичимден ушул деңгээлге чейин түшкөн өзүмдү, мендей кежирге өчөшүп аракты таштатам деген аялдарды сөгүп, көкүрөгүмдө дүңкүйүп туруп алган кур намысымды баса албай, же экинчи ичсем ит болоюн, куш болоюн деп каргана албай тултуюп тура бердим.
- Оой, Кукен сага эмне болду? Эркектик эркиң кана? Сени жигит экен деп жүрсөм… Кана анда мындай кылчы… Мисалы, тетигил кара бак сени “арак ич, арак ич” деп азгырып аткан шайтан. Сенде эки жол турат, бири шайтанды угуп, арак ичип атып жаман жашоого алпарчу жол, экинчиси бизди угуп, аракты таштап жакшы жашоого карай баштап баруучу жол. Сен азыр бизди угуп экинчи жолго түшкөнү турасың. Кана экинчи ичпейм, ичсем эркек болбой калайын деп кыскача эле айтып туруп колуңдагыны кара бак – шайтанды карай ыргытчы, - деп өтүнүч менен айтып келип, – Ыргыт! – деп буйрук бере кыйкырганында Апамананы аялдар бир ооздон коштоп жиберишти.
- Ыргыт!
- Ыргыт!
8. Шактагы шакабачы
Апамананын мени балача алдап келип анан буйрук бере кыйкырганына, катындардын коштогондоруна ушул жерден жиним келип кетти, кежирлигим так кежигемден кармап, буларды кантип алдашты ойлоно баштадым. Ошентип колумдагы аракты жамандык менен жакшылыктын салмагын салыштырып аткандан бетер бир колумдан бир колума, бат-баттан алмаштыра алып, ыргытчу жагымды мелжей карай берип, мээме бир ой кылт эткенде ичимден “кым” деп алдым.
- Оо, арак! - дедим кайгыргандай түр көргөзө. Мен сени азыр ыргытам. Кош бол. Сени кайра тосуп алганымча сынба! - деп айтып айта элегимде эле кара бакты карай көкөлөтө ыргыттым да кайра арактын түшөр жерине болжоп ордуман атып жөнөдүм. Кара бактын жогорку бутактарына тийип тийбей бийик көкөлөп, күнгө бир жарк этип алып кулап түшүп келаткан аракты жерге тийгизбей шап эттире тосуп ала калдым. Мээ сага! Заматтын ортосунда жасап жиберген бул кылыгымды аялдар аңдап түшүнгүчө, артымдан жүгүргүчө өз шамдагайлыгыма ыраазы болгон мен бөтөштү чөнтөгүмө тыга салып кара бактын ылдыйкы бутактарына асылып тартынып, өйдө карай чыга качтым.
- Карма, жет, качты! –
- Алкаш, түш!
- Алдамчы эркек эмес экенсиң!
- Акмакты шыйрагынан тарт!
- Кулап түшкүр!
- Асылып калгыр! – деп кыйкыра жетип келген аялдар бакка чыгып бара албагандарынан айласыз ажылдап атышкандарында мен өзүмдү бакка чыга качкан мышыкка, аялдарды бак түбүндө арсылдап үрүп турган иттерге окшоштуруп ийдим. Киши кулачы жеткис жоон, кара бактын дубал бою бийиктей берген жериндеги чоң бутакка ыңгайлашып отуруп алганымдан кийин туура эмес кылганымды түшүндүм, күнөөмдү моюнума ала кечирим сурап кирдим.
- Оо сулуулар, кечиргиле акмакты. Кыздар, кыздар жансоога бер алкашка. Мырзайымдар, алдыңарга жыгылам. Оо, энелер, кулдугум бар, кулдугум. Асылзаттар асылдыкты көрсөтчү. Оо катындар, экинчи катын десем катып калайын. Оо аялдар, ары жокту аяп кой, - деп колумду боорума ала, алданып калгандарына ызаланып, эми мени эмне кылышты билбей калган аялдарга жогортон төмөн жалооруй карасам алар мунумду шылдың катары кабыл алышып, ого бетер жинденишти:
- Өлүгүңдү көрөйүн өлө элегиңде түш жерге!
- Жабырабай жап жаагыңды!
- Чымчыктай сайратпай сайып түшүрүш керек!
- Акматты чакырып, атып түшүрүш керек!
- Бакты кыйыш керек!
Чын дилимден кечирим сураганыма жеп ийчүдөй жек көрүү менен ызылдаган ызырынуу менен жооп берген аялдарга таарына түшүп ызам менен чөнтөгүмдөгү аракты сууруп чыгып, оозун бир тиштеп жулуп алдым да:
- Оо аялдар, кана силердин үлбүрөгөн назиктигиңер? Кайда силердин ысык мээримиңер? Кайда кеткен аялдык асылдыгыңар. Кайда айкөл кечиримдүүлүгүңөр? – деп туруп бөтөштү оозунан эле култ-култ эттире жутуп-жутуп алдым да, ачуурканган тейде оозумду басып, бир саамга унчукпай отуруп анан жоошуган тейде эсиме келе калган бир тосту шашпай айта баштадым.
Бир токойдо эрди-катын эки чымчык жашайт.
-Уя салалы, жаным,- дейт ургаачы чымчык жаз келгенде.
- Салбай эле койбойлубу, анын эмне кереги бар? - деп жалкоолонот эркеги. Ургаачысы айтканынан кайтпай көгөрүп туруп алганында менден бетер кежир, “эркек эч качан аялдын айтканын аткарбашы керек” деген сөздү жашоодогу ураанына айланткан эркек чымчык түгөйүнө мындай дейт:
- Мейли, салса салалы, бирок уя салчу нерселерди мен ташыйын, сен мен эмне алып келсем ошону менен унчукпастан уяны курайсың. Кокус алып келгендеримдин бирөөсүн эле жактырбай турган болсоң эч нерсе ташып бербейм деп шарт коёт. Буга ургаачысы унчукпай макул болгонунда эркек чымчык ичинен “буюрса уя салышкандан кутулдум” деп кымылдай жакын жердеги арбайып-тарбайып куурап турган курч тикендин бутактарын ташый баштайт. Эркек бир тикенди жеткирет - түгөйү унчукпайт, экинчи тикенди алып келсе аны да үндөбөй алып уяга басат. Үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, онунчу, жыйырманчы тикенди алып келет. Түгөйү унчукпай уясын сала берет. Ошентип аялы алып келгендерин ана-мына жаратпай коёт деген үмүттө эркек чымчык кечке иштейт, жалаң тикендерди ташыйт. Унчукпаган аялы бир кезде уяны да салып бүтөт. Тикенден салынган уя да уя болчу беле, чымчыктын эмес, кирпинин жатагы болду болуш керек деп ойлоп уяга тикенге чактырып албайын деген тейде акырын баш багат, кооптоно бут койот. Бирок уя ал ойлогондой сайгылак эмес, тескерисинче жумшак жана эң ыңгайлуу болуп чыгат. Буга оозун ачып катуу таң калган эркек чымчык аялынан сурайт:
- Бир дагы жылуу-жумшак нерсе берген эмес элем жалаң тикенден кантип муну курдуң?
- Жаным, кечке жардам бергениңе ырахмат. Сенин сайгылак тикениңе өзүмдүн үлпүлдөгөн назиктигим менен ысык мээримимди коштум эле ушундай сонун уя пайда болду, – деп аялы күйөөсүнө ыраазы болот. Анда эмесе тикендей каксоо эркектерди жаумшарткан, бирок кийинки кезде биздин аялдарда аз кезигип калган үлпүлдөгөн назиктик менен ысык мээрим үчүн ушул аракты алып жиберейин, - деп бөтөштүн оозунан култ-култ эттире жутуп алдым эле самашым капортосуна түшө качты. Айткан тостумду укмаксан болгон аялдар эми өздөрүнчө күңкүлдөшө сүйлөшүп, чакыртылган Акматты күтүп көңүлсүз тартышты. Менин болсо денем жибип, көңүлүм көтөрүлө кадыресе кызый түшүп сүйлөгүм эле келип калды.
- Оо сулуулар, силердин бүркөлгөн кабагыңар биздей эркектердин жашоосун караңгылатат. Жарк этсеңер жашоо-керемет. Ошол үчүн, сиздердин кабагыңыздардын камы үчүн жөн отурбай анекдот айта отурайын, деп оюма азыр эле келе калган анекдоту айта салдым.
- Бир чоң тойдо «ич, ич эле ич» - деген кыстагандардан кутулуш үчүн аялдар ичимиш болуп, үстөлдүн алдына төккөн арактарды жыттап, жалай берип, мас болуп калган мышык эшикке чыга калса, ашөпкө ичкендердин кусундусун жеп атып лайлып калган иттер кубалап жөнөшөт. Мышык көнгөн адаты менен дайыма чыга каччу дарагына жетсе, ал түбүнөн кыйылып жерде жатат дейт. Бирок мас мышык муну байкабай эле жерде сулк жаткан бакты кырдаган бойдон баш жагына жетип кутулганына сүйүнүп отуруп калса, жетип келген иттер жанында ыркырап турушат дейт. Корккондон да мурун катуу таңгалган мышык:
- Оо Кудай эмкинин иттери дагы бакка чыга баштаганбы!- десе, коркуп кеткен мас иттер артын бир карап алып, каңк-каңк эткен бойдон тоголонуп баратышат дейт. Ха-ха-ха, - деп өз сөзүмө өзүм күлүп калдым эле аялдар күлмөк тургай акшыя карашып, колдору жетсе мени тытып жиберчүдөй жинденишти.
- Жап, жаагыңды алкаш!
- Эй акмак, бизди кимге окшоштуруп атасың?
- Сен мышык, биз ит экенбиз да ээ!?
- Итти көрсөтөбүз сага!
- Итирейген өлүгүңдү көрөйүн, колго бир тиерсиң!
- Кулап түшөр күнүң кайда?!
- Оо айымдар кечиргиле мендейди жакшы ой менен жылмаюу тартуулайм деп атып жиниңерге тийип алдым, - деп чын пейлимден кечирим сурап келип, кучунашым кайра кармап кетти. - Бирок ушинтип ажылдай берсеңер адамдын досу болгон бир жаныбардын өзү болуп калат экенсиңер, - деп каткырдым эле аялдар буга айла жок турбайбы дегендей бири-бирин карап унчугушпады.
- Оо кыздар, өзүң эмнеге окшошуп турасың деп сурабайсыңарбы?
- Сен эшекке окшоп турасың.
- Маймылга.
- Чочкого.
- Таппадыңар. Билип алгыла анда. – Эгер мас эркек жерде оонап жатса чочко болот. Ичип алып эшейип басып жүрсө эшек, бакка чыгып алса маймыл, а бакка чыгып алып сайрап атса эмне болот?
- Чымчык.
- Сагызган.
- Карга.
- Оо бийкечтер, буларыңар сайрабайт да! А мен сайрап атам болгондо да булбулдай сайрап атам.
- Булбулдан айлан!
- Чайрап атам деп коёт куураган тантык.
- Келжиреп атат да булбулмун деп койот эй.
- Бутакка чыгып алса эле булбул болот бекен?
- Алкаштын дымагын көр эй.
- Мейли, - дедим. – Булбул болбосом мейли. Бирок булбулсуң деп көтөрмөлөп койсоңор көкөлөп уча качмак деле эмесмин. Ошентсе да зеригип кеттиңиздер окшойт участковоюңар келгиче эрмек болуп турайын. Анда эмесе сөзү экс бөтөлкөлөшүм Томпойматтыкы, обону элдики, аткаруучу капаска түшкөн булбулуңар, бакка камалган кургуруңар Кукен, - деп салтанаттуу жарыяладым да, арактан бир чоң ууртап, тамагымды нымдап алып, отуруштарда далай ырдалган Томпойматтын ырларын чозуп кирдим.
Кечир аял мендай болгон кежирдин,
Калжыңдарын, кечире алсаң кечиргин.
Ич, ич десең ичпей таштап коймокмун,
Ичпегин деп какшап атып ичирдиң.
Ат-Башы, Нарын, Куланак,
Ичсең арак уланат.
Накаут кеткен эркектер,
Аялга жетип куланат.
Биз ичпесек, арак завод банкрот,
Өндүрүшүң тиштеринен кир сорот.
Биз ичпесек, соода каны айланбай,
Оборотуң болуп калат наборот.
Быстровка, Кант, Токмок,
Бош жүрөбүз колоктоп.
Куйсаң куйчу арактан,
Кала электе кан токтоп.
Арак деген акса дагы кранда,
Аздан ичсе, арак кирбейт арамга.
Душман дешет адамзатка аракты,
Бул душманды бузгун, ичкин, кыр анда.
Жумгал, Кочкор, Ырбачым,
Сезимтал тура ургаачың.
Сезимталың чын болсо,
Сепейип барам куй бачым.
Арак деген билиш үчүн уу даамын,
Арак деген билиш үчүн суу даамын.
Уу болсо да, суу болсо да алып кой,
Алга келген ырыскыңар бу дагын.
Кара-Балта, Сокулук,
Аялзаттын аты улук.
Асылзатка жарашпас,
Каяктан чыкты сойкулук.
Эркек деген жумуру баш айры бут,
Аял деген балага эне, үйгө кут.
Ачарчылык аракка болсо экен,
Нан, чай, этке элибизде болбой жут.
Барскоон, Тамга, Кара-Кол,
Биздин заман нанга мол.
Барчылык үчүн алалы,
Токчулук үчүн анда ошол.
Адал жесең арам кылат курсагың,
Табияттын ким төгүндөйт бул заңын.
Арак деген ар заманда валюта,
Ичкендерге эч бир түшпөйт курсу анын.
Жалалабад, Токтогул,
Баш жазганга жокто пул.
Комерсант аке жазып кой,
Чоң сооп болот накта ушул.
Кызыл ысык үшкүрүктүү сары чайдан,
Эт артык ов болсо дагы бир чайнам.
Көп күндөргө көрнөк болсун ушул күн,
Кездер келсе арка жакка кылчайган.
Ноокат, Сузак, Араван,
Кылдырайт турмуш арабаң.
Жашайбыз кантип деген сөз,
Башыңды кылат барабан.
Адамда не турпак дене, үзүм жан,
Анан тагдыр бардан жокко сызылган.
Жоруктарың жомок болуп айтылсын,
Мындай адам болгон деген ысымдан, -
деп анда-санда бөтөш менен “өбүшүп” коюп, “өбүшкөн” сайын кызый, кызыган сайын эргип, дегеле бакка эмес, сахнага чыгып алгандан бетер баарын унутуп, Томпойматтын толгон-токой ушул сыяктуу куплеттерин куп келтире созуп атканымда төмөндөн участковой Акматтын заарлуу чаңырыгы чыкты:
- Ээй чочко түш жерге!
Мен селт чочуганымда бутум бутактан кылт деп тайып, жогорку чырпыктарды чапчый карманып араң токтодум эле. Төмөнтөн табалаган күлкү угулду. Боюмду эптеп кармап, оюмду чуктай берип өлө албай атып каяша айтып калдым.
- Чочко деген бакка чыга албайт, мен булбулмун.
- Чочкосуң! Чочкону деле аракка тойгузуп койсо бакка чыгып кетет.
- А бирок чочко канча мас болсо да сайрай албайт, ырдабайт, - дедим мен моюн бербей.
- Чочко экениңди азыр жерге түшкөнүңдө билесиң, - деп ызырынган бойдон Акмат бакка чыга баштады.
Бул жини менен бактан кулатып ийчүдөй андыктан жанатан ойлоп койгон оюм боюнча мен да өйдө карай тырмыштым. Жогорулаган сайын бак ичкерди ийилди. Чырпыктарга бут койгон сайын кычырады. Ага аралаш аялдардын чочулаган үндөрү угулду.
- Кулап өлөт эми.
- Мас болуп калды.
- Акмат жөн койчу аны.
- Кулап кетсе биз күнөөлүү болобуз.
- Эми эмне кылдык?
- Таза балээ эми болбодубу.
- Кантип түшүрөбүз эми.
Кызуулугуман улам учуп өлөм деген ойдон калган мага аялдардын күйпөлөктөп корккондору, Акматтын кайра жерге түшө баштаганы жага бербей калды да, чөнтөгүмө тыккан аракты сууруп чыгып, түбүндө калганын шыпкай жутуп, бөтөлкөсүн ылдый таштап жиберип, элдир-селдир эсиме түшө калган ырды кайра созо баштадым:
Бакыттын кушу учаанак,
Таалайдын аты качаанак.
Кыбырайт куурал ошончо,
Жыргалың өтсө канча бат.
Күтүүнүн көзү үңүлчөөк,
Өмүрдүн гүлү күбүлчөөк.
Кадырды кайдан билпекпиз,
Күттүрбөй күтпөй бир жүрсөк.
Бар байлыктан бакты улуу,
Бактыга бирдей серт сулуу.
Чын сүйгөндөр сөз эмес.
Сүйлөшөт жүрөк аркылуу.
Жылт этип өчкөн эсиңден,
Өткөн соң баары көз ирмем.
Баардыгын басып бараткан,
Мезгилде учур көзүр бейм.
Ким жарамдуу, ким брак,
Кимде мөмө – жалбырак?
Бааңды турмуш көргөзөт,
Баратса да кылдырап...
19. Чочколор менен чок ортодо
Кадимки кара бакка жерге менин боюмча жеткирбей чоң коңгуроо илип коюшуптур. Буга катуу таңгалып, айлана басып, алдына өтүп, ичин карамакчы болгонумда так алдымдан жез кемпирдей сүрдүү Апамана пайда боло калды. Селт этип чочуп, селейип катып не кыларды билбей калганымда Апамана:
– Арак ичпе! - деп бүт күчү менен коңгуроону түрткөнүндө ал күүсү менен келип башыма зың дегиче бир бир тийди. Башым сынып кетчүдөй ооруса да денемди аркан менен ороп-чырмап туруп, жерге бутумдан орнотуп койгондон бетер ордумдан былк эте албай туруп калдым. Аңгыча бир жак капталымдан:
– Өөй, арак ич, - деген Жекембайдын күрүлдөгөн үнү угулуп, моюн толгоп карай бергенимче болбой, ал дагы коңгуроону мага карай түрттү эле так жанагыдай мээме зың дей түшүп бир тийди.
Башым ооруп басылгыча Апамана кайрадан:
- Ичпе, - деп коңгуроону башыма зың эттире кагып калды. Ошентип коңгуроону “ич” - деп бирөө, “ичпе” - деп бирөө алмак-салмак түрткүлөй беришти. Мээм зың-зың-зың этип чыдатпай баратса да, денем таш болуп калгандан бетер тура бердим жадагалса башымды катканга дарманым жетпеди. Зың-зың-зың...
Бир кезде коңгуроо да, Жекенбай, Апамана да жок болуп кетти да, зыңылдаган баш оорум гана калып, көзүмдү ача бергенимде көпкөк асман көрүндү. Бакылдап сүйлөп аткан Апамананын үнү угулду:
-...Кукен кандай гана киши эле, арактын айынан минтип адам наркынан кетип, чочколор менен чочко болуп, чылада жатат. Буга ким күнөөлүү? Өзү! Арак келип мунун оозуна өзү куюлган жок. Кимде ким мындан кийин ичсе так ушундай болот...
Уйку соонун ортосунда уккан бул сөздөргө түшүнө бербей бир жак капталыма оодарылганымда так маңдайыман кызыл жүлжүк көздүү, тегерек мурундуу коркулдап жаткан чочкону көрүп чочуп кеттим. Ошондо жер таяна өйдө болуп отура берип, эки жагыма карандым. Оо шерменде болбой калайын! Эки жагымда эки чочко тыгыз жуушап жатыптыр. Бүткүл айылдын эли чакан тосмого камалган чочколор менен мени тегеректеп турушкан экен. Мына сага!
Айылдаштарымдын шылдыңдай да, мыскылдай да, аяй да караган көздөрүнө көздөрүм урунганда жети өмүрүм жерге кирип кете жаздаса да, бирөө шибеге менен май куйрукка сайгандан бетер ордумдан секирип турдум, бирок жанымда жаткан чочколордун бирөөсүнүн бутун басып алдым окшойт, чайкылдап ордунан атып туруп, ары-бери чуркаганында ага чалынып жыгылып кала жаздадым. Чындап эле күлкүлүү көрүндүмбү же калп каткырыштыбы айтор айылдаштарым жапырт бышкырып жиберишти.
Мазам чыгарыла мазакталган, абдыраганча абийирим төгүлүп, бул жерден качып кеткенден башка аргам калбаганын сезип, өлбөгөн төрт шыйрагымды сүйрөп, артыма шылдыңчыл каткырык менен топураган көпчүлүктү калтырып, туш келген жакты карай качып жөнөдүм. Булардан минтип качып кеткеним менен өзүмдөн-өзүм кантип качып кутулам? Өзүмдү-өзүм жектеп, жерип, шакмар болгон кийимимдин сасык жытынан жийиркенип, арактан тапкан баш оорума шерменде болгондон жабышкан сарсанаам кошул-ташыл боло, кайда баратканымды карап да, ойлоп да койбой жолдун борпоң топосун бортулдата кечип кете бердим. Бул кебетем менен үйүмө барып балдарыма көрүнгөндөн, аялымдын көзүнө тике карагандан тартындым. Аракты ичпе деген аялыма, Апамана сыяктуу катындарга өчөшүп алкаш атка конуп, бүт айыл аңыз кылып, далайга айта жүргөн шерменделүү жорукка кириптер болгонума арданып, чындап эле бир жактарга безип кетмей болуп адымдап бараттым. Тоо арасындагы жалаң кыргыздар жашаган айылга алгач чочко алып келишкендеринде аны биринчи жолу көргөндөр сымал үй-үйлөрдөн баш баккан, терезеден караган айылдаштарым мага, биздин айылдын эң акыркы аракечине таңгала да, жийиркене да карап турушту. Ошентип кетип баратсам артымдан “Ичпечи апа, ичпечи” деген ырды “ичпечи ата ичпечи” деп которо салышкан кечээки Апамана баштаган беш-алты катын ыйламсыраган ыргакта ырдап коё беришти:
Ичпечи ата, ичпечи,
Ичпечи ата, ичпечи...
Муну укканда менин куйкам катуу курушуп, кучунашым кайра кармады. “Булар болбосо мен минтип шерменде болмок эмесмин, ичкенде кандай болбосун үйгө жетип жыгылчу элем. Чочколордун короосуна ушулар алып барып салышты болушу керек. Ичпечини буларга азыр көргөзөйүн! - деп ойлогонумча болбой оозум кургап, чыла даамданып, мээмде зыңылдап коңгуроо кагылып жатканын дароо сезип, ачуум менен баш жазууну ойлоп да койбогонума таңгалдым. Өзүмдү кармап, эки жагымды каранып алып, кайда баратканымды билдим да, дароо бурулуп, Жекенбайдыкын карай туура салып жөнөдүм.
10. Чалгы менен баш жазганда
Мунуму дароо байкаган аялдар ого бетер “ичпечилеп” киришти, жөн эле кошок кылып кошуп жиберишти. Жекембайдыкына жакындап, анын арак толтурулган зор бөтөлкөсү күнгө койкоё жаркырап, кургаган оозума шилекей жаратып, аны кылк эттире жута берип, кулактын кужурун алган катындардын бул кошок сымал ырына чыдабай кеттим да, артка бурула калып:
– Жоголгула мастандар! - деп айкырып, жерди кайсалай муштумдай болгон ташты ала калып, тап бердим эле коркуп кеткен тигилер: “Аай” – деп баштарын калкалай жалтанып, артка кетенчиктей беришти. Кулагым тына түшүп, муштумдай ташымды таштабастан, зор бөтөштүү дүкөнгө жакындадым эле аяктан багжаңдай күлгөн Жекем бир колуна бөтөш, бир колуна стакан ала чуркап чыкты да, кучак жая берип ыраазы боло бакылдады:
– Оо кайран гана Кукеним, кайран гана кырааным катындарды куп гана келтирдиң да ха-ха-ха, хи-хи-хи. Кечөөкүңчү... Кечөөкүңдү хи-хи-хи угуп алып, күлүп атып боорум эзилип калды ха-ха-ха. Жарайсың жигит деген шок болушу керек, шок болбосо жок болушу керек. Эркек деген эч качан катындарга башкартпашы керек. Ичип-жеп, ойноп-күлүп доорон сүрүшү керек!
Башка учур болсо Жекемдин мактоосуна дердейе түшүп кабыл алат белем, бул жолу эмеле эле шермендем чыга шылдыңдалып келген жаным мунусун какшык катары түшүндүм да, ачуум келе түшүп, жинимди сөзүмө кошуп чыгарып жибердим:
- Жеке эмне деп турасың? Сени деген айыл өкмөтү дейт, бир айылдын атасы дейт. Атабыз болуп туруп ичкин дейсиң, арак берип атасың. Уялбайсыңбы. Кечөөкү кылгандарым үчүн бүгүн өзүм уялып атсам кайра туура кылдың деп кубаттайсың да! Биз ичпесек арагың өтпөй калат да ээ!
Менин бул сөзүмө чок баскандай секирип, эмелеки эле багжаңдай мактап аткан оозунан эми ак ит кирип, кара ит чыга калды:
- Омэ-эй, эмне дейт мобул алкаш!? Уялбайсыңбы дейби? Уятты сен да билесиңби? Уялсаң карачы алдагыл кебетеңди. Чочко болуп калыптырсың Чочко!
Чочко деген сөз Жекемдин оозунан чыгары менен ташка айланып келип, менин чокума тийгенден бетер теңселе түштүм да, арданганымдан ички ызам, жиним, намысым, бир убакта көңүлүмдөн оргуштап көтөрөлүп ызырына кыйкырдым.
- Ким чочко!? Чочкону азыр көрсөтөм! - деп ташым менен тап бердим эле, жүрөгү түшкөн Жекемдин колунан стаканы менен арагы ыргып, өзү эки колу менен башын калкалай берип, дүкөн түбүнө бүрүшө калды. Жаны таттуу неменин бул кебетесине бир эсе күлкүм келип, бир эсе шерденип не кыларды билбей буйдала түшүп, адатымча мындай кысталышта башыма бир жакшы ой келе калмам кармап, ичимден кым деп алдым да, артыма кетенчиктей берип дүкөн үстүндө толтура арагы менен турган бөтөштүн түп жагын мелжеп колдогу муштумдай ташым менен берип калдым. Шаңгыр-шуңгур, тарс-турс эткен үнгө аралаш түбүнөн сынган зор бөтөш нары карай кулап, ичиндеги арагы бери карай атырылып дүкөндүн терезеси менен Жекемдин башы ылдый жаба берди. Мына сага! Дайыма алчыланта кийип жүрчү шляпасы аракка агып, суюк, узун чачтары чекесине жабышып, бүткөн боюндагы кийиминен арак сарыктыра шөлбүрөп өйдө боло берген Жекем бир саамга буулуга түшүп, анан “ооф” - деп бетин жууган аракты эки колдой аптыга сыдырып алып, ачуурканган тейде ач айкырыкты салды:
- Карма-а! Алкашты карма-а!
Бул ызы-чуудан Жекемдин бүт үй-бүлөсү аржак-бержактан чуркап чыгышып, бой жеткен эки уулу мени качырып сала беришти. Сестене түшүп, кетенчиктеген бойдон барып Жекемдин коругунун тосмосуна такалдым. Айлам түгөнүп, аржак-бержакка кайсалай карасам, тосмого жөлөнгөн чалгынын сабы чыгып туруптур, аны ала калып эле жакын келип калган экөөнө тап бердим. Куралчан менден айбыгышып, кол сала албай арытадагы дубалга жөлөнүп турган айрыларга чуркашкандарында булар менен чабышсам соо калбасымды сезип, тосмодон ашып түшүп, чалгыны ийиниме арта салган бойдон Жекенин коругу аркылуу чуркап өтүп, айыл четине чыктым. Айылыма киргис болуп шылдыңдалган, өлбөгөн төрт шыйрагымды сүйрөй куугунтукталган жаным не кыларды, кай жакка барарды билбей саамга далдырап турдум да, жиним менен баардыгына ушулар күнөөлүүдөн бетер аянт четинде жыш өскөн коко тикендерге чалгы шилтеп калдым. Чалгы курч жана колго эптүү экен тикендерди ыдыратып эле түштү. Шарт! Душмандарды, жек көргөндөрүмдү жыга чапкандан бетер буга моокумум кана түшүп дагы-дагы шилтедим. Шарт-шарт-шарт. Эч нерсени эстегим, ойлогум келбей чабыкка алаксыгым келип бат эле аянт четиндеги коко тикен сыяктуу отоо чөптөрдү шылып жиберип аянтка көз жибердим. А бул аяк-башы эки-үч бута атым аянтта белден өйдө буралып келип кыпкызыл гүлүн ачкан солкулдаган сүт беде бүгүн эртеңден калса сөңгөк болуп кетчүдөн бетер чалгы тилеп, көйкөлүп өсүп турган экен.
- Эмне болсоң ошол бол! - деп көйнөгүм менен шымымды чечип туруп, тоголоктой кармап тетигинден ары ыргыттым да, бул кимдин бедеси экенине түк кызыгып койбой, аянттын так ортосу ченден кериле чалгы шилтеп, артыма кең сол таштай бедени чаап жөнөдүм. Шарт-шарт-шарт. Чөптүн кермек жыты мурдумду өрдөп, кыймылдаган сайын денем жибип баратты, шартылдаган чалгы үнү мээмдеги зыңылдакты кесип, жаман ойлорумду басып, баш оорумду жазып баратты.
Ошентип катуу кирген күүм менен аянттын тиги башына бир тынып койбой, чалгы шилтеген бойдон чыкканымда көл-шал түшүп тердеп, шалдырай чарчаганым менен башымдагы зыңылдаган баш оорунун жаңырыгы да калбады. Чалгыны таштап, аянт четиндеги дөңгөчкө көчүк басып артымда калган кенен аянтты кесип өткөн солума көз жиберип, бери карай келаткан аялымды көрдүм. Эки-үч күндөн берки жоруктарымды эстеп, оюмдан өткөрүп, күнөөмдү сезгиче суусундугун көтөргөн аялым да келип калды.
Ал эч нерсе болбогондон бетер, мурунку жай турмушубуздагыдай эле жароокер гана үн катты.
- Муздак максым алып келдим, ичип алчы, каның катты го, - деди.
Чоң күрүшкөгө көбүртө-жабырта куюлган муздак максымды кылкылдата жутуп атып, аянттын этегине көз жиберип, чалгыларын жаңы гана шилтеп менин солумду кеңейте башташкан бөтөлкөлөштөрүмдү көрдүм...
Аягы
1997-2007.19.03.
Баетов-Бишкек