Дантес менен Пушкиндин дуэли – Дантестин көңүлдөшү үчүн өч алуусу

1837-жылы 27-январда (жаңы жыл санак боюнча 8-февралда) Александр Пушкиндин  барон Жорж Шарль Дантес менен тагдыр чечер дуэли болгон. Ошондо ок жеп, эки күн өткөндөн кийин улуу акындын жан таслим болушу бүткүл орус коомчулугун чоң кайгыга салган. Ар кандай катмардагы адамдар өзүлөрү сүйүп окуган чыгармалардын авторунун өлүмү үчүн чындап күйүт тартып, бул жаман окуянын келип чыгыш себеби тууралуу түрдүү сөздөрдү, чын-жалганы аралаш божомолдорду угушуп, алар жылдар өткөн сайын уламышка айланган.  

Жаш карьерист

Барон Жорж Шарль Дантес (1812-1895-ж.ж.) узак жана кызыктуу өмүр сүрдү. Ал Эльзаста француз дворянынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын атасынын Зульцта имениеси бар болчу. Жаш жигиттин ата-энеси роялисттик көз карашты карманчу. Башкача айтканда, алар Наполеон Бонапартка да, республикалык башкаруу формасына да каршы турган монархисттер болчу.

Дантестин өмүр баяны белгилүү жазуучу жана адабиятчы Викентий Вересаевдин «Пушкиндин жашоосу. Пушкиндин жандоочулары» (2011-ж.) аттуу китебинде баштан-аяк баяндалган. Автор анда Жорж өспүрүм кезинен эле офицер болууга даярдана баштаганын, ушул максатта Париждин алдындагы Сен-Сир шаарчасындагы аскер окуу жайында окуганын белгилейт. Бирок анын бул максаты Карл X Бурбонду тактан алган 1830-жылдагы  июль революциясынан улам ишке ашпай калат. Бул окуяда Дантес роялисттердин катарында көтөрүлүшчүлөр менен салгылашат, бирок монархияны жактоочулар жеңилүүгө учурайт. Мындан улам жаш дворян окууну бүтпөстөн атасынын имениесине кайтып келет.

Ошентип Жоржго Францияда өзү кыялданган аскердик  карьераны жасоо келечеги жок экени айкындалгандыктан ал таякелеринин көмөгү менен  1833-жылы прусс принци Вильгельмдин кол алдына барат. Бирок Германияда ага болгону унтер-офицерлик гана кызматты сунушташат. Мындай вариант Дантести канааттандырбайт. Ошондуктан принц Вильгельмден орус падышасы Николай Iге сунуштама кат алып чыгышты карай жөнөйт.

XIX кылымда Орусияда карьера жасоого умтулган чет элдиктерди жакшы кабыл алышчу. Мындан улам Батыш Европанын жолу болбогон дворяндары орустарга чоң үмүт менен кызмат жана жаркын келечек издеп барышчу. Ал эми биздин каарманыбыздын жолу жакшы болуп, Петербургга жете электе эле таасирлүү колдоочуга жолугат.

Камкор аталуу болуу

Бул тагдыр чечүүчү жолугушуу Берлинден Петербургга бараткан жолдогу конуп-түнөп өтүүчү жайлардын биринде болгон. Жорж ооруп калгандыктан жол боюндагы мейманканалардын биринде айыкканча болууну чечкен. Ошол эле конок үйүнө Голландиянын Орусиядагы элчиси Якоб Теодор Борхардт Анна ван Геккерн де Беверваард (1792-1884-ж.ж.) эмгек өргүүсүнөн кайтып келатып токтогон. Жаш жигит дипломатка абдан жаккандыктан кетип калбай жеке өзү камкордук көргөн.  Айыккандан кийин Жорж Геккерн менен бирге Орусияны карай жол тарткан.

Питер шаарынын имиштерин изилдеген беделдүү окумуштуу

Наум Синдаловский «Пушкиндин чөйрөсү. Легендалар жана имиштер» (2012-ж.) китебинде Голланд элчисин эч тартынбай эле гомосексуалист атаган. «Петербургдун ак сөөк чөйрөсүнө кирген Геккерн дароо эле өзүнүн тартипсиз гомосексуалдык жоруктары менен белгилүү боло баштаган. Мындай кызтекеликке ал алыска сүзгөн кемеде юнгалык кызматты аркалап жүргөндө үйрөнгөн. Кебетеси ал бузулган жыныстык кумарын көп деле жашыра бербегендей, анткени төшөктөш жаш балдарды «коллекциялоону» Петербургда ачык эле жүргүзгөн»,- деп Н. А. Синдаловский өз эмгегинде ачык эле жазган.

Изилдөөчүнүн айтканы боюнча Геккерн менен Дантестин жыныстык мамилеси борбордун ак сөөк коомуна толук маалым болгон. Мындай бир кызыктай мамиле А. С. Пушкиндин айрым замандаштарынын каттары менен эскерүүлөрүндө ачык да, кыйытуу менен да жазылат.  Мисалы, князь Александр Трубецкой (1813-1889-ж.ж.) өз эскерүүлөрүндө Я. Геккерн менен жыныстык мамилесинде Ж. Дантес пассивдүү роль ойногонун болжолдогон.

Орус  аристократы мындай деп жазган: «Ошол кезде жогорку коомдо бугрство» өтө өнүккөн…» Түшүндүрө кетсек; француз тилинде bougre деп жазылган бул сөз орусча «парень» дегенди билдирет. Бугрствону жогорку коомдо кээ бир эркектердин боз балдар менен ойношчулук кылуусу деп сыпайы түрдө түшүндүрүшкөн.  

Биз Пушкиндин замандаштарынын мындай божомолдору канчалык туура экенин эч качан биле албайбыз. Бирок факты мындай: эч качан үйлөнбөгөн Я. Геккерн Ж. Дантеске бүт бардык жагдайларда ар тараптан жардам берген. Голланд дипломаты жаш жигиттен жардамын аябаган, ал Жоржду өтө жоомарттык менен камкордукка курчаган, бир паска да көңүлүнөн чыгарбаган. Геккерндин арты менен Орусияда Дантеске кең келечектин эшиги ачылган.

Ал жогорку коомдун үлпөттөрүнүн сүйүктүү коногу болгон, укугу жок болсо да Кавалергард гвардиялык полкуна дароо эле корнет офицердик чининде кабыл алынган. Анын үстүнө 20 жаш улуу камкорчусу Жоржду бүт байлыгынын мураскери катары жарыялап, расмий түрдө өз баласы катары каттаткан. Көптөгөн замандаштары Я. Геккернден мындай алпейимдикке жетелеген жоомарттыкты жана адамды сүйө билүүчүлүктү сезишпегенин, тескерисинче, ал башкалар менен сүйлөшкөндө тоңдоосун экенин, дегеле жароокер мүнөзүн байкашпаганын белгилешкен. Бирок мындай мамиленин Дантеске тиешеси болгон эмес.

Пушкиндин айланасындагы кумарпоздугу

А. С. Пушкин менен Ж. Дантестин эрөөлгө чыгышынын негизги себеби: француз офицеринин акындын аялынын айланасында ачык эле чар көпөлөк айлануусу болгону баарыга белгилүү. Бирок көп изилдөөчүлөр тагдыр чечер дуэлдин негизги себеби таптакыр башка экенин болжоп келишет. «Пушкин Дон Жуан болгонбу?» (2014-ж.) китебинин автору Александр Лукьянов мындай деп белгилеген: “Ошол кездин ак сөөк коомундагы көрүнүктүү мырзалар кечелер менен кабыл алууларда сулуу айымдарга ачык эле кам көрүшкөн, бирок мындай мамилелешүүлөр эч нерсени чечкен эмес». Албетте, Наталья Пушкина (кыз кезиндеги аты-жөнү Гончарова) чыныгы орус сулуусу болгондуктан көптөргө жаккан, бирок Дантес бир гана акындын аялына үзүлүп түшө мамиле кылбаган. Чынында эле ал аялдардын чоң сүймөнчүгү болгон.

Жорж Наталяга жароокер мамиле кылып, мактоолорго көмүп салган, кечелерде бирге бийлеп, мазмуну романтикалуу каттарды жазган. Бирок ал кезде мындай иштер катардагы жоруктардын бири катары саналчу. Мындай кам көрүүлөрдө эч кандай жазык болгон эмес. Анын үстүнө офицер Наталянын эжеси  Екатерина Гончарованы олуттуу түрдө сүйүп калып, мунун натыйжасында ага үйлөнгөн.

«Дантес Пушкиндикине көп барчу. Ал башка сулууларга тартылгандай эле Наташага (ал чындап эле адеми кыз болчу) ачык айланчыктачу. Бирок өтө берилип кеткен эмес.  Офицердин Лизадан (Пушкинанын горничныйы) берип жиберген каттары эч кандай мааниге ээ эмес эле. Анткени ал кезде бул жорук салтка айлана жаздаган көнүмүш адат болчу. Пушкин да аялына Дантес аша чаап үзүлүп түшүп жатпаганын, экөөнүн мамилеси олуттуу эместигин билгендиктен кызганбаган…» - деген сыяктуу княз А. В. Трубецкийдин эскерүүлөрүнөн А. В. Лукьянов мисалдарды көп келтирген.

Жорждун ак сөөк коомдун айымдарына жасаган мындай жылуу мамилеси өзү менен Геккерндин гомосексуалдык байланыштарынан улам жаралган ушактарды жабуунун бир аргасы болушу да мүмкүн экенин замандаштары жокко чыгарышпайт. Анда эмне үчүн акын менен офицердин чыры дуэлге чейин өсүп жетти?

Кээ бир изилдөөчүлөр тагдыр чечер эрөөлдүн себеби Пушкиндин Дантестен аялын кызгануусу эмес, акындын Я. Геккернди таарынтканы экенин жазышкан.

«Эгер ошол дуэлдин алдында эл оозунда жүргөн кептерге ишене турган болсок, дуэлдин эң негизги себеби Пушкиндин ойнош болуудан баш тартып, карт Геккерндин шагын сындыруусу болуп саналат», – деп болжолдойт Н. Синдаловский өз китебинде.

Голланд дипломатынын чектен чыккан кумарпоздугуна күбө болгон замандаштарынын пикирлерин эске алганда мындай болжол да “жашоого укуктуу”. XIX кылымдын 30-жылдары А. С. Пушкиндин абдан таанымал акын жана популярдуу адабиятчы болгонун эстөө эле Геккерндин ага болгон кызыгуусу жогору болгонун болжолдотот. Анын үстүнө Пушкиндин өзгөчө өң-келбети жана өтө жигердүү кыймыл аракети элчинин кумарын ого бетер козуткан. Кыскасын айтканда, эгер мындай болжолдордо чындыктын үлүшү көп болсо анда Геккерндин сойкучул аракети башталбай жатып эле жол болбостукка учураган. Анткени акындын эч кандай кызтекечил пейил-адаттары болбогон же азыркы тил менен айтканда гомосексуалдык жорукка ыктабаган.

«Орден Рогоносцев»

Көп өтпөй А. Пушкинге карата тымызын түрдө согуш ачылган. В. В. Вересаевдин «Пушкин жеке жашоосунда. Пушкиндин жандоочтору» китебинде 1836-жылы 4-ноябрда акын  диплом сыяктуу шөкөттөлгөн анонимдүү пасквиль (бирөөнүн кадыр-баркын түшүрүүчү открытка сыяктуу кат) алат. Александр Сергеевичтин ар-намысын тебелеп, аны кемсинткен сөздөр жазылган мындай пасквиль анын бир нече досу менен тааныштарына да келет. Катта мындай деп айтылат: «Рогоносцев (рогоносцев - аялы солго барган белгилүүлөрдү мазактаган аталыш, бул байыркы Рустан бери айтылып келет) ыйык Орденинин Биринчи баскычтагы кавалерлери, Командорлор жана Рыцарлар жана анын улуу даражалуу башчысы Д. Л. Нарышкин Александр Пушкинди Рогоносцев Орденинин гроссмейтеринин орун басарлыгына жана Ордендин  историографтыгына бир добуштан шайлашты».

Ошол кездин ак сөөк жаштарынын арасында мындай мазактоо кадимки эле катардагы көрүнүш болчу. Алар өз чөйрөсүндөгүлөргө аракечтик, сугалактык, акмакчылык, келесоочулук, аялына алдануучулук боюнча күбөлүктөрдү, жана башка тастыктамаларды тез-тезден жиберип турушкан.

Александр Сергеевич өзү болсо кандайдыр себептен улам бул жоруктун артында Я. Геккерн жана анын кабыл алган баласы турганынан күмөндөнгөн эмес. Ошондон улам алардын ортосунда териштирүү болуп, жыйынтыгы дуэлге жете жаздап аз жерден калган. Тактап айтканда, Дантес Пушкиндин кайнежеси Екатерина Гончарованын колун сурап, ал макул болгондуктан Пушкин жаңы бажасы менен мамилени териштиргиси келбей калган.

Бирок Я. Геккерн акындын аброюна шек келтирүүсүн токтоткон эмес. Ал Наталья Николаевнанын күйөөсүнүн көзүнө чөп салганы тууралуу ушак-айыңдардын таралышына жигердүүлүк менен аракет кыла берген.

Тепкичтеги жаңжал

Кээ бир изилдөөчүлөр белгилүү акын Василий Жуковскийдин дуэлдин жагдайлары боюнча жазган баянына көңүл бурушкан. Анын темасы « Геккерндин дүйшөмбү күнкү акынга келиши жана тепкичтеги уруш» деп аталат. Анда 1937-жылдын  25-январы күнү Геккерндин эмнегедир Пушкинге келгени, ал эми акын голландиялык дипломатты үйүнө киргизбей экөө ошол жерде уруша кетишкени баяндалат. Мындай болушунун ар түрдүү божомолдору эзелтен бери айтылып келет. Алардын көрүнүктүүсү тарых илимдеринин кандидаты Михаил Сафоновдун «Тепкичтеги жаңжал же Пушкиндин өлүмү тууралуу дагы бир уламыш» макаласы «Петербургдун тарыхый журналына» (№ 3, 2015-ж.) жарыяланган.

 Я. Геккерн менен Пушкиндин тепкичтеги урушуп кетүүсүнөн кийин бул чатакташуунун аягы дуэлге өсүп жетип, эки жакка тең андан буйтап өтүүгө болбой калган. Мындан улам мыйзам ченемдүү суроолор туулбай койбойт: бул жолу да (ошондо да абдан орой түрдө) голландиялык дипломат Пушкин менен жыныстык мамиле түзүүгө аракет кылганбы же ортодогу чыңалууну жумшарткысы келгенби? Мындай суроолорго эч ким жооп бере албайт. Бирок акын ушундан соң (тактап айтканда 1837-жылы 26-январда) ачууга алдырып, элчиге мындай мазмундагы кат жазган: «Уятсыз кемпир сыяктанып сен менин аялымды баардык булуң-бурчтардан аңдып жүрүп, ага баккан балаңдын сүйүүсүн билдирип тындың. Ушул учурда Дантес сифилис менен ооруп үйдө жатса да, анын аялыма болгон сүйүүсүнөн улам ал өлгөнү калганын айтыпсың…» Акын өзүнүн үй-бүлөсүн бузууга багытталган элчинин аракетин дал ушундай мүнөздөгөн.

Абройлуу кишини уятсыз кемпирге салыштырганы өтө төмөн кемсинтүү болчу. Пушкиндин Геккернди ушинтип атоосу жөн жеринен болбошу мүмкүн. Анан да акын дипломатты бүт коомчулукка шермендесин чыгарам деп коркуткан. Бул жерде Пушкиндин Геккернге карата кандайдыр компроматы бар экени айдан ачык көрүнүп турат. Кат голландиялык дипломатка түз багытталып, Дантеске кыйыр гана тиешеси болуп турса да, бул кавалериялык полктун офицери дароо эле Александр Сергеевичти дуэлге чакырган. Кебетеси ал өзүн баласы катары кабыл алган адамдын ар-намысын талашууну милдети катары көргөн окшойт.

Пушкин катында коомчулукка аялынын ойношу катары көрсөтүлгөн Дантеске тикелей доо-талаптарды койгон эмес. Ал болгону француз  офицерин чыр-чатакчыл элчинин колундагы курал катары көрсөткөн. Эрөөлдүн жыйынтыгы баарына белгилүү.

Улуу акындын өлүмү бүткүл элдик нааразычылыкты жараткан. Мындан улам Я. Геккерн Орусияны таштап кетүүгө мажбур болгон. Ал эми Ж. Дантес XIX кылымда дуэлдерге катуу тыюу салына баштагандыктан сот чечими менен өлкөдөн чыгарылган.

“Кириллица” сайтынан алынды

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз