Каймана аттары менен белгилүү болгон акын-жазуучулар

  • 28.12.2023
  • 5631

Бири өзүнүн чыныгы аты-жөнү өзүнө жакпагандыктан каймана атты тандаса, экинчиси өзүнүн жеке жашоосуна башкаларды аралаштыргысы келген эмес. Эмнеси болсо да каймана ат менен белгилүү акын-жазуучулардын чыныгы аттарын билип коюу ашыктык кылбас.

Анна Ахматова

Анна Андреевна — ак сөөктөрдүн тукумунан чыккан. Анын атасы флотто кызматын өтөп бүткөн инженер-механик Андрей Горенко кызынын акын болуп, алардын фамилиясына көлөкө түшүрүшүн каалаган эмес. Мына ошол себептен ал жаш кезинде эле каймана ат – чоң энесинин кыз кезиндеги фамилиясын алган.

Анын чоң таятасы легендарлуу алтын ордонун ханы Ахмат болушу толук ыктымал. Күйөөсүнөн ажырашкандан кийин Күмүш кылымдын эң мыкты акын кызы фамилиясын биротоло Ахматова кылып өзгөртүп алган.

Максим Горький

Окурмандарынын сүймөнчүгү болгон белгилүү жазуучу фамилиясын гана эмес, ысымын да өзгөрткөн. Алексей Пешковдун (анын өзүнүн чыныгы аты-жөнү ушундай) биринчи каймана аты — Иегудиил Хламид. Чыгармачылыгынын башталышында ал өз чыгармаларын провинциалдык газеттердин беттеринде ушундай ат менен чыгарган).

Максим Горький деген каймана ат менен биринчи жолу 1892-жылы “Кавказ” деген гезитте “Макар Чудра” аттуу аңгемесин бастырып чыгарган. Кызыктуу дагы бир факт: Москвада “Алексей Максимович Горький атындагы адабият институту” бар (Максим Горький же Алексей Максимович Пешков эмес).

Илья Ильф

Жазуучуга ылайыксыз узун фамилия Ильи — Файнзильберг, кыскартылып «ИФ» же «Илья Ф», а кийинчерек Ильф деген каймана атка айланган. Дагы бир версияда бул каймана ат улуту еврей жазуучунун —аты-жөнүнүн баш тамгалары болуш керек деп айтылат (Иехиел-Лейб Файнзильберг).

Козьма Прутков

1803-жылдын 11-апрелинде Пробир палаткасынын директору, анык статтык кеңешчи, 1-даражадагы ыйык Станислав орденинин кавалери, ыр, тамсил, пьесалардын жана санат сөздөрдүн автору Козьма Петрович Прутков «бул жарыкчылыкка» келген.

Чындыгында Козьма Прутков — бул «Современник», «Искра» жана башка басылмаларда  XIX кылымдын 50–60-жылдары төрт мыкты акындын: Алексей Толстой, бир туугандар Алексей, Владимир жана Александр Жемчужников дегендердин биргелешип басып чыгарган чыгармаларынын алдында коюлган каймана ат.

Козьма Прутковдун сатиралык ырлары, санаттары жана өзүнүн образы акыл-эстин сенектигин күлкүнүн оту менен куйкалап, учурундагы адабиятты пародияга айланткан.

Корней Чуковский

Белгилүү жазуучу, котормочу жана адабиятчы Корней Иванович Чуковскийдин туулганы, ысымы да окуялуу романга окшош. Николай Васильевич Корнейчуков полтавалык дыйкан аял Екетарина Корнейчук менен жакшы үй-бүлөдөн чыккан петербургдук студенттин никесиз туулган уулу болгон.

Бир нече жыл бирге жашагандан кийин атасы мыйзамсыз үй-бүлөсүн, кызы Маруся менен уулу Николайды таштап кеткен. Николай никесиз төрөлгөндүктөн метрикасында атасынын аты жазылган эмес. Чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринен баштап эле “Корней Чуковский” деген каймана ат менен жаза баштаган. Кийинчерек, ага Иванович деген жалган аталышты кошуп алган. Революциядан кийин “Корней Иванович Чуковский” анын чыныгы аты-жөнүнүнө айланган.

Льюис Кэрролл

Дүйнөдө бардыгы сүйүп окуган “Алиса Укмуштар Өлкөсүндө” деген чыгарманын жаратуучусу документи боюнча Чарльз Лютвидж Джонсон деген адам болгон. Ал өз аты-жөнүндөгү тамгаларды орун алмаштыруу аркылуу Льюис Кэрролл деген каймана ат жаратып алган деген версия бар.

Ал өзүнүн сатиралык чыгармалары менен аңгемелерин өз аты менен чыгара албайт болчу, анткени ал университетте математикадан сабак берчү, болгондо да анын англис чиркөөсүнүн диакону деген чини боло турган. Кербезденген викториандык мезгилдин убагында жеңил баалуу чыгармаларды жазуу даражасы чоң Джонсон үчүн уят иш болгон.

Марк Твен

Марка Твендин чыныгы аты — Сэмюэл Ленгхорн Клеменс. Ал өзүнүн каймана атын жаратууда дарыянын тереңдигин ченөөдө колдонулуучу сөздү пайдаланган: “ченөө – эки” (mark — twen).

“Ченөө – эки” (mark — twen) – бул дарыянын кеме жүрүүгө боло турган тереңдиги. Бул сөздү жаш Клеманс пароходдо машинист болуп иштеп жүргөндө көп уккан.

Жазуучу өзүнүн каймана аты-жөнүндө бир убакта минтип жазган жери да бар: “Мен журналист катары жаңы жаза баштаганда мага каймана ат керек болду... ошол тандап алган ысым ташка тамга баскандай айныгыз чындыктын белгиси, символу болуп калышы үчүн бардык аракетимди жумшадым... Бул максатымдын кандай орундалганына өзүм баа берсем, туура болбой калчудай”.

Омар Хайям

Анын акылман сөздөрү айрымдардын социалдык тармактардагы жеке беттеринен түшпөйт. Бирок анын чыныгы аты-жөнүн мындай кой, ошол акылман ойлор Омар Хаямга тиешелүү экендигин бардыгы эле биле беришпейт. А анын чыныгы аты-жөнү: Гийас ад-Дин Абу-ль-Фатх Омар ибн-Эбрахим Хайям Нишапури.

Персиялык чебер Омар ибн-Эбрахимдин уулу акын, математик, философ жана астроном болуп чыга келген. Бүткүл дүйнөдө ал “чатыр тигүүнүн чебери” Омар Хаям” деген ат менен белгилүү. Анткени акындын адабиятта тандап алган каймана аты, анын үй-бүлөсүнүн кылган ишине карата тандап алынган (чатыр тигүүдө колдонулган кездеменин перс тилиндеги аталышы “хайма”).

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз