О`Шакир: Ностальгия

  • 09.01.2021
  • 3005

АҢГЕМЕ 

Биз анда студентпиз. Эрте-кеч шыңаарлаганыбыз кыздардын комнатасы. Кайсы кыз жатакананын тияк башындагы кухнядан бияк башындагы өз бөлмөсүн көздөй мискей көтөрүп өтсө, шылтоо издеп артынан жетип барабыз шимеңдеп...

Шылтоону убагында таап, артынан жетпесең бүттү. Куру калдың. Анда эле бизден жалкып бүткөн кыздар бөлмөлөрүн ичинен илип алганча шашат. Бышкан ашты аңдыган сомодой жигиттердин бирөө-жарымы баш бакты дегиче бөлө талашып жеп кетерин билишет да. Кыздардын тамак бышырган идиши деле жарытып курсак тойгузарлык эмес, ашып кетсе Кожомкул балбандын котушундай кенедей мискей. Анан ошол кенедей мискейден канча киши тоюнат дейсиң. Бирок ошого болбой аш аңдыткан заман келбедиби...  

СССР империясы эшилген кумдай жок болдубу? Жок болду. Ошондон кийин Совет өлкөсүнүн берекелүү рубль акчасы өзүбүздүн сомго алмашылып, жаңы чыккан акча көзүбүзгө чоочун көрүнүп, же аны эсептегенди билбей, башыбыз айланып эле калды. Жаңыга көнүш кыйын тура. Акчанын кунун ажырата албай эл алеңгир. Тыйын дегени чыкты, анысы төрт бурчтук болгон түстүү жука кагаз, бетинде мамлекеттик гербге түшүрүлгөн куш сүрөтү. Төрт бурчтук кагазды тыйын дешке болобу, болбойбу деп жүрдүм көпкө. Башкалар кандай кабыл алганын билбеймин, мен ошол төрт бурчтук кагаз тыйынга чөнтөгүм толуп турганы менен бирок эч ооз толтуруп тыйын дей алчу эмесмин. Чөнтөгүңө салыш да ыңгайсыз эле, чүрүшүп-бүрүшүп бүктөлүп калчу. Төрт бурч тыйындын ыңгайсыздыгын чоңдорубуз кийин араң түшүндү окшобойбу, көп өтпөй ошол калдыркандай жука кагаздар колдонуудан чыкты...

Мурда сары чака, ак чака деген түрдүү монеталарды карагайга ургулап ойногон кумар оюнубуз болчу эле. Тыйынды кырынан урасың. «Тыйын жарыш» дечүбүз аны. Чурулдап-чуркурап ойночубуз. Кимисиники башкалар соккон тыйындын жанына жакын барып түшсө, ошол утчу. Аралыгын карыштап ченечүбүз. Салаабыздын арасы айрылгыча чойчубуз... Кимдин карышы узун болсо, ошол шумпай башкалардын тыйынын шыпырып кетчү. Ошон үчүн алыс черткенге аракет кылчубуз, башкалардыкы жетпесин деп. Алыс черткенди билбесең чөнтөгүңдүн түбү кагылганча утуп алышат. Оюн эмес бекен а... Кумар эмес бекен...   

Агер монетаңдын бетинде Лениндин башы болуп, ошол Лениндин башын карагайга ургулап ойноп атканыңды мектеп деректири көрүп калган болсо, конторасына кулагыңдан жетелеп кирчү. «Милийса чакырып келип карматайынбы?!» деп коркутчу. Бир сомдук ал кезде улуу жол башчынын башы жабышылган монета эле да. О анда Ильич атабыздын башын карагайга урат деген эмне шумдук? Карагайга ургуламак түгүл Лениндин сүрөтүн кагаз бетине түшүргөнгө тыйуу салынганын укчубуз. Кимде-ким улуу жол башчынын сүрөтүн кагазга чийсе түрмөгө кесилерин ата-энебиз эскертчү...

Бизге демократия келгени ушу: өзүбүздүн өлкө башчынын сүрөтүн тартмак тургай, башынан ылдый жугунду куйсаң да эч ким, эч нерсе дебейт. Бирок кеп анда деле эмес, кеп – тээ илгерки биздин тыйын жарыш жөнүндө болуп атпады беле, кыздардын мискейин аңдыганыбыз жөнүндө баратпады беле кеп.

Башка кыштактын балдары муну ойночубу, жокпу билбейм. Биз жактыктар ошентип ойночубуз. А төрт бурчтук жука кагазды карагайдын бооруна ура алмак белең. «Ушу кантип тыйын болсун?» дедик биринчи көргөндө эле. Сөздүн кыскасы, кагаз тыйындар пайда болгонуна көзүбүз да тойгон жок, курсагыбыз да тойгон жок. Кенедейден тыйын жарыш менен чоңойгон жаныбыз төрт бурч кагазга ыраазы болбодук...  

Анан бала кезибизде бир «Чертмек» деген шумдук оюнубуз бар эле да... Баш бармагыбыз менен асманга черткен тыйыныбыз тээ бийикке көкөлөп учуп, жерге кайра келип түшкөнчө жүрөгүбүз колтуктун алдынан «булт» этип сыртка чыгып кетчүдөй туйлачу. Агер жерге түшкөн сөлкөбайдын бетиндеги СССР деген жазуусу көрүнсө, кайырмакка балык илингендей сүйүнчүбүз. Себеби кимдин тыйынынын СССР бети өйдө караса, уткан киши ошол болчу. Ата-энебиз үйгө келген кезде керээлдин кечке чертмек ойноп кеткенибизге ачуулары шакардай кайнап, чекебизге ошол сары чака, ак чака тыйындарды толгочу. Менин да чекеме далай мерте толгошту. «Экинчи жолу ойногонуңду көрсөм шыйрагыңды чагам» дечү атам. Бирок кумар деген кумар да, болбой эле азгырыктын артынан түшкөнүм калчу эмес. Азыркынын балдары бул оюнду билбейт. Бул оюн бүгүнкү замандагы балдардын кампүтердеги Zuma, Dota 2, Counter-Strike Global Offensive азгырыгынан өткөн укмуш эле да.

Муну айтып отурганымдын себеби, союз кулагандан кийинки акчабыздын берекеси кетип, нанга жетпегенден кыздардын ашын аңдычубуз. Уят-сыйытты жыйыштырып салып эле кирип барчубуз. Айтканыбыз болор болбос шылтоо. Ошондо да кыргыздын пейили укмуш, ошол пейилди көрүп өсүп шаарга келген элеттик кыздарыбыз улагадан аттаган кишини «Даам ооз тий» дебей коёбу. Дейт да. Дегенде эле кашыгына кол сунуп, адегенде ыймандуу кишидей ооз тийесиң. Андан кийин «Ой-бо-ой... Сонун бышырыпсыңар» деп мактамыш болуп дагы бир сузуп, артынан дагы... дагы бир кашык сугунасың. Кашыгың тарелканын түбүнө жетип чыйкылдаган үн чыкканда кыздардын итиркейлери келет. Сагабы же тарелканын түбүн кырган кашыктын үнүнөбү билбейм, айтор, «ии-й!» дешип кулактарын баса калышат. Кашык менен тарелканын кыйчылдаган үнүнөн ачка кишинин эле итиркейи келбейт, кыйчылдактан ток киши эле сетиркейт. Ошондо гана Кожомкул балбандын кочушундай мискейдеги тамактын далайын жалмап койгонуң эсиңе келет. Ал аздык кылгансып үстөлдө турган жарты бөлкө нандын жарымын алып бурдайсың, анысы нан эмес эле тогуму жок болбураган бирдеңке. Ичи көңдөй. Өлкөбүзгө эгемендик келген жылдары ошондой ичи көңдөй бөлкө нан жеп калганбыз. «Жашаганыбыз эгемен өлкө, жегенибиз ичи көңдөй бөлкө» деп ырдачубуз анда. Нык бөлкө табылбачу.

Ошол заман келгени элдин пейили бузулбадыбы. Биздин жатакананын кыздары эле эмес, бирөөнүн босогосун аттасаң баягыдай «Даам ооз тий» дечү адат калып баштады элде. Пейилди жокчулук тарытат окшобойбу.  

Адатта айылдан киши келип автовокзалга түштү дегичеби... охо... көтөрүнчөктөрүнөн курут, май, сүрсүтүлгөн эт, ышталган кымыз, сүзмө, талкан жыттанып, алар отурган троллейбус, автобус да элет жыттанып, шаарга айылдын куту, берекеси кирип келгендей сезилчү. Айрыкча жылкычы абам шаарга келип, вокзалдан түшө бергенде эле мурунга кымыздын жыты өрдөп, жайлоонун жыты көкүрөгүмдү азгырып турчу. Башкалар шаарга атыр куюнуп келсе, жылкычы абам гана жакшылап ышталган сабаа жыттанып келчү. Азыр андай айылдын жыты жок шаарда.

Биз студент болуп турган жылдары ошол кут, ошол береке жоголду. Келгендерди вокзалдан тосуп алсаң эле ыйлап башташат: «Айылда иш жок күн өтпөй калды»; «Совхоз тарап, малын өткөрүп бердим»; «Колхоздун чарбасын колунда барлар талап алды»; «Бир койдун башы эки шише арактын баасы»; «Эл Чүй, Бишкекке көчкөнүнөн биз да келдик»... Ый-муңун төккөн кыргыз толуп кетти шаарда. Биринин артынан бири көчүп келген туугандар андан...   

Шаар эмес айылдын куту кеткен ошондой кезеңде – жокчулуктун кээри уурулук кылдырат экен: бир мерте Тимур деген курсташым экөөбүз уурулук кылдык. Кесээрип ачка отурабыз тиктешип. Кедейдин кердени курусун. Тимур досум «жүрү барып, таякемдикинен курсак тойгузуп келебиз», – дегенинен экөөбүз ач карышкырдай жортуп жөнөдүк. Барсак, таякесинин үйү бек. Кечке сагааладык. Келбеди. Огородун шыкааласак, үзүп жээр эч нерсеси жок. Түн жарымы болордо түңүлүп, жатаканабызга кайра келатабыз шылкыйып. Курсак курулдайт. Түнкү саат он экилер чамасы. Кабырылган экөөбүз кантип курсак тойгузарды билбедик. Эптеп жатаканага бутубузду сүйрөп келсек, кухняда чоң ак мискейде бирдеңке боркулдап кайнап атат. Шилекейибиз оозго келгенин айтпа. Не кылыш керекти ойлондук.

Балээ болсо да өзөк жалгаш керек болду. Эки жакты карасак, жан киши көрүнбөйт. Баары уктап калгандай. Бөлмөбүзгө кирдик да, уурулугубуздун жигин билдирбегендей план түзүп, кайра коридорго чыктык. Бирибиз эки жакка көз салып, экинчибиз мискейди көтөрүп жөнөдүк. Жан киши шек алган жок. Дабышыбызды чыгарбас үчүн тарелка, кашык, вилкаларыбызды да эбак даярдап койгонбуз. Мына анан бышкан тамакты тарелкаларыбызга салаарга келгенде, булоолонгон мискейдин ичиндеги кызыкты көрүп ал... Сузуп, табагыбызга салалы десек эле ичиндеги балээ – наристенин жалаяктары!

Өмүрүбүздө экөөбүздүн тең ошондогудай шаабайыбыз суубаса керек. Шалдайып отуруп калдык. Азыр бул айтканым күлкүлүү болгону менен ошондогу мостоюп үшкүрүнгөн Тимур экөөбүздүн абалыбызды силер кайдан түшүнөт элеңер... Өңгүрөп ыйлагыбыз келди...   

Бир убакта коридордон «Баламдын жалаяктарын ким көтөрүп кетти?!» деген үн чыкты. Бирок биздин абал мискейдин ээсинен да аянычту болуп турду.  

Жатакана тынчтанып калган маалда, терезени ачтык. Көчө жым-жырт. Айланада караан көрүнбөйт. Мискейди өзүбүздүн терезенин тушунан алыс ыргыттык. Көчө жак «калдыр-шалдыр» жаңырды. Терезени шарт жаап, керебетибизге куладык.

Көп өтпөй каалгабыз тарсылдап, жанагы мискей издегендин үнү:

– Ай, балдар... Ачкылачы.  

Биз не кылышты билбей, эбак уктап калган киши болуп үн чыгарбай жатабыз.

– Ай, жигиттер, тургула. Мынабу мен апкелгенди муздай электе жеп алгыла.

Муну угуп, анык балээге эми кабылган экенбиз дедим. Тиги каалганы такылдатып туруп алды. Көп өтпөй күйөөсүнүн үнү чыкты:

– Эмне ачпай атышабы?  

«Эми өлдүк» дедим. Ачпаска арга калган жок. Туруп, каалганы ачтым. Чын эле жыты мурунду жарган манты көтөрүп келиптир. Көтөрүп келгенде да «Ушуга жарылып өлгүлө» дегенсип чоң тарелкага очойто салыптыр... Күйөөсү жанында турат, букадай буржук моюн. Сүрүнө караганда – шилиден алса, мискей ыргыган терезеден Тимур экөөбүздү камгактан бетер учура тургандай...

– Экинчи ууру кылбай жүргүлө, жигиттер... – деп жылмая караган маңдайыбыздагы эженин мээрими күйөөсүнүн айбатынан да өтүп кетти.

Уяттан артык өлүм жок экен мындайда. Экөөнүн алдында тилибизди жутуп алгансып, кирерге жер табылсачы. Менин көзүм мантыдан мурда күйөөсүнүн колундагы биз терезеден сыртка ыргыткан мискейге кадалды. Идишти тааныдым. Бир капталы гана ташка урунуп майышып калганы болбосо, дал өзү. Күрсүйгөн күйөөсүнүн маңдайында шөлбүрөп... «Эми соо койбойт, – дедим ичимден. – Мына сага деп, майышкан мискейди башыбызга кийгизет...»

Бирок андай болбоду.

– Йе баатырлар, – деди мыскылдуу.

«Баатыр» деп кыргыз илгери үйүр-үйүр жылкы чаап качкандарды айтчу эле, минтип эми жалаяк уурдаган бизди «баатырлар» дегенин не айкөлдүк, не кер какшык, не балээ деп түшүнсөк экен...

Бизди «баатырлар» деген байкебиз өзү анык баатыр, анык айкөл белем:

– Мунун жарасы жеңил... – деп койду сабырдуу, – Майрыйган мискейди түзөп алса болот, бирок жаман жолго түшкөн адамды түзөш кыйын...  

«Кебездеп мууздады» дедим ичимен... Ушундан көрө Тимур экөөбүздү жаткыра, жаткыра урса сооп болор беле, же манты апкелип бергендери сооп болдубу?..

Март-апрель, 2016-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз