Адабий изилдөө

  • 12.01.2021
  • 3316

Ашыглык ырларын Барпы апызга тете ырдаган Тайгара

Жумаев Тайгара тууралуу тарыхчы-санжырачы Нурсултан Кубанычбек уулу мындай маалымат берет: «Азыркы Токмок-Булактын (Ак-Булак айылынын күн чыгыш жактагы маалеси) күн чыгыш тарабында эл жашаган конуш болгон. Ал конуш Уч деп аталган экен. Тайгара Жумаев 1885-жылы ошол жерде төрөлгөн. Чоң атасы Пирманбет чоң мерген болгон. Тайгаранын да Суу-Дөбө, Доолан жактарда куш кармаган жери бар экени айтылат. Ал дуба менен оорууларды байлап, дем салып көптөгөн ооруларды кайтарткан экен. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941-1945) Тайгара бир топ жашка барып калгандыктан Кызыл-Кыяда шахтада эмгектенген. Кийин колхоздо да активдүү иштеген.

Тайгара Жумаев эл оозунда аталган төкмө акын болгон. Анын төкмөлүгү кыйлага жетип, алыскы аймактарга барып айтышып келген учурлар да болгон.

Анын: Алты кат асман астынан,
Жети кат жердин үстүнөн,
Акзирек деген ыр чыкты,
Аз гана Куртка элимден, – деген сыяктуу ырлары эл оозунда унутулбай сакталып жүрөт. Тайгара Жумаев 1981-жылы 1-августта дүйнөдөн кайткан» [1]. 

Ал эми башка бир булактарда [2] анын туулган жылы 1894-жыл деп көрсөтүлөт. Бул, туулган жылдары, албетте, тактоону талап кылат. Анын согушка алынбай, «эмгек фронту» деп Кызыл-Кыя шахтасына иштөөгө жиберилгендигине караганда биринчи факт (1985-жыл) туура болушу да мүмкүн. Ал жүз жылга чамалаш жашаган. Анын туулган жери азыркы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылы. Адигинен Бөрү уруусунун Атакесинен тараган Куртка уругунун Назар тобунан тарайт.

Ал туулган айыл тоонун түбүндө. Тайгаранын атадан калган өнөрү куш таптап, куш салуу болгон, б.а., саятчылык менен күн көрүп, куш алган жан-жабырларды кармап, сатып жан баккан.

КР УИАсы «Эл адабияты» түрмөгү менен китептерди чыгарып келет, ошол китептин 38-тому «Ош областынан чогултулган фольклордук материалдар» деп аталат. Ошол китепке [3] Тайгарадан жазылып алынган (айтыш өткөндөн бир топ жылдан кийин болуу керек) «Тайгара ырчынын Зайир ырчы менен айтышы» берилет. Айтыш Таш-Куй деген жерде өтөт, кайрак орокко чогулган элүүдөй киши экөөнүн ырдашканына күбө болот. Орокчуларга ысык тамакка деп раис (аны ираиш деп айтат, атын атабайт) бир кунажын союп берет да, тамаша кылуу үчүн Зайир ырчы тааныбасын деп Тайгарага башын баскан калпак кийгизип, анын бул жерде жок экенин, сен ал тууралуу ырдап жүрөт экенсиң, ошону дагы бир ырдып берсең болот эле деп суранат башкарма. Ошондо Зайир ырын баштайт, ырында Тайгаранын колхоз ишине катышпай, саят тосуп тоолордо жүргөнүн, «күкүктү көрсө кыргый» дегенин, «жамансарды бүркүт деп сатып ийгенин» айтып тийиштик кылат. Зайир көп эле нерсени айткан болуу керек, негедир жазып алып аткан учурда Тайгара ырчы (анын өзүнөн жазылган) «калганын унутуп калыпмын» деп айтып бербейт.

Ушул убакта ираиш Тайгараны ачыкка чыгарат, эми сен ырда Зайир тууралуу дейт. Ошондо Тайгара өз өнөрүн мактап кирет, «саятты сахабалар тосконун», «саят тосуу бандаге сүннөт экенин», «саардан кечке саятчылар кудайлап жүрөрүн», «саят тосуп куш кармап, орозгерге сарп кылсаң, алалдан тапкан дүнүйа» деп өзүн-өзү тазалап, өзүн-өзү күнөөдөн арылтып алат. Анан Зайирбайдын кылыгын бир пас айтайын деп, анын «ырдап жүрүп, ираистан мака алганын», «Тажибайдан така (теке – эркек эчки) алганын» айтат, какшык, шылдың, кордоого өтүп, байбичесинен така сааймын деп кызык болгонун, өзүн анысы качан тууйт деп желинин караганын ж.б. кылыктарын кошуп ырдайт, муну менен Тайгара отургандарга күлкү тартуулайт, Зайирди жерге киргизе мыскылдайт. Акын абдан сөз тапкыч экендиги, бир эле мисал эркек эчки – теке таап алып, ошонун тегерегинде далай сөздү айткандыгын көрөбүз. Анын бул айтыштагы стилине юмор, гротеск деген сатиралык элементтер мүнөздүү, ал ар бир сөзүн какшык, шылдың аралаш айтып, салыштырууларды, метафораларды, эпитеттерди орду-ордуна коёт.

Анын Ботобай менен чогуу жүргөндүгү айтылат, бирок аны менен айтышы биздин колдо жок. Каар деген ырчы менен айтышканы кыска (39 ыр сабы) болсо да жазылып калган [4]. Ал текст толук эместей. Анда Каар ырчынын эмне деп ырдаганы жазылган эмес, Тайгара ага карай мындай ырдайт:

Мени менен чаглашпай,
Өз жолуңду билип жүр.
Мени менен чаглашсаң,
Тосуп коём жолуңду.
Алып коём колуңдан
Араң алган сомуңду.
Алкылдайсың, тынбайсың,
Ар кайсы сөздөн ырдайсың.
Азезил шайтан пириң бар,
Аңдаштырып турамын.
Сенин мааниси жок ырың бар.
Комузуңду тырмайсың,
Мага кайыр бергин деп,
Эшикке келип кыйкырган,
Дубанадай ырдайсың, - деп көпчүлүк акындарга мүнөздүү каршысына тосмо коюу, атаандашына катуу чабуул коюу, биринчи болуп аракеттенүү ыкмасын тандап алгандай.

Тайгара ырчыдан ушул эки акын Каар (Каарбай) жана Зайир менен айтышуусу жазылып калган, балким дагы жазылып калганы кол жазмалар фондусунда, окуу жайларынын, мекеме-уюмдардын архивдеринде, бала-чакасында бардыр...

Тайгара Жумаевдин көркөм мурастарынын ичинен «Санат» деген бир ыры жазылып калып, китепке кирген [4]. Түштүктүк ырчыларда санат-насыят, терме формасы кеңири өнүккөн, булардан ислам жазма жана оозеки адабиятынын таасири, Кураны каримдин, хадистердин идеялары таасын көрүнөт, сопу акындарынын бу дүйнө-тиги дүйнө, кулпенде, актык ж.б. идеяларын да табууга мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, Тайгара ырчыдан колубузда бир гана ыры тургандыктан анын чыгармачылыгындагы бул философиялык-эстетикалык тематика боюнча кеңири сөз кылуу кыйын. Сөзүбүз ошол бир ырдын тегерегинде гана жүрөт.

Текстти талдай келгенде бул ыр алтымыш жашынын ары жак-бери жагында ырдалса керек, өзүнүн кат билбегенин айтат, алдыда ырдалчу ырын «аксакалдар укчу ыр» деп, чыгыш акыны Машыраптын (Шах Машираб, же Маширап думана деген жер кезип жашап, философиялык, сопучулук ырларын чыгарган) айткан казалдарынын шериги экендигин баш жагында эскертип өтөт.

Эрте аттанган кеч калбайт,
Элдүү жерде ач калбайт.
Кыя бычпай тон болбойт,
Бей сагат күнү жол болбойт,
Эски пахта бөз болбойт,
Жакшыда жаман сөз болбойт.
Бири кам дүнүйө бүт болбойт,
Бирөөнүн акы сүт болбойт, - дегендей традициялуу «болбойт» сөзүнүн кайра-кайра кайталануусун көрсөк, кыйла ырчыларда дамамат кездешип жүргөн:

Жок болбой жонуң ачылбайт,
Бар болбой малың чачылбайт.
Башыңа мүшкүл иш түшпөй,
Малың арзан сатылбайт, - дегендей саптар да колдонулат.

Тайгара Жумаевдин акындык дараметин, ырчылык стихиясын көрсөткөн тема – ашыглык темасы. Алардын образ ачуу чеберчилиги, көркөмдүүлүгү жогору, бул темада ал өз саятка чыкканда салган ободогу куш сыңары эркин сүзүп жүрөт. «Эл ырчылары» аттуу жыйнакка кирген «Ашыглык ыры», «Жайнагам», «Ноодайым», «Акзирек», «Буракжан», «Динарым» деген ырлары аны ашыглык темасында абдан терең ой жүгүрткөн акын экенин, айрым учурда Барпы менен барабар турарын тастыктайт.

Философиялык санат-насыят темасы жана формасы менен махабат темасы айкалыштырылган ыр «Ашыглык ыры». Аны акын «Кең Ноокаттын элинен, Кемел-Ата белинен ырдаганын» айтып өтөт да, жергиликтүү элдин речинде кеңири колдонулган жигарим, абли, эгиз, бахар (жаз), түе (төө), гавлар (кептер, сөздөр), саар, жаңги (жаңы) ж.б. диалектизмдер колдонулат. Ырда Барпынын «Мөлмөлүм» деген ырындагы «кош алма» түшүнүгү абдан кылдат, абдан ширелүү, абдан элестүү берилет жана ал сүрөттөөлөр аркылуу Тайгара акындын жогорку чеберчилигине там беребиз.

Жайылып аккан суудайым,
Жар-Мазар тиккен туудайым.
Жан үка сиздей сулуудан
Жез чылапчын, жез чөөгүн,
Алдырып алсам Кашкардан.
Аптама менен чайдоосту
Тандатып алсам Ташкенден.
Кололуу кумган чылапчын,
Мен Кокондон алдырсам,
Күмүштөн кылган билекти,
Мен колуңа салдырсам.
Үпаң менен эндигиң,
Үч-Турпандан алдырсам.
Кас элечек четине,
Катарлап маржан чөгөртүп,
Алып кетем Алайга.

Бул саптардан көрүнүп тургандай, Ноокат элинин соодагерлеринин Кашкар, Ташкен, Кокон, Үч-Турпан шаарлары менен соода-сатык байланыштары түзүлгөнүн, колунда бар адамдар жез чылапчын, жез чөөгүн, аптама чайдоос, кололуу кумган, чылапчын дегендей тиричилик буюмдарын алдырып тургандыгын, сулуулук буюмдары катары күмүш билерикти, упаны, эндикти колдонгонун, кийимдеринин ичинде катарлап маржан чөгөрткөн кас элечек болорун билебиз. Азыр бул буюмдардын көбү пайдалануудан чыгып калгандыктан ал түшүнүктөрдү туюндурган сөздөр да речибизден сүрүлүп калды. Ушундай шартта Тайгара Жумаевдин ырларынын мааниси да өзгөчө.

Кыргыз ырчылар чыгармачылыгындагы классикалык ырлардын катарында туруучу чыгармалардын бири Тайгара Жумаевдин «Жайнагам» деген ыры. Мындагы башкы идея – сүйгөнүнө жетпей арманда жүргөн адамдын өксүгү. Сүйгөн адам – ырдагы лирикалык каарман, же акын өзү дейли. Ал эми ыр багытталган объект – Жайнак аттуу (балким аты өзгөртүлгөндүр) келин, анын күйөөсү бар, тексттеги маанисине караганда ал Араван жактан Маңгыт деген айылдан (ушундай эле аталышта уруу да бар). Акын бир жеринде «Сизди кошуп ырдадым, бир жүз он алтынчы жылында» дегени бар, демек, ал жыйырма-отуз жаштарында (1916-жылы) ырдагандай. Ага чейин ал сарт, кыргыз, ногойду аралап келгенин, азыркы бөлүштүрүү боюнча Кытай Эл Республикасынын Шыңжан аймагынын Кашкар, Тажик Республикасынын Каратегин, Оро-Төбө, Өзбекстан Республикасынын Ташкен, Жиззак облусунун Заамин жерлеринде, Фергана өрөөнүндө болуп келгенин айтат, ошончо жердин ичинен аваз кылып келсе, бул келин: «Жарим жандуу жанин жария кылат», «көзүнөн аккан жашын дария кылат».

Жайнакты салыштыруу, анын ургаачылык сулуулугун, келбетин, назын ж.б. сапаттарын ачып берүү үчүн поэтикалык речинде абдан таасирдүү, абдан жеткиликтүү, тарыхый-этнографиялык лексикаларды, фразеологиялык түрмөктөрдү, стилистикалык курулмаларды колдонот.

Мисалы:

«Асалдан шири сөзү»,
«Асилде менин гүлзарым»,
«Сен чамаңдин бир гүлү,
Биз постондун булбулу»,
«Кекилик сындуу мойну»
«Күн чырайлуу койну»,
«Көйнөгүң кызыл, бетиң ак,
Көңүлүң жумшак, дениң сак»,
«Көйкөлөгүң көрпө ичик барасындай»,
«Асилдигиң ак таңга сарасындай»,
«Кашы бара ичиктин четиндеги кундуздай»,
«Көзкинасы абадагы чолпон жылдыздай»,
«Кар деймин аппак этиңди,
Кан деймин кызыл бетиңди»,
«Тал чачиңда коңгуроо»,
«Тамагыңдан бир өпсөм,
Ташкендин жыты гүл бурайт»,
«Күн чырайлуу Жайнагым»,
«Сенин ак дөшүң бүткөн чынардан,
Кыл чачың бүткөн тумардан» ж.б.

Фольклорист жана фольклор жыйноочу Сулайман Кайыпов өткөн кылымдын 80-жылдары эле Тайгара Жумаевдин чыгармачылыгына мындай баа берген: «Анын чыгармачылыгы жергиликтүү элдик поэзия менен тыгыз байланышта. Кыргызстандын түштүгүндө аябай өрчүгөн санат, насыят жана ашыглык ырларын көп ырдап, бүткүл чыгармачылык дарамети, ырчылык жүзү ушул темадагы ырларында ачылат. Акындын өзү жөнүндө: «Санат ырды саз айтам, бирин койбой таза айтам, ашыглыктан ак айтам» деп ырдаганы да чыгармачылыгы ушул багытта өнүккөндүгүн айгинелеп турат. Ошондой эле айтыштары, жаңы турмушка карата чыгарган ырлары да анын айныбас төкмө ырчы экендигинен күмөн санатпайт». Мына ошол пикир менен толук келишүүгө болот. Өкүнүчтүүсү ал кечээ жакында, 1981-жылы, каза тапса да, чыгармаларынын кеңири жазылып калбагандыгы. А балким изилдеп отурсак, дагы да кимдир бирөөлөр жазып алган тексттерди кездештирип каларбыз.

Дагы бир көркөмдүк деңгээли мыкты туундусу – «Ноодайым» ыры. Ыр арналган келиндин аты (балким жашырып атаган ысымы болушу да мүмкүн) Ноодайым, аны «чымыны жок чын Алайдан» дейт.

Кыйладан бери кол тийбейт,
Каттабай калдым тоо жакка.
Мен – талаада, сиз – товда,
Элимде сулуу ак Ноода.
Экөөбүз эки жердебиз,
Качан бир болот бир соода.
Күңгөйүңдө бадам бар,
Күн чыйрайлуу, Ноодайым.
Күйгөндөн ырдайт адамдар
Жандамада булагың
Жандатып атым сугардым.
Айлыңа басып баралбай,
Ич амалым табалбай
Күйгөнүнөн ыр кылып,
Ноодайым деп чыгардым, - деген саптарына караганда сүйгөн адам менен сүйүлгөн адамдын ортосунда чоң тоскоолдук бар, алар: биринчиси – экөөнүн эки жактан, бири тоолук, бири – талаалык болушу, демек, тез-тез жолугушуп турууга шарттын жоктугу; экинчиси – сүйдүргөн зайыптын күйөөсү бар экендиги, калың төлөй албагандан анын жат элге кетиши. Биз башында айтып өткөнбүз Тайгара куш салган, чоң атасы да айтылуу саятчы болгон. А мындай кесиптегилер Ноокаттын Кыргыз-Атасынан ашууларда ашып, Кичи-Алайга, Чоң-Алайга кетип турган. Балким ошол мергенчилик учурунда көзүнө чалдыккан бир сулуу ушул ырдын каарманы болуп калышы. Акындын көптөгөн ырларында анын куш таптоо, куш салуу өнөрүнүн издерин кадимкидей байкайбыз: салыштырууларда, эпитеттерде, метафораларда, же жөн эле поэтикалык речинде улар, ылаачын, кекилик, кыргыек, бөдөнө, булбул, сааба чымчык, карчыга, күкүктүн сайнеги, ак аркар, көк карга ж.б. тоо канаттууларынын жана жаныбарларынын аталыштары көп колдонулат. А түгүл алар аркылуу акындын биолог-натуралисттик көрөңгөсүн да өзүнчө изилдөөгө болот.

Калемпир мончок, карсылдак,
Шуру мончок, ак седеп
Такканыңыз күйгүзөт.
Күн көргөзбөй кош алма,
Бакканыңыз күйгүзөт.
Ак аркар сындуу моюнуң,
Ак алма жыттуу коюнуң.
Сабылып жерге түшпөгөн
Сабагы каттык алмаң бар.
Сааба чымчык мен болом,
Саар туруп сайрасам,
Салкын сенин койнуңда.
Чын ашыглар өлгөндө,
Чынар терек болот дейт.
Чынар терек шагына
Булбулдар сайрап конот дейт.
Булбул менен гүл ашык,
Ноодайым менен биз ашык.
Бурма көкүл ак Ноода,
Буйруса бизге мунасип.
Айылдан чыксаң ай болуп,
Арка чачиң май болуп.
Короодон чыксаң үлп этип,
Коңур чачиң жылт этип.
Ак седебиң тагынып
Арка чачиң майини
Алайдын шибер сазындай.
Койнуңда жатсам гүл бурайт.
Көчкөндө минсең көкчөнү
Көчтүн көркү, Ноодайым.
Көкүрөктө кош алмаң,
Дөштүн көркү, Ноодайым.
Сенин мындай экениң
Биле албадым, Ноодайым.
Атайи самап мен барып,
Такаат кылып үйүңө
Кире албадым, Ноодайым, - деп ырдаганда анын ички бугу, таза ышкысы көкүрөктөн атып чыгат. Ал кыргыз элинин күйгөнбай, сүйгөнбай ырларынан, өзгөчө ичкиликтердин ашыглык лирикаларынан тартып, Барпы сыяктуу комузсуз ырдаган апыздардын, а түгүл Чыгыштын сүйүүнү сүйүп ырдаган классиктери Омор Хайям, Саади, Хафиз, Низами, Жаами, Навои, Хосров сындуу акындардын чыгармаларынан таасир алган. Ушулар чыгармаларында жыш колдонгон ыр куруудагы параллелизм, референ ыкмалары, обондуулук  Тайгаранын чыгармаларында да кеңири пайдаланылат.

Ошон үчүн Ноодайымга арнаган ырынын соңун:

Сары гүл чыгып соолгуча,
Санатың айтып ырдаймын,
Заман акыр болгуча
Кызыл гүл чыгып соолгуча.
Кылыгың кошуп ырдаймын,
Кыямат акыр болгуча... - деп бүтүрөт. Мындай финал, мындай концовка чыныгы сүйгөн адамдын айта турган кеби гана эмес, махабатты даңазалоосу, кийинки муундарга сүйсөңөр ушундай сүйгүлө деген ыбараты.

Ушул эле тематика, ушул эле мотив акындын «Акзирек», «Буракжан», «Динарым» деген ырларында андан ары улантылат. Акзирек акынды он эки жашынан оолуктуп келген кыз, аны ырдоо үчүн Таир менен Зуура да ашыглыктын баянына түшкөнүн айтып келип, эми өзү айтат. Ырга караганда экөө бир айылда өсүп, анын Акзирек оолактап Созокко турмушка чыгып кетип, ырчыны тозокко салат. Акзирек сүйбөй койчу кыз беле да, ырга салбай койчу ургаачы беле? Акын армандуу ырынын бир жеринде анын ким экенин, кандай пенде экендигин айтып өтөт:

Айылыңдан сен чыксаң,
Ак алма бурайт шамалың,
Ай көрүнөт жамалың.
Жамалың жазгы баардай,
Шабдалынын шагындай,
Шааркандын багындай
Жүзүмдүн мейиз кагындай,
Корукка бышкан коондой,
Коондун кагы бурмадай,
Көзгө койгон сурмадай.

Карабайсызбы, мындан бир кылым мурдагы акындын ой жүгүртүүсү, тилдик-стилдик багажы, эл турмушунан алынган этнографиялык салыштыруулары.

Тайгара Жумаевдин ашыглык ырлары кыргыз ырчылар поэзиясынан өз ордун татыктуу ээлөөгө тийиш, тилекке каршы, анын чыгармачылыгы тууралуу окурмандар гана эмес, адабиятты изилдөөчүлөр да жакшы биле бербейт.

Абдыкерим МУРАТОВ

Шилтемелер:

[1] Кубанычбек у. Н. Ак-Булак элинин (айылынын) санжырасы. – Б.: «Улуу тоолор», 2017. – 134-б.

[2] Эл ырчылары. Түз.: С.Кайыпов. – Ф.: «Кыргызстан», 1981. – 98-б.; Муратов А. Ноокат жана ноокаттыктар. – Б.:  «Айат», 2005. – 25-26-бб.; Ташиев А. Ноокатым – кетпес ооматым. – Б.:. «Бийиктик», 2009. – 207-б.

[3] Ош областынан чогултулган фольклордук материалдар. «Эл адабияты» сериясы. 38-т. Түз.: А.Исаева. – Б.: «Турар», 2018. – 397-402-бб.

[4] Эл ырчылары. Түз.: С.Кайыпов. – Ф.:. «Кыргызстан», 1981. – 98-99-бб.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз