Михаил Зощенко: Бирөөлөргө кайгы, бирөөлөр үчүн сырдуу окуя

  • 04.02.2021
  • 3500

АҢГЕМЕ

Бул сырдуу окуяны мага ички ооруларды жана балдарды дарылаган врач айтып берген эле.

Мен кеп кылайын деген врач, чачын текши ак басып, кыйла эле жашка барып калган неме болчу. Чачы ушул окуядан улам агарганбы же убагы келдиби, сурабаптырмын. Агарса куруп кетсин дечи, өзү үнү да кырылдап, мукактанып чыккан жагымсыз неме көрүнгөн. Үнү эмне ичкенден бузулганын ким билсин, дегинкиси сөз төркүнү анда деле эмес.

Бир курдай киши кирбегенге бук болуп, кейиштүү ойго батып, кабинетимде отургам дейт. «Азыркы бейтаптарыӊ да алчы-таасын жеп, куу болуп баратат. Камсыздандыруу карточкасы менен бекер дарылангылары келет. Мага окшоп жекече дарылагандарга баргылары келбейт, кээде туруп бейтапкананы жаап салып, басып кеткиң келет».

Ошентип ойго батып отурсам коӊгуроо чыр дей түштү.

Орто жаштардагы бирөө кирип, оор онтоп, таптакыр табы айнып турганын айта баштады.

– Жүрөгүм токтоп калчудай болуп турам. Бүгүндөн чыкпай өлүп кетемби деп да корком.

Врач бейтапты карап бүттү, корко турган эч нерсе жок. Букадай болуп соп соо эле тургансыйт, чыйраткан муруту жогору серпилген бети тамылжып, өлүп кетчү кишиге  деле көп окшобойт.

Бир сыйра текшерип чыккан соӊ, врач нашатырдын тамчысын жазып берип, көргөнүнө жети сомун кагып алды да, баш чайкаган болуп бейтапты жолго салды. Өз кесибинин эрежесин сактап, «эртеӊ келип кет» - демиш болду. Ошону менен экөө коштошот.

Эртеси ошол маалда врачка кара кийинген кемпир баш бакты. Бир далайга дейре чүчкүргөнү басылбай, шолоктоп ыйлап токтоп:

- Кечээ сизге сүйүктүү жээним Василий Леденцов келген экен. Ал байкуш түндө үзүлүп кете берди. Ошонун өлүмү тууралуу справка алсам болобу?

Анда врач:

- Өтө таӊ калып турам. Анис тамчысынан өлгөндөр өтө сейрек болчу эле. Ошондой болсо да, маркумду көрбөй туруп өлгөндүгү тууралуу күбөлүк бере албайм.

 – Эӊ эле сонун болот. Мени менен жүр, жакын эле жерде.

Врач аспаптарын алып, көлөчүн кийип (ушул жерин байкап койгула), кемпирди ээрчип тышка чыкты.

Экөө  өлүк жаткан бешинчи кабатка көтөрүлүштү. Квартирага киришти. Мындайда сасып кетпесин деп сээп койчу чайырдын жыты келди. Маркумду столго жаткырып коюшуптур. Айланта шам күйүп турат. Кемпирдин баягы чүчкүрүгү кайра башталды. Бул жагымсыз көрүнүш врачты зериктирип, кеткиче шаша баштады.

«Мен шүмшүк, карыган чакта ушунча катуу жаӊылдымбы? Жети сомун алам деп ушуну кылдымбы?»

Столго көчүк басып, справкасын шилтей салып, кемпир менен да коштошпостон жолуна түштү. Сыртка чыгып, дарбазага жеткенде көлөчүн унутканын эстеп атпайбы. Шашып атып, көлөчүн кийбей жөнөптүр.

«Жети сомун алам деп, ушул убараны көрөт экем да, кайра асмандын башына чыгыш керек. Көлөчүмдү таштабай калайын, эмне болсо да...»

Кайрадан тепкич менен кашаӊ көтөрүлүп, квартирага келди. Эшик албетте, ачык турган экен. Кирсе, маркум Василий Леденцов өтүгүнүн боосун байлап столдо отурат. Колу да, оозу да кыбырап, кемпир менен бирдемени талашып жатат. Кемпир столду айланып, шамдарды өчүрүп жатат. Манжаларын шилемейлеп алып, улам бир шамды өчүрүү менен алек.

Көргөн көзүнө ишенбей, буга врач катуу таӊ калды. Коркконунан кыйкырып жибере жаздады. Өзүн эптеп токтотуп, көлөчүн карабай качып жөнөдү. Шаша-буша үйүнө жетип, кушеткага жыгылды. Коркконунан тиши-тишине тийбей калчылдайт. Бир аздан соң өзү  элге сунуштап жүргөн нашатыр-анис тамчысын ичип, корккону басылган соӊ милицияга телефон чалды.

Эртеси күнү милиция бул окуяны баштан аяк териштирди.

Көрсө, жарыяларды жыйнаган агент Василий Митрофанович Леденцов казынанын үч миӊ акчасын катып алып, ошол акча менен качып жоголуп, башка жерден жыргал турмушту баштамак болуптур. Арам ою таш капты.

Үч айга созулган процедуралардан, көрүнгөн жерге жазылган арыздардан, өтүнүчтөрдөн кийин врачтын көлөчүн кайтарып беришти.

Дегинкиси, көлөчтүн артынан жүрүп, көп азапты көргөнү болбосо, врач башка деле жаманчылыкты билген жок.

Мага ушул окуяларды айтып берип атып, врач бир күрсүнүп алды да, төмөнкүлөрдү кошумчалады:

- Колунда жымырып алган үч миӊи болуп туруп, бул шумпай жети сомго бул дүйнө менен кош айтышмак экен. Бирок медицина жол берген жок. Акчага сараӊдык адамды эмнеге гана алып барбайт…

Которгон Солтон САРИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз