Түгөлбай Казаков: Жакшы обон чыгарыш үчүн шыктан башка да кирди-чыкты акыл керек

  • 15.02.2021
  • 4496

Биз – 2-класстын балдары мектепке баратканда ортоңку айылда жепирейген үйдүн алдында ары-бери өткөндөрдү карап бир абышка отурар эле. Алгач салам айтып жүрдүк. Жалдырап тиктеп эле алик алчу эмес.

Кечинде келатсак деле ошол ордунда отурчу. Бир күнү эле таш алып бизди кууп калды:

– Шыйрагыңарды сындырам! Биле-ем мен! Кемпириме гана көз артып жүрөсүңөр! Ал меники! Жайлайм!

Сайга түшө качтык. Кайра кайтканда анын үйүн айланып өтчү болдук. Дагы бир күнү келатсак, көчөнү көздөй жулунуп жатыптыр. Кемпири, дагы бир киши менен үйгө алып кире албай убара. Катарыбызда келаткан атчан киши:

– Ой, эмне болду? – десе, тигинин кемпири:

– Бул үшүнтүп калды, – деди. Анда чалы:

– Кемпирим өлгөндөн кийин үшүнтүп калдым! – деп чиренип жатат.

Атчан барып чалды үйүнө киргизишип чыкты да, таңыркап турган бизди карап күлдү:

– Силерден кемпирин кызганыбатып алжып калыптыр. Чалды кыйнабай үйүңөргө баргыла, – деди.

Күндөр өттү. Аңгыча айылыбыздан бир кемпир каза болуп калды. Балдар отун-суу ташып жүргөнбүз. Бир балабыз: «Баягы чал келатат!» – деп калды. Ал эч ким менен учурашпай, боз үйдүн түбүнө түптүз келип чөгөлөй калып, кийин элге дуу болгон куранын окуп кирди. Жөн окуса эмне, кыйкырат:

– Ассалоомалейким бысырак! Алейкиматсалам осурак! Суу бакан алды. Улам жылат! Улам жулат! Битриң секет! Уа Карагул! Омийн! – деп бетине батаны шуу тартты да: – Кемпирим калды! – деген бойдон үйүнө шашылыш кетти…

Айылдагылар: «Баягы бысыракты айтып койчу» – деп ушу күнгө чейин кеп кылышат.

* * *

Бир кезде согуш ардагерлери менен мектеп окуучуларынын жолугушуусу модага айланып кеткен. Алар келип согушту айтып, биздин бүйүрүбүз кызып, ар бирибиз бир нече немис өлтүргүбүз келип, а тургай арабыздан Гитикеңди (Гитлер) тирилей жетелеп келип дал биздин мектептин алдында Айдаралиевдин (ошо кездеги колхоздун катаал башкармасы) колуна салып бергиси келгендер да болгон. Айтмакчы, ал башкарма темирдей тартипти сүйгөн киши болчу. Жинине тийгенди жер ооду кылып көчүрүп ийчү. Дүкөндүн жанында мас болуп тырайып жатып калгандарды аял, бала-чакасы ойгото албай жатканда: «Айдаралиев келатат!» десең орундарынан учуп туруп, беткелди качып жөнөшөр эле. Айдоону машине менен тепсеткендер – 50 сом, атчан бастыргандар – 15 сом, жөө тебелеп кеткендер – 5 сом айыпка жыгылчу.

Ошентип бир ардагер менен бир нече ирет жолугушуп да жибердик. Алар маңызын эзип баягы эле анча чоң эрдиги жок тарыхын айтып киришет. Биз болсо отурабыз, мээбиз эзилип. Баарынан кызыгы – тирүү немис көргөн эч ким жок. Ардагерлердин эки-үчөө келбей жатат. Жеңиш күнүндө төшүнө калай шалдыратпаган бирөө бар эле, ошого бардым. Чын ниетимде эч ким укпаган эрдиги болсо гезитке жазайын деп бардым. Себеби ал кезде райгезиттин штаттан тыш кабарчысы болуп, байма-бай макала жазып, гонорар алып, өзүмө окшоп тоодон келип окуган балдардын курсагын тойгузганга жарап калгам. Ал кишини Ашыке деп коюшчу. Күрүчбек деген 53-жылкы баласы жаныбызда отурат. Жайымды айттым.

– Эмне, телегейиңер тегиз болуп, эми согуш эле жетпей жатабы? – деди.

– Согушкандардын баары эле келип айтып берип жатат ко.

– Биздин айылдан барып согушкандар бар бекен?

– Көп экен да.

– Алар согушкан эмес! Чындап согушкандар өлдү. Булар көрүнгөн орустун артына жашынып жүрүп аман калгандар! Деле кой, баатыр болуп…

– А сиз бардыңыз беле?

– Менби? Согушкабы? Бу силердин менден башка ишиңер жокпу?

– Эрдиктериңизден айтып бериңизчи, эми. Баары эле айтыбатат ко.

– Үшүнтөсүңөр анан. Болуптур, сага гана айтам. А сен эч кимге айтпа. Башкалардын ичи күйбөсүн. Балам, сен барып короо-жайды кара, – деп баласын чыгарып ийди да, баштады: – Бу согуш – эки куу муруттун азабы. Башында кеткендер Гитлерди чокуга бир чаап, согушту бүтүрөт экен десем, созуп ийишпедиби, жамандар. Анан: «Ашыке келбесе болбойт» – дептир. Жөнөдүм. Узай бергенде «Мен жок көргөн күнү не болор экен?!» – деп айылды бир карап койдум.

– Сиз анда ким болуп иштечү элеңиз?

– Үшүнтүп анан кепти бузасың да. Ук! Көпкө жүрдүк. Анан бир бадалдуу жерге токтодук. Орус камандир: «Ашыке, келдиңби айланайын. Сен жок кыйналып кеттик», – деди. Мен: «Кана немис?» – десем: «Сабыр кыл, Ашыке, бүгүн жол басып келдиң, шорпо-шилең ичип эс ал. Эртең согушасың» – деди.

– Ал сизди кантип тааныды? Кыргызча билет бекен?

– Сен кандай немесиң, ыя?! Сөздү бөлбө дебедимби! Эми минтсең айтпай коём!

Ошондон аягына чейин лям деген жокмун. Ашыке улантып жатат:

– Түнүндө карасам биздикилер уктап жатат. Мен биякка уктаганы келдим беле, согушканы келгем дедим да бешатарымды алып немистерди көздөй жөнөдүм. Жалгыз өзүм… Эмне жалдырайсың? Эшикте жүргөн катынымды деле жалгыз өзүм апкелгем, немистер эмне болуп калыптыр. Анан баратсам эле кобураган үн чыгат. Акыры-ын тыңшасам некеңдер! Он чактысы от жагып, мылтыктарын бир жерге жыйып коюп, бири козуну кантип койго алмаштырганын, бири катын ала качканын, бири бозо салганын, бири боз үйүн уурдатканын айтып, дегеле болушпайт бажаңдашып. Как түбүнөн чыга калдым да: – Атаңардын дал гана башы! О түрү суук искейиндер! – десем орундарынан учуп турушуп, ичинен бирөө:

– Ас-саломалейкум Ашыке! Аяй көр, биздин да Күрүчбектей балдарыбыз бар эле, – деп кош колун сунуп жалынып жиберди.

– Түшкүлө алдыма! А сен алдагы мылтыктарды алып, артыман бас! – дедим баягы саламчыга. Жаныман жалжылдап өтүп баратканда бирөөсү:

– Айланайын Ашыке, эмне кылсаң ошо кыл, асты Айдаралиевге алпара көрбө, – деп буркурап ийди. Аларды айдап келсем баягы орус командир бырылдап уктап жатат. Көчүктөн ары тептим:

– Тур, шабдалыдай болбой! Ме, бу чочколорду ал да берчү жериңе берип, алчу ордениңди ал! Согуш бүттү, мен кеттим! – дедим да баса бердим. Ал иттер жолдон качырып ийишкенби, айтор, андан кийин дагы үч жылдай тытышып жатышты. Кой, мен малды карайын, – деди да шарт эшикке чыгып кетти…

Кийин уксак фронтко тамак-аш жүктөп, азыркы Тараз шаарынын вокзалында үч айдай жүрүп кайра келген экен, кайран киши.

* * *

Эми көргөн-билгендин баарын жаза берсем, китебим кирпичтен да калың болчудай. Аны ким окуйт? Ушуга чейин тажабай окуп келгениңизге ырахмат айтып, кебимди кыскарта чабайын.

Мектептеги жылдар бардык эле айыл мектептериндегидей өттү. Болгону биз дүркүрөп өсүп бараткан айылда, өз ишине жаноту менен берилген, билимдүү, чыныгы мугалимдердин колунда окудук. Алардын деңгээли бийик экенин кийин № 5-мектепке келип окуганда билдим.Биз кеткенден кийин үч кабат жаңы мектеп салынган. Аерге Кушубак Кутуналиев зоомузей ачты. Айылдагылар өмүрүндө көрбөгөн пеликан сыяктуу жаныбарларды апкелип катырды.Сүйтай Сулайманов тарых кабинетин уюштурду.Аныкы да экспонатка бай эле. Эсен Түлөбердиев тил кабинетин ачты. Балдар Орхон-Энисей жазууларына чейин билип калышты. Дүйнө адабияты жөнүндө сөз болгондо мен Үмөтбек агайды эстейм. Ал ошондо институтту күрөш адистиги боюнча бүтүрүп, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, СССРдин биринчилигине катышып келип, бизге дене тарбия сабагынан берчү. Кыш узак, кар калың. Спортзал деген жок. Сабакты кантип өтүш керек? Үмөтбек агай башка бир агайдай болуп бизди эки-экиден кочкорлорчо сүзүштүрүп, же балдарды бирине бирин миңгизип оодарыштырып, же классты чаңдатып күрөштүрүп, ошого жараша баа коюп сабак өттү кылган жок. Ал Шерлок Холмстун окуяларын айтып кирди. Тили так, эстутуму күчтүү экен. Анан да ушунчалык кызыктуу кылып айтар эле, былк этпей отуруп укчубуз. Кыш чыкканча Конан Дойль, Драйзер, Жюль Верн сыяктуу дүйнө алптарынын чыгармаларын аралап жүрчүбүз.

Ушул сабакты бирибиз да калтырчу эмеспиз. Анда көкүрөгүбүзгө не деген керемет байлык куюлуп жатканын билбептирбиз. Кийин профессор Озмителге айтып берсем: «Андай мугалимге орден бериш керек!» дебатпайбы.

5–6-класста чүкөгө кызыгып, сабагым начарлап кеткен. Бир күнү адатымча тытынып ойноп жатсам Үмөтбек агай кармап алды да: «Чүкө ойносоң киши болбойсуң, токтот!» – деди. Агайды аябай сыйлачумун. Үч жүздөн ашык чүкөмдү үйдөн алып чыгып балдарга таратып бердим. Ошондон кийин чүкө ойногон жокмун.

Биздин агайларда кайдыгерлик деген жок эле. Ар бирибизди адам кылабыз деп аябай жан үрөштү. Бирок биз аларды жашынан мурда картайттык деп ойлойм. Мына, биздин эле классты алалы. Эки, үч жыл ордунда калгандарды жыйнап жөнөгөн класс болду. Азыр көзүмдү жумсам мына булар көрүнөт: «Агай, уруксатпы, эшикке чыгып келейин?» – дегенди билбей отура берип, таза айласы кеткенде шымына сийип жиберип, анысы парталарды аралай чаап келип, доскага жазып жаткан мугалимдин өтүгүнө ороло түшкөндө коркконунан бакырып ийип, отургандын баарын үркүтүп класстан чыга качкан бала; алдында отургандын жакасында же чачында бараткан кара курсак тарсайган биттерди партага барсылдата сыгып жаткандар; бир күндө беш «5» алам деп кол көтөрүп, анысын агай көрбөй жаткансып ордунан тура калып жаткан бала; алдындагы кыздын пальтосунун тигишин лезвие менен сөгүп, кебезин чубап, артындагы баладан китеп менен башка жеп, тура калып мушташа кеткен бала; башка балдарды жини келгенде тизесине салып туруп эшикти көздөй ыргытып жүргөн, согуштан кантүшүн болуп келген Пал Палыч деген мугалим алып ыргытайын десе ордунан козголбой коюп, күчкө салса парта-сартасы менен сүйрөлгөн балбан кыз; мугалим доскага жазып баштаса эле бери жактан уйча, койчо мөөрөп-маарап жиберген эки бала; тилдүү эжейибиздин сабагы башталарда отургучтун буттарын чыгарып, кайра эптеп жөлөп коюп, ал отурар менен чалкасынан кетип туралбай жатса: «Э-эй, турсийи айрык экен!» – деп кыйкырып ийген бала.

Муну ким жасаганын тапканы келген завуч башкалардан түңүлгөндө: «Ой, айланайын кызым, мен – атаң сурабатам, ким жасады?» дегенде атасына да эч нерсе айтпай мелтейип отуруп алган кыз; мектептин намысы үчүн башка айылдарга барып тытынып футбол ойноп, райборбордо тырмышып күрөшүп жаткан балдар; жетинчи партада отуруп алып, шилекейин эки кашка тишинин ортосунан сызылта коё бергенде экинчи партада отурган баланын желкесине куюлуп, анысы: «Ий, энең! Шприц менен атты!» – деп бакырып ийип, чочуганынан жазыбаткан бору колунан ыргып кеткен агай; математика, химия, физикадан райондук олимпиадага кетип бараткан эки бала; классташ кызыбызды ызаланткан, бизден үч класс жогору окуган баланы, дагы бир кызыбызга сүйүү кат жаза койгон колхозчуну жанчып ийген тентектер; Тимур командасын түзүп алып, үйлөрдүн артына заңдагандар менен чабышып, акыры башкармага айтып жатып жыгач туалеттерди жасаттырган балдар менен кыздардын тобу; бир мугалимди класстык чогулушка салып, кадимкидей шөмтүрөткөн эки бала, бир кыз; мугалим доскага жазып баштаганда акыркы партада отуруп алып, артындагы контрамарканын эшигин ачып коюп, түтүнүн ошого үйлөп, жанталашып тамеки чегип кирген эки маркум; «Төмөнкү айылдарда токой бар, бизде эмне жок?!» – деп жүрүп, азыр айылдын көркүн чыгарган токойду тигүү идеясын башкарманын алдында көтөргөн баягы эле тимурчулар; күрөктөрүн көтөрүп алып улам бир классташтын огородун казып жүргөн он эки бала; эки күндүн биринде гезиттерге кабар жазып турган эки бала; алгач чөптө, анан картөшкөдө, анан кой кыркында, анан жыйым-теримде жүргөн классташтар; караңгыда бирөөнүн чарбагына кирип, өсүп турган сабизинин үстүнө жатып алып, сабиздерди бирден жулуп көйнөгүбүздүн ичине салып жатканда үйдөн бир дардайган киши чыга калып, как түбүбүзгө келип четтеги балабыздын башына шарылдата коё бергенде тиги бала чыдабай кыйкырып тура калып, дардайган кишибиз бир бакырып алып, шымданбаган боюнча чалкасынан түшкөн түн; койкоё кийинишип, мектепти бүтүп, туш-тушка окууга кетип жаткан классташтарым. Ынтымагыбыз жакшы болчу. Кийин санасак ошондо жыйырма алтыбыз окууга өтүптүрбүз.

Окууга элдин эң арты болуп жөнөдүм. Кетерде суу жээкке бардым. Ал менин эң жакын досумдай эле...

Шаркырап аккан кашка суу
Шапатаңда торолдум.
Шаарда эми башка суу
Шарыңа куса болормун.

* * *

Андан бери далай жыл өтүптүр. Былтыр да жайлоого барып суу жээгинде көпкө отурдум...

Шаркырап аккан кашка суу
Шашты элем бир кез сен өңдүү...
Шаардан эптеп апкелдим
Шалдырай түшкөн денемди.

Шаркырап аккан кашка суу
Шаша бер, сенде арман жок.
Шарыңды тыңшап турайын
Шашаар жерим калган жок...

* * *

Өнөрдөн элге чейинки жол уза-ак болот турбайбы. Алтымышынчы жылдары кудай бетин салбасын, Рыспай, Калыйбек, Мукан, Аксуубай, Үсөн, Сардарбектин жаңы ырлары эки күндүн биринде радиодон жаңырып, «кулагын эшек басып кеткен» кишилерди да ырдаганга аргасыз кылып, дуулдап турушкан. Кичине эле идиреги барлардын баары обон чыгарганга далбас уруп калышкан. Мен да дарбып барып токтодум. Угарман, күйөрман менен обончунун айырмасын билбей эле, Абай айткандай көөдөнүм толо, башым бош баштап алыпмын. Көрсө, жакшы обон чыгарыш үчүн шыктан башка кирди-чыкты акыл да керек экен… (Бирок акыл талантка көп учурда кедерги болот деп жүрүшөт).

Өнөр – эч качан айыкпаган оору экенин бир кезде билген эмесмин. Андай ыйык нерсе мендей алабарман, жалкоолордун иши эмес экенин да элес албапмын. Бала кезимен чалдыккан бул «кесел» политехникалык институтта окуп жүргөн жеримен кулагыман сүйрөп келип искусство институтуна киргизгенде гана, дүйнөдө не бир укмуштар бар экенин биле баштаганда гана башыман ылдый шыргалаң суу куюп жибергендей дабдырай түштүм.

"Эсимде" аттуу китебинен

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз