Түгөлбай Казаков: Реквием

(Аман Токтогуловду жоктоо)

Бир — бетимди көргөн тууганыма,
Бир — этимди көргөн аялыма баркым жок...
Кыдыр аке.

Жашы улуу, жаны курбалым,
Ал кезде денден эс кетип,
Азапты тартып тургамын.
Агамды жүрөт эстетип,
Алыстан жазган ырларың.
Ажал бир андес неме экен
Адаштык бизге кылбады.

Ааламга сызсам талыбас,
Албетим эле кайрылды.
Ар убак барып табынган
Аалым — Тоодон айрылдым.

Артыма кылчактабастан,
Атборой сырым төккүм бар.
Аманды эстеп олтуруп,
Ааламды кезип кетким бар.

Аргымак эле бир келген
Арыбай калды коноосу.
Ал болчу кадыр билгенге
Абыгер чеккен жолоочу.

Эл эрмеги булбулкөй
Эртелеп учту чынардан.
Калк эрмеги булбулкөй
Калтырды бизге бир арман.

Баскан-турган жеринде
Базар-күлкү курчу эле.
Баш айланткан жолдордо
Бардаш кылып турчу эле.
Бет келгенде чындыкка
Бели бекем, курч эле.

Бар байлыгы иш болуп,
Байсал таппай жүрчү эле.
Башканын көөнүн көтөрүп,
Бажырайып күлчү эле.

Арзып келген алыстан
Ак жүрсө акыр конор деп,
Алдырбас бакыт – сен үчүн
Изденип келген алыстан
Изги жүрсө конор деп,
Илдирбес бакыт — сен үчүн.
Түгөнбөс турмуш азабын
Түлөктөй кезден мол тартты.
Түн мезгилин алган жок
Тулпардыгы сезилбей,
Түтөп жүрүп жол тартты.
Күн мезгилин алган жок
Күлүктүгү бааланбай,
Күйүп жүрүп жол тартты.
Көйкапта кармап муратын
Көр-тирлик жайган тор болду.
Коноого чапчу таланты
Короодо жүрүп кор болду...

Бир күн мурда ичимден
Бишарат күүнү укту элемэ.
Бирок ага ким жоруйт!
Бир ай мурда түшүмдө
Биябанда тиш түшкөн,
Бирок ага ким жоруйт!
Өмүрдө орду бар эле
Өлбөй турган жан эле!

*     *     *

Бир кезеги келгенде
Кыя кесип жал жедим.
Бир кезеги келгенде
Жата калып кар жедим.
Агамдын сөзүнөн.

Таң куланөөк салганда
Тарып дүйнө калганда,
Таластын тоосу томсоруп
Тагдырым толуп арманга,
Супа садык салганда
Суз тартып дүйнө калганда,
Сумсайып тоосу Таластын
Суудум толуп арманга.

Чыгалбай жолго олтурдум
Чыңыроон сыздап денемде,
Аттанбай жолго олтурдум
Арманын угуп энемдин.

Ойгонуп жайлоо, жакада
Окулуп куран үч ирет,
Сунулуп колдор батага
Суусамыр жатты титиреп...

*     *     *

... кайрылып учуп жүрөрмүн
кара куш болуп түңүлбөй.

Ысмайыл.

Туурунан кушу учпаган
Тууган, дос, касты билбестир.
Тагдырын калчап, эрмектеп,
Тантырап жүргөн досунун
Таруусу менче күйбөстүр.
Тушуна койсо туралбас,
Туугансып жүргөн неменин
Тушагы менче күйбөстүр!

... Ишимден кайтып өтөмүн
Иштеген жерин айланып,
Эшиктен жайнап чыкчу эле
Элеси жаркын кайраным.

Жакалап шаарды өтөмүн
Жашаган үйүн айланып,
Жаркылдап чыга калчудай
Жан боорум, эсил, кайраным!

Бапестеп ырдан өстүргөн
Багы турат, өзү жок.
Башканын жанын сергиткен
Бал булак сымал сөзү жок,
Мени коюп, аны алган
Бу жалгандын көзү жок.

"Таберик" китебинен (1997)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз