Мухаммед Ху Чжэньхуа: Кыргыз элинен көп нерсени үйрөндүм...

  • 19.02.2021
  • 3500

Урматту "РухЭш" сайтынын түйшүкчүл жамааты, саламатсыздарбы?

Менден КЫРГЫЗ элине ысык салам! Мен Дабыт Абдылбары уулумун. Өзүм Кытайда жашаган этникалык кыргыздардан болом. Учурда Бээжин шаарында докторантурада окуйм.

Сайтыңыздарда жарыяланган материалдар абдан жагат. Бизде да маанилүү деп эсептелген материалдардан бар эле, кызыкдар болсоңуздар жөнөтүп көрсөк, "РухЭш" сайты аркылуу өз окурмандарын тапса деген үмүттөбүз.

Мухаммед Ху Чжэньхуа – өз атамдай камкордук кылган инсан, илимдеги изденүүмө багыт берген улуу устатым, улуттар аралык мамиленин алтын көпүрөсүн курган агайыма таазим этүү менен эскерүүлөрүн эли-журтума сунуштоону туура көрдүм.

Урматым менен Дабыт Абдылбары уулу

02.06.2018

Бээжин.

Мухаммед Ху Чжэньхуа – Кытай Борбордук улуттар университетинин профессору, түрколог. 

(Кытайлык кыргыздардын графикасын түзүүгө катышкан күндөрдү эстегенде)

1951-жылы Кытайдагы улуттук азчылыктардын кадрларын жана улуттук азчылыктар үчүн кызмат кылуучу кадрларды тарбиялоо базасы Борбордук улуттар комитетинин жетекчилиги менен Кытай минзу институтунда түзүлдү. Дал ошол кезде Шандоң университетинде Чет тилдер факультетинде Орус тили адистигинин 2-курсунда окуп жаткан мени Кытай минзу институтунун уйгур тили адистигине сунушташты. 1953-жылы институттун жумушуна байланыштуу окуунун эрте бүтүп, институтта иштеп калдым. Ошол учурда мамлекеттен Шинжаңга барып кыргыз тилин текшерүү жана Кытайдагы кыргыз жазуусун түзүү боюнча пикир алууга адис жөнөтүү иши колго алынды. Институт жетекчилиги менин тил жагындагы артыкчылыктарымды эске алып, Шинжаңга (азыркы ШУАР) барып, үйрөнүү, текшерүүгө мени жөнөтмөй болушту. Жолго чыгуудан мурда институттун жана факультеттин жетекчилери бир канча ишти табыштап, ошол жылы 8-декабрда мени узатышты. Мен Шинжаңга сапар алдым.

Борбордук улуттар иштери комитетинин орундаштыруусу менен мен Бейжинден Шинжаң жана Тибет автономиялуу районунун ансамбли менен чогуу поюз менен жолго чыктым. Шинжаң Бирдик сап бөлүмүндөгү Калеш аттуу кыргыз котормочу бар экен. Ал мага Шинжаңда жашаган улуттардын абалын жакшылап тааныштырды. Бул мен үчүн абдан маанилүү эле.

Ши-Ан шаарына жеткенибизде Түндүк батыш аскердик саясый комитетинин жооптуулары бизди тосуп алышты. Эки автономиялуу райондун ансамбли Ши-Ан шаарында концерт бермей болуп калышты, экинчи күнү бизди тосуп алгандар мени Баожи шаарына карай поюз менен жолго салып койду. Баожиге жеткенимде өзүм жалгыз калдым. Эптеп бир конок үй таап, артына жүргөн жууркан-төшөгүмдү салынып, жамынып таңды атырган соң, Ланжоу шаарына карай дагы поюз менен жөнөдүм. Ланжоу вокзалынан эч ким тосуп чыккан жок. Бирок Ши-Андан тосуп алгандардын табыштоосу боюнча Түндүк батыш улуттар институтуна барып, ал жакта бир канча күн болуп анан Үрүмчүгө жүрүүчү автоунаанын билетин алдым. Анысы кадимки эле чиркемелүү кара машина экен. 36 киши каршы-терши тыгылып отуруп, сыгылышып жолго чыктык.

Машина күндүзү жол жүрөт, түндө машинадан түшүп бир жер таап уктаган болобуз да кайра эртеси жолубузду улайбыз. Ал убакта жолдо конок сарай жана конолголор жок эле. Ошентип жүрүп Үрүмчүгө 9 күндө жеттик. Бул сапарда азаттыктан мурда Нанжиң борбордук университетинин Чек аралык саясат адистигин бүтүп, азаттыктан кийин Шинжаң гезитинде иштеп жүргөн Жү фамилиялуу бирөө менен таанышып, сырдашып калдык. Ал мага азаттыктан мурда Орусиянын Үрүмчүдөгү элчилигинде Дияков фамилиялуу бирөө турганын, Шинжаңдагы улуттук азчылыктар тууралуу гезитке көп макала жазганын айтып берди. Кийин мен анын айтканы боюнча макалаларды таап окудум, андан көп маалыматка ээ болдум. Ошентип тогуз күнү жол жүрүп Үрүмчүгө келдим.

Үрүмчүдө мени Шинжаң ниститутуна жайгаштырышты. Институттун ректорунун орун басары Жаң Доңчиу өзү атайын мени көргөнү келип, мешке от жакканды үйрөттү. Мени Шинжаң өкүмөтүнүн кеңсесине баштап барышып, борбордон жазып берген тааныштыруу катымды жетекчилерге көрсөтүштү. Мен да аларга бир аз баяндама бердим. Алар менин баяндамамды уккандан кийин Ак-Суу аскерий районундагы Амантур Байзак (кыргыз) менен кабарлашып, аны Үрүмчүгө чакырды. Амантур жолдош эки күндөн кийин жетип келди да мага кыргыздар жайгашкан аймактарды, тилин, үрп-адатын жана кыргыздардын улуттук жазуусун иштеп чыгууга карата билдирген пикирлерин тааныштырып, мени кубануу менен тосуп алганын билдирди.

Жолдош Амантур, Үгүт бөлүмү жана Кеңселик кызмат өлүмүнүн жетекчилиги Иле областтндагы тиешелүү органдар менен байланышкандан кийин мени ошол жакка жибермей болушту. Мен Үрүмчүдөн жолго чыгып, үч күндө Кулжа шаарына жеттим. Сапарда алгач жолу орус үйүнөн даам сызып, бөлкө жана салатынан жедим. Кулжа шаарында Ахматжан атындагы мектепте туруп, бир жактан мектеп балдарына кытай тилин үйрөтүп, дагы бир жактан Кызай аттуу кыргыз мугалимден кыргыз тилин үйрөндүм. Мектепте “Кытай-Совет достук китепканасы” деген чакан китепкана бар эле, мен бул китепканадан кеңири пайдалануума мүмкүнчүлүк бар эле, ошентип, андагы кыргыз тилиндеги китептерди жана гезиттерди окуй баштадым. Мектепке алыс эмес жерде Сталин мектеби аталышындагы орто мектеп бар эле. Ал жактан орус тилин да үйрөндүм. Кыргыз тилимди практикадан өткөрүү үчүн жергиликтүү кыргыздар менен маектешип, алардын үйлөрүндө конокто болдум. Улуттук жазууну түзүү тууралуу пикир ээледим, жергиликтүү элдин кыргыз тилин текшерүүмө кыргыздар чоң колдоо көрсөтүштү. Ошентип мен кыргыздарды алгачкы кадамда таанып баштадым.

Уйгур тилинен негизим болгондугу үчүн жана көп аракет кылып, практикалап үйрөнгөнүм үчүн Кулжа шаарында болгон 4 айда мен кыргыз тилинин грамматикалык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүп, күнүмдүк жашоонун деңгээлиндеги диалогго жарап калдым. 1954-жылы май айында жогорунун орундаштыруусу менен Көк-Терек кыргыз айылына текшерүүгө бардым. Астымда минген атым бар. Бирок жолдо жаанга калып, көп убарагер болуп, чычаңымы жоорутканым эч эсимен чыкпайт. Көк-Теректин жаратылышы кооз, жашоочулары жайдары, меймандос эле. Шаркырап акккан мөлтүр кашка суусу, көңүл сергиткен таза абаа, гүлдөр кулпурган жашыл шибер, таң эртеден түтүн булап турчу боз үйлөр, тээ алыстан угулган чабандын созолонгон үнү, кереметтей көркөмдүк адамды өзүнө арбап алар эле. Ошол эле учрда кыргыздын ак жүрөк, таза пейили, меймандостугу адамды абдан таасирлентчү. Кулжада, Көк-Терек айылында өткөн күндөр мен үчүн Шинжаңга, кыргыздарга болгон түшүнүгүмдүн, мээр-махабатымдын тереңдешине чоң өбөлгө болгон эле. Ал убактарды мен күнүнө эл арасында текшерүүдө болуп, кечинде келип материалдарды иреттечүмүн.

Жарым жыл текшерүү жана өнүүнүн аркасында, кыргыз тилиндеги сөздүк кордун иштиктүү катмарындагы сөздөрдү жакшы өздөштүргөндөн сырт, Текес кыргыздарынын тилиндеги фонетикалык бөтөнчөлүктөрдү билип жеттим жана фонетикалык жана грамматикалык жактан бир аз казак тилинин таасири бар экенин байкадым. Текшерүүнүн негизинде, жергиликтүү кыргыздардын улуттук жазууну түзүүгө болгон талап-пикирлерин жыйынтыктадым. Өзгөчө, зыялылар улуттук жазууну түзүлүшүн абдан чыдамсыздык менен күтүшкөн эле.

1954-жылы июндун орто ченинде Амантур Байзак уулунан келген телеграмманы алдым. Ал киши Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун түзүлүшү үчүн долбоорлоо иштерине катышып иштеп жаткан экен. Июлдун орто ченинде Артыш шаарында чакырылуучу облустун түзүлүшү тууралуу жыйынга катышуум керек экенин айтты. Айтылган  убакытка туштап мен Текестен Үрүмчүгө чейин автобус менен үч күндө, Үрүмчүдөн Кашкарга Автобус менен бир жумада жеттим. Ал убакта Артыш Чөлдүктүн четинен орун алган чакан шаарча болчу. Чалмадан согулган жөнөкөй тамда Партия, Өкмөттүн Аппараттары жайгашкан экен. Шаарчадагы бир орто мектеп, оорукана жана бизнес компаниясынын кеңселери эсимде калыптыр.

Артыш шаарына баргандан кийин мени ошол кездеги облус куруу долбоорун иштеп жаткан жетекчилер ‒ Амантур Байзак жана Маметайса Айбердилер тосуп алды жана кыргыз тилчи адис Абдыкадыр Токторовдун үйүнө жайгаштырышты. Токторов экөобүз облус курулгандан кийин ортого салынуучу улуттук жазуунун долбоорун жан үрөп иштей баштадык. Ал убакта Артышта кыргыз тилин атайын изилдеген коллектив да адис да жок болгондуктан, сунуш-пикирлерди алуу үчүн айрым зыялыларды жана мамлекеттик кызматтагыларды чыкырдык. Алардын ичинде котормочу, сакчы, чет өлкөдөн окуган башка тармактын илимпоз адамдары да бар эле. Пикир-сунуштарын бергендердин ичинен айрымдары Советтик Кыргызстандын жазуусун колдонуу сунушун көтөрсө, дагы кээ бирөөлөрү Жаңы Кытай курулуудан мурда айрым мектептерде сабак болуп өтүлгөн арап графикасы негизиндеги кыргыз жазуусун колдонууну сунушташты. А. Токторов экөөбүз болсо мамлекеттин учурдагы абалына туура келген, уйгур жана казак жазуулары менен графикалык бирдейликти сактаган, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн илимий деңгээлде туюнтуп бере алган жаңыча жазууну түзүп чыгууну демилгеледик.

1954-жылдын 14-июлунда Артыш шаарынын чалмадан согулган Маараке залында Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун курулуу жыйыны салтанаттуу ачылды. Залда толтура киши. Мен сөзгө чакырылдым жана облус тарыхындагы тарыхый окуяга күбө болдум.

Экинчи күнү Артыш шаарындагы бир орто мектепте улуттук жазуунун долбоорун талкууга коюу жыйыны болду. Маметайса Айберди жана Амантур Байзак баштаган жетекчилер, ошондой эле ар кайсы оодандардын өкүлдөрү жыйынга катышты. Жыйын ачылган бөлмөгө чоң шырдак салынып, биз мандаш токунуп олтуруп талкуулаганыбыз эсимде. А.Токторов биздин сунуш-пикирлерди алгандан кийинки долбоорубузду окуп, улуттук жазуунун алиппесинде 30 тамга бар экенин, “ф, х, в” тамгалары кирме сөздөрдү жазууда колдонула турганын, ал эми башка 27 тамга болсо бирден тыбышты туюнта турганын жарыя кылды жана мени тааныштырып, Бейжинден Шинжаңга атайы кыргыз тилин үйрөнүү, тил текшерүү үчүн келгенимди айтты. Ал убакта уйгур жазуусунда “о, ө, у, ү” төрт тыбыш эки гана тамга менен белгиленчү. Биз кыргыз тилинде бул төрт тыбышты төрт тамга менен бердик да, жазуунун орфографиясы абдан жакшы болду. Талкууга коюу аркылуу биздин долбоорубуз көпчүлүккө жакты. Артынан коргошун басма менен ариптерди жана жазуу эрежесинин алгачкы нускасын басып чыгарып, облустук өкмөткө сундук.

1954-жлы күздө аталган долбоор облустук өкмөт жагынан Шинжаң өкмөтүнө сунулду. 1955-жылы май айында Шинжаң Эл өкмөтү “Кыргыз жазусунун жазуу эрежелерин жүзөлөштүрүү чара-чечимине катыштуу буйрукту” жарыялады. Ошол жылдан тарта кыргыз жазуусунун долбоору кыргыздын расмий мыйзамдуу жазуусу болуп болуп колдонула баштады.

Шинжаңда турган бир жылда өмүрдүн унутулгус көз ирмемдери калды. Кыргыз элине абдан терең мээр байладым, көп нерсе үйрөндүм. Мына ошондон тарта кыргыз агартуусу үчүн, тили жана маданияты үчүн тиешелүү деңгээлде салымымды кошуп келем.

Урматтуу устатым Ху Чжэньхуа мырза, жасаган эмгегиңиздин үзүрүн көрүңүз. Сиздер түптөгөн ынтымактын пайдубалы бекем болсун! Кийинки муундар биз, сизден үлгү алууга, ишиңизди улантууга милдеттүүбүз!

Даярдаган Дабыт АБДЫЛБААРЫ уулу, КУУнун магистрант-бүтүрүүчүсү, Бейжиндеги Борбордук улуттар университетинин докторанты

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз