Сагындык Өмүрбаев: Чоочун киши

  • 20.02.2021
  • 3980

АҢГЕМЕ

Жайдын аптабы. Шаардын четиндеги чоң бак. Күндө жалгыз келем да кыбыр эткен жан жок бир кычыкка кирип, кечке көргөн-баканым — китеп. Ээндеп экзаменге даярданам.

Мына, кеч кирди. Өзүм чарчап, өзөгүм үзө тартканда ордуму калтырып үйдү карай... жо, бактын ичиндеги ашканага бурулдум. Бейкут бактан бетер ашкана да ээн экен. Ээн дегеним, такыр жан жок эмес, шаардын ашканаларындай опур-топур жок. Ак кийинген сатуучу, анан тетиги бурчта жалгыз киши. Кишинин үстү-башы жүдөө. Эшикте күн ысып турса, көөнөргөн көрпө тумагы менен эски каракүл жака пальтосун баса кийип, өңү азыңкы, керсары. Ач калгандай эрди кеберсип, уйкудан калгандай көзү китирейип жалгыз отурган киши ээк алдындагы жалгыз кружка пивону телмире тиктеп калыптыр.

Тыштан бирөөнүн табышын тыңшагандай ал өзү тымып, ирмелбестен кружканы тиктеген көзү тунуп, үстүндөгү боржоктогон көбүгү эбак тараган пивосу да өзүнө окшоп, бозоруп тымып калыптыр. Бери четке отуруп алдымдагы тамакты жей бердим, эки көзүм тиги кишиде. Ал былк этпей каткан да калган. Ичип, жеп болуп туруп баратканымда гана табыш алып, чочуп ойгонгонсуган киши мени ормоң карап, бүшүркөгөндөй, бирдеме айтарга оозун таптагандай көрүндү.

Таанышпы деп ойлодум. Анын жабыккан жүзү, жашылданган көзү мени ээрчий карады. Жок, көргөн эмесмин. Чоочун киши. Жолум менен кете бердим да көп көргөн кишилердин бириндей аны анча таназар кылбадым. Эси-дартым экзаменде.

Экзаменге айланып жүрүп, арадан эки-үч күн өткөн соң үйүр алган багыма келатам. Адатымча жалгызмын. Ээндеп бая Тураттан атайын качып чыккам. Ал келсе бажылдап сабак окутпайт. Оо, мындан канча жыл мурун кыштактагы балдардын чүкөсүн кагып алганын айтып бүтө албай, айласы кеткенде кишини жулмалап күрөш менен тажатып суй жыгат да «же иттен жок, же ит байлаган жиптен жок» кечинде шалпайып кайтабыз. Анын саатынан калган жолдошторуман да ээндеп качып жүргөнүм ошо.

Мына, эки-үч күндөн бери мен көрө элек бак. Ушу эки-үч күн ичинде теребел түгөл өзгөрүп кеткендей көзүмө. Дарактар дүпүйүп, бак ичинин тулаңы да алда канча узарып тушарга чыккандай. Аптап. Аптапка магдыраган дарактар күндөгүдөн багжайып бараандуу. Тулаңы да көйкөлүп.

Бактын түпкүрүндөгү көлөкөлүү бейкут ордума келдим да тулаңга эркимче оонап, китеп окууга кирдим. Баш көтөрбөй көпкө окусам керек, китебим бетимде боортоктогон бойдон аптапка талыкшып, үргүлөп кетипмин. Шилимен кармаган колдон чочуп ойгондум да көзүмү ача элек жатып кыжырым кайнады: «Бая кудай аткан Турат да! Кап! Кутулбайт экемин го мындан!» Итиркейим келип, башымы жулуп алып атып турдум. Бетмаңдайымда чоочун киши. Уйкулуу көзүмү ушалап сестейе карадым. Чоочун... Жо, бая күнкү ашканадан көргөн киши. Экөөбүз үнсүз тиктеше түштүк. Анын көзү куду бирөөдөн чоочуркап, ыйлай албай, күлө албай турган баланыкындай аянычтуу кийпиңдейт. Кеберсиген эрди, шимилген жаагы, үстү-башы да ошо бая күнкү...

Ушул аптапта кийим которуп, жеңилденмек түгүл оболу ошондогу киймин чечип уктай электей. Таноосунан деми бир аз титирей чыгып, тартылып бүтүп бараткан тамекинин түбүн кармаган колунда калтырак бар. Мен ага батынып кеп ката албай көпкө тура бердим. Озунуп кеп каткыдай же курбум эмес. (Мен анда жыйырмага жаңы аяк баскам, тиги киши бери болгондо кырктын ичинде го). Анын үстүнө чоочун. Айтор оозубуздагы сөздү аңдоосуздан алдырып ийгендей аптыгып турганда чоочун кишинин чочугандай үнү чыкты:

- Окуп атасыңбы?— Мен да башымы ийкеп үн чыгардым:

- Ии,— Өзү сүйлөбөсө сөз ушул жерге буулуп каларын билдиби кобурай кетти:

- Оо, далай болду менин жаныңа келгениме. Ойгонор деп отура бердим. Анан кечирип кой...— Анын көзү адепкисиндей күнөөлүү кибиңдеп, кеберсиген уурту ырсайды. — Ойготсом чочуп кеттиң көрүнөт. Минтип уктабай жүр, сыз өтөт.

Ал тамекисинин түбүн таштап таманы менен басып өчүрдү да өз сөзүн улады:

- Сени жана келатканда эле көргөм. Ошо тапта мен да шаардан чыгып артыңан жүрүп отурдум. Сен кылчайган жоксуң, мен да унчукпадым. Анан алиги ашканага келип бирдеме ичкен соң, изиңи кууп артыңан келдим. Келмек деле эмесмин, эриккенимен эрмектешейин деп... Бая күнү да шашып кеткендей болдуң?..

Ал менин окуу жайымы, экзаменими түгөл сурап келип, акырында менин тула боюма көз токтотуп алып анан:

- Ата-энең барбы?— деп койду. Бар дегениме ал баш ийкеп өзүнөн-өзү кубанып калды: - Ата-а, ырысың тоодой тура! Ата-энедей болобу айланайын! Кур дегенде менин апам байкуш болгондо да бу күндө калбайт белем?

Тиги чоочуя кишинин муну айтканына таң калдым. Өзү ушунча улгайган киши атаны эстеп, энени эңсеп оозунан көк түтүн бураганына таң калбай турган жорукпу. Оор улутунуп алып гезитке махорка ороп кирген анын керсары өңүндө ырас эле жетим баланын кусалыгы бардай. Махорканы үстүгө-үстүгө соргон анын жамажайынан, кош таноосунан коюу көк түтүн оргуп, бир топко көзүн жүлжүйтүп телмире түшкөн соң кардыккан үнү чыкты, качантан курсагына шыкалган түрмөк-түрмөк бугунун учу көрүндү...

- ...Мен так ушу сендей чагымда согушка жөнөдүм. Ботодой боздоп апам байкуш жалгыз калды! «О, кагылайын каралдым!.. Көзүңдү көрөр бекемин, көзүңдү?!» Баргандан келгенге апамдын ушул үнү кулагымдан кеткен жок. Эки жолу жеңил жарадар болуп кайра кирип, үчүнчү жолу туткунга түштүм. Кордук көрүп турганымда апамдын үнү, апамдын ыйы: «О, кагылайын каралдым, алда кандай күндө калдың?" Кыйноого калт этпеген жүрөктү бул үн титиретип турду. Туткундан качып чыктым. Түнүндө Украина кыштагын аралап келатып бир дыйкандыкына баш калкаладым. Куугун түнү менен кыштактын тымтыракайын чыгарды. Чалдын айласы болбогондо мени ошол эле түнү таап кескилеп кетет беле дейм. Жан тапкыс жер төлөсүнө жашырып, жанга шек алдырбай багып турду. Бой тарткан ак саргыл кызы күндө мага тамак түшүрүп, тамак менен кошо көз отун түшүрүп... Лев Толстойдун «Кавказ туткунун» билесиң го, ошондогу кыздын так өзү. Аты — Люса. Кептин кыскасы, анын көз оту мени туткундап алды да ага мен үйлөнүп калдым. Атасы мага ата болуп, куду өзүнүн тентек наристесиндей эркелетчү:

- Жетимчем! Жетимчем! менин! Мына, сен аталуусуң, мен балалуумун. Карган атаңды таштап кете көрбө!? — Ушинткен чал мени караан кылчу, дем кылчу. Кашынан карыш жылдыргысы жок Люса экөөбүздү эки колтугунда бөпөлөп отурчу. Адамдын асылы эле! Ал менин өңү-түшүмөн апам кетпей, мен жөнөрдөгү апамын боздогону!.. — Минтип тым-тырс боло түшкөн анын киртийген көзүнөн кылгырган жашты көрдүм. «Каралдым, кандай күндө калдың?!» — Мына апам! Апам азыр да айланып, мени таппай жүргөнсүйт...

- Анан апаңыз...— деп келаттым эле артын айттырбай өз сөзүн өзү алды.

- Согуш басылды. Ата болуп асыраган кайнатамдын коколой башын калтырып апама келаттым. Люса жанымда. Апамы көрөрүмү эстегенде жанымы коёрго жер таппай, элеп-желеп болом. Апамын өңү-түсүн, кыял-жоругун Люсага айтып түгөтө албайм. Мен түгүл апамы көрсөм дегенде анын да чыдамы кетип, эми эле көрүүгө куштар. Апама кантип учурашып, кантип жүгүнүштөн өйдө үйрөтүп бүттүм ага.

Кеч бешимде жетелешип алып райондон жөө чыккан экөөбүз түн ортосунда айылга кирип бардык. Мага тааныш кокту-колот үргүлөп, мен торолгон үркөрдөй кыштак ботоюп уйкуда экен.

Апам маанектеген жепирекей тамга жеттик. Куду наристе кезимде талаадан апамы карай чуркап келгендей энтелеген калыбымда эшикти шарт тартып аларымда килиттеги темир шарак этти, каалга ачылган жок. Каалгадагы муздак кишенге колум урунду. Көрүп турган көзүмө, кармап турган колума ишенбей деним дүр этти! Кишен!.. Бул кадимки эле өзүбүздүн эски кишен! Мен кете электе колго алынбай тээ короонун бир бурчунда жатчу. Эми биздин үйдү ушу кайтарып, апамын ордуна ушу мени күтүп туруптур! Тула боюм так ушу кишендей муздай түштү!

Апамын күйүтүнөн куруп калмакмын. Люса сүйөп, билгизген жок. Акыры мен бозоруп түңүлгөнүмү көргөн ал бир күнү мындай деди:

- Издеп келген апабыз жок... Эми атама баралы. Ал экөөбүзгө тең ата. Күүдөн тайган чалдын кашында болсок?..

Чынын айтсам, Люсанын айтканынан чыкпай жөнөөгө камынып жатканымды уккан айылдагы туугандарым так түйүлүп кетсе болобу:

- Ой, деги дениң сообу сенин?!

- Катынды ээрчип кеткенди кайдан уктуң эле сен?!

- Ата-а бу каралаары жок кенедей жетим болсоң да не болду! Курсакка кеткен бала да кайра элин табат!

- Бөтөн бирөө укпасын! Коку-уй, журтка шерменде болобуз, жан укчу болбосун! А катынды ээрчип капкайда тентип кетериң анык болсо өз колубуз менен эле өлтүрүп коёбуз!

Минткен туугандарым мени да намыстандырып коюшту.

А ошо тапта бала туткан менден да, кара туткан жалгыз кызынан да бөлүнүп, коколой башы калган Люсанын атасынын сагынычтуу каты күн ара келип зээнди кейитет:

«...Каралдыларым! Экөөң түн — түшүмдөн, күн — өңүмдөн кетпедиңер. Куса болуп куруп барам. Келбесеңер анда...» Бирок Люса мени кыя албай атасын кат менен алаксытып жүрө берди. Менин да туугандарым өзүмө жакын көрүнүп, алардын айтканын эстеп ичимен арыма келем: «Катынды ээрчип капкайда тентийт деген эмне, эл-журт турганда!»

Ошентип эл-журттун ичинде иштеп калдым. Люса айылдык мектепте орус тилинен мугалим болуп жакшы кепке илинип, колхоздо мыкты иштеп, өзүм көзгө көрүнүп, ары-бери карагыча арадан жылдар өтүп, биз эки балалуу болуп... Айтор өмүрүбүздүн көктөмүн жаңы гана көргөнүбүздө бир каргаша болду да-а! Бир каргаша!.. — Ал тамекисин шыпкай сорду да түтүндөн бир азга өңү көрүнбөй, үнү чыкпай турган соң улутунуп минтти:

- Ойдо жокто үйүм өрттөнүп кетпедиби! Бала-чакам...

- Эмне болуп?! — Мен селт этип башымы көтөрө калдым.

А тиги киши адепки калыбында муңайым сүйлөй берди:

— Эмне болсун, кадимкидей эле керосин куйдум да жалп эттире өрттөп ийдим.

Мен жанагыдан жаман сестейип, бу кишиден ого бетер чоочуркап корко карап, далайга оозума кеп кирбей тилим буула түшүптүр. «Капырай! Өз үйүн өзү өрттөгөн бу бир... Оюмун учуна чыкпай жатып кайра сурадым:

- Ой!.. Өз үйүңүздү өзүңүзбү?! Бала-чакаңыз...

- Өзүм деп айтпадымбы! — Менин коркуп, таңкала бергениме тиги киши бу сапар тырчый түштү көрүнөт: - Өзүм өрттөдүм. Бүтүндү бүлдүрүүдөн оңой эмне бар. Канча машакат менен бүтүрүп алган үйүмдү бир заматта өрттөдүм да койум. Үйүм... татынакай үйүм! Алмончоктой балдарым! Баарынан ажырап коколой башым калды. Төтөн кичинемин жаны бирге эмес беле?!

Бу киши көзүмө бир эсе коркунучтуу, бир эсе аянычтуу. Көзүн жүлжүйтө калып тамекисин шыпкай соргон кер-сары киши бир азга түтүнгө чулгана түшкөндө керсары өңү да, кеберсиген эрди да кибиңдеген көзү да жоголо калып кайра көрүнөт, үнү каргылдана кайра чыгат:

- Балаанын баары башкарма болгон күнүмөн башталды. Аттигиниң! Эл башкарганды коюп тиешелүү ишимди бүтүрүп, анан балдарымдын кашында тынч отурсам эмне?! Анда бул балаа кайда! Аныгын айтсам, анын баарын кылган туугандарым!

«Бул айылда сенден тыңы жок. Курулай кыйыктана бербесеңчи айыл-апанын оозуна илинип турганыңда!»— Ушинтип жаалап туруп алышты. Ары ойлоп, бери ойлоп макул болдум: «Эл каалап турса курулай качканым болбос».

Башкармалыкты колума алып, ишке кирдим. Иш менен кошо аракка кирдим. Колдон-колго тийбей, чакырыкта конокто, күндө да, түндө да коноктомун. Таңында кетип, түнүндө келип, кээде түнөбөй да калып жүрдүм. Адегенде кеч келгеними да, ичкеними да ишке шылтап, болбой сыйлаган туугандарга шылтайм. Анын баарына Люса ынанып эле жүргөн. Акырында ал менин жаныман коркуп, мени кайтарып калды. Кээде кай убакта келгеним белгисиз үй жанында ат үстүндө таң атырам. Кээде аттан жыгылам. Кээде капкайдагы эле бир бойдок аялдардыкына түнөп калам...

Мунун баарын аракка шылтап, Люса да кечирип мени жылуу-жумшак сөзү менен, жароокер мамилеси менен соолуктуруп жүрдү:

- Аярдачы жаным! Кыйналып калып жүрөсүң. Арак табылат, жан табылбайт. Жаныңы сактачы? — Жатып калган жеримен издеп жүрүп таап келген ал ушуну гана айтчу.

Кийин аны мен такыр издетпес болдум. Башкалардын көзүнчө боктоп-сактап сабап кууп чыгам. Ал буркурап жолуна түшөт. Арактан алган ачуумун үстүнө дос, тууганым да угут салып ачытып туруп көбүртүп коё беришет:

- Катындын иши эмне экен?! Эр өзү табат, өзү чачат. Катын саксаңдап кууп жүрөрбү эрин!

- Атаңкөрү, ошону айтсаң! Бизди тескемек түгүл катындарыбыздын башын жара чапсаң каш кайтарбайт ушу күнгө. Атаңкөрү, биздин катындардай болобу! Сабасаң ыйлайт, корс этсең бышактап басылат... Кары-жаштын баары сени мусап кылабыз, а тиги түгөт тайманбай сени алка жакадан алган жүрөт ой!

Ууккан денем ого бетер уугат. Үйүм, Люса көзүмө суук көрүнөт да жетип эле кепке келбей карсылдатып жатып калам. Корккон балдарым чыркырап энесине жармашып... Кээде уктап атып бакырып, элирип, кээде мени көрсө чыңырып бетин баса калышат. Жүрөгү түшкөн тура. Менден корккон балдарымын көзү ай! Баштан мен соо кезде коюн-кончуман чыкпай мага эркелеген каралдыларымын көзү ай! Өрт ичинде бакырган балдарымын көзү!

Өрт!.. Үй-жайым өрттөндү! Үй-жайым менен кошо бактылуу күнүмдү кошо өрттөсөм керек?! Күн чыгат да батат, бирок ал күндөрүмүн бирине окшобойт.

- Баса, — дегенимде тиги киши менин эмне дээримди билгендей сүйлөй берди. Сөзүмө конок берген да жок, мени караган да жок.

- Өлөрчө мас болуп келген күндөрүмүн бири болсо керек. Баш багарым менен балдарым бакырып адатынча энесине жармашты:

- Апа-а! Коркобуз! Атаман коркобуз!— Күндө боло жүргөн бул окуя бүгүн мага серт учурады. Ууккан каным ого бетер уугуп кетти. «Булар менден коркушат тура! Мен чоочун киши экемин го! Өз бүлөм өзүмү чоочун көрсө мына!»— дедим да оозгу үйдөн колума келе түшкөн керосинди дүрт эттирө жыйылган отунга чачып, шырт эттире ширенке чактым. Үйгө жамай жыйылган кургак отундун жалыны көз ачып-жумгуча чатырга жармашты да кара кочкул жалын үйдү басып жатып калды. Үй ичинен чыр-чыр эткен бала-чакамын үнүн бир уккам, андан аркысын билбейм. Кайда кеткеними, кайда түнөгөнүмү да билбейм. Кай убак экенин да билбейм, уйку-соонун арасында солуктап ыйлай сүйлөгөн үндү уктум:

- У-ушинтмек белең?! Үй-жайдан, менден чындап кечтиңби?! Деги... балдарыңды кантип кыйдың экен чиркин?! Мен сен деп байкуш атаман кечпедим беле! А сен эми... Болуптур, мындан ары мени да, балдарыңды да көрбөйсүң!

Бул үн Люсанын үнү, майдайыман сылаган анын колу. Көзүмү ачайын десем кулагым чуулдап, башым жарылып зыңылдагыдай болсо... Денемди Жер тартып бараткандай, боюмду жерден көтөрө алар эмесмин. Акыры үйдө жатканыма күмөн кылган жокмун да адатымча түштөн кийин турарымы оң көрүп, Люсаны корс этип кагып салдым:

- Тарт ой! Тарт дейм колуңду! Башым сынып атса!..

Жыл бою жатсам да жата берчүдөймүн, асти көзүмдү ачкым жок. Бир гана жаман жери - жамбашыман жер өтүп, белим, далым ачышып чыдатпай баратат. Көп жаткандыкы го. Мамыкта болсом да ушинтем. Люсанын тургузушун же жолдоштордун ойготушун күтүп дагы далайга манчыркап жата турдум. Мындай учурда жолдошторум асты-үстүмө түшүп атып ойготуп кетишчү:

«Ой-боой, аксакал! Өйдө болуңуз эми... Баш жазбасак болбойт».— Кулагыма жат бу кепти күтүп атып тажадым. Өчөшкөнсүп көзүмү да ачпай. Деле үйдө ким бар болду экен? Мына кызык! Көзүмдү ача койсом үй эмес эле талаада жатам. Айдай талаада...

Көзү-башымды ушалап алдым да түндөтөн бери болгонду чалды-куйду эсиме түшүрүп жаттым... Балдарым менден корккону... Анан... анан үйүмө өрт койгонум!.. Жүрөгүм кабынан чыга каччудай түкүлдөп, ордуман мүдүрүлүп-жыгылып тура чуркадым. Адегенде анчейин гана түшүмөн чочугандай болдум. Мас болгондо ошондой түштөрдү көрө берчүмүн.

Түш эле болуп калса кана!.. Чуркап жеткен мага өзүм курган тамдын коройгон мору, аңырайган эшик, терезеси, айланасында котолоп жүргөн туугандарым көрүндү. Кочкул түтүн дагы эле басыла элек өкен. Калган-катканы дале күйүп жатыптыр.

«Өрттөнүп бүткөндө келдик, болбосо өчүрүп калмакпыз!» - дешти туугандарым. Мен өрттөнгөн тамды коюп, өрттө калган үй-бүлөмү сурадым эле туугандарым такыр көрбөптүр.

Түндө өрттүн ичинде калганын эми даана эстеп жүрөгүм оозума капталды да күйүп аткан тамды карай бой таштап темтеңдей бердим эле туугандарым кармап калышты:

- Болоору болду! Өрттөнүп да бүттү. Эми анын астынан эчтеке таппайсың.— Муну укканда береги өрттөнгөн үйдүн кара кочкул жалыны бүт ичиме түшүп кеткендей куйкаланып, жанымды коёрго жер таппай баратам. Жердин мага тарыганы ай! Жарака табылса түшүп да кетер элем, бирок мага жарака табылган жок. Баары жок! Бир эле түндө... Үйүм да жок, балдарым да, аялым да жок. Шалдыраган өзүм гана, аракка дос көңүлүм, көөдөндө кыбыраган жаным гана калды. Башканын баарынан ажырадым, ишим — колуман, элим — жаныман кетти. Айтпадымбы, мага имерчиктеген бир гана баягы арак. Табылган жерден жутуп алам да арсыз арманымды мен аракка айтып, арак мени сендиректете сүйрөп келип бир жерге жыгылабыз. Эртең менен анын уусу... баш жарган, сөөк сыздаткан тири укмуштуу уусу гана калып өзү жок.

Үй-жайыман ажырап бул абалда канча күн, канча түн жүргөнүмдү билбейм. Бир кезде менден туугандарым чоочуркап, мен баягы «жүн күйөр туугандарым» кайда кеткенин таппай калдым. Алардын ордуна бир чоочун кишилер келгендей, жо мен өзүм бир капкайдагы чоочун кишилердин арасына келгендей куду кой арасындагы жат эчкидей жатыркай түштүм. Алар менден жатыркап, мени кодулашып калды. Ооба, адегенде мени бая карыш жылдырбай намысты оозанып чыйралган туугандарымды издедим. Алар жок.

«Башы-көзүбүз өзүңсүң» — деп өктөлөп турчу туугандарымдын оозунан эми: «Башы айланып, жинди болуп калган тура! Эми мунун тирүүсүнөн өлүүсү! Кайда кетсе айда кетсин, көздөн далда жоголсо болот эле!»— деген ызгаарды угуп, алардын кыял-жоругунан да ызгаар көрүп, ыза көрүп кордолуп баратканымда быякка баса бердим... — Тамекисин шыпкай соруп, түтүнгө аралаш оор улутунуп алган киши, бир оокумда барып жай кобурай берди:

- Анан ушу шаардагы бир мекемеге өткөн күздө келип, кызматка орноштум да иштеп жүрөм. Иш жаман эмес. Коллектив да жакшы. Бир гана өзүм... Коллективге аралашып кете албай али чоочунмун. Аралашсам эле таржымалымы сурашат ко деп коопсунам да, таржымалымы айтуудан тайсалдайм.

Антсе да күндүз кызмат убагында жыргап калам. Өзүм сүйлөбөсөм да сүйлөшкөндөрдүн сөзүн угуп жыргап калам. Мени жыргатар — алардын үй-бүлөсүнүн жоругу, балдарынын кыялы. Иштен эс ала калганда кээ бир эне-ата балдарынын кыял-жоругун айтса тимеле... магдырап, куду өзүмүн эки тентегимин ортосунда отургандай болом.

Үй-бүлөдөй, баладай жыргал кайда-а баатыр! Сен да үй-бүлөлүү болгондо билесиң.

Кеч кирет. Кызмат аяктайт. Кызматтан тараган менин жолдошторум жыргал дүйнөсүнө кайра кирип барышат. Мени илээлеп жалгыз гана муздак бөлмө томсоруп тосуп алат. Анда табыш жок, менде үн жок. Кечки көлөкөдөй сүйрөлө башбаккан калыбымда уйпаланган кроватыма боюмду шалак таштайм. Шуу үшкүрүп алам. Кечке мени күтүп томсоргон бөлмөм менен да, бош турган кроватым менен да учурашканым ошол. Мага таарынгансып экөөнөн тең үн чыкпайт. Дымым чыкпай мен да далайга жатам.

Көз алдымда — балдарым, көңүлүмдө — Люсам! Санаам менен байып, кыялымда алар менен аралашып... Балдарым — коюн-кончумда, балдарым үстүмө оюн салып... Люсам маңдайыман сылап... Ана, Люсанын үнү: «Чарчадың го кечке? Эмне ичесиң?» Ыя? Ушинтип башымды көтөрө салыпмын. О, курган жаным! Ким болсун! Өзүмөн бөлөк ким болсун. Бөлмө гана каадасынча томсоро карап туруптур. Люсам... балдарым... деги алар тирүү бар бекен? Бар болсо кайда экен? Люсанын атасына миң-сан ирет кат жаздым. Жок, жооп жок. Чал болсо да бир жооп келмек, чал да көз жумса керек. Өрттөн кообум бар! Ишенесиңби, баатыр? Алиги өрттөнгөн үйүмөн кообум бар! Алар ошо өрттө калган!..

Минткен чоочун кишинин колу калтырап, колу түгүл эрди-башы кошо титиреп кетти да үнү каргылдана чыкты:

- Анда... анда баягы мен уйку-соонун арасында айдай талаада жаткандагы ый аралаш үнчү?.. Люсанын үнүчү?..

«...У-ушинтмек белең?! Үй-жайдан, менден кечтиңби?! Деги... деги балдарыңы кантип кыйдың чиркин?! Мен сен деп байкуш атаман кечпедим беле! А сен эми... Болуптур, мындан ары мени да, балдарыңы да көрбөйсүң!» — Мына... курган жаным! Башымды бир көтөрүп, көзүмдү бир ачып калсам эмне?! Балдарымы да, Люсаны да көрүп калат элем го!.. — Чоочун киши ушинтип күрсүндү да бир тынымдан кийин колун кайра кайдигер шилтеп койду:

- Жоо, кайдан... ал тимеле бир... мастын кулагына кээде ар нерсе угулуп, түшүнө ар нерсе кире берет, ошонун бири да... болбосо, андан бери...— Ушинтип койду да көпкө дымып туруп анан үн катты:— Ээ, баатыр! Баарына чоочун болуп турган чагым. Үй-бүлөмөн чоочун, эл-журтуман чоочун, а түгүл мүрзөдөн бөлөккө жан киргизген берги кереметтүү жазга да жалгыз мен чоочун сыяктанам! Карабайсыңбы, жанды-жаныбар, ал эле эмес жер да жер башы менен тегиз түлөп, жазгы киймин кийди. Жалгыз эле мен... жалгыз эле мен минтип капкачанкы чомдой кышкы киймим менен... Бу кышкы чомду мага алиги башкармалыкка кошуп туруп туугандарым бастырган. Башкармалыгын өздөрү алды, а берки куру намысы менен чому али минтип үстүмдөн басып думуктуруп...

Чоочун киши эски пальтосунун эскилиги жетип турган каракүл жакасын ээги менен көргөздү да улутунуп алды:

- Мына баатыр! Так ушундай болуп мен да жыртылып баратам! Дүйнөдө жалгыздыгыңан тозок жок экен. Жалгыздык мени түгөтүп барат. Айттым го, алиги томсоргон бөлмө. Кеч кирсе таң атпайт. А таң атты болду, ишке аралашып, дууга аралашып жыргап калам. Майрамдарда да ошо. Топтон чоочуркап жатыркап турам. Баягы өз таржымалымы кокус ооздон чыгарып жиберемби деп элден жазганып, четтеп жүрөм. Кантсе да кыйын экен. Ыгын таап бирөө менен сырдаша албай, арманымды бир айта албай бук болуп жүргөм. А тиги бирге иштегендерге айтууга болбойт да. Алар «Бузулган киши» дешип...

Менин бугумду угушка мени тааныбаган, так ушу сендей... так ушу сен керек болчусуң. Мына эми качантан берки жыйылган бугум чыгып... — Чоочун киши оор жүгүн жерге коё койгондой жеңилип, көзү тириле түштү. — Мындан ары жолугуп туралы, ээ баатыр? Кишиге эрмек керек экен, эрмек...

Минтип кара талашкан киши мени карап жалооруп турду. «Эрмек керек экен...» Аттиң! Кечээ гана өз эрмегинен өзү качып, өз жыргалын өзү оорсуган киши бүгүн минтип эрмек, кара-жоро изден... Жаны чыгып бараткан кишинин көрүнүшү көз алдыма келип, үнү кулагыма угулду ушул азыр: «Кетпесең, коё турсаң кичине...» Ооба, жаны чыгып бараткан киши ушинтип кара талашканын көргөм.

Карап туруп зээним кейиди. Күндө жолугуп, эрмектешип турмак болдум. Айткандай эки-үч күнгө чейин аны ошолордон таап жүрдүм. Мени көргөндө атасын көргөндөй сүйүнүп, алыстан ыржайып калчу:

- Ии, ке... келдиңби?— Анан далайга эрмектешип, чер жазчубуз.

Кийинки жумада аны ордунан таппай калдым.. Бир жерге уктап калдыбы деп чоң бакты чарчагыча кыдырдым. Жок. Канча күнү кыдырдым дарек жок. Курган киши иштеген жерин да айткан эмес. Жаткан жерин да билбейм. Шаарда кантип табасың, кимден сурайсың... Айылда болсо бир жөн.

Окууму бүтүп ошол айда мен да кеттим.

Ана, андан бери он алты жыл өттү. Анда туулган ымыркай азыр он алтыга чыккан улан болду. Тиги киши тирүү болсо да алтымышка таяп улгайгандыр.

А менин көзүмө баягы эле калыбында. Баягы кийим, баягы өңү. Дагы эле Люсасын, балдарын таппай кусалуу, элден чоочун ызалуу жүргөнсүйт. Бугун айтууга үйүр алышкан мени таппай дагы эле бак арасын түрө кыдырып мени издеп жүргөпсүйт.

«Түгөнгөн бала, кайда кетти?..»— Тимден-тим турсам да анын ушинткен муңайым үнү угула калып, өзү жок. Же ал бу күндө...

Тирүү болсоң кайдасың?.. Жолуңан адашып, таалайыңы жоготкон чоочун киши?! Албан турмуш! Адамды адамга, атаны балага чоочун киши кыла көрбө?

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз