Манас Алымбаев: Көз, Эне жана Күн...

  • 08.03.2024
  • 3030

ПОЭМА

Жээги жолдун көнүмүш орду болчу,
Жэз табагын жерге эми койду болчу.
Тыйын сымал шыңгырак ырыскысын
Тыңшап күткөн – бир азиз шордуу болчу.

Аңгычакты айгайлап аламан топ,
Аңбы, дөңбү, атаңбы... караган жок.
Капкараңгы дүйнөдөн кайсыл жакка
качыш керек?.. Айткан жан жараган жок...

“Өрт чыкты!” деп бакырып, четтен киши,
Өбөктөтпөй тээп өтүп, жеткен киши.
Көрбөгөн соң, күйгөнү жеңил беле,
“Көздүүлөрдүн” болгончо тепсендиси...

Колтугунан болбоду таяган жан,
Колун сунуп, азизди аяган жан.
Тапырашып, тээп өтүп кетсе керек,
Таппай калды сыйпалап таягын да.

Таянууга шай келбей билегине,
Талыкшыды жалындын илебине.
Аптап тааныш окшоду азыр ага,
Апасынын кагылган жүрөгүнө...

“Оттон ысык аптабы күндүн”, - дечү,
“Күн бар үчүн – жашоо бар, билгин” - дечү.
“Жүрөгүндө катылуу күн илеби,
Адамдарды күн сымал сүйгүн! – дечү.

Айтканындай апасы күндү сүйдү,
Манжалары магдырап, гүлдү сүйдү.
Гүлдөй жыты жок үчүн сезбеди го,
Айырмалай албады күндү-түндү...

Алыс-жакын, саар-кечти чектей албай,
Айлан-көчөк дүйнөдөн четтей албай.
Айласыздан агылды эл нугунда,
Апакесин анчейин эстей албай.

Кээде тайып таягы чалынганда,
Жардам берсе назик кол кагынганга.
Ошол колду сыйпалап, жыттаар эле,
Окшоштуруп... апасы табылгандай...

Адаты жок улуунун сөзүн бөлүү,
Жашынан жат корунуу, өзүн бөлүү.
Эс тарткандан берки бир тилеги эле,
Эненсинин жүзүн же көзүн көрүү!

Машакатсыз ойношкон курдуу балдар,
“Менин апам эң сулуу!” дешээр эле.
Маанайы суз жүзүнөн энесинин
Элеп-желеп, күн табын сезээр эле.

Алай-дүлөй ызгаардын буюгунан,
Бир жылуулук көзөгөн туюгунан -
“Менин апам күнгө окшош болсо керек!”,
деп ойлочу ички бир туюмунан...

***        ***          *** 

... Курган азиз жан бүтүп төрөлгөнү,
Дүйнө ушундай туруптур мунарыкта.
Акыл гана күн-түндү аңдабаса,
Аалам агат ал үчүн бир калыпта.

Убадасы унтулуп башты айланткан,
Уулун көргөн күнү эле таштай каткан.
“Биздин тукум таза эле, сен күнөөлүү!”,
Деп атасы безилдеп, таштай качкан.

Энекеси көл эле,  кектебеди,
Бир жаман сөз айтпады, жектебеди.
Андан бери агылды канча суулар,
Ата сөрөй буларды эстебеди...

Баш калкалап батирди күнүмдүккө,
Топук кылып жашашты тирүүлүккө.
“Жаман, -дечү энеси үшкүрүнүп, -
Жаны туруп, айланган тирүү өлүккө!..”

... Байкуш эне сыр бербей басып жүрүп,
Бар түйшүгүн ичине катып жүрүп.
Кеткен экен күйүтү ичке түшүп,
Балам, балам, балам деп, жашып жүрүп...

Тааныш Күнү бир түнү жатка айланды,
Таарындыбы?.. Күнүн ал таппай калды.
Күндүн билет мээрими төгүлүүдө,
Ага Күндүн жүрөгү какпай калды...

***               ***       ***

...Өрт алоосу жакындап эмнегедир,
Ой келди ага айдарым жел менен бир:
Күн өзү От,  а энем Күнгө окшосо,
Булар мага жөн жерден келбегендир...

Демек азыр көрөмүн Күндүн жүзүн,
Күндөн көрөм жүзүн мен энекемдин.
Тириүүлүктүн бактысы ушул көзбү?
Тикте эне, Көздөрүн көлөкөңдүн...

... Көздүүлөрдүн болду азиз тепсендиси,
Көк чаначтай тээп өтүп жеткен киши.
Тирүүлүктүн баасы азыр бычылгандай,
Тирүү туруп, “өлдүк” дейт, четтен киши.

Кимиси азиз, ким көздүү таразалап,
Көр Дүйнө тур, мыскылдап, тамашалап...
Күндөн бүткөн от гана чыдай албай,
Жалын менен баратат арачалап...

***               ***       ***

... Кандай бакыт, асман, күн, айды көргөн,
Төрт мезгилди; күз, кыш, жаз, жайды көргөн.
Балапанды – бактылуу чыйпылдаган,
Балыктары ойногон сайды көргөн.

Көз караштан көшөргөн көк талыса,
Көктүгүнөн деңиздин көз талыса.
Көгүчкөндүн канатын коштоп алып,
Кошо учуп баратса Көз жарыша...

Желедеги кулундун булкунганын,
Жайлоодогу гүлдөрдүн кулпурганын.
Качандыр бир Көз менен көргөн үчүн,
Көздү жумуп, эстейсиң унтулганын.

Асан менен Үсөндүн түсүн көрүү,
Апакеңдин мамагын, сүтүн көрүү.
Кандай бакыт, ааламда сулуулуктар,
Атайылап жаралган үчүн. Көрүү...

... Көсөм болуп, көр оокат талашабыз,
Көз тойбогон дүйнөгө тамашабыз.
Көздөрүбүз фонардай жанган менен,
Көкүрөгү көр болуп баратабыз.

Бирөөдөгү кемтикке көзүң түшүп,
Өз башыңда төөдөйдү көрбөгөн жан.
Көөдөнүбүз көр туруп, көздүүсүнүп,
Жашай берет турбайбы өлбөгөн жан.

Азиз жанды аябай жөөлөп өтүп,
Азга топук кылалбай, өөнөп өтүп.
Акты актай аздектөө оорбу ушунча?..
Аруулукту турабыз көөлөп өтүп...

Билегине таянып зор болгондор,
Билимдери өзүнө ор болгондор.
Кордолгондор... ошолор кор болгондор –
Көздүү туруп, көөдөнү көр болгондор!...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз