Бери караң: Теле көрсөтүүлөр сизди кантип өзгөртөт?

  • 21.03.2021
  • 3664

Биздин замандаштар телевизор көрүүгө орточо эсеп менен бир күнгө 4 саат убактыларын коротушат экен. Бул 4 саат бою башка ишти жасасаң адамды кандай өзгөртө турган болсо, дал ошондой эле өзгөртүүлөргө дуушар кылат. Бирок ушул жөнөкөй чындыкты адамдарга айтып түшүндүрүш оңой нерсе эмес.

  1. Телевизор көрүү эмнени баамдап жатканын түшүнбөгөн жаш балага да таасир тийгизип, анын келечегине өзгөрүү киргизет.

Телешоулар акыл-эс кирип калган балдарга таасир берерин түшүнсө болот. Ал эми эң кичинекей наристелерчи? Алар эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшбөйт эмеспи. Изилдөөчүлөр эки жарым жаштагы миңдеген балдарга байкоо жүргүзүптүр. “Телевизор көрүүнү” адатка айланткан балдарды байкоолордун жыйынтыгы адам таң каларлык болгон. Канчалык телевизордун алдында көп олтурушса, чоңойгондо алардын арасынан семиздер, математиканы жакшы билбеген тентектер көп чыгат экен. Дагы бир жолу кайталайлы: бул зордук-зомбулуктарды даңазалаган кино-сериалдарды көрүүнүн жыйынтыгы эмес. Үч жашар бала эмнени түшүнүп, эмне сабак алмак эле. Чындыгында иштин баары телевизорду көрүү актысынын өзүндө.

Кеп, балдарын күнү-түнү телевизор алдына таштап коюп жүрө берген ата-энелерде да эмес. Изилдөөлөрдөн чыккан тыянак бүт дүйнө жүзүндө бирдей. Жаңы зеландиялык изилдөөчүлөр белгилешкендей, телевизорду көп көрүп чоңойгон балдар кийин жалкоо тартып, үйдөн чыккылары келбей, ал тургай мектепке баргандан да качып калышат экен. Ал эми Францияда 3 жашар балдары бар аудиторияларда теле берүүгө тыюу салышыптыр.

  1. Телевизор көрүү баланын көңүл коюу жөндөмдүүлүгүн азайтат

Теле көрсөтүүлөр, өзгөчө балдар үчүн берүүлөр — аябагандай ылдам темпте болуп жана ар кандай кызыктыруучу нерселерге шыкалгандыктан, адам мээси бара-бара маалыматтын мына ошондой темпине ыңгайлашып алышы толук ыктымал. Мектеп мугалими өз сабактарында андай темп менен жана ар түрдүү кызыктуу маалыматтар менен камсыз кыла албагандыктан, бала анын сабагын көңүл бөлүп уга албайт. Биздин арабыздагы “азыркы дүйнө балдарды жок кылат” деген чакырыктарга алданбагандарга теле көрсөтүүлөрдүн өтө көп көлөмү чындап эле көңүл коюу жөндөмдүүлүгүн азайтат деген сөздөргө ишенүүлөрү кыйын. Айова штатындагы университеттин адистеринин изилдөөлөрү эки сааттан ашык теле көрсөтүүлөрдү көргөн студенттердин сабактарга көңүл коюусунда көйгөйлөр жараларын аныктаган. Ошондо, суткасына 4,26 саатты телевизордун жанынан чыкпай көргөн кичинекей баланын мээси кандай абалда болорун элестете бергиле.

Дагы бир изилдөөлөргө 1323 адам катышкан экен. Анын эки жүз ону студенттер, а калгандары үч жашка чейинки балдар. Алынган жыйынтыктар телевизор адам мээсин толук өзгөртүп жибербесе да, ага өтө эле чоң таасир тийгизерин аныктаган.

  1. Телевизор түштү бузат

Илим телевизорду көп кароо түштү бузат деп аныктайт. Изилдөөлөр кээ бир адамдардын түшү монохромдуу, башкача айтканда, ак жана кара түстө болорун көрсөткөн, буга күнөөлүү бир гана телевизор.

Өз эрктери менен 50 адам катышкан изилдөө жүргүзүлгөн. Алардын жарымы 25 жашка чейинки жаштар, жарымы 50 жашка барып калган адамдар болушкан. Аларга анкета таратылган, андагы суроолор түш көрүүлөрдүн түсү, үй-бүлөдөгү турмушуна канчалык деңгээлде ыраазы экендиги жана балалык күндөрүн кандай өткөргөндөрү тууралуу коюлган.

Андан соң аларга бир нече күнгө чейин көргөн түштөрүн кенен-кесир сүрөттөп жазып турууларын суранышкан. Изилдөөгө катышкан жаштардын көпчүлүгү (96%) өздөрүнүн түштөрүн ак-кара түстө сүрөттөгөн эмес. А улгайган адамдар тескерисинче, бардыгы ак-кара түстөгү түштөрдү көрүшкөнүн жазышкан.

Изилдөөчүлөр бул көрүнүштү алардын жаш кездеринде ак-кара түстөгү телевизорлорду көрүп чоңоюшкандыктары менен байланыштырат. Ошол кездер алардын психологиялык калыптануу мезгилине туура келип жатпайбы. Бирок бул адамдардын түштөрүн чынында эле ак-кара түстө көрүшкөнбү же көп жылдар бою телевизордон көргөндөрүн эсине сактап калышканбы, аны аныктоонун ыкмалары азырынча жок.

Эмнеси болсо дагы бул көрүнүш өтө таң калыштуу.

  1. Телевизор адамды жалгызчылыктан куткарат

Теле сериалдар менен телешоуларды берилип көрүп, ал эпизоддор бүткүчө ар кандай жолугушуулардан, сүйлөшүп-баарлашуулардан качкан адамдарды көп эле кезиктиребиз. Кээ бирлерибиз бул адамдар көңүл ачуу жана эмоционалдык колдоо көргөзүү үчүн реалдуу достор керектигин кайсы бир күндөрү түшүнөт болуш керек деп жүрсө керек. Бирок андай күн келбейт. Анткени, адистер телевизор, тактап айтканда андагы персонаждар менен болгон жалган-мамилелер жалгыздык сезимин жана коомдон чыгып калуу коркунучун мокотот.

Төрт изилдөөнүн комбинацияларын пайдаланып, адистер телешоулар өзүн төмөн санаган, үй-бүлөсүнөн, досторунан ажырап калган адамдар өздөрүн экранда жүрүп жаткан окуяларга катышы бардай сезишерин көрсөтүшкөн. Бул көрүнүштү “коомдук суррогаттуу гипотеза” деп аташты. Бул социалдык жактан жабыр тартуудан, жан-дүйнөсүндөгү боштуктан улам андай адамдар ойлоп табылган персонаждар менен болсо да мамиле түзүүгө даяр дегенди билгизет.

Бир изилдөөдө жалгызчылыктан жабыркап жүргөндөрдү изилдөөдө, анын катышуучулары сүйүктүү теле берүүлөрүн коюп бергенден кийин өздөрүн жакшы сезе башташкан.

Башка изилдөөдө анын катышуучулары өздөрүнүн сүйүктүү телешоулары жөнүндө же башка бир эркин темада (бул темада контролдук топ жазган) эссе жазууларын суранышкан. Өздөрүнүн сүйүктүү теле шоулары тууралуу жазган катышуучулар, эркин темада жазган катышуучуларга салыштырганда жалгыздыкты чагылдырган сөздөрдү бир топ эле аз колдонушкан.

Азырынча изилдөөчүлөр теле персонаждар менен болгон эмоционалдык байланыштар социалдык карым-катнашка болгон суроо талапты басып салабы же чындап эле ал талапты толтурганга көмөк көргөзөбү, так аныкташа элек.

  1. Телевизор — семирүүнүн себепчиси

Семирүү – телевизорду өтө көп көргөн адамдарды таанып-билүүнүн мыкты белгиси. Теле көрсөтүүлөрдү аз көргөн адамдар көп сандагы калорияларды корото тургандыгы тууралуу талаш жок. Бирок изилдөөчүлөрүн байкашынча, телевизорду аз көргөн адамдар кыймылдуу болгон үчүн эле мындай жыйынтыктарга жетишишпейт. Алардын телевизор алдында ооз ачып олтура беришпей, мээлерин туура пайдалангандары эле жетиштүү.

Вермонт университетинде адистер алты жумалык изилдөөлөр жүргүзүп, ага өз эрки менен 36 адам катышкан. Алар эткээл адамдардан тартып, аябай семирип кеткендерге чейинки оор салмактагы адамдар болушкан. Катышуучулар орто эсеп менен күнүнө беш саат телевизор көрүшкөн.

Адистер 20 адамдын телевизорго атайын жабдыктарды орнотуп, алардын телевизор көрүүгө бөлүнгөн убактысын кыскартып турушкан.

Жыйынтыгында убактысы кыскартылган адамдар беркилерге салыштырмалуу күнүгө 120 калория көп сарпташкан.

Калориянын ашыкча сарпталышына үйдөгү күндөлүк иштерди жасоо: китеп окуу, үй-тиричилигиндеги жумуштар сыяктуу нерселер таасир тийгизген.

Белгилей кетчү жагдай: телевизор көрүүгө убакыт чектелген менен, жеген тамак-аштарына чектөө болгон эмес. Калориянын сарпталышынын көбөйүшүнө изилденүүчүлөрдүн психологиялык пландагы энергияны көп талап кылар иштерди жасаганга өтүүсү себеп болгон.

Булак: factroom.ru

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз