Шаарда экинчи болгончо, айылда биринчи болгон артык

  • 15.01.2023
  • 3177

Байыркы грек тарыхчысы Плутарх өзүнүн «Падышалардын жана кол башчылардын учкул сөздөрү» аттуу эмгегинде Юлий Цезарь (б.з.ч. 10044-жылдар) тууралуу төмөнкүдөй икаяны жазып кеткен: Цезарь баштаган аскерлер Альпы тоолорун ашып өтүп баратышканда, тоо этегинде жайгашкан аз сандагы жашоочулары бар, жакыр кыштакчага туш болушат. Ошондо кетип бараткан аскерлердин бир тобу кыштакчага карап, шылдың иретинде:

- Ушул жепирейген кыштакчада да дүнүйөнүн артынан кубалап, бийлик үчүн жанталашкан адамдар бар да,  ̶  деп күлүп калышат.

Аны кулагы чалган Цезарь:

- Эгер өзүм жөнүндө айта турган болсом,  ̶  дейт эч кандай шылдыңы жок, олуттуу түрдө,  ̶  Мен Римде экинчи болуп жашагандан көрө, ушул айылга келип биринчи болуп жашамакмын.

Учкул сөздүн турмуштук жана тарбиялык мааниси: Дайыма эле жогорку катмарларда гана жогорку даражага жетишкеним ийгилик деп ойлоо туура эмес. Мисалы, мыкты жазуучу же окумуштуу болуш үчүн сөзсүз эле Нобель сыйлыгын алуу, мыкты спортсмен болуш үчүн сөзсүз Олимпиада оюндарында алтын байгени утуш шарт эмес.

Ийгиликтин эң жакшысы – өзүң жашап, иштеген чөйрөдө жакшы ийгиликтерди жаратып, сени курчаган адамдардын урмат-сыйына ээ болуп, колдо турган нерсеге шүгүр кылып жашоо болуп саналат.  

Бул жер Родос, ушул жерден секир

Байыркы грек тамсил жазуучу, акын Эзоп (б.з.ч. VI кылым) жазган «Мактанчаак» тамсилинде төмөнкүдөй окуя баяндалат: бир адам Родос аралында жүргөндө адам боюнан бийик, ал тургай тамдай бийиктикке секиргенин топтошкон адамдарга бир айтып да, эки айтып да мактанып, такыр түгөтө албайт. Ошондо угуп турган адамдардан бирөө:

- Досум, эгер сен Родосто жүргөндө ошончолук бийиктикке секиргениң чын болсо, анда ушул жерде деле ошондой бийиктикке секире аласың. Ушул жерде секир анда. Биз да күбө бололу,  ̶  дейт.

Анда мактанчаак:

- Жок, досум. Мени Родоско алып баргыла. Ошол жерде көрөсүңөр, мен кандай бийик секирет экенмин,  ̶  деп өзүнүкүн бербей, бул жерде секиргенге макул болбойт.

Учкул сөздүн турмуштук жана тарбиялык мааниси: Адам ийгилик жараткысы келсе, ички күчтүү каалоо менен кумурскадай мээнет кылса, жер шарынын бардык жеринде ийгилик жарата алат. Ийгилик эч качан жер да, эл да тандабайт. Бул учкул сөз кээ бир «мен бул жерде эмес, АКШда же Европада болгонумда бардыкты кыйратат болчумун» деген ойдо жашаган жалакайларга карата таамай айтылган.

Кыргыздын «Оро албаган орок тандайт», «Тили менен буудай кууруп, оозу менен орок оргон» деген макалдары ушул учкул сөз менен үндөшүп турат. Каалоосу күч мээнеткеч адам ийгиликти эч жакка чыкпай, үйүндө олтуруп деле жарата алары турган иш. Жашоодо көп адамдар ыңгайлуу учурду – «Родос аралын» эңсеп жүрүп, алтындай убактысын бекерге коротушат. Ийгиликтин баары эмгекте жатат, бурадар.

Даярдаган Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз