Ө-өй, 1-апрелде сак бол

  • 31.03.2021
  • 3400

1-апрель. Майрамдын тарыхы. Күлкү күнү

Бул датаны календардан көргөндө, ар бир адам аны жок дегенде бир жолу тамашага салып алдаганын эстеши ыктымал.

1-апрель – Күлкү күнү

Бул майрамдардын тарыхы кандай болду экен? Эмне үчүн дал ушул күнү жагымдуу тамашаларга, бири-бирин оюн-чынга салып алдоолорго мыйзамдуу түрдө жол берилет. Бул майрам бир дагы календарда элдик майрам катары белгиленбесе да, мурдагы Союздук Республикаларда, Германияда, Францияда жана чыгыштын бир топ өлкөлөрүндө белгиленет. Аталыштары гана ар кандай: кээ бир өлкөлөрдө Күлкү күнү дешсе, кээ бир өлкөлөрдө Жиндилердин күнү деп коюшат.

Бул көңүлдүү майрамдын чыгышы тууралуу бир нече божомолдор бар. Кээси байыркылар жаз майрамын 1-апрелде күлкү жана тамашалар менен өткөрүшкөн, бул майрам ошолордон калган дешсе, жок, бул майрам орто кылымда ушул күнү досторун күлкүлүү абалга калтырып тамашалашмай оюндарынан улам чыккан дешет.

Кыскасы, бул майрамдын кайдан, качан келип чыкканы жөнүндө так маалымат жок. 1-апрелде көңүл көтөрүп, бирин-бири алдап тамашалашуу көп өлкөлөрдө бар. Кээ бир адамдар күлкү күнү Байыркы Римде майрамдалып жүргөн дешсе, айрымдары байыркы Индияда, башкалары Ирландияда башталган майрам деп эсептешет. Исландиялыктар бул майрам кудайлар тарабынан Тиасстын кызы Скадейдин урматына киргизилгенин айтышат. Дагы бир кызык божомолдо бул майрамдын чыгышына Монтереянын королу себепчи болгону  жөнүндө кеп кылышат. Ага жер титирөө басылганына байланыштуу балык тартуулашат. Бир жылдан кийин ал дал ошондой балык таап келүүгө буйрук кылат, андай балык табылбаган соң, королдун ашпозчусу ошого окшогон балык кууруп келип берет. Король аны алдашканын билгенде ачууланмак тургай, алардын тапкан амалдарына боору эзилгиче күлгөн экен. Ошондон кийин 1-апрелде бирөөлөрдү алдап тамаша кылмай салтка айланып калган дешет.

Эми бул күндү кайсы өлкөлөрдө, кандай өткөзүшөт болду экен, көз жүгүртүп өтөлүк.

Россияда

Россияда 1-апрелди хан сарайдагы чет элдиктер белгилешкен. Петр 1 бул салт жагып калат. “Бул күндөгү тамашалар падышанын көңүлүн бир топ көтөрчү, ар жыл сайын ал улам жаңы тамашаларды ойлоп табар эле” – деп жазган анын бир замандашы. 1700-жылы бир факирлердин труппасын кармап жүргөн адам москвалыктарга ал кадимки айнек бөтөлкөнүн ичине кирип берем деп кулактандыруу илген. Эл театрга толуп келген. Көшөгө ачылганда алар бооруна 1-апрель деген жазуу чапталган бөтөлкөнү көрүшкөн. Бул оюнга Петр 1 да катышып олтурган экен. Ага бул тамаша аябай жаккан. Ошентип 1-апрелди тамаша менен тосуп алуу Россияда да салтка айланган.

Францияда

Францияда бул күндү  “апрель балыгы” аташат. Бул күн 1564-жылы Карл! Х-чу Жаңы жылдык майрамды 1-апрелден 1-январга которгондо пайда болгон. Албетте, мындай которуштурууну көпчүлүк эл жактырган эмес, кийинки жылы 1-апрелде королдун букаралары өз досторуна жаңы жылдык белектери менен куттуктоолорун жиберишкен – бул алардын королдун чечимине нааразылыктарын билгизүү иретинде болгонун же мурдагы салтты унута албай жаткандары белгисиз эле. Француздар “апрель балыктары” деген ат ушуга окшогон тамашаларга туура деп чечишкен, алар жаңылышпаптыр, буга окшогон оюн-тамашалар элдин көңүлүнө да төп келип, али күнгө чейин тамаша күнү майрамдалып келет.

Франциядагы эң чоң “тамаша” 1986-жылы 1-апрелде катталган. “Паризьен” деген гезитте Париж бийликтери Эйфелов мунарасын бузуп, аны Парижден 30 чакырым аралыкта турган Марна деген жерге көчүрүү тууралуу чечим кабыл алганын кабарлаган. Ал жерге мунарадан тышкары эң чоң эс алуу паркы курулуп, ага америкалык компания тарабынан “Диснейленд” аттракциондору коюларын, мунараны бузуу америкалык деңиз аскерлеринин вертолётторун пайдалануу аркылуу жүргүзүлөрүн, мунараны жаткан абалында чогултуп, анан кран менен тургузулары жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп беришкен. Долбоор жарым жыл созулары кабарланган.

Нааразы болгон париждиктер редакцияга чейин келишип, телефондор тынымсыз чырылдап, ызы-чуу болушат. Эртеси гезит өз окурмандарын бул 1-апрелдик тамаша экенин жазгандан кийин гана эл тынчыган.

Англияда

1860-жылы ишенчээк лондондуктар 1-апрелде типографиядан чыккан чакыруу кагазын алышкан, анда: 1-апрель, саат 11-00дө Тауэрде “ак арстандарды жуунтуу” иш чарасы болорун кабарлашкан. Белгиленген убакытта кызыккан адамдар толуп келишкен. Алар бул жөн гана 1-апрелдик тамаша экенин билишкенде нааразы болуп тарашкан. Англияда бул күн Жиндилер күнү деп аталат.

Англиянын дагы бир атактуу гезитинде 1-апрелде жер шарын айланып саякатка чыгууга болгону 200 фунт алышарын жазса,  белгилүү теле комментатор бакта өскөн италиянын эң узун спагеттисин өстүрчүлөр тууралуу кино тартылганын жарыялаган.

Англияда тамашалоо саат 12-00гө чейин гана болот.

Кылымдын тамашасы деп 1957-жылы1-апрелде Би-Би-Си телекомпаниясы эфирге чыгарган Швейцарияда макарондон укмуштай түшүм алынганын баяндаган берүү болгон. Экранда макарон өстүргөн дыйкандардын оор эмгектери көрсөтүлүп, диктор айыл чарбасында мурда болуп көрбөгөндөй ийгилик жаралганын, узундуктары бирдей өлчөмдөгү макарондордун өстүрүлүп чыгарылышы селекционерлердин көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы экенин баяндап берген.

Бул берүүдөн кийин редакцияга миңдеген каттар келип түшкөн: кимдир-бирөөлөрү эмне үчүн макарондор жатып өспөй, тикесинен өскөнүнө таң калышса, кээси урукту кайдан сатып алса болоруна кызыгышкан. Айрымдары гана макарондор ундан жасаларын билгендиктен бул кабарга ишенер-ишенбей таңгалгандарын жазышкан.

Ал эми Германия менен Австрияда 1-апрель бактысыздыкты алып келген күн катары эсептешчү экен. Немистер менен австрийликтер ушул күнү жолу болбогон балдар туулушат дешкен, анткени ошол күнү Иуда-Иса пайгамбарга чыккынчылык кылган адам жарык дүйнөгө келиптир жана ушул күнү шайтанды бейиштен тозокко кууп салган имиш.

Финляндияда 1-апрель – шаардыктарда жана айыл тургундарынын арасына таралган салыштырмалуу жаш майрам.  Айрыкча айылдыктар жазгы жумуштардын убагында балдарды майда-барат иштерге жумшоо кадимки көрүнүш болгондуктан, “тамашакөй жигиттер” балдарга тапшырма берип коңшуларына жөнөтүшкөн. Мисалы, коңшудан барып айнек кескен кайчы сурап кел, же болбосо үйүлгөн кыктын бурчун эсептеп чыгара турган прибор сыяктуу аты-жыты жок буюмдарды алып кел деп жиберген. Ал бала барганда коңшулары аны андан аркы коңшусуна жөнөткөн. Ал бечара баланы аяган бирөө бул тамаша экенин айтып салгыча ошентип кыдырып жүрө берген.

1-апрелде болуп өткөн эң кызыктуу окуялардан

1-апрель күнү ар кандай чындыкка окшобогон нерселерди укса болот. Мындан бир нече жыл мурда бир гезиттин 1-апрелдеги санында Москванын зоопаркында Чукоткадан казып алып, эриткенде тирилип кеткен мамонттун баласы жайгаштырылганын жарыялаган. Бул окуяга ишенгендер көп болгон, ал тургай бир мугалим аял Сибирден аны көргөзүү үчүн окуучуларын ээрчитип келген экен. 1990-жылы дагы бир кызыктуу кабар пайда болгон. Анда гезит бетинде А.Блок деген акын бул дүйнөдө жашабагандыгын, ал ойдон чыгарылган адам экендигин далилдеген материалдар берилген. Бул нерсеге дээрлик олуттуу адабиятчылар ишенип алышып, редакция менен кызуу талкуу уюштурууну сунуш кылышкан.

1-апрелде бардыгыңарга күлкү жана тамаша каалайбыз жана башка күндөрү деле күлгөндү унутпагыла.

Медиктердин айтымында, күлкү адамдын ден-соолугуна оң таасир тийгизет, чыңалууну жок кылып, кан басымын нормалдаштырат, жашоону узартат. Үч мүнөт күлкү он беш мүнөттүк дене көнүгүүсүнө барабар экен.

Ошондуктан көңүл ачкыла, бирок өзүңөрдүн тамашаңар менен бирөөнү таарынтып алгандан сак болгула!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз