Михаила Жванецкий: Тарыхта калуу кыйын, бирок жаманатты болуу оңой

  • 26.08.2023
  • 4490

*     *     *

Коньяк менен саатына эки-үч ой айта алам. Он мүнөттө бир курч сөз.

Арак менен – өкмөткө үч-төрт доо жана парламентке бир суроо берем: силер деги кимсиңер?

Жеңил вино менен — зарна болгуча эле маанайым түшүп, бардыгын жаман көрө баштайм.

Шампан ичкенде — болбогон нерселерди, бир топко чейин токтобой кобурай берем.

*     *     *

Бүгүнкү күнү чындыкты сүйгөн, өз принциптерин сактаган адам таптакыр башка. Ал сүйлөбөйт, каршы да болбойт. Ал макул болот, бирок өз билгенин кылат. Ал чарчата турган, пайдасыз пикир, талаш-тартыш, бир нерсеге ишенүү, сөз сүйлөө дегенди билбейт.

*     *     *

Ичкиликти таштап, ичпей койгондой мен ким элем?

*     *     *

Кыңк этпей баш ийүү – жиниңди келтирет.

Көңүлсүздүк – көңүлдү чөктүрөт.

Сараңдык – ачууңа тиет.

Маңыроолук – жагымсыздыкты жаратат.

Акылдуулук – чарчатат.

Юмор – таарынтат.

*     *     *

Аз ченемдеги ичимдик канчалык көп болсо да зыянсыз.

*     *     *

Алимент — бул үчөө үчүн жалгыз өзү төлөө.

*     *     *

Ой менен аял чогуу келбейт.

*     *     *

Биздин диагноз – биз али цивилизацияга жете элекпиз. Бизде унитазга, түкүргүчкө, таштанды салган чакага таамай түшүрүү пайызыбыз өтө төмөн. Тилибиз орой. Биз бир нерсени түшүнүү үчүн сөгүнүп, анан аны кайра которуп түшүнөбүз.

*     *     *

Кээ бир адамдар качкандан корккон үчүн, эр жүрөк болуп көрүнөт.

*     *     *

Турдум – өзүмдү жаман сездим. Сыртка чыктым –жакшы болуп калдым. Ичтим – сонун болдум.

Сыртка чыкпай эле койсом болмок экен!

*     *     *

Ийгилик коркпогондорго жылмаят... Андан кийин аларды көпкө чейин шылдыңдап каткырат!

*     *     *

Тарыхта калуу кыйын, бирок жаманатты болуу оңой.

*     *     *

Бул дүйнөдө жакшы адамдар көп. Бирок тиги дүйнөдө андан да көп....

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз