Кайсы бир жолу Аюу Коёндун бакчасына баш багып суроо узатты:
— Иштер кандай, Алаң көз?
— Жакшы, Миша аке, таңдан бери тарбалаңдап сабиз жулуп атам.
— Быйылкы сабиздер кандай түп алды анан?..
— Жакшы байлады, Миша аке, бирок чоң сабиз терең отурат эмеспи, жулуш кыйын болуп атат.
— Мага да чынында сабиз керек болчу, - деди Аюу ойлуу түрдө. – Кышкыга камдасам дегем...
— Сизден аямак белем, Миша аке! Каалашыңызча алыңыз!
Алаканына түкүрүнгөн Аюу ишке киришкенде сабиздер биринин артынан бири асманга көкөлөп, бир заматта жер жайнап калды...
Так ушул учурда жакын жерден өтүп бараткан Кирпиге сабиз тийип, тикенине сайылды.
— Эмне деген наадандык! — жинденди Кирпи чечен. — Эмне кылганыңар бул?
— Сабиз жулуп атабыз! — күркүрөдү Аюу. — А сен кайда жөнөп калдың, Тикенек баш?
— Токойго баратам, козу карын тергени!
— Козу карын демекчи, ал жакшы да! — сүйүндү Аюу. — Мага кышкыга керек болчу. Жүрү, козу карын терип келебиз, чоң-чоң ак козу карындарды!
—Миша аке, — чыйылдады Коён, — сабиздерди эмне кыласыз?
— «Сабиз, сабиз» эле дейсиң… — Аюу ачууланды. — Аныңды өзүң же, а мен козу карынды жакшы көрөм!
Ошентип Аюу козу карын териш үчүн Кирпини ээрчип токойго жөнөдү.
Токойго киргенде Кирпи козу карын терип жонундагы тикендерине сая баштады, ал эми калдаңдай баскан Аюу аларды майпайган таманынын алдында калтырып баратты.
Ага бакта отурган Тыйын чычкан кайрылды:
— Миша аке, эмне эле жер тиктеп калгансыз?
— Козу карын терип жүргөм кышкыга, - деп жооп берди Аюу.
— Козу карын да азыкпы! – чыйылдады Тыйын чычкан, — Сиз андан көрө жаңгак терип жеп көрүңүз!
Аюу бакка асылып жаңгак үзүп жеп көрдү, алар ага абдан жакты.
— Тамак болбосоң кой кал! Мен буларды бир жулкуп эле чогултам. Мына моминтип!
Аюу шагы толо жаңгак байлаган бакты кучактап жулкуп, тамыры менен жулуп алды да, жонуна салып көтөрүп жөнөдү. Аны көргөн Кирпи колун жайган бойдон кала берди.
Аңгыча Аюунун алдынан кайырмак көтөргөн Мышык чыкты.
— Кайда жөнөдүң, Чокчолой? — токтотту аны Аюу.
— Балыкка баратам, Миша аке. Мыймыйларымды балыкка тойгузсамбы дегем.
— Балык? Мен балыкты жакшы көрөм, — жаланды Аюу. — Чын эле кышка балык камдап койсом неге болбосун.
— Андай болсо жүрүңүз! Менин ашыкча кайырмагым бар, - деди Мышык.
Жөнөп калышты. Баса түшкөндө Мышык сурады:
— Сиздин жаңгактарыңыз кала бербедиби, Миша аке?
— Койчу ушуларды… Майда-чүйдө бирдеме. Жүрү, тезирек барып балык кармайлы. Мен кышында балык жегим келет.
Дарыяга келишти.
Жаңы гана кайырмак салышканда, кайдан чыга калганы белгисиз, түлкү пайда болду!
Ал Аюунун жанына отуруп кытылдап күлдү:
— Хи-хи-хи! Болбогон ишке чарпылып жатасың, Миша аке.
— Кандайча болбогон иш? – кабак түйдү Аюу. Мага кышкыга балык абдан керек.
— Көп деле кармай албастырсың. Анын үстүнө кышы бою балык жеген кайсы жакшылык дейсиң. Мындан көрө мен сага башка сунуш киргизем. Бүткүл кыш бою мага ыраазы болосуң, - азгырыктуу сүйлөдү Түлкү.
– Эмне сунуш? – кызыкты Аюу.
— Жүрү, кыштакка барып тоок, өрдөк уурдайбыз.
— Тоок? Өрдөк? Жүрү тезирек! — кубанган Аюу кайырмакты ыргытып жиберди.
—Миша аке, сенин кайырмагыңа балык түштү! — кыйкырды Мышык.
— Түшө берсин. Балык тоок эмес, — күркүрөгөн Аюу түлкүнү ээрчип жөнөдү.
Караңгы киргенде Аюу менен Түлкү колхоздун тоокканасына жакын келишти. Түлкү жыгач тосмонун бир тактайын жылдырып Аюуга шыбырады:
— Сен Миша аке, ушул жерде бол, мен сага тооктор менен өрдөктөрдү канча кааласаң ошончо алып чыгам.
— Макул, — деди Аюу, — тезирек алып кел, көбүрөк болсун. Мага кышкыга көп эт керек.
Аюу тосмону түптөп ары-бери басты, эки жакты каранды, кулак түрүп тыңшады… Бирок көпкө тура албады. Аны бир ит көрүп калып, абалап катуу үрдү эле, бүт кыштактын иттери ызы-чуу түшө качырып келишти. Тимеле тиш арсайта ыркырашып, тарпын чыгара талаганы калышты.
Аюу тоокту да, өрдөктү да, Түлкү шумпайды да унутуп, буту үзүлгөнчө чуркап, токойду карай качып жөнөдү... Айылдын иттери ажылдай үрүп, такымдай кууп, артынан далайга чейин барышты.
Байкуш Миша акыры токойго кире качып араң кутулду. Бул арада тоокканадан олжосун бөктөрүнүп чыккан Түлкү эч кимге байкалбай аңга түшүп, токойду карай зуу койду.
Таң ата эсине араң келген Аюу дарактын түбүндө оор онтоп жатты…
Жанынан өтүп бараткан Чычкан токтой калып сурады:
— Миша аке, сизге эмне болгон?
— Итке таландым… Түндө алар теримди тескери сыйрый жаздашты.
— Иттер? Бул жакшы эмес, — чыйылдады Чычкан.
— Мен кышка азык камдап алайын дегем…
— Азык — бул жакшы, — деди Чычкан чын көңүлдөн.
— Сабиз жулдум, козу карын тердим, жаңгак чогулттум, балык кармадым, тоок уурдадым…
— Уурдаган жакшы эмес! — айыптады Чычкан.
— Баарын жасадым, бирок кур кол кайттым…
— Эми эмне кыласыз, Миша аке? — сурады Чычкан.
— Айла жок, — деди Аюу күрсүнүп. — Кыш келип калды. Чээниме кирем да, жазга чейин таманымды сором…
— Эх, Миша аке! — чыйылдады Чычкан. Ал дагы бирдеме дегиси келди, анан колун шилтеп кайдадып жүгүрүп жөнөдү.
Чычкан тургай, биз эч нерсе дей албайбыз бул жерде.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ
(В.Г.Сутеевдин сүрөттөрү)