Айдай Ивакова: Кактус

  • 30.04.2021
  • 3874

АҢГЕМЕ  

Таңга маал Сабира уйкусунан дагы чочуп ойгонду. Баягы түш. Мындан беш жылдай мурда биринчи жолу  кирген. Анда ал чөлдө колунда өзү сүйгөн кактусун көтөрүп алып тентип жүрүптүр. Тили жабышып, тамагы кургап, издегени суу. Жандалбастап  туш тарабын карайт. Эчтеке жок. Көз жеткен жердин баары кум. Кум дөбөлөр. Кудум толкун жиреп бараткандай кадамдары барган сайын оорлошуп, бир дөбөнү ашып түшүп, экинчисине тырмышат. Же биринен-бири эч айрымасы жок дөбөлөр түгөнбөйт, же жол арбыганы билинбейт. Айласы кетти. Бакырып ыйлагысы келди. Уга турган жан барбы? Майнапсыз жолду улантууга алы калбай барат. Жүрөгүн туш-тараптан ичке жиптер менен чырмап, чатырата тартып жаткансып  кыстыга баштады…

өөх! Түшү тура! Ошондо керебеттен бутун түшүрсө эле кумга батып кетчудөй болуп; өң-түшүн айрымалай албай бир далайга чейин  шыпты тиктеп жаткан эле. Жүрөгүн мыжыккан оору коё бере баштаганда гана  бөлмөдөгү буюмдарды бир  сыдыра караганга алы жетти. Баары ордунда. Мына, керебеттин аягында турган саргыч-күрөң  шифоньер дүкөндөн  алганда кандай болсо ошол бойдон зыңкыят. Бир каалгасында чапталган күзгүнүн бурчунан чачы кыска, көздөрү балырдай жашыл  актриса бажырайып карап турат. Мындай сүрөттөн бир топту кайсы бир жылдары Германияга болгон сапарында ала келип, тааныштарга тараткандан калганы ушу.

Шифоньердин үстүндө  үч бүктөлүп жыйылып турган ала кийиз менен шырдак апасынан калган таберик. Жасалганына бир топ жыл болсо да, бир салынбаган боюнча бүксүп турат. Апасы жаңы берген жылдары жайкысын атайын убакыт бөлүп, күнгө какшыта жайып бапестеп карачу. Кийинчерек анысын азайтты, бирок бут алдына салганга колу барбады. Эми минтип музейдин эң баалуу экспонатындай  шыпты тиреп турганы турган. Жерге төшөлгөн килемдин киши баспаган жеринде түктөрү калың бойдон жылтылдайт, ал эми үч көздүү күзгү турган жер, анан шифоньер менен керебеттин тушу бир аз жукарып, сүзүлүп барат.

Шыптагы хрусталга түспөлдөштүрүп жасалган пластмасса люстра мурдагыдай ак жарык чачпай, сары чаң  басып мунайым бүлбүлдөйт. үйдө өз бөлмөсүндө, көнүмүш буюмдардын курчоосунда жатканын билгенден кийин денесин каптаган коркунуч коё берип, кургак эриндери менен жылмайып алган эле ошондо.

Бүгүн да ошол түш. Бул түш беймаал кирип келип, ыңгайсыздык жараткан  конок сымал ат тезегин кургатпайт. Бирок баштагыдай коркпой  көнүп калды. Бул жолу да суу издеп деми кыстыгып баратканда эле ойгонуп, ошол замат  туруп кетти. Халатын кийе салып, ваннага кирип, колу-бетин жууду да көп жылдык адатынча  бет майдан шыбанып, күзгүнүн жанында бир аз турду, анан  ашкананын терезесин карай басты.

Терезе үйдүн короосуна чыгат. Күндө бир-эки маал балдарын ойнотуп жүргөн жаш келиндерди, эки-үчтөн эрмектешип отурган коңшу кемпирлерди, ары-бери баскандарды бир  карап койбосо көңүлү тойбойт. Алардын үнсүз кыймылдарын тиктеп «бүгүн тиги подъездеги келин көрүнбөйт ко, тиги сары келин баласын күпшүйтүп кийинтип коюптур, ысып кетпес бекен» деп баарын толуктап, баарын тескеп турат. Кээде там-туң баскан наристелер жыгылып кетпесин деп тирмейе тиктеп турганын өзү да байкабайт калат. Короонун чок ортосунда арбайган эки даракка чапташып чогуу өскөндөй жыгач скамейканы да карабай койсо, бирөө көтөрүп кетчүдөй сөзсүз  текшерет.

Бүгүн короодо эч ким көрүнбөйт. Күн бүркөө. Күз бүгүн сары-кызыл кийинген саркеч, бирок маанайы жок келиндей чыртылдап калыптыр. Жаан да жаачудай. Жаш кезде  мезгил дегениң тамда илинип турган календар барагындай шарт-шарт айрылып, бирде шиш така туфли, бирде жылуу өтүк, а бирде гүлдүү босоножка кийиш үчүн гана алмашчудай эле. Акыркы кезде убакыттын өчү бардай нымтырайт. Өзгөчө быйылкы күз токтоп калгандай тымтырс, айтор, күндөр да сагыздай чоюлуп, жалбырактар да  атайын шашпай айланып түшүп жаткандай.  

Тамакка табити жок. Качандыр-бир нан да тартыш болгон күндөр өткөнүнө ишенбей кетет. Эми минтип жүрөккө эч нерсе баспай турганын кара?  

Бөжүрөгөн ини-сиңдилери менен апасы жапкан нанды аңдып отуруп, бышары менен жабышкак ысыгына карабай «ахалап-охолоп» оозго салышчу. Токоч бышырат деген күн майрам эле. Таң атпай «тырс-тырс» үндөн ойгончу. Бул – апасы аллюминий чарага толтура ун элеп, ортосун оюп камыр туурушун салып, өзүнчө идишке туз татытып даярдап алган сууну шарактата куюп, күмүш билериги чарага тийген сайын «тырс-тырс» эте камыр жууруп аткандагысы.

Эми нан жебей калганына көп болбодубу? Аял киши бул азыктан  азыраак жеп же такыр эле баш тартып койсо, толуп кетпей ашыкча салмакты сак-сактап турса болот  деп чогуу иштеген кыз-келиндерден укканы токтотуп койгон. Анда бой-келбетти көзөмөлдөп турбаса жумуштан айрылып калышың да бат эле. Талап ошондой. Чындыгында өзү деле толуктарга кирчү эмес. Арыкчырайынан келип, сөөгү жука болгону менен эти чымыр, балтырлары сымбаттуу. Аэрофлоттун ак блузка-юбка, жакетин кийип, коюу күрөң далыны жапкан чачын тыкырайта түйүп, башына пилоткасын кондуруп алса, ак жуумал жүзүндөгү калың кашына, бадам түспөл көзүнө куп жарашып калар эле. Жумушка даярданып кийинип жатканда сөзсүз баягы журналдагы кызды эстейт.

Ооба, баары ошол журналдагы кыздан башталган. Анда мектептеги секелек курагы. Коңшу Ажарбү апанын борбордо окуган улуу кызы каникулга келип үйүндө жүргөн. Бир күнү музоону көлөкө жерге жылдырып байлап атып, кошунанын  алма багынын түбүндө көлдөлөңду жая салып, көмкөрөсүнөн жаткан Айназды көрүп калды. Чырпык-талдардан чырмалган тосмодон ашып түшүп жетип барды жанына.

- Ии, Сабира кандай? - деп ордунан козголо берди Айназ.

- Жакшысызбы, Айназ эже! - эңкейип бетин тосуп учурашты.

- өткөндө силердикине кирсем уй тоскону кетти деди апаң, чоң кыз болгон турбайсыңбы? Канчанчы класс болуп калдың? - деди жанына отур деп жаңсай.   

Айназдын кошуналар, өзүнүн классташтары тууралуу суроосуна  жооп берип жаткан Сабиранын  көзү жер төшөктө жаткан журналга түштү. Калың, түстүү басылманын биринчи бетинде бир башкача кийинген сулуу кыздын сүрөтү бажырайат.  

- Айназ эже, бул кимдин сүрөтү?

- Булбу, бул стюардесса.

- Саардеса?

- Стюардесса! - каткырып жиберди Айназ.

- Кана, айтсаң, стю-ар-дес-са!

Кулагына чейин кызарып кеткен Сабираны кайра-кайра кайталатып, кыткылыктап күлүп жатты Айназ. Ошол күнү Сабира  стюардесса деген кесип бар экенин, ал кесипке жалаң татынакай кыздар тандалаарын, алар самолётко отуруп каалаган өлкөсүнө каттап, булуттардан бийик учуп, асманда иштей турганын  биринчи жолу билди.

Ошол күндөн тартып сүрөттөгү сулуу кыздын элеси азгырыктай ээрчип, акылын бүт ээлеп алды. «Стюардесса! Кандай керемет, кандай таттуу сөз. Мен да сөзсүз  стюардесса болом» - деп ошол эле күнү кесибин тандап койгон. 

Алгачкы  асманга учкан күнү дале эсинде. Басса-турса оюнда багып келген балалык кыялына жеткенине самолёт абага көтөрүлгөндө гана ишенген... Ага чейин бардыгы түш сыяктуу сезилип, жүргүнчүлөрдү тосуп алуу, отургузуу, аларга инструкция окуу иштерин талапка ылайык, роботтой так аткарып жатты. Анан учак ордунан жылып, күркүрөп-шаркырап  ылдамдыгын улам көбөйтүп барып жерден көтөрүлгөндө гана жаадай тартылган денеси бошоп, көзүнө жаш тегеренген. Балалыгы, кичинекей айылы, андагы мектепти бүтүп эле күйөөгө тийип, биринчи балдарын төрөп калган курбулары, апасы жана анын канатына баштарын каткан бөбөктөрү, борборго келгенде тушуккан  кыйынчылыктардын баары артта  калгансып, бир чети ошого ичи ачышса, экинчи жагынан алдыда күткөн белгисиз, бирок азгырмалуу жаңы жашоого бет алганына өрөпкүп кеттиби, токтоно албай бир топко  шолоктоп ыйлаган.

Сабира оор үшкүрүп алып өзү да чочуп кетти: «Эмнеге үшкүрөм? Жаштык жалаң шаттык менен өттү да» – күбүрөнө жанатан тирмейе тиктеген терезеден көзүн алып, муздаткычты көздөй басты. Кече жеп жиберчүдөй болуп тооктун жарым этин салып шорпо жасаган. Бир шыйрагын, ага кошуп эки баш картөшкө жеп, шорпосунан болгону бир чыны ичкен. Эми ошол калган этти алып чыгып жылытканга көңүлү жок, муздак жемей болду. Электр чайнекти жандырып, бир помидор менен бир бадыраңдан  салат жасап кирди.

Суу кайнаары менен өзүнө сүттөп кофе жасап, тарелкадагы тооктун ак эти менен салатты аралаштырып тамактана баштады.

Убагында тамактануу, убагында уктоо деген болчу эмес да ал кезде. Рейстин көпчүлүгү таңкы сааттарга коюлган, ал үчүн  түнкү үчтө туруп атайын автобус менен аэропортко жөнөшөт. Айына жок дегенде 10-15 саат учат, бирок ошого жараша өргүү убактысы да көп, айлыгы  да жакшы.

«Мына, азыр алган пенсиям да жакшы» – дагы сүйлөндү. Бул жашоосунун жакшы экенин өзүнө-өзү далилдеш үчүн айтылгандай сезилди. Ооба, ошондой эле. Акыркы күндөрү өмүрүн сыдыргыга салып эстегенди адат кылып алды. “Мындай адат улгайган адамдардын баарында эле бар болду бекен, ыя?” – өзүнөн сурап да коёт. Жан дүйнөсүндө эркине баш ийбеген бир түпөйүл сезимден кутула албай жүргөндөй. Мындай караса үстүндө үйү, жегенге ашы бар, кааласа басат, кааласа жатат, тынчын алган киши да жок. өзү дегдеп жүргөн кыялына деги жетти, андан кийин ары-бери учуп жүрүп чарчадым деп тынч жашоону каалады эле, анысы да аткарылды. Анан эмнеге өткөн өмүрүнө кайрылып ар бир изине үңүлгөндү  адат кылды? Антейин десе, жаштыкты кимдер сагынбайт... Чындыгында эле сагынды. өмүрүнүн жыйырма беш жылдан ашыгын асманда жүрдү, ал жакта жаш куракка карабаса, андан да көп учканга даяр эле. Анан пенсияга чыкканда канаты кыркылган куштай өтө жаман болду, өзүн  эч кимге кереги жок буюмдай сезди. Түшүндө адаттагыдай асманда булуттарды аралап жүргөнүн көрүп, ойгонгондо шолоктоп ыйлаган нечен таңдар өттү. Учпай калгандан кийин мекеме жумушсуз калтырган жок, бирок асманга болгон куса көпкө чейин коё бербей жүрүп араң көнгөн. Эми минтип үй күчүк. Жаш курагы да келди, анын үстүнө ден-соолугу да жакшы эмес. Үч-төрт жылдан бери жүрөк кысылган адат пайда болду. 

Чынысынын түбүндөгү муздай түшкөн чайды ууртап, бошогон табактарды бири-бирине кийиштирип, кашык-бычагын чогултуп чайкап, орду-ордуна жайгаштырды да конок бөлмөсүнүн  балконуна чыкты.

Балкон айнектелгенине карабастан кеч күздүн деми уруп турган экен. «Силерди үйгө алып кириш керек турбайбы» деп койду гүлдөрүнө. Эми бозоргон  кышта көз токтотору жалгыз ушул кактустары. Булар көп деле камкордукту талап кылышпаса да, күнү кечке эрмектегени ушулар. Арасында ар кайсы өлкөлөрдөн алып келгендери бар.

Иштеп жүргөндө кыздар арасында барган жерден эстеликке бир буюм ала келип чогултмай модага айланган мезгил эле. Бири тыйын чогултса, бири ар кандай сувенирлерди топточу. Жансыз буюмдарды шагыратып эмне кылам деп ойлонуп жүргөндө Ташкенттин жайма базарынан кыпкызыл болуп гүлдөгөн кактусту көрүп, асмандан издегени жерден табылгандай сүйүнгөн. Ошол күндөн тарта бирден-экиден чогулткан кактустары азыр балкон бетин бербей турбайбы, андан ашканы залдагы чоң үстөлдүн үстүн, андан бери жайдак полду да ээлеп турат. Эсептеп көрсө, ушул тапта алардын саны жүзгө жакындаптыр. Анда үйгө көп токтобогон Сабира үчүн бул табылга жага бербей калган. Бул өсүмдүгүң өзгөчө деле багууну талап кылбайт тура. Бир сугарып койсоң эки-үч жумалап тура берет. Бирөө да соолуп же ооруп түйшүк тарттырган жок.  

Кийин-кийин үйүнө келген алысыраак эжелеринин бири:

- Кактустун тилеги жаман деп уккам, кутулсаң боло үйүңдү Сахаранын чөлүндөй кылбай, - дегенде;

- Мен андайга ишенбейм, - деп күлгөн эле. Ансайын эжеси токтобой:

- Кактус бакканча бала багып алсаң боло, учат элем деп күйөөгө да тийбедиң! Эми ал-күчүң барда бир жаманды багып алсаң, ошонуң караан болбойт беле, - деп же аяганы билинбей, же жинденгени билинбей зирпилдеди эле эжеси.

- Ой эми коюңузчу, баягы сөздү кайра баштабай. Ушул жашымда бирөөнү багам деп кыйналгым жок, учпай эле калганым болбосо, жумушка эрте барып, кеч келем. Баланын түйшүгүн билип эле чоңойдум го. Ага убакыт, күч талап кылынат. Анын үстүнө мен бала багып отуруп алсам, бизди ким багат? - деп даяр сөзүн айтып, эжесине жооп бергени менен өзүнө да бул ойду биротоло бекемдеп алган.

- Жалгыздык эмне экенин билбей атасың даа-а, чырагым, - деп үшкүрүп калган эжеси.

Ооба, жалгыздык эмне экенин билген жок. Бир күнү бир күнүнө окшобогон мезгил эле анда. Ар дайым адамдардын курчоосунда жүрдү. Акыркы үйдө отуруп калган беш жылдан бери эле бир аз коңултактап жүрөт. Ошондо деле жеке жашоосунда жалгыздыкка көнүп, жалкы уктап, жалкы туруп калгангабы, тынчтыкты көбурөк сүйөт. Бир гана нерсе болбосо...

Эки жума мурда жагымсыз окуя болду. Гүлдөрү менен сүйлөшүп суу куюп жүрүп эле  жүрөк тушу сайгылашып барып, көзү караңгылап отуруп калды. Эптеп жөрмөлөп диванга жетип башын коюп, ошол боюнча күн кирип, күүгүм басканга чейин тура алган жок. Айлана иңир тартып, үй ичи караңгылыкка чөмүлө баштаганда тулку боюн кандайдыр-бир коркуу сезими каптап алды. Чынында эле калтырап коркту. Кимдир-бирөө келип жарыкты күйгүзүп, жаныма келип отурса деп ойлоду. Бирок бул беймаал убакта ким келмек? Апасына акчалай да, мындай да жардамын аябай жүрүп, бир туугандарын ирдентүүгө көп жардамы тийген. Кийин деле окутканын окутуп, турмушка узатканын узатып, инисин үйлөп-жайлап кошо эле аралашып жүргөндөй болгону менен ар ким өз оокатына ээ болгону көп келишпейт, келсе да кетмеги бат. Жалгыздык дегенди ошол кечте биринчи жолу сезди. Акыры бүктөлгөн калыбында эптеп жылып, дивандын этегиндеги тумбочканын үстүндөгү телефонго жетти да тез жардам чакырды. Кан басымы түшүп кетиптир. Доктур «жүрөгүңүздө да мандем бар, сөзсүз текшерилиңиз» деп кетпедиби.

…Түш ооду. Күн бир аз жылыгандай болду. Ырас, гүлдөрүнө текши суу куйду. Эми кечээги шорпону жылытып ичип, көчөгө чыгып аба жутуп келмей болду. Жылуураак кийинип, жонуна кара плащын жамына чыгууну чечти. Күндүн арты жакшы эмес. Оозгу бөлмөгө келип гүлдүү жоолугун салынып, эңкейип жүн байпактын үстүнөн резинка өтүгүн кийгиче деми кыстыгып кетти. өйдө болуп күзгүнү карап саамга токтоп калды. Маңдайында салаңдай баштаган кабак алдында жылтыры кетсе да жылдызы өчө элек бадам көздөрү чарчаңкы тарткан, кеберсиген кургак эриндери кымтылган, али алтымышка чыга элек ак жуумал аял турду.

өзгөчө дем алыш күндөрү ушинтип сейилдеп келүүнү жактырат. Кабаттуу үйлөрдүн алдын бойлогон жол менен басып, коңшу короолорду аралай өтөт.  Алдынан өң-тааныш тургундар чыгып калса бай ийкешип, кээде токтоп ары-беркини  кеп кылышат.

Бүгүн негедир басууга көңүлү чаппады, эки бактын ортосундагы сүйүктүү отургучуна келип  түндөгү жаандан кийин түшкөн жалбырактарды колу менен шилеп түшүрүп, жыгачтын кургак жерин тандап отура кетти.

өткөндө жыгылгандан бери үчүнчү кабаттан түшкөндөн чочулап,  кээде гана нан-панга чыгып келгени болбосо капастагы куштай эки бөлмө үйдө камалып жатып, адамдарды да сагына түшүптүр. Короо ээн. Тээтигинде гана бири-бирине кыналган кыз-жигит келатат.  «Сүйүшкөндөр окшойт. Биздин короонун балдарынан бекен?» дегиче  көздөрү мунарыктай түштү. Дароо бир нерсе кирип кеттиби деп бир колунан мээлейин чечип ушаласа да болчудай эмес. Айлана бууланган айнектин аркасындагы картинадай көрүнүп калды. Бозоргон асман. Күзгү жамгырга каныккан боз топурак. Жарым жылаңачтанып арбайган кара бутактарында бирин-серин кызыл-тазыл сөйкө сыяктуу илинген жалбырактуу бактардын ортосунда басып келаткан эки караан. Жакындап келип жанынан өтүп кетишти. Артынан кыздын көтөргөн сумкасы  кыпкызыл чекит болгончо карап турду да, көрүнбөй калганда «менин Ташкенттен алып келген кактусумдай экен» деп койду.  «Ошол кактус он жылда бир гана гүл ачат экен, тобо! Гүлүнүн түсү дал ушул кыздын сумкасындай кыпкызыл чок, ушунчалык сонун, бирок өтө сейрек гүлдөгөнү жаман» деп кейип алды. Мээлейин чечип көзүн кайра ушалады. Көзүнүн мунарыктаганы дагы деле кетпеди. Бүгүн негедир мурдагыдай табы жок. Буттары да чоюн байлап койгонсуп оорлошконсуп баратабы?

Мээлейин кайра кийип, скамейкага такай башын чалкалата жөлөнүп, көзүн жумду да көпкөк асманды, ак булуттарды элестетип кургап бараткан эриндери менен жылмайууга аракет кылды. Бирок кишиге кууса болбой кайра-кайра конуп тажаткан чымындай  баягы түпөйүл ой айланчыктап туруп алды.

- Асман менен кыялым эле. Кыялым орундалды. Демек, мен бактылуумунбу?

- Бактылуусуң...

- Анда эмнеге жүрөгүм тыз деп, түпөйүл тартам?

- Ойлонуп көрчү... Аткарылбай калган кыялың бардыр?

- Жок, менин болгон тилегеним орундалды.

- Туура тилендиң бекен?

- Не деген турасың? Ал менин бала кезден баккан тилегим... Балалык кыялдын артынан сая түшкөнүм үчүн күнөөлүүмүнбү?

- Жок, күнөөлүү эмессиң.

- Анда кандай? Анда неге жүрөгүм тыз деп түпөйүл тартам?

… Буга чейин мойнуна албай келген чындыктын түбүнө азыр жетчүдөй ойлонуп, башы чыңалып чыкты. Зыңылдайт тим эле.

Көзүн ачты. Бозоргон асмандан аны көздөй аппак периштелер учуп келе жатышыптыр. Айрымдары ага жетпей бактын бутактарына коно башташты. Же бул самолётторбу? Аны  алыска алып кеткени учуп келе жатышабы? Жок, кар экен! Аппак кар…

Бетине тийген кар бүртүкчөлөрү ичиркенте баштады. Туруп кетейин деп обдулду. Тура алган жок.

Жүрөгүн туш-тараптан ичке жиптер менен чырмап, чатырата тартып жаткансып  кыстыга баштады…

«Мен бактылуу боло алдымбыы-ы!!?» Кыйкыргысы келди, кыйкырып жатам деди, бирок анын ордуна көөдөнүн жарып чыккан шуу үшкүрүк денесин муздатып баратты. Жогору караган калыбында алсыз эриндери менен асманды өөп койду да, көздөрү жумулуп баратып, кактустарды карга калтырбай, бөлмөгө киргизип койбогонуна өкүнгөнгө үлгүрдү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз