Муса Мураталиев: Айдай сулуу Карачач

Азыркыларга жомок

Илгерки өткөн заманда Чеч-Төбө өрөөнүндө бир байдын токолу айдай аппак кыз бала төрөйт. Көз тийбесин деп байбиче Карачач деген ат койдурат. Карачач көркүнөн көз тайган жан болуп чоңоёт. Ким көрбөсүн кыздын илги акылын, учу жерде сүйрөлүп жүрчү эки кулач Чеч-Төбөнүн түнүндөй капкара чачын кеп салышат. Байбиче тогуз айылдан Карачачка тогуз курбу кызды кошо багат. Кыздар сейилге чыккан сайын:

– Сууга түшсөңөр Карачачтын башын жуубагыла, кырга чыксаңар чачын тарабагыла! – деп эскертет байбиче.

Бир жолу кыздар сууга түшүп, байбиченин кебин унутуп, баары башын жуушат. Карачачтын бир тал чачы агып кетет. Суу менен агып баратып чач тегирмендин парасына оролуп кыл буугандай бууп, төө жүк тегирменди токтотуп салат. Тегирменчи сууну жыгып, дөөтүнүн астына түшүп караса ташты айлантчу параны токтоткон бир тал чач болот. Укканды айран-азыр калтырган ал кабар канга жетет. Бир тал чачы эле тегирменди жүргүзбөй салса анын өзү кандай жан болду деп кан эртеден-кечке ойлонот. Акыры жигиттерин алдырып:

– Катындын чачы узун, акылы кыска деген, барып ал жанды алдыма алып келгиле! – дейт.

Кандын жигиттери суунун агымын кууп өрдөп олтуруп, Чеч-Төбөгө келишет. Карачач сулууну табышат. Кандан чабарман келгенге бай жетине албай, жигиттерди ызаат-ыраат менен тосот. Конокторго кымыз сунган тогуз кыздын кимиси алар издеп келген сулуу экенине көздөрү жетпейт. Ошондо жигиттердин башчысы:

– Байым, сыйга сый, сыр аякка бал деген. Бизди урматтап канга урмат көрсөттүңүз. А биздин жайды сурасаңыз кан тапшырмасы менен жүрөбүз. Аны аткаруу сиздин милдет, биздин милдет. Бир тал чачы тегирмен ташын бууп токтоткон кызыңызды кан сарайга алып барышыбыз керек! – дейт.

Бай маңдайында кыздарга карап:

– Карачачка айткылачы, келип өзү жооп берсин, – дейт.

Алтын тутка каалга жай ачылып, шол замат үйдүн ичи күн тийгендей жаркый түшөт. Кериле басып Карачач кирет. Анын жөө тумандай түгөнбөй созулган кара чачын кучакташкан тогуз кыз кошо кирет. Кандын чабармандары сулуунун сүрүнө баш ийип, тизе бүгүшөт.

– Кан алдына баруу-коюу милдети моюнумда болсун, – деп айтат Карачач. – Алды менен бийик даражалуу канга менден дубай саламымды айткыла. Алтымыш нарга жүктөлгөн дөөлөттү алдыма тартып келет экен ыраазы эмесмин. Мен андан көрө кысыр эмди он сегиз торпокту өйдө баалайм. Элүү атка карк жүктөлгөн алтын, күмүшкө да ыраазы эмесмин. Андан көрө жыйырма борук өйдө. Көңүл чиркиниң ошондо чалкыр. Кырк топозго жүктөлгөн байлык да өзүндө калсын, мага отуз аркар жетиштүү! Кан менин дубай саламымды кабылдаса анан баруу-коюу менин милдетим болот.

Карачачтын табышмактуу дубай саламы кандын оюн онго бөлөт. Элиндеги мен акылман дегендин баарын чакыртып, алардын көзүнчө Карачачтын саламын айттырып, артынан өзүнүн буйругун кошо айтып:

– Сулуу сураган малды алдына салып берип, өзүн сарайыма алып келсин! Ыя?! – дейт.

– Шашылба, каным! – деп сакалы аппак акылман кепти алат.– Сулуу сизден жандырмак сурап атыр. Алды менен ошого кулак салыңыз.

Кан сарайга келгендер дым боло түшөт.

– Алтымыш нарга жүктөгөн дөөлөткө караганда кысыр эмди он сегиз торпок өйдө деши, каным, сиздин курак алтымышта экен, анда сизге караганда он сегиз жаштагы ала көөдөн улан жакшы деши. Элүү атка сылай жүктөлгөн алтын, күмүш да мага кунарсыз деши: эркек элүүгө киргенде мамыга байлаган ат. Аны эч кандай байлык же мансап жашарта албайт деши. Анда чалагайым болсо да жыйырмадагы жигит менен жашоо өйдө деши. Кыркка кирген менен сүйлөшкүсү келбейт, отузга караган эркек болсоңуз анда ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп макул болормун деши.

Кан үн катпайт. Курагы алтымыштан ашкан аны баары билет. Акыры такыр унчукпай да коё албай:

– Сулуу акылы менен анда калсын, биз байлыгыбыз менен мында калалы! Бирак шул күндөн тарта Чеч-Төбөдө эл менен алыш-бериш алакага тыюу салынат! Кандын нанын кесир кылат экен – өз арбайын өзү согуп, журтта калган иттей жеке күн көрүшсүн! – дейт кан.

Кандын буйругун аткарбаган жан болбос. Эл ошондон тарта сулуу Карачач жашаган өрөөнгө каттабачу болот. Күн артынан күн, ай артынан ай өтөт. Кандын санаасынан айдай сулуу Карачач кетпей коёт. Акыры жашырын барып кызды бир көрүп кайтмак болот. Жанына увазирин алып сапарга аттанат.

Карачач кырга чыгып ээн калган талааны көрүп, каңырыгы түтөйт. Аны коштоп жүрчү тогуз кыз Карачачты кучактап кошо ыйлайт. Аңгыча адырдан соккон шамал куюндай айланып кыздардын үстүн жайпап өтөт. Карачачтын бир тал чачын учура кетет. Будуң чаңы асманга жетип, куюн бат эле омолонуп-томолонуп жолунан кой чыкса койду, уй чыкса уйду, боз үйдү, баарын алып учуп алай-дүлөй салып жөнөйт. Канды увазири менен бирге учуруп, ийик ийиргендей чимирик аттырып асманга алып чыгып жерге урат. Эсине келип аягына турайын десе тура албайт. Куюн бир тал чач менен канды увазири экөөн аркалаштыра таңып кетет. Ордунан тура алышпайт. Күн батып, таң атат. Ошондо ай-талааны аралай бастырган жалгыз атчан көрүнөт. Бозгундап жүргөн жигит экенин көрүп кан озуна: 

– Атың ким, баатыр? – дейт.

– Самат! – деп жооп берет жигит.

–  Кайдан чыгып, кай тарапка жол алдың?

– Киндик каным тамган жер касиеттүү кең Чаткал! Барар жолумду ат билет. Жалгыздап жер кыдырган жолоочумун. Сиздер ким болосуздар?

– Мен сенин каныңмын? Аркамда байланган увазирим.

– Каным эмессиз! – деп жигит аттаттырбайт.

Кан асыл ташка мөөрү чөгөрүлгөн алтын шакегин сунат:

– Ме! Карма! – дейт. 

Самат мөөрдү тааный коюп:

– Каным, айыбым мойнумда! – деп атынан ыргып түшөт.

– Шакек наркы казынамда байлыктын жарымына тең. Аны ал да бизди бул балээден куткар!

Самат канды увазири менен тордон бошотуп коюп аттанып жолуна түшөт. Кандын дагы бир шакеги аты жогунда эле көөнү ток ал да увазири менен аттанып жолун улайт.

Бай жетине бербей канга эшикти өзү ачып, конок алат. Көп өтпөй жолбундап келаткан Самат жигит да келип түшкөндө аны башка өргөөгө киргизет. Жолдон кезиккен жигит да келгенин көргөндө кандын ичи тарыйт. Аты жогундагы шакегин чыгарып, увазирине кайрылат:

– Муну сулуунун колуна сал. Карачач менин бүт байлыгымдан артык! Ага ушинтип айт! – дейт кан.

Бет ачаар каадасы келип канды жаңы өргөөгө киргизет. Ал жерде жалгыз олтурган Саматты көрүп кандын ичи ого бетер тарыйт. Алтын тутка каалга калдайып ачылып ай десе ай, күн десе күнгө теңегис Карачач маалкый басып ичке кирет. Сулуу артынан тогуз кучак кара чач көтөрүшкөн тогуз кыз удаа киришет. Кан ордунан ыргып туруп, калдактап барып Карачачтын маңдайына чөгөлөйт. Увазири кошо жүгүрүп кандын артына ал да чөк түшөт. Айдай сулуу Карачач былк этпей төрдө олтурган жигитке карап:

– Арбаңыз, каным! – деп кол сунат. – Мына аманат кылган шакегиңиз. Аны өзүңүзгө кайтардым. Мен ансыз сизге жар болууга макулмун.

– Жок, мен эмес, – деп Самат кыз алдында чөгөлөгөндөр тарапка ээк шилтейт. – Кан маңдайыңызда.

– Боору менен жылган канат байласа да уча албайт! – дейт Карачач. – Менин алдыма чөгөлөчү киши сиздин кулуңуз эмеспи!

Кан чалкасынан кетип, шырдактын үстүндө саамга чабалактап атып мүрт кетип өлөт.

Ошентип, бозгундап жүрүп Самат жубайлуу болуп кайра Чаткалга кетүүнү ойлойт. Айылына чабарман жиберип тууган-уруктарына кабар айттырып, тойго камынышат.

Айдай сулуу Карачач гана эмес кан байлыгын бүт ээлеп, марыйт. Кандын эки мөөрү тең анын колуна тийгендиктен эл аны кан көтөрөт. Саматтын асмандан издегени жерден табылып, жыргалдуу турмушта жашап калат. Самат колуктусунун көркүнө көзү тойбой, уктап атса да капталында Карачачтын ажарына суктанып карап олтуруп таңды атырат. Чанып кетпесин деп ичи тарып бир жолу шуушаң кайчы менен колуктусунун олоң чачын кесип салат. Айдай сулуу Карачачтын мурдагы олоң чачы баштагысындай жөө тумандай убай-чубай өспөй калат.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз