* * *
Он жыл бою окуган уябыздан учуп чыгарыбыз жакындаган сайын классташтарым мага кымбат сезиле баштады. Кайсы биринин көңүлүн оорутуп алгандырмын? Арасында жакшы окугандар бар, орто окугандар болду. Жакшысын жакшы деп, ортосаарларын сындаган учурларым болгондур? Спорттогу намыс талашкан мелдештерибизге, кружоктор сыяктуу коомдук иштерге мойну жар бербей жаа бою качкандарды да сындагандырмын? Класскомдук милдетим, мектептин комсомол уюмунун секретарлыгы, кружокторду уюштурган демилгем, волейбол командабыздын капитаны милдетим башкалардын кемчилигин сындоого мени мажбурлагандыр?
Кимисинен болсо да кечирим сурайын деген ой ниетимде жүрдү. Бирок кимди кантип, кандай сындаганымы эстей албай кыйналдым. Мени сындагандар болду беле? Албетте, болгон. Бирок кимиси кандай сындаганы эсимде жок. Чекилеше кеткен күндөрүбүз деле болгондур, бу да көңүлүмдө калбаптыр. Дайыма эле «сен-мен» дешпей коюн-колтук алышкан ынтымакта жүргөндөйбүз. Окууну бүтүп, аттестат колубузга тийсе эле чилче тарап кетип, классташтар табышпай калчудай кусалуу сезим пайда болгонсуду менде. Мындай сезим жеке эле менде эмес, классташтарымын баарын түйшөлтүп, бушайман кылган окшойт, бири-бирибизге шынаарлашып, мамлекеттик экзамендерге чогуу даярданчу болдук.
Он үчүбүздүн мамилебиз ушунчалык жылуу, назик болорун ойлобосок керек. Мурда ар кимибиз өзүбүз менен өзүбүз болуп, мындай эмес элек, кайдыгердей жүрчүбүз. Эми бирге сабак окуп отуруп, кичине чагыбызды, адеп мектепке келгенибизди, машак терип баштагандан колхоздун жумушуна аралашканыбызды, айтор, толгон-токой аркы-беркини эскерип, ынак экенибизди барктай билели дегендей ниетте болгонсудук. Маселен, бир саам биздин Бөкөнбаев, мурдагы Калсөпкөбүз, согушка чейин бак-дараксыз боз чамбыл кыштак болгонун эстей кеттик. Сөздөн сөз чыгып, тили буруулар гана бак-дарактуу короо-жайда жашаганы айтылды. «Тили буруулар» дегенибиз Коваленко, Карпенко, Лошкарев аттуу украин тибиндеги үч түтүн орустар, эки түтүн уйгурлар, бир түтүн чала дунган, бир түтүн татар улутундагылар эле.
Баары кыргызчаны жакшы билчү. Биз менен ойногон орус балдарды: «Үйрөнөлү, орусча сүйлөгүлө» десек, «Орусча сүйлөгөндөн уялабыз» деп кыргызча сайрап, кыргызча сөгүнчү алар. Кийин-кийин көп жыл өткөндө, бала кездеги орус жердешим шаардан жолугуп калып: «О-о, эски малдын көзүндөй болгон курбум, барсыңбы?!» деп, орусча аралаштырып сүйлөгөн кыргыздардын оозун ачырган.
Бала чактагы дагы бир калсөпкөлүк орус теңтушум баягы жылы Алматыдан жолугуп, кучакташып көрүштүк. «Пьеса жазып, макталганыңы угуп, көзүңү май басып калбагай эле деп чочугам деген каткырып.
– Кудайга шүгүр, андайдан кабарым жок. Мен казакстандык орус болуп кеткем. Сенин пьесаң коюлбаган казакта театр калган жок окшойт. Өзүбүздүн Бөкөнбайды сагындым, түшүмө кирет, – дегени жаз күнүндөй көңүлүмдү магдыратты эле.
Бала чагыбыздагы үч түтүн орустардын үйүндөгү бой тарткан төрт кызын да эстедик. Алар караңгы түндө көчө бойлоп:
– На закате ходит парень
Возле дома моего... – деген ырды кусалуу, муңайыңкы ырдап, Калсөпкөбүздү ойго батырчу.
Төрт кыз башка ырларды да ырдачу. Үй-үйлөрүбүздө отуруп, болбосо короодо бүтпөй калган чарбабызды тейлеп жүрүп, алардын ырын муюп укчубуз. Согуш жылдары ал учур. Немистин самолёту бомбулап кетпесин деп кээде түнү бою терезелерибизди чүмбөттөтүп салышчу. Андай түндөрдө алиги кыздардын ыры ырдалбай Калсөпкөбүздү кулак-мурун шылынгандай тунжуроо басчу. Өздөрү курактуу жар болуп берер оруспу, башка улуттагыбы, жүрөк сүйгөн жигиттерди жолуктура албай кыздардын өмүрү кусада чайналганын кийин баам дадым.
Согуш бүткөндөн кийин биринин артынан бири тагдырын издеп, башка жакка ооп кетишти алар. Кайда кеткенин, кандай тагдырга туш болгонун билгим келет, бирок ушу күнгө чейин алардын дайны белгисиз мага. Ошого зээним кейийт. Оор басырыктуу жакшы кыздар болчу. Алардын кусалуу овон созгону кулагымда тургансыйт.
* * *
Согуш кычап, жокчулуктун арааны жүрүп турган 1943-жылы 1-сентябрда мектепке мени Сакиш эжем ээрчитип барып, биринчи класска киргизген. Мектепке барган күндөн колубузга актай дептер, калем сап, калем уч, карандаш, сыя, окуу китеп дегендерден ыпым эчтеме тийбеди. Андайлар мектепте да, дүкөндө да жок болчу.
Сыя ордуна кызыл чопо эзип, эски китептин саптарынын ортосундагы актай жерге сабак жаздык, аныбыз эки-үч күн өтүп-өтпөй өчүп калчу. «Бул азаптан балдарыбыздын балдары да кутулбас» деп бала башыбыз менен чоң кишилердей куудулданымыш болчубуз. Жаңылыппыз. Куудулданганыбыз суу кечпей калды. Улуу Жеңиштин кийинки эле 1946–47-окуу жылында «жоктун» баары болду. Бардык сабактар боюнча окуу китептер, актай дептерлер кучагыбызга жык толду. Талкаланган чарба жан кейитип турган чакта балдардын окуусуна, билим алуусуна көңүл бурбай коюшса деле эч ким таарынмак эмес деп ойлойм.
Окуу китептер гана эмес, көркөм адабий чыгармалар да жарыяланып, дүкөндөрдө сатыла баштаган болчу. Бүгүнкү күндө билим алууга миллиондогон каражат бөлүндү дегенди көп эле угабыз, бирок: «Окуу китептер жетпейт» деп кейип-кепчиген ыйламсыроо эгемендүүлүгүбүзгө ээ болгондон бери ооздун чыгы кургабай айтылып келатканы таң калтырат. Согуштун бүткөнү качан?!
Согуш учурунда да оозубузду бүгүнкүдөй куу чөп менен аарчыган эмеспиз! Же билим алууга бөлүнгөн эмки замандын каражаты акча эмей эле кагаз болуп калганбы?! 1946-жылы жайкы каникулда районубуздун борбору Бөкөнбаевде унутулгус он күн өткөргөнбүз. Окуучулар үчүн эс алуу лагери уюшулары түшүбүзгө да кирбесе керек. Алыскы айылдардан келген окуучулар биздин мектепке жатып, үч маал бекер тамак ичсе, бөкөнбаевдик балдар эртең мененки тамакты үйүбүздөн ичип, түштө, кечинде лагерден үйгө тоюп барып, эртеси керээли-кечке Калсөпкөнүн кара багында «Красное знамя» деген оюнду ойночубуз.
Парктын бир четине советтин желегин, дагы бир четине немистин желегин илип, эки жаатка бөлүнүп, совет жоокерлери немистин желегин, немис баскынчылары советтин желегин уурдап кетүүнүн айла-амал, чалгынчылыктын кызыктуу эрдигине моокум кандырчубуз. Ара-чолодо шахмат ойногондорду көрө калып жүрүп, шахмат да үйрөндүм.
Лагерь учурундагы дагы бир окуя эсимен чыкпайт. Кийин ойлосом, аны РайОНО уюштурса керек. Окуучуларды ырдатып, бийлетип, декламация айттырып, мелдеш өткөрүшкөн. Сакиш эжем тандап берген «Ук, жер жүзү» деген ырды жатка айтып, биринчи орунга 50 сом сыйлык алгам. Анчалык көп акчаны колума кармаган эмесмин. Акчалуу бала чоң энесине чай сатып берет дегенди укчумун. Сүйүнгөнүмөн жерге батпай, түгөнбөчүдөй сезилген акчама эки чоң энеме чай издедим. Эч кайдан таппадым. «Закусочная» дегенден сурап турсам, Акмат молдокем көрүп калып: «Эмне жүрөсүң?» деди. Жашырбай чын сырымы айттым. «Сага эле бирөө чайды суутуп туруппу?» деди. Молдокем аракты катуу ичип жүргөн кези. Акчамы бергим келбей кыңырылып турдум. Молдокем «маа бер» деген жок. Сурабаганынан улам көңүлүн оорутуп аламбы деп корктумбу, уялдымбы, 50 сомумду молдокеме сундум. Молдокем унчукпай туруп, акчаны акырын алды да: «Үйгө бар» деп «Закусочнаядан» чыгып кетти.
Жүрө-жүрө чайдан да, акчадан да түңүлдүм. Ал жөнүндө сөз да козгободум. Бир жылга жетип-жетпей, молдокем Кудай жалгап, ичкилигин асмайы менен кошо таштап салды. Иши боюнча Караголго, Рыбачыга (ал кезде Балыкчы дечү эмес) командировкага барган сайын эки чоң энеме базарлык, белек-бечкек ала келчү. Баягы менин байгеми унутпаптыр деп ичимен кудуңдап калчумун. Лагерь аяктаганда колхозго, үйгө кол кабыш кылган демейдеги түйшүгүмө өткөм.
Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү