Жалил Абдыкадыров менен Муратбек Рыскуловдун ортосундагы жарака жөнүндө чындык

  • 10.05.2021
  • 4668

*      *      *

1960-жылы «Атанын тагдырынын» премьерасынан кийин эки ай өтпөй мени Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсуна жиберишти. Ошо бойдон кино жагында жүрүп, далай жыл театр менен байланышым солгундап кеткен. Театрдагылардан Мукем менен гана тез-тез көрүшүп, такай жолугушуп турчумун, анткени Мукем көркөм кеңештин мүчөсү болгондуктан киностудияга көп келчү, киного тартылчу, киноэкспедицияларга, фестиваль, декада дегендерге бирге барган учурларыбыз көп болду.

Ичи бузуктардын көкүткөнү менен Жалил Мукем экөөбүздүн жакындыгыбызды тетири жоруп, мени душман көрүп жүрүптүр. Анысын кийин-кийин таарынчылар, шек саноолор таркап, чер жазылган кезде өзү мойнуна алган эле. Тетири жоруунун кесепетинен Жалил экөөбүздүн арабыз сууй берип, жүрө-жүрө ыраактап кеткенбиз. Бизди да ыраактатышкан. Кайра табышып, сыр чечиштик, Жалилдин алигидей тетири жоруганын өзүнөн укканымда:

– Э, Жаке, – деген элем, – Кудай ар кимибизге баш берген соң, бирөөнүн мээси менен ойлобой өз мээбиз менен ойлобойбузбу! Ишибиз түгөнүп калгансып, кантип эле эртеден-кечке сени ушактап жатып калалы! Ыраматылык Мукем менен канча жыл чогуу жүрдүм, ишенсең ишен, ишенбесең өз убалың өзүңө, бир да бир артисти, сени да жамандаган жан эмес. А Мукемди көрүнгөн эле жерде сөгүп жатып калышчу эмес беле. Рыскуловду сөккөндөр сени да сөкчү эле го! Эй, Жаке-е, Жаке... Эмне эле көп жылдар бою быркыймаң жазылбай жүрдү десе... Кеп Рыскуловдо эмес, шайтандын шапалагы башкаларда...

– «Атаңы» жактаба... – А саам Жалил сөз жолотпой койгон.

Кийин ак-караны ажыратып, түшүнө баштаган болчу. Деги Мукем экөөнүн жан кейиткен тирешүүсү тууралуу ой жорутуп, мамилелешчү болгонбуз. Ортолоруна от салып, чагыштырып жүргөндөрдүн эки жүздүүлүгүнө көзү жетип келатканда бир айтты эле: «Ызага жеңдирип турган адам калыс боло албайт. Жарыктык Мукем да, мен да аша чаап кетсек керек...» Чиркин, экөө тең ишенчээк адамдар эле! Ошо жерин бөлөктөр кармап алып, экөөнү бирдей оолуктуруп ийишкен да! Мына эми Мукем да жок, Жалил да жок. Эки талантты тең ойдо жок жерден жулдуруп жибергенбиз. Экөөнүн ортосундагы бир кездеги талаш-тартыш, тирешүү өттү-кетти, эми аны айтканда не, айтпаганда не деп козгобой койсо деле болор эле. Бирок... Анын бир «бирогу» турат.

Ошо «бирогу» болгон үчүн айтууга туура келет. Антпесек шектүү ой, ушак пикир, имиш-имиш «түшүнүк» урпактарыбызга дейре өтө чаап кетиши ыктымал. Себеп дегенде, Рыскулов менен Абдыкадыровдун жосунсуз мамилеси жөнүндө өөдө-төмөн сөз эл ичинде тыйылбай келатат. Күнөөнү же Мукеме, же Жалилге оодара салып сүйлөшөт. Экөөнүн гана ортосундагы өчөшүүдөй пикир жүрөт. Ооба, экөө кармашкан! Бирок аларды башкалар кармаштырган. Ичи тар, жан бакты, талантсыздар эки талантты кагыштырып коюп, ортолорунан жанып чыккан отко кактанып турганга жыргаган. Экөөнү бирдей чыгармачылыктан алагдылап, кадыр-барктан аксатуунун амалын көздөшкөн.

Рыскулов менен Абдыкадыровдун ынтымагы театрда чыгармачылык ынтымакты бекемдемек. Ал эми жан бактылар үчүн коллективдин ынтымагы ындын өчүргөн шакыйдан да жаман. Ынтымак бар жерде жан бактылардын сөзү өтпөйт, баш көтөрүп, «доо» доолашка даай албайт. Ырк бузулуп, чырлашып турган жерде гана алардын күнү тууйт. Ошондуктан Рыскулов менен Абдыкадыровдун ынтымагы экөө өлгөндөн кийин да жан бактылардын чекесине чыккан чыйкан болмок. Театрдын ынтымак-ыркын бузуп туруш үчүн алигилер Жалил Пржевальскиден Фрунзеге которулуп келгенге чейин деле жөн жатышкан эмес. Рыскуловду бирде Боталиев менен чабыштырса, бирде Жаманов менен чабыштырып, кайраштырып келишкен. Чын-чынында, а кишилер чыгармачылыкта бири-бирине кыянаттык кылган эмес. Жаманов болобу, Боталиев же Рыскулов болобу, кимиси болбосун өз ара эрегишип өчөшкөндөрү менен чыгармачылыктагы жакшысын жакшы, начарын начар деп туурасын айтышчу.

Чыныгы талант чынчыл болот. Чыныгы талант ошонусу менен бирге апенди да, ишенчээк да, ак көңүл, тез от алма да болот. Мукем да, Жалил да дал ушундай адамдардан болчу. Алардын кыйындыгы да, чабалдыгы да ушунда болчу. Алиги жан бактылар экөөнүн чабал жагына өрт коюп, дүркүрөтө от алдырып жиберишкен. Мукемди тирүүсүндө шынаарлап, колтугуна суу бүркүп, үйүн сагаалап жүргөндөр Мукеми көмгөндүн эртеси эле жесир байбичеси Сабира эжени карабай кетишкен: жаңы «жөлөк», жаңы «тууган», жаңы «колдооч» табыш максатында ошентишкен. Ошенткенин алар эрөөн-төрөөн көрүп, уялбайт экен, тобо. А Жалил кантти? Же кек сактаган бойдон агарбай кеттиби?

Мукем кайтыш болгондон көп жыл өткөндөн кийин гана театрга кайра кайрылып, режиссёрлугуна кайрадан киришкен Жалил Абдыкадыровго оюн даярдаган сайын Мукем жетишпей, көп өксүдү. Анысын телевизордон айтканын да укканбыз. Жалил көөдөнүндөгү ызасын да, кегин да жеңип, бу «жалгандан» агарып кайтты. Бу да болсо Жалилдин талантынын күчү, дээринин тазалыгы эле. Ал жөн эле «кечирип коёюн» деп «айкөлдүк» кылгандан ошенткен жок, Мукем экөө жан бактылардын «союлу» болуп жүргөнүнө көзү жеткенде жибиди. Жалилди театрдан кубалашкандан кийин күнөөнүн баарын Рыскуловго оодара салышты. «Абдыкадыровдун түбүнө Рыскулов жетти» дешти да өздөрү ууру мышыктай кылтыйып, көнгөн адатынча коңулда кала беришти. Болуптур эле дейли, ошо чын экен деп биз дагы ойлонуп убара болбой, уккан ушакка кулакты шалпайта ишенип туруп берсек, анда Мукемдин көзү жоктогу жылдарды канттик?

Жалил театрда иштебей калгандан кийин бир-эки жыл өтпөй Мукем дүйнөдөн кайтты эле, а Жалил болсо ошондон кийин да дагы он жылча театрсыз өмүр өткөрүп, театрдын кусасы менен дагы он жылча тиштенип жашады! Он жыл бою спектакль коюшту эңседи, бирок оюн койдурушкан жок ага. Ким ошентти? Рыскуловбу? Жок! Баягы эле Рыскуловго шылтап жүргөндөр Рыскулов өлгөндөн кийин деле туш-туштан Абдыкадыровдун жолун тороп, он жыл бою театрга жолотушпады! Эгерде «кылгылыктын» баары Рыскуловдо болгондо, ал өлгөндөн кийин Абдыкадыровду театрга кайра чакырып, жайына тынч коюшат эле го?! Режиссёрсуз жакшы спектакль жаралбайт, жакшы спектаклсиз артис көзгө көрүнбөйт. Жакшы режиссёрсуз жакшы театр да болбойт.

Актёр катары Рыскулов Абдыкадыровго муктаж болсо, режиссёр катары Абдыкадыров Рыскуловго муктаж болгон. Көздөрүнүн тирүүсүндө жан бактылардын түрткүсүнө жеңдирип, бири-бирине муктаж экенин этибар албай канча өмүрдү текке өлтүрүштү! Ушуга өкүнөм! Болбосо эстеп көрөлүчү, 1960-жыл менен 70-жылдын аралыгы – Кыргыз театрынын эң мыкты, дүркүрөп өскөн доору эле го! Ушу жылдар Рыскулов менен Абдыкадыровдун театр чыгармачылыгындагы «көч баштаган» байсалдуу жылдары эле го! Ал экөөнүн ийгилиги жалпы коллективге жугуп, далай таланттуу артистер дал ушул жылдарда жарк этип, эл көзүнө жылдыздай жанды эле го! Чамасы, 1980-жылдын башы чен болсо керек эле. Министрибиз К.К. Кондучалова театр режиссурасы боюнча жыйналыш өткөрдү. Мен жаңыдан маданият министрлигинде ишке киришкем.

Ошондо козголгон режиссуранын абалы, ролу, режиссурадагы кадрлар сыяктуу орчундуу пикирлерди узартып отурбай өз сөзүмө токтолсом, Абдыкадыров жөнүндө да төмөндөгүдөй ойду айткан элем: Абдыкадыровдун күнөөсү болгон күндө да ушунча жылдан бери театрга жолотпой келаткандын өзү адилетсиздик. Бул театрдын камын ойлобойле куугунтуктап, өч алуу экендиги бештен белгилүү. Бизде окуусун окуп келген дипломдуу режиссёрлор көп, бирок жарактуулары бирди-жарым. Ошондуктан жөндөмдүүлөрүн жөлөп-таяп өстүрүүнүн камын ойлобойбузбу. Мисал катары, ошол кезде тетири жүрүм-турумунун кесепетинен бош жүргөн Назаралиев Медербекти айттым: «Болуптур, Назаралиев тартип бузуптур, мүдүрүлүптүр, жыгылыптыр, жыгылды эле деп желкесинен жерге ныгыра баспай, колдон тартып тургузуп көрбөйлүбү, жаш бала эмес, адам болсо акылына келер» дедим. Ошондон кийин Назаралиев тез эле ишке орноду, а Абдыкадыровдун «куюшканы» дале кыйшалаңдап оңбоду.

– Ал эми Жалил Абдыкадыров болсо, – дегем ошо жыйналышта сөзүмү улап, – эбак эле акылына келип, искусство институтунда сабак берип жүрөт. Пьесаларыбызды Абдыкадыровдой режиссёрго койдурбаганда кимге койдурабыз?! Деги эле Абдыкадыров Орто Азиядагы режиссёрлордун алдыңкыларынын бири.

– Кууп жибербесек «алдыңкылардын бири» эмес, алдыңкысы деле болмок, – деп министрибиз акырын сөз кыстырып койду.

Мен ичимен таңыркай түштүм. Абдыкадыровду барктаса, режиссёрлугун ушунча бааласа, өзү министр болуп туруп, эмнеликтен азыркы айтканына акылым жетпей оюм чаташты. Жалилди театрдан кубалагандардын ана башында Кондучалова өзү турбаса да кошо кубалашкан деген пикирде болчумун. Эми кызык. Сыягы, министрдин да күчү жетпей калган жорук-жосунга дуушар болуп кыйналып турган го эже деп болжолдодум. Бир күнү Күлүйпа Кондучаловнага барып:

– Эже, бая чогулушта айтылгандардын жыйынтыгы болобу, же Абдыкадыров ушинтип эле жүрө береби? – десем, Күлүйпа Кондучаловна:

– Абдыкадыров силерге керекпи? Айтпайсыңарбы бизге керек деп! – эже туталана түшкөнсүдү. – Жолун тапкыла, эртең эле приказ чыгарайын!

Министрге ээ кылбай турган жоболоңдуу балээ башкада тура деп, эженин өзүнөн шек санабай калдым. Балким, Абдыкадыровду театрга жолоткусу келбеген артистердин көңүлүн кыйбагандан эже ушинтип «дипломатиялык» амал кылып жатабы деп да бүшүркөдүм. Бирок Кондучалова эженин андайы жок болсо керек эле, колунан келе турган ишти кылтың-мылтыңсыз түз бүтүрчү. Ошон үчүн көпчүлүгүбүз эжени сүрдүүлүгүнө карабай сыйлачубуз. Эми а кишинин алдында да кандайдыр бир бөгөт турганын боолгологонумда оюма ар кыл сунуштар келе түштү:

– Чакырып, договор менен спектакль койдурсак кантет? – дедим. – Эптеп башбакса көнгөн коллективи, өңдү көрсө жүз тайды болуп, таарынчы-туурунчулары жазылып, үйүр алышып кетер?..

– Аны мен ойлобой коюпмунбу. Мен да ойлогом, бирок «башбактырышпайт...» – деди министрибиз.

Башым катты: ким башбактырбайт? Артистерби? Же?.. Министр өзү айтпаган соң, кызматтын этикасы сурашка жол бербеди. Сураганым адепсиздик болмок. Бир сунушум өтпөй калганда, экинчисин айттым:

– Нарын театрында кенже режиссёрдун орду бош да, эже. Ошоякка жиберсеңер, Жалилди жеригендер, мүмкүн, жоошуй баштайт? Азоону үйрөткөндөй коомчулуктун деле ачуусун жоошутса болот да...

Күлүйпа Кондучаловна көз айнегинин төбөсүнөн мени жалт карап алды да, ушу сунушума муюй түшкөнсүдү:

– Өзү ошого макул бекен, сүйлөштүңбү?

– Жок, эже, сүйлөшкөнүм жок. А түгүл, болушуп атканымы да билбейт. Ал экөөбүз көптөн бери өзүбүздөн өзүбүз эле жактырышпай жүрөбүз. Мени ал душмандарына кошуп алган...

– Үй-жайы быякта, жалгыз бой... көнбөйт ко? – деди эже.

Сыягы, мени эмне айтар экен деп сынап сурап, өзү бир чечимге келе баштагансыды.

– Театрды жакшы көргөнү ырас болсо көнүшү мүмкүн. Бирок формалисттик кылбаш керек. – Мен оюму чечмелеп түшүндүрүүгө аракеттендим. – Айлык алган ордуң Нарын театры, Нарындан жылба десеңер чыдабасы анык, ага көнбөйт. Ал эми оюн даярдаган учурда ошоякта болуп, бошогондо быякта, тыякта дегендей, жаман-жакшы көргөндөрдүн демин суутса болот ко... – десем, Күлүйпа Кондучаловна бир паска ойлонуп турду да:

– Айтып көр. Макул болсо жоопкерчилигин мойнума алайын – деди.

Күлүйпа Кондучаловнадан чыгып, Жалилге телефон чалып: «Жолугалы» десем: «Эмнеге» деди.

– Кайра театрга келсем деген оюң бардыр, ошону сүйлөшөлү, – дедим.

– Оозуңа май, айланайын! – Жалилдин барбалаңдап сүйүнгөнүн элестеттим.

– Машийне айдайынбы, же жөн элеби?!

– Өзүң бил, – дедим.

– Машийне айдайын! Кайдасың? – деди.

Иштен чыгып күтүп турмай болдум. «Жигулисин» жулуңдатып, Жалил жетип келди. Чүй проспекти менен ТЭЦти карай бараттык.

– Эми, Жаке, чалкаңан кетмей ит адатыңы карматпай тынч ук... – деп баштаганымда эле Жалил мени ормоё карап алып:

– Эмне балээни кылыйткан турасың? – деди шектенип.

– Балээ эмес, сунуш! – дедим. – Бирден бир туура сунуш! Бая министрге айтканымы түшүндүрө сүйлөп келип, Нарын театрын айтканымда Жалил жарылып кете жаздады, жер-жебериме жеткире сөгүп:

– Акмак! Мазактагың барбы! Ала албай жүргөн өчүңү алайын деген экенсиң да! – деп, мен аны сүргүнгө айдап жаткандан бетер буркан-шаркан түштү.

Айтыша кеттик. Ачуум келди. Мен да тартынбадым:

– Сенде мээ жок, болсо да бөксө! Ташкенде беш жыл окуп, эшектин мээсин жегенсиң, – дедим. – Ойлосоң боло, каршылаштарың «жоошумайын» Кырдрамга сени жолотушпайт. Ошого мээң жетпесе... Сени коргогон мен акмак! Эшекти отко айдаса, бокко качат. Ызага денең ууланып бүткөн турбайбы! Бу кейпиң менен режиссёрго жарабайсың. Нарынга жиберип да кереги жок! Академтеатрды энчиңе бирөө басып койду беле? Атаңан калган мураспы ал? Андайле кыйын экенсиң, Нарындан тоону томкор, анан быякка апкелбегендерин көрөйүн! – деп күпүлдөсөм ынандыбы, билбейм: «Давлением ал эле-бул эле, жаш өөдөлөп калганда асмандын башында темселеп...» деген болуп: «Катын-баламы кантем, көчүрө барамбы?» деди оозу бош.

– Ой, Жаке-е, ойлоо жөндөмүң ырас эле мокоп калганбы, оюн даярдап чыгарганча Нарында бол. Бошогондо быякка келип, көздөн учкан катыныңын колтугуна тумшугуңу катып жатып ал, маа десең. Аякка бир-эки жакшы спектакль коюп жибер, анан «приглашенный» режиссёр деген шылтоо менен Кырдрамга спектакль койдурсак, эптеп болсо да башың батканда арылап жылбай жаның жокпу. Өчөшкөндөрүңү кектебе, унут алардын «душмандыгын, – дедим эле, Жалил:

– Министрди көндүрө аласыңбы? – деди.

– Министр менен макулдашпасам менин колуман келмек беле. Эже сенин жообуңу күтүп атат, – дедим.

– Министрге барайынчы анда, – деди Жалил.

Анан Нарынга кетти. Нарында эки спектакль койду го? Эсимен чыгып кетиптир. Жалилди Нарын театрынан Фрунзедеги Кыргыз академиялык драма театрына «бир спектакль койсун» деген сунуш кылсак, касташкандары жоошуп калган окшойт, айрымдары гана анча-мынча күңк-мыңк, баягысындай тырышкан катуу тоскоолдукту байкабадык. Жалил Абдыкадыровдун Академдрамтеатрга кайра келишине Нарын жол ачты. Мен маданият министрлигинде репертуар боюнча бириккен редакция коллегиясынын башкы редактору элем:

– Жаке, репертуарный коллегияда даяр пьесалар бар, каалаганыңы танда, министерствонун чечимин чыгарып берели, – десем, Жалил:

– «Олжобай менен Кишимжанды» коёюн... – деди.

– Ал жок бизде, – дедим.

– Мен жаздым эле, эпостун негизинде, – деди Жалил.

– Кызык экенсиң! Башпага албай жатып, өзүң жазганды коём десең баягылар чыгат да бакырып!.. Башканы койчу, – дедим.

– Беке, айланайын! Карызым чачтан көп! Анча-мынчасынан кутула турбасам... – деп жалооруп жиберди. Боорум ооруду.

Редакция мүчөлөрү окуп чыгып, талкууладык. «Олжобай менен Кишимжандын» инсценировкасы баарыбызга жакты. Абдыкадыровдун фамилиясын билгизбей, театрдын коллективине окутсак, алар да мактап, министрликке «даярдайлы, уруксат бергиле» деген кат жазды. «Олжобай менен Кишимжанды» келишим менен сахналаштырган соң, Жалил Абдыкадыров Кыргыз академиялык драма театрына жөнөкөй режиссёр болуп кызматка орношту. Кийинчерээк «убактылуу милдетин аткаруучу» деген статус менен башкы режиссёрлукка дайындалды. Көп жыл театрдан оолак жүрүш залакасын тийгизбей койбоптур. Ошондо да режиссёрлук өнөрүн унутпай сактап жүргөнүнө таңым бар.

Мейли, Нарын театрында болсун, мейли, Академиялык Кыргыз драмтеатрында болсун, а дегенде спектаклдеринде бирде кадимки Абдыкадыровдун режиссёрлук илкамы бакыйып көрүнө калса, бирде эскинин жаңысы сыяктуу өп-чабыраак бирдемелер да илээшип кошо жүрдү. Арабызда Жалилдин кемчиликтерин гана көрүп, жакшы жактарын байкабагандар, байкаса да келечегинен түңүлүп, алымсынбагандар болду. Бирок Жалил ысык-суукка бышып, анча-мынчаны тоотпогон шекилдүү коюуланып калган экен, улам кийинки койгон спектаклдеринде бош жүргөн кезинде жоготкондорун чогултуп, бөксө толтуруунун далалатында чымырканды. Ошентип отуруп өзүнүн режиссёрлук мурдагы калыбына кайра жетип калган учурда «Манастын уулу Семетейди» аягына жеткирди. Спектакль элге жакты. Ушул спектакль менен Кыргыз академиялык драма  театры Алматыдагы гастролун ачты.

Казак боордоштор жетине албай кубанып, оозеки да, гезит, радиолорунда да театрыбызды кызуу куттуктап турганда, Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөндөрдүн катарынан Абдыкадыровду калтырып койгондорун жогоруда айттым. Анан тез эле Абдыкадыров тил-оозсуз жыгылды деген алиги суук кабар жетти. Ошо суук кабар менен биз минтип түн катып, үмүт үзбөй Алматыга баратабыз. Жалил Абдыкадыров Мамлекеттик Токтогул сыйлыгын баары бир «алды». Бирок өлгөндөн кийин тизмеге кошулду. Тизмеге аны Токтогул сыйлыгынын комитети коштук. Кемчиликти жаап-жашырып, кемчиликтен арылуу мүмкүн эмес.

Буларды айтканым, тирүүчүлүктө «колдо бар алтындын баркын биле» жүрсөк, ич тарлык, көрө албастык, кыянаттык дегендерден арылып, калыстыкка, адилеттикке үйрөнсөк – жашообуз канчалык кызык, канчалык сергек боло түшөр эле! Жалил Абдыкадыровдун талантын азыр канчалык какшап айтпайлы, баары бир ал айтканыбызды укпайт да билбейт. Өлгөндөн кийин болсо да Абдыкадыров Жалилге туура, калыс мамиле жасаганыбыздын эми ага эч кереги жок. Бирок ага кереги болбогону менен калыстык бизге, тирүүлөргө керек, балдарыбызга керек!

Акыйкаттык элди намыстуулукка көндүрөт, ишенимин чыңдайт! Ошондуктан болгонду болгондой, билгенди билгендей, акты актай, караны карадай айтууну эл ар бирибизден талап кылат. Буга акылыбыз, түшүнүгүбүз жетип эле тургансыйт. Ал эми аткарууга келгенде эмне балээнин кесепетинен эсибизге «жара чыга» калат. Бу жалганда жан бакты бузукулар жүрбөгөн мекеме, уюм, коллективдин жоктугу ак тилек, таза ой-санаабызды тетири азгырып жиберсе деле зээнибиз кейибей кайдыгерликке чыдаган жашоону олжосунтуп калганбызбы?!

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз