Белорус эл жомогу: Бир ит болгон экен

  • 12.05.2021
  • 3474

Дыйкандын Серко аттуу ити бар эле. Көп жыл өтүп ал абдан карыйт. Мындан  эми эч кандай пайда жогун түшүнгөн кожоюн көчөгө кубалап чыгат. Ошентип Серко талаада каңгып жүрсө карышкыр жолугуп сурайт:

- Эмне жүрөсүң?

- Ээ тууган, эмнесин сурайсың... Кожоюн карыганымда сыртка чыгарып койду, - деп улутунат ит.

- Каалайсыңбы, мен кожоюнуң сени кайра кабыл алгыдай бир амал ойлоп табайын?

- Ошентсең кана! Анда мен да сага качандыр бир жакшылык кылмакмын, - ит аны үмүттүү карайт.

- Угуп тур анда. Кожоюнуң баласын алып, аялын ээрчитип чөп чабыкка чыкканда баласын үймөк чөптүн көлөкөсүнө калтырып иштешерин мен байкап жүрөм. Бүгүн да ошентишкенде мен баланы көтөрө качам, сен менин артымдан кубалап жетип баланы ажыратып каласың. Мындан улам ал сага ыраазы болуп кайра үйүнө киргизет.

- Хоп! Айтканыңдай болот, - дейт ит колун көкүрөккө коюп.

Кожоюн чөп чабыкка чыгып, карышкыр айткандай эле баланы чөп үймөгүнүн көлөкөсүнө жаткырып, аялы экөө ишке киришкенде бөгүп жаткан карышкыр баланы көтөрө качат. Сүйлөшкөн боюнча окчунда акмалап турган ит артынан кубалап барып баланы ажыратып калып, кожоюнга алып келип берет. Сүйүнгөн, ыраазы болгон кожоюн Серконун курсагын тойгузуп үйүнө алып кетет. Ушундан кийин дыйкан Серкого мурдагыдан да жакшы мамиле кыла баштап, тамактын даамдуусун берип, ит кепесин да оңдойт.  Мындан улам ит карышкырга абдан ыраазы болуп, жакшылыкка жакшылык менен жооп бермекчи болот.

Бир күнү дыйкан кызын күйөөгө узатып той өткөрөт. Тамак-аш көп камдалганынан пайдаланып ит карышкырды жакшылап тойгузуп карызынан кутулмакчы болот. Токойдон аны таап келип, той дасторкону жазылган үстөлдүн алдына кийирет. Эл келип, той кызып, меймандар алагүү болуп калганда ит дасторкондон алынган ар кайсы тамактар менен карышкырды сыйлай баштайт. Муну байкаган коноктор итти сыртка кубалап чыкмакчы болушат. Бирок кожоюн иттин баласын карышкырдан сактап калган эрдигин айтып, бул үчүн ага өмүр бою карыз экенин билдирип жол бербейт.

Серко мындай ыңгайдан пайдаланып карышкырды болушунча тойгузуп, сыйы толук кандуу болушу үчүн шараптан да куят. Ичи ысып көңүлү көтөрүлгөн карышкырдын конокторго кошулуп ырдагысы келет, иттин каршылыгына карабай созулта улуп жиберет. Бул күтүүсүздүктөн чочуган коноктор бытырай качып, эрктүүрөктөрү биригип, колго таяк ала үстөлдү тегеректеп келишет. Тасмалдын этегин өйдө көтөрүп, жашынып жаткан карышкырды жанчкана калганда эл менен кошо сыртка чыга качкан ит аны качырып сала берип талаша кетишет.

- Чаппагыла! Кашабаны чабам деп Серкомду жайлайсыңар. Ал карышкырды өзү эле жара тартат, - деп кожоюн конокторун токтотот.

Аңгыча бөрү буйт берип сыртка чыга качат. Ит кубаламыш эте артынан барып узатып келет. Ошентип ит куулугу менен кожоюнга жакшы көрүнөт, көчөдө да калбайт, карышкырдын жакшылыгын да кайрыйт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз