Муса Мураталиев: Мүнүшкөр менен кербенчи

  • 15.05.2021
  • 3547

Азыркыларга жомок

Илгери бир заманда Адат деген мүнүшкөр болот. Жибек жолдун боюнда жашаптыр. Төрдө олтуруп бир жолу жол менен өтүп бараткан кербенди көрөт. Эсине «кербенчини ээрчиген ит өлөт?» деген лакап келет, ошого карабай Адат атын токуп, туйгунун колуна кондуруп жолоочу болуп кошо жөнөйт. Сураштыра келсе бай тоюна чакырылган коноктор. Турпандан жол алып барар жери Сары Өзөн Чүй. Кандын тоюна деп кырк нарга сылай жүктөлгөн белек алып баратышкан экен. Жолдо улам бири кеп салып калат. Товарларына үйрүлүп түшүп күнү-түнү көздүн карегиндей сактап бек кайтарышат.

– Бээжиндин жибеги. Баткак жолго же чаң жолго төшө! Үстүнөн бир короо кой айда. Анан шар аккан сууга чайка. Болду. Жибек баягысындай кулпунуп калат. Тойго алып бараткан жибегим канга жагат! – дейт кербен башчы.

– Кандын байлыгы жерге баткыз, ошентсе да мен алып бараткан жамбылар анда аз! Кандын кадырман коногу мен болом! – дейт дагы бири.

Кербенчилер кылчайып жолоочуга карашат. Адат унчукпайт. Мээлейинде олтурган куштун жонун сылап, канат учун кайчылаштырып, куйругун оңдогулап лам дебейт.

– Сен, тууган чакырылбаган конок экенсиң, – деп кербен башчы ага кайрылат. – Кан тоюна алып бараткан баалуу белегиң кайсы?

– Кан тоюна жолбун коноктон өткөн кадырлуу белек жоктур, – дейт Адат.

– Кадырың анда бизге да тиет турбайбы? Ошон үчүн сени ээрчитип алган турбайбызбы? – деп келекелейт.

Мүнүшкөрдүн кебине шагы сынган кербенчилер аны жолго таштап кетүүнүн амалын издейт. Кеч киргенде өргүү алган жери капка тоонун асты, кашка суунун бою болот. Төөлөр чидерленип, тистенип отко коюлат, аттар аркандалат. Чатыр тигип, таш калактарга от жагып тамак бышырып түн камын жешет. Кербенчилерден бир атым арыда мүнүшкөр камчысына туйгунун кондуруп, атын отко коёт. Тердигин жерге салып, ээрин башына жазданып, чепкенди айкарасынан жамынып уктап кетет.

Мүнүшкөрдүн уйкуга киргенин көргөндө кербенчилер жабыла кармап анын атын союп, ич этинен казанга салып калган этин зоо коюнуна ыргытып, камчы сапта олтурган туйгундун боосун чечип асманга учуруп ийишет. Эт бышканда жеп алып, кербенчилер түнката жолун улашат.

Таң куланөөк салганда ойгонуп, Адат атын, аты тургай туйгунун таппай калат. Ээрин аркасына көтөрүп алып, аты менен кушун издеп жөнөйт. Чукулку тоонун башына чыгып караса, капталда зоонун үстүндө жору айланат. Акмалап барса, зоонун киши түшө алгыс тегинде кызылала болуп союлган аты жатат.

Мүнүшкөр катуу кейиште калат. Кушунун качышын жаман жышаан көрүп зээни кейийт. Бийик зоонун кырына чыгат. Жанын кыйгысы келет. Тоодон ылдый кулоого эки адым калганда көктөн шаңшыган туйгунунун үнүн угат! Көзүн ача салып асманды караса куушурулуп түшүп келаткан туйгунун көрөт. Мүнүшкөр аска четиндеги таманын тартып алып кушуна удул мээлейин тосот. Туйгуну лып этип келип колуна конот.

Адат белин бекем бууп, кайратына кайра келип жолун улайт. Азбы-көппү жол арытып, Сары Өзөн Чүй өрөөнүнө келет. Кан уулунун үйлөнүү тою кызуу жүрүп аткан учур болот.

Ырчылар казганактаган элдин улам бир этегине чапкылап ырга айланта жар салып, тойдун шаан-шөкөтү тойго келген коноктор кулагын жапырт түргүзгөн кез болот. Куш салуу башталат. Аты жок жөө келаткан Адат, кыйырдан чыга берип, жабалактап учкан көп кушту карай туйгунун шилтеп калат. Эл тараптан коё берилген бир үйүр түлкү кылактап, талаа үстүнөн тамтык жер койбой туш-тарапка качып чыгышат. Адырдан коё берилген Адаттын туйгуну «чу» дегенде эле кылактап качкан түлкүгө жетип, тумшугун кайырып келип куйругун астына катып Адат келгиче кыймылдатпай мыкчып турат.

Тоодактарга куш салуу жарыяланат. Шумкар ал жолу да авада кезинде эки тоодакты тээп түшүрүп, кайра келип Адаттын колуна конот. Уларга куш салганда да шумкар Адатка олжо алып берет.

Салбуурун өнөрчүлөрү деми суугуча оюн уланат. Ал байыды болгондо, кандын жигиттери Адатты сый-урмат менен кандын үстүнө баштап барат. Элден мурда кандын алтын дарбазалары каалгып ачылгыча, ошол жерге жетип келген кербенчилер Адатты таанып чуркашат. Үстүндө көйнөк-дамбал, жылаңайлак, жылаңбаш, жалдырашып:

– Түндө каракчылар бизди тоноп кетишти! Балаңдан айланайын жолоочум, кыйла жолду чогуу карыттык эле. Бир ооз биздин өтүнүчтү улуу даражалуу канга айта бар. Биз чакырылган конок элек, а бул жерде белегиңер жок селсаяксыңар деп кан сарайына киргизбей атат, – деп какшап ыйлап Адаттын бутун кучакташат.

Мүнүшкөр ээрин аркасына көтөрүп, кушун төбөсүнө кондуруп баратканда алдынан кан чагат.

– Мүнүшкөрүм! Атың жок окшойт ээриңди көтөрүп алыпсың, бул ырас! Бирок туур көрүп кушуң башыңа конуп алыптыр, бу кандай? – дейт кан. 

– Ат сураса ким болбосун берет, ээрди эч ким бербес. Ошон үчүн атымдан ажыраганыма кайыл, ээримди көтөрүп келатам. Кушту таптаган – миң, куштун дилин билген – бир. Туйгун менден ажырагысы келбей башыма конуп алганы шондон, – деп жооп берет Адат.

Мүнүшкөр жолдо башынан өткөндү айтат. Кан аны моюп угат да байгеге сайылган мал, мүлккө кошуп өз байлыгынан дагы бир мөрөй берет. Адат той байыгыча конок болуп кет деген кандын сөзүнө көнбөйт. Эртеси кайра жолго чыгат.

Адат алдына сандаган мал айдап алтын дарбазадан чыкканда, ал жерде дагы эле турушкан кербенчилер жабыла чуркап тосуп алышат.

– Шыралга, баатыр, шыралга! – деп баары тегиз сүйүнүшөт.

Мүнүшкөр аңчы салтын таштай албай, кан берген бир мөрөй мал менен мүлктү кербенчилерге сөгүп берип, жолун улайт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз