Султан Раев: Суу

АҢГЕМЕ

– Маркумду сууга ала баштады! – деди боз үйдөн чыккан чокчо сакал, жаш молдо.

Котологон элдин аягы тартылып, өкүрүп келгендер да үн чыгарбай калды. Боз үйдөгү аялдардын да кошогу токтоп, үн басылды. Жаш молдо Жоомарт турган жерге басып келип:

– Авамы сууга ала баштады, сиз да киресизби? – деди.

Жоомарт бу суроого эмне деп жооп берерин билбей, жанында турган кексе аксакалга карады. Чал жаш молдого карай үн катты.

– Ата Жоомарттыкы болгону менен, – чекесине конгон тебетей алдынан көзүн жүлжүйттү чал.

– А көптөн бери шаарда туруп калып, анын деле жол-жобосун билбейт, башка билген жакындарынан бирөө жарым кирсин!.. – деди сөз эбин тапкан чал.

Жоомарт да бирде-экиде мындайды башынан өткөрбөгөндөн кийин, эмне деп жооп берерин билбей кысылып турду эле, аны байкай койгон чал, жаш молдого ушинтип жооп берди.

– Ким кирет, анда маркумдун жакындарынан? – деп жаш молдо кайрадан чалга каш какты.

Бу чал Жоомарттын бир тууган таякеси, айылдын аксакалы. Сөзмөр, оозун да кеби бар кексе.

– Мен кирем, – деп Жоомарттын жанында турган жээни үн катты.

Ал да ушу айылда турат. Таятасы менен ынак эле. Атасын жоктоп ыйлагандар арасынан ушу баланын өкүрүгү алда бийик чыгып жаткан. Кантсе да таятасы. Көкүрөк тытып ыйлап жатты... Жоомарттын жээнине ичи жылып кетти. Бу жигит карындашы Толгонайдын чоң уулу. Жакында эле үйлөнгөн. Тирикарак адам болуптур. Ичкери боз үйдөгү карындашы Толгонай да атасын кошуп, жан кейите ыйлап, Жоомарттын жүрөгүн эзип ийди. Береги кичүү карындашы Асылдын үнү анда-санда угулуп калбаса, эмне деп кошок кошуп отурганын деле Жоомарт түшүнбөдү. Ара-чоло үн чыгарып албаса, үзүк-үзүк үнү кээде эле эшитилип калат. Бөтөн жакта жүрүп, боорун бербей калгандай туюлду ага бу карындашы. Алар менен боз үйдө чогуу ыйлап отурган аялынын үнүн түк эшите албады. Үнү да чыккан жок. Анын үстүнө шаардык аялдын мындайды билмеги кайда?..

– Кир, балам, кир... Таятаңы таза жуу... сообу тиет, – деп кексе чал сөз кошту.

Жоомарттын атасы ушу айылдын аксакалы. Жаны үзүлгөнүнө эки күн болду. Буердегилер сөөктү алыста, Россияда жүргөн кичи кызы келсин деп, бир күн кармады. Жоомартка да кабар кеч жетип, атасынын акыркы сөзүн укпай арманда. Атасы да өлөр алдында түшүнүксүз жөөлүп, кечке эле: «Суу! Суу!..» – дей бериптир. «Оозу кургап, суу ичкиси келип жатабы?» – деп оозуна суу тамызып берсе деле, баягы сөзүн байма-бай кайталай бериптир жарыктык. Ара-чоло эле уул-кызы Жоомарт менен Аселдин атын атап, «Алар келдиби?» деген тейде ишаарат кылганы болбосо, оозунан «Суу» деген сөз түшпөй, ошо сөз менен ары... жүрүп берди...

Булар үч бир тууган. Эки кыз, бир эркек. Улуусу Жоомарт. Энесинин кайтыш болгонуна да бир жылдан ашып, экинчи жылга аяк басты. Карыганда булардын киндиги туташ, жаны бирге болуп калат тура. Кемпири тирүү кезинде чалдын ыраңы тирик, алда канча жашка келип калса да кыйладан алибеттүү көрүнөр эле. Атасы да өмүр бою ушу айылда мураптык кылып өттү. Кемпири өткөндөн бери чал чүнчүп, өзүн бир кыйла таштап жиберди. Башка үйдө турса да, Толгонай атасынын көзү менен тең айланып, эртели-кеч кабар алып, оокат-ашын карап келди. Анын уулу да үйлөнгөнгө чейин таятасы менен чогуу турду. Карыганда кемпиринин өтүп кеткени чалдын бир кабыргасын омкоруп салгандай эле болду...

Энеси жарыктык да бир керемет аял эле. Эрте кеткени ич ачыштырат. Атасы да ошо кемпирине болгон санаадан, түпсүз ойдон улам эле аркы дүйнөгө жылып берди кыязы.

...Жоомарттын атасы кемпиринин жылдыгы өткөндөн кийин үч-төрт күнгө шаарга барган. Ал Бишкекте көп туралбайт. Самолёттон түшкөн сааттан баштап эле, кайрадан келген жагын эңсеп калат. Сагынат. Алыска чыкканды жаман көрөт. Эми, кемпири да жок. Уулун, келинин, кара чечекей жалгыз небересин көрүп келейин деп шаарга келип калган. Аны да байма-бай Жоомарт телефон чала берип, ордунан араң козгогон. Толгонайга эче курдай телефон чалды. «Атамы самолётко салып ийгиле!» – деп. Абышка да арга жок уулунукуна келген. Бир чети небересин сагынды. Анысы да онго чыгып калды. Жоомарттын аялы шаардык. Кайната-кайненеси да ушу калаада төрөлүп, калаада өскөн немелер. Экөө тең профессор. Илимдер академиясында иштейт.

Жоомарттын аялы да илимдин кандидаты, университетте сабак берет. Чал бу үйгө келген сайын келини, небереси экөө менен эзилише сүйлөшө албайт. Келининин билген сөзү: «Ата, чай ич!», «Ата, кел!...» андан аркы сөзгө тили кыска. Окууну да Москвадан бүтүп келген. А небереси «Ата» деген сөздөн башканы түк билбейт. Атасы келсе тилмечтик милдетти, баягы эле Жоомарт аткарат. Мындайда атасынын жүрөгү сыгылып кетет. Аба жетпегендей түнт тартып, ичинен кобуранып гана тим болот.

Жоомарт Бишкектин 12-кичирайонунда турат. Анын терезесинен тоо алаканга салгандай көрүнөт. Чалдын керели кечке тиктегени ушу тоо. Балкондон башын чыгарып алып, ушу тоолордон көзүн албай карай берет. Бир жолу сөздөн-сөз чыгып, Жоомарт атасына оңтойсуз тамаша айтып алган. «Тоолордун арасында жүрүп, тоодон тажабадыңызбы?!» деген. Атасы ага адатынча, бурк этип: «Тоодон тажасам, анда кыргыз атым кайсы?! Тоо менин жаным!» – деген атасы. Болбогон тамашага атасынын оозунан мындай жооп угарын күтпөгөн Жоомартка бу сөз көкүрөккө сайылган шиштей таасир калтырды. Ошондон бери бирдемке деп суроо да бергенден корунат.

Жоомарт ушу маңдайда турган тоого баласын ээрчитип барып келгенге да убакыт таппайт. Анын маңдайда турган тоосу ыраак. Азыр ошонусуна өкүндү...

Жоомарттын атасы күн алыс үйдөн таңзаарлап чыгып кетет. Каякка чыгып кеткенин Жоомарт да аңдабай калды. Оболу атасынын бу таңзаарлап бир жакка кетип калганын да эрөөн-төрөн албай, жарыктык киши бу төрт бурчтуу үйдө камалып, зеригип жатат ко деп ой боолгогон. Атасына ал эртең түштөн кийинкиге билет да алып койду. Атасынын абалын көрүп туруп, бүркүттү капаска салып койгондой сезди өзүн. Абышка таңзааралап бир жакка кетет да, бир сааттай убакыттан кийин гана кайра келет. Келсе уулу да, келини да ишке кеткен болот. Жалгыз калган небереси гана абышкага эшик ачат. Абышка колун жууп, сүлгү менен арчынгандан кийин гана небереси аны столдун үстүнө коюлган тамакка кол жаңсап чакырат. Билген сөзү – «Ата». Экөө үн дебей, өзөк жалгайт. Чал кыргызчалап бирдемке дейт, небереси орусчалап бирдеме айтымыш болот. Экөө тең бири-бирин түшүнбөйт...

Бү күнгө ишемби эле. Жоомарттын атасы адатынча эле каш карайганда үйдөн билдирбей чыгып кетти. Ал ойлогон эшикке чыгып, кайра келет деп. Абышка бир кыйлага жоголуп кетти... Жоомарт кабатырланып, сыртка чыкты. Сыртта шаар турмушу. Чоң жолдо машинелер уйгу-туйгу. Ушу тушта чоң жолдо машинелер үймөлөктөшүп, элдин калдайган карааны топтолуп калыптыр.

Жоомарттын жүрөгү шуу эте түштү... Оюна дейди ой келип бычактай сайылды. Жоомарт аерге жетип келсе, кызыл шляпачан, толук аялдын күчүгүн машине тебелеп кетиптир. Ал аял чуу көтөрүп, итти бастырып кеткен айдоочуга сөөмөйүн көрсөтүп, зекий сүйлөп жатыптыр.

– Билесиңби, бу ит канча турарын? Төрт миң доллар турат, бу чистокровный бульдог! – деп чаары көзүнөн чыгат.

Жоомарттын күйүккөн жүрөгү араң ордуна келди. Жолдун ары жагындагы паркка кирди. Бир кыйла өйдө-ылдый басты. Атасы көрүнбөйт. Паркты тең жарып кеткен сайдын жээги менен тоо тарапка да бет алды. Ушул жалгыз аяк жол менен гана тоо тарапка барса болот... Ал ушу жалгыз аяк менен кыйла басты. Чыдамы кетип, бет маңдай чыккан кыз-жигиттен: «Алдыңардан бир аксакалды көрбөдүңөрбү?» – деп сурады Жоомарт.

– Тигине, келаткан аксакал эмеспи, – деди кыз бурулуштан көрүнгөн адамга кылчая карап.

– Ии, ракмат, ошо! – деп атасын алыстан көрө койгон Жоомарттын жүзүнө кан жүгүрүп, жанатан опкоолжуп турган жүрөгү ордуна келди.

Жоомарттын атасы ошо суусу жок чоң, тайыз арыкты бойлоп, ага маңдайлаш тарапка акырын басып келатыптыр. Ал атасын утурлай чыкты.

– Айылыңызды аябай сагынгансыз го? – Жоомарт атасынын көкүрөгүндөгү сезилбей турган купуя сырын айткандай кеп таштады. – Эртең түштөн кийинкиге билет алдым... Толгонайдын уулу сизди тосуп алмак болду.

– Жакшы кылыпсың... – Атасынын жүзүнөн кубанганы да, өкүнгөнү да сезилген жок. Ал кургак гана унчукту. – Силерди кыйнабай... барайын эми, – деди чал оор үшкүрүп.

– Кыйнагандай эмне? Сиз келгени баарыбыз сүйүнүп калбадыкпы, айрыкча небереңиз... – Жоомарттын бу сөзүндө жан жок болсо да, абышканын көңүлүн көтөрмөккө ушинтти.

«Булар кантип сүйүнмөк, жарытарлык сүйлөшө алышпаса. Ортодо айтышар кеби жок болсо, не тууралуу сүйлөшмөк?» Жоомарттын бу сөлү жок сөзүн азыр ичкертен сезип турду абышка.

– Аныңарга да шүгүр... – деди абышка, айткан кебине, өң-түсү, сыр каткан жүзү жарашпай. – Көрдүм... черими жазып алдым... Эми качан келип, качан кетем бир Алланын өзү билет, – деп абышка түпкүрдөн сызып алды. – Аман жүрсөңөр... болду, – деди абышка. – Мынабу арыктын башына дейре барып келдим, бир ууртам суу жок... Дарактар да куурап калыптыр... – деди абышка, сөздү башка нукка буруп. – Суунун таңкыстыгы жаман жышаан... – деди атасы.

– Бизде ушундай. Шаар да... Сиздин айылыңыздай эмес, күнү-түнү шаркырап аккандай... – деди Жоомарт, атасынын кабак-кашына карап. – Быякта суу таңсык!

– Мм... – Абышка үнсүз баш ийкеди.

Жоомарттын эсине баягы жаш кезде атасынын айткан кеби «кылт» эте түшүп кетти. Ал да «Суу...» тууралуу.

– Ата, эсиңиздеби? Бизди уруша берчүсүз, сууга түкүрбө, сууга заара ушатпа деп. Бир жолу сууга карай заара ушатып жатсам, таяк менен бир чапканыңыз эсимде... – Жоомарт атасын сөзгө тартмакка ушул кебин ортого таштады.

– Туура кылган экемин... – деди атасы ооз учунан. – Ошондон бери сууга карай заара ушата элексиң да? – деди атасы кабак чытып.

– Жо-жок... эми жаш кезекте... – Жоомарт актанган тейде атасына үн катты.

– Менин таң эрте, кеч иңирде үйдөн чыгып баратканымды байкадыңбы?– деди абышка уулуна собол таштап.

– Байкабай, байкап эле жүрөм... Сиз менен кошо чыгайын десем да болбойсуз... небереңизди да ээрчитпейсиз, – деп Жоомарт ич күптүсүн айтып алды.

 

Абышка ойлуу лам деген жок. Бир азга тынып туруп калды.

– Мына, сен суу таңсык дейсиң?! – деди атасы жол катар келатып. – Суу таңсык болот да!.. Ошо сууга каратып сийип отурсаңар! Ичкениң да суу, заара кылганың да суу! – Абышканын бешене териси тырыша түштү. – Мени эмне?.. Бу ат чабым алыска күн алыс келатат дейсиң, мен сенин сууңу карап заара ушата албайм. Ким сууга заара ушатчы эле?! Адам баласы төрөлгөндө да суу менен келет, өлгөндө да суу менен кетет... Суу ыйык да... Суунун убалы бар! – деди атасы, көптөн бери айта албай келген сөзүн айтууга батынып.

Жоомарт кептин төркүнүн, атасынын жүрөк толтосундагы таруу башындай айланбай турган кебин эми түшүндү. Атасынын эшикти карай басып кеткенин эми түшүндү. Көрсө, унитаздагы сууга заара ушатпай ушу жакка келип отурган турбайбы?.. Жарыктык киши! Атасынын бу сөзү тээ жаш кездегидей эле көк чыбык менен шыйракка чаап ийгендей болду...

...«Суу!» деген сөздү эшиткенде, ал атасынын акыркы жолу шаарга баргандагы ачуу сөзүн эскерди...

... – Маркум сууга алынды? Эми жаназага тургула! – деди жанагы жаш молдо.

Атасы  «сууга алынып»,  алыскы  сапарга  узап  барат-ты... «... Адам баласы төрөлгөндө да суу менен келет, өлгөндө да суу менен кетет... Суу ыйык! Суунун убалы бар!..» деген ата сөзү бу саам Жоомарттын жүрөгүн туз куйгандай ачыштырып ийди... Бу сөз анын какшып бараткан жүрөгүндөгү арманын, таш да болсо эриткен таңдай сөөлүн жарып чыгалбай, күйүттүн баары көкүрөгүндө жарыла албай турду. Ал бу жалганда чоң дүйнөнү тааныйм деп жүрүп, бир боор адамдарына бөтөн болуп баратканын, жан тамырына өмүр бою жашоонун мүрөк суусун ыроолоп келген маңдайындагы Күндөй адамдардын жылуулугун өчүрүп алганын эми сезди.

Кың эткен үн чыгара албай, ушу саам көкүрөгүнөн атып чыккан арман жүрөгүнө отсуз чагылгандай сайылды... Жүрөгү сыздап, өзөгүн жалын-күйүт өрттөдү. Ушу саам көптөн бери ой-санаа дүйнөсүндө адашып жүргөн суу өмүрдүн коңултак сезимин туйду...

*      *      *

...Атасы сууга алынды...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз