Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» XIY

ЭРСЫНАР

Короолудан майдараак,
Мүмкүн, ага тең чыгар.
Эң кичине чымчыктын
Элдеги аты – ЭРСЫНАР.

Ал канаттуу бир кызык,
Азга тынчып туралбайт.
Торгой, кучкач сыяктуу
Асманга учуп чыгалбайт.
Мукам сайрап, болбосо –
Эл кѳңүлүн буралбайт.

АЛАБАЙРАК

Бул кийимди түштүктѳ
Кийбейт жалаң асемге.
Жол-жолу бар дебегин,
АЛАБАЙРАК чапан де.

Баскан-турган адамга
Кѳңүл буруп карасак,
Алабайрак чапанга –
Ала топу жарашат.

ЧѲП КАТ

Үйдѳ отурсам, бѳбѳгүм
Күлүмсүрѳп башбакты.
Китебимдин барагын
Болдучу! – деп жаппаспы.
Салбаганым карасаң
Закладка – ЧѲП КАТТЫ.

Ким барктаса билимди,
Кѳп нерседен кур калбайт.
Чѳп кат салган китеби
Айрылбайт да, булганбайт.
Керектүүсүн, анан да
Табарында кыйналбайт.

АЛАСА

Бою болсо жапалдаш –
Жалгыз минтип аталбас.
Жапысына жараша
Деп коюшат: АЛАСА.
Ар адамды басынтпас
Дымак болот ичинде.
Аласаны сен, бирок,
Эргежээл деп түшүнбѳ.

КҮРКѲ

Дѳңдѳ жаткан дѳбѳткѳ
Абам кабак бүркѳдү:
- Караңгалгыр Карала,
Короочу дейт ким, сени!
Түлкү түндѳ бузуптур
Тоок кирчү КҮРКѲНҮ.

ЖУДУРУК

Муштум боло калышат
Беш манжалар жумулуп.
Сен да эмесе, билип ал,
Бир аты анын – ЖУДУРУК.

Кѳз – коркок да, кол – баатыр
Кѳнүкпѳгүн бекерге.
Ак ниеттен кызмат кыл
Ата-энеңе, мекенге.
Алсыздарга ѳзүңдѳн
Жудуругун кѳтѳрбѳ.

КАЙМАЛ

Тѳѳ тууралуу кээ балдар
Бере электе соболун,
Ургаачысы – беш жашта
КАЙМАЛ атка конорун,
Анан бир жыл ѳткѳндѳ
Анын – инген болорун
Эсиңерде жүрсүн деп,
Силерге айтып коёюн.

ТѲШ ЖАРЫ

- Жылан жатат кокуй деп,
Жылдызбектин качканы
Аргамжыдан кесилген
Аркан экен ТѲШ ЖАРЫ, –

Деп, коңшу чал бир жолу
Тургандарды күлдүрдү.
Арканды го түшүндүк,
Тѳш жарыны ким билди?

Биз ойлонуп калганды
Туйду белем сыягы
Акырын, пас үн менен
Аңгемесин улады:

-  Кыл арканды илгери
Ченээр эле кулачтап.
Чоң ата, чоң энеңер
Муну берер ырастап.

Купуялуу бул кептин
Эми айтайын аныгын.
Тѳш жары деп коюшат
Бир кулачтын жарымын.

АЙДАРКАН

Чоңдугуна, күчүнѳ
Карап турган айраң таң.
Илгеркилер аташчу
Ал ѳгүздү – АЙДАРКАН.

Карылуусун айтканда
Кош ат ага тең эмес.
Бороз салып сүйрѳсѳ,
Кош тиш сокоң – кеп эмес!

ЖУВАЛДЫЗ

Араласак эл ичин
Далай сѳздү угарбыз.
Теменени кээ жерде
Атайт экен – ЖУВАЛДЫЗ.

Палатканы айрыды
Катуу шамал башталып.
Табылгыча жаңысы
Кол куушуруп жатпадык.
Жоон, шоона жип издеп,
Жувалдызга саптадык.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз