Бексултан Жакиев: Өзүмчүл, карөзгөй аткаминерлерге билимдүү элдин кереги жок

  • 18.11.2023
  • 5046

*     *     *

“Укук” бар жерде милдет да болушу керек. “Милдеттин” укугу алиги жер сабагандардын  “укугунан” алда канча жооптуу да, жогору да турарын унутсак, тирүүчүлүгүбүз макирөө! “Милдет” байыртан бийик бааланган. Милдетине жараша адамдын баркы көтөрүлгөн же төмөн түшкөн. Бала асырап, балага тарбия берүү ата-эненин эң кымбат, эң ыйык, Кудай алдындагы касиеттүү милдети болгон. Жакшы адамды “тарбия көргөн уул”, “тарбия көргөн кыз” дейт кыргыз. Бакчага чейинки, мектепке чейинки тарбия колдон чыгып кетсе, ошондо пайда болгон бөксө, вакуум эзели толбойт.

*     *     *

“Өлүмдүн өкүмү адамдын мойнундагы парз” (карылардын сөзүнөн).

*     *     *

Жүрөктө мээрим болбосо, жылуу алакандын деле жагымы болбос.

*     *     *

Жетимчиликтин ызасы жаман, баланы аябай басынтат, чүнчүтөт, кыйды, кекчил, арамза өстүрүп, жалтак кылып салат.

*     *     *

Күйүттө ортоктош өмүр өткөргөн адамдар кайрымдуу, күйүмдүү болот.

*     *     *

Бала тарбиялоо эркелетүү эле болсо, анда бала өзүмчүл, зөөкүрчалыш чалчаке болорун турмуш көрсөттү, ал эми кагып-силкип  тыяк-биякка жумшай берсе, маңыроо байкуш болуп калышы мүмкүн. Муну да турмуш көрсөттү. Эркелетип, эркин ойлонтуп, эмгекке аралаш үйрөткөн кезде зээндүү, сезимтал, жашоосу кызык балдар чоңоёрун да турмуш көрсөтүп келатат. Табияттын талабы, ата-эненин милдети ушундай. Кашайып аны байкабай калгандайбыз.

*     *     *

Ар-намысы күчтүү калк кордукка чыдай бербейт.

*     *     *

Башкалардан талап кылганды эле билбей өзүбүздү да “сындыра” жүргөндү үйрөнүшүбүз керек.

*     *     *

Өз көмөчкө күл тарткан жерде ырк бузулат.

*     *     *

Кусалык адамды адам касиетинен, бир тууганды бир туугандык касиеттен кетирет.

*     *     *

Адамдын бала чактагы эмгеги сөзгө алынып бааланса, балага чоң кубат. Бала эмгегинен ыракат алат. Эмгеги байкоосуз калган учурда баланын шагы сынат, иштегиси келбей жумуштан качат.

*     *     *

Бала кезде учкуч болууга умтулгандык – бул адам дээриндеги кыялынын канатыдыр, анткени адам жаратылышынан бийикке умтулуп жашайт. Көр оокатка басырылып, күлала болууну каалабайт. Учкуч болсом дегени, демек, канаттуу куштан кем калбай асманга көтөрүлгүсү келгенидир. Ыр чыгарайын дегени, демек, кыялына канат байлап, ой-санаасын көкөлөтө учурганыдыр. Баланын тилеги – көңүлдүн канатыдыр?! Адам канатсыз жашай албайт.

*     *     *

Түңүлсө деле үмүт чиркинге алдана берет экен адам.

*     *     *

“Курдаштыктын белгиси алыстан көрүп ыржаюу” (Алыкул Осмонов).

*     *     *

Эпосту айткан манасчылар болбосо, ал өлүү эпоско айланат.

*     *     *

Дүнүйөкорлук өзүмчүлдүктү өөрчүтөт. Өзүмчүлдүк күч алган элде ынтымак болбойт, алдым-жуттум өкүм сүрүп, улуттук ар-намыс унутулат. Ал эми ынтымагы жок, ар-намыссыз эл барып-барып эл болуудан калат.

*     *     *

Өткөнүбүздү кодуласак, бүгүнкүбүздүн кунары жок, эртеңкибизден урмат болбойт. Өткөндү урматтоо – бул жөн гана мурдагы турмушту эскерүү же ага суктануу эмес, анын сырын түшүнүп, азыркы учурдагы кыйынчылыктардан жол издөө далалаты.

*     *     *

Жашоо дайым суроо, түбөлүк изденүү.

*     *     *

Тамаша, тамашалашуу – бул ынтымактыктын, сыйлашуунун белгиси. Тамашанын “жеңили”, “салмактуусу” болушу мүмкүн. “Жеңил” болсо деле тамашалашканга не жетсин?! Тамаша – көңүлдү көтөргөн күлкү, жылмаюу. Ал эми көңүл көтөрүлгөн кезде жашоо жеңилдеп, өмүр узарары чын.

*     *     *

Өзүмчүл, карөзгөй аткаминерлерге билимдүү эл-журттун эч кереги жок окшобойбу.

*     *     *

Адамдын дээриндеги сапат каны менен кошо айланып, ың-жыңсыз жоголбой жүрө берет.

*     *     *

Бөксө “билим” башкаларга жугумсуз, эч кимге кызыгы болбойт.

*     *     *

Бири-бирине кошкөңүл, кайдыгер эрди-катындын ортосунда гана “сен-мен” дешүү болбошу мүмкүн.

*     *     *

Көңүл ооруткан кезде жакшы көрүшүү бүтөт, сүйүү өчөт.

*     *     *

Жүрөктү жылыткан сүйүү сакталган жерде издешүү, сагынышуу болот.

*     *     *

Билбей бирөөгө сынтагыш, сыртынан баа бычыш – наадандык.

*     *     *

Табылгасыз чыгармачылыктын ыракаты да жок.

*     *     *

“Ичкиликтин масы таркайт, мактоого мас болгон оңбойт, көзүн май басып калат.” (Абийир атамдын айтканы).

*     *     *

Сындоо баштан аяк каралоого өткөн кезде коом ирийт, көз караштар түзөлбөйт, ниет агарбайт.

*     *     *

Акыйкат сын болмоюн коом өнүкпөйт, адам түз жолго түшпөйт.

*     *     *

“Калк атасы” сыйланбаган мамлекетте үй бүлө башчысы да сыйланбай каларын, атадан аталык кадыр-барк кетерин көрдүк ко!

*     *     *

Көңүл “жибиткен” амалкөйлөрдүн торуна чалынган жетекчи жаңылбай койбойт.

*     *     *

“Бар” туруп, “жок” дегенге көнбөй өмүр сүрсө адам, турмушта жан кейиткен кыйынчылыктар деле жеңил өтөт.

*     *     *

Жагымдуу ишиңди жакшы көргөн кишиңе көрсөткүң келет!

*     *     *

Адам акылды көрүнгөнгө эле айтпайт, аны айтчуга гана айтат. Ал эми тамаша кеп андан бетер эркелей турган кишиге гана айтылат. Атаңан башка да акыл айтар адамың болсо ал бакыт эмеспи!

*     *     *

“Кыйналбаган турмуш жок, жаш кезиңде кыйналып ал, картайганда кыйналсаң кор болуп каласың.” (Күлүйпа Кондучалова).

*     *     *

Таланттуу адамдар таланттуу адамдарды тааныса-тааныбаса да жогору баалап, кадыр-баркын урматтап, жакынындай көрөт.

*     *     *

Дүйнөдөгү эң оор кыйноо – бекерчилик.

*     *     *

“Жердешчилик болгон, боло берет” деген “көзү ачык” саясатчыларды угуп жүрөбүз. Андайлардын айтканын ээрчисек, эзели оңолбойбуз. Андайлардын “жердешчилиги” айбанаттардын, жан-жаныбарлардын инстинктке багынган “жердешчилигинен” эч айырмасы жок. Алардын кокту-колоттон чыга албай келатканы ошонун кесепети.

*     *     *

“Акылдуу адам кемчилигин жашырбайт”. (Леонид Соболев)

*     *     *

Мезгил картайтпайт мени, элдин кайгысы картайтат. Анын ыйы менин ыйым, анын зары менин зарым.

*     *     *

“Жаман киши таарынчаак болот, таарынчаак киши кекчил болот”. (Абийир атамдын айтканы).

*     *     *

Жалаанын айыбы ачылса, чындыктын күнү тууйт.

*     *     *

Өсүп өнүгүүгө, прогресске, ынтымакка умтулган эл өзүн өзү мактайле бербейт, өзүн өзү сындайт, өзүн өзү “кемсинтет”, какшыктайт, анекдотторду чыгарат.

*     *     *

Кул кутурса, төбө каңдайт.

*     *     *

Өткөндөгүнү үйрөнмөйүн коом шыдыр өнүкпөйт, үстөкө-босток мүдүрүлө берет.

*     *     *

Карылыгың курусун, адамды мазактайт экен.

*     *     *

Таланттуулар кечиримдүү болсо, жанбактылар кекчил болот экен.

*     *     *

Артисттин табитин ачаар таланттуу режиссёрсуз артистин табы бышпайт, түлөгү жетилбейт.

*     *     *

Адамда адамгерчилик, ыйман жетиштүү болсо, башкалардын тагдыры кайдыгер калтырбайт аны.

*     *     *

Адамды адамдар менен иши, эмгеги, көз карашы, кыял-жоругу, чыгармачылыгы бириктирет. Бириктирбесе эки бөлүп, ажыратып жиберет.

*     *     *

Ызага жеңдирип турган адам калыс боло албайт.

*     *     *

Чыныгы талант чынчыл болот. Чыныгы талант ошонусу менен бирге апенди да, ишенчээк да, ак көңүл, тез от алма болот.

*     *     *

Режиссёрсуз жакшы спектакль жаралбайт, жакшы спектаклсиз артист көзгө көрүнбөйт. Жакшы режиссёрсуз жакшы театр да болбойт.

*     *     *

Арам акча адамды бузат, пейилин, ниетин, ыйманын иритет. Андайлар өлө кекчил болот.

*     *     *

Жазуучунун душманы – өзү, ич тарлыгы, көрө албастыгы, талантсыздыгы. Адабияттын душманы – халтура. Халтураны колдоо – күнөө.

*     *     *

Чындыкты бетке айтканды орой дешет.

*     *     *

“Өз калкыңдын адамын бөлөк калктын адамына жамандасаң, эл болбой калганыңар ошо”. (Багыбек Кундакбаев)

*     *     *

Табиятынан бийик жаралган таланттуу адамдар жашык болот.

*     *     *

Өткөндү, арбакты унутканда маңкуртчулук баш көтөрөт.

*     *     *

Адамга жакшылык кылганың – өз үчүн ыракат.

*     *     *

Адамдагы итиркей келтирген жаман жоруктун бири – актангандык.

*     *     *

Баланын кызыгуусу утурумдук болгон күндө да айнытуу жарабайт.

*     *     *

Оору адамды кор кылат, тажатат. Ооруканага кайра-кайра жаткан андан бешбетер.

*     *     *

Адам өмүрүн сактап калчу керемет дары – кыймыл.

*     *     *

Кийинкиге калтырып жүрүп, көптү өткөрүп жиберебиз, көптөн куру калабыз.

*     *     *

Канткен күндө да мансап, дүнүйөкорлук, геополитикалык саясаттын казаны кайнаган жерде адам өмүрү оюнчук экен.

*     *     *

Кыргыз менен казак аялдардын укугу  илгертен эркектердикинен кем болгон эмес, паранжы жамынган эмес. Элдик чоң маселелерди, чыр-чатактарды акыл-эстүү аялдар менен кеңешип чечкен.

*     *     *

Жамандык издегенден учубуз узарбайт. Ыйманыбыз өрттөнбөсүн десек, башкалардын кемчилигине таба кандырбай, жакшылыгын көздөсөк жаңылбайбыз.

*     *     *

Биримдиги күчтүү калкта жеңилбестик дух жашайт!

*     *     *

Эстеликти саясатташтырып, “жок кылып” жибериш элдин эс-акылын жексен кылганга тете түркөйлүк. Эстелик адамды ойлонтот, далайды эске түшүрөт. Ошонусу менен кымбат ал.

*     *     *

Кыргыз аялдары аман турса, дагы далай  таланттар адабиятта да, театрда да, кинодо да, баарында жаралат.

*     *     *

Азаттык ыры тил болбосо ырдалат беле?!

*     *     *

Кемчиликти моюнга алуу эстүүнүн эстүүсүнүн гана колунан келген кеменгерлик.

*     *     *

Убададан танса, ыйман качат.

*     *     *

Сүрөткер адам таланттуу да, талантсыз да болушу мүмкүн. Бирок сүрөткер, чыгармачыл адам болуп туруп, ыймансыз, адепсиз жашоого акысы жок.

*     *     *

“Алсыз боло баштаганда, пайдасы азайганда бийликтин жашырмайы көбөйөт.” (Азамат Алтай)

*     *     *

Сүйүүсү бар адам акылдан адашып калышы мүмкүн.

*     *     *

Ата-конушубуздун кичинеби, чоңбу ар бир тилкеси кымбат, жаныбыздан артык. Аны коргош мойнубуздагы парз.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” эссе китебинен

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз