Дилазык: Кулчулук тууралуу икая

  • 26.05.2021
  • 4826

Таш кескен аянтчадан жаңы курула баштаган шаар чебине чейинки бир жарым чакырымчалык жолду толугу менен ээлеп, күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда, тегиздеп кесилген, жылмаланган таштарды көтөргөн кулдар төрт катар тизилип, илээлей чубап келет.

Ар бир он кулду бир куралдуу күзөтчү көзөмөлгө алган. Кулдар келе жаткан жол четинде чегилген таштардан курулган бийиктиги 13 кадамча секичеде Кратий олтурган. Бул улуу кечилдердин бири. Ал төрт айдан бери ушул жерде унчукпай, болуп жаткан нерселерди байкап олтурчу. Аны эч ким алагды кылчу эмес, ал тургай аны баш көтөрүп карап, оюн бузууга бирөө да батынбай турган.

Кулдар менен күзөтчүлөр кечилдин тагы орнотулган секичени айлана-чөйрөнүн бир табигый бөлүгүндөй көрүшчү. Анда олтурган адамга көңүл бурбай да калышкан. Кратий өз алдына өкмөттү кайра түзүп, андагы кечилдердин бийлигин бекемдеп, ал бийликке мамлекеттеги бардык адамдарды, анын ичинде өкмөттү бийлеген адамдарды кошо кечилдердин кулдарына айлантууну максат кылган.

Бир жолу Кратий тагына өзүнө окшош бирөөнү отургузуп коюп, ылдый түшүп келди. Кийимин которуп, күзөтчүлөрдүн башчысына ага кишен кийгизип, кулдардын бириндей кылып, жаш жана күчтүү Нард аттуу кулдун жанына кошуусун буюрду.

Кратий бул жаш адамдын көз карашы башка кулдардыкындай кайдыгер, өз тагдырына баш ийип берген адамдыкындай эмес, ар нерсени кунт коё карап, көргөн нерсесине баалай караганын көрдү. Анын жүзүнөн терең ойлонуунун, бир нерсеге тынчсыздануунун белгилерин байкады. “Демек, бул бир нерсени ойлонуп жүрөт” – деп түшүндү кечил, анан байкоосу канчалык туура экенин текшермекчи болду.

Кратий эки күн бою аны менен кошо таш көтөрүп, тамакты чогуу ичип, чогуу жатып байкоо жүргүздү. Үчүнчү түнү “уктагыла” деген буйрук берилгенден кийин, Кратий жаш жигитти карай оодарылып жатып, айла-амалы түгөнгөн адамдай үшкүрүнүп, өз алдынча сүйлөнүп жаткансып акырын шыбырады: “Чындап эле калган өмүрүм ушундай азап менен өтөбү?”

Кечил жаш кулдун селт эте түшүп, көз ирмемде ага бурулганын көрдү. Анын көздөрү чоң караңгы барак үйдүн күңүрт жарыгында да күйүп-жанып турган.

– Мындай абал көпкө созулбайт. Менде бир план бар. Ага сен да кошула аласың, чал, – деп шыбырады жаш жигит.

– Ал эмне болгон план? – кайдыгер адамдай үшкүрүп, суроо узатты кечил.

Нард кызуу жана ишенимдүү үнү менен түшүндүрө баштады:

 – Сен дагы, чал, мен дагы баарыбыз жакында эркиндикке чыгабыз. Өзүң эсептеп көр: 10 кулга бир күзөтчү туура келет, тамак-аш бышырган 15 аялды да 1 күзөтчү кайтарат. Эгерде макулдашып алып баарыбыз бир убакта күзөтчүлөргө кол салсак, жеңиш биздики. Мейли, алар куралчан болсун, биздин колубуз кишенде болсун, 10 адам бир адамга кантип алыбыз жетпесин. Биз алардын куралдарын тартып алып, байлап салабыз.

– Эх, жаш жигит, – деди кечил кайрадан үшкүрүп, анан ага кызыкпаган немедей кобурап койду:

 – Сенин планыңдын чаласы көп. Макул, бизди караган күзөтчүлөрдөн кутул, бирок өкүмдар кайра эле жаңыларын, балким бүт армиясын жиберип, көтөрүлүш кылган кулдарды кырып салсачы...

– Мен ал жөнүндө да ойлогом, чал. Армия бул жерде жок учурду тандайбыз. Ал убак да келет. Армияны алыскы жүрүшкө даярдап жатканын бардыгыбыз билебиз. 3 айга тамак-аш камдап жатышыптыр. Демек, 3 айдан кийин армия белгиленген жерге барып согуш ачат. Ал согуштан жеңишке жетишкен күндө да алсырап, дагы көп жаңы кулдарды колго түшүрүп келишет.

Ал кулдарга жаңы барактарды салып жатышпайбы. Биз, биздин өкүмдардын армиясы согуш баштар замат күзөтчүлөрүбүздү куралсыздандырабыз. Чабармандар кабар жеткизип, алсыраган армия кайтып келгиче биз даярданып алабыз. Бизде армиядан кем эмес адам болот, жаңы колго түшкөн кулдар да бизге кошулушат. Мен бардыгын туура эсептеп чыктым, чал.

– Макул жигит, сен ойлогон оюңа жетип жеңип алдың дейли, – деди кечил ага макул болгонсуп, – андан кийин кулдар эмне кылышат, өкүмдарлар, күзөтчүлөр, солдаттарды эмне кыласыңар?

– Бул жөнүндө көп ойлоно элекмин. Азырынча билгеним: кулдар эркин болушат, а тигилер кул болушат, – деди жигит ишенимсиз.

– А кечилдерди кантесиңер? Алар да кул болобу же эркин адам боюнча калышабы?

– Кечилдердиби? Алар жөнүндө да ойлонбоптурмун. Бирок азыр алар кандай жүрүшсө ошондой жүрө беришет деп эсептейм. Алардын айткандарын кулдар да, эркин адамдар да угат. Аларды жакшы түшүнбөсөм да зыянсыз деп ойлойм. Мейли, кудайлар тууралуу айта беришсин, а биз өз жашообузду кандай жакшы жашашты өзүбүз билебиз.

– Билгениңер жакшы, – деди да кечил аябай уйкусу келип жаткансып унчукпай калды. Бирок Кратий ал түнү уктаган жок. Ал ойлонуп жаткан. “Албетте, – деп ойлоду Кратий – булардын айыбын ачып өкүмдарга билдирип коюу оңой иш, бул кул жигитти кармап кетишет, — анын башкаларды азгырып, көтөрүлүшкө шыкактап жүргөнү көрүнүп турат. Бирок бул – көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес. Кулчулуктан бошонууга умтулуу кулдарда дайыма боло берет. Бирөөнү кармасаң экинчиси пайда болот, андай болгон соң,  мамлекеттин ичинде ага каршылык токтолбойт”.

Кратий бүткүл адамзатты кулга айландырууну ойлоп жатты. Ал бул максатка күч колдонуу менен жете албасын түшүнүп турду. Адамга, бардык элдерге психологиялык таасир берер ыкманы табуу керек. Адамдардын ой жоруусун өзгөртүп, эмгек кылуу бул жыргал жашоого жетүү деген пикир жаратуу зарыл. Элди мейкиндикте, мезгилде жана түшүнүктөрүндө багытынан адаштырган, өзү андан ары өсүп, өркүндөй берер программа ойлоп табуу абзел.

Бирок эң негизгиси – баары чындыкка окшош болууга тийиш. Кратийдин мээси шакылдап иштей баштады, ал колу-бутундагы кишендин салмагын да сезбеди. Капилеттен чагылган чарт эте түшкөнсүп, мээсинде программа пайда болду. Азырынча майда-бараты түшүнүксүз болсо дагы, анын масштабдуулугу жанын жай алдырбай, тыбырчылатып жатты. Кратий өзүн дүйнөнүн жалгыз кожоюнундай сезди.

Кечил колу-бутуна кишен салынып, жылаңач тактайдын үстүндө жатса да, азыр өзүнө өзү ыраазы. “Эртең менен жумушка алып чыгышканда күзөтчүлөрдүн башчысына шарттуу белгини берем, ал мени катардан чыгарып, кишенди чечет. Мен өз программамды оңдоп-түзөп, бир нече сөз айтам, анан дүйнө өзгөрө баштайт.

Шумдук! Болгону бир нече сөз – бүткүл дүйнө мага баш ийип, менин оюм менен болушат. Кудай чынында эле адамга Ааламда жок оңбогондой чоң күч бериптир, ал күч – адамдын акылы. Ал сөзгө айланат жана тарыхтын жүрүшүн өзгөртөт.

Укмуштуудай сонун абал түзүлдү. Кулдар көтөрүлүш чыгарууга даяр. Алардын планы абдан ойлонулган, сөзсүз убактылуу болсо да ийгиликке жетиши мүмкүн. Бирок мен бир нече сүйлөм менен аларды гана эмес, алардын келечектеги тукумдарын, ал тургай аларды башкарып жүргөн өкүмдарларын да кулдукка мажбурлайм”.

Эртең менен Кратийдин белгиси боюнча анын кишенин чечип бошотушту. Эртеси анын байкоочу аянтында калган беш кечил менен фараон чакыртылды. Чогулгандардын алдында Кратий өз сөзүн баштады:

– Азыр бул жерден укканыңарды эч ким жазып албасын, уккан сөз уккан жериңерде калып, бул тууралуу бир да жанга ооз ачпагыла. Айланабызда бир дагы дубал жок, менин айтканымды силерден башка киши укпайт. Мен жер шарында жашаган бардык адамдарды биздин фараондун кулдарына айлантуунун жолун таптым. Аны көп сандаган армия менен нечен жылы согушсаңар да жасай албайсыңар. Бирок мен аны бир нече сүйлөм менен жасайм. Мен ал сөздөрдү айткандан кийин эки күн өтпөй дүйнө кантип өзгөргөнүнө күбө болосуңар.

Карасаңар: ылдый жакта катарга тизилип кишенделген кулдар бирден таш көтөрүп келе жатышат. Аларды жайнаган күзөтчүлөр кайтарып жүрүшөт. Кул канчалык көп болсо, мамлекет ошончолук күчтүү – биз дайыма ушундай ойлоп келгенбиз. Бирок кулдар канчалык көп болсо, көтөрүлүш чыгуу коркунучу да ошончолук өсөт. Биз күзөтчүлөрдү көбөйтөбүз. Аларды тамак-аш менен камсыз кылбасак, оор жумушту аткара алышпайт. Канча жакшы тамактандырсаң да баары бир жалкоо, көтөрүлүш чыгарганга ыңгайлуу учур издешет.

Баскандарын көрдүңөрбү, илээлеп араң баратышат, ал эми жалкоо күзөтчүлөр аларга шапалак көтөрүп сабагандан эригишет. Бирок мындан кийин алар жүгүрүп иштешет, күзөтчүлөрдүн да кереги жок. Күзөтчүлөр өздөрү да кулдарга айланышат. Аны мындай кылып бүтүрөбүз.

Бүгүн кечинде жарчылар фараондун буйругун жарыя кылышсын. Ал жарыя мындай: “Таң аткандан баштап бардык кулдарга эркиндик берилет. Шаарга алып барган бир таш үчүн эркин адам бир монета алат. Ал монетаны тамак-ашка, кийим-кечекке, тарак-жайга, хан сарайларга, ал тургай бүт шаарды алмашып алса болот. Мындан ары силер – эркин адамсыңар.

Кечинде кулдарга фараондун буйругу жарыяланды, алар таң калып жатышты, көпчүлүгү алдыдагы бактылуу турмуштарын элестетип түнү бою уктай албай чыгышты.

Эртең менен кечилдер менен фараон кайрадан секичеге чогулушту. Алар көз алдыга тартылган окуядан ооздору ачылып, сүйлөөгө сөз таппай калышты. Миңдеген адамдар, кечээки кулдар, ошол эле таштарды бири-бири менен жарышып ташып жүрүштү. Кээ бирлери чекелеринен тер кетип, эки таш көтөрүп алса, башкалары бир ташты алган боюнча буту бутуна тийбей безилдеп жүгүрүп жүрүшөт. Күзөтчүлөр да таш ташый башташыптыр. Эркиндикке чыктык деген адамдар... анткени алардан кишендерин чечип салышпадыбы. Эми өздөрүнүн бактылуу турмушун куруш үчүн монетаны көп алуу үчүн жан талашып иштей башташты.

Кратий секичеде дагы бир нече ай байкоосун улантты. Өзгөрүүлөр аябай көп болду. Кулдардын бир бөлүгү майда топторго биригип, араба жасап алышып, таш толтуруп, аны чекелеринен тер агыза түртүп жүрүштү.

“Алар дагы көп нерселерди ойлоп табышат, – деп ойлоду Кратий канаттануу менен – мына, эмитен эле ич ара кызмат көрсөтүүчү адамдар пайда боло баштады: бири суу ташыса, экинчиси тамак-аш алып келип жүрөт. Кээ бир кулдар убактыларын аяп, тамакты сатып алып, басып баратып эле жеп жатышат. Карабайсыңбы, аларды тейлеген дарыгерлер да өз кызматын көрсөтүп, монета чогулта башташыптыр. Жолдогу кыймылды көзөмөлдөп, тартипке салар адамды шайлап алышты, жакында башчыларды, сотторду шайлай башташат. Мейли, шайлай беришсин: алар өздөрүн эркин адамбыз деп эсептешет, а маңызы баягы эле боюнча, таш ташышат...”

Ошентип миң жылдардан бери адамдар чаңда, терлерин агызып, таш көтөрүп чуркап келе жатышат. Ошол кулдардын тукумдары өзүлөрүнүн маанисиз жашоолорун улантышууда.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз