Улуу ойчулдар жашоо маанисин кантип жеткирген?

  • 04.06.2021
  • 4125

Адамзат тарыхындагы эң эле аяр суроолордун бири “биз бул дүйнөгө эмне үчүн жүрөбүз” деген суроо болсо керек. Биолог муну жөн гана тукум улоо жана генетикалык материалды кийинки муунга өткөзүү үчүн деп түшүндүрөт.

Эволюция мына ушинтип өтөт, табигый тандоо аркылуу Жердеги жашоо өсүп-өнүгүп олтурат. Жашоонун мындан башка мааниси жок. Мына ошондо: Чын эле мен башка бирөөгө эстафетаны тапшырып берүү үчүн эле төрөлгөнмүнбү?” деген өкүнүчтүү суроо жаралат.

Мейли, илим боюнча ошондой болсун дейли, бирок бул суроого толук жооп бербейт. А анда дегеле жашоонун мааниси эмнеде? Аягы көрүнбөгөн кара-кайра төрөлүүлөрдүн эмне кереги бар?” – деген суроолорго улуу ойчулдар кандай жооп беришти экен. Анда эмесе сөз ошолордо.

Сократ

Жашоо мааниси ошол маанинин өзүндө деп ойчулдардын арасынан биринчи жолу айткандардын бири Сократ. Башкача айтканда, адам дайыма изденүүдө болуп, жашоонун негизги сырын билүүгө аракет кылуусу керек.

Билим устатынан шакиртине өтүшү зарыл. А шакирт устаты токтогон жерден баштап, анын жолун улантышы керек. Ошентип олтуруп качандыр бир убактарда ал улуу сырды ачабыз. Сократ байлык топтоону жаман көргөн, ашык дүйнө адамдын өсүшүнө тоскоол болот деп эсептеген. Кыскасын айтканда, анын ою боюнча жашоо мааниси руханий жактан өсүп-өнүгүүдө экен.

Аристотель

Аристотель жашоонун маани-маңызы бакыт издөөдө деп билген. Ар бир адамдын өз бактысы бар, ошондуктан өмүрүңдү өзүңө жаккан нерселерге гана арноо керек. Сүйүктүү болуп, сүйгүң келеби – ошондой бол. Керемет кооз сонун үйдө жашап, байлыктын үстүндө чардап жаткың келеби – ошого татыктуу аракет кыл. Аристотель бир гана нерсеге, адамдардын башынан аттап бакыт издебөөгө кеңеш берген. Сенин жетишкендиктериңден башка адамдар жабыр тартпаш керек – бардык жерде акыйкаттык менен аракет кылсаң, өз абийириң алдында таза болосуң, каалаган нерсеңе жеткенде ыракаттан башка эч нерсе албайсың. Бул өтө татаал жол дептир.

Рене Декарт

Француз философу бардык нерселерде рационалдуулуктун жана тең салмактуулуктун бузулбашын жактырган. Ал жашоо маңызы туура жана ойлонулуп кабыл алынган чечимдерде, адегенде ошондой чечимдерди кабыл алууну үйрөнүү керек деп эсептеген. Жер шарындагы бардык адамдар дал ошентип жашай баштаса, бардык жерде гармония өкүм сүрөт деген. Декарттагы эң негизги ой – “ааламды өзгөрткүң келеби, өзүңдөн башта”. Бийик максаттар менен жашоону, мисалы,  Кудайга кызмат кылууну ал маанисиз деп эсептеген, анткени “жогорку жак” эмне болорун, кантип болорун, тигил же бул адам кандай аракет кыларын ансыз деле билишет. Асмандагы бакытты издебей Жердеги жашооңду жакшы жашоого аракет жаса дептир ал.

Артур Шопенгауэр

Бул немис философу турмуштун жыргалчылыктарынан безе качкан такыба адамдардын жашоосун жактырган. Ал турмуштун маанисин издөөнүн кереги жок, анткени бардыгы мурда эле чечилип калган, башка салганды көрүп жөн гана жашай бериш керек дептир. “Жөн эле” жашай бер дегенинин мааниси байлыктын артынан чуркабай, бузуку жолго түшпөй жаша дегени. Шопенгуардин ою боюнча Жер бетиндеги жашоо тозокко окшош, бул жерде адамдар эң эле ыплас максаттарга жетүү үчүн, андан да ыплас иштерге барышат. Эң негизгиси – бул кандай гана абалга туш болбосун адам боюнча калып, ач көздүккө жана айбан сыяктуу кумарга берилбеши керек.

Жан-Поль Сартр

Ашынган атеист жана экзистенциалдык ой жүгүртүүсүнүн жактоочусу Сартр ар бир адам эркин төрөлгөн жана ал өз жашоосун кандай жашашты өзү гана чечет деп ишенген. Ал эми анын кандай жолду тандап алганы – түз жүргөн адамбы же кылмышкердин жолубу, эч кандай мааниге ээ эмес. Болгону бул тандоонун ар кандай түрлөрү. Сартрдын айтуусу боюнча жашоо – бул өзүн-өзү тануулардын кезектешип келүүлөрү аркылуу жол тандап, өзү эңсеп каалаган эркиндигине жетүү. Бирөө бирөөгө таандык эмес, эч ким эч кимге карыз да эмес – адам өзү каалагандай чечим кабыл алып, каалагандай жашоого укуктуу. Сартр толук эркиндик гана нравалык жактан таза, жашоого сын көз карашка ээ адамды жаратат (мыйзамдар менен дин акыл-эсти тумандатат) жана ошондо гана Жер шарында бейпилдик өкүм сүрөт деп эсептеген. Ал жашоо маанисин ушул нерселерден көргөн.

Людвиг Витгенштейн

Идеяларын дайыма эле түшүнүүгө болбогон сырдуу ойчул. Ал жашоонун өзү эч кандай мааниге ээ эмес деп, ал эми негизги нерсени тилдин өнүгүшүнөн жана адамдардын отросундагы байланыштардын, мамилелердин жакшырышынан көргөн. Анын идеяларынан индивидуализмден баш тартуу ачык эле байкалат. Ал өзүңө жана өз жакындарыңа жардам берүү менен гана жашоо маанисине жетесиң деп эсептеген. Адам өзүнө эмнени кааласа да, адамдын жеке турмушу өз алдынча мааниге ээ эмес – адамдар бири-бирине ачык, тыгыз жана жакшы мамиледе болуулары керек. Мына ошондо гана адамзаттын “улуу жолу” ачылат.

Тыянак

Өзүңүздөр көргөндөй, канча адам болсо, ошончо пикир бар. Бирок ар бири өзүнчө кызыктуу. Балким “ар бир адамдын өз билгени бар” деген сөз туурадыр.

А сиз кандай ойлойсуз?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз