Александр Куприн: Демир-Кая

  • 02.02.2024
  • 3459

Чыгыш легендасы

Жел жок. Бүгүн деңиз үстүндө түнөп калганга туура келет окшойт. Жээкке чейин отуз чакырымдай. Эки мачталуу фелюга[1] улам бир капталына жай  чайпалып, ным болгон парус шалбырайт.

Кайыкты боз туман  чүмкөп, жылдыз да, асман да, деңиз да, түн да көрүнбөйт. Биз да жарык жаккан жокпуз.

Кир, жылаң айлак, фелюганын кары капитаны Сеид-Аблы, акырын, шашпай, басмырт, колдураган үнү менен, мен чын жүрөгүмдөн ишенип аткан байыркы окуяны кеп салып жатат. Анткени түн адаттан тыш жым-жырт, астыбызда көрүнбөгөн деңиз, биз туман  чулганып, коюу ак булуттар арасында акырын жылып баратабыз.

“Аны Демир-Кая деп аташчу. Силерче которсо – темир аска. Антип аташкандыгынын себеби бул адам аёо, абийир, коркуу деген сезимдерден кур жалак болгон.

Ал өз шайкасы менен Стамбулдун айланасында, кыдыр даарыган Фессалиде[2], тоолуу Македонияда, болгарлардын жайыттарында каракчылык кылчу. Анын колунан токсон тогуз адам каза тапкан, алардын арасында аялдар да, карылар да, жаш балдар да болгон экен.

Күндөрдүн бир күнүндө аны падышанын – кудайым анын өмүрүн узартсын! - чыңдалган аскерлери аны тоодо курчап алышат. Демир-Кая иттердин үйүрү менен кармашкан карышкырдай үч күн жан аябай салгылашат. Төртүнчү күндүн таңында курчоодон кутулуп чыгат, бирок жалгыз өзү. Анын досторунун айрымдары салгылашта курман болушту, айрымдарынын стамбулдагы тегерек аянтта желдеттер тарабынан  башы алынды.

Демир-Кая адам бара албас үңкүрдө катуу жараттардан кансырап, өлүм алдында жатты. Аны бүл үңкүргө тоолук жапайы малчылар жашырып койгон эле. Түндөрдүн биринде үңкүрдө колуна жалындаган кылыч көтөргөн аппак периште пайда болду. Демир-Кая  ал өлүм кабарчысы, кудайдын элчиси Азраил экендигин билип:

- Алланын амири болсун! Мен даярмын, - деди.

Бирок периште:

- Жок, Демир-Кая, сенин саатың чыга элек. Кудайдын амирин ук. Сен ушул өлүм тактасынан туруп, барып көмүлгөн  казынаңдын бардыгын чыгар, аларды алтынга айлант. Андан түптүз чыгышка карай, жети жолдун тоомуна жеткичекти жөнөй бер. Ошол жерге үй кур. Үйүңдүн чарчаган жолоочулар үчүн атайын салкын бөлмөлөрү, жазы дивандары, таза суусу, даарат алганга фонтандары,  жыты буркураган кофеси жана  жыттуу наргилеси[3] болсун! Үйүңдүн жанынан өткөн жолоочулардын бардыгын чакыр, жана аларга кул сыяктуу кызмат өтө. Сенин үйүң алар үчүн өз үйүндөй болсун, сенин алтының – алардын өзүнүн алтынындай болсун, сенин эмгегиң – алардын эс алганына өбөлгө болсун. Ошол эмгегиң аркылуу Аллах, балдарынын канына себеп болгон залимдигиңди унутуп, оор  күнөөңдү кече турган күн келээрин билип кой.

Демир-Кая:

- Кудай менин күнөөмдү кечиргендигин кантип билем? – деди.

- Жаныңдагы күйүп жаткан оттон күл болоюн деп калган көсөөнү ал. Аны алпарып жерге сай. Ошол көсөө тамыр байлап, кабык курчап, гүлдөй баштаса - жараткан сени кечиргени ошол,- деди периште.

Андан жыйырма жылча мезгил өттү. Падышанын – алла анын өмүрүн узак кылсын! - өлкөсүнүн бардыгында Жедди менен Смирнанын ортосунда - жети жолдун кесилишиндеги мейманкана тууралуу аңыз дүңүлдөп турду. Андан чыккан кайырчынынжол баштыгына рупий салынат, ачка адам тоюнуп, чарчаган адам эс алып, ооруган адам сакайып кетет.

Жыйырма жыл, ушул узак жыйырма жыл ичинде Демир-Кая, ар кечте короого сайып койгон көсөөнү үмүт менен тиктейт, бирок көсөө баягыдай эле капкара, өлүк бойдон.

Демир-Каянын бүркүт көздөрү тунарып, кубаттуу бели бүкүрөйүп, чачтарын периштенин канатындай ак баса баштады.

Күндөрдүн биринде эртең менен ат дүбүртүнөн улам тышка чуркап чыгып, атын тер басып куюндата чаап келаткан чабандести көрдү.

Демир-Кая аттын астынан чыгып, ооздуктан алып жалынып жиберди:

- Тууганым, менин үйүмө кирип кет, жүзүңдү муздак суу менен жууп, тамактан, суусундук ич, буркураган таттуу кальяндан рахат ал!

Бирок чабандес кыжырдана кыйкырды:

- Жабышпа чал! Коё бер! Коё бер дейм!

Демир-Каянын бетине жаба түкүрүп, камчыменен башка тартып ийип кайрадан чаап жөнөдү.

Демир-Каянын эски, каракчылык каны дүргүп чыкты.

Жерден оор таш ала коюп, кер ооз немени карай атып уруп, башын жарып салды. Чабандес ат үстүндө бир аз чайпалып, башын мыкчыган бойдон жолдун чаңына кулап түштү.

Демир-Кыянын жүрөгү түшүп, чабандеске чуркап жетип:

- Тууганым, мен сени өлтүрүп койдум, -деди муңкана.

Бирок өлүп бараткан мындай дейт:

- Мени сен өлтүргөн жоксуң, мени Аллахтын каары урду. Биздин вилояттын паашасы[4] ырайымсыз, ач көз, адилетсиз адам. Менин досторум ага каршы кутум уюштурушкан. Бирок мен сыйлыкка берилүчү акчага азгырылдым. Аларды сатайын дедим. Ошентип аларды сатканы шашып баратканымда сен ыргыткан таш мени токтотуп калды. Кудайдын жазасы. Кайыр.

Капа тартып мүңкүрөгөн Демир-Кая өзүнүн короосуна келди. Жыйырма жылдан бери чыдамкайлык менен күнөөсүнөн арылуу үчүн жасалган жакшылыктардан, тобо келтирүүдөн куралгантепкич, бир заматта, жайдын таңында урап калды.

Үмүтү үзүлүп, бирок көнүп калган адаты менен баягы карарган көсөөнү карады. О-о укмуш! Карарган көсөө анын көз алдында жанданып, бүчүр байлап, жашыл кабык менен чулганып, назик сары гүлдөр менен гүлдөй баштады!

Ошондо Демир-Кая жыгылып түшүп, сүйүнгөндөн ыйлап жиберди. Анткени улуу, ырайымдуу Аллах демейдеги акылкөйлүгү менен анын токсон тогуз адамдын канына болгон күнөөсүн, бир чыккынчынын жаны үчүн кечиргенин түшүндү.

Которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Палубалуу, парусу үч бурчтуу анча чоң эмес кайык.

[2] Грециянын түндүгүгүндөгү тоолуу аймак. Байыркы гректер кудайлар жашаган жай деп эсептелген Олимп тоосу жайгашкан.

[3]  Кальян.

[4] Аймактын өкүмдары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз