Бейшебай Усубалиев: Бир сомдук тыйын

  • 07.06.2021
  • 3148

АҢГЕМЕ

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго арналат.

Өңүмдөгүгө караганда мен айылыма түшүмдө көп каттайм.

Анан капчыгайдан чыга бергенде эле, мени жабыла тосуп келаткан айылдаштарымды көрөм. Булар эмнеге эле дүрбөлөң түшүп жатышат деп ойлоп бүткөнчө болбой, алар менен бетме-бет келип калам. Денем жыйрыла, селт этем − булар кимдер? Баары − бейтааныш тааныштар…

Чочуп ойгоном. Анан уйку-соонун ортосунда аларды көз алдымдан бирден чубатып өткөрө баштайм. Мени тосуп чыккандардын баары тээ мен бала чактагы айылдаштарым экен. Таңданам да селт этем – булардын көбү азыр чым жазданып жатышпайбы! Анан кайдан?..

...Анда менин эр жетип калган эле курагым болчу. Атам айылдын кадырман адамдарынын бири эле, анткени гезит, ага кошуп кар чарба (пенсия) таратчу. Бирок өмүрүндө бир-эки курдай эле таратты окшойт, атам почточулуктан түшүп калганча, гезитин да, кар чарбасын да мен тараттым. Кар чарба таратуу мен үчүн чоң майрам эле, көбү бир-эки сомун албай коюшчу: «Сенин да эмгегиң, көз майың бар, балам,- дешчү алар,  – Эртеден кечке эле Чабдарыңды чапкылап жүрөсүң, бирөөнүн жакшы-жаман сөздөрүн угуп…» Биресе булардыкы да чын. Анда гезит салчу үкөк деген жок болчу. Эшигинин алдына келип: «Гезитиңерди алгыла!» - деп үнүмдүн жетишинче бир канча ирет кыйкырар элем. Эгер чыгышпаса, эшигинин алдына таштачумун да, Чабдардын оозун артка бурчумун. Жок, Чабдар өзү эле билчү. Менин кыйкырыгым басылар замат, ушуну эле күтүп жаткансып, шарт бурулуп жөнөп калчу. Мен таң калчумун. Эки-үч күн өтпөй кайра таратмай. Анан таламайга түшмөй:

- Эмне үчүн өгүнү гезитти эшиктин алдына ыргытып кетесиң?..

- Ыргытпай эле, таштап кеткем…

- Ыргытасыңбы, таштайсыңбы – баары бир да. Үч гезиттен араң бирөө калыптыр, калганын шамал учуруп кеткенби, же бирөө илип кеткенби…Ошо гезиттерди кайра алып келип беришиң керек, алып келбесең!

- Мен аларды кайдан тапмак элем?!

- Кайдан тапсаң – андан тап!.. Колубузга бербейсиңби!..

- Аттан түшүп, ар бириңдин үйүңө кирип беришим керекпи?

- Ооба, сени ошон үчүн почточу дейт. Ошон үчүн акча аласың…

- Андай деген закондо жок! – дейм мен моюн бербей. – Закон боюнча ар бир үйдүн боорунда гезитке деген үкөк туруш керек!..

Мен бул законду кимден укканымды билбейм, бирок ушинтип өтө өктөм айтам. Тиги:

- Мунун закүнчүлүгүн!..- дейт да, негедир, жумшара түшөт. – Болуптур эми, үйгө кирбесең да, жакшылап кыйкырып жүрчү.

- Жакшы эле кыйкырып жүрбөймүнбү, өзүңөр укпай эле, бири-бириңерге кыйкырып, урушуп…

Менин үнүм кардыга түшөт.

- Болду эми,- дейт алар анан боору ооругандай. – Мындан кийин угуп жүрөлү…

Жеңгениме эрдемсине, мен дардая жөнөп калам.

Бүгүн да ушуларды ойлоп, бирде ичимден күлүп, бирде заарканып, гезит бөлүштүрүп жаткам. Бөлүштүрүү дегеним азыр оңой эле. Мурда гезиттин башына ар биринин аты-жөнүн жазып, убара боло берчүмүн. Азыр андай эмес. Ар бир үйгө номур гана коюп коём. Бул – менин бул кишинин үйүнөн кийин тиги кишинин үйүнө кирем деген белгим. Муну мага караганда Чабдар жакшы билчү. Эгер номурум туура келбей калса, баспай токтоп калчу. Анан да кайсы бир үйгө келгенде, баспай кетенчиктей берер эле. Эмне болуп кетти деп ойлонгончо болбой, ал үйдөн ажылдап эки-үч ит чыга калчу. Ушу иттерден жаман тажачумун. Менден да Чабдарыма убал эле. Аны такымдап келишчү да, тиштейин дегенсип жүткүнүшкөндө, теминип койсом каңшылаган бойдон кайра качышчу. Буларга эмне болду дегенсип, Чабдарым да аларды элее карап калар эле. Каңшылаган бойдон жөн калбайт да алар. Мойнун созо бүкчүйө отуруп алышып, ажылдап үрө беришчү. Ушу үндөрү жаман тажатар эле. Гезитин берип, кайра кайта берерде артымдан калбай ажылдап асылышканычы…

Мына ушулардын улам бирин ойлоп заарканып гезит бөлүштүрүп жаткам. Аңгыча апам кирди да, атам экөө өзүнчө күжүңдөшө баштады. Мен кулак түрүп калдым.

- Жанагы килейген тыйынды жутуп алыптырбы?!.- деди атам үрөйү уча.

- Анан мен эмнени айтып жатам. Так ошону…

- Кудай урган турбайбы! Бала кайда азыр?..

- Үйүндө эле жүрөт дейт.

- Үйүндө!.. Кудай урган тура, ой, доктурга алып барышпайбы!..

- Алып барышыптыр. Апарышса, биз эмне кыла алмак элек, кыймылдаса өзү эле түшүп калат да дешиптир.

- Өзү түшүп калат! Ой ошол килтейген тыйын кантип түшүп калат? Кайдан түшүп калат!..- Атам титиреп кетти.

- Кайдан болмок эле, заңы менен эле түшүп калат дешиптир. Акмалап заңын карап тургула дешиптир…

- Бу айылда киши өңдүү деле киши калбай калды. Болбосо ушу чычкандай болгон балага кичине көз салып туруш керек эле да. Атаңдын оозун урайын жанагы атасы Жамангул киши деле эмес, мал менен жүрүп мал болуп калган окшойт…

- Чычкандай? – деди апам мыскылдагандай. – Ой, ошол Бердибек, эмне, чычкандайбы, ал деген, – мага колун жаңсай,- тигинден туптуура үч жаш улуу…

- Аны мен деле билем!- Атам апамды кагып салды. –Үч жаш улуу деп… Үч жаш улуу болсо да, ал алигиче… - Сөзүн улай албай калды да, ордунан турду. – Кой, мен эмне отурам, барайын… Киши өңдүү киши деле калбай баратат.

Атам турду да, жөнөп кетти. Кагуу жеп калган апам, ызалана өзүнчө сүйлөнүп кала берди:

- Ооба, киши өңдүү кишиден бир эле сен… Кыйын болсоң, барып…

- Апа, эмне болуптур?- дедим мен, гезит бөлүштүрүүмдү токтото коюп.

- Эмне болмок эле,- деди апам силкине, анан негедир жумшара,- баягы сенин Бердибегиң бир сомдук тыйынды жутуп жибериптир…

- Кантип?- дедим мен чочуп.- Ошонун баарынбы, Ленинди бүт бойдонбу?

- Кайсы Иленинди айтып жатасың, айланайын, бир сомдук тыйынды деп жатса…

- Ошол бир сомдук тыйын бүт бойдон Лениндин башы да.

- Анда ошол… Анысын да кайдан чыгара коюшканын билбейм, башкасы бүтүп калгансып…

Апамдын сөзүнө ичим күйүп кетти.

- Чыгарышат да!..- дедим мен кызаңдай.- Ленин деген биздин, а түгүл бүткүл адамзаттын жол башчысы да. Анан ошол адам жүзгө чыгып жатса… Анан… анан…- Мен мукактанып сүйлөй албай калдым.

- Анысы бар дечи,- деди апам мени  жайкай, бирок тыйын чыгарбай эле…Үндөбөй туруп калды да, - кой, мен да барайынчы, санаам тынбай жатат, алда кандай болуп кетеби – ким билет…

Апам шашылыш чыгып кетти.

Мен жалгыз калдым. Көз алдыма дайыма күлмүңдөп жүргөн Бердибектин элеси тартылды. Туура, ал менден үч жаш улуу болчу. Эки жолу көчпөй калып, үчүнчү жолу биз менен бир класста окуган. Бою узун эле. Класста биринчи эле шокшоюп ошол көзгө илинчү. Эч ким менен урушчу эмес. Жинине тийсең да күлүп эле койчу. Сабакта да жооп берчү эмес. Эжейибиз улам-улам кайталап сурап жатса да, күлүп эле тура берчү. «Отур! Сени эми эмне кылабыз, Жамангулов, айланы кетирип бүттүң го. Эмне, эми дагы көчпөй калганы турасыңбы?!» - дечү эжейибиз акыры тажаганда. Ал дагы эле күлүп койчу. Сабак билбегени менен, кандайдыр бир сүйкүмдүү эле. Эшикке чыкканда биз менен кадимкидей эле сүйлөшүп, чогуу эле ойночу. Анан сабакка келгенде эле… Кайсы класстан экенин билбейм, айтор, кийин биз менен окубай калган.

Жолуккан сайын: «Кандайсың?» - деп колун сунуп, күлүп койчу. Эми ушул Бердибек бир сомдук тыйынды жутуп алган тура. Жана апамдын наалып жатканынын жөнү мындай. Пролетариаттын улуу жол башчысы Лениндин 100 жылдыгына арналган бир сомдук чоң чака тыйын чыгарылган, сырты жалтыраган, Лениндин жүзү түшүрүлгөн керемет тыйын эле. Аны чанда эле көрчүбүз. Мунун башка тыйындардан өзгөчөлүгү – анда Лениндин келбети түшүрүлгөндүгүндө, бөтөнчө жалтырактыгында, анан чоңдугунда жана оордугунда эле. Баса, ал чындыгында тыйын эмес, а кагаз бир сомдукка барабар акча болчу да. Жезденби, же күмүштөнбү, айтор, темирден жасалгандыгы үчүн гана аны тыйын деп отурбаймынбы. Буга чейин мындай бир сомдук тыйын болгон эмес (1,2,3,5,10,20,50 тыйындыктар гана бар болчу), кийин да болгон жок.

Айтор, бул тыйын бир сомдук кимге болбосун сүйкүмдүү көрүнөр эле. Анан ушундай чоң тыйынды Бердибек кантип жутуп ийген? Эми менин да тынчым кете баштады. Бердибек бир сомдук тыйынды эмес, а Лениндин  башынын өзүн жута албай, кыйкылдап, бозоруп-татарып жаткандай  элестетип, титиреп кеттим. Ордумдан ыргып турдум да,  гезиттерди чала бөлүштүргөн бойдон сумкага тыга салып, Чабдар экөөбүз жөнөп калдык.

Биздин айылда бир атанын үч урпагынын балдары жашачу, алар ушуга ылайык өз-өзүнчө жайгашкан эле, ошондуктан өйдөкү, ортоңку жана ылдыйкы айыл болуп үч чакан айылдан турчу. Баса, булардын көрүстөнү да үч башка болчу. Мен таратууну көбүнчө ылдыйкы айылдан баштаар элем. Бул жолу да шыдыр эле ылдыйкы айылдан баштадым. Ортоңку айыл менен ылдыйкы айылды кичинекей суу бөлүп турчу, ушул суудан өтө бергенде эле, алдымдан топ аялдын келатканын көрдүм. «Булар кайда баратышат болду экен?» - деп ойлоп койдум. Аңгыча эле бирөөнүн шаңк эткени угулду:

- Ой, ырас болбодубу, эй, почточу бала, бери келчи айланайын…

Мен атымдын башын бурдум.

- Айтчы, айланайын,- деди ал,- деги эмне болуптур?..

Баары тең мени үрпөйө тиктеп калышты.

- Эмне эмне болуптур?- дедим таңдана. – Эчтеке…

- Кандай эчтеке, айланайын! – деди тиги ого бетер үрпөйө. – Ой, тиги Бердибек тыйын жутуп…

Муну толук сүйлөтпөй, кимдир бирөө кепти үзүп кетти:

- Анын баарын жебиреп эмне кыласың, жеңе, ушу чычкандай болгон бала эмнени билмек эле?

Негедир бул сөз мага катуу тийди.

- Билем!..- дедим мен ызалана. - Жутуп алыптыр, азыр эле атам менен апам кетишти…  -Өзүмчө ызырына шыбырадым – Чычкандай!..

- Айтпадым беле!..- деди биринчи аял баарын тегерете карап. – Жана эле айтпадым беле… Эгер Молдокемдин (атамды ушинтип тергешчү) өзү кеткен болсо, анда…

Сөзүн уланткысы келбей, калгандарына «жүргүлө!» дегендей башын жаңсай жөнөп калды. Мен артынан узата карап турдум да, анан «чычкандай!..» - деп биресе арданып, биресе күлкүм келип шыбырап алып, атымдын оозун бурдум. Сыртынан билинбегени менен, ичимден мени бир нерсе кыжалат кылып жаткансыды, оюм бир жерге токтобой, өзүнчө эле бир будуң-чаң түшүп жаткансыйт. Ушинтип туталанып жатып, айылдын четине келип калганымды өзүм да туйбай калыптырмын. Муну мени үрпөйө тиктешкен эки кыздан улам билдим. Ылдыйкы айыл чети ушул эки кыз менен бүтөт.

Ушул жерде мен үчүн сырдуу эки үй бар. Ыйманалы менен Курманалы аталардын үйлөрү. Экөөнүн тең сакалдарын ак аралап калган, жаштары канчада экенин билбейм. Ыйманалы − кичине чатагыраак киши. Гезиттерди үзбөй окуйт, эгер бир эле саны кемип калса, чоң чуу чыгарат. «Мектебиңе чейин барам!..- деп мени бир жолу катуу жекирген. − Түз эле деректириңе кирем. Кирем да, «деги силер кимди өстүрүп жатасыңар!..» - деп айтам». Ошондон кийин гезитти бул кишинин өз колуна берчү болгом. Бир жакшы жери – көп күттүрчү эмес. Үнүңдү угары менен, өзү эле атып чыкчу. Экинчи − үй Курманалы аксакалдыкы, ал гезитке жазылган эмес. Менимче, эчтеке окубаса деле керек. Байбичесинин көзү эчак эле өтүп кетиптир. Тиги эки кыздын апасы экинчи аялы болот. Ушу аялы − кызык киши. Кыздары мектепте окушат, анан аларды айрым чечектер кодулай беришер эле: «Силердин атаңар канчада, ыя, миңге чыкса керек, бөкчөйүп, сакалы аппак болуп… Силердин апаңар токол турбайбы ээ?..»  Анан кыздары: «Атаң карыган деп шылдыңдап жатышат!..» - деп үйгө ыйлап келишет да. Токол эмне экенин кодулаган балдар да,  кодуланган кыздар да билишпесе керек, ошондуктан  кыздар  бул тууралуу арызданышчу эмес көрүнөт. (Чындыгында, балдарды да түшүнсө болот да, чын эле, кичинекей эле кыздардын атасы аппак сакал болуп бөкчөйүп турса, ким болбосун таң калат да!..) Кыздарынын датын угары менен, жоолугун чала салынып алып, тигилердин апасы жөнөп калат. Кызык, ал арданткан балдарды гана эмес, а жолдо жолуккандардын баары менен салгылашып чыкчу. “Сенин балдарың эмнени кыйратып жибериптир!..- дечү ызырына. – Кыздарымдын атасына асылгандын балакетин алабы, ыя! Көрөм аларды, кийин бөкчөйбөгөнүн, бөкчөйбөйсүңөр, силер, бүкчүйүп каласыңар!..» Буга элдин баары көнүп бүткөн. «Ой, сенин тилиң,- дешчү баш чайкашып,- тилиң тил эмес эле, уу го, жеңе!..”

Ошентсе да анын карааны көрүнгөндө эле, айрымдары жылт коюшчу. Айрымдары эмне дээр экен дешкенсип, атайы күтүп турушчу. Ал эми кичинекей балдар топурап артынан ээрчип алышар эле. Бирок ал канчалык алкылдап урушпасын, баары бир аны айылдагылар сыйлап турушчу. Аны менен акыйнек айтышып урушуп жаткан бирөөнү да учураткан жокмун. Мен буга ушунчалык таң калчумун. «Жеңемдин (Ыйманалынын байбичесин баары ушинтип тергешчү) кетип калганы да ырас болуптур, ыйманы саламат болсун, алтын киши эмес беле,- деп апалардын өздөрүнчө сүйлөшүп жатышканын мен далай жолу угуп калдым, - болбосо акем таптакыр тукумсуз калмак экен. Кыз да болсо…” Азыр ойлоп калам, Ыйманалы аксакалга эки кызды төрөп берип, тукумун үзбөгөнү үчүн аны урматтап, анын ачуу жемелеринин баарын көтөрүшчү тура  деп.

Ушу эки кыз бир кызык кыздар эле да. Мени эле күтүп отурушкансып, дайыма мен барганда эшигинин астында ойноп жатышкан болот. Кийимдери жупуну болгону менен, жылдыздуу кыздар болчу. Муну бир көргөндө эле сезчүсүң. Өздөрүн деле бир жолу эле карап калууга үлгүрчүсүң, анткени балдар кодулай берип, жедеп корунтуп салышканбы, алар бир жолу карагандан кийин эле жүздөрүн ала качып, сени түк карашчу эмес. Сени менен таптакыр иши жоктой, бул дүйнөдө экөө гана калгандай, өздөрүнчө күжүңдөшө үн чыгарбай ойной беришчү. Ошондуктан аларды биринчи жолу көргөн киши сөзсүз дудук болушса керек деп ойломок. Мына, мен алар менен канча жолу бетме-бет келишпедим дейсиң, гезит тараткан сайын кездешчүмүн. Бирок бир жолу да сүйлөгөнүн уккан жокмун. Чабдар экөөбүздү көргөндө селт эте тикирее бир карап алышчу да, жүздөрүн буруп кетишчү. Кээде мен:

- Эй, гезит керекпи? – дечүмүн аларга. - Мегиле, алгыла…

Алар жер караган кейпинде баштарын ийкешчү да, мен сунган гезитти алып, ары жүгүрүп кетишчү. Мен аларга «эй!» деп кайрылар элем, анткени аттарын билчү эмесмин. Адаттагыдай эле бүгүн да ушундай болот экен деп ойлоп келдим. Экөө туруптур, аларды көргөндө эле «аа, баягылар тура…» дегендей көңүл деле бургум келбей калды… Курманалынын эшигине келдим да:

- Гезит!.. Гезитиңерди алгыла!- деп кыйкыра баштадым.

- Алар жок…Кетишкен…- деген үн алсыз чыкты аңгыча каптал жагымдан.

Карай салсам - баягы экөө турат. Чабдардын үстүнөн учуп кете жаздадым.

- Кай-да?..- дедим мен.

- Тыйынга…

- Тыйынга…Эмне тыйын?

- Тыйын жутуп алган турбайбы…Ошого…

- Аа…

Эңги-деңги  абалда Чабдардын оозун бурдум. Бура бергенде:

- Өлүп калбайбы?..- деген үн чыкты.

Баягы экөө үрпөйүп мени карап турушат.

- Өлбөйт!..- дедим мен жиним келгендей. - Ким айтты!.. Ары-бери жүгүрсө эле, өзү түшүп калат…

Экөө кубангандай, бир-бирин карашты да, үндөбөй ары жүгүрүп кетишти.

Мен кыйлага чейин өзүмдү токтото албай, эңги-деңги абалда жүрдүм. Экөөнө тил бүтүшү, үрпөйө карашы, чын эле, мени бир топ шалдайтып койду окшойт. Ушундай абалда айылдын астындагы конторду көздөй чу койдум. Контордо, негизинен, актив чалыштар болушар эле.

Актив чалыштар дегеним – клуб башчысы, эсепчи, инженер, кампачылар. Алыстан эле илмийген эки караанды көзүм чалды, шыдыр эле тааныдым – булар клуб башчысы менен эсепчи эле, топурактарын бир жерден алгансып, экөө тең арык болчу. Алар колдорун силкилдетишип, бир нерсени талашып жатышкансыйт. Аңгыча олбурлуу бир киши келип, алардын жанына туруп калды. Бул кампачы эле. Жакындай бергенде эле, алардын бакылдаган үндөрү угула баштады.

- Койчу, айланайын,- деди эсепчи,- түшкө кирбеген жорукту айтпай, тыйының кагаз болсо да эмне болуптур. Ал алкымдан кантип өтүп кетмек эле…

- Сопсонун эле өтүп кетиптир, ой, жутуп алыптыр деп атышпайбы баары эле…

- Ошо баары былжырашат…

Мен жете келдим да, же саламдашарымды, же гезиттерин береримди билбей, туруп калдым.

- Мына, - деди эсепчи, мени көрүп сүйүнө,- өзү келбедиби. Эмне, чын эле тыйынды жутуп жибериптирби?..

- Ооба… Атам менен апам кетишти. Баары эле ошол жакка баратышат.

Эсепчи жеңилгенине кичине сына түшкөнсүдү:

- Анда чатак болгон экен…- деди өкүнгөндөй башын чайкай.

- Эч бир чатак-матак болбойт,- деди клуб башчы жеңгенине эрдемсий,- ашказанга жетсе эле, өзү эле эрип кетет…

- Кандайча эрип кетет?

- Жөн эле… Ой, адамдын ашказаны темириңди да, ташыңды да эритип салат. Жүрбөйбү тиги чет өлкөдө деле далайлар, мелдешип от жуткандар, темир жуткандар… Өлсө, ошолор өлөт эле го…

- Алар эми, башка да…

- Кандайча башка?.. Алар деле экөөбүздөй эле кишилер.

- Ошентсе да… - Негедир ызалана кетти.- Сен, эмне, чет өлкөгө барып, темир жуткандарды өз көзүң менен көрүп келдиң беле? Эч жакка чыкпай эле, ушул жерде эле жүрөсүң го, катыныңдын этегине эрмешип…

- Ой, четке чыкпасам да, мен деген бирдеме окуйм да. Гезиттерди үзбөй окуйм да. Сендей эле үңкүйүп отурат дейсиңби чот кагып. Кантип бирөөнүн бирдемесин кытып алсам деп… Ошол гезиттерде темир менен от жуткандар…

- Ошол гезит экөөңөр бок жепсиңер!..- деди эсепчи ого бетер ызалана, тигини толук сүйлөйтпөй.

- Бок жесек, тыйын ашказанга барат да, аны чиритип, Бердибегиңди өлтүрөт!.. Санааң тындыбы эми!..

- Эмне деп эле дөөдүрөп жатасыңар!.. – деди кампачы чыдай албай кепке аралашып.- Жанатан бери угуп отурсам, ой-тоону айтып дөөдүрөйсүңөр. Андан көрө баланын аманчылыгын тилебейсиңерби!..- Тигилерди таңдана карап турган мага кайрыла кетти. - Келе, айланайын, гезит алып келдиң беле?

Мен башымды ийкеп, ар бирине гезиттерин карматтым да, эмне кылайын дегендей туруп калдым.

- Жолуңдан калбай, бара бер, айланайын,- деди кампачы ичи жылыгандай.

Мен бастырып кеттим. Жанатан бери анча элес албай келатсам, эми мени, негедир, коркунуч каптап келаткансыды. Өзгөчө «өлтүрөт!» деген сөз жүрөгүмө сайылып калгандай болду. Өз оюмдан качкандай, Чабдарга камчы бастым. Өйдөгү айылга кире бергенде, берини көздөй  келаткан жоон топ аялды көрдүм. Арасында бирин-серин эркектер да жүрөт. Чабдарга кайрадан камчы бастым да, алардын жанынан шуу этип өтүп кеттим. Кыйла узаган соң артка кылчайсам, алар Бердибектин үйүнө бурулуп баратышыптыр. «Кызык,- деп ойлоп койдум өзүмчө,- булар эмне кылышат?..»

Чабдар экөөбүз бу айылдыкын да бат эле таратып бүттүк окшойт. Сумкамды карасам бир эле гезит калыптыр. Бирок баарысы бир тең, анан ушул гезит бир тең эле. Анткени аны жеткирүү үчүн айылдан эки чакырымча алыс жайгашкан Баяман тегирменчинин үйүнө барышың керек, гезит - ушул тегирменчинин уулу Карыптыкы. Айла жок, барышың керек. Мына, баратам. Бараткан сайын өзүмчө сурап коём: «Жарыктык киши үйүн эмне мынча алыс салды экен? Тегирмен үчүн ганабы, же?..» Атамдан сурайм деп келип эле, гезит таратып бүткөн соң, эсимден чыгып кетет. Бактыга жараша, ушул суроо мендеги коркунуч сезимин басып салгансыды. Анын үстүнө кичине ээнсирей түшкөндө, жеңилдегендей болуп калдым.

Баса, айылдан кичине четтей бергендеги үйдү унутуп бараткан турбаймынбы. Бул – Төлөбай атаныкы. Мунун да сакалын ак аралаган, бирок балдары жаш. Төлөбайдын токолунан дешет. «Баары эле токол ала бергенби?» - деп сурасам, атам: «Ээ, балам, башка түшсө байтал жорго дейт, уулу аялдарынын согончогу канабаса, эмне кылат анан, ким болбосун артынан туягым калса деп жанталашат да…» - деп кичине нааразы болуп койгон мага. Эми ушу Төлөбайдын экинчиби же үчүнчүбү класстан окуган бир баласы бар. Бул да мени аңдып отургандардын бирине кирет. Үйлөрүндө телевизор деле жок болсо керек, анда эки-үч кишинин эле үйүндө телевизор бар эмес беле. Бирок эмне экенин билбейм, бул баланын күткөнү эле – телевизордун программасы. (Анда программа гезитке жарыяланып турар эле.) Мени көрөрү менен эле, эдиреңдеп жүгүрүп келет да:

- Эй, бир траграмма берип койчу…- дейт жалдырай.

Траграмма эмес, программа деш керектигин канча жолу эскертпедим дейсиң, бирок баары бир траграмма дей берет, акыры мен да тим болдум.

Азыр жалдырап  турса да бир да жолу программа берип койбогонума өкүнөм, кадимкидей ичим күйөт, ушуну эстегенде эле мени жалдырай караганы көз алдыма тартыла калат десең... Анан андай гезиттер саналуу экендигин, бирөөнүкүн эле бербей койсоң, чоң чуу чыгармагын эстеп, өзүмдү өзүм жооткотуп коём. Кызык, эми ойлосом, эл программасы бар гезитти ушунчалык зарыгып күтүшөр эле, үйүндө телевизору жок болушса да, анда эмне болорун билишип, ошого көңүлдөрү тоюп калышчу окшойт. Мен программа тууралуу ойго катуу батып кеткен  көрүнөм − баягы баланы байкабай өтүп бараткан экенмин.

- Эй! – деген үн чыкты артымдан.

Артка кылчайсам, баягы бала турат. Негедир үрпөйүңкү.

- Трограмма жок!- дедим мен жактыра бербегендей.

- Чычса эле чыгып кетеби?- деди ал, менин сөзүмө көңүл бурбагандай.

Мен корккондой селт эттим.

- Эмне?!

- Тиги... Тыйынчы. Жүгүрүп келип, чычып ийсе эле, түшүп калабы?

Эмнени айтып жатканын эми араң түшүнүп, эмне дээримди билбей, буйдала түштүм да:

- Ооба!.. –дедим негедир чечкиндүү.

Өз жообума өзүм таңданып турдум.

- Аа...

Ал санаасы тынгандай, үйүн көздөй жүгүрүп кетти.

Мени кайрадан коркунуч каптап келаткансыды. Мага бул дүйнө жалгыз гана Бердибектен куралгандай сезилип туруп алды. Бул болсо коркунучту ого бетер күчөтүп жиберди көрүнөт. Мен кандай да болбосун, бир нерсе менен өзүмдү алаксыткым келди. Тигини эстедим, муну ойлодум − таптакыр болбоду,  акыры атам экөөбүздүн жакында эле болгон кайым айтышуубуз эсиме түшүп, жеңилдей түшкөнсүдүм. Ал кайым айтышуубуз менин ичимде азыркыга чейин уланып келет, сыягы, улана берет көрүнөт. «Ата, Ыйманалы атанын аялын эмне үчүн аял дебей, токол дейт»,- деп сурап калдым, балдар кодулай берген эки кызына боорум ооругандай. Атам негедир кызаңдай кетти: «Ой, токол болсо токол дейт да, биринчи аялы болбосо, экинчи аялы болсо. Анан...» − «Биринчи аялы өлүп калган болсо,- дедим мен, түшүнө бербей,- анда бир эле азыркы аялы калып жатпайбы. Ошондо бир эле аялы калган да. Анда ал эмне үчүн  токол болот?»

Атам эмне деп жатасың дегендей суроолуу карады да, анан менин суроомду түшүнүп жылмая эрдин кымтып, башын акырын чайкагылай, сөздү башкага буруп, токол алгандарды актап кирди: «Алар, эмне, жыргаганынан алды дейсиңби, эки эмес бир катынын бага албай жүрүшүп... Мына Ыйманалынын биринчи аялы өлүп калды, жаркылдаган жакшы жан эле, бир гана айыбы − согончогу канабагандыгы, ыйманы саламат болсун шордуунун,- ичинен бирдемелерди кобурап, бата кылып койду,- анан  албаганда, эмне кылат? А Төлөбайдыкы болсо, биринчиси бирди төрөп эле, төрөтү токтоп калды, анан...» - «Токтогону эмне, ата?»- «Токтогону! -деди атам негедир дагы кызаңдай,- мындан ары төрөй албай калганы!..» Бирок мени бул кызыктырчу эмес, мени бир эле аялы болсо да, аны эмне үчүн токол дегени таң калтырчу.

«Мына,- дедим мен кайрадан,- Ыйманалы атанын эки эмес, бир эле аялы бар да, анда аны эмне үчүн токол дейт?»- «Ой, токол болсо токол дейт да!... – Атам кадимкидей ачууланып кирди.- Экинчи аялы болсо...»−«Кандайча экинчи,- дедим кайрадан таңдана,- биринчи аялы өлүп калса, жок болсо, бир эле аялы калып жатпайбы!...» Атам үндөбөй ойлонуп калды да: «Чын эле, − деди чочугандай, селт этип. – Чын эле, бир эле аялы калды да,  анан...- Мага карап, сурангандай: - Мээмди айлантып салдың, балам, а десин, бу десин, экөөнүкү тең акжолтой болушту - бала төрөп беришти. Ыймакем эки күндүн биринде эле кемшиңдеп ыйлап калчу, ушинтип менден тукум калбай калабы деп... Төлөбай болсо турган жеринен эле жер сабап калчу, Капашым жалгыз болуп калмай болду деп... Мына эми экөө тең...» Атамдын сөздү башкага буруп кеткени мени кадимкидей ардантты, мен да кандайдыр бир өч алгым келип кетти. «Анда,- дедим,- анда эмне үчүн Төлөбайды түрмөгө каматкан жок?»- «Эмне дейсиң!... Түрмөгө... А эмне үчүн камашы керек?» - «Кандай эмне үчүн? Эки аял алып жатпайбы, Курманбай атаны эки аял алгандыгы үчүн түрмөгө жатып чыккан деп жүрүшпөйбү!..» - «Ошо Курманбай жерге кирсин, өзүнүн жамандыгынан түрмөгө түшүп жүрбөйбү!.. Болбосо... Закүндү билиш керек болчу. Мына Төлөбай эр экен, эки катын алганын өкүмөткө бир да шек алдырган жок. Айылдан, элден айланса болот, балам, өкүмөттөн бирөө келип: «Төлөбай аксакалдын эки аялы барбы, жашырбагыла, закүн алдына жооп берип каласыңар!..»- деп түтүнмө-түтүн кыдырып, зекип, коркутуп чыкты го. Ошондо бирөө да айгак чыкпады, кайра: «Кайдагы жок нерсени айтасың да!..» - деп өзүн кекетип, жигин билгизишкен жок...

Кийин закүн өзгөрдүбү, же өкүмөттүн шайы кетип калдыбы, айтор, кимдин канча аял алганы менен иши деле жок болуп калды окшойт. – Ойлоно калып, ыраазы болгондой жылмайып.- Түрмөгө жатып чыкса да, Курманбай туура эле кылыптыр. Карабайсыңбы, жанагы кара жаак байбичеси,- желпилдеп сүйлөгөндөн башка колунан бок келбейт атаңдын оозун урайындын,- болгону бирди гана төрөдү да, токтоп калды. А токолу тогуздубу же ондубу төрөп берди эле, Курманбай жер баспай эле калды...»

Атам «көрдүңбү!» дегендей мени кудуңдай карап алып, ойлуу туруп калды. Ушул маалда ал мага негедир аянычтуу көрүнүп кетти. «Ата,- дедим мен жаракөрлөнө, аны алаксыткым келип,- А тиги Тыныбектин экинчи аялын деле токол дебей эле, аялы айтып жүрүшпөйбү...» - «Ошол Тыныбегиң кара жерге кирсин, жаркылдаган, алмончоктой болгон, эки бала төрөп берген аялын кетирип... – Кайра Тыныбекти актай кетти. – Кийинки аялы деле жаман эместей көрүнөт, угушума караганда, үч бала төрөп бериптир, ошондо мурунку балдары менен Тыныбектин беш баласы болот да, ээ...− Атам мени карап койду да, башын ийкегилеп, өзүнчө эле күбүрөнө баштады. «Ошондо,- дедим мен кубангандай кыйкырып, атамды селт эттире.- Тыныбек деле эки аял алып жатпайбы, анан эмне үчүн экинчи аялын токол дебей, аял дешет?»

Атам мени олурая бир карап алды да, ачуулана: «Ой, биринчи аялы тирүү да азыр, төркүнүнө эле кетип калды. А тиги Ыймакеңдики өлүп калган да...»- «Мен да ошону айтып жатам. Кетип калса да, тирүү да. Анда Керимбектин экинчи аялын токол деш керек эле да...» -  «Сенин, эмне, токолдон бөлөк сөзүң жокпу?! – Атам кайрадан кызаңдай кетти.- Токол... Токол... Деги мунун сага эмне кереги бар?!. – Катуу кеткенин туя калып. –Бирдеме болсо эле, аялы, токолу дейсиң. Сага эмне, эл эмне дешсе да, ошо дей бер да: токолу десе токолу де, аялы дешсе − аялы де... Анын үстүнө үчтү төрөп берип жатса...»

Ушинтип биздин талашыбыз аягына чыкпай калган. Азыр ушуларды эстеп, дагы эле ал суроомду чече албай, оюм чаташып кыйналып, кайра туруп эле күлүп келатып, өзүмдөн өзүм эле дагы бир туңгуюкка кептелип калгандай болдум: «Чын эле,- дедим, өзүмчө сүйлөнүп, - токолдон бөлөк сөзүм жокпу, мага анын эмне кереги бар, бул сөз мага кайдан жүрүп жабышып калган?» (Кызык, бул сөз менин көкүрөгүмдө биротоло уюп калган окшойт, азыр да ал сөз мага өтө сырдуудай, а түгүл сөз эмес эле, кандайдыр бир тирүү жандыктай туюла берет.) Таңдана башымды чайкадым, бирок көп өтпөй эле  мындан да сырдуу дагы бир туңгуюкка кабылдым: «Эмне үчүн атам дайым эле: «Ал мынча бала төрөп бербедиби»- дей берет...»

Дал ушул маалда Чабдар да ойдон чарчагандай, башын сол жакты көздөй шарт бурду. (Байкуш Чабдарым аа, эгер айбанаттардын да бейиши менен тозогу болсо, азыр сен бейиштин төрүндө отурсаң керек!..) Селт эте башымды көтөрсөм, Баяман атанын үйүнө келип калыптырбыз. Негедир сүйүнүп кеттим. Короого кире бергенде эле, бир нерсе талашып, чукчуңдашып жатышкан Керимкул ата менен анын байбичесине жолуктум.

- Мына, өзү да келди,- деди байбичеси мага  колун жаңсай. – Бул бала бүт айылды кыдырып келди, ишенбесең өзүнөн сурасаң...

- Эмне, айланайын,- деди Керикул ата мага кайрылып, - чын эле доктурлар айтышыптырбы, ары-бери жүгүрсө, өзү эле түшүп калат деп...

Мен эмнени айтып жатканын шыдыр эле түшүндүм.

- Ооба,- дедим.  – Ошентип айтышыптыр доктурлар. Апам айтты.

- Көрдүңбү,-деди байбичеси,- сен болсо барам деп жулунасың. Сен барганда эле, эмне...- Мага даттангандай...- Караңгы киргенче буудайды тарттырып бүтүп алалы десем,  өзү деле бир кап эле калган, бул айламды алты кетирип жатат, тиякта бирөө өлүм алдында жатса, сенин буудайыңдын кимге кереги бар деп, жамандыкты ойлоп, бул эмне килтейген доктур Шекеден кыйынбы..? Бул барганда эле ...

- Болду эми! – деди Керимкул ата толук сүйлөтпөй.- Дайын жок дөөдүрөй бербей. Жамандыкты ойлоп деп...атандын оозун урайын десе, саа ун эле керек да, ээ. Жүрү анда...

Силкинип тегирменди көздөй басты. Байбичеси жазганат окшойт, үндөбөстөн акырын артынан ээрчиди.

Эки жакка абай салсам, Баяман ата эки колун артына алып, бирдеме издеп жаткандай арыкты тикчие тиктеп, суу башында туруптур. Ит келдиби, куш келдиби - бул кишиге баары бир эле, эч ким менен сүйлөшчү эмес. Аңдыганы эле тегирменинин барасы болчу. Тегирмендин барасынан көз алчу эмес. Дайыма тикчие тиктеп турчу, анан ошол барасынан бир мандемди байкап калса, ошондо гана бир нерсе деп үн катып, ордунан шып ыргып тура эки колун артына алып, суу башын көздөй желип жөнөчү. Тигине, азыр да суу башында турбайбы тикчие карап, сыягы, барасынан бир мандемди байкаган көрүнөт. Чын эле, бул киши үчүн бул жарык дүйнө, бүткүл жашоо өзүнүн тегирмени гана болчу, тегирмени иштеп, барасы туура айланып турса, ага жашоо да өз нугунда өтүп жаткандай туюлчу. Мен ушуларды ойлоп, ичимден бир жылмайып алдым да, гезитти колуна бериштин кереги деле жок деп чечтим. Гезитти эшик алдындагы тактайлардын үстүнө ыргытып коюп, Чабдардын оозун бурдум.

Жолдо келатканда эмнелерди ойлогонум азыр эсимде жок, бирок ичимде айылдагыдай эле бир дүрбөлөң болуп жатканын, ошол дүрбөлөң бир туруп коркунуч жаратса, бир туруп жүрөгүмдө кандайдыр жылуулук уялай баштаганын туюп турдум.

Ушундан көп өтпөй эле атам почточулуктан түшүп калды, мен болсо гезит таратпай калдым. Атамды билбейм, буга мен биресе ичим күйсө, биресе жеңилдей түшкөнсүдүм. Бердибек өлгөн-житкен деле жок, баягыдай эле күлмүңдөп арабызда  жүрдү. Мага жолуккан сайын адаттагысындай эле: “Кандайсың?..” - деп күлүп койчу. “Жакшымын...”- деп мен жылмайчумун. Бирок бир да жолу тыйын кантип түшкөнүн батынып сурай калган жокмун. Сыягы, тартынсам керек, кантсе да менден үч жаш улуу эмес беле.

Кийин чоң окууда окуп, шаарда калып иштеп, айылга анда-санда гана каттап калдым. Бир жолу барганымда көмкөгө нан жаап жаткан апалар Бердибек тууралуу сүйлөшүп жатканын кулагым чалып калды.

- Багыңа жараша, аялынын тыңдыгын айт, бир айылдын ишин былк этпей көтөрүп кетет го...

- Удаа-удаа үч эркекти төрөп бергенин айтпайсыңбы, кудайдын да көзү бар экен да көрсө...

Буларды угуп отуруп, менин таң калганымды айтпа. Мен негедир Бердибек таптакыр аял албайт ко деп ойлочумун, аял алганын таптакыр элестете алчу эмесмин. Эмне үчүн минтчүмүн, муну өзүм да билбейм. А бүгүн болсо эмне үчүн ушинтип ойлогонума таңданып отурам. Бердибек колхоздун чабыр койлорун багып, жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо болуп, айылга көп деле аралаша албай жүрдү окшойт. Ошондой күндөрдүн биринде айылдан Бердибекке капысынан жолугуп калдым. Жанымда Болотбек деген туугандарым да бар эле. Баягы шокшойгон Бердибек жок, эки бети тамылжып толуп алыптыр. Анан да ачылып алганын карасаң.

- Кандай, классташ?..- деди жадырай күлүп.

Мен жооп кайтара албай, буйдала түштүм. Анткени ал мага өмүрү классташ деп кайрылчу эмес, а түгүл мен ал бул сөздү таптакыр билбейт ко деп ойлочумун.

- Жакшы!.. - дедим кыйладан кийин эсиме келгендей.- Өзүңчү?

- Көрүп турбайсыңбы!- Ал  эки колунун булчуңун түйө каткыра кетти.

- О-оо!..

- Жолуккандардын баарын эле,- деди  аңгыча Болотбек биздин сөзүбүздү үзүп,- классташ дейсиң, деги сенин канча классташың бар, ыя?

- Баары эле менин классташтарым.- Бердибек кайрадан жадырай күлдү.- Төрт  жылы катары менен көчпөй калсаң, баары эле классташ болуп калат окшойт...

- Айланайын кудай, менден башка киши укпасын, ой, чын эле, төрт жылы катары мененби?!.

- Ананчы...

Бердибек каткырган бойдон биз менен коштошуп, ары басып кеткен.

- Деги бул санаганды билеби, ыя?- деди Болотбек башын чайкап, Бердибекти аягандай.

Мен ийинимди куушурдум да:

- Толуп, жакшы болуп калыптыр,- дедим сөздү башкага буруп.

- Толбой эмне болуптур...- Болотбек негедир туталана кетти. – Бирөөдөн да жаман сөз укпаса...Кокус бирдеме суранып калсаң, өз ишин токтото салып, сеникин жасап кирет. Өзүнүкүн жасап жаткансып, майын чыгара бүтүрүп берет десең... Анан буга  кыныгып алгандар бирдеме болсо эле, Бердике деп буга жөнөшөт. Үйүндө деле көп болбойт, ар кимдикине эле жардам  берип жүргөнүн көрөсүң... Чабыр багып кеткенден бери кичине жаны жай алып калды окшойт, болбосо...- Эсине бирдеме түшкөндөй тык токтоду да, анан таңдана.- Мындай карасаң, эчтеке ойлонбой, жөлжүрөп араң эле жүргөнсүйт, анан аялын кантип башкарып алганын билбейм, аялы тим эле эки көзү менен чарк айланып турат экен...

Мен да таң калымыш болуп, башымды чайкадым окшойт. Ушул маалда менин көз алдыма баягы биз менен бирге окуган кездеги күлмүңдөгөн, негедир сүйкүмдүү көрүнгөн Бердибектин элеси тартыла калгансыды. Сырты өзгөргөнү менен, ичи баягыдай эле калгандай. Баягыдай эле кандайдыр бир нур чачып тургандай...

Тагдырды болжоп болбойт экен го, атаганат. Мындан үч-төрт жыл мурун  айылдан агаларым келип калыптыр. Ал-акыбалды сурашкан соң:

- Баягы Бердибек байкуш жардан учуп өлдү!..- деди үшкүрүнө, атайы эле мага кабарга келгендей.

- Ыя?!- Мен ойлонуп-ойлонбой нес болуп туруп калдым, ушул учурда бала кезимдеги айылымды бир чарк айланып келгендей болдум окшойт. Анан эмне экенин өзүм да билбейм, негедир, - Тыйын!..- деп кыйкырып жибергенсидим.

- Эмне тыйын?!.- Агам элее тиктеп калды.

- Билесиңби, - дедим мен оңтойсуздана, - бир сомдук тыйынды жутуп албады беле.

- Билбей анан... Аны ким билбейт дейсиң?..

- Жардан учуп дейсиңби?.. Кандайча?..

- Эч ким деле ырыстуу билбейт... - Агам кайрадан үшкүрүндү. – А түгүл өзү менен чогуу жаткан аялы да, балдары да... Мас дейин десең − ал байкуш ичип деле кыйратчу эмес. Анан эмне балакет болгонун билбейм, түн ортосунда эшикке чыгып келейин деп ордунан туруп кетиптир... Үйүнөн он-он  беш кадам ары жагы жар болчу. Күн сайын бир эмес, миң жолу көрүп эле жүргөн жар, аны Бердибек көзгө сайса көрүнгүс караңгыда деле көрмөк... Анан эмне шайтан айдап барганын билбейм... Таң заардан туруп, карашса эле жар алдында жатат дейт кызыл жаян болуп... Ажалың жетсе ушул экен да, качан өлөсүң, кантип өлөсүң... - Агам өзүнчө дагы бирдемелерди булдуруктады да, үнү кардыга. - Аркы жумада жерге бердик шордууну...

- Кандайча жерге бердик?!. Текшертпейсиңерби!..

- Ой, эмнесин текшертесиң?!. Киши колдуу болду дейин десең, ал шордуу кумурскага да зыяны жок эмес беле... Анын үстүнө ошо жар башында өздөрү эле турушчу, тегерек-четинде эч ким жашачу эмес. Анан түн ортосунда Бердибекти өлтүрмөкмүн деп, ат башындай алтын берсең да эч ким  келмек эмес...- Агам кайрадан булдуруктай кетти.- Ажалың жетсе ушул экен да, качан өлөсүң, кантип өлөсүң...

Мен үндөбөдүм. Адам дегениң ушул экен да: бара-бара өлүмгө деле көнүп бүтөт окшойсуң, аны жашоодогу кадимки, кадыресе көндүм көрүнүш (!) катары карап калат өңдөнөсүң. Бердибектин өтүп кеткенине жүрөгүм бир тыз этип алды дечи,  бирок анын ошол бир сомдук тыйынды кимден кантип алганын, кандайча жутуп жибергенин, анан ошол тыйын кантип түшүп калганын бир жолу да сурай албай калганыма  ушунчалык өкүнүп турдум, ичим туз куйгандай ачышты. Эмне экенин билбейм, мага сырдын баары ошол бир сомдукту жутуп алгандыкта катылып жаткандай, мени ушул окуя гана айылыма байлап тургандай туюлуп кетти.  

Азыр ойлосом, ошол күн менин өмүрүмдөгү эң узун күн болгон окшойт, эртерээк бүтсөм экен деп Чабдарга улам-улам камчы басканым күнү бүгүнкүдөй эсимде, бирок ошенткен сайын күн созула бергендей, таптакыр бүтпөчүдөй туюлган, а түгүл кээде азыркыга чейин созулуп жаткандай туюлуп кетет. Мени байлап алган деп ушул үчүн айтып  жатсам керек... Ушинтип эңгиреп ойго батып турган маалда баягында Болотбектин Бердибекке чын дилинен таңданганы кулагыма жаңыргансыды:

- Кудая тобо, ушундай да жан болот экен ээ, эч кимге зыян кыла албаган!..

Бул таң калуу мени бир селт эттирип алды:

- Эч зыян кыла албагандыктын өзү зыян эмеспи?!

Азыр да жамандык, жакшылыкта айылга каттап калам. Жабыла тосуп деле чыгышпайт. Өзүм болсо шыдыр эле тоолорду, сууларды карайм. Тоолордун баягыдай эле былк этпей турганына, суулардын баягыдай эле шаркырап агып жатканына сүйүнөм. Айылга көп деле кармалбайсың, ар кимдин өз тирлиги бар.  Менин келип-кеткеними өзүм үйүнө кирип-чыккан эки-үч киши эле билип калышпаса, калгандарынын эч бир иши жоктой, а түгүл бир-бири менен  сүйлөшүүгө да  чололору тийбегендей, ар кимиси өз-өздөрүнчө эле тытынып  жатышкандай...

Айылыма дагы далай каттаармын. Баягы суулар баягыдай эле агып турар, баягы тоолор баягыдай эле былк этпей турушар. Бирок баягы эл жок сыяктуу. Же баягы мен жокмунбу?

Ал эми түшүмдө болсо дагы эле жабыла тосуп чыгышар. Бирок бетме-бет келгенде эле − бейтааныш тааныштар!.. Ошолордун арасында баягы айылымдын эң акыркыларынын бири болуп шордуу Бердибек да турар...

Жүрөк сыздайт...

26.ХII.18− 07.02.2019  Саат эртен мененки  07:23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз