Эрнест Хемингуэй: Френсис Макомбердин кыска бактылуу жашоосу

АҢГЕМЕ

Нанүштө кылар учур келди, калбаат түр көрсөтүп, тамак иччү кош кабат жашыл кендир бастырманын астында чогуу олтурушат.

– Сизге лимон ширесин куяйынбы же лимонад ичесизби? – Макомбер сурады.

– Коктейлден таткым келип турат, – Роберт Уилсон жооп берди.

– Мага дагы коктейль. Кычкыл ичкиси келет экен кишинин, – деди Макомбердин жубайы.

– Менимче эӊ сонун болот, – Макомбер макул болду. – Ага айтчы, үч коктейл жасасын.

Ашпозчу бала ишке киришип, чатырды көлөкө кылган бактарды термелткен шамалга тердеп кеткен бөтөлкөлөрдү муз салынган каптардан алып чыкты.

– Аларга канча беришим керек? – Макомбер сурады.

– Бир фунт берсеӊиз жетишет, – Уилсон жооп берди. – Көп эркелете бербеӊиз.

– Улуусуна берсек бөлүштүрсө керек?

– Албетте.

Жарым саат мурда Френсис Макомберди ашпозчу, жардамчы балдар, касапчы, жүк ташыгычтар колдошуп, улам ийиндешип олтуруп лагерь жактан чатырга салтанаттуу түрдө алып келишкен. Мылтык ташыган балдар бул жараянга катышкан жок. Жергиликтүү балдар аны чатырдын алдына түшүргөндө алардын колдорун кысып чыкты, ыраазы сөздөрүн угуп, анан чатырга кирип, жубайы келгиче керебетке кыӊая кетти. Ал кирип күйөөсүнө эч нерсе деген жок, Макомбер сыртка чыгып, бүктөмө дагарага бети-колун жууду да, тамактанчу чатырга кирип, жел урган көлөкөдөгү көчүк басканга ыӊгайлуу калыӊ кендир отургучка көчүк басты.

– Сиз акыры арстанды аттыӊыз, – Роберт Уилсон, – болгондо да орошонун.

Макомбер айым Уилсонго жалт карады. Ал беш жыл мурда ажары менен коомдо алган орду өзү эч качан колдонуп көрбөгөн сулуулук каражаты тууралуу сүрөтү менен чыгып, жакшы пикир айтканы үчүн акы катары беш миӊ доллар алып келген ашкан сулуу, бөпөлөп багылган аял эле. Ал Френсис Макомберге он бир жыл мурда турмушка чыккан.

– Ал чындап тири укмуш арстан беле? – деп Макомбер сурары менен аялы ага карады. Айым эки мырзаны мурда-кийин көрбөгөнсүп карады.  

Бирөөсүн, Уилсонду буга чейин чындап көргөн эмес. Ал орто бойлуу, сары чачтуу, чыйрак мурут, алмадай кызыл жүздүү жана муздак көк көздөрү күлгөндө билинер-билинбес ак бырыш жайнай түшкөн ак аӊчы эле. Уилсон айымга карап жылмайды, ал болсо көзүн андан ала качып, кенен мундириндеги жантайыӊкы ийнине, сол төш чөнтөгүнүн ордуна бекитилген төрт патронго, күнгө тотуккан колдоруна, өӊү өчкөн шымына, шалтактаган ботинкасына, анан кайра кызыл жүзүнө көз салды. Ал тотуккан жүзүнүн кызылы алты чатырдын устунуна урулган мыктардын бирине илинген жазы кырбылуу шляпадан калган тегерек ак тилкеге барып такаларын байкады.

– Болуптур, арстан үчүн алып коёлу, – деген Роберт Уилсон айымга кайра жылмайды, ал болсо жылмайбастан күйөөсүнө кулак түрө карады.

Френсис Макомбер сөөк-саактуулугун, калакчыныкындай кыска кара чачын, ылбыраган жука эриндерин эске албаганда узун бойлуу, тулку бою келишкен мырза эле. Уилсондукундай аӊчы кемселчен, болгону жаӊы, отуз бештин кырынан ашкан, желгени жейрендей мыкты теннисчи, балык уулоо мелдештеринде биринчи орунду алда курдай алган жайы бар, азыр гана элдин баарына өзүн суу жүрөк экендигин көрсөтүп койду.  

– Арстан үчүн алып коёлу, – деди ал. – Кылган жакшылыгыӊыз үчүн сизге кантип ыракмат айтарымды билбей турам.

Жубайы Маргарет көзүн андан алып кайра Уилсонго карады:

– Арстан тууралуу сөздү токтотпойлубу?

Уилсон жылмайбастан ага карады, эми айым ага күлүмсүрөдү.

– Бүгүн кызыктай күн эмнегедир, шляпаӊызды кийип алганыӊыз оӊбу дейм, түш ченде чатырдын астынан да ысык урарын өзүӊүз айтпадыӊыз беле?

– Кийип алса да болот, – деди Уилсон.

– Билесизби, Уилсон мырза, жүзүӊүз алмадай кызыл экен, – деп кайра жылмайып койду.

– Ичкендики, – жооп узатты Уилсон.

– Антип ойлобойм, – деди Маргарет. – Френсистин деле таткыны таттуу, бирок жүзү кызарбайт.

– Бүгүн кызарды, – Макомбер тамашага чалгысы келди.

– Жок, – деди Маргарет. – Бүгүн меники кызарды. Ал эми Уилсон мырзанын жүзү дайыма кызыл.

– Расага байланыштуу болсо керек, – деди Уилсон. – Келбетим тууралуу кепти алыс ыргытпайлыбы, кандай дейсиздер?

– Жаӊы эле баштабадым беле.

– Чекит койбойлубу, – Уилсон талап койгонсуду.

– Эмне тууралуу сүйлөшүш да кыйындап барат, – күӊк этти Маргарет.

– Дейдиленбе, Маргот, – күйөөсү тыйды.

– Эч кандай кыйынчылык жок, – деди Уилсон. – Тири укмуш арстанды аттык.

Маргот экөөнө теӊ караганынан айымдын ыйлачу баштанып калганын түшүнүштү. Уилсон анын ыйын күтүп, бир чети коркуп да жатты. Макомбер мындай корккондон өткөн.

– Эмне үчүн мындай болду, болбой ак койгондо эмне, – деп чатырын көздөй бет алды. Экөө анын ыйлаганын уккан жок, бирок кызгылт түстөгү эндүү көйнөгүнөн ийиндери болкулдап жатканы көрүнүп турду.

– Аялдардын делбеси, – деди Уилсон бою узун кишиге. – Болбогон нерселер. Мээге ойношот, дагы ушул сыяктуулар.

– Жок, – деди Макомбер. – Мен эми муну өмүрүмдүн акырына чейин кечире албасмын.

– Ошол да кеппи. Келиӊиз андан көрө бир көтөрөлү, – деди Уилсон. – Болгон ишти жадыӊыздан чыгарып коюӊуз. Кандай болбосун эч нерсе болбойт.

– Аракет кылабыз, – деди Макомбер. – Ошентсе да мага кылган жакшылыгыӊызды унутпайм.

– Коюӊузчу, – деди Уилсон. – Арзыбаган иш да.

Алар аркасында эшилме шагылдуу жар менен андан ары токой уланып кеткен таштан ташка урунган суунун жээгин көздөй созулган көк шибердин ортосундагы шактуу акациянын астына тигилген лагерде көлөкөдө олтуруп, жылымык лимон ширесинен ууртап-татып олтурушту, бири бирин карабаганга аракет кылышканы менен балдарга мунун баары айкын болчу. Уилсон Макомбердин столго идиштерди коюп жаткан жардамчы баласы өз кожоюнун абай сала карап жатканын байкап суахили тилинде жекирип койду. Бала момураган жүзүн буруп кетти.

– Ага эмне дедиӊиз? – деп сурады Макомбер.

– Эч нерсе. Тезирек кыймылда, болбосо он беш балак алдыртып коёрумду айттым.

– Бул эмне дегендик? Камчы?

– Бул эми чындыгында мыйзамсыз, – деди Уилсон. – Аларга айып пул салса дегени турасыз.

– Силер дагы эле аларды сабайсыӊарбы?

– Ооба да. Алар арыздана турган болсо, чатак чыгат. Бирок антишпейт. Айып пул андан жаман дешет.

– Айран таӊмын! – деди Макомбер.

– Андай таӊ каларлык эч нерсе жок, – деди Уилсон. – Кандай кылса деп ойлойсуз? Куйрук ысыткан балакпы же чөнтөгүӊүздү жукарткыӊыз келеби? Ал ушинтип сураганына ыӊгайсызданып кетти, Макомбердин жооп беришин күтпөстөн суроосун улантты: – Биз баарыбыз теӊ күн сайын бул жагынан же башка жагынан токмок жейбиз.

Бул дагы эч нерсе эмес. “Оо, Кудай, – деп ойлоду. Мен дипломат имишмин”.

– Ооба, баарыбыз токмок жейбиз, – деди Макомбер ага карабастан. – Арстан окуясы мага абдан жагымсыз болду. Мындан ары уланбастыр, чынбы? Дегеним – бул тууралуу жан киши билбестир?

– Мен муну Матайга клубга жаят дегени турасызбы?

Уилсон аны муздак көз караш менен карады. Ал мындайды күткөн эмес. “Демек, ал суу жүрөк гана эмес, кейбир тура”, – деп ойлоду. “Адеп ал мага жага баштаган. Бул америкалыкты ким билсин?”

– Жок, – деди Уилсон. – Мен – өз ишин билген аӊчымын. Биз өз кардарыбыз тууралуу кеп кылбайбыз. Бул жагынан кадырыӊыз жан болсун. Мындайды бизден сурануу осолдук катары кабылданат.

Ал сөздү ушул жерден бас кыла турууну чечти. Анда эле ал өзүнчө тамактанып олтуруп китеп окумак, тигилер дагы өзүнчө тамактанышат. Алар менен аӊчылыктын аягына чейин бирге болот, бирок мамилеси барып турган сыпайы өӊүттө болот. Француздар айткандай distinguished consideration[1] ушундай мазасыз кыжы-кужуга аралашып жүргөнчө бул төөчөлүк жогору. Ал ортого чок таштап Макомберди кемсинте четке чыга бермек, чоктон от тутанмак. Анан тамак ичкенче китебин окуп, мурдагыдай алардын вискисин ичип олтура бермек. Бул айтым аӊчылыктын аягы жакшы эмес аяктаганда айтыла турган. Бөлөк ак аӊчыга жолугуп калып: “Кандай анан силерде?”, – деп сурасаӊ, “Эч нерсе эмес, тигилердин вискисин дагы эле ичип жатам” – деген жоопту уксаӊ, иш чатагына айланганын аӊдасаӊ болот.

– Кечиресиз, – Макомбер орто жашка келсе дагы кайсарлыгы калбаган америкалык жүзүн ага буруп карады, Уилсон анын кыска кыркылган чачын, бир аз ойноктогон жылдыздуу көздөрүн, кырдач мурдун, кымтылган эринине жарашкан ээгине көз кырын салды. – Кечиресиз, мен билбептирмин, мен билбеген нерсе толтура.

“Башка чарасы барбы анан”, – деп Уилсон ойлоду. Ал мамилесин ушул жерден дароо токтотууга даяр болучу, ал эми бул кемпай жаӊы эле күйдүргү сөз айтканына карабай кечирим сурап турганы. Дагы бир аракет кылып көрдү.

– Мени айтып коёт деп кабатыр болбоӊуз, – деди ал. – Жеп аткан нанымдан ажырамак белем. Билесизби, дегеле Африкада арстанды жаза аткан аял, куйругун түйгөн ак киши болбогон.

– Мен коёнчосунан зуу койдум го, – деди Макомбер.

“Ушундай калжыр кепти сүйлөгөн кишиге арга канча”, – Уилсон ичинен таӊ калды.  

Уилсон Макомберди кылмергендин көӊүл кош көгүш көзү менен карады, ал болсо жылмайып койду. Анын көздөрүнөн бактысыздыктын учкуну байкалганы болбосо, жылмайганы жагымдуу.

– Буйволдон аӊчылык кумар канаттыр, – деди ал. – Кийинки кезек шаа мүйүздөрбү?

– Эгер кааласаӊыз эртеӊ менен, – жооп узатты Уилсон. Балким, ал курулай жини келип, туура эмес кылды. Ушундайынан жазбашы керек. Бу урган америкалыктарды кандай кылган менен түшүнүш кыйын. Анын  жылдызы Макомберге кайра түшө баштады, эртеӊ мененки окуяны унутса гана, бирок албетте, анте албайсыӊ. Алар келер менен таӊ ойдогудай аткан жок.

– Мына Мемсаиб[2] дагы келип калды, – деди ал. Ал өз чатырынан экөөнү көздөй келатты, басканы шайдоот, көӊүлү куунак, татынакай болуп алган. Анын атайылап жасалгандай сүйрү тарткан жүзү аӊкоолугуна шектенүүгө негиз бардай кынтыксыз болучу. “Бирок ал кайкы мээ эмес, – деп Уилсон ойлоду, – жок, башкасы болсо болсун, бирок кайкы эмес”.

– Сүйкүмдүү анар жүздүү Уилсон мырза кандай болду экен? Өзүӊдү кандай сезип калдыӊ, Френсиз, ардагым?

– Алда канча дурус, – деди Макомбер.

– Мен бардык нерсени сууга ыргыттым, – деди столго олтурарда. – Френсиздин арстанды өлтүрүшүнүн кандай мааниси бар? Бул анын кесиби эмес. Ал – Уилсон мырзанын иши. Уилсон мырза эмне болбосун сырттанчасынан чапчаӊ кол салат. Сиз баарын өлтүрө бересиз, ушундайбы?

– Ооба, баарын,– деп жооп берди Уилсон. – Эмнени болбосун.

“Мындайлардын баары, – деп ойлоду ал, – алар дүйнөдөгү эӊ ырайымсыз, ашкан мээримсиз, мыкаачы, жырткыч, көз тумандаткан азгырма болушат, эркектери аты бар, заты жок огожо же муун-жүнү бош болуп калышкан. Же болбосо өзүнө чарк имерген мындай эркектерди атайын тандашаттыр? Бирок турмушка эрте чыгып жатса, алар муну кайдан билсин”, – деп ойлоду. Ал буга чейин америкалык айымдардан билим алгандыгы үчүн ыраазы эле, анткен менен мунусу кишини оту жок кайнатчу сулуусу болучу.

– Эртеӊ менен буйволго аӊчылыкка чыгабыз, – деди Уилсон айымга.

– Мен дагы силер менен барам.

– Сиз барбайсыз.

– Жок, барам. Френсиз, мен барбаймбы?

– Лагерде калганыӊ дурустур.

– Эч убакта, – деди ал. – Бүгүнкүдөй нерсени өткөрүп жибергим келбейт.

Ал ыйлаганы чыгып кеткенден кийин ойго чөмүлгөн Уилсонго акыл пештеген аялдай сезилди. Айым аны түшүнүп, жаны ачып, ага, кайра өзүнө таарынып, иш кандай абалда экендигин ачык көрүп жаткандай сезилди. Чай кайнамдан кийин кайра келди, тим эле америкалык аялдын ырайымсыз бет кабын кийип алган. Алар эӊ эле жаман аялдар, чынында жаман.

– Эртеӊ сага башка оюн-тамаша көрсөтөбүз, – деди Френсиз Макомбер.

– Сиз барбайсыз, – деди Уилсон.

– Сиз тереӊ жаӊыласыз, – аял ага каршы сүйлөдү. – Оюн-тамашаӊызды кайра көргүм келет. Бүгүн эртеӊ менен көзүмө сүйкүмдүү көрүндүӊүз. Көӊүл кушун көтөрүп, бариктерин дирилдетип дегендей.

– Мынакей, нанүштө дагы келип калды, – деди Уилсон. – Байкашымча көӊүлүӊүз куунактай?

– Эмне үчүн болбосун? Мен бул жерге зериккенге келген эмесмин.

– Ооба, зеригиш боло элек, – деген Уилсон дайрадагы таштарга, бак-шактуу бийик жээкке көз салып, эртеӊ мененки окуяны эсине салды.

– Жоок, – деди ал. – Бардыгы сонун болду. Эртеӊ дагы. Эртеӊкини кандай чыдамсыздык менен күтүп жатканымды билбейсиз.

– Антилопанын чүйгүн этинен алыӊыз, – деди Уилсон.

– Жанагы коёнчосунан секирген уй сыяктуу чоӊ жаныбар эмеспи?

– Дал өзүн сүрөттөдүӊүз да, – Уилсон кубаттады.

– Абдан даамдуу эт экен, – деди Макомбер.

– Ооба.

– Алар коркунучтуу эмеспи?

– Үстүӊүзгө басып калбаса эле, – деген Уилсондун жообун укту.

– Ошентсеӊиз.

– Бетпактыкка бир аз жол бербей койсо болорбу, Маргот? – деди Макомбер бир үзүм кесип алган антилопа бифштексин вилкага сайып, картөшкө буламыгына, чыктуу сабизге оонатып жатып.

– Макул, ошентейин, – деди айым, – кичи пейилдик менен айтып жаткандан кийин.

– Кечинде арстан үчүн шампан аттырабыз, – деди Уилсон. – Күндүзү акактаткан аптап болуп жатпайбы.

– Оо, арстан демекчи, – деди Маргот. – Арстан эсимден чыгып кетиптир!

“Мынакей, – Роберт Уилсон ичинен ойлонду, – бул аны шылдыӊ кылып жатканы эмеспи? Же көкүрөгүӊдү бир нерсе өйүп жатканда өзүн ушундай алып жүрүш керек деген ойдобу? Күйөөсүнүн барып турган суу жүрөк экендиги ашкере болгондо аялы кандай кадамга барышы керек? Ал оӊбогондой ырайымсыз, баары ошондой. Бийлик аларда эмеспи, эки тизгин, бир чылбыр колунда кезде айрым учурда ырайымсыз болууга туура келет. Болду, алардын өкүмзордугу жетишет”.

– Эттен алсаӊызчы, – деди айымга сыпаа.

Кечке жуук Уилсон менен Макомбер жергиликтүү айдоочу, эки курал ташыган бала менен чогуу машина менен чыгып кетишти. Макомбер айым лагерде калды. Сыртка чыкканга күн абдан ысык, алар менен кийинки күнү эртеӊ менен бара тургандыгын айтты. Алар алыстап баратканда Уилсон чоӊ дарактын астында турган Марготту көрдү, сулуудан мурун ажарлуу көрүндү, кызгылт-күрөӊ кемсели, маӊдайынан түшкөн кара чачын кежигесине түйүп койгон, ал ойлогондой тим эле Англияда жүргөнсүп бети акжуумал. Аларга колун булгалап койду, машина бийик чөптүү колот менен жемиш бактуу  дөӊсөлөрдөгү бак-шакты аралай кетип баратты.

Бак-шактын арасынан бир үйүр антилопага кез келишти, машинадан түшүп, узун шаа мүйүз карыган букасын аӊдып калышты, Макомбер аны туптуура эки жүз кадамдай аралыктан өтө таамай атып жыкты. Ошол учурда башкалары коркконунан бири-биринен озо ойго түгүл түшкө кирбеген салмактуу узун секирик менен зуулдап жөнөштү.

– Жакшы аттыӊыз, – деди Уилсон. – Аларды аткан – тыйынды атканга тете.

– Зыӊкыйган баш бекен? – деп Макомбер сурады.

– Эӊ сонун, – деген жоопту узатты Уилсон. – Ушинтип атсаӊыз баары ойдогудай болот.

– Эртеӊ буйволду таба алабызбы анан?

– Табылбаганда кайда барат. Аларыӊ таӊ супа салганда оттоп чыгышат, барбардигерим бере турган болсо, ошол жерден табабыз.

– Арстан менен болгон окуяны жымсалдасам оӊ болор эле, – деди Макомбер. – Ушундай иштин жубайыӊдын көзүнчө болгону абыдан эле жагымсыз.

“Андан дагы жагымсыз деген ойдомун, – Уилсон ой жоруп койду өзүнчө, – жубайыӊыз же башкасы көрөбү, муну айткандын өзү түркөйлүк”. Антсе дагы минтип койду:

– Ал тууралуу ойлогонду коюӊуз. Ким болбосун биринчи ирет арстан атканда апкаарып калары бышык. Болор иш болду.  

Бирок кечинде жатар алдында содалуу виски менен тамактангандан кийин коломтонун кашында Френсис Макомбер желимчилерден коргогон тор жабылган керебетинде жатып, түнкү үндөрдү уга берди же токтобойт. Токтобойт да башталбайт. Кандай болуп өтсө, ошол калыбында көз алдында турду, болгону айрым бөлүктөрү кетпес болуп илгери чыкты, уяты жүзүн тээп чыкты. Бирок ариети күчүркөнгөн сайын аны таштай муздак, чуӊкур коркунуч курчай баштады. Коркуу сезими боштуктун ичин ээлеген, кээде анын ишенимине дүрмөт берип, табында эместей сездирген муздак жемирилме чуӊкурдай чулгап турду. Дагы да болсо анын кашында.

Бул мурунку түнү башталды, ойгонуп дайранын жогору жагынан арстандын ырылдагын укту. Арстандын ырылдак менен коштолгон жөтөлгөнсүгөн пас үнү чатыр сыртынан чыгып жаткандай сезилди, түн ортосунда муну уккан Френсиз Макомбердин жүрөгү оозуна кептелди. Ал жубайынын бир калыпта дем алып уктап жатканын тыӊшады. Коркуп жатканын айтканга же чогуу коркушканга бирөө-жарым жок, жалгыз жата берди, сомали элинин ылакап сөзүн билген жок. Анын жөнү мындай: эр азамат арстандан үч жолу коркот. Изин алгач көргөндө, ырылдагын биринчи укканда жана алгач бетме-бет кез келгенде. Андан соӊ алар тамактануучу чатырда панардын жарыгы астында күн чыкканга чейин нанүштөнүп ичишти, арстан кайра ырылдады, Френсиз арстандын лагер жанында тургандай шек урду.

– Үнүнө караганда каргаӊ көрүнөт, – деди Роберт Уилсон ышталган балык менен кофеден башын көтөрүп. – Жөтөлгөнүн уксаӊар.

– Чукул жердеби?

– Дайранын жогору жагында, чакырым жерде.

– Көрө алабызбы?

– Карап көрөбүз.

– Ырылдаганы алыстан эле угулабы? Тим эле лагердин өзүндө жаткансып.

– Бул ургандыкы алыстан эле угулат, – деди Роберт Уилсон. – Тобо дедим. Чоӊ мышык аттырса экен. Бул жакта абдан чоӊу бар экендигин балдар айтып жүрүшөт.

– Эгер мен атып калсам, өлтүрө атыш үчүн кай жерине мээлеш керек? –Макомбер сурады.

– Омуроого, – деп жооп берди Уилсон. – Колдон келсе моюнга. Сөөккө атыӊыз, бир атым менен жаздым кылганга аракет кылыӊыз.

– Атам деп ишенип турам.

– Эӊ сонун атасыз, – деди Уилсон. – Ашыкпаӊыз, жаӊылбай атыӊыз. Баарын биринчи ок чечет.

– Канча аралыктан атыш керек?

– Айтыш кыйын. Бул жагынан алганда арстандын айта турганы бар. Алысыраак болсо, өзүӊүзгө ишенбесеӊиз атпай койгон оӊ.

– Жүз кадамчалык жерденби? – деп сурады Макомбер.

Уилсон ага жалт карады.

– Балким жүз кадам туура. Балким бир аз жакыныраак. Андан алысыраак болсо шүк болгон оӊ. Жүз – ылайыктуу аралык, каяктан болбосун жыга атса болот. Мына Мемсаиб да келип калды.

– Кутман таӊыӊар менен, – деп учурашты айым. – Тигил арстандын артынан кеттикпи?

– Тамак ичсеӊер эле жөнөдүк, – жооп узатты Уилсон. – Өзүӊүздү кандай сезип жатасыз?

– Эӊ сонун, – деди айым. – Абдан толкунданып жатам.

– Баары даяр болгон-болбогонун көрүп келейинчи. – деп Уилсон чыгып кетти. Ал чыгары менен арстан кайра ырылдады.

– Ушунун үнүн деле, – деди Уилсон. – Үнүн өчүрөбүз.

– Эмне болду сага, Френсиз? – жубайы сурады.

– Эч нерсе, – деди Макомбер.

– Ооба, болгон бир нерсе, – деди ал. – Эмнеге капасыӊ?

– Эч нерсеге, – деди ал.

– Айтсаӊ эми, – деп ага карады. – Өзүӊдү начар сезип жатасыӊбы?

– Шайтан урган тигинин ырылдаганы, – деди күйөөсү. – Түнү бою тынчыган жок, билсеӊ.

– Эмнеге мени ойготкон жоксуӊ? Жан дилим менен укпайт белем.

– Бу Кудай ургандын көзүн талашашым керек, – деди Макомбер аянычтуу.

– Сен ошол үчүн келдиӊ, чынбы?

– Ооба. Бирок муун-жүнүм калтырап, ыркырагы мээме ойногону өтүп кетти.

– Өлтүр, Уилсон айткандай үнүн бас.

– Макул, кымбатым, – деди Френсиз Макомбер. – Бул айтканга оӊой эмеспи?

– Ай, ушу сен коркуп жатасыӊ?

– Албетте, жок. Түнү менен ырылдагын уга берип кыжырым келип бүттү.

– Анын көзүн сопсонун курутасыӊ, – ишендирди Маргот. – Мен билем, ошентесиӊ. Кандай болорун көрсөм дегенде эки көзүм төрт.

– Тамагыӊды ичип бүтсөӊ, кеттик.

– Жерге жарык түшө электе каякка? – деп сурады аялы. – Ал турсун таӊ куланөөк тарта элек.

Ошол учурда арстандын пас онтогон үнү капилет көмөкөйүнөн улам катуураак чыгып, абаны ыргалткансыган дирилдек ырылдакка өттү, анан барып күӊүрт, акырын ырылдак менен үзүлдү.

– Анын үнү ушул эле жерден чыккансыйт, – деди Макомбердин аялы.

– Оо, Кудай, – деди Макомбер, – Мындай үндү уккан мен үчүн тозок.

– Укмуштай таасирдүү!

– Каяктагы таасир!? Коркунучтуу десеӊ.

Роберт Уилсон 0,505 калибрдеги кыска, эби-сыны жок, найы жоон Гиббс мылтыгын күлүмсүрөп көтөрө келди.

– Кеттик, – деди ал. – Сиздин сприӊфилдиӊиз менен берки чоң мылтыгыӊызды курал ташыган бала алды. Баары машинада. Октор сиздеби?

– Ооба.

– Мен даяр, – деди Макомбер айым.

– Тиги чуу көтөрмөнүн жаагын жап кылыш керек, – деди Уилсон. – Сиз алдыга олтуруӊуз. Мемсаиб артына мени менен олтурса болот.

Алар машинага олтуруп, таӊ жарыкта дайра бойлой токой аралап жөнөп беришти. Макомбер куралынын затворун тартып, металл тыштуу октор менен дүрмөттөлгөнүнө ынанып, затворун жаап, бекиткичине койду. Караса колу титирейт. Чөнтөгүнөн патрондорду сыйпалап таап, көйнөгүнүн төшүнө бекитилген патрондорду манжалары менен улам тегеретип коёт. Ящикти дөӊгөлөккө отургузуп койгонсуган эшик аттуудан ныпым жок машинанын арткы орундугунда жубайынын жанында олтурган Уилсонго бурулуп карады – экөө теӊ толкундана жылмайып алышкан. Уилсон илгери эӊкейип шыбырады:

– Карасаӊар, канаттуулар конуп жатат. Биздин аксакал олжосунан алыстап кетти шекилдүү.

Макомбер дайранын өйүзүндөгү бактардын үстүндө айланып, тик ылдый сайылып жаткан жоруларды көрдү.

– Жатагына барардан оболу бул жакка суу ичкени келет окшобойбу, – Уилсон шыбырады. – Карасаӊар.

Алар ушул жерден таштуу нукка чукулунан кесилген дайра жар жээгин бойлой акырын бара жатышты, улам арылаган сайын бийик бактардын ортосун аралай чабышат. Макомбер тигил өйүздү карап бара жатып, ийнине Уилсондун колу тийгенин сезди. Машина токтоду.

– Тигине ал, – деген шыбыраган үндү укту. – Алдыда, оӊ жакта. Чыгып атыӊыз. Арстандын сырттаны.

Макомбер арстанды эми көрдү. Ал зор башын жогору көтөрүп алар тарапты карап, капталынан турган экен. Аларды көздөй урган эртеӊ мененки жумшак сыдырым жел кара-күрөӊ жалын бир аз тарап турду, жээктеги жантаймадагы арстан кеӊ омуроолуу, жыдыгансыган жылмакай денеси менен таӊдын ак нурунан бөлүнүп, көзгө оголе олбурлуу көрүндү.

– Канча аралыкта турат? – деп сурады Макомбер, мылтыгын өйдө көтөрүп.

– Жетимиш бештин тегерегинде. Машинадан түшүп атыӊыз.

– Турган жеримден атсам эмне болот?

– Машинадан атпаӊыз, – машинадагы Уилсондун үнүн укту. – Түшүӊүз. Бир күн кечке ошол жерде тура бербейт сизге.

Макомбер машинанын алдыӊкы орундугундагы оюктан аттап өтүп, тепкичке, андан соӊ жерге түштү. Арстан болсо бейтааныш нерсени текебердене беймарал карап турат, көздөрү аны кайсы бир узун кериктин сөлөкөтүндөй кабыл алды. Адам жыты ага жеткен жок, бакжагай башын оолжуй бир жагына буруп, бейтааныш буюмга карайт. Корккон түрү көрүнбөйт, жээкке түшүп барып, каршысында турган нерсенин көзүнчө суу ичер алдында ыргылжың болуп турду, андан адам карааны бөлүнгөнүн көрүп, салмактуу башын бурду да, бактардын далдасын көздөй баскан учурда кулак жарган үнгө удаалаш 0,30–0,06 калибрдеги 220 гран октун соккусун сезди, капысынан бир жак ыптасын көзөгөн ок чоктой куйкалап, көөнүн айныта курсагын тепчиди. Колжойгон, балбан таман, өзөгү тогуна кошул-ташыл жараатына оорсунган жаныбар бийик чөптөрдү, бактарды көздөй жортуп жөнөдү, аркасынан аба жарган үн ызгып жанынан өттү. Анан кайра тарс этти, соккуну сезди, ок кабырганын төмөн жагына тийип, тешип өтүптүр, оозунан көбүк ысык кан кетти, көздөн далдаа жатканга бийик чөптү көздөй салды, ал жерден тарсылдаган немени кармаган кишини жакыныраак келтирип, чап секирип, ажалы болуп бермек.

Макомбер машинадан түшүп жатып, арстан кандай абалда экени оюна келген жок. Ал болгону колдору калтырап жатканын билет, машинадан алыстар менен буттарын шилтөөгө дарманы келбеди. Сандары сенейип калгандай, бирок булчуӊдары титиреп жатканын сезди. Ал мылтыгын алып, арстандын башына, моюн жагына мээлеп, машааны басып калды. Машааны катуу басса дагы ок чыккан жок, аз жерден манжасын сындырып алайын деди. Ошондо гана бекиткичке коюп койгонун эстеди, куралын ачайын деп ылдый түшүрүп, ишенимсиз дагы бир алдыга кадам шилтеди, арстан анын карааны машинанын сөлөкөтүнөн бөлүнгөнүн көрө сала желе жортуп берди. Макомбер ок жандырды, күӊк эткен үндү укту, демек, ок мээлегенине жеткен экен, бирок арстан токтогон жок. Макомбер дагы бир жолу ок чыгарды, анын огу жүрүштөгү арстандын алдындагы топону буруксутканын баары көрдү. Ал ылдыйраак мээлеш керектигин эстей коюп, кайра бир атты, октун тийгенин бардыгы укту, арстан желе жорто бийик чөпкө кире качты, ал затвордун туткасын алдыга түрткөнгө үлгүрдү.

Макомбер ичи ачышкан бойдон турган ордунда катты, курал кармаган колу дагы эле машаасында калтырайт, жубайы менен Роберт Уилсон жанында турушат. Бери жагында вакамба тилинде божурашып курал ташыган эки бала.

– Жайладым, – деди Макомбер. – Эки жолу тийди.

– Сиз анын ичегисин көзөй аттыӊыз, такыр колтукка дагы тийди окшойт, – деди Уилсон бейкапар. Курал ташыган балдар эч нерсе болбогондой лам дебейт.

– Балким, сиз аны жайладыӊыз, – сөзүн улантты Уилсон. – Аны издерден мурда бир аз аярлай туралы.

– Эмнени каӊкуулап жатасыз?

– Алсырай түшсүн, аркасынан барабыз.

– Мм, – түшүнгөнсүдү Макомбер.

– Кандай болсо да укмуш арстан, – кубанычтуу айтты Уилсон. – Болгону жаман жерге жашынып алганы жакшы эмес болуп туру.

– Эмне үчүн жаман?

– Үстүнөн чыкмайын аны көрө албайсыӊ.

– Мм, – деди Макомбер.

– Кеттик, – деди Уилсон. – Мемсаиб бул жерде машинада калганы дурус. Биз барып кан тамган изин карап келели.

– Ушул жерде кала тур, Маргот, – деди жубайына. Оозу чөлдөп кетиптир, араӊ сүйлөдү.

– Эмне үчүн? – аялдын суроосу ушул болду.

– Уилсон ушундай деди.

– Биз барып карап келели, – деди Уилсон. – Калганыӊыз оӊ. Ал турсун ушул жерден жакшы көрүнөт.

– Болуптур.

Уилсон айдоочуга суахили тилинде бир нерсе деди. Ал башын ийкеп, мындай үн катты:

– Ооба, Бвана.

Анан алар тик жээктеп төмөн түшүштү, таштарды аралай суу кечип, жерден сербейип чыккан тамырларды кармалап тигил өйүзгө чыгышты. Жээк бойлой Макомбер алгач ирет ок чыгарып, арстан качкан жерге жетишти. Тушардан келген чөптөгү кочкул кандын тагын курал ташыган балдар чөптүн сабагы менен көрсөтүштү, тактар суу жээгиндеги бактарга алып барат экен.

– Эмне кылабыз? – Макомбердин суроосу ушул болду.

– Башка жол жок, – жооп берди Уилсон. – Машина бул жакка келе албайт. Жээк тик. Бир аз алсырасын, анан экөөбүз барып карайбыз.

– Чөпкө от койсок болбойбу? – деп сурады Макомбер.

– Көк чөп күйбөйт.

– Айдакчыларды жөнөтсөк болбойбу?

Уилсон аны сын көз менен карады.  

– Албетте, болот, – деп жооп берди. – Бирок бул өлүмгө түз айдагандыкка барабар. Арстан жарадар экенин көрүп турасыз. Арстан жарадар болбосо, кубаласаӊыз да болот, ызы-чуудан качат, бирок жарадары кол салбай койбойт. Жакын бармайынча ал көрүнбөйт. Ал коён баш бага албагандай жерге жашынат. Мындай ишке балдарды жөнөткөн оӊ жакка алып барбайт. Бирди-жарымды майып кылып коёт.

– А курал ташыган балдарчы?

– Алар биз менен барышат. Бул алардын күн турмушу. Өзүӊүз билгендей ушуга кол коюшкан. Алардын буга көп деле кубанбаган түрү бар.

– Мен ал жакка баргым келбебеди, – деген Макомбердин сөздөрү ойлогонго жетише электен мурун чыгып жатты.

– Мен дагы, – деди Уилсон көӊүлдүү. – Чындыгында башка жол жок. Андан соӊ бир нерсени эсине түшүргөндөй Макомберге көз таштап, анын мууну бошоп калтырап жатканын, аянычтуу жүзүн байкады.

– Барганыӊыздын кажети жок, албетте, – деди ал. – Ошол үчүн мени жалдашат. Ошон үчүн кымбатмын.

– Сиз жалгыз барайын деп турасызбы? Ал жакка таштап салганга эмне үчүн болбосун?  

Роберт Уилсондун ою арстанда гана болучу, өлөрчө коркуп жатканын байкаганы болбосо, Макомберди кылчалык ойлоп койгон жок, мейманканада чоочун эшикти ачып алып, уяттуу бир нерсени көрүп калгандай сезди өзүн.

– Эмнени айтып жатасыз?

– Жөн гана таштап кетсекпи?

– Биз өзүбүзгө аны атпагандай түр көрсөтүп коёлу дегени турасызбы?

– Жок. Таштап кетип калалы.

– Анткенге болбойт.

– Эмне үчүн?

– Биринчиден, ал кыйналып жатат, экинчиден, кимдир-бирөө ага кабылып калышы ыктымал.

– Түшүнүктүү.

– Бирок биз менен барышыӊыздын кажети жок.

– Бармакмын, – деди Макомбер. – Мен коркуп жатам, түшүнсөӊүз.

– Алдыга мен басам, – деди Уилсон. – Конгони из кубалайт. Сиз менин аркамдан саал капталдай келиӊиз. Ырылдаганын угуп калабызбы деген ой. Көрөр менен экөөбүз теӊ ок чыгарабыз. Кабатыр болбогула. Силерден алыстабайм. А балким чындап эле сизге барбай койгон оӊдур? Ушундай болгону жакшы болмок. Барып Мемсаибдин жанында болуӊуз, а мен тигинин ишин бүтүрөйүн.

– Жок, баргым келип жатат.

– Болуптур, – деди Уилсон. – Бирок баргыӊыз келбесе, барбай эле коюӊуз. Бул менин күн турмушум эмеспи.

– Мен барам, – деди Макомбер.

Алар дарактын алдында олтуруп чылым түтөтүштү.

– Биз күтүп тургучакты барып Мемсаиб менен масилеттешсеңиз кантет? – деди Уилсон.

– Жок.

–  Сабыр кыла турсун, барып айтып келейин ага.

– Болуптур, – деген Макомберди кара тер басып турду, оозу камтууга келбей кургайт, курсагы кабырылат, Уилсонго барып арстандын ишин ансыз бүткөрүп кел деп айтканга батынбады. Ал Уилсондун каарданып жатканын билген эмес, кандай абалда экенин мурда байкабаган, артка жубайына жиберген эмес. Ошол жерде олтурганда Уилсон келип калды.  

– Сиздин чоӊ мылтыгыӊызды алдым, – деди ал. – Алыңыз. Биз ага убакыт бердик. Кеттик.

Макомбер чоӊ мылтыкты алганда Уилсон мындай деди:

– Мени беш кадамдай оӊго ээрчиӊиз, мен эмне айтсам ошону гана кылыӊыз. Андан кийин эки жергиликтүү бала менен суахили тилинде сүйлөштү, алардын түрү сууктун суугу эле.

– Жөнөдүк, – деди ал.

– Бир жутум суу бар бекен? – Макомбер сурады.

Уилсон курал ташыган балдардын улуусуна бир нерсе деди, анын белинде суу куйган идиши бар экен, аны чыгарып, бурамасын чечип, Макомберге сунду. Аны алган Макомбер анын оор экенин байкап, кийиз кабынын түктүү жана бодуракай экенин сезди, аны эрдине жакындатып барып, бийик чөптөргө, андан ары өскөн бактардын тегиз баштарына көз салды. Сыдырым жел жүзүн сылады, чөп үстүн акырын тарам-тарам толкун аралады. Курал ташыган балага караса, аны дагы коркунуч курту жеп жаткан экен.  

Отуз беш кадамчалык жерде чөптүн арасында зор арстан суналып жаткан экен. Арстан кара чачылуу узун куйругун гана анда-санда өйдө-төмөн шыйпаӊдатып койгону болбосо, кулактарын жапырып кыймылсыз жатат. Ал баш калкага жетер менен жатып калган, ток өөгүндөгү жараттан улам көӊүлү айнып, дем алган сайын оозунан суюк кызыл көбүк чыгып, өпкөсүндөгү тешик жарааттан шайы ооп баратты. Толорсугунан тартып эки жак ыптасы бүт суу, алоолонуп ысык. Чымындар ок тешкен ачык сары терисиндеги кичинекей тешиктерге үймөлөктөшөт, жек көрүүгө толгон жымшыйган чоӊ сары көздөрү алдыга тике карайт, дем алган сайын ооруксуна ирмеп коёт, тырмактары жумшак топого тереӊ маткан. Дене боюнун ооруганы, көӊүл айланганы, жек көрүүсү аралаш калган күчү чап секирип кол салганга даяр. Ал кишилердин кобур-собур үнүн угуп, чөпкө киришери менен секирикке өзүн даярдап күтүп жатты. Кишилердин үнү жакындап келатканын угары менен куйругун ары-бери бултактатканын токтотуп, чөп жакка жакындашары менен киркиреген ыркырак аралаш барып кол салды.

Курал ташыган кары Конгони кандын изин карап алдыда баратты, Уилсон чоӊ мылтыгы менен чөптөгү ар бир кыймылды саксактап карап барат, экинчи курал ташыган бала алдыны карап, кулак түрө кадам шилтейт, Макомбер мылтыгынын машаасын тартып, Уилсондун жанында, алар чөпкө жаӊы баш бакканда Макомбер кирилдек коштогон ырылдакты угуп, шыбырт менен кошо чөптүн жапырылганын көрдү. Андан соӊ ал чуркап баратканын бир билет, кутурган немече ай талаада чуркап баратат, сууну көздөй чуркап барат.

Ал Уилсондун чоӊ мылтыгынын “ка-ра-уоӊ!” деген үнүн укту, экинчи ирет “ка-ра-уоӊ!” жаӊырды. Артына караса аза бойду титиреткен арстан көзүнө чалдыкты, башынын жарымы кесилгенсип, бийик чөптүн чет жакасында Уилсонду көздөй боортоктоп баратат, ал эми кызыл жүздүү киши эби-сыны жок кыска мылтыгынын затворун тартып, кылдаттык менен мээлеп туруп, кайра жарк эттирди да, мылтыктын оозунан “ка-ра-уоӊ!” деген үн дүӊ дей түштү, боортоктоп келаткан арстандын оор тулкусу селейип калды. Көркүнөн ажыраган олжогой башы алдыга сунала түштү, ошол учурда эки ындыкара, бир ак киши аны жек көрүү менен карап турушат, октолуу куралын колуна кармап, жаӊы эле өзү качкан ачык жердеги Макомбер арстандын өлгөнүн билди, Уилсонду көздөй басып келди, боюнун узундугу үнсүз жемедей туюлду, Уилсон аны карап, мындай деди:

– Сүрөткө тартасызбы?

– Жок, – деп жооп берди.

Алар машинага жеткенге чейин үн дешкен жок. Уилсон мындай деди:

– Арстандын сырттаны экен тим эле. Балдар азыр терисин сыйрышат. Биз мында ага чейин көлөкөлөп туралы.

Арткы орундукта жанаша олтурса дагы аялы Макомберге көз кырын салып койгон жок, ал дагы караган жок, ал эми Уилсон – алдыӊкы орундукта. Бир ирет ал колун созуп жубайынын көзүн карабастан колун кармады эле, ал колун тартып алды. Суунун ары жагына, курал ташыган балдар арстандын терисин сыйрып жаткан жерге карап олтуруп, жубайы бардыгын көрүп турганын түшүндү. Алар ошентип олтурганда аялы илгери жылып, колун Уилсондун ийнине койду. Ал бурулуп карады, айым олтургучтун жапыз жөлөнгүчүнөн эӊкейип туруп оозунан өөп алды.

– Аай, болбостур, – деген Уилсон туулгандагы өӊүнө карабастан кызарып кетти.

– Роберт Уилсон мырза, – деди айым. – Кызыл жүздүү сулуучумак Роберт Уилсон мырза.

Анан ал кайра Макомбердин жанына олтурду да, андан бурулуп арстан жаткан суунун тигил өйүзүн карады, териси сыйрылып, агарган эти, тутам тарамыштуу шыйрактары өйдөлөнгөн, ак курсагы жарылган, ындыкаралар терисин сыйрып жатышат. Акырында курал ташыган бала сыйрылган ным оор терини алып келип ороп, аны менен кошо машинанын аркасына түшүштү, машина ордунан козголду. Лагерге келгенге чейин эч кимдин оозунан кеп чыккан жок.

Арстан менен болгон иш ушуну менен тамам болду. Макомбер секиргенге чейинки арстандын абалын же 0,505 калибрдеги октун эки тонналык күчкө барабар кыйраткыч соккусу жаагын талкалаган учурун же экинчи кыйраткыч сокку арткы санын сындырганын, тарсылдаган, өзүн талкалаган бүлдүргүч нерсенин алдына суналып калышына эмне түрткү бергенин билген жок. Уилсон бул тууралуу бир нерсени билчү, мунун четин “укмуш арстан” деген сөзү чыгарып турчу, бирок Макомбер Уилсонго кандай болгонун да билген жок. Ал аялынын андан кол үзгүсү келгенинен башкасын, кандай сезимде экенин билген жок.  

Аялы буга чейин аны менен мамилесине бир канча ирет чекит койгусу келген, бирок анысы көпкө созулчу эмес. Макомбер абдан бай болчу, мындан дагы бай болмок, мындан улам аялы аны таштап кетпейт деген ойдо эле. Ал чындап билген аз нерселердин бири ушул. Ушул тууралуу билчү, баарынан мурда мотоцикл, машина, өрдөккө аӊчылык тууралуу, балык уулоо – форель, лосось, чоӊ деӊиз балыгы, китептердеги, көп китептердеги, оголе көп китептердеги махабат оюндары, теннис, иттер тууралуу, жылкы тууралуу бир аз, акчанын наркы тууралуу, анын дүйнөсүнө тиешелүү башка көп нерселер тууралуу жана жубайы эч качан таштабай турганын билчү. Аялы жаш кезинде ашкан сулуу болчу, азыр да Африкада сулуу бойдон, ал күйөөсүн таштап, өзүн жакшы караш үчүн өз үйүндө мынчалык сулуу болбой калган, муну экөө теӊ билчү. Ал күйөөсүн таштап кетчү учурду өткөрүп жиберген, аны күйөөсү билчү. Эгер ал башка аялдар менен мамиле түзөр болсо, ал өзүнө жаңы сулуу аял таап алат деген ой тынчын алмак, бирок күйөөсүнүн сырын өтөк-өӊүрүнөн бери билер эле, кабатыр болгондон алыс болучу. Анан калса күйөөсү ар дайым өзүн кармай билчү, бул анын эӊ мыкты, болбосо эӊ коркунучтуу сапатындай сезилчү.

Жалпысынан экөө салыштырмалуу бактылуу түгөйлөрдөн боло турган, имиш кептер боюнча мына-мына эки жолго түшөр болушат, же ажырашып кетишпейт. Коомдук жер тыӊшар маамыт айткандай шиӊгил жоруктары көптөгөн жылдардын сыноосунан өткөн сезим таржымалына кошул-ташыл болуп, Мартин Жонсонс аны күмүш экранга чагылдырганга чейинки мурунку Кара Африка өлкөсүнө аӊ уулоого барышып, ал жактан карыган арстан Симбага, буйволдорго жана пил Тембого аӊчылык кылып, Жаратылыш тарых музейине материал топтошкон. Ошол эле маамыт алар жетер чегине жетип калгандыгын кеминде үч ирет жумурай журтка жарыялаган жайы бар, анан ошондой күндөр болду. Бирок ар дайым баштары биригип кетчү. Экөөнүн биримдиги түптүү чынардай өзөк байлаган. Марготтун ай чырайы Макомбер үчүн ажырым жолго түшпөөнүн кепилдиги болсо, Макомбердин эсепсиз акчасы Маргот үчүн аны таштабастыктын булагы болучу.

Таӊкы үч болуп калган, Френсиз Макомбер арстанды ойлогонун токтоткондон кийин уйкуга көшүдү, кайра ойгонуп, кайра көшүлдү, бир кезде чочуганынан көзү умачтай ачылып, түшүндө башы канжалаган арстан аркасында турат, жүрөгү түрсүлдөгөнүн тыӊшай, чатырдагы башка керебетте жубайынын орду бош экенин көрдү. Ушундай абалда ал эки саат бою көз ирмебей жатты.

Эки сааттан кийин аялы чатырга келип, желимчилерден коргогон торду көтөрдү да жуурканына ыӊгайлана жатты.

– Кайда жүрдүӊ? – Макомбер караӊгыда үн созуп.

– Кандайсыӊ? – деди ал. – Уктабадыңбы?

– Кайда жүрдүӊ?

– Таза абадан дем алайын деп чыккам.

– Ии, чыгып келдиӊ шайтан баскыр.

– Эмне дешим керек, кымбатым?

– Кайда жүрдүӊ дейм?

– Таза абадан дем алайын деп эле чыккам.

– Жаӊы шылтоо го? Жалапсыӊ сен.

– Болуптур, а сен – коркок.

– Мейли, – деди күйөөсү. – Мындан эмне чыгат?

– Менден эч нерсе. Кел сөздү токтотолу, уйкум келип жатат.

– Сен мени баарына көз жумат деп ойлоп жатсаӊ керек.

– Билем аны, кымбатым.

– Ошон үчүн чыдабайм.

– Болдучу, кымбатым, сөздү токтотолу, уйкум катуу келди.

– Ушуга чекит койбодук беле. Мындан кийин бул нерсе болбойт деп убада бербедиӊ беле?

– Эми азыр болду, – деди ал жароокерлене.

– Биз бул жакка келсек бул нерсе болбойт деп айткансыӊ. Убада бергенсиӊ.

– Ооба, кымбатым. Антейин деген оюм да жок болчу. Бирок кечээки күн саякаттын баарын бузду. Ушул тууралуу айтыштын кажети барбы деги?

– Колуӊда артыкчылык болгон учурда көпкө күтүүгө чамаӊ чарк  экен, ушундайбы?

– Сөздү токтотолучу. Уйкум келип жатат, кымбатым.

– Мен сүйлөшөм.

– Андай болсо кечирип кой, уктайм, – деди да уйкуга кетти.

Таӊ агара электе үчөө нанүштөөгө үстөлгө олтурушту. Френсиз Макомбер кыртышы сүйбөгөн көп кишинин ичинен Роберт Уилсонду баарынан жек көрөрүн азыр билди.

– Жакшы эс алдыӊыздарбы? – Уилсон киркиреген үн менен сурады, мүштөгүн толтуруп жатып.

– Өзүӊүзчү?

– Сонун, – деп жооп берди ак аӊчы.

“Митаам, – деп Макомбер ойлоду, – бетпак митаам”.

“Демек, ал келип күйөөсүн ойготту, – деп Уилсон ойлоду, көӊүл кош, муздак көздөрү менен экөөнө карап. – Аялы каякта жүргөнүн карап алса болмок. Таӊдан кечке чокунган ыйык ойлоп жатабы мени? Аялын жакшылап карап алганы оӊ. Өзү айыптуу”.

– Буйволду таба алабызбы, ыя? – деп сурады Маргот өрүк салынган табакты түртүп.

– Таап калгыбыз бардыр, – деген жоопту узатты Уилсон ага жылмайып. – Лагерде кала бергениӊиз оӊдур?

– Эч убакта, – деп жооп берди аял.

– Лагерде калсын, айтып коюӊузчу, – деди Уилсон Макомберге.

– Өзүӊүз айтыӊыз, – деди Макомбер салкын гана.

– Эч кандай буйруксуз же, – деди Макомберге кайрылып, – акмактыктан айланып өтүп иш кылбайлыбы, Френсиз, – деди айым шаттанып.

– Жол баштаганга даярсызбы? – деп сурады Макомбер.

– Каалаган учурда, – деп жооп берди Уилсон. – Мемсаиб биз менен кошо барсынбы?

– Каалаймбы же каалабаймбы, айырмасы кайсы?

“Азезилдин ургаачысы, – деп ичинен ойлоду Роберт Уилсон. – Турган турпаты менен ургаачы азезил. Эми бул жагы кандай болот. Мейли, так ушундай болсо болсун”.

– Айырмасы кайсы, – деди күйөөсү.

– Балким аны менен кошо лагерде калып, буйволго өзүм эле аӊчылык кылууга уруксат береттирсиз? – деп сурады Макомбер.

– Анте албайм, – деди Уилсон. – Сиздин ордуңузда болсом, оозума келгенди оттомок эмесмин.

– Оттобой элемин. Мага жийиркеничтүү болуп жатат.

– Жийиркеничтүү деген жакшы эмес сөз.

– Френсиз, дурус сөз айтканга аракет кылчы, – деди жубайы.

– Ансыз дагы туура сүйлөп жатам, – деди Макомбер. – Сиз ушундай көӊүл айланткан тамак жеп көрдүӊүз беле?

– Тамакка бир нерсе болуптурбу? – деп Уилсон акырын сурады.

– Башкаларга караганда анча эмес.

– Өзүӊүздү колго алсаӊыз, айланайын, – деди Уилсон акырын. – Үстөлдө күткөн бала англис тилин бир аз түшүнөт.

– Шайтан алсын ошону.

Уилсон аны күтүп жаткан курал ташыган балага суахили тилинде бир нече сөз айтты да, мүштөгүнөн бурулдата түтүн чыгарып ары басып кетти. Макомбер менен аялы үстөлдө олтурган бойдон калышты. Ал кофе куйчу кружкасын тиктеген бойдон олтурат.

– Эгерде ызы-чуу чыгара турган болсоӊ, сени таштайм, кымбатым, – деди Маргот акырын.

– Таштабайсыӊ.

– Чыгарып көрсөӊ, көрөсүӊ.

– Сен мени таштабайсыӊ.

– Жок, – деди аялы. – Мен сени таштабайм, ал эми сен өзүӊдү түз алып жүрөсүӊ.

– Түз? Айтчу сөз эмес бекен. Түз алып жүрүү дечи.

– Ооба. Түз алып жүр.

– Эмне үчүн өзүӊдү түз алып жүргөнгө аракет кылбайсыӊ?

– Көпкө чейин аракет кылдым. Абдан көп.

– Кызыл бет доӊузду жек көрөм, – деди Макомбер. – Аны көрөйүн деген көзүм жок.

– Ал чынында сүйкүмдүү.

– Жап оозуӊду! – Макомбер кыйкырды. Ушул учурда машина келип тамактануучу чатырдын маӊдайына токтоп, айдоочу, эки курал ташыган бала чыкты. Уилсон жакын келип, үстөл чекесинде олтурган аялы-күйөөсүн карады.

– Аӊчылыкка барабызбы? – деп сурады.

– Ооба, – деди Макомбер туруп жатып. – Ооба.

– Тор көйнөгүӊүздү алып алганыңыз оӊ. Машина ичи салкын, – Уилсон сунуштады.

– Тери күрмөмдү алып алайын, – деди Маргот.

– Күрмө балада, – деген Уилсон айдоочунун жанына олтурду, Френзис Макомбер аялы менен арткы орунга үнсүз олтурушту.

“Бул акмак желкемден теше тиктеп барат экен да, – Уилсон ичинен ойлоп баратты. – Аӊчылыкта аялдардын зыянынан башка пайдасы жок”.

Машина дайрага түшүп майда шагылдуу кечмеликтен өттү, таӊ сүрө баштанда ийри-буйру жол менен бийик жээкке көтөрүлдү, тээтигиндеги сейрек токойго жетиш үчүн Уилсон айдыӊ талаада созулган жолду тазалоону буюрду.

“Эӊ сонун таӊ”, – деп ойлоду Уилсон. Шүүдүрүм баскан чөп менен бекене бадалдарды аралай дөӊгөлөктөр айланып барат, тебеленген жалбырактардын жыты ансайын кеӊилжээр өрдөйт. Андан вербена жыты аңкыйт, ага таӊкы шүүдүрүмдүн жыты жагар эле, таӊкы тумандын астынан тебеленип сынган бактын сөӊгөктөрү көзгө урунат, жолсуз суйдаӊ бактуу токойдо машина жол жүрүп барат. Артында олтурган экөө эсинен чыгып кетти, буйволдорду ойлоп баратты. Буйволдор күндүзү калыӊ бадалдуу сазда өргүйт, оӊой менен ата албайсыӊ, түнкүсүн ачык талаага оттогону жайылышат, эгерде сазды аралап алардын ортосуна машина менен бара алса, Макомбердин ачык жерден атканга мүмкүнчүлүгү болмок. Ал Макомбер менен буйволго, башкасына дагы аӊчылык кылгысы келген жок, бирок ал кесипкөй аӊчы болучу, өз өмүрүндө мындай неме менен бирге аӊчылыкка чыкпаган. Эгерде алар бүгүн буйволдорду табышса, кериктер гана калат, ушуну менен бул суу тумшук коркунучтуу оюндун аягына чыгарат, балким бардыгы жакшы болот. Бул аял менен болду байланышпайт, кечээкиге болсо Макомбер дагы чыдайт. Баам салган кишиге буга чейин анын мындайдын далайын башынан өткөргөнү байкалат. Куурагыр десе. Ал кыязы мындай иштерге көнгөн окшобойбу. Ооба да, байкуш жүүнү бош өзү күнөөлүү.

Ал, Роберт Уилсон дагы кандай болуп кетет деп аӊчылыкка эки кишилик төшөк алып алар эле. Ал өз кардарына да аӊчылык кылчу – түрдүү улуттагысы, шашмасы, спортчусу бар, эгерде ушул ак аӊчы менен ушул төшөктө жатышпаса, акчасынын наркын ала албай калгансыган аялдар бар арасында. Алыста жүргөндө аларды көрөйүн деген көзү жок, бирок чогуу болгондо көөнүнө көбү жакчу. Бир үзүм нан беришет, аны жалдаган учурда бул алардын ченеми болучу.

Алар аӊчылыктан башкасынын баары анын чен-өлчөмү болучу. Мында анын аӊчылыкка болгон өлчөмү боло турган, алардын ага баш ийбеске чарасы жок же бөлөк аӊчыны жалдаганга туура келчү. Аны ушул үчүн урматтай турушкандыгын билчү. А бул Макомбер каяктагы бир апенди чалыш неме экен. Шайтан алгырдыкы, андай болбогондо эмне? Ал эми аялычы? Ии, аялы. Ооба, аялы. Хмм, аялы. Болуптур, ал ал болду. Тигилерди айландыра карады. Макомбер ачуулуу түнөрүп олтурган экен. Маргот Уилсонго карап жылмайды. Ал бүгүн күндөгүдөн жаш, жазыксыз, пакиза жана жасалмасыз сулуу көрүндү. “Ичинде эмне бугуп жатканын бир гана Кудай билбесе”, – деп койду Уилсон. Маргот өткөн түнү көп сүйлөгөн жок. Аны караштын өзү баары бир жагымдуу.

Машина бир аз жогору көтөрүлүп, андан ары бактарды аралай жүрө берди, андан соӊ дарактардын көлөкөсүн кылаалай бийик чөптүү талааны аралап кетип бара жатты, айдоочу жай айдап барат. Уилсон мелжиген талаа кылаасына көз жүгүртүп карады, машинаны токтоттуруп, алып чыгып дүрбүсүн шыкаалады. Анан айдоочуга колу менен жаӊсап койду эле ал доӊуз челген чуӊкурлардан буйтап, кумурскалардын жумшак уяларын айланып өтүп жолун жай улады. Уилсон мунарыктан көзүн албастан капысынан бурулду да мындай деди:

– Оо, Кудай жалга, тигине алар!

Машина атырылып жөнөдү, Уилсон айдоочуга суаили тилинде тез сүйлөдү, Макомбер ачык талаанын тигил четинде салып уруп бараткан чоӊ кара танкаларга окшогон узун, колжойгон үч зор кара жаныбарды көрдү. Тоӊ моюн, чулу денелери менен чу коюп баратышат, башындагы кара мүйүздөрү кере кулач, мойнун созо чуркаса баштары кыймылсыз.

– Үч карган буканын, – деди Улилсон, – сазга барчу жолун торойлу.

Машина саатына кырк чакырым ылдамдыкта өӊгүл-дөӊгүлдү аралай чаап барат, Макомбердин көз алдында буйволдун саны өскөндөн өсө берди, зор буйволдордун ичинен жүн-куйрук дегенден эчтеме жок, өнө боюн жарадан улам карт баскан, чулу моюну мүрүнө бириккен, жылтыраган кара мүйүздүү, экөөнөн бир аз артта бир калыпта чу коюп бараткан боз түстөгүсүнө көзү түштү. Андан соӊ машина жолдогу бир нерсеге урундубу, айтор солк этти, алар чукул келип калышты, дүмүрөӊдөп келаткан зор буйволду, сейрек жүнүнө сиӊген чаӊды, шаа мүйүзүн, оӊурайган кеӊ таноосун даана көрө калып, мылтыгын суна калганда Уилсон кыйкырды:

– Машинадан эмес, кемпай!

Анда корккондуктун жугу да жок болучу, болгону Уилсонду жек көрүү байкалды, тормоз тебилгенде машина жолду казып барып токтоп баратты, Уилсон машинанын бир жагынан, ал башка жагынан чыгып, дагы эле артка калып жаткан жерге бутун коюп сүрдүгүп барып оӊолуп, алыстап бараткан буйволго ок чыгарды. Октордун тийип жатканы угулуп жатты, болгон огун жаадырганына карабастан жаныбар жүрүшүн улантты, башына жакындата мүрүсүнө мээлеш керектигин акыры эсине түшүрдү, куралын кайра октогончо буйволдун кулаганын көрдү. Калдагай зор башы бултактай түштү да тизелей жыгылды, Макомбер берки экөөсү чукоюп баратканын көрүп, эркечине ок чыгарар менен тийди. Ал дагы бир жолу атты, жаза тайды, Уилсондун мылтыгынын “карауоӊ” деген кулак тундурган үнүн угуп, алдыда бараткан бука тумшугу менен жер сүзгөнүн көрдү.

– Тигинисин атыӊыз, – деди Уилсон. – Эӊ сонун аттыӊыз!

Бирок буйвол токтобостон жүрүшүнөн жазбай кетип баратты, Макомбер жаза атты, топурак бурк эте түштү, Уилсон дагы жерден чаӊ булут көтөрүп жаза атты да, мындай деп кыйкырды:

– Кеттик! Алыстап баратат! – колунан кармап аны машинага тартып алды, Макомбер бир жагынан, Уилсон башка жагынан асылып алышып, башын сала түптүз, бир калыпта салып уруп бараткан буйволдун аркасынан кууй дөӊгүл жер менен жүрүп беришти.

Алар буйволду тез эле кууп жетип, Макомбер окторду улам жерге түшүрүп жатып октоду, затвор такалып калды, кайра оӊдоду, алар буйволго жанаша түшкөндө: “Токто!” деп кыйкырды. Машина ушунчалык катуу токтогонунан аласалып кете жаздады, Макомбер алга жүткүнүп барып оӊолду, бирок кулаган жок, оӊкочук артып бараткандын кара тегерек омуроосун мээлеп атты, дагы атты, дагы, аягына чейин түгөнгөн октордун бири да буйволдун кылын кыйшайтып койбогонун көрдү. Уилсон ок чыгарды, жаӊырган октун дабышы Макомбердин кулагын тундурду, караса буйвол сендиректеп калыптыр. Макомбер кылдаттык менен мээлеп дагы атты эле, жаныбар тизелей барып бүк түштү.

– Эӊ сонун, – деди Уилсон. – Жакшы иш болду. Эми барып үчөө болду.

Макомберди эсин деӊ кылган кубаныч чулгады.

– Канча жолу аттыӊыз? – деп сурады.

– Болгону үч, – деп жооп берди Уилсон. – Биринчи буйвол сиздин колуӊуздан мерт болду. Болгондо да эӊ чоӊу. Берки экөөнү жайлаганга мен жардам бердим. Чытырманга кирип кетеби деп корктум. Чынында аларды деле сиз аттыӊыз. Мен болгону бир аз түзөтүп койдум. Эӊ сонун аттыңыз.

– Жүргүлө машинага, – деди Макомбер. – Ичким келип туру.

– Адегенде мобунун көзүн тазалайлы, – деди Уилсон.

Буйвол тизелеп турган, аны көздөй жакындашканда жаалдана башын чулгуй көтөрүп, чочко көздөрүн жаалдантып өкүрө баштады.

– Карап тургула, туруп кетпесин, – деди Уилсон. – Бир аз кетенчиктеп туруп желкесине, кулак түпкө ургула.

Макомбер жулкунуп долуланган зор баштын как чокусун кылдаттык менен туштап атып жиберди. Башы шылк эте түштү.

– Ошондой, – деди Уилсон. – Омурткасын омур. Кудай урган оой, укмуш экен, ыя?

– Жүрүӊүз, кызыл өӊгөчтү ысыталы, – деген Макомбер жашоосунда мынчалык өзүн жакшы сезе элек эле.

Машинада Макомбердин аялы олтурган, өӊү купкуу.

– Тан бердим сага, кымбатым, – деди Макомберге. – Кубалаганыӊарчы!

– Жүрөк опкоолжудубу?

– Абдан коркунучтуу болду. Жашоомдо мынчалык корко элек болчумун.

– Келгиле, баарыбыз тең ичебиз, – деди Макомбер.

– Сөзсүз да, – деди Уилсон. – Мемсаибге бериӊиз.

Ал таза вискини фляжкадан ичти, жуткандан кийин бир аз ичиркенип кетти. Фляжканы Макомберге берди, ал Уилсонго берди.

– Бул кан кызытарлык толкундантат экен, – деди ал. – Башым сынып кетчүдөй ооруйт. Машинадан атса болорун билбептирмин.

– Машинадан эч ким аткан жок, – деди Уилсон салкын.

– Машина менен кубалап дегеним.

– Негизи мындай болбойт, – деди Уилсон. – Бүгүнкү көӊүл ачуу мага жакты. Чуӊкурга толгон жол менен айдаган – жөө аӊчылыкка чыкканга караганда кооптуу. Буйвол эгер кааласа, кайсы атканда болбосун бизге кол салышы толук ыктымал болучу. Канча болбосун. Эмнеси болсо дагын эч кимге ооз ачпагыла. Эгер ушуну айтып жаткан болсоӊуз, бул мыйзамсыз нерсе.

– Эти толук, алсыз жаныбарларды машина менен кууган, – деди Маргот, – мага туура эместей сезилди.

– Чындап элеби? – деп сурады Уилсон.

– Бул тууралуу Найробиде угуп калышса эмне болмок?

– Уруксат кагазымдан айрылмакмын. Андан ары башка жагымсыз нерселер болмок, – деди Уилсон, фляжкадан ичип жатып. – Жумушсуз калмакмын.

– Чындап элеби?

– Болуптур, – деди Макомбер, күн бою биринчи ирет жылмайды. – Эми азыр сизге ымаланып калды.

– Кандай иш болбосун ордуна койгонду эӊ сонун өздөштүргөнсүӊ, Френсиз, – деди Маргот Макомбер.

Уилсон экөөнө теӊ карады. “Эгер беш тамгалуу киши алты тамгалуу аялга баш кошсо, алардын балдары кандай болмок?” – деп ойлоду. Айтканы бул болду:

– Бир курал ташыган балабызды жоготтук, байкадыӊарбы?

– О, Кудай, жок, – деди Макомбер.

– Мында келатат, – деди Уилсон. – Баары жайында. Адепки буйволдон биз кеткенде түшүп калган окшойт.

Аларга сылтып баса жакындап келаткан орто жаштагы курал ташыган киши эле, токулган баш кийими, күрөӊ-жашыл бешманты, чолок шымчан, бутуна резина сандали илген, жүзү капалуу, бирөөнү жек көргөндөй түрү бар. Чукулдап келери менен Уилсонго суаили тилинде бир нерсе деп кыйкырды, ак аӊчынын жүзү кандай өзгөргөнүн баары көрдү.

– Ал эмне деди? – деп сурады Маргот.

– Биринчи буйвол туруп, чытырманга кирип кеткенин айтты, – деди Уилсон үнүндө эч өзгөрүүсүз.

– Койчу? – деди Макомбер элейип.

– Эмкиси арстанда кандай болсо, так ошондой болгону турат, – деди Маргот жанданып.

– Шайтан алгырдыкы, арстандыкындай болбойт, – деди ага Уилсон. – Дагы ичесизби, Макомбер?

– Ыракмат, ооба, – деди Макомбер. Ал арстанда болгон сезимди күттү бирок андай болгон жок. Өмүрүндө алгачкы ирет эч кандай коркунучту сезген жок. Коркунучтун ордуна шаттыкты айкын сезди.  

– Барып экинчи буйволду карайлы, – деди Уилсон. – Айдоочуга машинаны көлөкөгө кой деп айтып коём.

– Силер каякка? – деп сурады Маргарет Макомбер.

– Буйволду караганы, – деди Уилсон.

– Мен дагы барам.

– Жүрүӊүз.

Үчөө ачык талаада кере кулач зор мүйүздүү башын чөпкө суналта бир дөбө болуп жаткан буйволго келишти.

– Башы сонун экен, – деди Уилсон. – Экөөнүн ортосу элүү дюймга жакын.

Макомбер буйволго суктанып карады.

– Жүрөк айланат ко, – деди Маргот. – Көлөкөгө барсак кантет?

– Албетте, – деди Уилсон. – Карасаӊыз, – деп Макомберге айтты да, колун созду. – Тигинде өскөн калыӊ түптү көрдүӊүзбү?

– Ооба.

– Биринчи буйвол ошол жакка кирип кетти. Курал ташыган киши айткандай ал машинадан түшкөндө буйвол жерде жаткан. Кубалап бараткан бизди, өңкөчүктөгөн эки буйволго көз салып турган. Ал башын көтөрүп караса, буйвол бутуна туруп, аны карап жаткан экен. Курал ташыган киши алды-артына карабай безилдеп качса, буйвол чытырманга акырын жылып кирип кеткен экен.

– Азыр аркасынан барсак болобу? – чыдамы түгөнө сурады Макомбер.

Уилсон аны сынай карады. “Мм, ошондой де? – деп ойлоду. Кечээ коркконунан мурдуна суу жетсе, бүгүн минтип жырткычтын оозуна от жаккысы бар го, чиркин”.

– Жок, жүрө турсун бир азга.

– Көлөкөгө баралычы, – деген Марготтун жүзү кубарып, сыркоологон түрү бар.

Алар жалгыз өскөн бутактуу дарактын астында токтоп турган машинаны көздөй басып келишип, көчүк басышты.

– Ошол жерде жантаслим болгондур эмдигиче, – деп койду Уилсон. – Бир аздан кийин барып карап көрөбүз.

Макомбер буга чейин болуп көрбөгөндөй өзүн чексиз бактылуу сезди.

– Баракелде, аӊ уулоо деп ушуну айт, – деди ал. – Мындай сезимге туш боло элек элем. Эӊ сонун болду ээ, Маргот?

– Мага жаккан жок.

– Эмне үчүн?

– Жаккан жок, – деди ал кейиштүү. – Көрөйүн деген көзүм жок.

– Мен эми мындан кийин эч нерседен коркпойт окшойм, – деди Макомбер Уилсонго. – Буйволдорду адеп көрүп, аркасынан кууганда менде бир нерсе болду окшобойбу. Дамба жарылгандай эле болду. Тим эле калкылдап толкундандым.

– Бооруӊуз тазаланат, – деди Уилсон. – Баштан нелер гана өтпөйт.

Макомбердин жүзү сыйдаланып жаркыйт.

– Чын да, менде өзгөрүү болду, – деди ал. – Мен өзүмдү таптакыр башка киши сезип калдым.

Аялы үн дебестен ага таӊ калычтуу карады. Маргот олтургучка чалкалай олтурган, Макомбер болсо алдыга жүткүнүп алып алдыӊкы олтургучта капталына кыйшая жооп берип жаткан Уилсон менен сукпат куруп бараткан.

– Сиз билесизби, арстанга дагы бир жолу жантыгыман жата калып аӊчылыкка чыкмакмын, – деди Макомбер. – Алардан эми таптакыр коркпой калдым. Эмне кылышмак эле дейсиӊ?

– Ал деген, – деди Уилсон. – Эӊ кур дегенде сизди жайлайт. Кантип дебейсизби? Шекспирдегидей. Абдан сонун. Эстесем түшүнөсүз. Сонун. Бир кезекте дайыма кайталачумун. Кана, аракет кылып көрөйүнчү: “Мага баары бир, чындык бул, адам өлөт, бирок бир гана жолу, Кудай алдында ажал улук экенине карыздарбыз. Кандай болбосун ким ушул жылы өлгөн болсо, кийинкиде өлүмдөн тышкары болот”. Сонун бекен?

Жашоосундагы көп мааниге ээ болгон ушул сөздөрдү айтып жатып оӊтойсузданды, бирок анын көз алдында кишилердин баралына толгону биринчи жолу эмес, бул анын канын дүргүтчү. Бул алардын жыйырма бир жашка толгондугуна байланыштуу эмес.

Аӊчылыктагы күтүүсүз кырдаалдар алдын ала тынчсызданбастан дароо ишке өтүүгө алып келет, так мына ушул Макомберге керек болучу, бирок бул баары бир болуучу нерсе болбой коймок эмес. Бул суу тумшукка карап Уилсон ойлонду: “Айрым адамдар көпкө чейин бала бойдон калышат экен. Кээде өмүр бою. Элүүнүн кырынан өтсө дагы бой-турпаты баланыкындай. Чоӊ америкалык бала-киши. Таӊ каларлык эл болот ой”. Бирок азыр Макомбер жагып туру. Дөөпөрөс неме, чын. Кыязы, өзүнө болгон бейопалыктын чеги бүттү дегени окшойт. Болуптур, эӊ сонун иш. Эӊ сонун, шайтан алгырдыкы!

Бу кургур өмүр бою жүрөгүнүн үшү кетип бүткөндөй. Эмнеден улам минтип калганын киши билсинби. Бирок азыр бүттү. Буйволдон коркконго убакыт болбоду. Анын үстүнө ачуулуу да болучу. Анын үстүнө машина дагын. Машина иши жеӊил. Тим эле оттун өзүн жалмачудай болуп турат. Ал согушта так ушундайды көргөн. Наристелигин жоготкондон көрө өзгөрүүнүн салмагы артык. Коркуу деген кан буугандай токтогон. Анын ордуна жаӊы нерсе баш баккан. Эркектин мазмунун аныктаган маӊыз. Эркекти эркек кылган нерсе. Аялдар дагы муну билишет. Кандуу коркунуч жок.

Машинанын олтургучунун бурчунда бүрүшкөн Маргарет Макомбер экөөнө теӊ карады. Уилсондо өзгөрүү жок. Ал Уилсондун улуу таланты эмнеде экендигин алгач аӊдаганда кандай көрсө, ошол калыбында көрдү, бирок Френсиз Макомберде болгон өзгөрүүнү азыр байкады.

– Бир нерсе болчудай күткөн бакыт сезими сизге тааныш эмеспи? – деп сурады Макомбер жаӊы сапатын изилдегенин токтотпой.

– Бул тууралуу унчукпаганыӊыз оӊ, – деди Уилсон Макомбердин жүзүн карап. – Андан көрө сиздин коркуп жатканыӊызды айткан чындыкка жакын. Эсиӊизде болсун, коркунучтун кучагында көп ирет каласыз.

– Аракетке өтүү бакытын сезген таанышпы?

– Ооба, – деди Уилсон. – Ал – ал. Мунун баарын көп айта берген натуура. Бардыгын бузуп алса болот. Оозуӊа келгенди көп оттосоӊ маӊызы соолуп, куурай болот.

– Экөөӊөр теӊ калжыр кеп урасыӊар, – деди Маргот. – Алсыз жаныбарлардын аркасынан машина менен кууп, өзүӊөрдү баатыр санаганыӊарга жол болсун.

– Кечирим сурайм, – деди Уилсон. – Ашыкча келжиреп койдум. “Камтама болгон тура” – деп ойлоп койду.

– Эмне тууралуу кеп уруп жатканыбызды түшүнбөсөӊ, аралашып нетесиӊ? – деп Макомбер аялынан сурады.

– Ойдо жок жерден ойдо жок эр жүрөк болуп чыга келдиӊ го, – аялы жек көрө айтты, бирок анын жек көрүүсүндө ишеним жок эле. Бир нерседен абдан корккон түрү бар.

Макомбер жасалмасыз жыргап күлдү.

– Билсеӊ чыга келдим, – деди ал. – Чындап чыга келдим.

– Кеч эмеспи? – куйкум аралаш айтты Маргот. Анткени ал бардыгы ойдогудай болсун үчүн көп жыл аракет кылды, ал эми азыр жашоосуна эч кимди айыптай албас эле.

– Мен үчүн жок, – деди Макомбер.

Маргот эч нерсе деген жок, олтургучтун бурчуна дагы жылды.

– Ага берген убакыт жетишерлик болду го дейм, кандай ойлойсуз? – Макомбер Уилсондон сергек сурады.

– Карап көрсөк болот, – деди Уилсон. – Окторуӊуз калды беле?

– Курал ташыгычта бир аз бар.

Уилсон суаили тилинде бир нерсе деди, баштардын биринин терисин сыйрып жаткан кары курал ташыган бала тура калып, калтасынан ок-дары салынган кутуну алып чыгып, Макомберге алып келип берди, ал болсо мылтыгынын магазинин октоп, калган окту калтасына салып койду.

– Сиз сприӊфилд менен атыӊыз, – деди Уилсон. – Сиз ага көнүп калдыӊыз. Маннлихерди Мемсаибге машинага калтырабыз. Сиздин курал ташыгычыӊыз оор мылтыгыӊызды көтөрүп алат. Мен өзүмдүн от чачмамды алам. Буйволдор тууралуу айтып берейин. – Ал Макомбердин тынчын албаш үчүн муну аягына калтырып койду. – Буйвол кол салганда башын жогору түз көтөрүп алат. Мүйүзүнүн өзөгү маӊдайын бүт жаап калат, андыктан аткан пайдасыз. Бир гана түз эле тумшукка атыш керек. Дагы бир ата турган жери – төшү же, эгерде сиз капталынан турган болсоӊуз моюнга же омуроого мээлеген туура. Жарадар болуп калса, өлтүрүш – тозоктун тозогу. Башка бир нерсе кылам деп ойлобоӊуз. Аткандын эӊ оӊоюн тандаӊыз. Баштын терисин сыйрып бүтүштү. Жүрдүкпү?

Ал курал ташыган балдарды чакырды, алар колдорун аарчып келишти, улуусу аркасына түштү.

– Мен Конгонини эле алам, – деди Уилсон. – Бириӊ бул жерде калып, ит-кушту айдап турасыӊ.

Машина ачык ойдуӊду кесип өткөн кургак сайды бойлото узун тил болуп созулуп жаткан токойлуу аралчаны көздөй ай талаада жай баратканда Макомбердин жүрөгү дүкүлдөп, оозу кайра кургап жатканын сезди, бирок бул коркунуч эмес, толкундануу болучу.

– Мынакей ал кирген жер, – деди Уилсон. Курал ташыгычка суаили тилинде буйруду: – Кандын тагын тап.

Машина бактардын бучкагына келип токтоп, Макомбер, Уилсон жана курал ташыган киши түштү. Макомбер артын карап, өзүн карап турган аялын көрдү, мылтык жанында жатат. Ал аялына колун булгалап койду, андан жооп болгон жок.

Алдыда өскөн чытырман абдан коюу экен, буттун асты кургак. Кары курал ташыгычты тер басты, Уилсон шляпасын көзүнө түшүрүп койду, кызарган мойнун Макомбер маӊдайынан көрдү. Бир убакта курал ташыган киши Уилсонго суаили тилинде бир нерсе деп айтты да алдыны көздөй чуркап кетти.

– Ал тигинде жан таслим болуптур, – деди Уилсон. – Жакшы иш.

Ал Макомбердин колун кысканы кайрылды, экөө бири-бирине жылмайып колдорун силкилдетип жатканда жапайы ач айкырык сала чытырмандан капталдап суу чаянчасынан шашыла чуркап чыгып келе жаткан курал ташыган кишини көрүштү, аркасынан таноосу эӊирейген, оозу бекем кымтылган, кан шүүшүндөйт, зор башы алдыга жүткүнгөн, канталаган кичинекей доӊуз көздөрү менен атып ийчүдөй караган буйвол кол салганы келатат. Жакын турган Уилсон тизелей калып атып жатты, Макомбер Уилсондун от чачмасынан чыккан дабыштан өз атканын өзү укпастан буйволдун мүйүзүнүн уӊгусу шифердин сыныктары сымал чачырап жатканын көрдү, жаныбар башын булкуп алды, ал кеӊири таноосун туштап туруп дагы бир жолу атты, мүйүзү ажырап, сыныктары кайра жогору ыргыганын көрдү. Азыр ал Уилсонду көргөн жок, кылдаттык менен мээлеп туруп машааны басып калды эле, буйволдун эбегейсиз зор денеси алдыларына келип, мылтыгы суналып жаткан башы менен тумшугуна теӊ келип калды. Кичинекей заардуу көздөрүн көрдү, башы шылкыя баштады, капилет-кайыптан көз уялткан аппак, ысык жарк этме мээсинде жарылганын сезди жана андан кийин эч нерсени сезген жок.

Уилсон буйволду омуроого атыш үчүн бир аз артка кетенчиктеди. Макомбер турган ордунда буйволдун тумшугуна атып жатты, ар бир аткан сайын улам жогорулай берип, оор мүйүзүнө тийип, чатырдын шифериндей сынык чачырап, ал эми Макомбер айым 6,5 мм калибрлүү маннлихер менен машинадан буйволго ок чыгарып, мүйүзүнө Макомберди мына-мына илип алчудай маалда огу күйөөсүнүн баш сөөгүнө капталдай тийди.

Френсиз Макомбер суналып буйвол жаткан жерде эки кадам алыстыкта үстөмөнүнөн жатат, аялы жанында тизелеп, жанында Уилсон.

– Оодарбай эле коёлу, – деди Уилсон.

Аял туталанып ыйлап жатты.

– Барып машинага олтурсаӊызчы, – деди Уилсон. – Мылтык кана?

Ал башын чайкады, өӊү бузулуп кетти. Курал ташыган киши жерден куралды алды.

– Ордуна коюп кой, – деди Уилсон, андан соӊ айтканы бул болду: – Абдуллага барып келчи, окуя кандай болгонуна күбө болсун.

Ал тизелей калып, калтасынан жүзаарчысын алып чыгып, чачы кыска кыркылган Френсиз Макомбердин башына жапты. Кан кургак, борпоӊ топуракка сиӊип жатты.

Уилсон туруп, суналып жаткан буйволду көрдү, шыйрактары сунулган, суюк жүндүү курсагында кенелер жөрмөлөп жүрүшөт.

– Аа, жакшы, жакшы, – мээси өзүнөн-өзү белгиледи. – Элүүдөн кем эмес дюйм. Ал айдоочуну чакырып, өлүктү жууркан менен жаап, жанында турууну буюрду. Андан кийин машинанын бурчунда ыйлап олтурган аялга барды.

– Эӊ сонун иш жасадыӊыз, – деди бир калыпта. – Ал сизди сөзсүз таштап кетмек.

– Токтотуӊуз, – деди аял.

– Албетте, бул күтүүсүз окуя, – деди ал. – Мен билем.

– Болду, сүйлөбөӊүзчү, – деди аял.

– Кабатыр болбоӊуз, – деди ал. – Алдыда алда кандай жагымсыз нерселер болгону турат, бирок сүрөткө тартып-тартып коюшат, айтып коём, тергөөдө абдан керек болот. Курал ташыган киши менен айдоочу дагы көрсөтмө беришет. Бардыгы жайында болот.

– Болдуӊузчу, – деди аял.

– Бир топ машакат болору турган иш, – деди ал. – Жүк ташыган машинаны көлгө жиберем, ал жактан радио менен учак чакырып, үчөөбүздү Найробиге алып кетет. Эмне үчүн аны ууландырган жоксуз? Англияда ушундай кылышат.

– Токтотуӊуз! Токтотуӊуз! Токтотуӊуз! – деп кыйкырды аял.

Уилсон ага көӊүл кош көгүлтүр көздөрү менен карады.

– Койдум мындан кийин, – деди ал. – Мен саал ачууланып кеттим. Сиздин күйөөӊүз мага мына-мына жага баштаган болчу.

– Суранам, токтотуӊузчу, – деди аял. – Суранам, суранам, токтотуӊузчу.

– Андай болсо жакшы, – деди Уилсон. – Суранган – жакшы нерсе. Мен эми койдум.

Англисчеден оодарган “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Эрмек ШОРУКОВ

2021-жылдын 14-июну

[1] distinguished consideration – кастарланган урмат.

[2] мемсаиб – турмушка чыккан айымга урмат менен кайрылуу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз