Асанбек Кулманбетов: Эне илеби ысык

  • 24.06.2021
  • 3430

АҢГЕМЕ

Жылдык аштын аягы суюлуп, келген куда-сөөк, алыскы-жакынкы туугандар узап, эшик алдындагы орунтукта жетимиштен эми ашкан, буудай жүздүү, өзүнө жарашкан чокчо сакалы бар олбурлуу Муса жалгыз отурду.

Колундагы чыбыгы менен жер чукуй, ойго берилип кеткен. Анда-санда ийни менен оор дем алып коёт. Анан кантмек, элүү жыл эриш-аркак бирге жашаган байбичеси каза болуп, акыры жылдыгын өткөрүп, жалгыз калганына эми гана ишенип атса. Көз алдынан баардыгын чубуртуп өткөрөт. Шыңгыр күлгөн, ай чырайлуу татына кызды кантип үйүнө алып келгени, ата-энесинин чачыла чачып, ак жоолук сальш тосуп алганы. Келинчеги акыл-эстүү чыгып, өзү анын бөпөлөөсүндө өмүр өткөрдү. Бир аз гана кейип калган жери, эки кыз, бир эркек төрөгөндөн кийин келинчеги катуу ооруп, төрөбөй калганы. Болбосо Мусанын каш-кабагынан эмне айтарын билип турчу.

Кыздары да эстүү чоңоюп, очор-бачарлуу болгон. Кырк бешке келип калган уулунун кызы да турмушка чыгып, ал балалуу болгон. Жашоо-турмушунан эч өксүгү жок, өмүр бою колхоздун жылкысын багып жүргөн Мусанын жаздыкка башы тийип, төшөк тартып жаткан күнү болгон эмес. Бүгүн да элүүдөгү жигиттей аттанып бастырып кетет. Баласы да бухгалгер, экономист, селсоветтин секретары болуп, айтор жалаң контордо иштеп калганы, үйдөгү чарбачылыктын баарын неберелери менен Муса жасайт.

Тоодон түшкүсү жок эле. Айла жок, байбичеси оорулуу болуп калган үчүн гана заңгырата салынган, уулу жашап аткан үйгө - жакага түшкөн. Эми минтип байбичеси тооруган оорудан көзү өтүп, жалгыз калды. Канчалык небере-чөбөрөлөрүн бооруна кыса, жыттап-жыттап алган менен, баарыбир бир нерсе капшытын бөксөртүп, коңултактап отурат. Неберелери көзүн карап, келини жакасына кир жугузбай, ачка калгырбай... Уулу азыр да өйдө карабай бөпөлөп турат. Башынап оор басырыктуу Муса, бул жагынан кеми жок, дөөлөттүү улгайып келатат. Бирок...

*      *      *

Муса аксакал кой кайтарып талаага кеткен. Түшкө маал эле. Келдибек үй-бүлөсү менен чай ичип отурушкан. Аңгыча Муса курактуу, андан улуу эки аксакал келип калды. Алар деле Мусалардын уруусунан, өздөрүнүн туугандары эле. Келдибек тура калып, аларды төргө өткөздү. Бир-эки чыныдан чай ичишкен соң, ак сакалын жайкалткан, бир чети айылдын кадыр-барктуу аксакалы Абды абышка кеп баштады.

- Келдибек балам, биз эмнеге келгенибизди билип атасыңбы?

- Жок, ата... Айта бериңиз?..

- Айтсам, мындай... Бу, баланын бир парзы бар, апасынын көзү өтсө, атасына байбиче алып берет. Угушума караганда, атаңа ак жоолук алып бергенге каршы экенсиң. А биз чекмелеп сурап көрсөк, атаң Мусанын көөнү бардай. Эмне болсо да тизесин жылытып, кир-когун жууп турганга, кабак-кашына карап, айланчыктаганга бир ак жоолук алып берсе Мусага туура болот эле. Биз ушуну сени менен кеңешели деп келдик. Мына, өзүң билесиң, бул атаңа деле апа алып бердик эле, балдарын өз балдарынан артык бөпөлөп, абышкасына чаң жугузбай карап отурат. Өзүң деле неберелүү болуп, эл ортону элүүнү таяп келатасың. Ойлонуп көрсөң, - деген Абды абышка Келдибекке суроолуу карап калды.

Келдибектин кашы бириге, атасындай кабелтең, олбурлуу неменин ийиндери солкулдай, кара, сыйда муруту бириндей. өңү бозоро түштү. Келинчеги Сонун деле билгизбеген менен кабагын түйө, күйөөсүнө аста көз жүгүртө, идиш-аякты кармамыш болуп калды. Келдибек биртопко үнсүз, шорулдага чайдан күчүн чыгарып атты.

- Э, Келдибек, айтпайсыңбы, бирдеме! - деди Абды абышка. Ошондо гана Келдибек кепке келди. Канчалык өзүн карманып, сабырдуу сүйлөйүн деген менен, үнү калтырай, башкача чыкты: - Эмне, атам өзү айттыбы, аял алам деп?!

- Ой, мен сага эмне деп атам, ыя?! Мына биз айтып атабыз, атаңды үйлөнт деп. Керек болсо так ушуну сен айтышың керек болчу, атаңа! Сенин балалык парзың эле да!

- Аталар, анда мындай... Атамдын жакасына кир жуккан жок. Ач калып атпаса... Неберелери чоң аталап эрмек болуп атса... Эмне жетишпей атыптыр атама?! Анан кантип элүү жыл бирге жашаган апамдын шейшебине башка бирөө жатыш керек экен?! Элестеткиле. Туура, бул кишинин байбичеси эстүү киши экен. Анын үстүнө өмүрү төрөгөн эмес. Ошон үчүн батышып сый болуп отурат. Бирок мындай болгон менен бул кишинин байбичеси менен балдарынын ортосундагы ыйкы-тыйкыларды билбейт дейсизби? Билебиз, баарыбыз. Ал түгүл бирдеме болсо эле төркүндөрүнө ташыйт деп угабыз. Мына, Эсен авам өзү айтсын, булар эле тынч жашап атыптырбы! Ылдыйкы Сапар абышканы билесиңер, эч кимиси менен батышпай, уул-келини жокто үйүндөгүлөрдү бүт жүктөп, абышканын малынын теңин айдап кетип, эмне болушту, кырчылдашып. Милийсанын күчү менен басышты. Ушуларды көрүп туруп атама кантип аял алып берем?! Атама деле убал болот, же бизге тарталбай, же кемпирине тарталбай. Балдарыбызга болушуп бизге жаман болот. Керкисинен да кемтик издеп келини менен аңдышып отурса, ушул жакшы болобу?! Кемпирине болушат деп атам экөөбүздүн ортобуздан жик кетип отурса, ушубу менин парзым?! Жок, авалар, андай оюңардан кайткыла. Улгайганда атам да кемпир деп кыялданганын койсун. Мен апамдын төшөгүн бирөөнө тебелеттирбейм. Жок, силер болбой эле кирише берсеңер, анда биз бир жакка көчүп кетели... - деген Келдибек опурула-жапырыла абышкаларды каптай, биртоп сүйлөдү. Эки абышка үнсүз отуруп калышты да, бир маалда Абды абышка Келдибектин аялына кайрылды:

- Кана балам, сен эмне дейсиң? Сен дагы айтып көрчү?

Келдибектин аялы кыйналып-кысталып атып:

- Келдибектин айткандары эле туура го...- деди. Ошондо гана Абды абышка жанындагы абышканы чыкананы менен түртө:

- Тур, кеттик, эстүү деп ишенгенибиз ушул Келдибек болсо!.. Мунун айтканы бул, - деди да, туруп жөнөдү. Келдибек алардын артынан чыгып, байлануу турган аттарын чечип, аттандырды. Абды абышка ат үстүнөн туруп, саал эңкейе, Келдибекке:

- Балам, атаң багылбай калып атат деген кеп эмес. Атаңдын алы-күчү элүү жаштагыдай. Жакшылап ойлонуп туруп, улуксаат бергениң эле оң. Эрте күүдөн калтырбасаңчы, убалыа каласың. Муну эркек деп сага айтып атам, - деди да, атынын тизгинин силке, теминди.

Келдибек ойго баткан бойдон атасы олтуруп жүргөн орундукта көпкө отурду.

*      *      *

Атасынын жасана кийинип, сакал-мурутун тегиздеп, бир орунга туралбай жайдары тарта, кудуңдап басып жүргөнүн көргөн Келдибек үн-сөзсүз конторго басып кетти.

... Келдибек конторго жеткенде алдынан бирөө чыгып калды.

- Ой, коңшу кут болсун дечү беле! Атаңа ак жоолук алып бергени атассыңбы? Туура кыласың. Буюрса, жентек жейт экенбиз да, - деп бажактай сүйлөп, колду сунуп келатты эле, кол алышмак түгүл жөөлөп өтүп кетип калды. - Омей, соо эмес ко, - деген бойдон калып калды, тиги киши.

*      *      *

Келдибек өзүнөн өзү ызаланып, кабагын карыш түйүп жүрүп, кечке жуук арак алдырып ичип алды бирөө менен. Анысы кайра дагы бирди алды. Айтор, оолжуй басып отуруп үйгө киргенде үйдө киши-каралар бар экен. Келиндер боорсок жасап жүргөн. Бир жеңеси алдынан чыгып:

- Ай, кичине бала, сүйүнчү, апалуу болдуң! Биякта тойго кам уруп атсак, жоксуң да. Жүрү, апабызды көрсөтөйүн, көрүндүгүңдү кабелтең камда, - деди шакылдай. Келдибекти колтуктамакчы болду эле, Келдибек колун силкип алып, үйгө кирип кети. Түз эле аялы экөө жаткан бөлмөгө кирип, диванга кулады.

- Олда, апакем ай! Сени дагы бир өлтүрдүм го, э! Карааныңдан айланайын апам!.. Энелик жытыңды кимге алмашам, апа!.. Алтын апам!.. Сен көз алдымда туруп, кантип башка бирөөнү апа дейм!.. Эмнеге гана бизди таштап кете бердиңиз, апаке!.. - деп мас неме булдуруктай көмкөрөсүнөн жатып алып букулдап ыйлап атты. Аңгыча аялы кирип келип, ийинден тартты:

- Кеки, кантесиң, жаш балача! Эл эмне дейт?! Атамдын көңүлүнө кетпейби. Баласы жактырбаса, мени эмнеге алып келишти деп жаңы апабыз укса эмне болот?! Ырас, жол бердиңби, эми ошого жараша бол да, куру намыстанбай... - деп келатты эле, аялынын колун силкип ийип:

- Ыя де! «Жаңы апалуу» болдуңбу?! Бар, «жаңы апаңа» өзүң жоолук салып, ал эмес көшөгө тартып алып, атаңа жаш келиндей кылып салып бер! Сага эмне, башың оорумак беле? Атамдын кирин жуубай калам деп сүйүнүп аткандырсың! - деп оройлонду.

Аялы көзүн алайта туруп калды да, сыртка чыгып кетти. Бир маалда атасынын иниси кирди. Ал дагы чырымталы жаш көрүнгөнү менен, атасына окшош, бирок сакал коё элек, алтымыш бештен өткөн киши эле. Келдибек ал кишини аябай жакшы көрүп, анын айткан-дегенин «лам» дебей, акыл-кеңешчиси катары сыйлачу. Ал кирип, жанына отуруп-отура электе аны кучактай калган Келдибек ый аралаш минтип кирди:

- Аваке, айтыңызчы, ушул кантип болсун! Кантип гана апамды бирөөнө алмаштырам?! Кантип?! Апамдын өзү өлсө да, арбагы карап турбайбы! Уялбай кантип апа дейм, башка бирөөнү, аваке!.. Кудайга жагабы, ушу?!

Келдибектин кызуулугун көргөн атасынын иниси Келдибекти жонго таптай, акылын айтып кирди:

- Кеки, жаш бала эмессиң, акылыңа келсең. Апаң өлдү деп эми атаңды да жокко санайсыңбы? Бой атага аял алып бериш баланын парзы. Керек болсо өмүр бою байкемди сен дебеген жеңемдин арбагы да ыраазы болот. Анткени тирүүсүндө абышкасынын кабагы карыш салынбасын, кайгыга батпасын деп ардактап-бөпөлөп тураар эле. Арбагынан айланайын жеңем, абышкасынын кабагы эми чөксүн демек беле, эгер көрүп турса. Дагы эле абышкасынын күлкүсүн, жайдары жүрүп, жакшы маанайда балдарынын жанында болуусун самайт да. Тур өйдө! Акылыңа кел. Ушунча эл каалап той кылып атканда, үйүңдү үңкүргө айланткан өзүң болбой, тоюңду жакшылап өткөр. Атанын батасы уулун көкөлөтөрүн ойлон. Эмне, ушуну менен эле энени унутуп калсын деп атыптырбызбы. Ал кишиге курандан башка эч нерсенин кереги жок. Эми атаңдын салбырап, эл алдында да мүңкүрөп отурушун каалайсыңбы? Алдагы көз жашыңды жогот дагы, күлүп-жайнап элге чык!

Келдибек үн-сөзсүз көзүнүн жашын аарчый, өйдө болду.

*      *      *

Келдибек атасы менен күңк-мыңк эте сүйлөшкөнү болбосо, эч сүйлөшпөйт деле. Ал эми «жаңы апасы» менен бир ооз да сүйлөшпөйт. Алар менен балдардын данакери болгон жалгыз эле аялы сыяктуу. Ал үзүлүп түшүп кайнатасын кандай караса, жаңы кайненесине да ошондой мамиле кылат. Аялы менен «жаңы апасынын» баш тийгизе күбүрөшүп калгандарын, кээде күлүп отургандарын көргөн сайын ичи бышып кетет. Айрыкча атасы менен «жаңы апасынын» бирин-бири астыртан тамашалашып атканын көргөндө ичи туз куйгандай ачышат. Андайда эшикке чыгып кетет же китеп окумуш болуп калат. Баарынан да балдарынын «чоң энелешип» тебелеп-тепсеп жүргөнүн, а «жаңы апасынын» аларга жомок айтып атканын, же тамак берип атканын, кийинтип-ичинтип, жалынып атканын көрүп, ого бетер итатайы тутулат. Ошон үчүн... Ошондой көрүнүштөрдү көрбөш үчүн эрте жумушка кетет да, кеч келет.

*      *      *

Атасы менен «жаңы апасын» үйлөнткөнүнө бир жылдай болуп, турмуш көнүмүш нерсеге айланган. Бирок Келдибек көгөргөндөн көгөрүп, «жаңы апасына» бойсалбай жүргөн. Бир күнү жумушу боюнча Келдибек бир жеңил машина менен район борборуна барып келаткан. Машинанын ичи толтура эле. Айдоочу жаш жигит экен, улам эле учурта айдап калганда ичиндегилер:

- Акырын айдачы, ой! Кишинин анча-мынча жашын алып коймой болдуң! - дешип тамаша-чындап тыйып келатышкан. Аңгыча кууш эле жерден бир машинаны басып өтүп бараткан. Астында отурган Келдибек:

- Ой, басып өтпөй эле койчу. Кайда шашасың? - деп айдоочуга айтып, кайра жолду карай бергенде эле алдынан килейген «КамАЗ» көрүндү. Көзүн жуумп жибергени гана эсинде, «карс!» эткен катуу добуш кулагына жаңыра, андан кийин эч нерсе эсинде жок.

*      *      *

Аппак кийинген апасы жанында тургансыйт. Колдору менен чекесинен сылап атат. Колдору ысык экен. А өзү былк этпей, таш бастырып салгансып, оор салмактан кыймылдай албады. “Кагылайын ай! Сакайып кетсең экен!” - деген апасынын үнү жаңырды кулагына. Колун өйдө кылып, апасынын колун кармайын деди эле, колу кыймылга келбеди. Апасын көрүп эреркеп кеткенсиди.

- Апаке... - деди үнүн өзү да укпай калгансыды.

- Апаң сенден айлансын, кагылайын! Деги көзүңдү ачтыңбы! Бизди көз жашка калтырбай айыгып кетсең экен, алдыңа кетейин!.. - деп бышактаган үн чыгып, ысык колдор чекесин сылады.

Көзүн ирмеп-ирмеп алды. Эми даана көрдү. Ак халат жамынган «жаңы апасы» чекесин сылап туруптур. Көзүнөн салааланган жаш агып атат.

- Айпанайын балам, айланайын!.. Ошентчи, кагылайын! Көзүндү ачсаң, алдыңа кетейин! - деп жалынып, көз жашын тыйбаган бойдон Келдибектин чекесинен өптү.

Өз апасынын илеби келе түшкөнсүдү. Эптеп кыймылга келген Келдибек оң колун көтөрмөкчү болду эле, таңылып, асылып турат. Сол колун кыймылдатты. Бош экен. Салмактуу болуп, араң өйдө кыла, «жаңы апасынын» чекесинен сылап аткан колун кармады. Сүйлөйүн десе, тили күрмөөгө келбейт. Аңгыча ак халат кийген врач кирип келип, «жаңы апасын» каруудан ала:

- Апа, уулуңуз көзүн ачпадыбы. Эми кудай буюрса жакшы болот. Бул жерге эч кимди кийирген болбойт. Уулумду көрөм деп, ыйлап туруп алганыңыздан гана сизге көрсөтүп атпайбызбы. Жүрүңүз эми. Абышкаңызга сүйүнчүлөңүз. Жүрүңүз, - деп жетеледи.

Келдибектин чекесинен дагы өөп алган «жаңы апасы»:

- Алдыңа кетейин, уулум, үч күндөн бери сени көзүн ачса экен, эсине келсе экен деп атып атаң мүңкүрөп чөгүп калды. Барып сүйүнчүлөйүн... - деп көзүнөн сызылган жашты аарчый, сыртка жөнөдү. Көз кыйыгын жиберип, артынан караган бойдон калган Келдибек «жаңы апасын» кудум эле көзү өткөн апасына окшоштуруп алды.

- Кечириңизчи мени... Экинчи сизди жаман көрбөйм, апа... - деди эрдин кыбыратып.

Бул сапар өзүнүн үнүн өзү даана укту...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз