Темир уста менен ажал тууралуу икая

  • 28.06.2021
  • 3563

Күтүлбөгөн конок

Кеч кирип, айылдык уста бүгүнкү иштеринин аягына чыгып калган. Көөрүктүн отун жаңыртуунун кажети жок эле.

Аңгыча каалга кычырап ачылып, устаканага бирөө кирди.

Ал бурулуп артын карабай туруп, бүгүнкү жумуш күнү бүткөнүн, анын эртең келишин айтып күңкүлдөп койду. Бирок жооп болгон жок.

Ал артына тез бурулуп, кеч келген чакырылбаган конокту сөгүп кууп чыкмак болду... бирок  бурчка келип олтурган конокту көргөндө мындайды күтпөгөндүктөн жүрөгү оозуна тыгыла түштү.

– Сиз... сиз...

 – Ооба, бул менмин, – деп жооп берди конок өзүнүн бир топ эле жагымдуу үнү менен.

Уста бою эки метрге жакын зор адам болсо дагы, башын кара чүмбөт менен жаап, колуна чалгы кармап турган Ажалды тааныганда денеси титиреп, үнү каргылдана түштү.

– Сиз... Сиз мени алып кеткени келдиңизби? – деди тили булдуруктап.

 – Жок, мага сиздин жардамыңыз керек, – деп жооп берди Ажал жайбаракат.

– А мен сизге кандай жардам көрсөтө алам? – деди таң кала түшкөн уста.

– Мага бир кызмат кылып коюңуз. Менин чалгымды бир аз оңдоп, курчутуп бериңиз. – Ажал ага чалгысын сунду. Уста бир аз кармала түшүп, бирок коноктун суранычына каршы боло албай анын чалгысын колуна алды.

Чалгыны ары айлантып, бери айлантып, бармагы менен мизин сыдырып көрүп куралдын абалын адис катары баалап көрдү. Чалгы мокоп, шылкылдаган башын небак эле оңдош керек экен...

Ажалдын ачылып сүйлөп бергени

Чалгыны колуна алып, эмне кылуу керектигин карап жатып, уста минтип күңкүлдөдү:

– Чын эле мен ушунча элдин башын алган куралды кармап турамбы?

Муну уккан ажал ордунан ыргып туруп, кызуулана бакылдап сүйлөп кирди...

– Сен чын эле ошол адамдардын бардыгын мен өлтүрдү деп ойлойсуңбу? Билгиң келсе, мен бир да адамдын канына залал кылган эмесмин. Мен жаралгандан бери бир да адамдын жанын алган жокмун. Менин милдетим ар дайым өлгөн адамдардын жанын оо дүйнөгө узатып коюу гана болгон. Мен жапжаш, сулуу кыз элем... Гүл өскөн талаа менен ар бир адамдын жанын ээрчитип, аларга өз күлкүмдү тартуу кылчумун, ал эми...

Ажал башындагы чүмбөтүн сыйрып салды, устанын алдында бети-башын бырыш басып, карылыгы жеткен кемпир турду.

– Жакшылап тиктеп, менин кебетемди көрүп ал! Мени силер, адамдар ушул абалга жеткиздиңер! Мен аппак көйнөк кийип, колума талаа гүлдөрүнөн гүл чамбар кармап алып, артымдан бактылуу жандарды ээрчитип жөнөчүмүн, анткени алар татыктуу жашоо өткөрүшчү... А андан кийин... Силердин жүрөгүңөр карайды. Ниетиңер бузулду. Силер акча, мансап жана жеке жыргалчылыгыңар үчүн өз бир туугандарыңарды өлтүрө баштадыңар... Мен силердин жүзүңөрдөн күлкү көрбөй калдым, мен да силерге баштагыдай жылмайып карай албадым. Ак көйнөгүмдү, капкара аза көйнөккө алмаштырдым, ал эми мен силерди ээрчиткен гүлдүү талааны тикенек басты. Чалгы мага дал ошол үчүн керек! Мен аны менен аркы дүйнөгө барчу жолду тазалайм. А силер өз таш боордугуңарды, мерездигиңерди моюнга алгандан коркуп, бардыгын мага шылтайсыңар!

Муну айтып болуп Ажал башына чүмбөтүн кайра жаап, ордуна барып олтурду.

Уста Ажалдын айткандарына таң калганынан оозу ачылды, ал уккандарын түшүнүүгө аракет кылып, бир мүнөтчө ордунан козголгон жок. Анан барып эсине келди да көөрүгүнө бурулуп баратып мындай деди:

 – Жарым саат ичинде даяр болот, олтура туруңуз.

Уста ишке киришти. Бул убакта экөө тең унчугушкан жок.

Ишин аяктап уста чалгыны ээсине сунду. Ажал аны айланта карап устанын ишине ыраазы болду:

 – Өз ишиңиздин чебери экенсиз, Сизге канча берем?

Уста башын ылдый салып үн катты:

 – Эч нерсенин кереги жок, жакшы барыңыз.

Ажал устага алкышын айтып жолуна түштү. А уста чогу кызарган көөрүктүн жанында ойго батып бир топко олтурду.

Алардын кийинки жолугушуусу көп жылдардан кийин болду. Устага ыраазы болгон Ажал анын үйүн бир топ жылдар бою айланып өтүп жүрсө керек.

Бирок аттиң, түбөлүктүү эч нерсе болбойт турбайбы.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз