Улут лидеринин көөнөрбөс кенчи

  • 17.03.2021
  • 2950

же Ж.Абдрахмановдун кыргыз адабиятына жана тарых маселелерине тийгизген таасири

(Ж. Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата)

“Тарыхы болбой, эл болбойт" деген накыл кеп бар элибизде. Бүткүл адам аттуунун тарых-таржымалы эскиден калган сөз, эмикиден келген көз сыяктуу ушуга чейин изилденип келүүдө. Ааламга адам жаралды, демек, тарыхы, өтмүшү бар. Из изди кууйт, суу сууну кууйт. Дүйнөлүк тарых илими болобу, анын ичинен өзүбүздүн тарых илимибиз болобу – түпкүрдөн кайнап чыккан булактай терең да, бай да. Негизинен, кыргыздын накта тарыхын жазуу, жыйноо иштери 1917-жылдан, тагыраагы эски колониялык система кулап, жаңы социализм бийлиги орногон учурдан башталат.

Чындыгында 17-жылга чейин тарых чордонунун алгачкы көөнөргүс баалуулуктары Осмонаалы Сыдык уулунун “Мухтасар тарих Кыргызиа” (1913-жылы), ал эми “Тарих кыргыз Шадманиа” (1914-жылы) өзүнчө китеп болуп, болгондо да Уфа шаарынан басылып чыкканы эң биринчи тарых изилдөөнүн пайдубалын коюп берген. Ошону менен эң алгачкы адабий мурас катары да, адабият майданынын изилдөө чөйрөсүнүн арымы башталган. Бирок эмнегедир аталган китептердин чыкканына 100 жылдан ашык убакыт өтсө да, илимий-техникалык доордун арааны жүрүп турганда жетишерлик камкордук көрүлбөй, 2014-жылы гана Осмонаалы кызы Бүбүштүн кийлигишүүсүндө оңдолуп-толукталып, кайрадан басылып чыкты. Бул чети гана. Буга окшогон изилдөөнү талап кылган тарыхый жана адабий жагдайлар абдан көп. “Көркөм сөз өнөрүнүн маселелери” аттуу ф.и.д., профессор Л.Үкүбаеванын илимий жыйнагында О.Сыдык уулунун аталган эки китебин тарыхый шарттуулукта адабий мурас деп баалап, кеңири анализ жүргүзүп, чыныгы маани-мазмунун чагылдырып өткөн [3;44-92-бб]. Бул айкалыштар аркылуу эмнелерди айткыбыз келди? Тарых – бул түбү жок океан. Канчалык сүңгүп тереңдеген сайын билбеген, укпаган факт-далилдер балкып чыга берет. Биз макалабыздын сап башындагы азыноолак факт катары О.Сыдык уулунун “Мухтасар тарих Кыргызиа" жана “Тарих кыргыз Шадманиа” эмгектерин атап кеттик.

Биздин негизги кеп кылчу объектибиз башка. Айтылуучу инсанды ар жактама түшүндүрүү максатында сөздү алыстан баштадык. Анткени, кыргыздын мамлекет болуп калыптанышында, маданий, адабий жана тарыхый жактан өсүү мезгили дал ушул инсан менен түздөн-түз байланыштуу.

Албетте, бул инсан Ж.Абдрахманов. Ал 1901-жылдын 28-декабрында Ысык-Көл облусунун Чиркей айылында төрөлүптүр. Ал учурда кыргыз журтчулугу түгөл Россия империясынын курамына карап турган. Көрсө, Жусуптун ата-бабасы жер башкарып, эл бийлеген манап, бий, болуш болушуптур. Өз атасы Абдырахман Балапанов болуш болуп турганда 1916-жылдагы кандуу көтөрүлүш чыгып кетип, ага катышып калат да, орус бийлигинин ырайымсыз кыргынында “келте" деген жаман ооруунун айынан каза болгон.

Кыргын, чапкында бирин-экин бир туугандары тирүү калса мейличи… Апасы менен кошо жети бир боору жапырт оо дүйнө кете бериптир [4]. Бир гана иниси Токо экөө азган, тозгон эли менен Кытай жергесине барды. Ошол жерде эле жыргал жашоо күтүп туруптур дейсиңерби?! Жок! Ач белде, кыр-жондо нечендеген кыргыздын сөөгү кузгун, бөрүгө жем болду го! Ал жакка барышына барып алып, ачкалыктан, жугуштуу оорудан канчасы өлүп берди го! Курсак үчүн, жашоо үчүн бетине түк чыга элек кара чечекей балдарын, кыздарын жети-атасы бөлөк-бөтөн уйгур менен кытайларга сатышты, аттиң десе. Жашоо, өмүр, өлүм... Ээ, койчу бул окуяларды жазганда эмне? Ансыз деле кандуу үркүн жөнүндө даректүү баян, адабий көркөм китептер, тарыхый изилдөөлөр бир эмес, жүздөп саналат.

Ж.Абдрахманов жаштайынан кат-сабаты эрте ачылып, билим алууга ынтызарланган тура. Ал убактарда колунда бар бай-манаптардын балдары гана Орус империясынын жер-жерлердеги орус-тузем мектептеринен окуп калышканы белгилүү. Жусуптун болуш атасы, колунда бийлиги бар кезде уулун тил үйрөнсүн деген таризде окуткан чыгар. Ушундай алгылыктуу иши кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүндө зор роль ойнободубу. Негизинен, окууну эңсеген жаш бала Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьева айылы) орус-тузем мектебин аяктап, 1914-жылдан окуусун Каракол шаарынан улантат. Үркүн окуясы болбогондо андан кийинки жашоосундагы ийгиликтердин туу чокусуна чыкпайт беле, ким билет? Кантсе да болор иш болду, боёсу канды. Үркүндүн берген ачуу сабактары күн келип, Ж.Абдрахмановду улуттун мекенчили катары тарбиялап чыгарды.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз совет бийлигинин бир канча жооптуу кызматтарын аркалаган чыгаан атуул, элдин уулу Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык маарекеси, быйыл мамлекеттик деңгээлде белгиленгени жатат. Бул киши тууралуу көптөгөн илимий монаграфия, илимий изилдөөлөрүн жазып жүргөн кыйла окумуштуу-жазуучулардын, тарыхчылардын жеке кийлигишүүсү менен тарыхый мааниси зор коомдук жана маданий ордун таап отурат.

Советтер союзунун системасына көнүп калган билим берүү тармагыбыз 1991-жылдан оңолгус кара туңгуюкка кептелгенин билебиз. Окуу программаларга элдин эсин эки кылган окуу куралдары, тарыхтын татаал ашууларын далилдеген обу жок дата, мааниси бар адамдардын туулган жылы, ошону менен катар мамлекеттик ишмердүүлүгү жөнүндөгү маалыматтар дагы да “кара сандыктын" ичинде калган. Маселен, мектептин 8-класстарынын тарых китебине заманчыл акындар тобунун сап башындагылардын бири Арстанбек Буйлаш уулунун өмүр баяны чалкештикке учураган, б.а. туулган жылы менен өлгөн жылы 1824-1878-жыл деп, ал эми ошол эле класстардын кыргыз адабияты китебине туулган жылын 1840-жыл, өлгөн жылын болсо 1882-жыл деп берилиптир. Мындай адырайган айырманы байкаган окуучунун башы айланары турган кеп. Чындыгында экөөсүнүн кайсынысы туура?!

Белгилүү тарыхчы, т.и.к., профессор К.Молдокасымов быйылкы жылдын резонансы катары И.Арабаев сыяктуу улуу инсандардын тактала элек өмүр жолун Ташкент, Алматы, Москва өңдүү ири шаарлардын архивдеринен караштырып жатып, А.Буйлаш уулуна да тийиштүү даректүү материал таап алганын жазып чыкты. Анын жазуусу боюнча А.Буйлаш уулунун туулган жылы жана өлгөн жылы кыргыз адабияты сабагында жазылган 1840–1882-жыл деген дата туура экен. Себеби, акын 16 жашынан мамлекеттин саясий чордонуна активдүү аралашып, өмүрүнүн соңку жылдарында өз айылында “бий" даражасын аркалаптыр. Мындай далилдүү фактылар К.Молдокасымовдун изидөөлөрүндө арбын учурайт. Козголуп жаткан каарманыбыздын бейнесинен алыстабай, Ж.Абдрахмановго окшогондордун мамлекет үчүн жасаган эмгектерин дагы да терең изилденип, окуу программарын толук башынан жалпылаштырып чыксак экен дегенибиз. Биздин кооптонгонубуз – баш айланткан жылнаамалардын кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес экенин ажырата албай, ара жолдо калбасак болгону.

Жаштайынан тирикарак чоңойгон Жусуп мээнеттин кара терине бышып, элинин турмушун ар жактама үйрөнөт, өздөштүрөт. Анын кыраакы иш билгилиги мамлекеттик кызматка келгенден байкалып, мекенинин өсүп-өнүгүшүнө зор салымын кошту. Болгону 18 жашынан партиялык кызматка өтүп, жаш кыргыз мамлекетин курууга баш оту менен кирип кеткен экен. 1920-жылы ВЛКСМнын  3-съездине катышып, ошол жерден СССРдин “атасы" В.И.Ленин менен чогуу иштешкен. Кийин 1924-жылдардагы “Кара кыргыз” автоном областын түзүүдө жигердүү катышып, эң алгачкы кыргыз эли өзүн өзү башкаруу формасын жактаган санаалаштары А.Сыдыков, И.Арабаев, К.Тыныстанов ж.б. коштоосунда уюткулуу улуу журттун калыбын аста чыңап барышыптыр. Ушул жерден маанилүү жагдайды эске алуу керек, жаш мамлекеттүүлүк маселеси козголгондо коңшу элдер, тагыраагы азыркы Өзбекстан Республикасынын автономия областы болгон Каракалпакстандын билерман уулдары менен биргеликте Түркестан АССР курамындагы борбору Жалал-Абадда болгон, Ысык-Көлдөн тартып, Арал деңизине чейин созулган Каракыргыз-Каракалпак автономиясын түзүү идеясын көтөрүп чыгышкан. Албетте, бул план саясаттын “буттан чалма" оюндарынын айынан ишке ашпай калды. Эгер ушул жагдай чындап оң натыйжасын бергенде каракалпак эли менен ымалалаш, туздаш, тамырыбыз бир болуп калмак, ири өлкө курулмак.

“Бешиктеги баланын бек болорун ким билет” дейт даанышман элибиз. Анын сыңарындай жаш Жусуптун кыргыздын улуулугун түп тамырынан бери өзгөртүп жиберерин теңтуш жоро-жолдоштору, жогорку бийликте тургандар түк ойлошпосо керек. Айрыкча, анын дагы бир көрөгөчтүгү ушундан билинет: СССР борбору Москвада жооптуу кызматты аркалап турганда, мүлдө аттуу-баштуу “элиталардын" экиден бири И.В.Сталинге маанилүү жыйынга кечигип келгени үчүн эскертүү бергени айтканынан кайтпаган, ким болбосун мыйзам бузууларга жол бербеген эрктүү экенин айгинелейт. Мына сага, кыргыздын кашкөй тарыхы! Кимдин кими Сталинге тике тайманбай кайрылат, ыя! Эзелтеден кыргыздын кан-канына сиңген баатыр, тайманбас мүнөз ушул жерде тастыгын таап отурат. Бир гана “азамат" деген сөздү айта алабыз.

Дегеле Абдрахмановдун маданий арымга болсун, экономикалык өнүгүүгө арым болсун, төгөрөгү төп келген иштерди бирдей алдыга сүрөгөнүн билебиз. Айталы, Москвада турганда “күмүш кылымы" аталган адабият доорунун төбөсү көрүнгөн өкүлдөрү В.Маяковский, М.Булгаков, Б.Кушнер, А.Ахматовалар менен санаалаш, сырдаш болгондугу мамлекеттик ишти гана эмес, жан дүйнөсү бай адабий аруулуктун типтүү нускасын түшүнгөн адам катары кыргыз коомчулугун сандык, болбосо, сапаттык жактан өсүшүнө өбөлгө түздү десек аша чапкандык болбос. Дегинкиси, жаңыдан телчигип келе жаткан советтик кыргыз адабиятына орус адабиятынын аталган алптарынын жазуу, сызуу жана ой-жүгүртүү стилин алып келгендигине байланыштуу. Чындыгында телчигүү жолундагы адабиятыбыз үч тектин (эпикалык тек, лирикалык тек, драмалык тек) тең өзүнчө агымын таба албай, ошол эле орус адабиятынын таасиринен чыга албагандыгы белгилүү (маселен, А.Токомбаев Горькийди, Т.Сыдыкбеков Толстойду туураган сыяктуу).

Так ушул жагдайда Абдрахманов кыргыз совет адабиятына жаңы мүмкүнчүлүк жаратпай коё алмак эмес эле. Өзү лириканын нугуна шуңгуп кирип же прозанын майданында ат салышпаса да, кандайдыр бир деңгээлде адабиятка таасирин тийгизип, алгачкы “сөз өнөрлөрүнүн” чыгармачыл жолуна ак батасын берип турган чыгар. Биздин пикирибизче, 1924-жылга чейин өзүбүздүн өзүнчө калыптанган жазуу иштерибиз, ошондой эле китеп басып чыгаруу тармагыбыз болбогондуктан ага чейинки жаралган чыгармалар, маселен, С.Карачевдин “Эрксиз күндөрдө” повестин, “Эрик таңында" аңгемелер жыйнагын, ж.б. дагы бир акын-жазуучу К.Тыныстановдун “Мариям менен көл боюнда” аңгемелерин жыйнагын каржылап, казак, татар тилдеринде чыгышында зор роль ойногон деген ойдобуз. Анткени, өкмөттүн тоталитардык цензурасы укуругун так төбөгө ойнотуп турганда мындай деңгээлде ийгиликтерге жетүү өтө кыйын болчу. Өзү да чыгармаларды тынбай окуп, кыргызстандык чыгармачылдар менен алака-катнашын үзбөй, адабий майдандын такшалышына шарт түздү. Демек, Абдрахмановду жаңы доордун башталышындагы жаңы багытты тапкан, коомдук турмушту жөнгө салган агартуучу катары сыпаттасак болчудай. Бара-бара ушундай алгылыктуу жагдай өз жемишин берди. “Күмүш кылымдын" орус залкарларына тең ата ат салышкан Ч.Айтматов, анчалык дүйнөлүк атак албаса да, Т.Касымбеков өсүп чыкканы бекеринен эмес. Анык эмес болсо да, айрым маалыматтарга караганда фарсы жана немис тилдеринде эркин сүйлөгөн. Бир эле орус адабияты, маданияты менен чектелбей, ааламдык рух борборлорунун баалуу азыктарын сиңирип, батыш-чыгыштын адеп-ахлагынын маани-мазмуну камтылган көрөнгөлөрдү алып келгенинде шек жок. Ошол учурдун талабына шайкеш келгенди эске алып Жусупту тил билги, зээни өткүр, эң алгачкы кош тилдүүлүк принцибин өздөштүргөн адам шекилдүү сыпаттасак болот.

Кыйма-чийме маселерди аныктап, салыштырып отуруп, анын өмүр жолунда түп бурулуш жасаган окуялар арбын болуптур. Алардын алгачкысын макалабыздын башында 1916-жылдагы улуу үркүн трагедиясына катышып, запкысын кыйла тартканын жаза кеттик. Ушундай тарыхый шарттуулуктун өзүндө чоң милдет, озуйпалар бар. Абдрахмановду ар жактама сыпаттап, кыргыздын тарых айдыңына алгачкы чыйыр жолду салып кеткен десек накта тарыхтын чындыгын айткан болобуз. Ийгилигинин кадамы кенен ташталып турганда коркпой, үркпөй “Правда", “Известия", “Правда востока" сыяктуу кадыр-барктуу басылмаларда, республикалык газета-журналдардын беттеринде 16-жылдагы кыргыздын көтөрүлүшү тууралуу жазган “Предвестник октября” (кийин аны “Восстание 1916 года” деген ат менен брошюра чыгарган) жарыяланган макаласы аны бул маселени жазган эң биринчи кыргыз тарыхчысы дегенге негиз берет. Ушул макаласы үчүн партиялык жогорку органдар тарабынан ашмалтайы чыккан күнөөлөр коюлуп, тепкиге алынган.

Тарых изилдөөчү иретинде илимий чөйрөгө негиз салып, ири эмгектеринин алгачкыларынын бири 1928-жылы “Кыргызстан" деген ат менен чыккан китеп да дал ушул инсанга таандык. Жогорку аталган эмгектерден башка үркүн окуяларына байланыштуу же кыргыздын басып өткөн башка толгон токой тарыхына арналган макалалары көп болгон. Алардын көбү “репрессияланганда" ың-жыңсыз дайыны чыкпай кетти. Айрым бизге чейин жеткендери өзүнүн “Күндөлүк" китепчесинде сакталуу.

Жазуучу К.Сактановдун “Маркумдар үнү" романында кыргыздын интеллигенциясынын жалган жалаа, куру дооматка туш болуп, жазыксыз атылганы сөз күчүнүн негизинде өтө күчтүү сүрөттөлгөнүн билебиз. Ошол эле И.Арабаев, К.Тыныстанов, А.Сыдыков, Б.Исакеев ж.б. катарында дал ушул Ж.Абдрахманов да бар болчу. Айта келсе төгүнбү, партиялык маанилүү кызматтарды аркалап турганда өз эли үчүн адал эмгек, ак кызмат өтөп, Москванын “төбөлдөрүнө” жакпай калса керек. Анткени, “төбөлдөрдүн" пландарына байма-бай каршы чыгып, чагылгандай так төбөсүнөн уруп турган экен. Атап айтсак: так ошол “Маркумдар үнүндө" таасын чагылдырылган боордош казак журтчулугунун ачкалыктан жапырт кырыла жаздап, коңшу өлкөлөргө, анын ичинен кыргыздарга жер оодарып келишкени чыныгы тарыхтын кара тагы болуптур көрсө. 1931–1932-жылдары дан даярдоодо Украина, Волга бою жана Казакстан элге кыпындай эч нерсе калтырбай, дандын баарын борборго “төгүп" бергендиктен, бул аймактарда ачарчылык кескин көбөйүп, миллиондогон адамдар кырылып калгандыгы дайын. Кыргызстандын мындай апааттан аман чыгышына түздөн-түз Ж.Абдрахмановдун тиешеси болуп, узакты көрө билген дилгир лидер дандын бир топ үлүшүн элинин эсебинде калтырган.

Атуулдук ариет менен акыл күчү бириксе, мамлекеттин алдыга карай өрүш алышында эч күмөн жок. Дегинкиси, анын кыргыз тилинин ролун жогорулатып, чыныгы улуттук атуулдарды даярдоо жана кызматка коюу, түгөл индустриялык өлкөгө айлантуу эң чоң максаттарынын бири болгону айкын. Мындан башка “төбөлдөрдүн" маанисиз жоруктарына каршы туруп, Ата-Журтунун бийик максатын алдыңкы планга койгонун, карапайым калктын тарабын талашып жүрүп өмүрү өтүп кеткенин, деги койчу, бүт баарын калтырбай жазгыбыз келди. Тарыхтын татаал ашууларындагы үзүрлүү, өрнөктүү иштери алигиче көөдөнүбүздө сакталуу.

Мамлекеттик ишмердүүлүгүн, коомдон алган ордун жана кыргыз адабиятына, тарых жаатында өтөгөн өткүр эпсиз кызматтарынын баарын жазганга аракет кылдык. Илгертеден кыргыз эли Манас бабабыздын руху менен жан дүйнөсүн байыткан эмеспи. Ошол сыяктуу Манастын баатырдыгы, көкжалдыгы, айкөлдүгү Жусупка сиңирилгендей көрүнөт бизге. Сөзүбүздү далилдеп кетели. 1937-жылдардагы Сталинизмдин “катагандык” кыргыны учурунда камакка алынып, сурак учурунда ашмалтайы чыккан күнөөлөрдү мойнуна бир да жолу албай, акыркы дем алуусуна дейре чындык, адилеттүүлүк принцибинен тайбаптыр. Ички рухун сындыра албаган тергөөчүнү жандан өткөн кордугуна чыдабай, үстөл аркылуу бугун чыгара чаап жибергени азыркыга чейин айтылып келинет. Ошол ошол болду, кыргыздын эр жүрөк уулу каза болду. Кайратман баатыр мүнөз уул кордук көрүп өлсө да, биз сыяктуу жаш болочок муунга XX кылымдын тирүү легендасынын элесин берип келет.

Акыйкаттык, чынчылдыктан тайбаган, журту үчүн “саткын" аталбай кайра күрөшкөн мекенчил бул – тирүү легенда. Биз ушуга окшогон легендалардын урпагы экенибизге сыймыктанышыбыз керек. Эрктин, акыйкатсыздыкка каршы күрөшкөн күчтүн символу эмеспи.

Ж.Абдырахмановдун 120 жылдык маарекеси болуптур, керегинче белгиленсин! Бирок анын ар жактама адамдык абийирин да, саясий ишмердүүлүгүн да чагылдырган көркөм чыгарма же даректүү баян, тарыхый илимий изилдөөлөр жетишсиз болсо, бизге окшогон тарых менен көркөм адабиятка кызыккан окурмандар кайдан жетиштүү маалымат таба алсын?! Буга окшогон улуунун улуу чыгаандары унутулуп бара жатат дегенге толук негиз бар. Анын туулган жылын билмек турсун, ким болуп иштегенин билбегендер жок эмес. Асыресе, тарыхыбыздын башатын эгемендүүлүк жылдарынан баштап иликтегенибиз туура эмес. 1917-жылдан “жаңы замандын" келишинде таптакыр жаңыча нукка түшүүгө туура келди. Жашообузда ойдо жок нерселер пайда болуп, бир гана идеологияны багыттап калдык. Натыйжада, улуттук баалуулуктарыбыз унутта калды. Бирөө-жарым ооз ачайын десе, төбөдөн ур-токмоктомой.

Биздин оюбузча дагы деле артта калган партиялык идеологиянын саясатынан чыга албай жаткандайбыз. Себеп дегенде демократияга, сөз эркиндигине шылтап, каалаганыбызды айтабыз, жазабыз. Туура, илимий-техниканын жетишкен заманында орусчасы да, кыргызчасы да, англисчеси да, иши кылса окуйм десең китеп толтура. Теледеги берүүлөрдөн тартып, интернеттеги жаңылыктын баары саясат ааламы. Кези келсе гезит беттеринен дурус жазылган макаланы окуп жатып, дагы деле саясатка ширелишип кетет. Биз айткан китептерди чыгарып жаткан басмакана иштерин текшерген эч ким жок. Бир басмакана чыгарган китепти окусаң арбайган каталар толтура же ошол эле окуяларды башка басмакана көчүрүп алып, көз көрүнөө баса салат. Мына ушуга окшогондордун айынан китеп деген сыймыктуу наамдын баркы кеткен сыяктуу.

Улуу муундагылар айтып калчу “Ала-Тоо" журналы, “Кыргызстан маданияты" гезити кайда? Жок алардын баары! Болсо да мамлекеттик китепканалардын же дагы башка жерлердин жер төлөсүндө жашырылган архивинде сакталуу. Жакында эле өзүбүз күбө болдук мындай жагдайга. Бир беделдүү китепкананын эски материалдар сакталчу архивине кирип калдык. Ал жерде жогортодо аталып кеткен гезит-журналдардын эң алгачкы чыкканынан тартып, эң акыркы нускасына чейин бар экен. Ал китеп, журнал, гезиттердин эскилиги жетип, кармасаң жыртыла турган абалда. Ошончолук даражада саргайта бербей, кайрадан басып чыгаруу иштерин колго алса болбойбу?! Окуйм деген окурмандар алып кетейин десе, ар нерсе деп беришпейт экен. Эч кимге бербей, көрсөтпөй катылуу тура берсе, дагы канча жыл жашар экен ал китеп, журнал байкуштар? Болгону айтайын деген оюбуз эскини эски дебей, кайрадан эсибизге салып, көркөм дүйнөнүн табылгаларын жаңыртсак дегенибиз. Асыресе, илимдин жолу тайгак кечүү сымал. Бирөө бирди айтат, көбү миңди айтат. Бир ойго, бир нукка келиш үчүн жылдар керектелет. Антейин десең, эгемендүүлүктөн кийин 30 жылга чукул убакыт өтүп кетти. Болду эми, ойлонолу, башыбызды “биримдик” деген ураанга сайып, Ж.Абдрахмановдой кайталангыс инсандардын бейнесин түбөлүк сактоодо тарыхтын ачылбаган сырларын ачып, бизден кийинки урпактарга төкпөй жеткирели.

Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, А.Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген учкул сөзү менен жыйынтыктайбыз.

Бүгүнкү күндө Ж.Абдрахмановдун көзү өтүп кеткенине көптөгөн жылдар өтсө да, эл эмгегинен эскерип, арабызда дагы да азыркынын тайманбастары бар экен, демек, духу өлбөгөнү. Кылым кезген кыргыз эли дагы деле өмүрүн улантат экен, демек, бир ирет Ж.Абдрахманов дүйнөгө келери бышык.

ОГПИнин 4-курсунун студенти Ысманалиев Сыймык, Ош,  21.02.21-жыл.

Колдонулган адабияттар:

  1. Ж. Абдырахманов. 1916 Күндөлүктөр. Сталинге кат. Б.: 2016
  2. К. Сактанов. Маркумдар үнү. Б.: 2019
  3. Л. Үкүбаева. Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн маселелери. Б.: 2019

    Интернет булактары:

  1. Ru. wikipedia. org

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз