Жетиген Асанбек: Дилбар

  • 30.06.2021
  • 3368

АҢГЕМЕ

Баян каптал жагындагы кабат үйдөн чыга калган үчөөнүн биринин жүзү көзгө урунары менен, шашып баратканын эстен чыгара утурлай жөнөдү:

– Дилбар!

– Баян!

Экөө кучакташып калышты.

– И-ий ай, Диля! – кучагынан бошонуп, далай жылдардан бери кабар алыша элек курбусунун жүзүнө карады. Көздөрүндө жаш… кайра кучактады. Бул жолу «эмнеге ыйлады, ичинде капасы бар экен да» деген ой коштоп, аёо менен, мээрим менен кучактады. Баягы курч көз караштын мизи кайта түшкөн менен, жаш чайыган көздөрү акылдуу, терең тартып калгандай көрүндү.

– Баян, көрүштүк, ээ! – деди көзүнүн жашын сүртүп жатып. – Шаарда элесиңби? Эмне кылып атасың? Жүрү үйгө, эмне турабыз. Биз мына ушул үйдө турабыз.

Баян колтуктан алып, үйдү көздөй тарткан курбусун токтотуп:

– Ооба, шаардамын. Мобу жерге келгем, иш менен, – жанындагы мекемени жаңсап көрсөттү. – Сонун болбодубу, табыштык. Канча болду шаарга келгениңерге, айылда элеңер го?

– Жүрчү бас, үйдөн сүйлөшөбүз.

Баян ошондо шашып баратканын эстей койду.

– Диля, мен азыр аябай шашып жүрөм. Үйгө конок келмек, эшиктин алдында туруп калышпасын. Мен дагы эле келем, бул жакка отчёт берип турабыз. Силерди да үйгө чакырам. Телефон номериңди жазып алайын, андан көрө, – шаша-буша телефонуна номерди жазды да, курбусунун бетинен өөп, жолун улады.

– Болуптур анда, келээриңде чалып кой, ээ.

– Макул.

*     *     *

Дилбар… Ушундай да жолугушуулар болот. Эмнелер гана болбоду эле. Эмнелер гана болгон жок…

Дилбар менен алгачкы жолугушуусун эстеди. Жаңыдан ишке орношуп, кесиптештери менен акырындан тааныша баштаган кез эле. Тыныгуу маалында сыртка чыкканында, мекеменин короосундагы отургучта бир нече кыз отурган экен. Аны менен бир бөлмөдө иштеген кыз аны чакырып калды:

– Баян, кел биякка.

Жакындай бергенде алардын чылым чегип турганын күтүүсүздөн байкап, өөн учураса да, сыпайылыкка сыр бербей келип катарларына туруп калган. Отургучта отурган эки кыздын бири, сымбаттуу турпаты, жарашыктуу кийими менен дароо көзгө урунган – ушул Дилбар болчу.

Алардын каршысындагы экөөнүн катарына Баян кошулган. Баян жетип, жете электе эле, катарындагы Кундуз аттуу кызга Дилбар:

– Кыйраттың, жашына турган болгондон кийин эмне чегесиң, чекпе да анда. Чеге турган болдуңбу, жашынба. Адегенде өзүң менен өзүң келишкидей болуп чечип ал да. Чеккендер менен чегип, чекпегендер турган жерден ыргытып, байкушту, ал да акчага келди да, – деген аягында күлкү аралаш.

Кыздар жалпы күлүп калышты. Баян ошондо Кундузга карап келатканында ал колундагы тамекисин ыргытканын боолголоп түшүнгөн. Арасынан жөн билги бирөө сөздү башкага буруп, абалды өзгөртүп кеткен эле. Ошондогу Дилбардын сөзү Баяндын көңүлүнө уюй түшкөн. «Адегенде өзүң менен келишип ал». Мм… Ооба, адам адегенде өзү менен келишип алыш керек, ал үчүн өзүн тааныш керек… адатынча узун ойго түшүп баратып, кыздардын сөзүнө алаксыган.

Баян ал кыздар менен алынышып, жакын болуп кете алган жок. Бет келишкенде баш ийкешип учурашып, анда-санда үстүрт гана аркы-беркини кобурашканы менен, бейтааныш адамдардай эле. Атургай кай бирлери саламга да сараң, мелтиреп карап өтмөй. Учурашсаң алик алганга араң жарашат. Кекейгенге кекейгин деп, Баян да аларга сумсайып койду. Баян тамекиге кызыккан эмес, атайлап зыян тартып эмне. Зыянына карабай кызыккандар азбы, жашоодо ар ким өз тандаганын кылат да. Зыянды ыктыярдуу түрдө тандашат адамдар.

Баян ашыкча оюн-кечелерге да бейчеки басчу эмес. Курбалдаштарынын сыртын салган себебине мындан башка эч нерсе деле жок эле. Алар мага жадырасын деп эми тамеки чекмек белем. Чегесиңер деп доомат коюп атпасам, чекпегеним аларды ашкерелеп атса, көйгөй өздөрүндө, менин маселем эмес деди да, өзүн алардан окчун кармады. Дилбар гана Баянга дилгир карап, жылуу учурашчу. Бара-бара экөө жакшы мамилеге өткөн. Берки кыздар анда ого бетер Дилбарга да, Баянга да сыртын салышты. Дилбар алар менен мамилесинин солгундашына анчейин деле кабатырланган эмес.

– Көпкөндөн эмне кыларды билбей эле тамеки чекчү экем, – деди бир күнү Дилбар, адаттарынча тамеки чегип турган кыздарды көрүп, – обу жоктуктун эмне кереги бар дейм да, – жылмайып койду. Бул анын тамеки чекпей калгандыгын расмий билдиргени эле. Ошондон кийин Баян анын чеккенин көргөн жок. Бири-бириникине конокко барып, жигиттер, келечек, жумуш, деги койчу… ар нерселерди – аягы жок сөздөрдү сүйлөшө турган болушту.  

Көп узабай бир окуя болду. Экөө жумуштан чогуу чыгышкан. Аларды утурлай келаткан эки жигитти көрүп, Дилбар өң-алеттен кетип, бозоро түштү. Алда неден чочулаган көздөрү ойноктоп:

– Баян, жаныман кете көрбө, суранам сенден, – деп үлгүрдү. «Эч нерсе сураба, баарын кийин түшүндүрөм» деп турганын кыймыл-аракетинен Баян илгиртпей түшүндү.

Ырайы бузук келаткан жигиттин үтүрөйө карашы бир жаман оюнан кабар берип тургансыйт. Коркконунан жүрөгү оозуна келчүдөй дүкүлдөсө да, Баян дароо Дилбардан карыш жылбаганга даяр турду. Аралык жакындай берди. Тиги кабагын карыш салган жигит жанындагысына Баянды жаңсап көрсөтүп, тигини алакчылап тур дегендей ишарат кылгансыды. Саламга келбей эле Дилбарды каруудан кармап чекеге тартканда, кыз колун булкуп кетенчиктей берди.

– Эмне керек сага?! – Баянга жалт бурулуп, мага жакын болчу деп ымдай калды.

– Мөңкүбө! Эмне керек азыр сага айтам, жүрү! – жигит дагы колдон тартты. Нары-бери өткөн элден обочо алып баргысы бар окшойт.

– Жулкушпай эле сүйлөшсө болбойт бекен? Кандай жапайычылык бу? – деди курбусунун бир жак колунан тарткан Баян коркконун билдирбегенге болушунча тырышып. Тиги жигит Баянга карады да, жанындагыга:

– Кармачы мобуну, – деди. Колдон алмакка жакындап келаткан тиги жигитке Баян чорт гана:

– Тур ары! Тарт колуңду! – деди.

– Эмне сөзүң бар, айт, болбосо тур биякка! – Дилбардын жүзүнөн да корккону байкалбайт.

– Жүрү, чоң кыз. Өздөрү сүйлөшүп алышат, – берки жигит Баяндын колунан тартты.

– Бара бер сен! – Баян акырая карады. Чыны менен жалтакпы же досунун көңүлүн кыйбаган менен, бул жоругун туура көрбөдүбү, жигит да колдон алып тартууга батынбады.

– Эй, күкүк! Эмнеңе бой көтөрөсүң? – деди тиги жигит Дилбардын так маңдайынан тиктеп.  

– Эмне?!

– Ж…. мени эмне билбейт дейсиңби, ким экениңди? Балаңды тууп таштаганыңа бой көтөрөсүңбү?

– Биринчиден, балам менен ишиң болбосун. Экинчиден, тууп таштабай этпей эле, балам эң сонун чоңоюп атат! А, эмне ишиң бар сенин?

Жигиттин бети ого бетер түктүйүп, көздөрү чанагынан чыкчудай акырайды. Баян саамга селдее түштү.

– Диля, бас кеттик, буга айтып турмак белең ушу жерде, – курбусун шарт колтуктап, экөө жөнөп калышты.

Оолуккан жигит дагы бир нерсе демекчи болду эле, досу жетелеп кетти. Эки курбунун ою арттагыларда болсо да, кылчайбастан шартылдай басып, тезирээк узап кетүүгө ашыга жөнөштү. Арттан добуш байкалбай калган кезде гана Баян кылчайып карап, тигилердин узап баратканын көрө, көңүлү жайланды.

– Өххх ии-ий… жүрөгүм түшүп калды, өлүп калгырдыкы! – деди Дилбар колун көкүрөгүнө алып. – Кудайладым го, чиркин!

– Айтпа, кудайлаганды. Кудайды ушундайда гана эстейбиз, ээ…

– Ошону айтсаң… 

– Кудай эле сактады. Болбосо экөөбүз сомодой экөөнө эмне кыла алмакпыз. Качан торойто чабат деп, менде жан жок. Беркиниси ыймандуураак неме экен дагы.

– Экөөбүз кыйратчудай болуп, кыйын болуп коёбуз дагы. Ха-ха…

– Ха-ха… Ооба десең, коркпогон киши болуп, болушунча тырыштым. Ичимен кудайлап, калп эле чакчырылып коём. Керек жерден экөөбүз артист да боло калабыз ха-ха…

Болуп өткөндүн баары эми экөөнө ушунчалык күлкүлүүдөй көрүндү.

– Бул ким эле?

– Ой тиги Кундуздар менен жүргөн кезде бир жолу парктан таанышканбыз. Кайдан да жармаштырып алдым экен балакеттей кылып. Башынан эле жаккан эмес, эриккенден эле эки-үч жолу жолугуп койгом. Минтип оолугаарын кайдан билдим. Кундуздар менен өздөрүнчө компания болуп жүрүшөт окшойт. Бир-эки жолу Кундуз чакырганынан баргам. Өткөндө Кундуздан айттырып ийиптир, жолукпай койгом. Анан бая күнү айтат, сага ызырынып атат деп. Мен аны оюнчук кылган имишмин. Барсынчы ары дегем. Биякка чейин жетип келет деп оюма келген эмес.

Баян үчүн ыза болгон жигиттин ызырынганы эмес эле, Дилянын чоңоюп аткан баласы бар экени чоң жаңылык болду. Ал тууралуу биле элеги дагы көп экен го. Бирок бул эне-баланын абалы кадимкисиндей эмес, албетте. Эмнеге жашырат? Эмнеге баласы жанында эмес? Артында не деген тагдыр калды экен… Нечен ирет оозун таптап барып, бирок батынып сурай албады. Бир жагынан бир кездеги жараатын тырмабайын десе, бир жагынан өзү айтып бергиси келсе айтсын, айтпаса кереги не.

Балким Дилянын тагдырынын таржымалын билип калат беле, бирок ошондон көп өтпөй Баян жумуштан бошоп кетти. Жумушун так аткарганы менен, башкаларчасынан ашыкча бөйпөңдөгүсү келбегени жетекчиге жаккан эмес. Аны Баян өзү да сезчү. Кылдан кыйкым таап кыр көрсөтө бергенинен, ал каалагандай ийилип коё албаган Баян кетүүнү чечти. “Башчынын баары ушул да. Сеники чын деп иштей бербейсиңби, мындан кутулсаң, дагы бирине тутуласың. Же өзүң башчы бол, же эмне десе да көнүп, ийилип бер” деген Дилбар. Баян ийилбеди.

Кийин Дилбардын ушул сөзүн эстеп жүрдү.

Кийин Дилбар Баянды дагы бир жолу таң калтырды. Келди да, турмушка чыгарын билдирди. Болгондо да эки күндөн кийин күйөөсү менен айылда жашоону чечишкенин айтты. Дилбар дендароо каткан Баянды эртеси чакырды да, шашкалактап жөнөп кетти. Сүйлөшүлгөндөй эртеси Дилбардын батирине келген Баян суроолордун биринен артынан бирин жаадырды:

– Бат эле ушинтип чечип койдуңбу анан?

– Ой, эмнесин ойлонуп отурайын. Бир мектепте окуганбыз. Ата-энелерибиз тааныш. Кадимкидей эле бирөө. Мага болот ушул эле, – деп жылмаят Дилбар.

– Ошондой эле болсун, – курбусунун чечими бекем экенин көргөн Баян кубаттоодон башка эч нерсе дебеди.

Көп өтпөй Дилбар Баян менен тааныштырмакчы болгон жигити да кирип келди. Көрөр менен Баяндын көңүлү бузулду. Татына, сымбаттуу курбусун бул оолжуп мас келген, кара тултук жигитке ыраа көрбөдү. Атургай, бул ала электе эле “өнөрүн” ачык көрсөтүп аткан немеден Дилбар ушу жерден кол үзүшүп, айныйт деп күттү. Андай болгон жок. Баянды аң-таң кылып, Дилбар оюн өзгөртчүдөй көрүнбөйт.  

– Каяктан майрамдап жүрөсүң? – деди да, Баянга карады, – таанышып ал, жакын курбум.

– Баян, – иренжигенин билдирбей, дивандан туруп сыпайы колун сунду.

Кантип? Ушинтип оолжуп арак ичкен адамга турмушка чыгабы? Чоң ката кетирип алуудан курбусун сактап калышы керек. Эми Баяндын оюнда ушул гана турду.

– Диля, мен кетейин, эртең келем, – дароо эртеңки келишин бекем болжогон Баян ордунан обдулду. Абалды баамдаган Дилбар жок дебеди. Диванда отурган кыздардын так маңдайына келип, шырдакка эле отуруп калган мас жигитке Баян чыгып баратып көз чаптырды эле, тунарган көздөрүн албай, ал да узата карап турган экен.

*     *     *

Эртеси келип, чайга отурар менен сөзүн баштады:

– Диля, анча эмне болду сага? Кебетеси кантет ай, кантип ушуга тием деп атасың? Азыркы кейпи ушул болсо, алгандан кийин... Элестет, сен өмүр бою ушул адам менен бириккени атасың: бир үйгө, бир бүлөгө, б и р о т о л о! – акыркы сөзүн атайын муундап баса-баса айтты. – Эртең кеч болуп калат. Бул чечүүчү күн, тагдырыңды чечкени атасың. Сен өзүңдү ушунчалык төмөн баалайсыңбы? Сулуулук десе сулуулук, акыл десе акыл бар. Колуңан иш деги келет, ушуга күнүң түштүбү, жакшылап ойлончу!

Дилбар үн-сөзсүз курбусун жылмая карайт. Баян боолгологондой бул аргасыздыктан чыккан чечимдей да көрүнбөдү.

– Айтчы андан көрө, мени узатып барганга даярсыңбы?..

Көз алдынан баарын чубап отуруп, үйгө билинбей эле жетип калды ал күнү.

*     *     *

Көп өтпөй курбулар жолугушту. Болжошкон күнү Дилбар дасторконун жайнатып курбусун күтүп аткан экен, чай үстүндө узун кепке түшүштү.

– Билбейм, эми, тагдыр биздин колдо эмес экен. Ушундай болду, ушундай болуп келатат, – жалгыз бойлугуна Баяндын дайымкы жообу ушул.

– Кыздын чырагы кырк, кейий турган жөнүң жок. Тургандыр бирөө, – Дилбар жооткото кеп улады.

– Балдарың менен жакшылап таанышкым келет. Чакырчы биз менен отурушсун, – мектептин жогорку класстарында окуган кызы менен уулу Баян киргенде учурашып, таанышып, кайра бөлмөлөрүнө кирип кеткен эле.

– Самара, Самат, келгилечи бери.

– Эмне болду, апа? – ушуну эле күтүп тургандай кызы шак кирип келди.

– Чакырчы Саматты дагы.

Үстөл четинен орун алган балдарына Дилбар чай куйду.

– Айтып бергилечи аяш апаңарга өзүңөр жөнүндө.

Россиянын Самара шаарында иштеп жүрүшкөндө төрөлгөн кызына Самара деген ат коюшуптур. Саматты уйкаштырып эле койдук дейт. Уулу уяңыраак көрүнөт. Кысынып отурганы байкалып турду, а кыз болсо, азыр суроо берилсе эле, андан ары токтоосуз кетчүдөй көздөрү кызыкдар күлүңдөйт.

– Мага аябай жактыңар, Дилбардын байлыгы силерсиңер да. Самара, кайсы предметке кызыгасың?

– Мм... чынын айтсам кызыккан предметим деле жок. Бийге кызыгам, “Мөлмөл” бий тобунда бийлейм.

– Оо, сонун, анан... – кызды кубаттай сүрөдү Баян. Самара бир нерсе дегени камданып калды эле, Дилбар күлө карап сөзүн бөлдү.

– Мактанчаак кызым, мактана башта эми.

– Апоу, жөнүңүзчү, – эркелей күлүп сүйлөдү Самара.

– Айт, айтагой, анан... – деди Баян баланын көңүлүн көтөргүсү келип.

– Быйыл конкурстан биринчи орунду алганбыз.

– Ой азаматтар! Сонун!

Алар кобурашып отурганда, үйдүн кожоюну да кирип келди. Балдар атасын утурлай чыгышып, андан ары бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Дилбар алдын ала айтса керек, коридордон эле бакылдап келатты:

– Келдиби коногуң, оу-уу, сколько лет, сколько зим, ой кандай аяш? Э кокуй, кемпир болоюн деп калыпсың го.

Учурашканда эле өзүн өйдөсүнтмөккө басмырлагысы келгени го сыягы. Мындай акылсыз жүрүштөрдүн далайын көргөн Баян мыйыгынан жылмая үн катпады. Андан ары улаган жерден чорт сынып эле сөз уланбады. Кожоюн конокко сөз берүүгө эмес, сөз бербей өзү сүйлөөгө көбүрөөк ыктап, бабырай баштады.

– Ошо, ушинтип жүрөбүз эл катары тирлик кылып. Ээй, несин айтасың, аяшың дагы аял алды орто жерде, антпесе да болобу, – эрдигин айткансып, тим эле маашырлана бак-бак этти. Баян Дилбарды караса, кебелчүдөй түрү жок. Жанатан берки жагымдуу маанай кирдей түштү. Баян зериге баштады. Анын үстүнө атын эстей албай убара, апей, ким эле? Кадимки эле аттардан эле. Оолугуп алган кожоюн сөзүн улады: – Ал жеңең, апей ха-ха, жеңең дейм да, тиги... мунун атаандашы, Россияга жүрү деп атат...

Баян Дилбарга аң-таң карады.

– Муну эмне кылмак эле, – кебелбей курбусунун суроолуу жүзүнө мыйыгынан жылмая жооп кылганда, Баян ого бетер таң калды. Сыр берген жок.

Ушул маалда сырткы эшиктин ачылганы угулуп, шаңкылдаган аялдын үнү угулду:

– Ау, кандайсыңар? – алдынан тосуп, ашканага алып кирген Дилбар илгерки досум менен табышып отурабыз деп тааныштырды.

– Баян менин атым.

– Назира, очень приятно.

– Мага да.

Кожоюн да сөзгө аралашты:

– Дилбардын жакшы көргөн классташы, – классташ деп, жаңылганын деле билбей калды көрүнөт, же Баян Дилбар менен жашташ болгондуктан ошондой эсептеп алдыбы.

– Классташ? – Нан ооз тийип аткан кошуна келин чочуй сурады. – Ай жапжаш го, муну эмне кылгансың, карачы, канча айтам, мээсин жебе деп... – Дилбарга жаңсай көрсөтө, тамашага шоотуп зекиди. Шакылдаган ачык-айрым келин мунун жанагы анткорлоно Баянга жасаган “комплиментинин” ишпалдасын чыгарып салды. Аны тиги күлүмүш болуп, тоготчудай эмес.

– Ачкычымды силерге, силерди кудайга тапшырдым. Күмүшай келгенде берип коёсуңар, макул эми мен жылайын, – шаша-буша кайра жөнөдү.

Дилбар кошунасын узатып кайра киргиче, Баян аяшы менен ашканада жалгыз калып, бир мүнөткө жетпеген убакытта тура качкысы келди. Ырас курбусу кирип келди.

– Кеминдик. Өзү айылына кетип аткан, сиңдиси жумуштан кечирээк келмек экен. Ачкычын мындайда бизге ташташат, – деди Дилбар кошунасынын жөнүн айтып.

– Достор, мен эми кетейин, жакшы отурдук, буюрса эми катташып турабыз.

– Апей, кой болбойт, жаңы табышып атып анан бат эле кетип каласыңбы? – деген болду Баянга сүйкүмсүз аяшы.

– Эртең эрте жумушка барышым керек, эми дагы да жолугабыз буюрса, баары алдыда.

Алдында машинасы бар, курбусу менен түн бир оокумга чейин деле отурмак, эртең эрте башталар жумушу жолтоо болбойт эле. Дилбар тээ бир убакта колун кармаган бул адам менен дегеле сөз башын кошо албады. Дагы кармалуунун кажети жок эле.

*     *     *

Баяндын иренжиген сезимдерин Дилбардын балдары менен таанышкандагы жылуу сезимдер басып турду. Кызынын күлмүңдөгөн, уулунун уялыңкы жүзү көз алдына тартылат. Кандай бакыт! Баса... дагы бир баласы болушу керек эле... ал кайда болду экен? Кийин билинээр.

Бир убакта Дилбарды айнытууга аябай аракет кылганын дагы эстеди, жолдо катар. Уул-кызын көрүп туруп, кантип ошол чечимди ката дешке болот? Эч кандай! Кайран кыз ай, тагдырыңды ушу менен байлайт белең деп, курбусуна аябай боору ачыды эле ошондо. Азыр эми ким аянычтуу деп суроо салат өзүнө. Ушундай ажымулук адамды кабыл алып турмушка чыккан, кемчиликтерине көз жумуп, кечирип, жандап жүрүп, эки перзенттүү болгон Дилбар аянычтуубу, же мындай адамдардан жаа бою качкан менби? Адамдарды терс сапаты менен кабыл алуу алсыздык эмес, барып турган күчтүүлүк экен го. Мен кечире алат белем, ушундай адамды жандай алат белем? Эне болуш үчүн ушундай кадамга бара алат белем?.. Элестете албады, айтыш кыйын. Мүнөзүнүн тереңинде куюлган кыттай өзгөрүлгүс, ордунан жылгыс негиз бар. Адам өзүн ылайдан кайра жасап алгыдай болсо... Ой, анда каалаганындай эркек жасап алат эле да, өзүн бир келесоо чалышка тууралап кайра жасап отурабы...

Ою чыныгы турмуштун чегинен заматта алып учуп, адатынча ой-кырга чабыттап кетти.

*     *     *

Андан бир аптадай өтүп калган. Баян Дилбарды эстеп, телефон чалайынчы деди.

– Ало... Диля?

– Ало... үнүңөн сенин жаным...

Дилбардын үнүн угам деп турган Баян мылжыңдаган эркектин үнүн угуп, бүткөн бою жыйрыла не дээрин билбей селдее түштү.

– Ало, жаным?

– Сен эмне, массыңбы? Дилбарга берчи телефонду, – кырс сүйлөдү Баян.

– Дилбардын экөөбүзгө эмне кереги бар?

Ачуулангандан денесин майда калтырак басып кетти. Баян колдору байланышты кантип үзгөнүн да билген жок. Капилет ба-аягы Дилбарды узатып барганы, тойдун эртеси ушул адам узатып чыгып, “сен мага жаман жагып калдың, Дилбардан мурда жолуксаң, сени алат элем” дегени кылт эсине түштү. Бул адам такыр жакпаганы үчүнбү, же Дилбарды аяганы үчүнбү, ачууланганынан оозуна сөз келбей, автобуска отуруп, жаагын жап кыла жооп бере албай калганына кыжынып келбеди беле...

Тамырымды тартып атканын көр, акмак. Кагуу жесе, “тамашалап койсом өзүңөн кеттиң” деп ойт берери бышык бул шүмшүк. Байланышпай эле коёюнчу, ал жалгыз эмес, сонун балдары бар деп ойлоду Баян. Мындай келесоо чалыш менен неченди көрдү да байкушум. Бирок, балдары турат, балдары – бакыты. Ал анык баатыр аял, а менчи, мен мындай адамды өмүр бою жандамак тургай, жаныма жуутпас элем... мен алсыз экем, Дилбардай аялдын жанынан эптеген эле бир жан экем...

Дилбар азыр Баянга эпостордогу баатыр кыздардай элестелди.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз