Нуралы Капаров: Жетим

  • 03.07.2020
  • 3831

Эне-атадан эрте калган
топтомолок жетимим торсоңдогон,
агаңа күнүң түшүп корсоңдогон,
жеңеңе күнүң түшүп желмеңдеген,
айлантып азабыңды берем деген
апаат күн келген эле келем деген...

Жылдарың жыдып турду кыл чайнаган,
айларың агып турду кулча айдаган,
кезээрип кой кайтардың кенедейден
кемирип таш чайнаган, кум чайнаган.

Нөшөрлөп турду жамгыр сууда калдың,
кар жаады  кара башка бапалактап,
кой жок деп кокуйлаткан чууда калдың,
көр турмуш турду сени шапалактап.

Асты калың кара жер аңтарылып,
карды калың кара жер каңтарылып,
желпинип турду жеңең,
айкырып турду агаң – таш жарылып,
“каңк!” этип таяк тийип как төбөгө,
“барс!” этип балка тийип баш жарылып...
Ошону менен бүтпөй кырсык деген,
өрт коюп күчөп турду шүмшүк жеңең,
артыңан калбай агаң айгай салып,
аткылап кууп жүрдү мылтык менен.
“Кой!” деп коёр кожо жок, корго айланып,
“ай!” деп коёр адам жок зарга айланып,
кеңирсиген кең дүйнө тарга айланып
турганында
бала элем жардамым жок,
бармактай бир бала элем аргасы жок,
бала элем маңдайыңда тымып турган,
ботодой боздогонуң,
уңулдап улуганың
угуп турган,
бала элем айласы жок...

Кудайга жеткирем деп
үнүңдү улуп турган.
Көк-Ойроктун шамалы оозуңдагы
озондогон үнүңдү жулуп турган.
Асман бүркөк түнөрүп жаай албай,
ач айкырык агаңан даай албай,
бала элем жакындабай жардап турган,
боору таш турмушуңду каргап турган,
Көк-Ойроктун шамалы бетиңди аймап,
көлдөгөн көз-жашыңды жалмап турган.

Бекболотум жетимим,
томолойгон томолок томологум,
торсолоңдоп бир күнү торолоорум,
кордугуна чыдабай өз аганын,
кордугуна чыдабай өз жеңенин,
жетесиз кулдан бетер муш жегеним,
уңулдап жашын жутуп туз жегеним,
тамтыгы жок таалайсыз бүт дененин
жанчылып,
жанчылбаган бүтүндөн азы калып,
“жалп!” деп кулап жайраарда, өчөөрүндө,
“күп!” деп кулап күн бүтүп көчөөрүндө,
маңдайынан бир бактынын
балбылдап жазы жанып,
Асылбегим, айланайын Асылбегим, Айболотум
ким бирөөнүн сурабай атын алып
тозоктун туткунунан бейиштин төрүн карай
качыргандай
качырганын угуп алып,
өзүм качып кутулгандай тозогуңан,
өзүм качып кутулгандай азабыңан,
көктү карай кубанып түйүлгөнмүн,
кулун-тайдай кудуңдап сүйүнгөнмүн.

Бекболотум,
жетимдердин үйүндө жетилдиң сен,
жетим деген жексурду өчүрдүң сен.

Оң чөнтөккө толтуруп шоколадды,
сол чөнтөккө толтуруп шоколадды,
СССР деген камкор эне бакты,
СССР деген залкар ата бакты.

Кыйкыртып кыйноого алып кысканы жок,
бакыртып колу-бутуң бураган жок,
түс үйрүп өңүн сага бузганы жок,
бактым деп бир сом акы сураган жок.

Өчүп тынды өңү боз жетимдигиң,
өзүң азыр атасың очор-бачар,
өргө сүйрөп Өмүралы көчүн бүгүн,
азабыңды жедирген ал күндөрдүн
алып жаткан кезегиң өчүн бүгүн.

Ээ Бекболот,
баккан энең балпайган СССР жок,
барскандап, балталап кулатышып,
дуулдашып дубалын уратышып,
көкүлүнөн сылаган ал энеңди
көз көрүнөө көмүштү сулатышып...

Ээ Бекболот,
бир кездеги өзүңдөй жетимдер көп,
жерден боорун көтөрүп жетилген жок,
балпайып багып алаар СССР жок,
кыйкырып кышы калып, жайы кеткен,
кыйналган Кыргызстандын шайы кеткен,
базарда балдар жүрөт тачки түрткөн,
байларың манаптардай жалчы күткөн,
соолугур соода дешип туругу жок,
согончогу кызаңдап жулугу жок,
кийим кийип кышында кабаты жок,
көк муштум жетимдердин сабаты жок,
көр турмуш көкөй кесип амалы жок,
уңулдап ыйлаганда үнүн жулуп,
көз жашын жалап-жуктаар шамалы жок,
түнкүсүн түнөөрү жок,
күндүзү бараары жок,
киерге кийим таппай,
ичээрге ичи тоёр тамагы жок,
далай жетим жер-сууга житип кетти,
далай жетим жоголду кабары жок.

Ээ Бекболот,
азап тарттың далай жыл, азап курсун,
азап курсун, Бекболот, азап курсун!
СССРдин койнунда ээ-жаа бербей
эне-аталуу жетимдей жашаптырсың!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз