Атактуу Афанасий Фет Кожогелди Култегиндин котормосунда

  • 01.07.2021
  • 3091

Атаңгөрү-ай десе, 19-кылымдагы орустун арзуу-ашыклыгын кара, ошол арзуу-ашыклыктын адеп-ахлактуулугун, ыймандуулугун кара! Жок дегенде өбүшүү да чагылдырылбайт. Өбүшүү жок болгон менен өрттөй сезим алоолоп турат! Ардактуу акурман, ажылдакты ары ыргытып, аруу, таза Афанасий Фетти оку?!

ЭГЕР ТАҢДЫ ТОСКОН БОЛСОҢ
Эгер таңды тоскон болсоң күлүп сен,
Белгилериң болсо ишенген, асыл баа –
Бир аз убак, утурумдук сүйүп сен,
Бир букет гүл тапшырып кой акынга.

Ошол жетет, дүйнө айбынан арылат,
Оозун жапкан сыяктанып ызанын.
Букетиң ал ырларынан ар убак
Буруксутуп чачып турат жыпарын...

СЕЛКИНЧЕК
Түн кадимки чала нурун чачты ана,
Турат аркан ээлеп бизди чекелеп –
Бутубузду айкаштырып тактада,
Күүлөндүрдүк экөөбүздү экөөлөп!

Жете жаздап чокусуна токойдун –
Жедеп кыйын туруш дагы, карманыш.
Жерден учса кубанчы мол бочойдун,
Не болсо да асман жактан калбаңыз.

Ыклас койдук оюнга ушул учурмай,
Ылайыктуу жанашып биз, карашып.
Турмушта да бутту койсок ушундай,
Түз бактыга кетчүдөйбүз жарашып...

АРУУ ТАҢДА АНЫ ОЙГОТПО
Аруу таңда ойготпочу, улугум,
Анда уйкунун таттуу, таза, жаркыны!
Таңдын өзү дем тартууда – сулуунун
Татынакай көкүрөгү аркылуу.

Жаздыгын-айт башкача бир жалбырттап,
Жалбырттоодо, балким, кошо түштөрү.
Эки жактан бирин-бири арзып-таап,
эки өрүм чач эзилишип бүтпөдү...

Терезеде Сулуу недир телмирип,
Те узакка – түн киргиче олтурган.
Арасында булут менен тең жүрүп,
Ай жашынып... кайра чыгып.. жол сынган...

Булут канча ойдолосо кулпуруп,
Булбул канча безеленсе үн салып –
Ого бетер турган Сулуу тумчугуп,
Ого бетер кеткен жүзү кумсарып.

Ошондонбу – жалбырттап жаш көкүрөк,
Ошондонбу – жалындоодо таң дагы.
Ойготпо деп бардык тарап өтүнөт –
Олдо, уйкудай ширин болбос бал даамы!

АЙТПАЙМ САГА ЖАЛЫН КЕП
Айтпайм сага эч кандай бир жалын кеп,
Алгым келбейт тынчыңды мен кымындай.
Жан-сезимим үндөбөстөн далилдеп
Жатканым да билдиргим жок чынында-ай.

Түнкү гүлдөр күндүз кечке укташат,
Түшүп келет токойду ашып Күн гана.
Жалбырактар ачылганда кут басат –
Жүрөк гүлдөп жатканга окшоп нурдана.

Көкүрөгүң турса деймин сыгылбай,
Көшүлтсүн түн... Калтаарыймын сабыр деп.
Алгым келбейт тынчың сенин кымындай,
Айтпайм сага эч кандай бир жалын кеп.

ЭЛ УЙКУДА, КАЛЫҢ БАККА КЕТЕЛИ
Эл уйкуда, жүрү, жаным, калың бакка кетели,
Элдей болуп сансыз жылдыз карап турса жетеби?
Ооба, көбү бутак-шактан көрбөйт бизди – кургурлар,
Укпайт дагы! Уга турган бак ичинде булбул бар.
Өзү бирок сайрап кирсе – тыңшай албас долу куш,
Тыңшай турган шыбырларды – жүрөгүбүз, колубуз:
Байкуш жүрөк жердин канча кубанычын укпады!
Дагы-дагы кубантсак деп – далдактайбыз утканы!
Колдун болсо сезими чоң, кабылдоосу кичинек,
Кокус угуп кубанса бир – кетет дароо титиреп.
Койчу, бирок титиреген үчүн турат жалындап,
Кол имерип – ийиндешсек... коруп кирет калың бак...

КЕЛДИМ САГА САЛАМ АЛЫП
Келдим сага салам алып! Ээлендим
Керилип Күн чыккандыгын айтканы.
Чеке жылыыр ысык табы менен Күн
Желбирөөдө жалбыракта бактагы.

Айтам дагы – ойгонгонун токойдун,
Ар бир бутак, демек, баары тирликте...
Сайрап жаткан куштар менен ошол Күн
Термелүүдө жандап жазды бирликте.

Айтам дагы – кумар менен ушундай
Албырып мен кечээ күн да келгеним.
Атаңгөрү, кармап бакыт кушун жай,
Ар дайым саа кызмат кылган пендемин.

Айтам, айтам – каптап бардык тараптан,
Алгандыгын шаттык мага оролуп.
Билбей өзүм не болорум – алактайм,
Ырдаш кайда – ыр келатса торолуп...
БАКЧАҢДА МЕН БОЛДУМ КАЙРАДАН
Бакчаңда мен болдум бүгүн кайрадан,
Баягыдай алып жүрдү төтө жол.
Шилтеп ошол төтө жолдо жай кадам,
Ширин маек курган элек өтө мол.

Анда баёо жүрөгүмө сапарлап –
Аёо, шаттык, үмүт, коркуу тирелген.
Жапжаш, гүлгүн жалбырактар атайлап
Жарыбаган көлөкөсүн жиберген.

Азыр бакча көлөкөгө көмүлүп,
Аңкып турат чөптөр, гүлдөр башкача.
Магдыраган тымтырстыкка өрүлүп,
Маашырланган жымжырттык тур таптаза.

Булбул кечке сайрап турган калбында!
Буурул кечке төнгүчөктү биз менен.
Капка болгон бутактардын алдында
Карек жүрөт бирөөн куру издеген...

КҮТТҮМ СЕНИ БҮТҮН ДООРДОЙ
Жоксуң. Күттүм бүтүн доордой!
Жолдо казык болуп турам.
Бакка кеткен ушул жолдон
Убадаң ал жолуктурар.

Ыз-з-ыз-з чиркей... тыз-тыз жүрөк,
Ыңкып туру жалбырактар.
Түнкү убактай ышкыны үрөп,
Түрс эткен доош жалдыратты-ай.

Кылды үзгөнсүп кетти коңуз
Кыскан бойго олжосу бар.
Кырылдаган эски добуш –
Кымбаттуусун колдоочу шар.

Жашыл чөптөн баш чыгара,
Жапжаш талдар – мен дегенсийт!
Жаз укмуштай жаркырады-аа –
Жаным, ошол сен белемсиң?!

БОРООН-ЧАПКЫН БОЗДОДУ
Түн бир оокум, бороон-чапкын боздоду
Түнөрүңкү туңгуюкта – токойдо.
Жанашып биз олтурганбыз. Коштоду
Жаккан оттор чарт-чу-урт этип ошондо.

Экөөбүздүн көлөкөбүз заңкайып,
Эмин-элкин жаткан полдо күрөң түс.
Көкүрөктө сүйүнүч жок – шалпайып,
Кантип сүрөм кара такты күмөнсүз.

Качыроодо кайың айнек артында,
Каптайт чайыр жараканы капкалың.
Сен кандайсың, айтып берчи, тартынба,
сезгендирсиң не болуп мен жатканым...

ГҮЛДӨР
Талаадагы үйүр малдын дүбүртү
Так түбүнөн бүлдүркөндүн угулат.
Апапакай алма бактан бүгүнкү
Ах-х, жыпар жыт ырыскыга сунулат.

Гүлдөр карайт көзү менен ашыктын –
муңдуу, бирок жаздай таза чакыйган.
Жыпар жыттар каптап келе жатыптыр
Уруктарды улуулукка чакырган.

Эй, розанын досу, сирень сиңдиси,
Элеңдебей, кара мени, түз кара?!
Жигердентсин кыялымды бир киши,
Жибер ырды жүрөгүмө, муздаба?!

СЕЗИМ КЫЙНАП МЕНИ ЭМИ
Сен кыйналган сезим кыйнап мени эми,
Шектүү карап гана жашай баштадым.
Түшүнгөнгө болбой турган немени
Түңүлүп бүт – издебестен качкамын.

Сүйкүмү артык таңдар болчу кубанчым!
Сүйүү тили, гүлдөр, нурлар шаң экчээр!
Кантип анан гүлдөбөй Май тура алсын
жанаш жанып чагылышса каректер!

Ал карек жок – коркунучсуз табыт маа,
Жымжырттыгы – чылбыр тарткан жетегим.
Мококтугум, заарым жолдо калыппы-аа,
Бол, тез, ошол жоктугуңа кетейин...

ЖЫЛМАЮУҢДУ ГАНА ТОСОМ
Жылмаюуңду гана тосом таң да, кеч,
Жыргал жыйган көз карашың кармаймын.
Сүйүү ырын созолонтсом – сага эмес,
Сулуулукка өзүңдөгү арнаймын!

Таңдан баштап ырчыга сөз арналат
Даңктагандай роза гүлүн арзыткан.
Розага, ырас, сөз гүлдөрү жалганат,
Ырахатка термеп турат андыктан.

Байкап көрсөм, үн катпаган суурулуп,
Бакча эгеси, бар кылганың сыр белем:
Ырга гана керек дайым сулуулук,
Сулуулукка керек эмес ыр деген...

БИР АЗ ДАГЫ КЕЧ КИРСИН
Күтөм сени, бир аз дагы кеч кирсин,
Күтөм сени, селт эттирер коңгуроо.
Кел, сүйкүмдүүм, кел, мөймөйүп, эх, чиркин,
Кел да, кечти кече кылып койгун-оо.

Күзгү алдында шамды өчүрдүм – кол сундум,
Күлүп келет жарык, ысык каминден.
Күлкү аралаш сөздөр сүйлөп олтургун,
күдөрүмө орноп калсын ар ирмем.

Жа-ай тыңшаймын бала кыял бал кебиң –
Жалтылдагы келечекке чарпылган.
Ыраазылык ысык жашым дал менин
Ыргып түшөт көөдөнүмө талпынган.

Шаңкайган доор – кармап колуң таң тосмок!
Шай жоолугуң байлап, чечип – жубатып!
Дубал коштоп, туура үстүдөн ай коштоп,
Турам анан дарбазада узатып...

ЭСТЕЙСИҢБИ ОШОНДО ЭМНЕ БОЛГОНУН?
Эстейсиңби, ошондо эмне болду эле,
Ээ-жаа бербей ташып жаткан дайралар.
Үйүр-тобу менен куштар жолдо эле,
Түндүк беттей канат кагып дарбадар.

Бутактардан – жалбырактар жаппаган
Булбул көрүп – үстү жакка даабадык.
Элесин-айт анын тынбай какшаган –
эрип-талып эки көзүн жаап алып.

Жатты кел деп махабатты дабакеч,
Жатты кел деп жаркын түс, жыт – далайын.
Жатты тилеп жалгыз эмен гана эмес,
Жаш куйулткан мажүрүм тал таалайын.

Жан-жактарды азыр көрсөң – кейиш миң,
Жабыгып бүт, солуп бара жаткансып.
Те баштагы дарбазасын бейиштин
Тетир карай аңырайта ачкансып.

Жылдыздар жок салам айтчу жылмайып,
Жыргал сезим, таң дагы жок – кут жарды.
Жакшылыкка жарчы болбой ыргалып –
Жалп үркүткөн чарчап жаткан куштарды.

Айланайын, ким бере алат туруштук
арааны зор азап турса короолоп.
Акырында мейкин талаа куруп бүт,
Айла жоктон аппак мата оронот...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз