Сагын Эшме: Асмандан жылдыз учат

  • 23.07.2021
  • 2996

АҢГЕМЕ

Апам оорлошуп ооругансып жүрдү, бирок эч сыр билгизбейт, күндөгү көнгөн тирилигин кадимкидей кылат.

Бир күн окуудан келсем, дасторкон жайып чай ичип олтуруптур. Көңүлү чөгүңкү. Мен астанадан кирип апамды карап үнсүз туруп калдым, апама боорум ооруп кетти, ыйлап жибере жаздадым.

Апам мага:

- Кел? чай ич, - деди. Мен апамды тиктеген бойдон сумкамды эшиктин кире беришине таштадым да, жанына олтурдум. Анан апам мага бир пияла чай куюп сунду да: - Балам, мен ооруп жүрөм, - деди. Мен унчукканым жок. - Жакшы болуп кетсем түзүк, эгер нары болуп кетсем кантет экенсиңер? Сен эми он төрткө чыктың, ал эми үкөң болсо эми он бирде, ушундай чоң коргондо экөөңөр жетим калсаңар менин көзүм кашайды дей бер, - деди да, оор үшкүрүнүп, пешенемен сылап, - кагылайын ушул экөөңдү берип койгон кудайга нааразы эмесмин, - деди.

Мен апамдан мындай сөздөрдү күткөн эмес элем, ошо себептенби, муун-жүүнүм бошоп, көзүмө жаш тегерене түштү. Өзүмдү канча кармасам да болбоду, мен бышактап ый аралаш:

- Коюңчу, апа, каяктагы болбогон сөздөрдү, сиз өлбөйсүз, кудай өмүр берсе сиз али жашсыз, өзүңүздөн-өзүңүз каяктагы жаман нерселерди ойлой бербең... - Менин ыйым күчөп, үңгүрөп өксүп, үнүм да бийиктеп, өзүнөн-өзү күчөп кетти. Апам үнсүз мени тиктейт, анын да көздөрүндө мончоктогон жаш. Бир кезде апам:

- Эмнегедир жаным жер тартып баратат, - деди. Мен ыргып туруп апамдын жамбашына жаздык койдум.

Апам кечке чейин жатты, кечкурун ички бөлмөгө ага жай салдым. Апамды жөлөп-таяп, акырын алып кирип, ошол төшөккө жаткырдым, ошол бойдон апам көпкө чейин турган жок, доктурга айтып келейин дегениме көнбөдү.

Күндөгү апам кылчу түйшүк менин мойнума түштү. Эртең менен эрте апам мени түрткүлөп ойготот, мен Уулбу жеңемди айтып келип уйду саадырам. Уулбу да оңой менен келе койбойт, өзү жаш болгонуна карабастан гүпчүңдөгөн эттүү неме, кээде бултуңдап-тултуңдап, урунуп-беринип кетчү жактары да бар, бир көңүлү келсе мындан жакшы адам жок. Анан уйду, койлорду чыгарып бадага кошом да, келип чай кайнатам, кийин инимди ойготом, баарыбыз чогуу чай ичебиз. Үкөм экөөбүз ээрчишип окууга кетебиз, үйдө апам жалгыз калат. Окуудан келип шорпо кылам, апам жаткан жеринде майды куй, этти сал, пиязды сал, картошканы сал деп турат, эмнегедир шорпобуз ширин болот, көңүлүбүз көтөрүңкү чогуу күлүп ичебиз.

Биз окуудан келгенден кийин, апамдын ал-жайын сураганы колу-коңшулар көп киришет, алар да шорпобуздан ичет, анан жакшы повар деп мени түз эле мактап киришет, уялып кетем, кийин көнүп калдым.

Бүгүн экинчи сабактан кийин эмнегедир көңүлүм тынчыган жок, үйдү эле эстеп туруп алдым. Агайдан жооп сурап үйгө келдим.

- Мине эрте келдиң? - деди апам мага. Үнү алсыз чыкты, күндөгүдөн начардай көрүндү. Жүрөгүм шуу деп чөгө түштүм, бул абалымды сездиргеним жок.

Апам:

- Тургунжанды чакырып, нан жаап бер десем, ун ада болуп калыптыр, - деди. - Тиги атканадагы жашиктин үстүндө бир чирте буудай бар, шамалга сапырып, калбырга үйрүп, тазалап койгом. Ошону тартып кел, Сали акеңин эшегин сурап кел, тегирменге барып келейин де, анан эсиңден чыгарбай алиги балага (Токталы деген тегирменчини алиги бала деп тергечү апам) айт, бүгүндөн калтырбай тартып берсин, апамдын табы жок эле дегин.

Мен баардык тапшырманы алгандан кийин, Сали акенин эшегин сурап келдим да:

- Буудайды эшекке салышып коюң аке, жеңил эле, - деп сурандым, көчөдөн өтүп бараткан бир кишини. Экөөбүз колдошуп салдык, ал киши жип менен буудайды бекем байлады да анан колун каккылап жатып:

- Жеңил эле деп коёт, бул аз дегенде 70-80 кило чыгат үкөм, - деп басып кетти.

Мен рахматымды айтып, ал кишини узаттым.

Тегирмен бизден алты-жети чакырым алыста эле, жол ээн, үйдөн бир аз узагандан кийин эле Мистемазар деген мүрзөнү аралап өтөт, анан топурагы тизеге чыккан, бирде ылдый түшүп, бирде өйдө чыгып, айдоону аралаган чоң жол менен жүрүп олтурасың. Шамайдан деген сайга түшө бериште чоң суу агат, андан араңдан зорго дегенде кудайлап жүрүп өтөсүң. Бир аз жүргөндөн кийин оң жагы бийик жар, сол жагы суусу кургап калган сай, андан өткөндөн кийин бак жолугат. Жапайы өскөн даракчалар көп, күндүн жарык экенине карабай бул жолдо жүрүү биз өңдүү жаш балдар үчүн айбаттуу эле.

Тегирменге күн бата жеттим. Тегирменчинин Арстан аттуу баласы экөөбүз бир класста окуучубуз, ал атасына каралашып жүрүптүр. Келип менин жүгүмдү түшүрүштү.

- А-а кел, - деди Токо (Токталы тегирменчи, аны улуу-кичүү тегиз эле Токо деп чакырышчу), мени жолуман тосуп, ал-жайды сурашып бүткөндөн кийин апамдын айткан сөздөрүн айттым.

- Качантан бери ооруйт? - деди.

- Бир айдан ашты.

- Эмне айткан жоксуңар? Барып көрөт элек, алыс эмес, тууган эле болобуз, азыр бирөөнүн жүгүн салып койдум, түн жарымынан кийин чыгат, кийин сен сал, таң атканча чыгып калат. Эртең менен эрте келип каласың, макулбу, - деди.

Мен макул болдум.

Тегирмен чоң кырдын түбүнө курулган, айлана-тегереги бай теректер өтө картаң болгондуктан уч жагы куурап, шактары сынып, жаш шактарга илинип турчу. Күр-шар эткен тегирмендин өзү да түндөсү коркунучтуу эле. Каш карайып, чырак жагылгандан кийин эле мен жалгыз эч жакка чыга албай калдым. Арстан көнүп калыптыр, эч нерседен коркпойт, ал сыртка чыкса кошо чыгам, ичкери кирсе кошо кирем, ал кээде дүңкүйгөн каптардын арасына бекинет да, мени жалгыз калтырат, бүлбүлдөгөн үрүл-бүрүл чырактын жарыгынан эч нерсе көрүнбөйт. Анан менин корко баштаганымы сезген Арстан каткырып чыга келет да:

- Коркпо, эми чоңоюп калбадыкпы, - дейт. Мен мындай шартта болбогонумду айтып элеңдейм.

Ушинтип ойноп жүрүп, тегирменден чыккан унга алды жактагы чанак толуп кеткенин байкабай калыптырбыз. Бир кезде тегирмен чаңыгансып кетти, көрсө өтө үйүлүп кеткен ун айланып жаткан ташка жеткенде, таш унду ыргытып жаткан экен. Арстан шаша-буша унду чанактын бир бурчуна чогултту да:

- Тиги каптын оозун ачып тур? - деп буйра сүйлөдү. Мен капты ачып турдум, ал унду бүт капка салды да, чанакты бошотуп, колун, кийимдерин каккылап, саатына карады: - Он эки болуптур, дагы бир жарым, эки саатта бул чыгып бүтөт, анан сенин буудайыңды салабыз дос, - деди да, мени колтуктап жетелеп, - жүр, эшикке чыгып сүйлөшүп жатабыз, - деди.

Экөөбүз эшикке чыктык да, ылайдан жасалган супанын үстүнө төшөлгөн калың чөптүн үстүнө чалкалап жата кеттик. Арстан кобурап бир нерселерди сүйлөп жатты, анын эмне айтып, эмне сүйлөгөнү мени кызыктырган жок. Бүт көңүлүм, оюм үйдө жалгыз калган оорукчан апама кетти. Жалгыз эмес, жанында иним бар, бирок ал башы жаздыкка тийди уктайт, ал апамдын онтогону, суусаганы менен иши жок, ордунан туруп суу ичип келем деп канча кыйналат. Байкуш апам жаш эле туруп алтымышка жетпеген курагында ушинтип оорукчан болуп калабы? Кудай ошол карып бараткан адамды кыйнабай, ошол ооруну мага эле бербейби, жаш элем, көтөрөт элем деп ар түрдүү ойлорго алаксып жаткам, айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Бир кезде так биздин үстүбүздөн бир жылдыз ылдый көздөй сызып жөнөдү. Ал болжол менен так эле биздин үйдүн үстүнө барганда жок болгонсуду, анын ракетанын огундай болуп артында калтырган изи жерди бир аз жарык кылып кайра жок болду. Жаратылыштын ушунчалык адам суктанаарлык кубулуштарына аң-таң болуп, кандайдыр бир жакшы нерселерди ойлоп жаткам, дагы эмнелерди ойлонот элем, ким билет, менин бүт оюмду Арстандын кебелбестен асманды караган бойдон айткан сөзү бузду.

- И бүгүн түндө ылдыйдан бирөө өлөт, - деди ал оюнда эч нерсе жок. Менин жүрөгүм оозума каптала түштү.

- Эмне?! - дедим ыргып туруп Арстанды тигиле карап.

- Асмандан учкан жылдыз каерге барып жок болсо, ошол жерде бирөө өлөт.

Мен шашкалактап:

- Сен муну каяктан билесиң? - дедим.

- Өгүнү биздикинде чалдар чогулуп, чай ичип отурушуп бир чал айткан, калгандары «туура-туура» дешип баштарын ийкеңдетишти.

- Жок! Жок, Арстан! Андай эмес. Учкан жылдыз жок болгон жерде адам өлбөйт! Бул - жаратылыштын кубулушу.

Мен ордумдан учуп турдум да, үйдү көздөй жолго түштүм. Чочуп кеткен Арстан:

- Токто-токто, эмне болуп кетти? - деген бойдон калып кетти.

Мен «апалаган» бойдон үйдү көздөй учуп бараттым, караңгыда бейтааныш жолдо бирде жыгылып, бирде тура калып, кээде эки алаканымын оту менен жер таянып, кээде эки тизем тарсылдап таштарга тийип, энтигип тура кальш жолумду улайм. Оозуман өзүмө угулар-угулбас сөз чыгат: «...Апа, апаке, кагылайын апакем, берекем, айланайын, алтыным, апакем...». Оозуман чыккан ушул ар бир сөз менен кошо көзүмдөн мончоктогон жаш кулайт. Мына баягы күндүз айбаттуудай көрүнгөн бактан эч коркуу сезими жок өттүм, эми баягы мен сиздерге айткан чоң сууга баратам. Анын оң жана сол жактарындагы бийик жарлардын ичинде эскиден дөө, албарсты, жин-перилер жашайт имиш, түндө бул жерден өткөн адамдардын оозу-мурду кыйшайып, кээлерин ажалынан мурда ушул албарсты, дөөлөр өлгүрүп коёт имиш деп эл сөз кылган жарга келдим. Ошол себептен түндө жол жүргөн жүргүнчүлөр бул жарды алыс жактан айланып өтүшчү. Мен айланганым жок. Туптуура ошол албарсты, дөөлөрдүн «борборуна» салдым. Катуу жүгүрүп келип сууга секирдим. Оргуштаган суудан он метрдей агып аркы четинен чыктым.

Ана, бүт албарсты, дөөлөр мени карап турушат, алар менин көзүмдөгү жаркыраган оттон, каным кайнап, төбө чачым тик туруп, бүт денемдеги ачуумдун жүзүмдөн тамчылап турганын көрүп, мен алардан эмес алар менден коркуп, бул азыр эчкимди аябайт, бул азыр колуна тийгендин баарын быт-чытын чыгарат дегенсип, мен алга ынтылып, жүгүргөн сайын алар дүркүрөп мага жол бошотуп жатышты. Ушинтип жүгүрүп олтуруп үйүмө жакын жердеги Мистемазарга кандай жетип келгенимди да сезбей калыптырмын, түндө мүрзөдө албарстылар от жагат, түндө мүрзө араласаң арбактар мүрзөдөн колун чыгарып шыйрагыңдан кармап тарткылашат. Эртеси бүткөн боюңа чака чыгып, кулагың укпай, көзүң көр болот деген коркунучтуу сөздөр эсиме түштү. Бирок мен жулкунуп ачууланганым жок. Мазардын чекесине чөгөлөй олтурдум да, биссимилла-хир-рахманир-рахим Ила-Ила-Иллаллаху Махаммад урулла суруллаху, - дедим да, «Оо айланайын Кудай, эгер менин мүрзө аралаганым күнөө болсо кечирип кой. Ээ, айланайын Кудай, сенин барың чын болсо апамды сактай көр, апам үчүн ушундай ыйык, ушундай азиз жерди тепсеп өтүүгө мажбурмун» - деп мүрзөнү аралап үйдү көздөй түз жүгүрдүм. Дарбазаны ичинен жыгач менен тиреп койчубуз, дарбазаны эки-үч жолу булккулаганымда жыгач жерге түшүп, дарбаза ачылып кетти.

- Апа! - деп кыйкырдым.

Үйдөн эч шарпа болгон жок. Көөдөнүмдөн чыгып кетчүдөй туйлап соккон жүрөгүм заматта токтоп калгандай сезилди. Экиичи жолу «Апа!» деп катуу кыйкырдым да, учуп терезеге жеттим, ичкериден катуу уйкудан чочуп ойгонгон апамдын үнү чыкты.

- Аа! Ким! Айланайын уулум, мине болду түн жарымы ооп кеткенде?!.

Эми жан өзүмкү болду. Эми болкулдап-солкулдап үнүм өзүнөн өзү дорулдап ыйлап баштадым. Оорулуу апам туруп келип эшикти ачканга чейинки убакыт бир жылдай сезилип кетти, эшик ачылаар замат апамдын мойнуна асылып эсимден таныптырмын. Мени көрүп эси чыккан апам, суу чачып учуктап, эки бармагын оозума салып ап-аптап жатыптыр. Бир убакта өзүмө келсем, эки бутумду төрдү көздөй сунуп эшикке жөлөнүп олтурган экем. Апам болсо өпкө-жүрөгүн чаап, айланып, кагылып, кейип жатыптыр.

- Ачка олтурсак да тынч олтурсак болду эле, кайсы көрдөн сени тегирменге жөнөтө койдум эле, - деп дагы бирдемелерди сүйлөнүп жатты. Апамдын оозунан чыккан ар бир сөзүнөн катуу коркконум сезилип турду. Бир аз эсимди жыйнагандан кийин жанымда олтурган апамды колтуктап жөлөп тургуздум да, акырын төшөгүнө алып барып жаткырдым, анан жамынчысын көкүрөгүнө тарта жаптым дагы, акырын ый аралаш Арстандын айткан сөздөрүн айта баштадым. Айтып бүтүп ыйлабадым, бирок эмнегедир көзүмдүн жашы тыйылган жок. Менин сөздөрүмү көңүл коюп уккан апам ысык алакандары менен көзүмдүн жашын аарчып, эки кулагымдан капшыра кармап, мени өзүнө тартты да, беттеримден чопулдата өпкүлөп:

- Жиндибайым, асмандан жылдыз учса эле адам өлө берсе жакшылык болобу? Бул бир айтым сөз, эгер чын болсо бир эле күндө жүздөгөн жылдыз учат, анда жүздөгөн адамдар өлүп, элдин баары кырылып калбайбы. Жат, кичине уктап ал! - деди.

- Тегирменимчи?

- Ээ тегирмениңди жер алат беле, эртең күндүз кабар аласың.

Жатып уктап калыптырмын. Эртең менен турсам, Арстан тартылган унду эшекке салып үйгө айдап келди. Мен сүйүнүп кеттим. Арстан экөөбүз чай ичип окууга кеттик. Окуудан келсем апам мени өзүнө чакырып:

- Барып Ашымды айтып кел? - деди. Ашым аке биздин айылдын фельдшери эле, жаңыча да, эскиче да билими бар кичипейил, катуу айтып бирөөнүн шагын сындырбаган адам. Ашым аке биздикине эртеси күнү эртең менен биз чай ичип олтурганда келди. Үн-сөзсүз апамдын тамырын кармалап көрүп сумкасын ачты да:

- Муногуну эртең менен, кечинде бирден ичесиз, а муну болсо бир күндө үч маал ичесиз, - деп эки түрлүү дары таштады да, чай ичиң дегенибизге болбой нан ооз тийип чыгып кетти.

Арадан жети-сегиз күндөй убакыт өттү. Окуудан келип шорпо кылышка кириштим. Апам экөөбүз шорпо ичтик, күндө төшөктө жатып тамак ичкен апам, бүгүн кыргыйдай болуп туруп олтуруп тамактанды. Мен дасторконду жыйнаштырдым, апам туруп эшикке чыкты, басканы жеңил, онтоп, үшкүрүнүп-пышкырынганы жок. Ушу күнү кечкисин баарыбыз көңүлдүү жаттык.

Эртең менен турсам апам жок, терезеден карасам уй саап жүрүптүр, аябай сүйүндүм. Үкөм экөөбүз жуунуп-таранып келсек, дастаркон салынып, көптөн бери аарчылбай, саргайып кеткен пияла-чайнектер жаркырата аарчылып, ысык чай демделип туруптур.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз