Кайсы өлкөдө канча жашта үйлөсө болот?

  • 26.07.2021
  • 2973

Дүйнө жүзүндө балдарын эркинен тышкары үйлөндүрүү дагы эле уланып келет. Нана технологиялар, илим-билимдин, маданияттын жогорку деңгээлге көтөрүлүшү, Марска чейин учуулар ата-баба салттарын баарынан жогору койгон адамдар үчүн түккө да турбайт. Менин чоң энемдин чоң энесинин чоң энеси 15-кылымда 10 жашында күйөөгө чыкса, демек, менин кызым да ошол жашында өз бактысын күйөөсү менен бирге табышы керек.

Бул көйгөй менен дүйнө жүзүндөгү көп эле укук коргоочу уюмдар ийгиликтүү күрөшүп келет. Girls Not Brides компаниясы көп өлкөлөрдө, айрыкча кыздарын эрте күйөөгө берген мусулман өлкөлөрүндө атайын мыйзамдарды бекитип, жакшы иштерди жасап келүүдө. Тилекке каршы, бул көйгөй аягына чейин чечиле элек. Сиздердин көңүлүңүздөргө азыркы учурда кайсы өлкөдө бул көйгөй кандай абалда кандай экенин сунуш кылабыз.

Кытай. 20 жаш

Орто кылымдагы Кытай өз атуулдарынын үй-бүлөлүк турмушуна көп көңүл бурган. Кыздар 20 жашка чейин турмушка чыгуулары тийиш болгон, ал эми жигиттер 30 жашка чейин үйлөнүп, эгерде 30 жаштан өтүп кетсе өмүр бою бойдок өткөн. Бул эреже мыйзам менен бекитилген. Бүгүнкү күнү Кытай үйлөнүүгө уруксат берилген жаштын эң жогорку чеги менен дүйнө элдеринин эң алдында турат: кыздар 20 жашка чыкмайын эрге тийүүгө тыюу салынган. Кытайлар деле өздөрүнүн саны өсүп кеткенин билсе керек.

Индия. 18 жаш

Махатма Ганди болбосо индиялык кыздарды алардын макулдугусуз эле сыртынан күйөөгө берген салт улана бермек: 1921-жылы эл каттоодо миңге жакын бир жашка чыга элек кыздардын күйөөлөрү болгон экен. 13 жашында үйлөнгөн Махатма эрте баш кошууларга катуу тыюу салган Сарды мыйзамын кабыл алдырган. Бул албетте, көйгөйдү улуттук масштабда чечүүгө жардам берген, бирок балдарды эрте үйлөнтүү жөрөлгөсү таптакыр жок болуп кеткен жок. 2003-жылкы эл каттоодо миллиондон ашык кыз 15 жашка чейин эле төрөгөнүн аныктаган.

Малайзия. 18 жаш

Мындан бир аз жыл мурда эле ата-энелердин макулдашуусу менен балдарын эрте үйлөнтүү кадимкидей көрүнүш болгон. Бирок өкмөт мусулман кыздардын күйөөгө берүү жашын 18 жаштан баштап уруксат берген мыйзам кабыл алды.

Тунис. 17 жаш

Мусулман динин тутунган Тунис светтик мамлекет болууга чоң арыш менен бара жатат. Мындан жүз жыл илгери 14 жашка чыккан кыз кара далы деп эсептелчү. Бүгүнкү күндө жигиттердин 35 жашка чейин үйлөнбөй жүргөнү, бийкечтердин 25-30 жашка чыкканча күйөөгө тийбей жүргөнү кадимкидей эле көрүнүшкө айланган. Бул мусулмандар коому үчүн адаттан тыш көрүнүш.

Шотландия. 16 жаш

Өткөн кылымдын ортосуна чейин Шотландия бүткүл дүйнөлүк Ромео менен Жульетталар үчүн бейиштин өлкөсү болгон. 1940-жылы гана эки жаш күбөлөрдүн көзүнчө баш кошкону тууралуу жарыя кылып койгону, алардын расмий түрдө үй-бүлө болушуна жетиштүү болгон мыйзамды жокко чыгарышкан. Бирок азыркы күндө шотландиялык жигит төрөлгөндөн баштап эле үй-бүлөнүн ээси болгонго укуктуу болсо – кыздар 16 жашында, ата-энесинин макулдугусуз эле эрге тие алышат.

АКШ. 13 жаш

Бул жерде ар кайсы штаттарда өз мыйзамдары бар. Мисалы Нью-Хемпширде кыздар 13 жашында турмушка чыкканга уруксат берилсе, Массачусетте 21 жашка чейин күтүүгө туура келет.

Эквадор. 12 жаш

Эквадордун жашоочулары канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы деп эсептешет. Мектепке барып, куурчак ойногон кыз менен чимкиригин тарта элек бала кандай үй-бүлө түзө алышарын түшүнүш кыйын. Үй-бүлө деген эмне экенин алар түшүнүшөр бекен?

Африка

Египте менен Алжирде кыздардын күйөөгө тийүүгө болжолдуу жашы – 16; а Нигерия жана Кенияда ата-энелеринин макулдугу менен кыздарын 9 жашынан баштап күйөөөгө беришет.

Сомали жана Сенегалда кыздарга 16 жашында, ал эми Нигерде 15 жашында күйөөгө чыгышына уруксат берилген. Ата-энелеринин макулдугу менен андан эрте деле беришет.

А Суданда күйөөгө берүү үчүн атайын бир жаш белгиленген эмес, болгону эки тараптын макулдашуусу гана керек.

Афганистан. 16 жаш

Бул өлкөдө кээ бир учурда 8 жашар кызды күйөөгө узаткан учурлар жолугат.

Пакистан. Расмий 16 жаш, бирок чыныгы турмушта андан бир топ эле жаш

Балдарды эрте үйлөнтүүгө тыюу салган мыйзамга карабай, бул нерсе кеңири таралган. ЮНИСЕФтин докладында белгиленгендей Пакистандагы кыздардын 70% ти 16 жашка чыкпай эле күйөөгө берилет. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, Пакистанда башка өлкөлөрдө жолукпаган вани деген салт бар. Бул салт боюнча үй-бүлөлөрдүн ортосундагы чырды коомдун аксакалдары чечип, ал чечимге ылайык бир үй-бүлө төлөй албай калган карызы үчүн, экинчи үй-бүлөгө 5 жаштан 9 жашка чейинки кыздарын келин кылып берүүгө милденттендирилет.

Куба. 16 жаш

Бул өлкөдө ата-энелеринин макулдугу боюнча кыздар 14 жашынан баштап эрге тие алышат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз