Армян эл жомогу: Аялдын жалаасы

  • 29.07.2021
  • 2960

Бир эркек көп сыйынчу болот. Аны тыңшап жүргөн аялы бир күнү мындай дейт:

– Байым, эмне үчүн аялдын жалаасынан сакта деп Кудайга сыйынбайсың?

– Ошол эле жетпей атты беле! Корккудай силер, аялдар ким болуп калыпсыңар! Болбогон нерсе менен Кудайдын башын оорутпайм, - деп койот эркек.

Мындан улам күйөөсүн тамашалагыча жазаламакчы болгон аял амал ойлонот. Эртеси күнү базардан бир нече балык сатып алып, түшкү тамак салынчу баштыкка салып, талаада иштеп жаткан күйөөсүнө барат. Эркек аялын көрүп, булакка колун жууганы кеткенде аял күйөөсү иштеп жаткан жерге балыктарды көмүп койот. Ошентип күйөөсү тамактанган соң аял идишин жыйнап үйүнө кайтат. Кечинде күйөөсү баягы балыктарды көтөрүп сүйүнгөн бойдон келип, аялына Кудай өзү ырыскы буюрганын, болгондо да кургак жерден балык таап бергенин, бекеринен көп сыйынбаганын айтып мактанып, бул балыктарды эртеңки түшкү тамакка талаага бышырып баруусун буюрат. Эртеси аял балыктарды бышырганы менен аларды өзү жеп салат да, күйөөсүнө бир аз тамак алып талаага барат.

- Кана балыктар? – дейт эркек алдындагы тамакты карап.

- Кайсы балыктарды айтасың? – деп суроого суроо менен жооп берет аял.

- Кечээ мен бияктан таап алып барган балыктарды айтам! – ачуусу келе баштайт эркектин.

- Сен жинди болгонсуң го. Эч кандай балык алып барган эмессиң, мен эч кандай балык көргөн эмесмин, - дейт аял кебелбестен.

- Эй, алып барып өз колуңа тапшырып, бүгүн бышырып кел дебедим беле! – күйөөсү ызырынганда аял ого бетер жинине тиет:

- Сен айный баштадың, ушул аңгыраган талаада каяктагы балык?

Муну укканда эркек ачуусуна туттугуп, аялын эмне менен урушту билбей эки жагын кайсалап калганда, аял кошуна талаада иштеп жаткан кишилерди карай кыйкырган бойдон качат:

- Жардамга! Сактап калгыла! Күйөөм акылынан айнып, мени өлтүргөнү жатат!..

Ошентип ызы-чуу түшө кубалашкан эрди-катынды кошуналар алдынан тосуп ортого түшүп, эмне болгонун сурашат.

- Койо бергиле! Мобул катындын азыр канын ичем! Көз көрүнөө танганды, менин балыктарымды жеп салганды буга көргөзөм! – дейт эркек ызырынып.

- Акебайлар, сактап калгыла, бул акылынан айныган неме жок балыкты айтып өлтүргөнү калды! – дейт аял чырылдап.

- Деги эмне болгон балык эле? – деп сурайт кошуналардын бири.

- Кечээ жер иштетип жатып бир топ балык казып алгам, бул болсо анын баарын жеп салып, көргөн эмесмин деп танып атат, - дейт эркек.

Муну укканда кошуналар абдан таң калып, күйөөсүнүн акылынан айнып калгандыгы тууралуу айтканына ишенишип, эркекти кармап, үйүнө алып барып, акылына келгиче турсун деп байлап коюшат.

Кошуналар кеткенде аялы күйөөсүнө басып келип, көзүнө тике карап сурайт:

- Кана, мындан кийин аял аттуунун жалаасынан коркуп жүрөсүңбү?

- Мындан кийин сени оңой ойлочу болсом өлүп кетейин! Деги мындан кийин сенин балээлериңден сакта деп Жаратканга жалынып жүрөйүн, колумду чеччи! - деп жиберет эркек жалоору аралаш өтүнүп.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз