«Кайсы жериң ооруса жан ошо жерде» деген эмеспи. Ошол эле сыяктуу эмнеден кемчил болсоң ошого зар болоруң да шексиз. Пальтоң жок болсо, жайкысын да эч нерсе эмес, кышкысын кордукту көрөсүң. Шымың жок болсо, өзүнөн өзү белгилүү. Үйдөн чыга албай каласың.
Эми бул чоңдорду коё туруп майда-чуйда кемчилик жөнүндө эле айткым келет. Маселен, бет аарчы жок. Бул алакандай эле чүпүрөк болсо дагы, элдин арасында олтуруп кокус чүчкүрүп ийсең жеңиң менен мурдуңду аарчый албайсың. Демек, кемчилик иши кылып кайсынысы болсо да керектүү. Бул өтө эле тыкандыкка жатпайт, ылайыктуу жумуш.
Ырас, кээ бир тыкан немелер болот, тиш чукуурунан өйдө камдап жүрүшөт. Буларга айла жок. Майда-чуйданы ар дайым запас кылып катып алышат. Бул аңгемени өзүм сыяктуу энөөлөр жөнүндө айтам. Байпак деген да адамга керек нерсе. Эгер өтүк кийсең, байпактын анчалык баркы жок. Бутуңа газета ороп алып да жүрүп кетсең эч ким байкабайт. Баарынан да ботинка кийгенде байпактын зары өтөт экен. Мен да ботинка кийгендин биримин.
Байпагымдын жыртылганына 15 күнчө болду. А дегенде согончоктон бармак басым кызыл чыкты эле, кончун улам ылдыйлатып кийип жүрүп, ал да эки-үч жеринен тешилди. Жадаганда таманын үстү, үстүн таманы да кылып кийдим. Болбой эле согончогум бутту шилтеген сайын жарк деп кызара түшөт. Ал гана түгүл шыйрактар да көрүнө баштачу болду. (Кыштын күнү кызарган шыйрак абийириңди кетирет эмеспи?!) Айлам кеткенде шымымды багалегиң менен баса көр дегенсип, улам ылдый жылдырып коюп жүрүп, багалектерим жыртылып үкү аяк боло баштабадыбы. Деги байпак таппаса болбойт. «Кыргызторгдун» шаардагы дүкөнүн кыдырып чыгып эч нерсе таба алган эмесмин. Бир дүкөнгө барып: «Байпак барбы?» десем «Аттакадан башка эч нерсе жок» дейт. Экинчисинен сурасам жан кайыш менен гана каамыт бар дейт. Так ошол дүкөндө Ат-Башыдан келгенби, Таластан келгенби, бирөө көп каамыт алып жатып дүкөнчү менен урушат:
- Силер кандай немесиңер, айыл чарбага керектүү буюмдардын арбынын айылга жибербейсиңерби. Биздин айылга жалаң гана мобу жигит сураган тор байпакты, анан тиги мойнуна байланган, – деп менин галстугумду көрсөттү да: — жибериптирсиңер. Ырас, бизде райондун өзүндө иштеген кээ бир өкмөттөргө эле керек болбосо, мага окшогондор байпагыңарды да, бул моюнга такканыңарды да албайт. Мына буларга бербейсиңерби? – деп мени дагы көрсөттү. Менин төбөм көккө жетти. Тиги дүкөн саткан неме:
- Ой, аксакал, биздин аксакалдар бар. Шаарга, айылга ошолор бөлөт, — деди.
- Аксакалбы? Же жөн эле сакалын кырган мурутчан немеби, же аялбы, айтор «(Кыргызторгдун» башчысына айтыш керек,— деп мен атбашылыкка сүрөөчү болдум.
Тиги атбашылык каамыттарын алды дагы:
- Мойнуңа байлаган немең дагы майланышып баратыптыр. Биздин дүкөндөрдө мындайлардын түрдүү шумдуктары бар. Барып алсаңчы, - деп же шылдыңын, же чындыгын билгизбей чыгып кетти. Мен да бир тегеренип туруп бит базарды карай жөнөдүм.
Баратсам менин шыйрагымды көрүп өзү түшүнгөн көрүнөт:
- Дүкөндө байпак бар бекен? - деп алдыман бирөө чыкты. Мен дагы анын шыйрагына көз жибердим эле, так менин өзүм болуп чыкты.
- Каамыт алсаң турат,— деп туура жолуна салдым.
Ал мени менен жандай басып:
- Бит базардагы соодагерлерде жашырып саткан байпактар бар экен, бирок өтө кымбат, - деди.
Деги бар экендигине сүйүндүм. Экөөбүз окшошуп базарга жеттик. Барар замат тиги жигит:
- Тетиги кыркадагы аялдарда экен. Барып эле көзүңдү ымдасаң чыга келет, анан кулагына «Байпак» деп койсоң эле өзү билет,— деди.
Мен анын айтканын кылып жеткен эле жерден бир аялга көздү ымдадым эле. «Жок» деп башын чайкады. Жана бирөөнө көздү шилтеп калдым эле, тескери бурулуп басып кетти, көрсө менин артымда келе жаткан бир милиционерди көрө койгон экен. Аны өткөрүп жиберип жана бирөөнө жеттим. Ал аял «байпак бар» деп шыбырады. Мага эркектики керек эле дегениме, ал:
- Эч кимден таппайсың, баары аялдардыкы, - деди.
Мен ага ишенбестен дагы бастым. Чети кыркадан желбегей жамынган бир өзбек келинге көз ымдасам, ал байкаган жок. Оң көздү да, сол көздү да алмак-салмак ымдап жатып билдирдим эле, келин басканча болбой жанынан бир коңкойгон чоң өзбек жигит тура келип:
- Нема болган макулуксуң? Чак түштө бирөөнин хотынына көз ымдап? — деди эле эмне кыларымды билбей, шыйрагымды көрсөтүп кутулдум. (Антпесем төбөм зың дей түшөрүнө үч эле секунд калды эле).
Ушинтип болкулдаган жүрөгүм менен көз ымдоону да койдум. Нараак бара түшүп жанымдагы жигитке бир аялды көрсөтүп «ошого көз ымдап көрчү» дедим. Чын эле байпак саткан аял экен. Бирок баары тең аялдыкы.
Эркектин байпагын эч жерден таба албасты ал дагы айтты. Айла кеткенде алууга туура келди.
- Канча?
- 180[1]...
- Чын сатарыңды айт?!
- Чыным - 160.
- Эми канча төлөйүн, айт,— деп кол бердим.
- Турган жери ушул,— деп аял кол берди.
- 130 берем,— деп мен алакан чаптым.
- 155, бир тыйын да кем түшпөйм,— деп аял алакан чапты.
- 140 берем,— деп алаканга түшүрүп жана чаптым.
Экөөбүз нары сүйрөшүп, бери сүйрөшүп жатып 150гө араң алдым.
* * *
Үйгө келип кийип көрсөм, жоон саныман өтө качты. Нары ойлонуп, бери ойлонуп, нары кармап, бери кармап туруп бирөөнү каттым дагы, бирөөнү кайчы менен эки бөлүп, бир жагынын башын жип менен бууп туруп эки бутума кийип алдым. Аялдын эки бөлүнгөн байпагын кийип жүргөнүмдү, мени менен мончого түшкөн эле киши билбесе, айтоор, жыргап калдым. Жөнөкөй жүргөндө кишиге бутуму текшертип жиндиминби? Кимдин кандай жумушу бар. Эбин тапса мендей болсун. Булар жыртылганда беркисин эки бөлөм. Кайчы деги бар!..
[1] Акча — эски баа менен берилди. (Ред. эскертүүсү).