Кадыркул Өмүркулов: Бар бол, кутман таң

  • 31.07.2021
  • 3323

АҢГЕМЕ

Аттокур чал күндөн-күнгө алдан, күчтөн тайды. Күзгүдөй сөөгү гана калды. «Эрди карыганда, аргымакты арыганда көр» — деген ушул эле...

Жалыны өчүп, күлү калды. Күл ичинде көмүлүп, каректей чогу калды. Бели түпкүчтөй, муундары токтобой денесин жер эле тартат, жер эле тартат. Эшикке жетелеп чыгышат, кайра көтөрүп киришет.

Бир гана акылы таза. Ушинтип кирди-чыкты абалда жаткандан бери үч жолу ай жаңырганын ойлоп, бул асман, жер, күн, жылдыздарды бар ажайып дүйнөдө дагы эле бир күндүк мейман болуп отурганына чарчаңкы, купуя таң калды.

Ал дүңгүрөгөн улуу жайда чөбү токулуу аттын үзөңгүсүнө чыккан, кээ-кээде сайгактаган торпоктор качып кирип адашып, жоголуп кетишкен, ит-кушка жем болушуп, болбогону кайра бир жылдан, эки жылдан кийин мурундарын дердейтишип жапайы болуп чыга келишкен чытырман, калың арча токою бар жайлоодо туулган. А ошол жылдын жазы жамгырлуу болуп, дайралар нугунан чыгып, өзөндөрдү, конуштарды суу каптап эл түздөн кырга качып, конуп чыгышкан дешет. Жамгыр сээлдегенден кийин өзөн боюндагы бадалдардын арасында, калың чөптөрдүн үстүндө ыргытышып, туйлап, боору күмүштөй жаркылдаган балыктарды айры менен, кол менен тутушкан экен. Ошол жыл Жылан жылы экен. Мына, Аттокур быйыл толук сексен үчкө чыкты.

Ат токурум болсун деп, чыныгы көчмөндөрдүн каалоосу, үмүтү менен, жаныма жан, малыма мал, душманга ажаан, журтка караан болсун деп атасы ысымын ушинтип коюптур. Аттокур - демек, жигит, деген сөз, тагдырыңа, бакытыңа жеңдирбе, тең бол деген сөз. Бирок, атасы каалоосуна, үмүтүнө жеткен жок. Аттокурдун ат жалын кармап, үзөңгүгө бут койгонун көргөн жок, тагдыр жеткирбеди. Уулу балтыр бешик болгондо каза болуптур. Аттокур атасынын үнүн да, сөзүн да, жүзүн да, жытын да билбейт, асмандагы куштун жердеги көлөкөсүн ким көрөт? Ким кармайт?.. Ошонтсе да түшүндөбү же өңүндөбү, кээде атасы аян берет, кирпик кагымдын ортосунда тоонун туу чокусунда турган атасынын каргылданган, кыйкырган үнүн уккандай болот. «Эй Аттокур, бир үйүр качты, чап, жылкыларды бери кайры...»

Тобо, эмне үчүн башка сөздөр эмес десең, кулагына шак этип, ушу сөздөр гана угулат, көпкө дейре ары ойлонуп, бери ойлонуп жүрүп, акыры бир жолу өзүнчө мындайча жоруган - көзгө илешпей качкан үйүрдөй учкан күндөрдү текке өткөрүп өмүрүңдү ойрон кылба, айран кылба - атанын арбагынын аян бергени ушул...

Мына азыр өмүрүнүн кылкылдап батып бараткан акыркы күндөрүндө, кирпик кагымдарында да атасынын каргылданган үнүн укту.

«Үйүр качты! Эй. Аттокур, чап, жылкыларды тос... »

Аттокур кирпиктеринен өйдө чарчаган көздөрүн ачты. Түн уйку да мурдагыдай кут болбой калды, бар болгону таңды жакындатат... Чал уктаганга аракет кылды.

Кайра уйкудан ойгонгондо өзүн караңгы, муздак үнкүрдүн ичинен чыгып келаткан кишидей сезди. Көздөрүн ачып, көздөрү караңгыга үйүр алгандан кийин гана жанында уктап жаткан уулу Огонбайды көрдү. Уктаган уулуна көпкө карап, көзү жылыды, колдорунун учуна жан кирди, жүзүнөн сылагысы келди, бирок колун көтөргөнгө күчү келбеди. Уулу жылкычы. «Мени тарткан жок, чоң атасын тартты» — Аттокур буга абдан ичинен кубанат, кээде, атам да ушуга окшош болгондур деп калат...

Огонбай жылкысын шеригине таштап, тоодон түшкөнүнө бир айдан ашты, ошондон бери күнү-түнү чалдын жанынан чыкппайт. Аттокурдун бир ууртам суу ичкиси келди, бирок уулун ойготкусу келген жок, үшкүрсө да, толгонсо да ойгонуп, ыргып ордунан турат, эшикке чыкса, бирге чыгат, үйгө кирсе, бирге кирет. Таңга маалкы уйку ширин болот. Уктап алсын — жөтөлү дагы кармады. Жөтөлүн тамагына бууп араң токтотту. Көздөрүн жумду...

«Куш уйку кылып алайын» — деди чал — таң атып келатат. Бала кезиндеги мергенчи Шамейдин бир айтканы эсинен кетпейт: «Бүркүт менен куш бир көз ирмейт, кайра ачат, уйкусу канат» — ушинтип айтканын эсине бекем тутуп алып, бала да, бүркүттү туурап, аз уктаганга аракет кылганы эсинде...

Шамей эркек балага атасыздык оор болорун билип, ордун жоктотпоого аракет кылып, жанына кошо алып жүрүп, мергенчиликке да кошо ала бара турган. Аттокур он жашында эле бул айланадагы тоо-таштарды, токойлорду Шамейди ээрчип жүрүп аттуу, жөө кыдырып көргөн. Ошондогу бир жай мезгили азыр да күнү бүгүнкүдөй эсинде, Айнеке деген жалгыз жашаган кемпир жоголуп кетти, айыл дүрбөлөң түшүп калды. Отун тергени токойго кеткен боюнча кайра үйүнө келген жок, эки айдын жүзү болуп баратты. Бирөөлөр, бел ашып туугандарыныкына кеткен окшойт дешсе, ал кемпир коколой жалгыз, тууган-уруктары жок, а улуу белди аттуу киши томолонуп, түтөгүп аша албайт, кемпир аша алабы деп башкалар айтышты. Дүрбөлөң сөз көбөйгөндөн көбөйдү, а Айнеке кемпирдин боз үйүнүн жабылуу эшиги жабылуу бойдон турат.

Анан баягы жергиликтүү койчулардын тынчын алып, жанын койбогон канчык карышкыр токойго барган жеринде жеп кеткен окшойт деген сөз чыкты. Мергенчилер карышкырды издегенге чыгышты. Шамей Аттокурду өзүнө кошуп алды.

Экөө экинчи күн дегенде бир үнкүргө келишти, мурун карышкырды ошерден көрүшкөн экен. Экөөнүн көргөндөрүнө, айтып келгендерине — айылдагылардын бири да ишенгиси келген жок, кайра ойлошту окшойт: оозунан эне сүтү кетелек жаш бала Аттокур да калп айтмак беле, бала көргөнүн айтат...

...Үнкүрдүн алдында калың, көп түп табылгы бар экен. Ошерге карышкыр тууптур. Тууганына бир ай болгон окшойт. Үч күчүгү энесинин жанында ойноп турушуптур. Алдан, күчтөн тайган, көзүнөн да тайып темселеген кемпир канчык карышкырдын жылуу бооруна башын катып, корголоп, эмчегин ээмп жатыптыр. Кишилердин жытын сезип, канчык карышкыр ордунан атып турду да карамүртөз, бейар ырылдады, чоң балээге калганын, балээден кутула албасын, балдарын коргоп кала албай турганын билди окшойт, а күчүктөрү жүгүрүп келишип, энесинин жүнү түшүп такыр болуп калган боорун жыттап, корголоп калышты. Болор иш болгонун көрүп коргондубу, өч куудубу, жин менен коркунучка жанын алдырган кабыргасы каржайган, арык, эмчектери салбайган канчык карышкыр өз балдары менен кошо эмчегин эмген араң жаны калган кемпирге кутургандай тап койду. Мылтыктын үнү заң дегенде башы менен жер сайып жыгылды да калды...

Эсинен танган кемпирди дайрага көтөрүп барышып, жүзүн муздак сууга чайкашкандан кийин кайра эсине келгенде, токойго барып адашып, ачка калганын, анан карышкырга кабыл болгонун, карышкыр канчык экенин, бооз экенин, ага үйүр алып, тийбегенин ыйлап-сыктап, өөдүк-сөөдүк кылып айтып беримиш болду. Анан кайра эсинен танды. Тамырын кармаса, бечаранын жүрөгү уясынан түшүп калган араң жан балапандай кыбырап согот...

- Тобо, жер үстүндү бүт кыбыраган жандаш болот экен да-а, — дешип мергенчилер көргөн көздөрүнө ишенишпей тунжурашып, үшкүрүштү.

- Кудая шүгүр, адам дүйнөдө жалгыз эмес, - деген Шамей мерген, үшүгөндөй калчылдаган Аттокурду соороткончо тонго ороп-чулгап жатып.

Бул күн Аттокурдун эсинде түбөлүккө калды, дүр-дүнүйө, көрөйүн десе, көздүн алы жетпеген, ойлоюн десе, ойдун алы жетпеген, дүр-дүнүйө — эми ага аңгырабай, шаңгырабай, уу-дуу, бака-шака түшкөн, асманында чымчыктар учкан, токоюнда жырткычтар жашаган, көздөн учкан көк деңиздеринде, дайраларында балыктар, түрдүү жаныбарлар жашаган — чоң боз үйдөй, бири кетип, бири келген меймандарга толгон, бака-шака түшкөн боз үйдөй, жомоктордогу жети баштуу ажыдаарлары, жез кемпирлери менен жүрөгүн түшүрүп, акылын алган жок. Ошентип, Аттокур өзүнүн балалыгы менен ошол карышкыр жашаган үңкүрдүн алдында коштошту...

Чал оор үшкүрүп алды да бийик жастыкка өөдө болгусу келди, бирок денеси укпай койду, кыймылдабай койду.

- Ата, ойгондуңбу? — деди Огонбай.

- Ооба, — деди Аттокур, көзүн ачкан жок, кирпиктерине таш байлап койгондой, уйкудан кийин араң ачат.

- Жарык түшүп келатат.

- Билип атам, уулум. Бир ууртам суу бер.

Бир ууртам сууга көкүрөгү жибий түштү, көздөрү ачышып жарыкка көнө баштады.

- Жүр балам, — деди Аттокур, чыгалы дегендей ишаарат кылып. Огонбай адатындай чалды жастыгы, тери тону (чал жууркан жамынбайт, тонун жамынып уктайт) менен кошо жаш баладай кучактап алып бакка алып чыкты. Төшөк салып, жастык жаздап, бир бапайган алманын түбүнө атасын отургузду.

Тоонун кырынан күн чыгып келатты. Чал күнгө караганда көзү уялган жок.

- Бар бол, күн, — деди чал, үнү да жүзү да жоош эле — мына, кайрадан дагы көрүштүк, бар бол...

Береке, үч жашаар небере уулу, баш жагында тынч, момурап мындай учурда чоң атасын алагды кылбаш керектигин билет, качан «кара башым» деген жароокер, боорукер сөздү айтып эркелетээрин күтүп отурат.

- Кутмандуу таң, — чал күндү карады — мына, көрүштүк, — пахтадай үлбүрөгөн денесине күндүн нуру өткөнүн сезип, көздөрүн жумду. Дарактардын шамалга шыбыраганынан, эрте мененки бадага айдалган уйлардын мөөрөгөнүнөн, күшүлдөгөнүнөн-бышылдаганынан, башында отурган небересинин ысык деминен ага тирчилик кайра келди.

- Кара башым, — деди чал небересине — кулунум.

Небереси койнуна шып кирип, жатып алгандан кийин бирдемелерди кулдурап-чулдурап сүйлөй баштады, аны угуп чалдын көкшүнү сууп, көңүлү ачылды. Башына куш конду деген ушул, ал ичинен жаратканга ушундай тагдыр, дөөлөт, узун өмүр менен улуу өлүмү үчүн ыраазычылыгын айтты. Миң мертебе ыраазы, өмүрүнүн бир тамчысын короткон жок. А бир убакта өлүм дегенде төбө чачы тик турат эле. Өлө турган болгон соң, Арзымат абышкага окшоп, жүгүрүп жүгүрүп, мүдүрүлүп өлгөн жакшы деп ойлочу. Арзымат чак түштө жайлоодон жакага аттаныптыр, уулу койчу экен, меймангерчиликке барган экен. Кемпирине, неберелирине арнап бир чанач кымыз байланыптыр, куржунуна бир табак боорсок салып алыптыр.

Жолунда жапыс-жапыс үч ашуу бар экен. Экинчи ашууга келгенде жамгыр жааптыр. Арзымат көрбөй жүргөн жамгыр беле? Токтобой жүрө бериптир. Үчүнчү ашуудан түшө бергенде, ошерден айыл даана көрүнүп калат, как жанына чагылган түшүптүр да... Арзыматты күйгүзүп кетиптир. Мүрт эле өлүптүр, өзү да билбей калса керек. Өлүгү аттан түшпөй үйгө келиптир. Үйдөн кемпири түшүрүптүр. Жаткан жери жайлуу болсун Арзымат ушинтип өлгөн. Аттокур ошондо эң жакшы өлүм ушул, чагылганданбы, башкаданбы, берсең ушундай мүрт өлүм берегөр, мына келет, ана келет болуп, бөрүгө байлаган улактай күттүрбө деп ойлогон эле...

Мына эми көрөр күнү бүтүп, ичер суусу соолуп отурат, муну билип, муну түшүнүп отурат, тагдырына ыраазы. Аттокур «жок» менен «бардын» ортосундагы токтоолугу адамчылыктын улуу сапаты экендигин, адам акылы өлүмдөн өөдө экендигин ойлобосо да уулу менен небересинен уланып-куралды, анткени, аларга отуз эки тамырынан чыккан угуту канын калтырганын ойлоду, бирок, экөөнө мурас кылып, ойлогонунан алда-канча улуу - өлбөстүн үрөөнү бар, атасы жылдыздарды карап кишилер менен сүйлөшкөндөй сүйлөшкөн күн, - бул жөнүндө Огонбай жалгыз калгандан кийин ойлоду.

... Огонбай атасынын оозуна сүт чайы бар пиаланы кармады. Аттокур бир ууртагандан кийин, чай ысык да эмес, муздак да эмес, табы каалагандай экендигин билдирип, башын ийкеп койду.

- Кичине туз сальш кой, - деди. Уулу пиалага бир чымчым туз салды.

- Мага дагы, - деди небереси. Небереси менен чоң атасы карашып калышты.

- Кара башым, кулунум, - деди Аттокур жылмайып. Бир пиала чайды шашпай ичип, түшкө чейин үргүлөп жатты. Чак түштө эки чал көргөнү келишкенде гана уйкусунан жазылды.

- Кандай турасың? - дешти.

- Жакшы, - деди Аттокур жылмайып - сапар карыды... Аз калды.

- Коркутасың эле коркутасың, - деди чалдардын бири. Аттокурду тамаша менен көңүлүн көтөргүсү келип.

- А силер коркпогула, кылычын байланган, кырчылдаган кышта өлүп атканым жок, эл куунак, жер кургак...

- Өлбө, жаша дагы...

- Арманым калган жок, - деди Аттокур акырын. - Мен качанкы Аттокур жер каймактаганда туулгам. Эми бала-бакыралардын өмүрү да меникиндей узун болсун...

- Тамаша кылат десе, улуу жолго катуу аттанып алган окшойсуң, акылман, жакшы сөздөрүңдөн айт эмесе, угуп калалы...

- Мен алыска көчүп баратам, а силер эски журтта калып атасыңар, силер жолума бир нерсе дебейсиңерби....

Үчөө кыйлага ушинтип сүйлөшүштү. Тамашалары да тамашадай чыкпайт, экөө ага муңдуу карашат, же Аттокур минтип карабагыла деп айта албайт, сөзү жетпейт, деми жетпейт, өпкөсү көбөт, тез эле чарчап калат.

Аттокурдун кирпиктери жумулуп, көзү илинип баратканын көрүшүп, эки чал кетишти. А түнү келини бактын ичине төшөк салып берди. Келининен өзү ушинтип суранды. Жай айы эле. Каш карайып, жердин бетин коюу күүгүм каптап келатты, а жылдыздар баркырап жана элек эле. Илгери мындай убакты элде «талаш» дешер эле, азыр мындайды укпайсың, унута башташты деп ойлоду Аттокур. Мындай сыйкырдуу убак бир күндүн ичинде үч жолу келет: «Таң талаш» — күн менен түн кошулушканда, таң күүгүм менен күн чыгардын ортосунда, «түш-талаш» — күн так төбөдөн кайнап, көлөкөлөр жоголушканда, «күүгүм талаш» — кара күүгүм басып, күн баткан менен жылдыз чыккандын ортосунда — үч жолу келет. Бул убакта шайтан жолдон чыгып, ыйман экөөнүн ортосунда талаш жүрөт экен, бул убакта экөөнүн бийлиги да күчү да барабар, бирдей жүрөт экен, бул убакта төлгө салган, бир иш баштаган, жолго чыккан болбойт дешет — шайтан жеңип кетиши бар да.

Аттокур күүгүм талаш өткөнчө күтүп отурду. Жылдыздар жана баштаганда кошо сүйлөдү.

- Жыл өткөн сайын бүт асман Саманчынын жолу болуп баратат, — деди Аттокур жанаша жаткан Огонбайга, — жылдыздар өчүштү — ушинтип угуза ойлоп алып, кайра сөзүн оңдоду, — жылдыздар эмес, көздүн курчу өчөт ко, асман ачыкпы уулум?

- Ачык, ата.

- Булуттар жокпу?

- Жок, ата.

- Туура, — Аттокурду сезим алдаган жок. — Туман менин көзүмдү басты...

Огонбай атасынын тынчы кеткенин ойлоп, чыканактап өөдө болду.

- Жок, балам, тынч жата бер, убакыт келе элек,— деди атасы, акырын, ачык айтты. — Укта, уктап ал айланайын, мен деп кыйналдың.

- Кыйналганым жок, ата.

- Укта, мен тынч элемин.

Огонбай ишенсин, тынч уктап алсын деп, көздөрүн жуумп, уктамыш болду. Мурдуна чабылган беденин жыты, бышкан алманын жыты келди. Жалбырактардын шыбыраганы угулду. Ушундан улам Аттокурга чейрек кылымдан бери жан тынчын алган башка, баягы алма бактын шыбыры угулду.

...Коллективтештирүү жылдарында Аттокурду колхозго башкарма кылып шайлашты. Кайдагы чарба — аты эле бар — бардан, жоктон курап, жибинен өйдө элден чогултууга туура келди. Көрбөгөндү көрүп, ач, ток, ысык, суукка калып жүрүп, акыры колхозду аягына тургузушту. Кичине чыңалышкандан кийин тап душмандары менен чечкиндүү күрөшкөнгө өтүштү.

Айылда, чарбасы тың, элүүдөн ашкан кою, ондон ашуун ую бар, Токуш деген киши жашачу. Ал мурун баарын кол акысы, маңдай тери менен тапкан эле. Ар бир дарагын өз колу менен тигип, сугарып, чачтарын тарап, багып, жаш баладай караган, тоонун этегинде чоң алма багы бар болчу. Жаз маалында алмалардын аппак кардай гүлдөгөнүн айт, мөмө байлаганын айт, апакай айлуу түндөрдө жаштар чогулуп алышып, ичинде оюн кургандарын айт, а күзгө жакын алмалардын бышканын айт, ошондо айылдагылардын баары көчүп барышып, алма жешкендерин, коюндарына, этектерине салып алышып үйлөрүнө алып кетишкендерин айт, — алма баарына жетет эле.

Мына ошондо колхозго — кой терисин жамынган, калган-каткан байлардын бетин ачкыла, эл алдында кулакка тарткыла, мүлкүн элге алгыла деген көрсөтмө келип калды. Көрсөтмөгө кабыл болгондордун ичинде Токуш да бар. Короосуна бир малын калтырышкан жок, колхоздукуна айдап барып кошушту. Аттокур көрсөтмөнү өз көзү менен окуп берди, Токуш же башын ийкейт, же башын чайкайт, бир сөз айткан жок. Малын алып бүтүшкөндөн кийин, алма бакты эстешти. Алма бак да Токуштун жеке менчиги эмеспи, Токушка киреше берет эмеспи. Кесип, кыйып салыш керек — ары сүр, бери сүр сөздөрдөн кийин башкарма ушундай чечим чыгарды.

Аттокур балта, ара көтөрүшкөн жаш жигиттерди баштап алып, аппак кардай гүлдөгөн алма бакка барды. Жаш жигиттер бакты көрүшкөндө болбой коюшту. Колдоруна балта албай коюшту. Аттокурдун анда күрүлдөгөн жаш маалы, курч маалы, бүткүл дүйнөлүк жумушчу табынын иши, кызматы үчүн деп, бир үгүттөйт, таптык сезимиңер таптакыр жок деп, бир ыйыктайт, жигиттер болушпайт. Анан ыйыктап, үгүттөп чарчагандан кийин, жеңдерин чыканагына чейин түрүп, ачуусуна чыдабай алаканына түкүрүп, түкүрүп алды да балта менен алма дарактарды түп-түбүнөн өзү жалгыз кыйып кирди.

Токуш балтанын үнүн укпаш үчүн үйүнүн эшигин, терезелерин катуу жаап алып жалгыз Аттокурга райондон бир бригада жумушчулар жардамга келишип, бир түп алма калтырбай кыйып бүтүшкөнгө чейин, узун күнү, узун түнү камалып, үйүнөн чыккан жок. Анан дүмүрлөрүнө кара май; сасык май куюп турушуп, өрт коюшту. Тамырынан өйдө күйүп, үч күн түтөп жатты. «Күл жерди семиртет, — деди Аттокур, кейип тургандарга — буерге буудай айдайбыз, нан кылабыз, силер үчүн, силердин балдарыңар үчүн». Бирок, кийинки жылы себишсе, буудай бышпай койду, андан кийинки жылы — баш албай койду. Тоо этегиндеги кап-кара жарадай, айдалган, өрттөлгөн бойдон калды. Аттокурдун, уяттуу неме, ошондон кийин тынчы кетти; «башкарма боло албайт экем, алым жетпеди» демиш болуп, башкармалыктан бошонду да ошондон тартып устачылык кыла баштады. Айылдагы — ээр чапкан, кереге, түндүк ийген, камчы өрүп, жүгөн жасаган — жалгыз уста өзү эле.

Элдин алкышын алды, батасын алды, кадырын көрдү. Бирок, баягы кыйылган алма бакты унута албай койду. Аны эстегенде элден алган алкышы, батасы, элге кылган кызматы татыбай кетет. Ичкен тамагы аш болбой кетет. Унута албайт, өткөн өттү, кеткен кетти, өөдө айтып, ылдый айтып, өткөндү териштирген-сүрүштүргөн эч ким деле болбоду, аны көргөн-билгендердин катары да суюлду, эч ким деле калган жок, андан бери эл жаңырды, жер жаңырды, бирок унута албай койду. Жүрөгүндө түбөлүккө кара так болду да калды. Өзү менен өзү күрөшөт, жакшылыгын бирөөдөн аяган жок, жамандыктан качты. Аттокур бул такты иш менен да, тиш менен да кетире, өчүрө албасын өлөр өлгөнчө жүрөгүндө каларын билет эле. Азыр да кирди-чыкты болуп, же эси эс экенин билбей, же түнкү түш экенин билбей жатканда ушуну ойлоду.

Аркалаган, коогалаган ойлорунан жанчылып, эзилген Аттокур көздөрүн ачканда — таң атып, күн тоонун башынан чыгып келаткан эле.

- Барсыңбы, күн, — чал араң эле шыбырады, — тирүү экенбиз, дагы көрүштүк... Кутмандуу таң болсун.

Арчанын түтүнү жыттанды. Ырыс келини самоорго арча отун жагат. Келини Аттокурдун алдына дасторкон жайганча акыбалын сурады.

- Жакшы уктадыңызбы, ата?

- Жакшы, кызым, — деди чал.

Келини кайнап, качып кете тургандай солкулдаган самоорду көтөрүп, кайра келди.

- Огонбай менен жаман неберем кайда жүрүшөт?

- Балаңыз таңга маал беде чапканы кетти, а небереңиз жардам берип жүрөт, — деди Ырыс жылмайып.

- Кара башым... — Аттокурдун көздөрүнө жан кире түштү — а калгандары уктап атышабы?

- Күндөгүдөй...

- Мейли, уктай беришсин, — Аттокур башын ийкеп койду — үлгүрүшөт.

...Келинди үйгө киргизгенде Огонбайдын апасы тирүү болчу. Ырыстын башына чачпактуу ак жоолук байлап, келини менен уулунун баскан жолуна жүгөрү менен буудайдын уругун (жакшылык, бышыкчылык, тоюнчулук болсун деген ишеним) чачкан эле.

Аттокур келини босогосун аттаган күндөн баштап эле өз кызындай көрүп, жүгүнткөн да, качырган да эмес. Мына, Ырыс он бир баланын энеси, а Аттокур — он бир неберенин чоң атасы болду, өөдө-ылдый жок, урмат-сый менен жашап келатышат. Бирөөлөр андан канча неберелүү болгондугун сурап калышканда санап айтканды ыраа көрбөй, жөн гана туюк жооп берет: «Кудага шүгүр, бул жагынан кем эмеспиз, бир жаман немелер темтендеп жүгүрүп жүрүшөт ко...»

Анан жалгыз калгандан кийин алардын аман-эсен болушун кудайдан тилейт, чыкма чыгып, бир айдын ичинде төрт баласын жерге бергенин эстейт. Анда Огонбай туула элек болчу. А эми неберелери бойго жетип, чоңдорунан экөө, бири киши доктурдун, бири мугалимдин окуусунда шаарда жүрүшөт, үчүнчүсү, былтыр күзүндө аскерге кетип атып, мен келгенче жашаңыз деп, анан тамашалап, менин келгениме келин тандап туруңуз деген.

«Сенин келгениңе жетпедим, кулунум, кечир, - Аттокур ушул ою менен алек болду, - а келинге камтама болбо, Огонбай турат, бул жөнүндө ойлонгонго убакыт бар». Аттокур алыста кызмат кылган аскер-небересин эскерди. Алыста, алыста жүрсө мейли, деги тынчтык болсун, уруш болбосун. Айылда эркектер жок, аялдар көр казып калышкан уруш мезгилин кантип унутасың. Көр казышкан аялдар. Дүйнөдө мындан ашкан кыямат болбойт, эмчектеги балдарын жерге томолотуп коюшуп, тура кальш көр казышкан, олтура калып эмчек эмизишкен аялдардай... Эми неберелердин, чөбөрөлөрдүн көзү мындайды көрбөсүн.... А небереси кызматын өтөп, кайра келет...

- Күтө албайм, кечир, — Аттокур ага өз оюнда шыбырап кайрылды.

- Ата, эмне деп атасың? - деди Огонбай, ал беде чабыктан келип атасынын жанында турган эле.

- Келдиңби?

- Келдим, ата.

- Эмне болду, ата, жаман сезип атасыңбы?

Атасы түзөлө түшүп, бийик жаздыктарга башын чалкалатты. Бир азга былк этпей жатты да кайра өзүнө келип, үшкүрүп көзүн ачты.

- Коркпо балам, өзүңдү карма.

- Антип айтпа, ата.

- Болору болду, өлөр калды, өзүңдү карма. Түндө атамы көрдүм, мени өзүнө чакырып атат... Тигине, көрүп атам... - Аттокур кирпик ирмебей баласынын төбөсүндөгү ачык асманга карады. - Үнүн угуп атам.

Уулу муну күткөн, келери келет, болору болот, улуу сааты толот деп, эрк-акылын түгөлдөп, даярданганы келди, муздагы урду, анын алдында акылы да, эрки да качып кетишти. Огонбай, кырк алтынын кырына чыккан Огонбай алдында — өзүнө-өзү байлоо, аёо, күчсүздүгүн, алсыздыгын мойнуна алган, эмне кыларын билбеген, коркунучка денеси, тили байланган — жаш бала болуп калды. Огонбайды дагы баягы оюндан башканы билбеген Берекенин үнү эсине келтирди. Чылгый жүз аарчыны маңдайына басып, оозуна бир кашык суу алпарды. Чал таңдайы каткан, кургак эриндерин кыбыратты да суудан бир ууртады.

- Өх-х,— жеңилдей түшкөндөй бир үшкүрүп көздөрүн ачты, карап, көрүп калайын деген жок, дагы тирүү экенин, тизгини колунда экенин сезди.

- Мен ыраазычылыгымды берейин деп, кайра келдим... Сага ыраазымын балам,— Аттокур деми кыстыгып, зор күч жумшап сүйлөдү. — Ыраазымын.

Анан дагы баягы оңбогондой бир күчтөн, же жан талаштыбы, узап бараткан денеси түзөлүп, жан кирди, башын өөдө көтөрдү. Жаңы эле көтөрмөк турсун, кыймылдата албаган колу менен булгалап, көкүрөгүнөн кырылдаган үн чыкты — бул Аттокурдун кыйкырганы эле, кыйкырыгы өзүнө катуу угулду, а каны качкан муздак эриндеринен алсыз үн менен шыбыр чыкты:

- Ай, Огонбай. жылкылар качты, алдын тос, уулу-уу-ум... - Аттокур чалдын акыркы сөзү ушул болду.

...Чалды жерге беришти. Бир ай өттү, Ырыс менен Огонбай таң атып, күн чыгаар алдында, бактын ичиндеги баягы бапайган алма дарактын түбүндө, кайнаган самоордон чай ичишкенче чалдын кыркына арнашкан бээни жайлоодон бүгүн жетелеп алып түшсөкпү дешип, өз-ара сүйлөшүп отурушкан эле.

Үйдөн Береке чыкты, уйкусураган, унчукпаган Береке чиренип туруп алып чыркатканча тоонун башынан чыгып келаткан, баш багып келаткан күнгө карап чоң атасынын сөздөрүн айтты:

- Бар бол, кутман таң!..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз