Эмир Калкан: Жайлоо гүлү

  • 10.08.2021
  • 3090

АҢГЕМЕ 

Түнкүсүн толукшуган аппак айдын, күндүзү чоктой кызарган күндүн алдында жүргөн йөрүк[1] кербени Миңбука тоолорун ашып, күндүн кызылга боёнуп баткан Таныр жайлоосун көздөй ичке сызыктай болуп бир учунан экинчи учуна чейин созулуп баратат. Күнү-түнү ат үстүнөн түшпөгөн жолоочулар абдан чарчаңкы эле. Бирок жол бүтүп, Чоң Танырдын жанында жайлай турган жер Жапалак жайлоосу көрүнүп калды.

Кечкурун жайлоого жете беришкенде, кербендин алдында келе жаткан узун жүндүү төөдөн улгайган йөрүктөрдүн уруу башчысы түштү. Аркасынан чубалган кербенге токто дегендей ишарат кылды да, кыйкырды.

- Жайлай турган жерибиз ушул жер. Аттарды байлагыла, жүктөрдү чечкиле, тезинен үйлөрдү кургула, Кудай бизди жалгасын.

Уруунун от жүрөк жигиттери, кара каштуу, кара көз келиндери аттарынан секирип түшүштү. Бир нече аял, йөрүк башчысынын төөсүнүн жанындагы тору атка минген кызды абайлап, кош колдоп аттан алышты.

Уруунун ак билек, күн жүздүү келиндери жанына топтолушту. Жерге килемдер салынды, алдына төшөктөр төшөлдү, үстүнө көлөкөлүк тартылды. Малдаш токунуп отурду йөрүк кызы. Далысында ок-дары баштыгы асылуу эле. Белинде күмүш саптуу канжар тагылуу болчу. Ирандын жибектеринен эле кийген кийимдери. Сары чачтары башындагы султандыгынан ашып, мойнуна төгүлүп турат. Сулуунун бою узун, жүзү аппак, көздөрү жапжашыл, көз карашы жейрендикиндей, жыты көкөмерендикиндей эле. Караганды кайра-кайра каратып, көргөндөрдүн жүрөгүн өрттөгөн жейрен; Миңбука Миңбука болгону, Таныр Таныр экендигин билгени, жашыл Жапалак жайлоосу жайлоо болгону мындай жейренди көрө элек болчу.

Үйлөр заматта тигилди. Жылкылар отко коюлду. Короо-короо кой, козулар жайлоого жайылды. Байдын чоң өргөөсү, уруунун журту курулду. Мылтыктар, саздар[2] асылды өргөөнүн тиректерине. Ай йөрүктөрдүн журтунун орто жерине келип айланды. Айдын жарыгы бүт Жапалакты бул учунан тигил учуна чейин тийип турду. Йөрүктөр конгон журтунун ортосундагы аянтта жагылган, асманга чейин алоолонгон оттун айланасында ырларын ырдап, алгачкы күндөрүн айлуу түнгө багышташты.

Эртеси таң атпай Танырга дароо кабар жетти. “Йөрүктөр келиптир, Жапалакка конушуптур”. Салт боюнча Таныр жайлоосунун байы барып жайлоо меймандарын өрүлүктөп кетер эле. Бир нече ай калып кете турган йөрүктөрдү боордошторундай кабыл алышчу, катташчу. Уруунун байы аймак аксакалдарын чогултуп, байбичесин алып, коноктор менен таанышып келчү. Мында да ошондой болду.

Танырдын нарк-насилдүү Языжыоглу уруусунун байы, уруунун улууларын чакырып, башына байбичеси менен уулу Османды кошуп Жапалакка жөнөттү. Аттанып Жапалак жайлоосуна барышты. Йөрүктөр ызааты менен жерге чейин таазим эте тосуп алышты. Кара чатырдан алгач йөрүк башчысы, анын артынан ай чырайлуу кызы чыкты. Келиңиздер дей электе эле ат үстүндөгү бүркүт кабак кара көз, кара тору, карышкырдай айбаттуу Османга тигилди көздөрү. Османдын көздөрү да Сенемге кадалды. Бир жыл сүргөндөй болду экөөнүн көз карашы.

- Арыбаңыздар, - деди йөрүк башчы. - Журтубузду шаңга бөлөдүңүздөр.

Жанында кынга салынган бычактай болуп турган кызын карады да,

- Сенем, - деди, - атты карма.

Уруу башчысынын кызынын атты кармап турушу келгендерге көрсөтүлгөн сый-урматтын белгиси. Сенем ыргып барды да, байдын уулу менен байбиченин аттарынын чылбырын кармады. Байбиче да, Осман да аттан түшүштү. Танырдын аксакалдары, йөрүктүн алдыңкылары менен уй мүйүз тарта отурушту. Кош келипсиңер делинди. Кофелер ичилди, сүйлөшүлдү, таанышылды. Бирок эки жаш көздөрүн бири-биринен алышкан жок.

Сенем ичинен: “Мына эрим, эркегим дей турган, ал үчүн жанымды кыя турган, өзүмдү тапшыра турган жигит экен” деп жатты.

Языжыоглу болсо: “Атамдын үйүнө алып бара турганым, уруума аял кыла турганым, ал үчүн жанымды кыя турган, сыймыктанып мактанып жашай турган жейреним” деп жатты ичинен.

Кечке чейин калышты йөрүктөрдүн жайлоосунда. Дасторкондор жайылды, азыктар коюлду, койлор менен козулар кызарта бышырылды, желди, ичилди, бирок Сенем дагы, Осман дагы дасторкондон даам сызышкан жок. Жан дүйнөсүнө түшкөн чокко күйүп, бири-биринен көзүн албай отурушту. Кечинде йөрүктөрдүкүнөн Танырды көздөй жол тартканда, жүрөгүнүн бир бөлүгүн Жапалакка калтырып кеткенин сезди Осман. Сенем болсо жүрөгүнүн бир бөлүгүнүн үзүлүп кеткендигин билди.

Күн артынан күн өттү... Сенем дагы, Осман дагы бири бирин унута алышпады. Осман толгонайдай толукшуган, жылдыздай жанган Сенемин ойлоп жүрдү. Сенем Османдын бүркүт кабак көз карашын унута албады. Экөө тең кусага малынды.

Осман бир шылтоо таап кайра йөрүктөрдүн жайлоосуна бара алган жок. Сенем журттан сыртка бир кадам да чыга алган жок. Бирок ашык жүрөктөргө эч нерсе тоскоол болбойт эмеспи. Ар нерсенин бир чарасы бар дегендей, табылды. Бир йөрүк аял уруу башчынын кызына жардам берди. Байдын уулу ар түнү атына минип, ай жарыгында Сенемге жолугууга жөнөчү болду. Жолугушуп сүйлөшүшөт. Ар жолуккан сайын ашыктык чогуна ого бетер күйө башташты. Ашыктык ошондой да, анын үстүнө аргасыз болсо, ого бетер саргартып соолутуп, өлтүрөт ко кишини. Сенем менен Осман да бир отко күйүп, куурулуп бара жатышты. Сенем ашык эле, бирок аргасыз. Анткени уруу башчы башка журтка кыз берберин билчү. Осман да бай атасы журттун тышынан келин албасын билчү. Бир түнү жолугушту. Качалы, качып кутулалы дешти.

“Жок, - деди - Сенем. Кача албайм. Качып кетип атакемди жер карата албайм”.

Башка жол табуу керек эле. Үрп-адат, каада-салтты буза турган жол керек. Эки жашты бири-бирине адал кыла турган, жолуктура турган жол. Бирок жол жок. Журттар бузулса бузулар, каада-салттар бузулмак эмес. Аргасыздык, эки ашыктын колдоруна күч, көздөрүндө ишеним калтырган жок. Жел жүрсө учуп кетер жалбыракка айланды экөө. Сенем жибек кийбей, башын байлабас болду. Осман атка минбес, ууга чыкпас болду.

Бир жигиттин эмнеден соолуп, эрип түгөнүп баратканын,  энеси сезбей коймок беле. Османдан эмне дарты бар экенин сурап билди. Айтып берди Осман. Уруусунун, журтунун көкүрөк күчүгү, байдын үйүнүн жалгыз үмүтү болгон уулун бул дарттан куткаруу үчүн уруунун салтын бузайын деп чечти атасы.

Уруусунун аксакалдарын, улустун аткаминерлерин, кадырмандарын, улууларды, аялдарды, байбичелерди чогултту. Абдан салабаттуу, кадырлуу кишилерден жуучулардын курамы түзүлдү. Жуучулар белек-бечкектери менен йөрүктөрдүн журтуна барышты.

Кубаныч менен үмүт пайда болду Сенемдин жүрөгүндө. Османдын жан дүйнөсүн да кубаныч толтурду.

Нары жакта эмне калды дейсиң, бир күндөн кийин той башталат. Кырк бука союлат, кырк казан асылат. Журттун төрт тарабынан керней-зурнайлар тартылат, айлана шаңга бөлөнөт. Келиндер, кыздар, эр азаматтар халай[3] бийлешет. Кырк күн, кырк түн той болот. Жол жолу менен, салт салты менен жолугушат. Бири-бирине жарашкан жубайлардан болушат.

- Кудайдын буйругу менен, кызыңыз... - дешти.

- Кудай маңдайыбызга жазса, мойнубуз кылдан ичке, - деди йөрүк башчы. - Каалаганыбыз эле, кызыбыз уулуңарга жарашкан жар болсун, ушундай байдын уулуна жуп болсун. Бирок журтубуздун да өз үрп-адаты, каада-салты бар дегендей. Бизге бираз күн убакыт бериңиздер, аксакалдарыбыздан сурап көрөлү, ойлонолу, чечимибизди сиздерге билдиребиз...

Үмүттүү кайтышты жуучулар.

Йөрүк башчысынын жүрөгүн коркунуч менен кайгы басты. Өлсө да салтты бузбас, журтунан тышка кыз бербес эле. Бирок жуучулар кубаттуу болуп жатышпайбы. Куда болор киши аймактагы эң кубаттуу байлардын бири да. Жок десе, ушундай кадырлуу адамдын кадыры сынат. Бербесе, басып кирип журтту талкалашы мүмкүн эле.

Йөрүктүн билермандары чогулушту. “Уруудан тышка кыз берилбейт, алар бизди басып кала электе, биз качалы” дешти.

Дароо ошол эле түнү үйлөр чечилди, малдар топтолду, ээрлер токулду, узун жүндүү төөлөргө жүктөр артылды, кербен даяр болду да, йөрүктөр таң супа тарта электе Жапалакты таштап качып кетишти.

Эртеси күнү танырдыктар бопбош жайлоону көрүштү. Миң жеринен канжар жегендей боздоду Осман. Күйдү, куйкаланды. Төрт тарапка кабар салынды. Атчандар, жөөчөндөр жолго чыгышты. Изкубарлар, көзү ачыктар кошулду. Издешти, карашты, бирок йөрүк кербенинин бир жерде дагы изине түшкөн болбоду.

Жыл артынан жыл өттү. Жылдар бою жайлоодон жайлоо калбай журттун изи куулду. Тилекке каршы, йөрүктөрдөн да, Сенемден да кабар болгон жок.

Арадан жылдар өттү...

Осман Сенемдин күйүтүн тартып, азап тартты. Тирүүлөй өлүккө айланды. Жылдар өттү, үмүтү үзүлдү. Журттун мырзасы бойдок өтпөшү, туяксыз болбошу керек эле. Аны уруунун сулуу кызы менен үйлөндүрүштү.

Убакыт желдей учуп, суудай акты. Энесинен, атасынан да айрылды. Өзү карыды, балалуу-чакалуу болду. Бирок Османдын ичиндеги күйүтү өчкөн жок; Сенемди унута албады. 10 жыл, 20 жыл... 50 жыл өттү арадан. Бели бекчейди, чачтары куу болду Османдын. Карыды. Дармансыз бир абышкага айланды.

Жайдын толукшуган бир күнү өргөөсүнүн алдында отурган эле. Жанында жакындары, журт билгилери бар эле. Бир маалда кол арабага майда-барат сатыкка деген түйүнчөктөрүн жүктөгөн соодагер келет эшигинин алдына.

- Мырзам, - деди. - Мырзам, менин сизге жаным курман болсун. Ырайым этсеңиз сөзүм бар эле.

- Айт, - деди Осман. - Айта бер.

- Эл ичинде айта албайм...

- Айта бер, тартынба. Жакшы кабар болсо, алдыңа ат тартам, жер берем. Жаман кабар алып келсең, көзүмө көрүнбөй жоголосуң.

- Салам алып келдим эле. Айтсам, толкунданып сүйүнөсүңбү, же болбосо капаланып кайгырасыңбы – билбей турам. Бирок, салам жерде калбайт деген кеп бар го. Айтууга келдим.

Отургандардын баарынын көзү соодагерде эле. Баары ынтаасын коюп угуп калышты.

- Айта бер, - деди Осман бей. - Айт. Жашыруун жабык эч нерсебиз жок. Айт.

Соодагер кеп баштады.

- Жер, журт дебейм. Кыштак, айылды да айтпайм. Ушундай убада кылгам. Ушинтип эскертилгенмин. Эки тоонун ортосуна туруп алып соода кылар элем. Буудай алып, атыр берип, мал алып, бөз бычар элем. Бир күнү бели бүкүрөйгөн кемпир келди жаныма. Чачтары куудай аппак эле. Дарманы деле калбаптыр, куураган таякты таянып алыптыр. “Каяктыксың, уул” деди. Мараштанмын дедим. “Языжыоглуну тааныйсыңбы” деди. Килейген Языжыоглуну ким билбейт, энеке, дедим. Анда мына деп койнунан жүз аарчы алып чыгып, “муну Языжыоглуна берип кой” деди. “Үйлөнүп, түтүн булатпадык деп кайгырбасын. Жолукпадым, максатыма жетпедим деп капаланбасын. Билип койсун, Сенемдин колуна эч бир эркектин колу тийген жок. Оозунан башка эркектин аты чыккан жок, Сенем эч кимге барган жок, турмуш курган жок. Жайлоонун кызы кандай сүйсө, ошондой сүйдү Сенем. Сенем убадасына бекем турду, билсин” деди.  Салам айтты.

Уккандардын баары дендароо болуп ордуларынан тура калышты. Таң калышты. Сенемдин сүйүүсү бул жерлерде уламышка айланган эле. Билбегени жок болчу. Баары үшкүрүштү, ыйлашты.

Эчкирди Осман бей. Көзүнүн жашы аппак сакалына шорголоп акты. Деми кысылды. Жүрөгүндөгү алтымыш жыл мурунку чок кайрадан тутанды, кайрадан алоолонду. Жүрөгүндө жүз казан кайнагандай болду. Соодагерге ат тартуулап, жер берип, алтынга бөлөдү.

Жапалакта, ай толгон түнү Сенемге берген саймалуу жүз аарчысы колунда эле. Өптү. Эриндерине басты. Ыйлады.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин Сенемдин сүйүүсү ооздон оозго өтүп, ырдан ырга айланган. Күн сайын чоң энелер неберелерине, чоң аталар уулдарына бул сүйүү баянын айтып келишет. Кайсы жерде той болбосун, биринчи халайга тургандар Сенемдин ырын ырдашат. Кайсы жерден сулуу кыз көрүшпөсүн Сенемге окшоштурушат.

Биздин жайлоолордо ар бир кыздын аты – Сенем.

Түркчөдөн которгон Салия ИБРАИМОВА

10-апрель 2019-жыл

[1] Йөрүк – көчмөн түркмөндөр.

[2] Саз – алты кылдуу музыкалык аспап.

[3] Халай – кыз жигиттер катарга тизилип, колдоруна жүз аарчы алып, ритмдүү бийлеген бий.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз