Ким Вильфорттун адам жүрөгүн ооруткан жомогу

  • 13.08.2021
  • 3750

БИР ГОЛДУН ТАРЫХЫ

Даниянын 1992-жылдагы жеңиши

Даниянын футбол боюнча курама командасынын Евро-92 чемпионатындагы таң калыштуу жеңиши эсиңерде барбы? Бул жомок сыяктуу кубанычтуу жеңиштин артында биз билбеген драмалуу окуялар болгон экен.

1992-жылы Югославиянын курама командасын саясий себептер менен Швецияда өтө турган турнирден четтетишет. Ошондуктан ал команданын ордуна турнирге катышууга жолдомо ала албай калган Даниянын курама командасы чакырылат. Ал учурда бул команданын оюнчулары эмгек өргүүлөрүн алып эс алып жүрүшкөн.

Адегенде бул кабарга эч ким ишенген жок, баары бул кимдир-бирөөлөрдүн тамашасы деп ойлошту. Ал тургай даниялыктардын машыктыруучусу Рихард Меллер-Нильсон да ишенген эмес. Качан гана бул тамаша эместигине көздөрү жеткенде дүйнөнүн ар кайсы курортторунда эс алып жүргөн даниялык футболчуларды чогулта башташкан. Бул өтө татаал, оор иш эле, анткени оюнчулар да бул тамаша деп түшүнүп, телефондун трубкаларын таштап салган учурлар көп болду.  

Акыры машыктыруучу кыйынчылык менен оюнчуларды чогултат. Мисалы Михаэль Лаудруп таптакыр келбей койгон, ал машыктыруучу менен мамилеси келишпегендиктен, эс алуусун үзгүлтүккө учураткысы келбейт. Анын үстүнө бардыгы Дания бул турнирде кандайдыр бир ийгиликтерге жетишет деп ойлошкон эмес.

Муну Меллер-Нильсон да жакшы түшүнгөн, ошондуктан ал оюнчуларга колдон келишинче эмгек өргүүлөрүн үзбөшүн суранган, анткени алар үч оюндан кийин эс алууларын улантып кете алышмак. Команданын “бара көрөбүз” деген ойлорунан башка машыгуу планы да, атаандаштары тууралуу кенен маалыматтары болгон эмес!

Адегенде чемпионатка катышуудан Ким Вильфорт да баш тарткан. Анын себеби аябай орчундуу болчу – кичинекей кызы ооруканада рак оорусу менен ооруп, өлүм алдында жаткан. Машыктыруучу да, команда да Вильфорттун абалын жакшы түшүнүшкөн. Ага өзү каалаган шартты тандап алууну сунушташкан. Ал бардыгынан баш тарткан.

Бирок кызынын ден-соолугу бир аз оңолуп, ал апасы экөө аны чемпионатка барууну суранышат. Машыктыруучу Нильсон Вильфорт да оюн бүтөр замат ооруканага барып турууга уруксат берет (жакшы жери, оюн Даниядан анча алыс эмес жерде өтмөк).

Дания биринчи оюнун англистер менен ойноп, тең чыгат. Экинчи оюнда Швецияга утулуп калышты. Кызынын абалы начарлап кеткендиктен аялы кийинки оюнга чейин аны тез арада Копенгагенге келишин суранат. Вильфорт кийим-кечесин жыйнап, жолго чыгарда, жолдошторуна аны күтпөй эле коюусун айтат. Бардыгы аны түшүнөт.

Франция менен Даниянын командаларынын оюнун ал ооруканада кызы менен чогуу көрөт. Дания эсепти ачып, Франция эсепти теңдейт. Алар турнирден кетүүгө камданып калышкан, бирок оюндун акыркы мүнөттөрүндө Эльструп Франциянын дарбазасына жеңиш голун киргизет.

Вильфорт бүт оорукана бактылуу кыйкырык сүрөөнгө толуп чыкканын көрөт. Жашоолору бүтө жаздап, ажалдын чеңгээлинде жатышкан, коркунучтуу ооруга чыдай албай онтолоп ыйлаган бактысыз, арык, чачтары түшүп калган, кыйналып жаткан оорулар бир заматта ооруларын унутуп коюшту – ал айланасынан бактылуу адамдарды көрдү! Бардык палаталарда майрамдагыдай маанай жаралды. Көздөрү бакытка толгон өзүнүн кызын көрдү! Алар өзүлөрүнүн адам чыдагыс ооруларын унутуп, бакытка балкып турушкан. Жок дегенде оюн жүрүп жатканда өздөрүнүн азап-тозокторун эстешкен жок. Алардын кубанычын көргөн Вильфорттун жүрөгү бир башкача согуп, жарылып кете жаздады.

Данияны жарым финалда жеңилүүнү билбеген Голландия күтүп турган. Азырынча бул командага тең келчү команда жок болчу! Вильфорт алигиче ооруканада эле, бирок оорулуулардын, айрыкча өз кызынын өтүнүчү менен командага кайтып барат. Ал Дания кимдер үчүн ойноп жатканын билди, аны бир мүнөткө да эсинен чыгарган жок. Анын көз алдынан бир аз убакытка болсо да бактылуу көрүнгөн оорулар кеткен жок. Ошолордун кыска убакытка созулган бактылары үчүн сөзсүз гол киргизиши керек эле!

Оюндун негизги бөлүгү 2:2 эсеби менен аяктады. Пенальти тебүү башталды. Бастендин тобу дарбазанын сыртына кетти. Кезек абыдан чарчаган, арык, стрессте, оор психикалык абалда жүргөн Ким Вильфортко берилет. Ал башын көтөрүп, асманды карады, Копенгаген тарапты карады... Мына күүлөнүп барып топту тепти... Гол! Дания финалда!

Анын көзүнөн жаш тамчылап, ал ооруканада ажал менен кармашып жаткан оорулар, алардын арасындагы өз кызы кыйналганды унутуп, сүйүнүп жатканын жүрөгү менен сезип жатты.

Оюндан кийин ал дароо кайтты – кызынын абалы оор эле. Жети жашар Лин бул жарыкчылык менен коштошуунун алдында жаткан. Вильфорт финалдык оюнга баруудан баш тартты, бирок аялы, кызы, ооруканада жаткан оорулуулар, доктурлар  андан оюнга катышууну, алар үчүн Европанын кубогун жеңип келишин талап кылышып, палатадан кууп чыкканга чейин барышты.

Германиянын командасы менен финалга чыккан даниялыктар эсепти биринчи ачышты. Немистердин күчтүү командасы үстөккө-босток чабуул коюп, оюндун эсебин теңөөгө жан далбастап жатышкан, бирок оюндун аягына чыгарына 11 мүнөт калганда Ким Вильфорт өз өмүрүндөгү эң негизги голун киргизип, даниялык күйөрмандардын кыялын турмушка ашырат.

Ал ошол учурда айыккыс оорудан кыйналып онкология бөлүмүндө жаткан адамдардын жеңишке жетине албай кубанганын элестетти. Ал футбол жана андагы жеңиш ал адамдарды кыска гана убакытка азаптуу оорунун кучагынан сууруп алганын жакшы түшүнүп турду.

Ким ошондо өз командасы менен оорулууларга жана алардын арасындагы кызына бактылуу көз ирмемди тартуулаш үчүн бардык аракетин жасады...

Лин ошол оюн өткөндөн бир айдан кийин көз жумду. Ал өз атасы менен сыймыктанды. Анын кыялы ишке ашты – Дания жеңишке жетишти, ал эми анын атасы жеңишти алып келген баатыр болчу.

Даниянын курама командасынын 1992-жылдын жайындагы жомогу дүйнөлүк футболдун легендасына айланды. Кызын жоготкон атанын арманы ортодон канчалаган жылдар өтсө да азайган жок.

Күчтүү сезимдерге толгон бул эки окуя Ким Вильфорттун жашоосуна бир убакытта кирген эле, ал эми Европа чемпионатынын финалында киргизилген бул топ – эмоциялык жагдайдан алганда эң трагедиялуу боёкко боёлгон гол болчу.

(с) Rovshan Kerimovь

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз